Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Элчи Пабыл «мыйзам аркылуу мыйзам үчүн өлгөм» дегенде эмне деп айткысы келген? (Гал. 2:19)

Элчи Пабыл: «Кудай үчүн жашайын деп, мыйзам аркылуу мыйзам үчүн өлгөм»,— деп жазган (Гал. 2:19).

Анын бул айткандары Римдин карамагында болгон Галатиядагы жыйналыштарга жазган негизги ой менен байланыштуу болгон. Исанын ал жактагы айрым жолдоочулары жалган окутуучулардын таасирине алдырып коюшкан. Ал окутуучулар куткарылыш үчүн Мусанын Мыйзамына карманыш керек, тактап айтканда, сүннөткө отургузулуш керек деп окутушкан. Бирок Пабыл Кудай ага кызмат кылгандардан сүннөткө отургузулушун талап кылбай калганын билген. Ошондуктан күчтүү далилдерди келтирип, жалган окууларды төгүнгө чыгарган. Ошентип ал жактагы боордошторунун Иса Машаяктын куткаруу курмандыгына болгон ишенимин бекемдеген (Гал. 2:4; 5:2).

Ыйык Китепте өлгөн киши эч нерсе билбей-туйбай калары, айланасындагы нерселер ага таасир этпей калары айтылган (Нас. 9:5). Ошон үчүн Пабыл «мыйзам үчүн өлгөм» дегенде Мусанын Мыйзамы мындан ары ага такыр таасир этпей калганын айткысы келген. Ал Исанын куткаруу курмандыгына ишенгендин аркасында мындан ары «Кудай үчүн жашап» калганын айкын түшүнгөн.

Пабылдын жашоосундагы мындай өзгөрүү «мыйзам аркылуу болгон». Кандайча? Пабыл ушул сөздөрдү айтардан мурун «адам мыйзамды аткаруу менен эмес, Машаяк Исага болгон ишеними аркылуу гана адил деп жарыяланарын» түшүндүргөн (Гал. 2:16). Албетте, Мусанын Мыйзамынын өзүнүн маанилүү орду болгон. Пабыл галатиялыктарга ал Мыйзам жөнүндө: «Убада алган тукум келгенге чейин, кылмыштарды айкын кылыш үчүн кошулуп берилген»,— деп айткан (Гал. 3:19). Ооба, Мыйзам күнөөкөр пенделер ал Мыйзамды жеткилең түрдө аткара албасын жана акыры жеткилең курмандыкка муктаж экендигин көрсөткөн. Андыктан Мыйзам элди «тукумга» — Машаякка — жетелеп барган. Иса Машаякка ишенген кишини Кудай адил деп жарыяламак (Гал. 3:24). Пабыл да Мыйзам аркылуу Исаны кабыл алып, ага ишенгени үчүн адил деп жарыяланган. Ошондон кийин Пабыл «мыйзам үчүн өлүп», «Кудай үчүн жашай» баштаган. Эми ага Мыйзам эмес, Кудай бийлик кылып калган.

Пабыл римдиктерге жазган катында да ушул сыяктуу ойду айткан. Ал мындай деп жазган: «Силер да, бир туугандарым,.. Машаяктын денеси аркылуу Мыйзам үчүн өлдүңөр... Азыр болсо бизди чектеп турган Мыйзам үчүн өлүп анын бийлигинен бошондук» (Рим. 7:4, 6). Ушул аятта жана Галатиялыктар 2:19да Пабыл Мыйзам боюнча күнөөкөр катары айыпталып өлгөнү жөнүндө айткан эмес. Ал Мыйзамдан бошонгонун айткан. Демек, ошондон ары Мыйзам ага да, ага окшоп Исанын курмандыгына ишенген башка адамдарга да үстөмдүк кылбай калган.