Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

8-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Сыноо учурунда канткенде кубанычыбыз кемибейт?

Сыноо учурунда канткенде кубанычыбыз кемибейт?

«Бир туугандарым, башыңарга түшкөн ар кандай сыноолорду кубаныч менен кабыл алгыла» (ЖКП. 1:2).

111-ЫР: Кубанууга себептер

БУЛ МАКАЛАДА *

1, 2. Матай 5:11ге ылайык, сыноолорго кандай карашыбыз керек?

ИСА анын жолдоочулары чындап бактылуу болорун убада кылган, бирок сыноолорго да туш болорун эскерткен (Мт. 10:22, 23; Лк. 6:20—23). Машаяктын шакирти болуу чын эле бакыт тартуулайт. Ал эми үй-бүлөбүз каршы болсо, бийликтегилер куугунтуктаса, жумуштагылар же классташтарыбыз туура эмес иш кылганга кысым көрсөтсө, кандай сезимде болобуз? Албетте, андайды ойлогондо тынчсызданбай коё албайбыз.

2 Адатта, эч ким куугунтукту кубандыра турган нерсе катары көрбөйт. Бирок Кудайдын Сөзү куугунтукту так ошондой нерсе катары көргөнгө үндөйт. Мисалы, шакирт Жакып сыналып жатканыбызда көңүлүбүздү чөгөрбөй, кайра, кубанышыбыз керектиги жөнүндө жазган (Жкп. 1:2, 12). Иса болсо атүгүл куугунтукталып жатканда да бактылуу болушубуз керектигин айткан. (Окугула: Матай 5:11.) Ушундай учурларда канткенде кубанычыбыз кемибейт? Бул тууралуу Жакыптын Исанын 1-кылымдагы жолдоочуларына жазган катынан көп нерсе биле алабыз. Келгиле, айрым ойлорго токтололу. Бирок адегенде Исанын алгачкы жолдоочулары кандай кыйынчылыктарга туш болгонун карап көрөлү.

ИСАНЫН АЛГАЧКЫ ЖОЛДООЧУЛАРЫ КАНДАЙ СЫНООЛОРГО КАБЫЛЫШКАН?

3. Жакып Исанын шакирти болгондон көп өтпөй эмне болгон?

3 Исанын уялаш иниси Жакып анын шакирти болгондон көп өтпөй эле, Исанын Иерусалимдеги жолдоочулары катуу куугунтуктала баштаган (Элч. 1:14; 5:17, 18). Степан өлтүрүлгөндөн кийин, Исанын көп жолдоочулары шаардан качып, бүт Жүйүт жерине жана Самарияга, атүгүл Кипр менен Антиохияга чейин чачырап кетишкен (Элч. 7:58—8:1; 11:19). Алардын канчалык кыйынчылык тартканын элестетсеңер. Бирок алар кай жерде жүрбөсүн жакшы кабарды ынталуу жарлагандыктан, бүтүндөй Рим империясы боюнча жаңы жыйналыштар уюштурулган (1 Пет. 1:1). Бирок аларды алдыда кыйын кезең күтүп турган.

4. Исанын алгачкы жолдоочулары дагы кандай кыйынчылыктарга туш болушкан?

4 Алар башынан ар кыл азаптарды өткөрүшкөн. Болжолу, б.з. 50-жылы Рим императору Клавдий жүйүттөрдүн баарына Римден чыгып кетишин буйруган. Ошондуктан Исанын жолун жолдогон жүйүттөр үй-жайын таштап көчүп кеткенге аргасыз болушкан (Элч. 18:1—3). Б.з. 61-жылдары болсо Пабыл ишенимдештеринин элдин көзүнчө кордолгонун, түрмөгө камалганын, таланып-тонолгонун жазган (Евр. 10:32—34). Анысы аз келгенсип, башкалардай эле, жакырчылыктын, оорунун азабын тартышкан (Рим. 15:26; Флп. 2:25—27).

5. Кайсы суроолорго жооп алабыз?

5 Жакып өзүнүн катын б.з. 62-жылына чейин жазган. Ал Кудай жолундагы боордошторунун кандай кыйынчылыктарга кабылып жатканын жакшы билген. Жахаба Жакыпка ал ишенимдештерине сыноо учурунда кубанычын кемитпегенге жардам берген кеңештерди жазганга түрткү берген. Келгиле, Жакыптын катынан төмөнкү суроолорго жооп алалы: Жакып кандай кубаныч жөнүндө жазган? Исанын алгачкы жолдоочуларынын кубанычын эмне кемитип коюшу мүмкүн эле? Сыноолорго тушукканда кубанычыбызды сактай билгенге акылмандык, ишеним, кайрат кандайча жардам берет?

ЖАХАБАНЫН КЫЗМАТЧЫСЫНА ЭМНЕ КУБАНЫЧ ТАРТУУЛАЙТ?

Чырактын шишеси калкалап турган жалын сыңары, Жахаба берген кубаныч ичибизде күйүп турат (6-абзацты карагыла)

6. Лука 6:22, 23кө ылайык, Кудайдын кызматчысы сыналганда эмне үчүн кубанат?

6 Көптөр ден соолугуң чың болсо, акчаң көп болсо, үй-бүлөңдө ынтымак болсо, мына бакыт деген ушул деп ойлошот. Бирок Жакып жазган кубаныч — Кудайдын рухунун жемишинин бир бөлүгү, ал адамдын жагдай-шартынан көз каранды болбойт (Гал. 5:22). Жахабанын кызматчысын ага жаккандай иш кылып жатканын, Исанын изи менен баратканын билгени кубанычка бөлөп, терең канааттануу тартуулайт. (Окугула: Лука 6:22, 23; Кол. 1:10, 11.) Андай кубанычты чырактын жалынына салыштырса болот. Чырактын шишеси жалынды жаан-чачындан, шамалдан коргоп турат. Биздин да кубанычыбыз тегерегибизде же жашообузда эмне болбосун ичибизде болгондуктан жалындап күйүп турат. Ооруп калабызбы, акча тартыш болуп калабы, ал бүлбүлдөп барып өчүп калбайт. Үйдөгүлөр же башкалар шылдыңдап, каршы чыкса да, күйө берет. Каршы чыккандар өчүргөнгө аракет кылган сайын, кубанычыбыздын оту өчпөй эле, кайра, жалбырттайт. Себеби ишенген нерсебиз үчүн азап тартканыбыз Исанын чыныгы жолдоочулары экенибизди далилдейт (Мт. 10:22; 24:9; Жкн. 15:20). Мына ошондуктан Жакып: «Бир туугандарым, башыңарга түшкөн ар кандай сыноолорду кубаныч менен кабыл алгыла»,— деген (Жкп. 1:2).

Сыноону эмне үчүн темирди чыңдаган отко салыштырса болот? (7-абзацты карагыла) *

7, 8. Ишенимибиздин сыналганы эмне үчүн жакшы?

7 Жакып Исанын жолдоочулары дагы эмне себептен атүгүл мүңкүрөткөн оор сыноону көтөргөнгө да даяр экенин жазган. Ал: «Сыналган ишенимиңер туруктуулукту жаратарын билесиңер»,— деген (Жкп. 1:3). Сыноону темирди тапка келтирүү ишине салыштырса болот. Катуу кызытып туруп муздак сууга салганда темир бекемделип-чыңдалат. Анын сыңарындай, сыноодон өткөн ишенимибиз чыңдалып, ого бетер курчуйт. Ошол себептен Жакып: «Бардык жагынан жеткилең, кемчиликсиз... болушуңар үчүн, туруктуулугуңар толугу менен көрсөтүлсүн»,— деген (Жкп. 1:4). Сыноо учурунда ишенимибиздин чыңала түшкөнүн көргөндө сыноого сынбай, кубаныч менен көтөрүп кетебиз.

8 Жакып бизди кубанычтан ажыраткан нерселердин айрымдары жөнүндө да жазган. Алар эмнелер? Багынбаш үчүн эмне кылсак болот?

КУБАНЫЧЫБЫЗДЫ КЕМИТЕ ТУРГАН КЫЙЫНЧЫЛЫКТАРДЫ ЖЕҢҮҮ

9. Бизге эмне үчүн акылмандык керек?

9 Кыйынчылык: эмне кылышты билбей калганда... Сыноого туш болгондо Жахабага жаккан, бир туугандарыбызга пайдасы тие турган, кынтыксыздыгыбызды сактаганга жардам боло турган чечим чыгаргыбыз келет (Жер. 10:23). Бизге каршы болгондорго эмне айтышты, кандай учурда эмне кылышты билиш үчүн акылмандык керек. Эмне кылышты билбей калсак, туюкка кептелгендей сезилип, тез эле кубанычыбыздан ажырап калышыбыз мүмкүн.

10. Акылмандыкка ээ болуш үчүн, Жакып 1:5ге ылайык, эмне кылышыбыз керек?

10 Эмне кылыш керек? Жахабадан акыл сурагыла. Башыбызга мүшкүл түшкөндө кубанычыбыз кемибеши үчүн, адегенде эле Жахабадан туура чечим чыгарыш үчүн акылмандык сурашыбыз керек. (Окугула: Жакып 1:5.) Жахаба тилегенибизди дароо орундатпасачы? Жакып Кудайдан тиленишибиз керектигин айткан. Кайра-кайра сурана берсек да, асмандагы Атабыз ачууланбайт, жемелебейт дагы. Кайра, сыноого туруштук бере алышыбыз үчүн акылмандыкты «берешендик менен» берет (Заб. 25:12, 13). Ал жагдайыбызды көрүп турат, бизге боор ооруйт жана жардам бергенге ынтызар. Албетте, бул бизди кубандырбай койбойт! Бирок Жахаба акылмандыкты кантип берет?

11. Акылмандыкка ээ болуш үчүн дагы эмне кылышыбыз керек?

11 Жахаба акылмандыкты Сөзү аркылуу берет (Накыл 2:6). Ага ээ болуш үчүн анын Сөзүн жана ага негизделген адабияттарды изилдешибиз керек. Бирок бул тек гана билим топтоо дегенди билдирбейт. Кудайдын Сөзүндөгү акылды турмушубузда колдонушубуз керек. Жакып: «Угуучулардан гана болбой, аткаруучулардан болгула»,— деген (Жкп. 1:22). Кудайдын кеңешине кулак каксак, дайыма тынчтыкка умтулабыз, эстүү болуп, туура ой жүгүртө билебиз жана кайрымдуу болобуз (Жкп. 3:17). Кандай гана сыноо болбосун кубанычыбызды кемитпегенге мына ушул сапаттар жардам берет.

12. Ыйык Китепти жакшы билүү эмне үчүн маанилүү?

12 Кудайдын Сөзү күзгүгө окшоп жакшыртчу жактарыбызды көргөзүп, эмне кылышыбыз керектигин түшүнгөнгө жардам берет (Жкп. 1:23—25). Мисалы, Кудайдын Сөзүн изилдегенибизде өзүбүздү кармай билгенге үйрөнүшүбүз керектиги айкын болушу мүмкүн. Жахаба бизге кыжырыбызды келтирген жагдайларда же кимдир бирөө ачуубузга тийген учурларда да сабыр сактаганга жардам берет. Андайда сабырдуу, жумшак болгонубуздун аркасында тунук ой жүгүртүп, туура чечимдерди чыгара алабыз (Жкп. 3:13). Ошондуктан Ыйык Китепти жакшы билгенибиз кандай гана маанилүү!

13. Ыйык Китепте жазылган адамдар жөнүндө эмне үчүн окуп-изилдешибиз керек?

13 Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет демекчи, кээде эмнеден сак болуш керектигин жаза баскандан кийин гана түшүнүп калабыз. Ушинтип үйрөнгөндөн көрө, туура иш кылгандар жөнүндө да, жаңылыштык кылып алгандар жөнүндө да ой жүгүртүп үйрөнгөнүбүз алда канча жакшы. Мына ошондуктан Жакып бизди Ыбрайым, Рахап, Аюп, Илияс сыяктуу Ыйык Китепте жазылган инсандардын үлгүсүнө назар салганга үндөгөн (Жкп. 2:21—26; 5:10, 11, 17, 18). Жахабага берилген ал адамдар кыйынчылыкка моюн сунуп бүк түшүп калбай, кубанычын сактай билишкен. Алар ошенте алышса, Жахабанын жардамы менен биз да ошенте алабыз.

14, 15. Эмне үчүн шек ойлордон арылышыбыз керек?

14 Кыйынчылык: шектенүү. Кээде Кудайдын Сөзүндөгү айрым нерселерди түшүнүш кыйын болушу мүмкүн. Же Жахаба тилегибизге биз күткөндөй жооп бербеши мүмкүн. Ушулардын айынан шектене башташыбыз ыктымал. Эгер эч нерсе кылбай тим коё турган болсок, ишенимибиз солгундап, Жахаба менен болгон мамилебизге доо кетет (Жкп. 1:7, 8). Ошондой шек ойлор ал тургай келечегибизге болгон үмүтүбүздү да өчүрүп коё алат.

15 Пабыл келечекке болгон үмүтүбүздү кеме казыкка салыштырган (Евр. 6:19). Кеме казык деңиздеги алай-дүлөй учурунда кемени ордунан жылдырбай кармап турат жана аскага урунуудан сактайт. Бирок ал казыктын пайдасы чынжыры бекем болгондо гана тиет. Дат жеген чынжыр морт болуп калган сыңары, шек ойлор жеген ишеним да алсырап калат. Анан каршылыкка, көйгөйлөргө туш болгондо күмөн санап жүргөн кишинин ишеними тез эле кыйрап калат. Ал Жахабанын өз убадаларын аткарарына ишенбей калат. Ишенимибиз кыйраса, үмүтүбүз да кыйрайт. Жакып шектенген адамды «шамалга айдалып, ары-бери катуу чайпалган деңиз толкунуна» окшоштурган (Жкп. 1:6). Андай адамда эч качан кубаныч болбойт.

16. Шектенип жатсак, эмне кылышыбыз керек?

16 Эмне кылыш керек? Шек ойлорду жок кылып, ишенимиңерди чыңдагыла. Создуктурбай, чечкиндүү иш-аракет кылгыла. Илияс пайгамбардын күндөрүндө Жахабанын эли ошентпей жүрө берген. Илияс пайгамбар: «Качанкыга чейин эки анжы ойдо болуп, аксап жүрө бересиңер? Эгер Жахаба чыныгы Кудай болсо, аны ээрчигиле. Эгер Баал чыныгы Кудай болсо, анда аны ээрчигиле»,— деген (1 Пад. 18:21). Бүгүн да так эле ушундай. Жахабанын чыныгы Кудай экенине, Ыйык Китеп анын Сөзү экенине жана Жахабанын Күбөлөрү анын эли экенине көзүбүз жетиши үчүн окуп-изилдешибиз керек (1 Тес. 5:21). Эгер ошентсек, шегибиз буудай тарап, ишенимибиз чыңдалат. Зарыл болсо, аксакалдардан да жардам сурасак болот. Жахабага кызмат кылып жатып кубанычыбыз бөксөрбөшү үчүн, тезинен иш-аракет кылыш керек.

17. Кайратыбыз качса, эмне болот?

17 Кыйынчылык: кайратыбыздын качышы. Кудайдын Сөзүндө: «Башыңа кыйынчылык түшкөн күнү ындының өчсө, алдан-күчтөн таясың»,— делген (Накыл 24:10). Еврей тилиндеги «ындының өчсө» деп которулган сөз «кайратың качса» деген да маанини туюнтат. Кайратыңар качты дегиче эле, кубанычыңар жоголот.

18. Туруктуу болуу дегенди эмнени билдирет?

18 Эмне кылыш керек? Кайраттаныш үчүн Жахабага таянгыла. Сыноолорго алдырбаш үчүн кайраттуу болушубуз керек (Жкп. 5:11). «Туруктуулук» деп которулган Жакып колдонгон сөз «бир орунда козголбой турууну» билдирет. Мунун маанисин түшүнүш үчүн душманы канчалык күчтүү болсо да, аны менен беттешкенде ордунан карыш жылбаган, тайманбаган жоокерди элестетсек болот.

19. Элчи Пабылдан эмнени үйрөнө алабыз?

19 Кайраттуулук жана туруктуулук жагынан элчи Пабыл эң мыкты үлгү. Ал деле кээде өзүн алсыз сезген. Бирок Жахабанын күчүнө таянгандыктан туруктуу боло алган (2 Кор. 12:8—10; Флп. 4:13). Биз да момун болуп Жахабага таянсак, Пабылдай күчтүү, кайраттуу боло алабыз (Жкп. 4:10).

КУДАЙ МЕНЕН ЫНАК БОЛУП, КУБАНЫЧЫҢАРДЫ КЕМИТПЕГИЛЕ

20, 21. Эмнеден шектенбесек болот?

20 Биз туш болуп жаткан кыйынчылыктар Жахабанын жазасы эмес. Жакып: «Сыналып жатканда эч ким: „Мени Кудай сынап жатат“,— деп айтпасын. Анткени Кудайды эч ким жамандык менен сынай албайт, Ал өзү да эч кимди жамандык менен сынабайт»,— деп ынандырган (Жкп. 1:13). Ушундан күмөн санабасак, асмандагы Атабызга мурункудан да жакын болобуз (Жкп. 4:8).

21 Жахаба «өзгөрө бербейт» (Жкп. 1:17). Ал 1-кылымдагы кызматчыларын сыноо учурунда колдоп келген. Бүгүнкү күндө да ар бирибизге жардам берет. Андыктан Жахабадан талбай акылмандык, ишеним жана кайрат сурай бергиле. Ал тилегиңерди сөзсүз орундатат. Ошондо башыбызга кандай мүшкүл түшпөсүн, Жахабанын жардамы менен кубанычыбыз түк да кемибейт!

128-ЫР: Акырына чейин чыдайлы

^ 5-абз. Сыноолорго кантип туруштук берсек болот? Буга карата Жакып китебинде көп кеп-кеңеш айтылат. Бул макалада айрымдарына токтолобуз. Ал кеңештер туруктуу болуп, Жахабага кызмат кылып жатып кубанычыбызды кемитпегенге жардам берет.

^ 59-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Үйүнөн камакка алынып кетип жаткан ишенимдешибиз. Аялы менен кызы милиция кызматкерлери аны алып кетип баратышканын карап турушат. Жолдошу түрмөдө отурган маалда ишенимдештери жубайы менен кызына кошулуп үй-бүлөлүк сыйынуу өткөрүп жатышат. Ошол сыноону көтөрүп кетиш үчүн жубайы менен кызы дайыма тиленип турушат. Жахаба аларга жан дүйнө тынчтыгын, кайраттуулук берип келет. Натыйжада ишеними ого бетер бекемделип, кубанычынан айрылышкан жок.