Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

26-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Шакирт даярдоо ишине жардам бере аласыңбы?

Шакирт даярдоо ишине жардам бере аласыңбы?

«Кудай... силерге каалоо да, күч да берет» (ФЛП. 2:13).

64-ЫР: Түшүм жыйноого кубаныч менен катышалы

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Жахаба сен үчүн эмне кылган?

СЕН эмне болуп Жахабанын Күбөсү болуп калдың эле? Биринчиден, «жакшы кабар» уккансың. Аны, балким, ата-энең, кесиптешиң, классташың же үймө-үй кабар айтып келген Жахабанын Күбөсү айткандыр (Мр. 13:10). Андан кийин кимдир бирөө убактысын, күчүн аябай, сага Ыйык Китепти изилдегенге жардам берген. Изилдеп жатып Жахабаны жакшы көрө баштагансың. Анын да сени жакшы көрөрүн билгенсиң. Ошентип, Жахаба сага чындык жолуна түшкөнгө жардам берген. Эми минтип Иса Машаяктын шакирти болуп, түбөлүк жашаганга үмүттөнүп келатасың (Жкн. 6:44). Кимдир бирөөгө сени окутканга түрткү бергенине жана сени өзүнүн кызматчыларынын катарына кошконуна Жахабага миң мертебе ыраазы болуп жаткан чыгарсың.

2. Бул макалада эмнелерди карайбыз?

2 Кудай жөнүндөгү чындыкты өзүбүз билген соң башкаларга да өмүргө алып бара турган жолго түшкөнгө жардам беришибиз керек. Бирок үймө-үй кыдырып кабар айтканга караганда, кимдир бирөөгө Ыйык Китепти изилдөөнү сунуштоо жана аны өткөрүү кыйыныраак сезилиши мүмкүн. Сага да ошондой сезилеби? Эгер ошондой болсо, анда бул макаладагы кеңештер пайдалуу болушу мүмкүн. Бул макалада шакирт даярдаганга бизге эмне түрткү берерин талкуулайбыз. Ошондой эле кимдир бирөө менен Ыйык Китепти изилдегенге тоскоолдук кылган нерселерди кантип жеңсе болорун карап чыгабыз. Алгач, келгиле, эмне үчүн биз кабар айткандардан эле эмес, үйрөткөндөрдөн да болушубуз керектигине токтололу.

ИСА БИЗГЕ КАБАР АЙТУУНУ ДА, ҮЙРӨТҮҮНҮ ДА БУЙРУК КЫЛГАН

3. Биз эмне үчүн кабар айтабыз?

3 Иса жерде жүргөндө өзүнүн жолдоочуларына өз ичине эки нерсени камтыган буйрук берген. Биринчиден, ал Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды айткыла деген. Аны кантип кылышты да көрсөткөн (Мт. 10:7; Лк. 8:1). Бул кабарды айрымдары жакшы кабыл алса, башкалары кабыл алмак эмес. Ушуну билгендиктен Иса шакирттерин ушуга даярдаган (Лк. 9:2—5). Мындан тышкары, кабар айтуу ишинин канчалык кулач жаярын, анын жолдоочулары «бардык элдерге күбөлөндүрөрүн» алдын ала айткан (Мт. 24:14; Элч. 1:8). Башкалар угабы же укпайбы, Исанын шакирттери Кудайдын Падышалыгын жана ал ишке ашыра турган нерселерди жар салышы керек болчу.

4. Матай 28:18—20-аяттарга ылайык, жакшы кабар айткандан тышкары, дагы эмне кылышыбыз керек?

4 Иса буйруган экинчи нерсе эмне болгон? Исанын жолдоочулары анын болочок шакирттерине бардык буйруктарын аткарганды үйрөтүшү керек болчу. Исанын кабар айткыла жана үйрөткүлө деген буйругу, айрымдар айткандай, анын 1-кылымдагы жолдоочуларына гана тиешелүү болгонбу? Жок. Иса бул маанилүү иштин атүгүл биздин күндөргө чейин, «дүйнө түзүлүшү аяктаганга чейин», уланарын айткан. (Окугула: Матай 28:18—20.) Ал бул буйругун 500дөн ашык шакиртине көрүнгөндө берсе керек (1 Кор. 15:6). Кийинчерээк Жаканга аян бергенде Жахаба жөнүндө билгенге шакирттеринин баары жардам бериши керектигин айкын көрсөткөн (Аян 22:17).

5. 1 Корунттуктар 3:6—9-аяттарга ылайык, Пабыл кабар айтуу менен үйрөтүүнүн ортосундагы байланышты көрсөтүш үчүн кандай мисал келтирген?

5 Элчи Пабыл шакирт даярдоо ишин эгин өстүргөнгө окшоштуруп, урук сээп эле тим болбошубуз керектигин көрсөткөн. Ал корунттуктарга: «Мен тиккем, Аполос сугарган... Силер болсо Кудайдын эгин талаасысыңар»,— деген. (Окугула: 1 Корунттуктар 3:6—9.) «Кудайдын эгин талаасындагы» жумушчулар катары биз үрөндү сугарып, өсүшүнө көз салып турабыз (Жкн. 4:35). Ошол эле учурда өстүрө турган биз эмес, Кудай экенин жакшы билебиз.

6. Окутуучулар катары ишибиз эмнени камтыйт?

6 Биз «түбөлүк өмүргө карата туура көз карашта болгондорду» издейбиз (Элч. 13:48). Алар Исанын шакирти болушу үчүн, Ыйык Китептен билгендерин 1) түшүнгөнгө, 2) кабыл алганга жана 3) иш жүзүндө колдонгонго жардам беришибиз керек (Жкн. 17:3; Кол. 2:6, 7; 1 Тес. 2:13). Ыйык Китепти изилдеп жаткандарга бүт жыйналыш көмөк көрсөтө алат. Мисалы, алар жыйналышка келе баштаганда жекече көңүл буруп, жылуу тосуп алышса болот (Жкн. 13:35). Жарчы изилдеп жаткан кишиге «чептерди» талкалаганга, башкача айтканда, ишенип келген нерселеринен же карманып келген каада-салттарынан арылганга жардам бериш үчүн көп убакыт, күч жумшашы керек болот (2 Кор. 10:4, 5). Ал киши ушул кадамдарды жасап, чөмүлгөнгө чейин бир канча ай өтүшү мүмкүн. Бирок бул эмгегибиз эч качан текке кетпейт.

ШАКИРТ ДАЯРДАГАНГА СҮЙҮҮ ТҮРТКҮ БЕРЕТ

7. Кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишине катышканга эмне түрткү берет?

7 Кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишине эмне үчүн катышабыз? Биринчиден, Жахабаны сүйгөндүктөн катышабыз. Бул буйрукту аткарыш үчүн колуңдан келгенди кылсаң, Кудайды сүйөрүңдү далилдейсиң (1 Жкн. 5:3). Ойлонуп көрсөң, Жахабаны сүйгөндүктөн буга чейин эле үйдөн үйгө кабар айта баштагансың. Бул сага оңой болду беле? Андай болбосо керек. Эң биринчи жолу эшик тыкылдатарда толкундандың беле? Толкунданган чыгарсың. Бирок Иса сенден ушуну күтөрүн билгендиктен ал буйрукка баш ийгенсиң. Бара-бара кабар айткан оңоюраак боло баштаган чыгар. Ал эми кимдир бирөөгө Ыйык Китепти изилдегенге жардам берүү жөнүндө эмне дешке болот? Муну ойлогондо да толкунданасыңбы? Эгер Жахабадан Ыйык Китепти изилдөөнү коркпой сунуштаганга жардам сурасаң, ал шакирт даярдаганга каалооңду күчөтө алат.

8. Марк 6:34кө ылайык, башкаларды окутканга бизге эмне түрткү берет?

8 Экинчиден, жакындарыбызды жакшы көргөндүктөн чындык сөзүн окутуп-үйрөтөбүз. Бир жолу Иса менен шакирттери ушунчалык көп кабар айткандыктан аябай чарчашкан. Анан бир аз эс алып алалы деп өздөрүнчө кеткенде, калың эл бул жөнүндө билип калып, ал жакка барып калган. Ошондо Иса боору ооруп, аларды «көп нерсеге» окута баштаган. (Окугула: Марк 6:34.) Иса өзүн аяган эмес. Эмне үчүн? Себеби өзүн алардын ордуна коё билген. Алардын тарткан азабын, үмүткө канчалык муктаж экенин билгендиктен жардам бергиси келген. Бүгүнкү күндө да адамдардын абалы так эле ушундай. Алар сыртынан жыргап жүргөндөй эле көрүнсө да, чындыгында андай эмес. Алар койчусу жок койлордой адашып жүрүшөт. Элчи Пабыл андай кишилерди «Кудайды тааный элек», «үмүтсүз» кишилер катары сыпаттаган (Эф. 2:12). Алар «өлүмгө алып бара» турган жолдо баратышат (Мт. 7:13). Аймагыбыздагылардын рухий абалы жөнүндө ойлонгондо аларды жакшы көргөндүктөн боорубуз ооруп жардам бергибиз келет. Мунун эң жакшы жолу — аларга Ыйык Китепти изилдөөнү сунуштоо.

9. Филипиликтер 2:13кө ылайык, Жахаба бизге кантип жардам берет?

9 Балким, дайыма убакыт бөлүш керек деп ойлоп, изилдөө сунуштагандан коркоттурсуң. Эгер ушундай болсо, өзүңдү кандай сезип жатканыңды Жахабага айт. Андан изилдөө тапканга, өткөргөнгө болгон каалооңду арттырышын сура. (Окугула: Филипиликтер 2:13.) Элчи Жакан Кудайдын эркине ылайык келген тилегибизге анын сөзсүз жооп берерин айткан (1 Жкн. 5:14, 15). Ошондуктан Жахабанын сага шакирт даярдаганга сөзсүз жардам берерине ишенсең болот.

БАШКА КЫЙЫНЧЫЛЫКТАР

10, 11. Кимдир бирөө менен Ыйык Китепти изилдегенге эмне тоскоол болушу мүмкүн?

10 Биз окутуп-үйрөтүүгө байланышкан буйрукка олуттуу карайбыз. Бирок кээде бул ишке ойдогудай көбүрөөк катышканга тоскоолдук кылган кыйынчылыктар болуп калат. Анда ошолордун айрымдарына жана аларды кантип жеңе аларыбызга токтололу.

11 Кыстаган жагдай-шарт. Мисалы, айрым жарчылардын жашы өр тартып калган же ден соолугу начар болушу мүмкүн. Эгер сенин да акыбалың ошондой болсо, коронавирус пандемиясы (COVID-19) учурунда үйрөнгөн нерселерибиздин бирин карап көрөлү. Биз электрондук каражат аркылуу кимдир бирөө менен Ыйык Китепти натыйжалуу изилдесек болорун түшүндүк. Демек, жылуу-жумшак үйүбүздө отуруп алып эле изилдөө баштап же өткөрө берсек болот. Мунун дагы бир жакшы жагы бар. Айрымдар Ыйык Китепти изилдегиси келеттир, бирок биз кабар айткан учурда колу бошобой калат. Аларга эртең менен эрте же кечинде кечирээк ыңгайлуу болушу мүмкүн. Буга ылайыкташа аласыңбы? Иса Никедим менен түн ичинде сүйлөшкөн. Анткени Никедимге ошол убакыт ылайыктуу болчу (Жкн. 3:1, 2).

12. Жакшы окутуучу боло алам деп өзүбүздү ишенимдүү сезгенге эмнелер жардам берет?

12 Өзүбүздү жөндөмсүз сезүү. Кимдир бирөөгө Ыйык Китепти изилдегенге жардам берерден мурун көбүрөөк билим топтоп, окутуучу катары жөндөм өрчүтүшүбүз керек деп ойлойттурбуз. Эгер ошондой болсо, өзүбүздү ишенимдүү сезгенге үч нерсени түшүнгөнүбүз жардам берет. Биринчиден, Жахаба сенин башкаларды окутуп-үйрөтө аларыңа шектенбейт (2 Кор. 3:5). Экинчиден, «Асмандагы жана жердеги бийликтин баары... берилген» Иса сага муну өзү буйрук кылган (Мт. 28:18). Үчүнчүдөн, сага башкалар да жардам берет. Иса башкаларды Атасынын жардамына таянып окуткан, сен да ошенте аласың (Жкн. 8:28; 12:49). Мындан тышкары, кабар айтуу тобуңдун көзөмөлчүсүнөн, тажрыйбалуу пионерден же такшалган жарчыдан изилдөө баштаганга же өткөргөнгө жардам сурасаң болот. Башка жарчылардын изилдөөсүнө катышсаң да, өзүңдү ишенимдүүрөөк сезип каласың.

13. Эмне үчүн ылайыкташа билишибиз керек?

13 Жаңы ыкмаларга жана куралдарга көнүү. Биз азыр кызыккандар менен Ыйык Китепти башкача изилдейбиз. Азыр биздин негизги куралыбыз — «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» деген китеп. Эми изилдөөгө мурункудан башкачараак даярданып, башкачараак өткөрүшүбүз керек. Мисалы, азыраак абзац окуп, көбүрөөк талкуулайбыз. Окутуп жатканда видеолорду, JW Library тиркемеси сыяктуу электрондук куралдарды көбүрөөк колдонобуз. Андай куралдарды жакшы колдоно албай жатсаң, бирөөдөн жардам сура. Негизи, адамга көнүп калган нерсесин таштап, жаңы нерсеге көнүш кыйынга турат. Бирок Жахабанын жана башкалардын жардамы менен жаңы ыкмага ылайыкташып, башкаларды окуткандан атүгүл көбүрөөк ыракат ала баштайсың. Бир пионер бул ыкманын «изилдеп жаткан кишиге да, окутуучуга да дем-шык берерлик экенин» айткан.

14. Көптөр кабарга кулак какпаган аймакта кызмат кылсак, эмнени эстен чыгарбашыбыз керек жана 1 Корунттуктар 3:6, 7деги сөздөр бизге кандайча күч берет?

14 Изилдөө башташ кыйын болгон аймакта кызмат кылуу. Биз айткан кабарыбызга көптөр кызыкпаган же атүгүл каршы болгон адамдар жашаган аймакта кызмат кылышыбыз мүмкүн. Андайда оң маанай сактаганга эмне жардам берет? Оомалуу-төкмөлүү бул дүйнөдө адамдардын жагдай-шарты тез эле өзгөрүп кетерин эстен чыгарба. Ошондуктан бүгүн кызыкпаган киши эртең Кудайды издей башташы ыктымал (Мт. 5:3). Мурун адабияттарыбызды алгысы келбегендердин айрымдары кийинчерээк Ыйык Китепти изилдей башташкан. Ошондой эле биз оруп-жыюу ишинин кожоюну Жахаба экендигин билебиз (Мт. 9:38). Ал биздин талыкпай үрөн сээп, сугара беришибизди каалайт. Бирок үрөндү өстүргөн — Ал өзү (1 Кор. 3:6, 7). Учурда кимдир бирөөгө Ыйык Китепти изилдегенге жардам бере албасак да, Жахаба сыйлыкты иштин натыйжасына эмес, аракетибизге карап берет. Ушунун өзү эле бизди дем-күчкө толтурат! *

ШАКИРТ ДАЯРДОО КУБАНЫЧЫ

Кабар айтуу жана окутуу иши адамга күчтүү таасир этет (15—17-абзацтарды карагыла) *

15. Кимдир бирөө Ыйык Китепти изилдеп, билгендерин колдоно баштаганда Жахаба кандай сезимде болот?

15 Кишинин Ыйык Китептеги чындыкты кабыл алып, аны башкаларга айта баштаганын көргөндө Жахаба аябай сүйүнөт (Накыл 23:15, 16). Бүгүнкү күндөгү кызуу жүрүп жаткан кабар айтуу ишин көрүп да абдан сүйүнүп жатса керек! Мисалы, бүт дүйнөнү кучагына алган пандемияга карабай, 2020-кызмат жылында 7 705 765 киши Ыйык Китепти изилдеди, ал эми 241 994 киши өмүрүн Жахабага арнап, чөмүлдү. Эми ушул жаңы шакирттердин баары өздөрү башкаларга Ыйык Китепти изилдегенге жардам берип, шакирт даярдашат (Лк. 6:40). Ооба, шакирт даярдоо ишине катышканда Жахаба Кудайыбызды кубанычка бөлөйбүз.

16. Кандай максат койсок болот?

16 Шакирт даярдоо иши оңой эмес. Бирок Жахабанын жардамы менен бул ишти аткара алабыз. Башкаларга асмандагы Атабызды сүйгөнгө жардам бере алабыз. Андыктан, бери дегенде, бир киши менен Ыйык Китепти изилдей баштаганды максат кыла аласыңбы? Жолуккан ар бир кишиден изилдегиси келер-келбесин сурасак, натыйжасы кандай болгонун көрүп таң калышыбыз мүмкүн. Жахаба аракетибизге батасын берерине такыр шектенбегиле.

17. Кимдир бирөөгө Ыйык Китепти изилдегенге жардам берсек, кандай сезимде болобуз?

17 Башкаларга жакшы кабар айтканыбыз, окутуп-үйрөткөнүбүз кандай гана чоң сыймык! Бул бизди чындап бакытка бөлөйт! Көптөгөн тесалоникалыктарга Исанын шакирти болгонго жардам берген элчи Пабыл аларга карата сезимдерин мындай деп билдирген: «Мырзабыз Исанын катышуусунун убагында анын алдында үмүтүбүз же кубанычыбыз, же шаттанар таажыбыз силер эмессиңерби? Ооба, биздин даңкыбыз да, кубанычыбыз да силерсиңер» (1 Тес. 2:19, 20; Элч. 17:1—4). Бүгүнкү күндө буга көптөр кошулат. Күйөөсү экөө көптөргө чөмүлгөнгө жардам берген Стефани: «Адамдарга өз өмүрүн Жахабага арнаганга жардам бергенден өтөр кубаныч жок!» — дейт.

57-ЫР: Бардык адамдарга кабар айталы

^ 5-абз. Жахаба бизге башкаларга кабар айтууну эле эмес, Исанын бардык буйруктарын аткарганды үйрөтүүнү да тапшырган. Бул биз үчүн зор сыймык! Башкаларды окутканга бизге эмне түрткү берет? Кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишинде кандай кыйынчылыктарга туш болобуз? Аларды кантип жеңсек болот? Бул макалада ушул суроолорго жооп алабыз.

^ 14-абз. Шакирт даярдоо ишинде кандай ордубуз бар экени жөнүндө «Изилдегендерге чөмүлүүгө баарылап кантип жардам бере алабыз?» деген макалада кененирээк айтылат. («Күзөт мунарасы», 2021, март.)

^ 53-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Ыйык Китепти изилдөө адамдын жашоосун канчалык өзгөртөрүн карап көргүлө: Жахабаны таанып билгенге чейин бул кишиге жашоосу маңызсыздай сезилген. Жахабанын Күбөлөрү кабар айтып, ал Ыйык Китепти изилдегенге макул болгон. Анан өмүрүн Жахабага арнап, чөмүлгөн. Убакыттын өтүшү менен өзү да шакирт даярдай баштаган. Акырында, баары Бейиште жыргап-куунап өмүр сүрүп жатышат.