Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

22-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Изилдеп жаткандарга чөмүлгөнгө жардам бергиле

Изилдеп жаткандарга чөмүлгөнгө жардам бергиле

«Ар бириңер Иса Машаяктын аты менен чөмүлтүлгүлө» (ЭЛЧ. 2:38).

72-ЫР: Падышалык кабарын жарыялайлы

БУЛ МАКАЛАДА *

1. 1-кылымда Исанын шакирттери элге эмне кылышы керектигин айткан?

ИЕРУСАЛИМГЕ төгөрөктүн төрт бурчунан ар кайсы тилде сүйлөгөн эл чогулат. Ошол күнү адаттан тыш бир окуя болот. Айрым жүйүттөр келген эл менен алардын эне тилинде сүйлөшө башташат. Муну көргөндөр айран таң калышкан. Бирок ошол жүйүттөр менен элчи Петирдин айткандары андан да таң калыштуу болгон. Себеби алар Иса Машаякка ишенгендер куткарыларын айткан. Бул кабар аларга ушунчалык күчтүү таасир эткендиктен атүгүл: «Биз эмне кылышыбыз керек?» — деп сурашкан. Ошондо Петир: «Ар бириңер... чөмүлтүлгүлө»,— деген (Элч. 2:37, 38).

Жубайы менен изилдөө өтүп жаткан жарчы. Ыйык Китепти изилдеп жаткан жигит «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» китебинин басып чыгарылган түрүн кармап отурат (2-абзацты карагыла)

2. Бул макалада эмнени карап чыгабыз? (Мукабадагы сүрөттү карагыла.)

2 Таң калыштуусу, ошол эле күнү 3 000дей киши чөмүлүп, Иса Машаяктын шакирти болгон. Бул Иса өзүнүн жолдоочуларына тапшырган шакирт даярдоо ишинин башталышы эле болчу. Бул иш азыр биз жашап жаткан 21-кылымга дейре уланып келатат. Бирок албетте бүгүнкү күндө эч ким бир нече сааттын ичинде эле чөмүлө койбойт. Ан үчүн кишиге бир нече ай, бир жыл же андан да көп убакыт талап кылынышы мүмкүн. Эгер кимдир бирөөгө Ыйык Китепти изилдегенге жардам берип жаткан болсоңор, шакирт даярдоо иши оңой эмес экенин билет чыгарсыңар. Бул макалада кимдир бирөөгө чөмүлгөнгө жардам бериш үчүн эмне кылсак болорун карап чыгабыз.

ОКУП-БИЛГЕНДЕРИН ИШ ЖҮЗҮНДӨ КОЛДОНГОНГО ЖАРДАМ БЕРГИЛЕ

3. Матай 28:19, 20га ылайык, Ыйык Китепти изилдеген киши чөмүлүш үчүн эмне кылышы керек?

3 Ыйык Китепти изилдеп жаткан киши окуп-билгендерин жашоосунда чөмүлгөнгө чейин эле аткарышы керек. (Окугула: Матай 28:19, 20.) Ошондо гана ал, Иса мисалында айткандай, үйүн «аска таштын үстүнө куруш» үчүн пайдубалын терең казган акылдуу кишиге окшош болот (Мт. 7:24, 25; Лк. 6:47, 48). Анда изилдеп жаткандарга окугандарын колдонгонго кантип жардам берсек болот? Эмесе, үч кеңешке токтололу.

4. Чөмүлгөнгө кадам шилтегенге кантип жардам берсек болот? (« Максат койгонго жана жеткенге жардам бергиле» деген кутучаны да карагыла.)

4 Максат койгонго жардам бергиле. Бул эмне үчүн маанилүү? Бир мисалга токтололу. Эгер машине менен узак жолго чыга турган болсоңор, анда сөзсүз кооз жерлерден бир нече жолу токтомоктурсуңар. Ошондо барар жериңер канчалык алыс болбосун, тез эле жетип калгандай сезилмек. Анын сыңарындай, Ыйык Китепти изилдеп жаткан киши да аз-аздан максат коюп, аларга жетсе, чөмүлүү деген чоң максатка жетиш кыйындай сезилбей калат. Ага ийгилик кылганга жардам бериш үчүн «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» деген китептеги «Максат» деген бөлүктү колдонгула. Ар бир бөлүмдүн аягында алдына максат койгону окуп-билгендерин иш жүзүндө колдонгонго кандайча жардам берерин талкуулагыла. Эгер ал алдына дагы башка максат койсо болот деп ойлосоңор, экөөңөр чогуу «Дагы башкасы» деген жерге аны да жазып койсоңор болот. Ушул бөлүктү дайыма колдонуп анын кичинекей жана чоң максаттарын бирге талкуулап тургула.

5. Марк 10:17—22-аяттарга ылайык, Иса бир бай кишиге эмне кылышы керектигин айткан жана эмне үчүн?

5 Жашоосун өзгөрткөнгө жардам бергиле. (Окугула: Марк 10:17—22.) Иса байларга колундагы дүнүйө-мүлкүнүн баарын сатып салыш кыйын экенин билген (Мр. 10:23). Анткен менен тиги бай кишиге жашоосун түп-тамыры менен өзгөртүшү керек экендигин айткан. Себеби аны жакшы көргөн. Кээде кимдир бирөө жашоосун өзгөрткөнгө даяр эместей сезилеттир. Ошондуктан окуп-билгендерин аткарууга үндөгөнгө анча көңүлдөнбөшүбүз мүмкүн. Албетте, адамга эски жаман адаттарын таштап, жаңыланганга убакыт керек дечи (Кол. 3:9, 10). Бирок кайсы жактардан оңолушу керектиги жөнүндө канчалык эртерээк сүйлөшө баштасаңар, ал ошончолук эртерээк оңоло башташы мүмкүн. Ушинтип өзүнө эле жакшы болушун каалап жатканыңарды көрсөтөсүңөр (Заб. 141:5; Накыл 27:17).

6. Эмне үчүн изилдеп жаткандардын оюн, көз карашын сурап-билишибиз керек?

6 Кишинин өтүлүп жаткан темага карата көз карашын билгенибиз аябай маанилүү. Ошондуктан оюн сурап, кандай түшүнүп жатканын жана эмнеге ишенерин аныктаганга аракет кылгыла. Эгер ошентип көнсөңөр, кийинчерээк талкуулаганга анча оңой эмес темаларды талкуулаш жеңилирээк болот. «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» деген китепте так ошондой суроолор көп камтылган. Мисалы, 4-бөлүмдө «Кудайды ысмынан атаганыңда ал кандай сезимде болот?» деген суроо берилген. Ал эми 9-бөлүмдө болсо «Сен эмнелер жөнүндө тиленгиң келет?» деген суроо берилген. Кишиге башында мындай суроолорго жооп бериш кыйын болушу мүмкүн. Бирок бара-бара аны китептеги аяттар, сүрөттөр жөнүндө ой жүгүрткөнгө үйрөтсөңөр болот.

7. Башкалардын окуясын кантип натыйжалуу колдоно алабыз?

7 Изилдеп жаткан киши эмне кылышы керектигин түшүнө баштаганда ага жардам болушу үчүн башкалардын окуясын колдонсоңор болот. Бул жакшы түрткү болот. Эгер ага жыйналышка үзбөй келиш кыйын болуп жатса, китептин 14-бөлүмүнүн «Көбүрөөк бил» деген бөлүгүндөгү «Жахабанын камкордугун сездим» деген видеону көрсөтсөңөр болот. Андай окуяларды китептин «Тереңирээк каз» же «Көбүрөөк бил» деген бөлүктөрүнөн таба аласыңар *. Бирок «ал кыла алса, сен да кыла аласың» деп аны башка бирөө менен салыштыргандан сак болгула. Андай жыйынтыкка ал өзү келиши керек. Анын ордуна, видеодогу Ыйык Китептен билгендерин жашоосунда колдонгонго жардам бере турган негизги ойлорго көңүлүн бургула. Балким, керектүү аятты же видеодогу кишинин кандай иш-аракет кылганын баса белгилейттирсиңер. Бирок андан да маанилүүсү, мүмкүн болсо дайыма Жахаба ал кишиге кантип жардам бергенине басым жасагыла.

8. Изилдеп жаткандарга Жахабаны сүйгөнгө кантип жардам бере алабыз?

8 Жахабаны сүйгөнгө жардам бергиле. Муну кантип кылса болот? Ар бир мүмкүнчүлүктөн пайдаланып Жахабанын сапаттарына көңүл бургула. Жахабанын аны сүйгөндөрдү дайым колдогон бактылуу Кудай экендигин түшүнгөнгө жардам бергиле (1 Тим. 1:11; Евр. 11:6). Окуп-билгендерин колдонсо, өзүнө эле жакшы болорун жана бул Жахабанын аны сүйөрүнүн далили экенин түшүндүрүп бергиле (Ыш. 48:17, 18). Себеби Жахабага болгон сүйүүсү канчалык күчтүү болсо, жашоосун өзгөрткөнгө ошончолук дилгир болот (1 Жкн. 5:3).

БАШКАЛАР МЕНЕН ТААНЫШТЫРГЫЛА

9. Марк 10:29, 30га ылайык, кишиге Исанын чөмүлгөн шакирти болуш үчүн айрым нерселерден кечкенге эмне жардам берет?

9 Изилдеп жаткандар чөмүлгөнгө кадам ташташ үчүн айрым нерселерден кечиши керек болот. Жогоруда айтылган бай кишиге окшоп, айрымдарына материалдык нерселерден баш тартканга туура келет. Мисалы, жумушу Ыйык Китептеги принциптерге төп келбесе, башка жумуш табышы керек болот. Көптөргө Жахабага сыйынбаган достору менен болгон мамилесин токтотконго туура келет. Дагы башкаларынан Жахабанын Күбөлөрүн жактырбагандыктан үй-бүлөсү баш тартып кетет. Иса айрымдар үчүн ушул сыяктуу нерселер кыйын болорун билген. Бирок ошого карабай, анын жолун жолдой тургандардын эч качан көңүлү кайт болбой турганын убада кылган. Андай кишилер дайыма жөлөп-таяп турган рухий үй-бүлөгө ээ болушат. (Окугула: Марк 10:29, 30.) Ыйык Китепти изилдеп жаткан адамга ушуну сезип көргөнгө кантип жардам бере аласыңар?

10. Мануэлдин айткандарынан кандай жыйынтык чыгардыңар?

10 Дос болгонго аракет кылгыла. Изилдеп жаткан кишинин камын ойлогонуңар аябай маанилүү. Мексикада жашаган Мануэлдин айткандарына көңүл бурсаңар. Ыйык Китепти изилдеп жүргөн кезин эстеп ал мындай дейт: «Мени окуткан Жахабанын Күбөсү ар бир изилдөөнүн алдында ал-жайымды, иштеримди сурачу. Аны менен өзүмдү эркин сезчүмүн. Эмне жөнүндө болбосун ачык сүйлөшө алчумун. Менин жыргалчылыгымды ойлорун чындап сезчүмүн».

11. Изилдеп жаткандар менен чогуу убакыт өткөргөнүбүздүн кандай пайдасы бар?

11 Иса өзүнүн шакирттери менен убакыт өткөргөн сыңары, силер да изилдеп жаткандар менен убакыт өткөргүлө (Жкн. 3:22). Ылайыктуу болсо, изилдеп жана ийгилик кылып жаткан кишини чайга же тамакка чакырсаңар болот. Же чогуу уюмубуздун телеберүүсүн көрсөңөр болот. Аны ушинтип, өзгөчө үй-бүлөсү, достору майрамдап жаткан учурда, чакырып турсаңар, жалгызсырап өзүн жаман сезбейт. «Жахаба жөнүндө изилдөө учурунда канча билсем, мени окуткан киши менен чогуу убакыт өткөргөндүн аркасында да ошончо билдим. Жахабанын өз элине канчалык кам көрөрүн, эли канчалык бактылуу экенин көрдүм. Менин эңсегеним так ошол болчу»,— дейт угандалык Казибве.

Изилдеп жаткан кишиге ар башка жарчылар менен барсаңар, ал жыйналышка барганга көбүрөөк көңүлдөнөт (12-абзацты карагыла) *

12. Изилдөөгө эмне үчүн ар башка жарчы менен барышыбыз керек?

12 Изилдөөгө ар кайсы жарчыларды чакырып тургула. Кээде изилдөөгө өзүңөрдүн эле барып койгонуңар же бир эле жарчы менен бара бергениңер ыңгайлуу болушу мүмкүн. Анткен менен изилдөөгө ар кайсы жарчыларды ээрчитип барсак, изилдеп жаткан кишиге пайдалуураак болот. Молдавияда жашаган Дмитрий мындай дейт: «Изилдөөгө келген ар бир жарчынын түшүндүргөнү ар башкача болчу. Бул мага изилдеп жаткан маалыматка ар тараптан караганга жардам берген. Биринчи жолу жыйналышка барганымда да көпчүлүгүн тааныгандыктан анча тартынган жокмун».

13. Эмне үчүн изилдеп жаткандарга жыйналышка барганга жардам беришибиз керек?

13 Жыйналышка барганга жардам бергиле. Бул эмне үчүн маанилүү? Себеп дегенде Жахаба өзүнүн кызматчыларынын чогулуп турушун буйруган (Евр. 10:24, 25). Бул да ага сыйынуу болуп эсептелет. Андан тышкары, жыйналыштагы ишенимдештерибиз үй-бүлөбүздөй. Жыйналышка барганда бир үй-бүлөдөй болуп дасторкон үстүндө чогулгандай эле болобуз. Изилдеп жаткандарга жыйналышка барганга жардам берсеңер, чөмүлүүнү карай маанилүү кадамдардын бирин таштаганга жардам берген болосуңар. Бирок мындай кадамды ташташ оңой болбошу мүмкүн. Анда аларга тоскоолдук кылган нерселерди жеңгенге «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» деген китеп кандайча жардам берет?

14. Изилдеп жаткандарга жыйналышка барганга кантип түрткү берсек болот?

14 Кишиге жыйналышка барганга түрткү бериш үчүн китептин 10-бөлүмүн колдонсоңор болот. Айрым тажрыйбалуу жарчылардан бул китеп жарык көргөнгө чейин эле ал бөлүмдөгү кеңештерди колдонуп көрүүнү суранышкан. Алар ошол кеңештерди колдонуп көптөргө жыйналышка барганга жардам бере алышканын айтышкан. Албетте, жыйналышка чакырыш үчүн 10-бөлүмгө жеткенге чейин күтүп отура бербешибиз керек. Мүмкүн болушунча эртерээк чакырып, үзбөй катышканга үндөй бергенибиз маанилүү. Ар кимге ар нерсе тоскоолдук кылышы мүмкүн. Ошондуктан ар кимисине өзүнүн жагдайына жараша жардам бергиле. Жыйналышка дароо эле келе баштабаса, көңүлүңөрдү чөгөрбөгүлө. Чыдамкай болуп, кайра-кайра чакыра бергиле.

КОРКУУ СЕЗИМИН ЖЕҢГЕНГЕ ЖАРДАМ БЕРГИЛЕ

15. Изилдеп жаткандар эмнеден коркушу мүмкүн?

15 Балким, силер да башында Жахабанын Күбөсү болгондон анча-мынча корккон чыгарсыңар. «Эч качан үймө-үй кыдырып кабар айта албайм» деп ойлогондурсуңар. Же «үйдөгүлөр, досторум каршы болсочу» деп корккондурсуңар. Эгер ушундай болсо, изилдеп жаткандарды жакшы түшүнө аласыңар. Адамдардын ушинтип коркушу мүмкүн экенин Иса жакшы билген. Ошентсе да жолдоочуларына коркуу сезимине алдырып, Жахабага кылган кызматын токтотуп койбошу керектигин айткан (Мт. 10:16, 17, 27, 28). Ал аларга коркуу сезимин жеңгенге кантип жардам берген? Андан силер кантип үлгү ала аласыңар?

16. Изилдеп жаткандарды билгендерин башкаларга айтканга кантип үйрөтсөк болот?

16 Ишенген нерселерин башкаларга айтканды акырындап үйрөтө бергиле. Иса шакирттерин кабар айтканга жөнөткөндө алар да тынчсызданышса керек. Ошон үчүн Иса аларга каякка барышты, кимге, эмне жөнүндө кабар айтышты түшүндүрүп берген (Мт. 10:5—7). Мындан эмнени үйрөнсөк болот? Силер да изилдеп жаткан кишиге кимге кабар айтса болорун айтып берсеңер болот. Мисалы, андан Ыйык Китептеги белгилүү бир чындыкты ал тааныгандардын кимисине айтса пайдалуу болорун сурап көргүлө. Анан ошону кантип жөнөкөй кылып айтып берсе болорун түшүндүрүп бергиле. Аны даярдаш үчүн, эгер ылайыктуу болсо, «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» деген китептеги «Айрымдар мындай дейт», «Айрымдар минтип сурашы мүмкүн» деген бөлүктөрдү колдонгула. Аны суроолорго Ыйык Китепти колдонуп жөнөкөй, жылуу-жумшак жооп бергенге үйрөткүлө.

17. Изилдеп жаткандарды Жахабага таянганга үйрөтүш үчүн Матай 10:19, 20, 29—31-аяттарды кантип колдонсок болот?

17 Жахабага таянганга жардам бергиле. Иса шакирттерине Жахаба аларды сүйгөндүктөн сөзсүз жардам берерин айткан. (Окугула: Матай 10:19, 20, 29—31.) Изилдеп жаткан кишини Жахаба ага да жардам берерине ынандыргыла. Жахабага таянганга жардам бериш үчүн максаттары жөнүндө аны менен чогуу тиленгиле. Польшада жашаган Франчешек мындай дейт: «Мени окуткан жарчы тиленип жатканда менин максаттарым жөнүндө көп айтчу. Жахаба анын тилегин угуп, мага жардам берип жатканын көргөндө мен да дароо тилене баштадым. Жыйналышка же жыйынга барыш үчүн жаңы жумушумдан суранганда Жахабанын колдоп жатканын сезчүмүн».

18. Жахаба башкаларга Ыйык Китепти изилдегенге жардам берип жаткандарга кандай карайт?

18 Жахаба биз менен изилдеп жаткандардын камын ойлоп, аларга жакшы болсо экен дейт. Ал башкаларга ага жакындаганга, аны сүйгөнгө жардам берип жаткан Исанын жолдоочуларынын зор эмгегин аябай баалайт (Ыш. 52:7). Учурда бирөөгө Ыйык Китепти изилдегенге жардам берип жатпасаңар да, башка жарчыларды изилдөөсүнө коштоп барып изилдеп жаткандарга чөмүлгөнгө жардам бере аласыңар.

60-ЫР: Тил алгандар куткарылат

^ 5-абз. Бул макалада Исанын элдерге анын шакирти болгонго кантип жардам бергенин жана андан кантип үлгү алсак болорун карап чыгабыз. Ошондой эле «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» деген жаңы китептин айрым өзгөчөлүктөрүнө токтолобуз. Ал китеп Ыйык Китепти изилдеп жаткандарга чөмүлгөнгө жардам бериш үчүн чыгарылган.

^ 7-абз. Ошондой эле андай окуяларды төмөнкү жактардан таба аласыңар: 1) «Жахабанын Күбөлөрүнүн изилдөө жүргүзүүгө арналган куралы»/«Ыйык Китеп»/«Иш жүзүндө колдонуунун пайдасы»/«Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат» («Күзөт мунарасындагы» рубрика) 2) JW Library® тиркемеси, «Медиа» деген бөлүктөгү «Дил маектер жана окуялар».

^ 62-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Жарчы аялы экөө бир жаш жигит менен Ыйык Китепти изилдеп жатышат. Кийинки жолкусунда башкаларды ээрчитип барып изилдеп жатат.