Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

12-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Жек көрүүгө жеңилбеген сүйүү

Жек көрүүгө жеңилбеген сүйүү

«Буларды силерге бири-бириңерди сүйүшүңөр үчүн айтып жатам. Эгерде дүйнө силерди жек көрсө, силерден мурун мени жек көргөнүн билгиле» (ЖКН. 15:17, 18).

129-ЫР: Туруктуу бололу

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Матай 24:9га ылайык, дүйнөнүн бизди жек көргөнүнө эмне үчүн таң калбайбыз?

ЖАХАБА КУДАЙ бизди башкаларды сүйүш үчүн жараткан. Ошол эле учурда башкалардын сүйүүсүнө муктаж болуп да жаратылганбыз. Ошондуктан кимдир бирөө жек көрсө, жаман болобуз, атүгүл коркушубуз мүмкүн. Мисалы, Европада жашаган Жоржиана * мындай дейт: «Он төрт жашымда Жахабага сыйынганым үчүн апам мени жек көрө баштаган. Ошондо көңүлүм чөгүп, жалгызсырап, ушунчалык жаманмынбы деп ойлой баштагам». Ал эми Данило: «Жахабанын Күбөсү болгонум үчүн солдаттар мени уруп, кордоп, коркутушкан. Ошондо жүрөгүм түшкөн, өзүмдү басынтылгандай да сезгем»,— дейт. Мындай мамилеге чыдаш оңой эмес, бирок биз буга таң калбайбыз деле. Себеби Иса жек көрүндү болорубузду алдын ала айткан. (Окугула: Матай 24:9.)

2, 3. Исанын жолдоочуларын эмне үчүн жек көрүшөт?

2 Бул дүйнө Исанын жолдоочуларын жек көрөт. Себеп дегенде биз да, Исадай болуп, бул дүйнөгө таандык эмеспиз (Жкн. 15:17—19). Андыктан адамдык өкмөттөрдү урматтап-сыйласак да, аларга сыйынып, символдорун аздектебейбиз. Биз Жахабага гана сыйынабыз. Адамзатты башкарганга ал гана укуктуу деп эсептейбиз. Ошондой эле Шайтан жана анын «тукуму» талашка салган Кудайдын ошол укугун жактайбыз (Башт. 3:1—5, 15). Адамзаттын жалгыз үмүтү Кудайдын Падышалыгы экенин жана ошол Падышалык жакында ага каршы чыккандардын баарын кыйрата турганын кабарлайбыз (Дан. 2:44; Аян 19:19—21). Бул мүнөзү жумшактар үчүн жакшы кабар, ыймансыздар үчүн болсо суук кабар (Заб. 37:10, 11).

3 Бизди Кудайдын мыйзам-талаптарына карманып жашаганыбыз үчүн да жек көрүшөт. Себеби Кудайдын мыйзам-талаптары күндөн күнгө төмөндөп бараткан бул дүйнөнүн адеп-ахлак нормаларынан кыйла айырмаланат. Алсак, азыркы тапта көптөр байыркы Содом жана Амор шаарларынын тургундары кылган барып турган адеп-ахлаксыз иштерди туура көрүп, ачык эле колдошот. Кудай ал шаарларды так ошондой иштери үчүн талкалап жок кылган (Жүй. 7). Ошондой иштерге карата Кудайдыкындай көз карашта болгонубуз үчүн бизди шылдыңдашат жана «башкалардын көз карашын сыйлабайсыңар» деп айыпташат (1 Пет. 4:3, 4).

4. Башкаларга жек көрүндү болгондо кайсы сапаттар бизге күч берет?

4 Башкалар жек көргөндө, кордогондо, чыдаганга эмне жардам берет? Жахабанын бизге жардам берерине бекем ишенишибиз керек. Андай ишеним «кара өзгөйдүн оттуу жебелерин» калкан сымал өчүрө алат (Эф. 6:16). Бирок ишенимден сырткары, сүйүүбүз да күчтүү болушу кажет. Себеби сүйүү «кыжырданбайт». Ал «баарын көтөрөт,.. баарына чыдайт» (1 Кор. 13:4—7, 13). Эмесе, жек көрүндү болгондо Жахабаны, ишенимдештерибизди, атүгүл душмандарыбызды сүйгөнүбүз бизге кантип жардам берерин карайлы.

ЖАХАБАГА БОЛГОН СҮЙҮҮ

5. Атасына болгон сүйүүсү Исага кандайча күч берген?

5 Иса душмандарынын колунан өлөрүнө аз калганда берилген жолдоочуларына Атасын жакшы көрөрүн, ошон үчүн «ал эмнени осуят кылса, ошону аткарарын» айткан (Жкн. 14:31). Жахабага болгон сүйүү Исага алдыдагы кордукка, өлүмгө тике караганга жардам берген. Жахабага болгон сүйүүбүз бизге да аябагандай күч берет.

6. Римдиктер 5:3—5-аяттарга ылайык, Жахабанын кызматчылары дүйнөнүн аларды жек көргөнүнө кандай карашат?

6 Жахабаны сүйгөнү анын кызматчыларына дайыма куугунтукка чыдаганга жардам берип келген. Мисалы, жүйүттөрдүн жогорку соту элчилерге жакшы кабар айтканга тыюу салган. Ошондо элчилер Кудайды сүйгөндүктөн «адамдарга эмес, биринчи кезекте башкаруучусу» Кудайга баш ийишкен (Элч. 5:29; 1 Жкн. 5:3). Так ушундай күчтүү сүйүү көптөгөн ишенимдештерибизге да темирдей катуу, кубаттуу өкмөттөрдүн куугунтугуна чыдаганга күч берип келет. Андайда мүңкүрөп, чөгүп кетпей, бактылуу болсок болот. (Элч. 5:41; окугула: Римдиктер 5:3—5.)

7. Үйдөгүлөрдүн каршылыгына кандай караш керек?

7 Эң эле оор сыноолордун бири үйдөгүлөрдүн бизге каршы чыгышы экенине кошулат болушуңар керек. Жахабаны таанып-биле баштаганыбызда алар бизди «адашып жатат» деп ойлошу мүмкүн. Башкалары «акылынан айнып калды» деши ыктымал. (Салыштыргыла: Марк 3:21.) Алар аябай каршы болушу, атүгүл күч колдонушу да мүмкүн. Ушундай мамиле кылганы таң калыштуу деле эмес. Себеби Иса: «Адамга өз үйүндөгүлөрү душман болот»,— деп айткан (Мт. 10:36). Албетте, тууган-туушкандарыбыз кандай мамиле кылбасын, аларды душман көрбөйбүз. Кайра, Кудайды көбүрөөк сүйгөн сайын, адамдарды да көбүрөөк сүйө баштайбыз (Мт. 22:37—39). Анткен менен адамга жагыш үчүн Кудайдын Ыйык Китептеги мыйзам-принциптерин эч качан бузбайбыз.

Бир канча убакыт бою азап чегишибиз мүмкүн. Бирок Жахаба бизди дайыма колдоп, жубатып, күч берет (8—10-абзацтарды карагыла)

8, 9. Бир ишенимдешибизге катуу каршылыкка туруштук бергенге эмне жардам берген?

8 Жогоруда сөз кылынган Жоржиана апасынын катуу каршылыгына туруштук бере алган. Ал мындай дейт: «Башында Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти апам экөөбүз тең изилдей баштаганбыз. Бирок алты айдан кийин мен жыйналышка бармакчы болгондо, апам караманча каршы болду. Көрсө, чындык жолунан четтеп кеткендер менен сүйлөшчү экен. Ошолордун сөзүн мага далил катары келтире берчү. Мени тилдеп, чачыман жулуп, муунткан да учурлары болгон. Китептеримди да ыргытып жиберчү. Ошого карабай, 15ке чыкканда чөмүлдүм. Жахабага кызмат кылганымды токтотуш үчүн апам мени тентек өспүрүмдөрдүн интернатына берип койгон. Ал жакта кээ бирлер баңгизат колдонушчу, кылмыш кылышчу. Сени жакшы көрүп, сага кам көрүшү керек болгон кишиңден ушундай мамилени көргөндө өзгөчө кыйын болот экен».

9 Жоржиана ушунун баарын кантип көтөрүп кеткен? Ал мындай дейт: «Апам кысым көрсөтө баштаган күнү Ыйык Китепти толугу менен окуп бүткөн болчумун. Ошондуктан чындык жолун тапканыма толук көзүм жетип, Жахабага аябай жакын болуп калгам. Бат-баттан тиленип турчумун. Ал мени дайыма укчу. Интернатта жашап жүргөнүмдө жыйналыштагы бир эже үйүнө чакырып, экөөбүз Ыйык Китепти чогуу окуп-изилдеп жүрдүк. Ошол кезде ишенимдештерим жөлөп-таяп, дем-күч берип турушту. Алар үй-бүлөмдөй эле болуп калган. Ошондо Жахабанын бизге каршы болгондордун кимисинен болбосун күчтүү экенине ынангам».

10. Жахаба эмне кылат деп ишенсек болот?

10 Пабыл «Кудайдын Мырзабыз Машаяк Иса аркылуу көрсөткөн сүйүүсүнөн» бизди эч нерсе ажырата албасын жазган (Рим. 8:38, 39). Бир канча убакыт азап чеккенге туура келсе да, Жахаба бизди дайыма колдоп, жубатып, күч берип турат. Ошондой эле Жоржиананын мисалынан айкын болгондой, Жахаба бизге үй-бүлөбүздөй болгон ишенимдештерибиз аркылуу жардам берет.

ИШЕНИМДЕШТЕРИБИЗГЕ БОЛГОН СҮЙҮҮ

11. Жакан 15:12, 13төгү Иса айткан сүйүү шакирттерине кандайча жардам бермек?

11 Өлөр алдындагы түнү Иса шакирттерине бири-бирин сүйүшү керектигин эскерткен. (Окугула: Жакан 15:12, 13.) Себеби ошондой күчтүү сүйүүнүн аркасында гана ынтымактуу боло аларын жана дүйнөнүн катаал мамилесине чыдап, көтөрүп кете аларын билген. Тесалоника шаарындагы жыйналышты мисал кылалы. Ал жыйналыштагылар уюшулгандан бери эле куугунтукталып келишкен. Бирок ошого карабай, берилгендиктин, сүйүүнүн мыкты үлгүсү болуп калышкан (1 Тес. 1:3, 6, 7). Пабыл аларды андан ары да сүйүүсүн өрчүтүп, «дагы да ийгилик кыла бергенге» үндөгөн (1 Тес. 4:9, 10). Андай сүйүү аларга көңүлү чөккөндөрдү сооротуп, алсыздарга тирек болгонго түрткү бермек (1 Тес. 5:14). Алар так ошондой кылышкан. Себеби ошондон бир жыл өткөндөн кийин Пабыл аларга жазган 2-катында: «Бири-бириңерге болгон сүйүүңөр өсүп жатат»,— деген (2 Тес. 1:3—5). Ооба, алар кыйынчылык менен куугунтукка ошондой сүйүүсүнөн улам чыдашкан.

Жек көрүндү болгондо чыдап, көтөрүп кеткенге ортобуздагы сүйүү жардам берет (12-абзацты карагыла) *

12. Согуш болуп жаткан бир өлкөдөгү ишенимдештерибиздин ортосундагы сүйүүсү кандай болгон?

12 Кайра эле Данило менен жубайынын башынан өткөргөндөрүнө токтололу. Алар жашаган шаарда да согуш башталганда, экөө тең жыйналышты калтырбай, колдон келишинче кабар айта беришкен. Тамак-ашын да ишенимдештери менен бөлүшүп турушкан. Күндөрдүн биринде үйүнө куралчан солдаттар келишкен. Данило мындай дейт: «Алар „диниңден баш тарт“ деп талап кылышты. Мен макул болбой койгондо, уруп-сабап, так төбөмөн ок атып коркутуп жатышты. Кетип баратып кайра келип, „аялыңды зордуктайбыз“ деп коркутушту. Бирок жыйналыштагылар бизди дароо поездге салып, башка шаарга жөнөтүп жиберишти. Алардын ошол жакшылыгын, сүйүүсүн эч качан унутпайм. Барган шаарыбыздагы ишенимдештерибиз болсо тамак-аш берип, жумуш, үй тапканга жардам беришти. Кийинчерээк согуш болуп жаткан жактан качып келген ишенимдештерибиз биздикине баш калкалап жатышты». Ушул сыяктуу окуялар бул дүйнөнүн кордугуна чыдаганга арабыздагы ушундай сүйүү жардам берерин далилдеп турат.

ДУШМАНДАРЫБЫЗГА БОЛГОН СҮЙҮҮ

13. Башкалардын жек көргөнүнө карабай Жахабага кызмат кыла бергенге ыйык рух кантип жардам берет?

13 Иса жолдоочуларына: «Душмандарыңарды сүйгүлө»,— деп айткан (Мт. 5:44, 45). Бул оңойбу? Албетте жок. Бирок Кудайдын ыйык рухунун жардамы менен ошенте алабыз. Кудайдын рухунун жемиши өз ичине сүйүүнү, ошондой эле чыдамкайлыкты, боорукердикти, жумшактыкты жана өзүн өзү кармай билүүнү камтыйт (Гал. 5:22, 23). Бул сапаттар башкалардын бизди жек көргөнүнө чыдаганга жардам берет. Күйөөсү, аялы, балдары же дагы башка жакыны так ушундай сапаттарга ээ болгондуктан, каршы чыккандардын арасынан көптөр бизге карата көз карашын түп-тамыры менен өзгөрткөн. Көбү атүгүл Жахабага кызмат кылып калышкан. Ошондуктан Жахабага кызмат кылганыңар үчүн эле силерди жек көрүп жаткандарды сүйүш кыйын болуп жатса, ыйык рух сурап тиленгиле (Лк. 11:13). Кудай айткандай кылсаңар, дайыма туура болорунан шектенбегиле (Накыл 3:5—7).

14, 15. Римдиктер 12:17—21-аяттар күйөөсүнүн каршылыгына карабай жакшы мамиле кыла бергенге Жасминге кантип жардам берген?

14 Эми Ортоңку Чыгышта жашаган Жасминди мисалга алалы. Ал Жахабанын Күбөсү болгондо, жолдошу аны «алданып калды» деп ойлоп, Жахабага кызмат кылганын токтотконго аракет кылган. Ал аны урушуп-тилдеген. Анан ортого алып коркутуш үчүн жана «үй-бүлөңдү бузуп жатасың» деп айыпташ үчүн туугандарын, дин кызматчы менен көзү ачыкты чакырткан. Күйөөсү атүгүл жыйналышка барып, эркектерди урушуп-тилдеп кеткен. Күйөөсүнүн азабынан Жасмин көп ыйлачу экен.

15 Рухий үй-бүлөсү катары жыйналыштагылар Жасминге жылуу сөзүн айтып, жубатып турушчу. Аксакалдар аны Римдиктер 12:17—21-аяттарга ылайык иш кылганга үндөгөн. (Аяттарды окугула.) «Аябай кыйын болгон.— дейт ал.— Бирок Жахабадан жардам сурап, Ыйык Китепте жазылгандай иш кылганга бүт күчүмдү жумшачумун. Күйөөм ашкананы атайлап кирдетип, булгап салганда, унчукпай жыйнап койчумун. Тилдеп жатса да, жылуу-жумшак жооп берчүмүн. Ал эми ооруп калганда, карачумун».

Бизди куугунтуктагандарды сүйсөк, жумшарып, мамилеси өзгөрүшү мүмкүн (16, 17-абзацтарды карагыла) *

16, 17. Жасминдин үлгүсүнөн эмнени билдиңер?

16 Жасминдин сүйүүсүн муздатпай, жакшы мамиле кыла бергенинин акыбети кайткан. Ал мындай дейт: «Дайыма чындыкты айтарымды билгендиктен күйөөм мага көбүрөөк ишене баштады. Дин жөнүндө сүйлөшүп калганыбызда айткандарыма кулак төшөчү болду. „Мындан ары тынч жашайлы“ деп калды. Азыр болсо жыйналышка баратканымда „жакшы барып кел“ деп турат. Мамилебиз кадыресе жакшырып, ынтымактуу жашап калдык. Эми жолдошум чындык жолуна түшүп, экөөбүз чогуу Жахабага кызмат кылсак экен деп үмүттөнүп жүрөм».

17 Жасминдин окуясы «сүйүү баарын көтөрөрүн», «баарына үмүттөнөрүн», «баарына чыдаарын» далилдеп турат (1 Кор. 13:4, 7). Жек көрүү сезими абдан катаал, күчтүү болушу мүмкүн, бирок сүйүү андан да күчтүү. Ал адамдын жүрөгүн багындыра алат. Сүйүүгө жетектелип иш кыла берсек, Жахабаны кубантабыз. Атүгүл каршы болгондор бизди жек көрө берген күндө да, бактылуу боло алабыз. Кандайча?

ЖЕК КӨРҮШСӨ ДА, БАКТЫЛУУБУЗ

18. Кандайча жек көрүндү болгондо да бактылуу боло алабыз?

18 Иса: «Башкалар силерди... жек көрүшсө,.. бактылуусуңар»,— деп айткан (Лк. 6:22). Албетте, эч кимибиз жек көрүндү болгубуз келбейт. Кудайга ишенгенибиз үчүн куугунтукталгыбыз да келбейт. Анда кандайча башкалар жек көрүшсө да, бактылуу боло алабыз? Мунун үч себеби бар. Биринчиден, ошондой мамилеге чыдаганыбыз Кудайга жагат (1 Пет. 4:13, 14). Экинчиден, андайда ишенимибиз ого бетер чыңдалат (1 Пет. 1:7). Үчүнчүдөн, эч нерсе тең келгис сыйлыкка — түбөлүк өмүргө — ээ болобуз (Рим. 2:6, 7).

19. Уруп-сабашса да, элчилер эмне үчүн бактылуу болушкан?

19 Иса тирилгенден көп өтпөй эле элчилери ал айткан бакыт эмне экенин сезе алышкан. Мисалы, аларды уруп-сабап, кабар айтканга тыюу салышса да, кубанышкан. Эмне үчүн? Себеби «Исанын ысмы үчүн кордук көрүшкөнүн сыймык катары көрүшкөн» (Элч. 5:40—42). Алардын Мырзасына болгон сүйүүсү душмандарынан коркуу сезиминен күчтүүрөөк болгон. Алар сүйүүсүн жакшы кабарды токтотпой «жарыялай берип» көрсөтүшкөн. Бүгүнкү күндө да көптөгөн боордошторубуз кыйынчылыктарга карабай Жахабага кызмат кылып келатышат. Алар Жахабанын анын ысымына көрсөткөн сүйүүсүн, эмгегин унутпай турганын билишет (Евр. 6:10).

20. Кийинки макаладан эмнени билебиз?

20 Биз бул дүйнө жок болгонго чейин жек көрүндү боло беребиз (Жкн. 15:19). Бирок коркпошубуз керек. Кийинки макаладан биле турганыбыздай, Жахаба ага берилгендерди, «ишенимдүүлөрдү коргойт» (Заб. 31:23). Андыктан Жахаба Кудайыбызды, ишенимдештерибизди, атүгүл душмандарыбызды да сүйө берели. Ошентсек, ынтымактуу болобуз, Жахаба менен болгон мамилебиз бекем болот, аны даңктайбыз жана жек көрүү сезимине караганда сүйүү алда канча күчтүү экенин далилдейбиз.

106-ЫР: Сүйүү өрчүтөлү

^ 5-абз. Бул макалада Жахабаны, ишенимдештерибизди, атүгүл душмандарыбызды сүйгөнүбүз бул дүйнөнүн бизди жек көргөнүнө карабай Жахабага кызмат кыла бергенге кандайча жардам берерин карап чыгабыз. Ошондой эле Иса эмне үчүн жек көрүндү болсок да бактылуу боло аларыбызды айтканын түшүнөбүз.

^ 1-абз. Ысымдар өзгөртүлдү.

^ 58-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Данилону солдаттар коркуткандан кийин, ишенимдештерибиз жубайы экөөнү башка шаарга жөнөтүп жиберген. Ал жактагылар аларды жылуу тосуп алышкан.

^ 60-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Жасминдин күйөөсү ага катуу каршы чыккан. Аксакалдар Жасминге жакшы кеңеш айтышкан. Ал зайып катары өз милдетин дайыма жакшы аткарган жана күйөөсү ооруп калганда, аны караган.