Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

20-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Кызматка карата туура көз караш сактай билели

Кызматка карата туура көз караш сактай билели

«Үрөнүңдү... сеп да, колуңду... тындырба» (НАС. 11:6).

70-ЫР: Татыктууларды издейли

БУЛ МАКАЛАДА *

Иса асманга кеткенден кийин, анын шакирттери Иерусалимде жана башка жерлерде кабар айтуу ишине катуу киришишкен (1-абзацты карагыла)

1. Иса жолдоочуларына кандай үлгү калтырган жана алар эмне кылышкан? (Мукабадагы сүрөттү карагыла.)

ИСА жерде жүргөндө кызматка карата дайыма оң маанай сактаган. Өзүнүн жолдоочуларынын да ошентишин каалаган (Жкн. 4:35, 36). Устаты жанында жүргөндө, шакирттери кабарды күйүп-жанып айтышкан (Лк. 10:1, 5—11, 17). Ал эми ал камакка алынып, өлтүрүлгөндөн кийин мурункудай көңүлдөнүп кызмат кылбай калышкан (Жкн. 16:32). Тирилгенден кийин Иса шакирттерине дем-шык берип, бүт көңүлүн кабар айтканга топтогонго үндөгөн. Ал асманга кеткенден кийин шакирттери ушунчалык ынталуу кабар айткандыктан, душмандары: «Силер... окууларыңарды бүт Иерусалимге жайылттыңар»,— дешкен (Элч. 5:28).

2. Жахаба кабар айтуу ишине кандайча батасын берип келген?

2 Исанын 1-кылымдагы жолдоочулары аткарган ишти Иса өзү жетектеген. Жахаба батасын бергендиктен, көптөр жакшы кабарга кулак кагышкан. Мисалы, б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында 3 000дей киши чөмүлгөн (Элч. 2:41). Андан кийин да шакирттердин саны күн санап өсө берген (Элч. 6:7). Анткен менен Иса акыркы күндөрү кабар айтуу иши болуп көрбөгөндөй кулач жаярын алдын ала айткан (Жкн. 14:12; Элч. 1:8).

3, 4. Айрым жерлерде кабар айтыш эмне үчүн кыйынга турат жана бул макалада эмнени карап чыгабыз?

3 Баарыбыз эле кабар айтуу кызматына карата туура көз караш сактагыбыз келет. Айрым өлкөлөрдө бул кыйынга деле турбайт. Себеби андай жерлерде Ыйык Китепти изилдегенге ушунчалык көп киши кызыккандыктан, айрымдарга атүгүл Жахабанын Күбөлөрү бошогончо күткөнгө туура келет. Ал эми башка жерлерде бул оңой эмес. Себеби көптөрдү оңой менен үйүнөн таппайсың. Ал эми үйүндө болгондор Ыйык Китепке анча деле кызыга беришпейт.

4 Эгер силердин жергеде кабар айтыш кыйын болсо, анда бул макаладагы кеңештер силерге чоң жардам болот. Биз айрым жарчылардын көптөр менен кантип байланышып, кантип кабар жеткиргенин карап чыгабыз. Ошондой эле адамдар айткан кабарыбызды угабы же укпайбы, эмне үчүн оң маанай сакташыбыз керектигине токтолобуз.

ҮЙҮНДӨ ЖОК БОЛГОНДО

5. Көптөгөн жарчылар кандай кыйынчылыкка кабылышат?

5 Учурда көптөрдү үйүнөн табыш барган сайын кыйын болуп баратат. Айрым жарчылар катуу кайтарылган кабат үйлөр же катуу кайтарылган конуштар көп аймактарда жашашат. Адатта, андай жерлерди кайтаргандар болот. Алар чакырылбагандарды ичкери киргизишпейт. Ал эми башка жерде жашаган жарчылар үймө-үй эркин эле кыдыра алышканы менен, көптөр үйүндө турбагандыктан анча-мынчасына эле кезиге алышат. Дагы башкалары айыл жергесинде же аз эле киши жашаган алыскы аймактарда кабар айтышат. Алар бир эле кишиге жолугуш үчүн узак жолду басып өтүшөт. Ошондо да үйдө жок болуп калган учурлар болот. Кызматта биз да ушундай кыйынчылыктарга туш болуп жатсак, багынбашыбыз керек. Бул тоскоолдуктарды басып өтүп, көбүрөөк киши менен сүйлөшүш үчүн эмне кылсак болот?

6. Жарчылар балыкчыларга эмнеси менен окшош?

6 Иса кабар айтуу ишин балык уулоо ишине салыштырган (Мр. 1:17). Кээ бир балыкчылардын көп күн бою бир да балык кармай албай калган учурлары болот. Бирок алар багынбай, башкача кылып көрүшөт. Мисалы, балык уулаган жерин, убактысын, ыкмасын өзгөртүшөт. Биз да кызматта ошентип көрсөк болот. Анда бир нече кеңешке токтололу.

Тургундарды үйүнөн табыш кыйын болуп жатса, ар кайсы убакта, ар кайсы жерлерде, ар кандай ыкмаларды колдонуп кабар айтып көргүлө (7, 10-абзацтарды карагыла) *

7. Ар кандай убакта кабар айткандын натыйжасы кандай болушу мүмкүн?

7 Ар кандай убакта кабар айтып көргүлө. Адамдар үйдө болгон убакта кабар айтсак, көбүнө жолуга алабыз. Үйүндө жоктор эртеби-кечпи, баары бир деле бир убакта үйүнө келет. Көптөгөн ишенимдештерибиз аймакка түштөн кийин же кечинде барып кабар айткан натыйжалуураак болорун байкашкан. Себеби ошол маалдарда көптөр үйүндө болот. Андан тышкары, ошол убактарда үй ээлеринин көңүлү жайдарыраак болгондуктан сөзгө тартыш жеңилирээк болушу мүмкүн. Же балким, Дейвид аттуу бир аксакалдын кызматта колдонгон бир ыкмасын колдонуп көрөттүрсүңөр. Ал мындай дейт: «Аймакты иштетип бүткөн соң шеригим экөөбүз бир-эки сааттан кийин үйүндө жок болуп калгандарга кайра барып коёбуз. Таң калыштуусу, ошол эле күнү экинчи жолу барганда ушунча көп кишиге жолугасың» *.

Тургундарды үйүнөн табыш кыйын болуп жатса, ар кайсы убакта кабар айтып көргүлө (7, 8-абзацтарды карагыла)

8. Насаатчы 11:6дагы сөздөрдүн кызматыбызга кандай тиешеси бар?

8 Биз адамдарга жолугуш үчүн тынбай аракет кыла беришибиз керек. Кызматка карата кандай көз карашта болушубуз керектиги макаланын негизги аятында жакшы көрсөтүлгөн. (Окугула: Насаатчы 11:6.) Жогоруда айтылган Дейвид тоскоолдуктарга шак эле моюн сунуп берген эмес. Ал аймагындагы көптөн бери кезиге албай жүргөн бир кишиге жолуккан. Так ошол киши Ыйык Китептеги чындыкка кызыгып калган. Ал: «Бул үйдө жашаганыма 8 жылдын жүзү болду. Бирок үйүмө бир да жолу Жахабанын Күбөсү келе элек болчу»,— деген. «Акыры, үйүнөн тапкан кишилер көбүнчө кабарды жакшы угушат»,— деп кошумчалайт Дейвид.

Тургундарды үйүнөн табыш кыйын болуп жатса, ар кайсы жерлерде кабар айтып көргүлө (9-абзацты карагыла)

9. Айрым жарчылар үйүндө көп болбогондор менен кантип байланышат?

9 Ар кайсы жерде кабар айтып көргүлө. Үйүнөн табыш кыйын болгон кишилерге жолугуш үчүн айрым жарчылар кабар айткан жерин өзгөртүшөт. Алсак, үймө-үй кабар айтканга уруксат берилбеген чоң кабат үйдө жашагандарды жолуктуруш үчүн көчөдөн кабар айтышат же адабият текчелерин колдонушат. Бул ошондой үйдө жашагандар менен бетме-бет сүйлөшкөнгө шарт түзүп, жакшы натыйжа берип жатат. Мындан тышкары, көптөгөн жарчылар сейил бакта, базарда же ишкер аймактарда жүргөндө адамдар менен сүйлөшүш жеңилирээк экенин жана көптөр адабият аларын байкашкан. Боливияда райондук көзөмөлчү болуп кызмат кылган Флоран мындай дейт: «Биз базарга же ишкер аймакка түшкү саат бирден үчкө чейин барабыз. Себеби ошол убакта көптөрдүн колу бошураак болот. Мунун аркасында көптөр менен жакшы сүйлөшүп, атүгүл айрымдар Ыйык Китепти изилдей башташкан».

Тургундарды үйүнөн табыш кыйын болуп жатса, ар кандай ыкмаларды колдонуп кабар айтып көргүлө (10-абзацты карагыла)

10. Адамдар менен байланыша алыш үчүн кандай ыкмаларды колдонсок болот?

10 Башка ыкмаларды колдонуп көргүлө. Кимдир бирөө менен байланышыш үчүн көп жолу аракет кылып көрдүңөр дейли. Үйүнө бир нече жолу ар кайсы убакта барып көрдүңөр. Бирок такыр жолуктура албай койдуңар. Андайда дагы эмне кылсаңар болот? «Үйүнөн эч таба албай койгондорго жүзмө-жүз көрүшкөндө айткым келген нерселерди катка жазып жөнөтүп жиберем»,— дейт Катарина. Мындан эмнени биле алабыз? Кызматта ар кандай ыкмаларды колдонуп, аймагыңардагы ар бир кишиге жолукканга аракет кылгыла.

КОШ КӨҢҮЛ БОЛГОНДО

11. Эмне үчүн айрымдар кабарга кош көңүл карашат?

11 Айрымдар айткан кабарыбызга кайдыгер карашат. Алар Кудай жөнүндө же Ыйык Китеп жөнүндө билип деле кереги жок деп ойлошот. Себеби адам баласынын тартып жаткан түмөн азабын көрүп, Кудайга ишенишпейт. Кай биринин Ыйык Китепти баркка албаганынын себеби — Ыйык Китеп боюнча жашайбыз дегени менен, жаман иштерди кыла берген диний жетекчилердин эки жүздүүлүгү. Дагы башкалары жумушу же жашоодогу кыйынчылыктары менен алпурушуп жатып же үй-бүлөсү менен эле алек болуп жатып Ыйык Китептин жашоого канчалык пайдалуу экени жөнүндө ойлонгонго деле чолосу тийбей калат. Анда башкалар кабарыбызды этибарга албаганда, кубанычыбыз кемибеш үчүн эмне кылышыбыз керек?

12. Филипиликтер 2:4төгү кеңештин кызматта кандай пайдасы бар?

12 Адамдын ой-сезимине маани бергиле. Башында кабарыбызга салкын караган көптөгөн адамдар жарчылардын алардын ой-сезимине чындап кызыгып жатканын сезгенде кабарга кулак кага башташкан. (Окугула: Филипиликтер 2:4.) Маселен, Дейвид мындай дейт: «Эгер кимдир бирөө кызыкпайм десе, Ыйык Китебибизди, адабиятыбызды мындай коюп: „Эмне үчүн ушинтип ойлоп жатканыңыздын себебин билсем болобу?” — деп сурайбыз». Ооба, адам ой-сезимине чын ыкластан көңүл коюп жатканыбызды сезбей койбойт. Алар эмне дегенибизди унутуп калышы мүмкүн. Бирок кылган мамилебизди унутушпайт. Ал тургай ооз ачырбай койгон күндө да, турган турпатыбыздан, жүзүбүздөн жылуу мамилебиз сезилип тургудай болушу керек.

13. Канткенде кабарды ар бир адамдын муктаждыгына жараша ылайыкташтырып айта алабыз?

13 Эгер кабарыбызды адамдын кызыккан, муктаж болгон нерселерине жараша ылайыкташтырсак, анын ой-сезимдерин эске алып жатканыбызды көрсөтөбүз. Мисалы, үйүнө барганда бала-чакасы бар экенин байкашыбыз мүмкүн. Эгер ошондой болсо, ал Ыйык Китептеги балдарды тарбиялоого же үй-бүлөлүк турмушка тиешелүү кеңештерге кызыгышы мүмкүн. Же болбосо эшигинин бир нече жерден кулпуланганын көрөт чыгарбыз. Анда, балким, кылмыштуулук күч алгандыктан, көптөрдүн коркуп жашап жатканын кеп кылаттырбыз. Ошондо ал жакында кылмыштуулук биротоло жоюларын билип сүйүнүшү мүмкүн. Кандай болбосун, үй ээси: «Мага керек турбайбы!» — деп ойлоп калгандай болсун. Катарина: «Чындык жолуна түшкөндөн кийин жашоомдун канчалык жакшы жакка өзгөргөнүн дайыма эсиме салып турам»,— дейт. Ошонун аркасында ал кабарды күйүп-жанып, берилип алып айтат. Муну башкалар, албетте, сезбей койбойт.

14. Накыл сөздөр 27:17ге ылайык, шериктер бири-бирине кантип жардам бере алышат?

14 Башкалардын жардамын кабыл алгыла. 1-кылымда элчи Пабыл өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп, Тиметейге кабар айтуунун, окутуунун ыгын үйрөткөн жана ошону башкаларга да үйрөткөнгө үндөгөн (1 Кор. 4:17). Биз да, Тиметейдей болуп, дасыккан жарчылардан көп нерсени үйрөнсөк болот. (Окугула: Накыл сөздөр 27:17.) Шон деген ишенимдешибизди мисалга алалы. Ал элдин көбү өз динине бек карманган айылда бир канча убакыт пионер болуп кызмат кылып калган. Ошондой аймакта кубанычын бөксөртпөй кабар айта бергенге ага эмне жардам берген? Шон мындай дейт: «Колдон келишинче кызматка жалгыз чыкпаганга аракет кылчумун. Жанымда дайыма шерик бар болчу. Бир үйдөн бир үйгө жеткиче шеригим экөөбүз кабарды дагы канткенде жакшыраак айтсак болору жөнүндө сүйлөшчүбүз. Мисалы, үй ээсине эмне дегенибизди, анын эмне деп жооп бергени жөнүндө сүйлөшчүбүз. Анан так эле ушундай жагдайга дагы бир жолу туш болсок, дагы кантип башкача кылсак болорун талкуулачубуз».

15. Кызматыбызга байланыштуу тиленгенибиз эмне үчүн маанилүү?

15 Жахабадан жардам сурагыла. Кызматка чыккан сайын Жахабадан жардам сурап тиленгиле. Анын кубаттуу ыйык рухунун жардамысыз эч кимибиз эч нерсе кыла алмак эмеспиз (Заб. 127:1; Лк. 11:13). Жахабага кайрылганда эмне жардам керек болуп жатканын так айтып билдиргиле. Маселен, Кудайды издеп жүргөн, кабарга кулак кага турган кишиге жолукканга жардам беришин сурансаңар болот. Анан тиленгениңерге жараша, жолуккандардын баарына кабар айткыла.

16. Жакшы кызмат кылыш үчүн өздүк изилдөө эмне үчүн маанилүү?

16 Өздүк изилдөөгө убакыт бөлгүлө. Ыйык Китепте: «Кудайдын жакшы, өзүнө жаккан, жеткилең эркин таанып-билгиле»,— деп айтылат. Кудай жөнүндө чындыкты билгенибизге канчалык бекем ишенсек, кызматта жүргөндө ошончолук ишенимдүү сүйлөйбүз (Рим. 12:2). Катарина мындай дейт: «Мен жакында эле бир нерсени түшүндүм: Ыйык Китептеги негизги окуулардын айрымдарына болгон ишенимимди бекемдешим керек болчу экен. Ошондуктан Жараткандын бар экенин, Ыйык Китеп анын сөзү экенин, Кудайдын жерде уюму бар экенин тастыктаган далилдерди майда-чүйдөсүнө чейин изилдеп чыктым». Катаринанын айтымына караганда, өздүк изилдөөнүн аркасында ишеними чыңдалып, кызматта кубанычы арткан.

ЭМНЕ ҮЧҮН КУБАНЫП КЫЗМАТ КЫЛА БЕРИШИБИЗ КЕРЕК?

17. Иса эмне үчүн багынбай кабар айта берген?

17 Иса айрымдар анын кабарын көңүлдөнүп укпаса да, кубанып, багынбай кабар айта берген. Эмне үчүн дегенде, элдин чындыкты билгенге канчалык муктаж экендигин билген. Ошондуктан мүмкүн болушунча көбүрөөк адамдарга Падышалык жөнүндөгү кабарды жеткиргиси келген. Мындан тышкары, айрымдардын башында кайдыгер караганы менен, кийинчерээк жүрөгү жибип кулак саларын билген. Өзүнүн эле үй-бүлөсүн мисалга алалы. Ал жерде кызмат кылып жүргөн үч жарым жыл аралыгында бир да иниси анын шакирти болгон эмес (Жкн. 7:5). Алар Иса тирилгенден кийин гана анын жолун жолдой башташкан (Элч. 1:14).

18. Кабар айтканыбызды эмне үчүн уланта беришибиз керек?

18 Биз кимдин акыры чындык жолуна түшөрүн так айта албайбыз. Айрымдарга башкаларга караганда узагыраак убакыт керек болушу мүмкүн. Атүгүл уккусу келбегендер да жакшы жүрүм-турумубузду, жаркылдап-жайнап жүргөнүбүздү көрүп бара-бара Кудайга кызмат кылгысы келе башташы мүмкүн (1 Пет. 2:12).

19. 1 Корунттуктар 3:6, 7ге ылайык, биз эмнени унутпашыбыз керек?

19 Чындыктын үрөнүн сээп, сугара турган биз болсок да, өстүрө турган Кудай экенин эч качан унутпашыбыз керек. (Окугула: 1 Корунттуктар 3:6, 7.) Эфиопиялык Гетахон деген ишенимдешибиз мындай дейт: «Мен жашаган жерде 20 жыл бою менден башка Жахабанын Күбөсү жок болчу. Азыр бул жакта 14 жарчы бар. Алардын 13ү, анын ичинде жубайым жана 3 балам, чөмүлгөн. Жыйналыштарга орто эсеп менен 32 киши катышып турат». Гетахон багынбай кабар айта бергенине, ошондой эле Жахабанын өз уюмуна жүрөгү таза адамдарды алып келишин чыдамдуулук менен күткөнүнө аябай сүйүнөт (Жкн. 6:44).

20. Кандай мааниде куткаруучуларга окшошпуз?

20 Жахаба ар бир кишинин өмүрүн жогору баалайт. Ал бизге зор сыймык ыйгарган: бул дүйнөнүн акыры келгенге чейин өзүнүн Уулу менен бирге бардык улуттардан адамдарды чогултканга мүмкүнчүлүк берип жатат (Акай 2:7). Кабар айтуу ишибизди куткаруучулардын ишине салыштырсак болот. Ал эми бизди шахтада камалып калгандарды куткаргандарга салыштырсак болот. Шахтачылардын айрымдары гана тирүү калса да, куткаруучулардын тобундагы ар бир кишинин аракети баалуу. Биздин ишибиз жөнүндө так эле ушуну айтса болот. Шайтандын дүйнөсүнөн дагы канчасы суурулуп чыгарын так билбейбиз. Бирок аларга жардам бериш үчүн Жахаба кимибизди болбосун колдонуп коюшу мүмкүн. Боливияда жашаган Андрес: «Ар бир киши жапа тырмак эмгектенгенибиздин аркасында гана чындыкты билип, чөмүлөт деп эсептейм»,— дейт. Биз да кызматка карата Андрестикиндей көз карашта боло берели. Эгер ошентсек, Жахаба аракетибизге батасын берип, чындап кубанып кызмат кылабыз!

66-ЫР: Жакшы кабарды жарыялайлы

^ 5-абз. Көптөрдү үйүнөн таба албасак да, айткан кабарыбызга көптөр кош көңүл карашса да, канткенде кызматка карата туура көз караш сактай алабыз? Бул макалада ушуга жардам берген жакшы кеңештер айтылат.

^ 7-абз. Жарчылар кызматтын бул макалада кеп кылынган ар кандай түрлөрүн учурдагы жеке маалыматты коргоо боюнча мыйзамдарга ылайык аткарышы керек.

^ 60-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. (жогорудан төмөн карай): Жубайлар тургундарын үйдөн табыш кыйын болгон аймакта кабар айтып жүрүшөт. Тургундардын биринчиси жумушта, экинчиси ооруканада, үчүнчүсү дүкөндө жүрөт. Алар биринчисине үйүнө кечинде барып кабар айтып жатышат. Экинчисине оорукананын жанынан кабар айтып жатышат. Үчүнчүсүнө телефон чалып жатышат.