Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

16-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Кунга болгон ыраазычылыгыңарды арттыра бергиле

Кунга болгон ыраазычылыгыңарды арттыра бергиле

«Адам Уулу... көптөр үчүн жанын кун катары бериш үчүн келген» (МР. 10:45).

18-ЫР: Кун үчүн ыраазыбыз

БУЛ МАКАЛАДА *

1, 2. Кун деген эмне жана ага эмне үчүн муктажбыз?

ЖЕТКИЛЕҢ Адам ата күнөө кылганда түбөлүк өмүрдөн өзү эле эмес, болочоктогу укум-тукуму да кол жууп калган. Аны актоо мүмкүн эмес болчу. Ал баарын билип туруп кылган. Ал эми урпактары жөнүндө эмне дешке болот? Алардын анын кылган күнөөсүнө эч кандай тиешеси жок болчу (Рим. 5:12, 14). Кылган иши үчүн Адам атага өлүм өкүмү чыгарылган. Бирок урпактарын сактап калуу мүмкүн беле? Ооба. Ал күнөө кетиргенден көп өтпөй эле Жахаба анын миллиондогон урпактарын күнөө менен өлүмдөн кантип куткарарын акырындык менен ача баштаган (Башт. 3:15). Өзү белгилеген убакыт келгенде Жахаба Уулун «көптөр үчүн жанын кун катары бериш үчүн» асмандан жерге жибермек (Мр. 10:45; Жкн. 6:51).

2 Кун дегенди кандай түшүнсөк болот? Грек Жазмаларында кезиккен «кун» деген сөз Адам ата жоготконду кайтарып алыш үчүн Иса төлөгөн бааны билдирет (1 Кор. 15:22). Биз үчүн кун төлөө эмне себептен зарыл болгон? Себеп дегенде, Жахабанын адил талаптарына ылайык, Мыйзам боюнча жанга жан берилиши керек болчу (Чыг. 21:23, 24). Адам ата жеткилең өмүрдөн айрылган. Кудайдын көз карашы боюнча адилеттик болушу үчүн, Иса жеткилең адам катары өзүнүн өмүрүн биз үчүн берген (Рим. 5:17). Ошентип, ал кунга ишенгендердин баарынын «Түбөлүк атасы» болуп калган (Ыш. 9:6; Рим. 3:23, 24).

3. Жакан 14:31 жана 15:13кө ылайык, Иса эмне үчүн жеткилең адам катары өз өмүрүн бергенге даяр болгон?

3 Атасын жана бизди абдан сүйгөндүктөн Иса өз өмүрүн бергенге даяр болгон. (Окугула: Жакан 14:31; 15:13.) Ошол сүйүүсү ага өлөр-өлгүчө кынтыксыздыгынан жазбаганга жана Атасынын эркин аткарганга күчтүү түрткү болгон. Ошонун натыйжасында Жахабанын адамзатка жана жерге байланышкан тээ баштапкы ой-ниети ишке ашат. Бул макалада Исанын өлөр алдында ушунчалык азап чегишине Кудай эмне үчүн жол бергенин карап чыгабыз. Мындан тышкары, кунду аябай баалаган Ыйык Китепти жазган бир кишинин үлгүсүнө кыскача токтолобуз. Акырында кунга ыраазы экенибизди кантип көрсөтө аларыбызды жана Жахаба менен Исанын ушул кылган жакшылыгына ыраазычылыгыбызды кантип арттыра аларыбызды талкуулайбыз.

ИСАНЫН КЫЙНАЛЫШЫНА ЭМНЕ ҮЧҮН ЖОЛ БЕРИЛГЕН?

Биздин кунубузду төлөш үчүн Иса эмне деген кордукка чыдаганын ойлоп көрсөңөр (4-абзацты карагыла)

4. Исанын кантип өлгөнүн сүрөттөп бергиле.

4 Исанын жердеги акыркы күнүн элестетип көрсөңөр. Ал жардамга түмөндөгөн периштелерди чакыра алмак. Ошентсе да римдик жоокерлердин аны кармап, мыкаачылык менен уруп-сабашына жол берген (Мт. 26:52—54; Жкн. 18:3; 19:1). Аны камчы менен, болгондо да чапканда кишинин эти тытылып, жулмаланып кала турган камчы менен, сабашат. Андан кийин болсо канжалап жаткан жонуна оор устунду артып коюшат. Анан Иса устунду сүйрөп өзү өлтүрүлө турган жакты көздөй бет алат. Бирок бир аздан кийин эле устунду башка кишиге көтөртүп коюшат (Мт. 27:32). Иса барчу жерине жеткенде, жоокерлер колу-бутунан мык менен устунга кадашат. Устунду тик тургузушканда, денесинин салмагынан улам мык кагылган жерлери жырылып, жан чыдагыс кыйноого салат. Энеси менен достору кан жутуп кайгырып турушса — жүйүт жетекчилери Исаны шылдыңдашат (Лк. 23:32—38; Жкн. 19:25). Ошентип, саат артынан саат өтөт. Исанын өпкө-жүрөгү кысылып, дем алуусу барган сайын оордоп барат. Акыры, бүт күчүн жыйнап, акыркы жолу Атасына кайрылат. Анан башы шылк дей түшөт да, жан берет (Мр. 15:37; Лк. 23:46; Жкн. 10:17, 18; 19:30). Ооба, Иса чынында эле узакка кыйноо тартып, басынтылып өлгөн!

5. Иса баарынан да эмнеге жаман болгон?

5 Бирок Иса баарынан да кантип өлтүрүлгөнүнө эмес, кандай айып менен өлтүрүлгөнүнө жаман болгон. Себеби ага Кудайга акарат кылды деген жалган айып тагылган (Мт. 26:64—66). Ошол ойдун өзү эле ушунчалык кыйнагандыктан, ушинтип басынтылып өлүшүнө Атасы жол бербейт деп үмүттөнгөн (Мт. 26:38, 39, 42). Бирок Атасы сүйүктүү Уулунун ушинтип өлүшүнө жол берген. Мунун үч себебине токтололу.

6. Иса эмне үчүн устунга кадалып өлүшү керек болгон?

6 Биринчиден, Иса жүйүттөрдү каргыштан арылтыш үчүн устунга кадалышы керек болчу (Гал. 3:10, 13). Себеби алар Кудайдын мыйзамы боюнча жашайбыз деп сөз беришкен. Бирок сөзүнө турушкан эмес. Ошондуктан күнөөгө баткан Адам атанын тукуму катары каргышка калганы аз келгенсип, дагы бир каргышка калышкан (Рим. 5:12). Кудайдын ысрайыл элине берген мыйзамы боюнча, киши өлүм жазасына тартылгыдай күнөө кылса, өлтүрүлүп, анан устунга кадалышы керек болчу * (Мыйз. 21:22, 23; 27:26). Ошондуктан Иса устунга кадалып, так ошол аны четке каккан эл үчүн курман болгон.

7. Кудай Уулунун азап тартышына жол бергенинин экинчи себеби кайсы?

7 Эми экинчи себебин карап чыгалы. Жахаба Исаны келечекте биздин Башкы дин кызматчыбыз болгонго даярдаган. Иса катуу сыналганда Кудайга баш ийиш канчалык оңой эмес экенин өз жон териси менен сезип көргөн. Сыноосу ушунчалык оор болгондуктан, Жахабадан «катуу үн менен, көз жашын төгүп» жардам сураган. Өзүнүн да жан дүйнөсү ошентип кыйналып көргөндүктөн ал бизди жакшы түшүнөт жана «сыналып жатканыбызда» «жардам бере алат». Жахабанын бизге «алсыздыктарыбызды эске алган», «боор ооруй билген» ушундай Башкы дин кызматчы дайындаганына кандай гана ыраазыбыз! (Евр. 2:17, 18; 4:14—16; 5:7—10).

8. Исанын катуу сыналышына жол берилгенинин үчүнчү себеби эмне болгон?

8 Үчүнчүдөн, Жахаба Исанын ушунчалык азап тартышына бир маанилүү суроого жооп чыгыш үчүн жол берген. Ал: «Адам баласы катуу сыналганда да Кудайга берилген бойдон кала алабы?» — деген суроо болчу. Шайтан бир да адам анте албайт деген. Ал адамдар Кудайга өзүнүн кызыкчылыгы үчүн эле кызмат кылат деп эсептейт. Ошондой эле түпкү атасы Адам атадай болуп, Жахабага бүт жүрөгү менен берилбейт деп ойлойт (Аюп 1:9—11; 2:4, 5). Уулунун берилгендигине кымындай да шектенбегендиктен Жахаба анын адам баласы чыдай ала турган эң жогорку чекке чейин сыналышына жол берген. Иса ошондо да кынтыксыздыгын сактап, Шайтандын жалганчы экендигин далилдеген.

КУНДУН БААСЫН БИЛГЕН КИШИ

9. Элчи Жакан бизге кандай үлгү калтырган?

9 Исанын көптөгөн жолдоочулары куугунтукка жана ар кандай сыноого дуушар болушкан. Ошентсе да кабар айтканын токтотпой, өмүрүнүн аягына чейин туруктуу бойдон калышкан. Себеби алар үчүн кун төлөнгөнүнө бекем ишенишкен. Элчи Жаканды мисалга алалы. Ал Машаяк жана кун жөнүндөгү чындыкты, болжолу, 60 жылдан ашуун убакыт бою жарыялаган. Жашы жүзгө таяп калса да, Римдин өкмөтү аны ушунчалык коркунучтуу адам деп эсептегендиктен Патмос аралына сүргүнгө айдап жиберген. Анын айыбы эмнеде эле? «Кудай жөнүндө айтып, Иса тууралуу күбөлөндүргөнүндө» болчу (Аян 1:9). Ооба, бул эмне деген ишеним, эмне деген туруктуулук болгон!

10. Жакандын жазгандарынан кунду баалаганы кандайча көрүнүп турат?

10 Кудайдын жетеги менен жазган китептеринен Жакандын Исаны канчалык жакшы көргөнүн, кунга болгон ыраазычылыгын байкаса болот. Анын китептеринде кун жана кундун пайдасы жөнүндө 100дөн ашык жолу айтылган. Мисалы, ал: «Эгер кимдир бирөө күнөө кылып алса, Атабыздын жанында жардамчыбыз — адилдигинен жазбаган Иса Машаяк — бар»,— деп жазган (1 Жкн. 2:1, 2). Жакандын жазгандарында «Иса тууралуу күбөлөндүрүүнүн» маанилүү экени да баса белгиленген (Аян 19:10). Ооба, анын кунду жогору баалаганы айдан ачык. Анда кунду баалаарыбызды биз кантип көрсөтө алабыз?

КУНГА ЫРААЗЫ ЭКЕНИҢЕРДИ КАНТИП КӨРСӨТӨ АЛАСЫҢАР?

Кунга чындап ыраазы болсок, күнөө кылганга азгырылганда туруштук беребиз (11-абзацты карагыла) *

11. Азгырыкка туруштук бергенге эмне жардам берет?

11 Күнөөнүн азгырыгына туруштук бергиле. Эгер кун төлөнгөнүнө чындап ыраазы болсок, күнөө кылганга азгырылганда: «Кыйналып күрөшпөй деле койсом болот. Күнөө кылсам деле кечирим сурап коём да»,— деп ойлобойбуз. Кайра: «Жок! Жахаба менен Иса мага ушунча жакшылык кылса, кантип ушундай ишке барам?!» — дейбиз. Ошондой эле: «Азгырылышыма жол бере көрбө»,— деп күч сурап Жахабадан жалбарабыз (Мт. 6:13).

12. 1 Жакан 3:16—18-аяттардагы кеңешти кантип колдонсок болот?

12 Ишенимдештериңерди сүйгүлө. Бул да кунга болгон ыраазычылыгыбызды көрсөтөт. Себеби Иса өмүрүн биз үчүн эле эмес, алар үчүн да берген. Эгер ал ишенимдештерибиз үчүн өлгөнгө даяр болсо, демек, алар анын көз алдында аябай кымбат. (Окугула: 1 Жакан 3:16—18.) Аларды жакшы көрөрүбүз кылган мамилебизден көрүнөт (Эф. 4:29, 31—5:2). Алсак, ооруп калганда же башынан катуу сыноо өтүп жатканда, же табигый кырсыктан жабыркаганда, жардамга келебиз. Ал эми кайсы бир ишенимдешибиз көңүлгө катуу тие турган бир нерсе кылса же айтса, эмне кылабыз?

13. Эмне үчүн кечиримдүү болушубуз керек?

13 Бирөөгө таарынып, көпкө жазылбай жүрө бергенге жакынсыңарбы? (Леб. 19:18). Эгер ошондой болсо: «Кимдир бирөөңөрдө башка бирөөгө нааразы болууга себеп болсо да, көтөрүмдүү болуп, бири-бириңерди айкөлдүк менен кечиргиле. Жахаба силерди айкөлдүк менен кечиргендей, силер да айкөлдүк менен кечиргиле»,— деген кеңешке кулак салгыла (Кол. 3:13). Кайсы бир ишенимдешибизди кечирген сайын кунга чындап ыраазы экенибизди асмандагы Атабыздын алдында далилдеген болобуз. Кудайдын ошол белеги үчүн ыраазычылыгыбызды канткенде дагы да арттыра алабыз?

ЫРААЗЫЧЫЛЫГЫБЫЗДЫ КАНТИП АРТТЫРСАК БОЛОТ?

14. Кунга болгон ыраазычылыгыбызды арттыруунун бир жолу кайсы?

14 Кун үчүн Жахабага ыраазычылык билдиргиле. Индияда жашаган 83 жаштагы Жоанна деген ишенимдешибиз: «Күн сайын тиленгенде Жахабага кун үчүн ыраазычылык билдирип турганыбыз маанилүү деп ойлойм»,— дейт. Өз алдыңарча тиленгенде күн ичинде кылып алган туура эмес нерселер жөнүндө ойлонуп, Жахабадан кечирим сурагыла. Ал эми олуттуу күнөө кылып алган болсоңор, аксакалдарга кайрылып да жардам сурашыңар керек. Алар силерди кунт коюп угуп, Кудайдын Сөзүнө негизделген кеп-кеңешин айтышат. Силер менен чогуу тиленип, рухий жактан «айыгышыңар» үчүн, Жахабадан ырайым кылып Исанын курмандыгын силердин пайдаңарга мындан ары да колдоно беришин суранышат (Жкп. 5:14—16).

15. Кун жөнүндө окуп, ой жүгүрткөнгө эмне үчүн убакыт бөлүшүбүз керек?

15 Кун жөнүндө ой жүгүрткүлө. «Исанын тарткан азабы жөнүндө окуганда көзүмдүн чарасы жашка толуп чыгат»,— дейт 73 жаштагы Ражамани деген ишенимдешибиз. Кудайдын Уулунун көргөн кордугу жөнүндө ойлонгондо силердин да жан дүйнөңөр сыздап кетет чыгар. Бирок Исанын курмандыгы жөнүндө канчалык көп ой жүгүрткөн сайын, ага жана Атасына болгон сүйүүңөр ошончолук тереңдей берет. Ой жүгүрткөнгө жардам болушу үчүн ушул теманы атайлап кененирээк изилдеп көрсөңөр болот.

Иса жөнөкөй эле кечки тамак аркылуу шакирттерине анын курмандыгын жыл сайын кантип эскериш керектигин көрсөткөн (16-абзацты карагыла)

16. Кун жөнүндө башкаларды окутканыбыздын өзүбүзгө кандай пайдасы бар? (Мукабадагы сүрөттү карагыла.)

16 Кун жөнүндө башкаларга айтып, окутуп-үйрөткүлө. Кун жөнүндө башкаларга айткан сайын, өзүбүздүн да ыраазычылыгыбыз артат. Бизде Иса эмне себептен биз үчүн өлүшү керек болгонун түшүндүргөн эң сонун куралдарыбыз бар. Алсак, «Кудайдан келген жакшы кабар» деген китепченин 4-бөлүмүн колдонсок болот. Ал «Иса Машаяк деген ким?» деп аталат. Же «Ыйык Китептен эмнелерди билебиз?» деген китептин 5-бөлүмүн колдонсок болот. Ал бөлүм «Кун — Кудайдын эң баалуу белеги» деп аталат. Мындан тышкары, жыл сайын Иса Машаяктын өлгөн күнүн эскерүү кечесине өзүбүз да катышып, башкаларды да чакырсак, ыраазычылыгыбыз артат. Жахаба бизге өзүнүн Уулу жөнүндө башкаларды окутуп-үйрөтүүнү тапшырган. Бул эмне деген сыймык!

17. Эмне үчүн кунду Кудайдын адамзатка берген эң баалуу белеги деп айтса болот?

17 Кун үчүн миң мертебе ыраазы болгонго жана ыраазычылыгыбызды арттырганга көптөгөн себептер бар. Мисалы, ошонун аркасында жеткилең эмес болсок да, Жахаба менен ынак мамиледебиз. Кун төлөнгөнүнүн аркасында Шайтандын иштеринин таш-талканы чыгат (1 Жкн. 3:8). Ал эми Жахабанын жерге байланышкан баштапкы ой-ниети ишке ашат. Жер бети бейишке айланат. Ошондо ар бир киши Жахабаны сүйүп, ага кызмат кылат. Келгиле эмесе, кунга — Кудайдын адамзатка берген эң баалуу белегине — болгон ыраазычылыгыбызды күн сайын арттыра берели!

20-ЫР: Жалгыз Уулуңду бердиң

^ 5-абз. Иса эмне үчүн ушунчалык азап тартып өлгөн? Бул макаладан ушул суроого жооп алабыз. Ошондой эле бул макала кунга болгон ыраазычылыгыбызды арттырганга жардам берет.

^ 6-абз. Кылмышкерди устунга тирүүлөй кадап же байлап өлтүрүү римдиктердин салты болчу. Жахаба Уулунун ошентип өлтүрүлүшүнө жол берген.

^ 55-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Азгырыкка туруштук берип, орунсуз нерсе көргөндөн, тамекиден, парадан баш тартып жаткан үч ишенимдешибиз.