Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

15-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Исанын акыркы сөздөрүнөн эмнени билсе болот?

Исанын акыркы сөздөрүнөн эмнени билсе болот?

«Бул — менин сүйүктүү Уулум, мен Уулумду колдойм. Уулумду уккула» (МТ. 17:5).

17-ЫР: «Каалайм»

БУЛ МАКАЛАДА *

1, 2. Иса акыркы сөздөрүн айтканда кандай акыбалда болгонун сүрөттөп бергиле.

БИЗДИН ЗАМАНДЫН 33-жылы, 14-нисан. Күндүзгү маал. Ак жерден айыптап, кылбаган кылмышы үчүн соттошкондон кийин Исаны шылдыңдап, мыкаачылык менен кордошот. Анан жаза устунуна колу-бутунан мык менен кадап салышат. Ал дем алган сайын, сүйлөгөн сайын, жаны көзүнө көрүнүп кыйналат. Ошентсе да анын айтчу маанилүү сөзү бар.

2 Келгиле, Исанын өлөр алдындагы акыркы сөздөрүн карап чыгып, алардан эмнени билсек болоруна токтололу. Эмесе, мындайча айтканда, аны угуп көрөлү (Мт. 17:5).

«АТА, БУЛАРДЫ КЕЧИРЕ КӨР»

3. «Ата, буларды кечире көр» дегенде Иса кимдер жөнүндө айтса керек?

3 Иса эмне деген? Устунга кадалгандан кийин Иса: «Ата, буларды кечире көр»,— деген. Ал кимдерди кечиришин суранган? Ким жөнүндө айтканын кийинки сөзүнөн божомолдосок болот. Ал: «Анткени эмне кылып жатышканын билишпейт»,— деген (Лк. 23:33, 34). Иса, сыягы, колу-бутуна мык каккан римдик жоокерлер жөнүндө айтса керек. Алар анын чынында ким экенин билишкен эмес. Ошондой эле Иса элдин шарданы менен анын өлүм жазасына тартылышын талап кылган, бирок кийинчерээк ага ишенип калган адамдар тууралуу да айткан болушу керек (Элч. 2:36—38). Адилетсиз мамиле кылышса да, Иса ачууланып, кек сактап калган эмес (1 Пет. 2:23). Кайра, Жахабадан аны өлтүргөндөрдү кечиришин өтүнгөн.

4. Исанын ага каршы болгондорду кечиргенинен эмнени билсек болот?

4 Мындан эмнени билсек болот? Исадай болуп, биз да кечиримдүү болушубуз керек (Кол. 3:13). Айрымдар, анын ичинде тууган-туушкандарыбыз да, диний көз карашыбызды, жашоо мүнөзүбүздү түшүнбөгөндүктөн бизге каршы болушу мүмкүн. Биз жөнүндө жалган айтышы, башкалардын көзүнчө басынтышы ыктымал. Адабияттарыбызды жок кылышы, атүгүл күч колдонорун айтып коркутушу да мүмкүн. Андайда ачуулангандан көрө, Жахабадан алардын көзүн ачып, чындык жолун түшүнгөнгө жардам беришин сурансак болот (Мт. 5:44, 45). Кээде, өзгөчө барып турган адилетсиздикке туш болгондо, кечириш кыйын болот. Бирок ачууга алдырып, кек сактап калсак, өзүбүзгө эле жаман болот. Бир ишенимдешибиз: «Кечиримдүү болуу туура эмес ишке көз жумуп коюш керек же өзүңө жаман мамиле кылынышына жол бере бериш керек дегенди билдирбей турганын түшүндүм. Бул таарынычтан арылам деп чечкениң экен»,— деген (Заб. 37:8). Демек, бирөөнү кечиргенде туура эмес иштин айынан кыжырданып, нааразы боло бербейбиз (Эф. 4:31, 32).

«СЕН МЕНИ МЕНЕН БЕЙИШТЕ БОЛОСУҢ»

5. Иса кылмышкерлердин бирине эмне деп убада берген?

5 Иса эмне деген? Иса менен бирге эки жагына эки кылмышкер кадалган. Башында экөө тең башкаларга кошулуп Исаны шылдыңдаган (Мт. 27:44). Бирок бир аздан кийин алардын биринин ою өзгөргөн. Ал Исанын «эч кандай жаман иш кылбаганын» түшүнгөн (Лк. 23:40, 41). Ал тургай Исанын тирилип, бир күнү падыша катары башкарарына ишенерин да айткан. Ал өлүм алдында турган Исага: «Иса, падышалыгыңа барганда мени эстей көр»,— деген (Лк. 23:42, шилт.). Анын ишеними кандай гана күчтүү болгон! Ошондо Иса: «Сага бүгүн айтамын, сен мени менен [Падышалыкта эмес] Бейиште болосуң»,— деген (Лк. 23:43). Исанын «сен», «мен» деген сөздөрдү колдонуп, кылмышкерге жекече убада бергенине көңүл бурсаңар. Ал өлүм алдында турган кылмышкерге үмүт берген ушундай сөздөрдү Атасынын ырайымдуу экендигин жакшы билгендиктен айткан (Заб. 103:8).

6. Исанын кылмышкерге айткан сөзүнөн эмнени биле алабыз?

6 Мындан эмнени билсек болот? Исанын табияты кудум эле Атасыныкындай болгон (Евр. 1:3). Жахаба бизди кечирип, ырайым кылганга даяр. Бирок ан үчүн кылган жаман ишибизге өкүнүп, Иса Машаяктын күнөөлөрүбүздү жууш үчүн канын төккөнүнө ишенишибиз керек (1 Жкн. 1:7). Кээ бирөөлөргө мурун кылган жаман иштерин Жахабанын кечирерине ишениш кыйынга турат. Эгер кээде силерге да ушундай сезилсе, бул тууралуу ойлонуп көргүлө: Иса мына-мына өлгөнү турган кылмышкерге ырайым кылган. Эгер өмүрү Жахабага кызмат кылбаган кишиге ушундай ырайым кылынса, анда Жахаба анын осуяттарына ылайык жашаш үчүн бүт күчүн жумшап жаткан кызматчыларына кантип ырайым кылбасын?! (Заб. 51:1; 1 Жкн. 2:1, 2.)

«БУЛ СЕНИН УУЛУҢ БОЛОТ!.. БУЛ СЕНИН ЭНЕҢ БОЛОТ!»

7. Жакан 19:26, 27де жазылгандай, Иса Мариям менен Жаканга эмне деген жана эмне үчүн?

7 Иса эмне деген? (Окугула: Жакан 19:26, 27.) Иса, сыягы, ошол кезде жесир калган энесинин камын ойлогон. Исанын бир туугандары деле энесин карап, бага алмак. Бирок алар анын рухийлигине кам көрө алат беле? Ыйык Китепте алардын ошол кезде Исанын шакирти болгону жөнүндө эч кандай маалымат жок. Ал эми Жакан болсо Исанын берилген элчиси, эң жакын досторунун бири болчу. Иса өзү менен чогуу Жахабага сыйынгандарды рухий үй-бүлөсүндөй көргөн (Мт. 12:46—50). Ошондуктан энесинин жыргалчылыгын ойлогон Иса аны Жаканга тапшырган. Себеби рухийлигине жакшы кам көрөрүн билген. Ал энесине: «Мына,.. бул сенин уулуң болот!» — деген. Ал эми Жаканга: «Мына,.. бул сенин энең болот!» — деген. Ошол күндөн тартып Жакан Мариямга уулундай болуп калган жана ага өз энесиндей кам көргөн. Төрөлгөндөн тартып үстүнө үйрүлүп түшүп кам көргөн, өлөрүндө да карыш жылбай жанында болгон ушул асыл аялды Иса кандай гана жакшы көргөн!

8. Исанын Мариям менен Жаканга айткан сөзүнөн эмнени биле алабыз?

8 Мындан эмнени билсек болот? Кандаш туугандарыбызга караганда, ишенимдештерибиз менен болгон мамиле бекемирээк болушу мүмкүн. Тууган-туушкандарыбыз каршы болуп, атүгүл бизден кол үзүп коюшса да, Жахабага жана уюмуна жакын болсок, Иса убада кылгандай, жоготконубуздан ээ болгон нерсебиз «жүз эсе көп» болот. Көптөр уул-кызыбыздай, ата-энебиздей эле болуп калат (Мр. 10:29, 30). Ишеними, Жахабага жана бири-бирине болгон сүйүүсү бириктирип турган ушундай рухий үй-бүлөнүн мүчөсү болуу кандай гана сонун! (Кол. 3:14; 1 Пет. 2:17.)

«КУДАЙЫМ, МЕНИ ЭМНЕ ҮЧҮН ТАШТАП КОЙДУҢ?»

9. Исанын Матай 27:46дагы сөздөрүнөн эмнени билсек болот?

9 Иса эмне деген? Өлөрүнө аз калганда ал: «Кудайым, Кудайым, мени эмне үчүн таштап койдуң?» — деп кыйкырат (Мт. 27:46). Ыйык Китепте эмне үчүн ушинтип айтканы түшүндүрүлбөйт. Ошентсе да мындан эмнени билсек болорун карап чыгалы. Биринчиден, Иса ушинтип айтканда Забур 22:1деги пайгамбарлык сөз аткарылган *. Мындан тышкары, бул сөздөрдөн Жахаба өз Уулун «туш тарабынан коргоп», сактабаганын билсек болот (Аюп 1:10). Ал Атасынын, толук сыналышы үчүн, аны душмандарынын колуна салып бергендигин түшүнгөн. Бир да адам ошентип сыналган эмес. Ошондой эле бул сөздөр анын өлүм жазасына тартылгыдай эч кандай кылмыш кылбаганын көрсөтүп турган.

10. Исанын Атасына айткан сөздөрүнөн эмнени биле алабыз?

10 Мындан эмнени билсек болот? Мындан бир нерсени билсек болот: Жахаба бизди ишенимибизди сынаган кыйынчылыктардан калкалап-коргойт деп күтпөшүбүз керек. Иса аягына чейин сыналган сыңары, биз да аягына чейин сыналып, ишенимибиз үчүн, керек болсо, өлүм менен беттешкенге да даяр болушубуз керек (Мт. 16:24, 25). Бирок көтөрө алгыс сыноого туш болушубузга Кудайдын жол бербей турганына шектенбесек болот (1 Кор. 10:13). Биле турчу дагы бир нерсе: биз да Исага окшоп, адилетсиз түрдө азап тартышыбыз мүмкүн (1 Пет. 2:19, 20). Бизди жаман иш кылганыбыз үчүн эмес, бул дүйнөгө таандык болбогондуктан жана жакшы кабар тараткандыктан куугунтукташат (Жкн. 17:14; 1 Пет. 4:15, 16). Иса анын азап тартышына Жахаба эмне үчүн жол берип жатканын билген. Андан айырмаланып, Жахабанын берилген кызматчылары сыноого туш болгондо кээде анын айрым нерселерге эмне үчүн жол берип жатканын түшүнө албай кыйналышат (Хаб. 1:3). Кайрымдуу жана чыдамдуу Кудайыбыз алардын ишеними аз болгондуктан ушинтип жатпаганын түшүнөт. Алар тек гана анын сооротуп-жубатышына муктаж болуп жатканын билет (2 Кор. 1:3, 4).

«СУУСАДЫМ»

11. Иса Жакан 19:28деги сөздөрдү эмне үчүн айткан?

11 Иса эмне деген? (Окугула: Жакан 19:28.) Иса эмне үчүн: «Суусадым»,— деген? Ал муну Ыйык Жазмадагы, Забур 22:15теги, «сөздөр аткарылышы үчүн» айткан. Ал жакта: «Дарманым кетип, карапанын сыныгындай какжырап калдым, тилим таңдайыма жабышты»,— делген. Ошондой эле буга чейин эле кордолуп, эми болсо минтип жаза устунунда кадалып жаны сыздап тургандыктан да, каны катып аябай суусаса керек. Ошондуктан суусунун кандырганга зар болуп турган.

12. Исанын «суусадым» деген сөзүнөн эмнени биле алабыз?

12 Мындан эмнени билсек болот? Иса адамдын өзүн кандай сезип жатканын айтканын алсыздык деп эсептеген эмес. Биз да ошентип ойлобошубуз керек. Көпчүлүк учурда эмнеге муктаж болуп жатканыбызды башкаларга айткыбыз келбеши мүмкүн. Бирок бирөөнүн жардамына муктаж болуп жатсак, жардам сурагандан тартынбашыбыз керек. Алсак, жашыбыз өр тартып калса же ден соолугубуз начар болсо, дүкөнгө же доктурга алып барып кел деп сурансак болот. Ал эми көңүлүбүз чөккөндө аксакалдын же рухий жактан жетилген досубуздун арыз-муңубузду угушуна же жан эргиткен «жакшы сөзүнө» муктаж болушубуз мүмкүн (Накыл 12:25). Ишенимдештерибиздин бизди жакшы көрөрүн жана «кыйын мезгилде» жардам бергиси келерин эч качан эстен чыгарбайлы (Накыл 17:17). Бирок алар жан дүйнөбүздөгүнү туюп, оюбузду биле албайт. Ошондуктан тартынбай эле айтышыбыз керек.

«АТКАРЫЛДЫ!»

13. Исанын өмүрүнүн аягына чейин кынтыксыздыгынан жазбаганынын аркасында эмнелер ишке ашкан?

13 Иса эмне деген? 14-нисанда түштөн кийинки саат үчтөрдө Иса үнүн катуу чыгарып: «Аткарылды!» — деген (Жкн. 19:30). Так өлөрүнүн алдында ал Жахаба күткөн нерсенин баарын аткарганын билген. Исанын өмүрүнүн аягына чейин кынтыксыздыгынан жазбаганынын аркасында көп нерсе ишке ашкан. Биринчиден, ал Шайтандын жалганчы экенин далилдеген. Шайтан канчалык аракет кылбасын, Иса жеткилең кишинин кынтыксыздыгын сактай аларын бышыктаган. Экинчиден, биздин кунубузга өз өмүрүн берген. Ошонун аркасында жеткилең эмес адамдар Кудайдын алдында адил деп эсептеле алат жана түбөлүк жашаганга үмүттөнө алат. Үчүнчүдөн, Жахабанын эгедерлигин жактап, анын атын актаган.

14. Күн сайын эмне кылганга аракет кылышыбыз керек? Түшүндүргүлө.

14 Мындан эмнени билсек болот? Күн сайын кынтыксыз бойдон калыш үчүн болушунча аракет кылышыбыз керек. Күзөт мунарасы коомунун ыйык китептик Гилат мектебинин нускоочусу болгон Максвелл Френддин айткандарына көңүл бурсаңар. Эл аралык бир жыйында ал Кудайга болгон берилгендик жөнүндө баяндама айткан. Ал: «Бүгүн кыла ала турган же айта ала турган нерсени эртеңкиге калтырба. Себеби эртеңки күндү көрөр-көрбөсүңдү ким билет? Ар бир күнүңдү түбөлүк жашаганга татыктуу экениңди далилдегенге акыркы мүмкүнчүлүктөй көр»,— деген. Биз да ар бир күнүбүздү кынтыксыздыгыбызды сактаганга акыркы мүмкүнчүлүктөй көрүп жашайлы! Ошондо атүгүл өлүм менен беттеше турган болсок да: «Оо, Жахаба, кынтыксыздыгымдан жазбаш үчүн, Шайтандын жалганчы экенин далилдеш үчүн, ысымыңды актап, эгедерлигиңди жакташ үчүн бар күчүмдү жумшадым!» — деп айта алабыз.

«РУХУМДУ СЕНИН КОЛУҢА ТАПШЫРАМ»

15. Лука 23:46га ылайык, Иса эмнеден шектенген эмес?

15 Иса эмне деген? (Окугула: Лука 23:46.) Иса Жахабага бүт ишенимин артып: «Ата, рухумду сенин колуңа тапшырам»,— деген. Ал келечеги Жахабадан көз каранды экенин билген жана Атасы аны унутпасына түк да шектенген эмес.

16. 15 жаштагы Жошуанын окуясынан эмнени билдиңер?

16 Мындан эмнени билсек болот? Өмүрүңөрдү Жахабанын колуна тапшырганга даяр болгула. Ан үчүн Жахабага «бүт жүрөгүңөр» менен таянышыңар керек (Накыл 3:5). Айыккыс оору менен ооруган 15 жаштагы Жошуа деген Жахабанын Күбөсүн мисалга алалы. Ал Кудайдын мыйзамын буза турган жол менен дарылануудан баш тарткан. Өлөрүнө аз калганда апасына: «Апа, коркпоңуз, мен Жахабанын колундамын... Ишенип коюңуз, апа, Жахаба мени сөзсүз тирилтет. Ал жүрөгүмдөгүнү билет. Мен аны чындап жакшы көрөм»,— деген. Ар бирибиз: «Өмүрүмө коркунуч туудурган сыноого туш боло турган болсом, өмүрүмдү Жахабанын колуна тапшырып, кийин мени эстей турганына ишенемби?» — деп ойлонуп көрүшүбүз керек.

17, 18. Эмнелерди билдик? (« Исанын акыркы сөздөрүнөн эмнени биле алабыз?» деген кутучаны да карагыла.)

17 Исанын акыркы сөздөрүнөн эмне деген маанилүү нерселерди билдик! Анын сөздөрү кечиримдүү болушубуз керектигин жана Жахабанын да бизди кечирерине ишенишибиз керектигин эсибизге салды. Жардам бергенге дайым даяр турган рухий үй-бүлөбүз бар экенин, бирок муктаж болгондо жардам сурагандан тартынбашыбыз керектигин да билдик. Кандай гана сыноого туш болбойлу, Жахаба көтөрүп кеткенге күч берерин түшүндүк. Өлүшүбүз керек болсо да, Жахабанын тирилтерине ишенип, ар бир күндү кынтыксыздыгыбызды далилдегенге акыркы мүмкүнчүлүктөй көрүп жашашыбыз керектигин да аңдадык.

18 Ооба, Исанын жаза устунунда кадалып турганда айткан акыркы сөздөрүнүн маани-маңызы кандай гана терең болгон! Анын сөздөрүнөн билгендерибизге ылайык жашасак, Жахабанын «Уулумду уккула» деген сөзүнө кулак каккан болобуз (Мт. 17:5).

126-ЫР: Сергек, бекем, күчтүү бололу

^ 5-абз. Матай 17:5те жазылгандай, Жахаба анын Уулун угушубузду каалайт. Бул макалада Исанын жаза устунунда кадалып турганда айткан акыркы сөздөрүн карап чыгабыз. Алардан эмнени билсек болоруна да токтолобуз.

^ 9-абз. Иса Забур 22:1деги сөздөрдү эмне үчүн айтышы мүмкүн болгонун билиш үчүн журналдын ушул санындагы «Окурмандардын суроолору» деген рубриканы карагыла.