Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

9-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Жигиттер, башкалардын ишеничине кантип татый аласыңар?

Жигиттер, башкалардын ишеничине кантип татый аласыңар?

«Таңкы шүүдүрүмдүн тамчыларындай болгон көп сандаган жаштарың» (ЗАБ. 110:3).

39-ЫР: Кудайдын алдында жакшы атка ээ бололу

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Инилерибиз эмне кыла алышат жана эмне үчүн?

КЫМБАТТУУ инилерибиз, күчүңөр ашып-ташып тургандыктан, силердин колуңардан көп нерсе келет! (Накыл 20:29). Жыйналышка да көрсөткөн жардамыңар чоң. Балким, учурда кызмат жардамчысы болууну самап жүргөндүрсүңөр. Бирок башкалар силерди жаш көрүп, жооптуу иштерди аткарганга тажрыйбасы жетишсиз деп эсептегендей сезилеттир. Анткен менен жаш болсоңор да, жыйналыштагылардын ишеничине, урмат-сыйына ээ кыла тургандай иштерди азыр деле кыла аласыңар.

2. Бул макалада эмнени карап чыгабыз?

2 Бул макалада Дөөтү падышанын мисалын карап чыгабыз. Ошондой эле Жүйүттүн эки падышасы Аса менен Жошапаттын жашоосундагы айрым окуяларга кыскача токтолобуз. Бул үч киши кандай кыйынчылыктарга туш болушкан жана эмне кылышкан? Инилерибиз алардан эмнени үйрөнө алышат? Ушул суроолорго да жооп алабыз.

ДӨӨТҮ ПАДЫША

3. Жаштар жыйналыштагы жашы улуураактарга кантип жардам бере алат?

3 Дөөтү жаштайынан эле башкалар баалай турган шык-жөндөмдөрдү өрчүткөн. Анын Жахаба менен болгон мамилеси бекем болгону шексиз. Ошону менен бирге жакшы музыкант болгонго да аракет кылган. Анын ошол өнөрү Кудай дайындаган Шабул падышанын керегине жараган (1 Шем. 16:16, 23). Уландар, силердин да жыйналыштагыларга пайдалуу боло турган кандайдыр бир жөндөмүңөр барбы? Ооба, көбүңөрдө бар. Мисалы, жашы улуураактарга өздүк изилдөө жана жыйналыш учурунда көбүрөөк пайдасы тийиши үчүн электрондук каражаттарын жакшыраак колдонгонду үйрөтө алаттырсыңар. Алар жардамыңардын пайдасын көрүп аябай ыраазы болушат.

Дөөтү жоопкерчиликтүү жана ишеничтүү болуп, атасынын оторун жакшы караган. Атүгүл аюу кол салганда, тайманбай коргогон (4-абзацты карагыла)

4. Инилерибиз Дөөтүгө окшоп кайсы сапаттарды өрчүтүшү керек? (Мукабадагы сүрөттү карагыла.)

4 Дөөтү жоопкерчиликтүү жана ишеничтүү экендигин күнүмдүк турмушта кылган иштери менен далилдеген. Алсак, бала кезинде атасынын койлорун жакшы карап, жакшы кам көргөн. Кой кайтарып жүргөндө опурталдуу жагдайлар боло турган. Ал бул тууралуу кийинчерээк Шабул падышага мындай деген: «Мырзам, мен атамдын койлорун кайтарып жүргөндө, кээде арстан же аюу келип, койлордун бирин көтөрүп кетчү. Ошондо мен артынан кууп барып, ага кол салып, оозунан койду жулуп алчумун. Эгер ал мага асылса, аны мойнунан алып, жерге жыгып, өлтүрүп салчумун» (1 Шем. 17:34, 35). Дөөтү өз ишине жоопкерчиликтүү карагандыктан койлорду тайманбай коргогон. Инилерибиз, кандай иш тапшырылбасын, майын чыгара аткарганга аракет кылсаңар, Дөөтүдөн үлгү алган болосуңар.

5. Забур 25:14кө ылайык, инилерибиз кыла ала турган эң маанилүү нерсе эмне?

5 Дөөтү жаш кезинен тартып эле Жахаба менен ынак мамиле өрчүткөн. Мына так ушул нерсе анын кайраттуулугунан жана музыкалык жөндөмүнөн алда канча маанилүү болгон. Жахаба Дөөтүнүн Кудайы эле эмес, досу — ынак досу — болгон. (Окугула: Забур 25:14.) Инилерибиз, силер кыла ала турган эң маанилүү нерсе — асмандагы Атаңар менен ынак мамиле өрчүтүү. Ошентсеңер, силерге жыйналышта көбүрөөк милдеттер артыла башташы мүмкүн.

6. Дөөтү жөнүндө айрымдар эмне деп ойлошкон?

6 Дөөтүнү башкалар жашсынткан учурлар болгон. Мисалы, Голиат менен кармашканы чыгам дегенде, Шабул падыша аны «али жашсың» деп токтотконго аракет кылган (1 Шем. 17:31—33). Мурунураак болсо Дөөтүнү агалары шалаакылык кылып жатасың дегендей кылып урушушкан (1 Шем. 17:26—30). Бирок Жахаба аны өтө эле жаш же жоопкерчиликсиз деп ойлогон эмес. Ал анын чынында кандай жигит экенин жакшы билген. Дөөтү өзүнүн досуна — Жахабага — таянып, күч береринен шектенбегендиктен Голиатты сулаткан (1 Шем. 17:45, 48—51).

7. Инилерибиз Дөөтүнүн окуясынан эмнени үйрөнө алат?

7 Дөөтү менен болгон окуядан эмнени үйрөнө аласыңар? Чыдамдуу болушуңар керек. Силерди бала кезден бери көрүп-билип жүргөндөр эресеге жеткен жигит катары кабыл ала башташы үчүн, убакыт талап кылынат. Жахаба сырткы көрүнүшүңөрдөн да көп нерсени көрүп турат. Ал чынында кандай инсан экениңерди, колуңардан эмне келерин аябай жакшы билет (1 Шем. 16:7). Дөөтүдөн дагы эмнени үйрөнө аласыңар? Кудай менен болгон мамилеңерди бекемдей бергиле. Дөөтү муну кантип кылган? Жахабанын колунан бүткөн нерселерге байкоо салган жана алардан Жараткан жөнүндө эмнени билсе болору жөнүндө ойлонгон (Заб. 8:3, 4; 139:14; Рим. 1:20). Мындан тышкары, Жахабадан күч сурагыла. Алсак, мектептегилер Жахабанын Күбөсү болгонуңар үчүн шылдыңдайбы? Эгер ошондой болсо, шылдыңга чыдаш үчүн Жахабадан күч сурап тиленгиле. Андан тышкары, Ыйык Китептеги, адабияттарыбыздагы, видеолорубуздагы кеп-кеңештерди колдонгула. Кыйынчылыкты көтөргөнгө Жахабанын жардам бергенин сезген сайын, ага көбүрөөк ишене баштайсыңар. Башкалар да Жахабага канчалык таянарыңарды көрүп силерге ишеним арта баштайт.

Жыйналыштагы уландар башкаларга көп жагынан жардам бере алышат (8, 9-абзацтарды карагыла)

8, 9. Дөөтүгө күткөнгө эмне жардам берген жана мындан инилерибиз эмнени үйрөнө алышат?

8 Дөөтү туш болгон дагы бир кыйынчылыкка токтололу. Падыша болуп майлангандан кийин Дөөтүгө такка отурар күнүн көптөгөн жылдар бою күткөнгө туура келген (1 Шем. 16:13; 2 Шем. 2:3, 4). Ага күткөнгө эмне жардам берген? Дөөтү көңүлү чөгүп жөн эле отура бербей, колунан келгенди кыла берген. Алсак, пелиштиликтердин жеринде качкын болуп жүргөндө оңтойлуу учурду колдон чыгарбай, Ысрайылдын душмандары менен согушкан. Ошентип ал Жүйүт аймагынын чек араларын кайтарып жүргөн (1 Шем. 27:1—12).

9 Инилерибиз мындан эмнени үйрөнө алышат? Ар бир мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай Жахабага жана ишенимдештериңерге кызмат кылгыла. Рикардонун * мисалын карап чыгалы. Ал он жаштарында үзгүлтүксүз пионер болсом деп кыялданчу. Бирок аксакалдар ага азырынча даяр эмес экенин айтышкан. Ошондо Рикардо шагы сынып отуруп калбай же таарынып калбай, көбүрөөк кабар айта баштаган. Ал мындай дейт: «Өткөндү эстегенде күтө турганым жакшы болуптур деп ойлойм. Себеби жакшырып, рухий жактан өсө алдым. Кабарга кызыккан ар бир кишиге жакшылап даярданып алып, сөзсүз барганга аракет кылчумун. Атүгүл өмүрүмдө биринчи жолу бирөөгө Ыйык Китепти изилдегенге жардам бере баштагам. Убакыттын өтүшү менен тажрыйба топтоп, кабар айткандан коркпой калгам». Рикардо учурда такшалган пионер жана кызмат жардамчысы.

10. Бир жолу маанилүү чечим чыгарардан мурун Дөөтү эмне кылган?

10 Дөөтүнүн жашоосунда бизге кызыктуу боло турган дагы бир окуя болгон. Ал кишилери менен пелиштиликтердин жеринде качкын болуп жүргөн маал болчу. Бир жолу баары согушка кетишкен. Алар жокто душмандар келип, үйлөрүн талкалап, аялдары менен балдарын туткундап кетишкен. Дөөтү далайды көргөн дасыккан жоокер болгондуктан туткундарды ыгын таап тез эле куткарып алам деп деле ойлой алмак. Бирок ал Жахабадан акыл сураган. Ал Абыятар деген дин кызматчыны чакыртып, Жахабадан: «Бул каракчылардын артынан барайынбы?» — деп сураган. Ошондо Жахаба артынан барып, туткундарды аман-эсен куткарып келерин билдирген (1 Шем. 30:7—10). Мындан эмнени үйрөнө аласыңар?

Уландар, аксакалдардан кеңеш сурагыла (11-абзацты карагыла)

11. Чечим чыгарардан мурун эмне кылсаңар болот?

11 Чечим чыгарардан мурун башкалардан акыл сурагыла. Ата-энеңер менен кеңешкиле. Тажрыйбалуу аксакалдар да жакшы кеп-кеңешин айта алышат. Жахаба ал дайындалган эркектерге ишеним артат, силер да ишеним артсаңар болот. Жахаба аларды жыйналышка берилген «белек» катары көрөт (Эф. 4:8). Алардын ишениминен үлгү алсаңар жана акыл-насааттарына кулак каксаңар, сөзсүз пайдасын көрөсүңөр. Эми Аса падышанын окуясына токтололу.

АСА ПАДЫША

12. Аса жаңыдан такка отурганда кандай адам эле?

12 Жаш кезинде Аса момун жана кайраттуу жигит болгон. Маселен, атасы Абиядан кийин такка отурганда жалган сыйынууну жойгонго киришкен. Ошондой эле жүйүттөргө ата-бабаларынын Кудайы Жахабага кызмат кылууну, анын мыйзам-осуяттарын аткарууну буйрук кылган (2 Жылн. 14:1—7). Эфиопиялык Зерак бир миллион жоокери менен Жүйүт жерине кирип келгенде да, Жахабага кайрылып жардам сурап туура кылган. Ал: «Оо, Жахаба, сен үчүн күчтүүлөргө да, алсыздарга да, кимисине болбосун, жардам берүү кыйын эмес. Жахаба Кудайыбыз, бизге жардам бере көр, биз сага таянабыз»,— деген. Бул сөздөрдөн Асанын Жахабанын аны жана элин куткарарына канчалык ишенгенин билсе болот. Аса асмандагы Атасына таянгандыктан, Жахаба «эфиопиялыктарды талкалаган» (2 Жылн. 14:8—12).

13. Кийинчерээк Аса эмне кылган жана эмне үчүн?

13 Бир миллион жоокерден турган аскерге каршы чыгыш жүрөк титирете турган нерсе болгон. Бирок Аса Жахабанын жардамы менен жеңишке жеткен. Кейиштүүсү, кийинчерээк анчалык кубаттуу эмес душман коркунуч туудурганда, Аса Жахабага таянбай койгон. Ысрайылдын падышасы Бааша кол салганда, ал Сириянын падышасынан жардам сураган. Анын бул чечими каргашалуу болгон. Жахаба Ханани пайгамбар аркылуу ага: «Сен Жахаба Кудайыңа эмес, Сирия падышасына таянгандыктан, Сирия падышасынын аскерлери сенден качып кутулуп кетишти»,— деп айттырган. Ошондон тартып Асанын жеринде согуш тыйылган эмес (2 Жылн. 16:7, 9; 1 Пад. 15:32). Мындан кандай жыйынтык чыгарса болот?

14. Инилерибиз, канткенде Жахабага таянган болосуңар жана 1 Тиметей 4:12ге ылайык, анын натыйжасы кандай болот?

14 Момундугуңардан жазбай, ар дайым Жахабага таянгыла. Кымбаттуу инилерибиз, чөмүлгөнүңөрдө Жахабага бекем ишенериңерди, ага таянарыңарды көрсөткөнсүңөр. Ал силерди өзүнүн чоң үй-бүлөсүнө кабыл алып чоң сыймык ыйгарган. Баарынан маанилүүсү, буга чейинкидей эле, мындан ары да Жахабага таяна бергиле. Бүтүндөй жашообузга таасир эте турган чечим чыгарарда, адатта, шак эле Жахабага кайрылып жардам сурайбыз. Ал эми башка учурлардачы? Кандай чечим чыгарбагыла, көңүл ачууга, жумуш тандоого же жашоодогу башка максаттарга байланыштуу болобу, дайыма Жахабага таянгыла. Эч убакта өз акылыңарга таянбагыла. Ыйык Китептен жагдайыңарга тиешелүү принциптерди таап, ошого ылайык иш кылгыла (Накыл 3:5, 6). Ошентсеңер, Жахабаны кубантасыңар жана жыйналыштагылардын урмат-сыйына татыйсыңар. (Окугула: 1 Тиметей 4:12.)

ЖОШАПАТ ПАДЫША

15. 2 Жылнаама 18-бөлүм, 1—3-аяттарда жана 19:2де жазылгандай, Жошапат падыша кандай ката кетирген?

15 Албетте, баарыбыз сыяктуу эле, силер да жеткилең эмессиңер. Андыктан жаңылып-жазган учурларыңар болот. Бирок бул Жахабага колуңардан келишинче кызмат кылганга тоскоолдук болбошу керек. Эми Жошапат падыша жөнүндө ойлонуп көрөлү. Анын жакшы сапаттары көп болчу. Жаш кезинде ал «атасынын Кудайына кызмат кылып, анын осуяттарын аткарган». Андан тышкары, Жүйүт жериндеги бүт шаарларды кыдырып, элге Жахаба жөнүндө айтып окутуш үчүн төрөлөрдү жөнөткөн (2 Жылн. 17:4, 7). Бардыгын чын ыкластан кылып келсе да, Жошапаттын туура эмес чечим чыгарып алган учурлары болгон. Бир жолу ошентип акылсыздык кылганда, Жахаба өкүлүн жиберип, аны ашкерелеген. (Окугула: 2 Жылнаама 18:1—3; 19:2.) Мындан кандай сабак алсаңар болот?

Эмгекчил жана ишеничтүү жигиттер жакшы атка ээ болушат (16-абзацты карагыла)

16. Раживден эмнеге үйрөнсөңөр болот?

16 Айтылган кеңешке кулак салгыла. Балким, башка улан-жигиттер сыяктуу эле, силерге да Жахабага кызмат кылууну биринчи орунга коюу кыйынга туруп жаткандыр. Ошентсе да шаабайыңарды суутпагыла. Ражив деген жаш ишенимдешибиздин айткандарына көңүл бурсаңар. Ал өспүрүм курагын эскерип мындай дейт: «Кээде эмнени каалап жатканымды өзүм түшүнчү эмесмин. Башка жаштардай эле, мага да жыйналышка барганга, кабар айтканга караганда спорт жана көңүл ачкан көбүрөөк жакчу». Ага эмне жардам берген? Бир жолу Ражив үчүн күйүп-бышкан аксакал кеңеш айткан. Ражив: «Ал мага 1 Тиметей 4:8деги принцип жөнүндө ойлонуп көргөнгө түрткү берди»,— дейт. Ошондо кеңешке кулак кагып, жашоосунда чындап эмне маанилүү экендиги жөнүндө ойлонуп көргөн. Ал: «Биринчи кезекте рухий максаттарга умтулайын деп чечтим»,— дейт. Натыйжасы кандай болгон? «Баягы аксакал кеңеш айткандан бир нече жыл өткөндөн кийин кызмат жардамчысы болдум»,— дейт ал.

АСМАНДАГЫ АТАҢАР СЫЙМЫКТАНГЫДАЙ БОЛГУЛА

17. Жахабага кызмат кылган уландарга улуураак ишенимдештери кандай карашат?

17 Инилерибиз, жыйналыштагы улуулар алар менен ийиндеш туруп Жахабага кызмат кылып жатканыңар үчүн силерди аябай баалайт (Сеп. 3:9). Тапшырылган ишти жан-жигериңерди төшөп, күйүп-жанып аткарганыңар аларга өзгөчө жагат. Алар силерди ызааттап, аябай жакшы көрүшөт (1 Жкн. 2:14).

18. Накыл сөздөр 27:11ге ылайык, Жахаба ага кызмат кылган уландарга кандай карайт?

18 Жыйналыштагы уландар, Жахабанын силерди жакшы көрөрүн, силерге ишенерин эч качан эсиңерден чыгарбагыла. Ал ага кызмат кылганга ынтызар жаштардын, тактап айтканда, уландардын акыркы күндөрү аскердей көп болорун алдын ала айткан (Заб. 110:1—3). Жахаба аны жакшы көрөрүңөрдү жана ага бүт жан-дилиңер менен кызмат кылгыңар келерин билет. Ошондуктан башкаларга карата да, өзүңөргө карата да чыдамдуу болгула. Катачылык кетирип алганда кеп-кеңеш, акыл-насаат айтылса, аны Жахаба өзү айткандай кабыл алгыла (Евр. 12:6). Кандай иш тапшырылбасын, кылдат аткаргыла. Баарынан маанилүүсү, эмне кылбагыла, асмандагы Атаңар силер менен сыймыктангыдай болсун. (Окугула: Накыл сөздөр 27:11.)

135-ЫР: Жахабанын чакырыгы: «Уулум, акылдуу бол»

^ 5-абз. Жыйналыштагы инилерибиз рухий жактан жетилген сайын Жахабага көбүрөөк кызмат кылгысы келет. Кызмат жардамчыларына коюлган талаптарга жооп бериш үчүн алар жыйналыштагылардын урмат-сыйына татышы жана ошондой аброюн сактай билиши керек. Ал үчүн эмнелерди кылышы керек?

^ 9-абз. Айрым ысымдар өзгөртүлдү.