Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

27-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Жахабадай туруктуу, чыдамкай бололу

Жахабадай туруктуу, чыдамкай бололу

«Туруктуу болуу менен жаныңарды сактап каласыңар» (ЛУКА 21:19).

114-ЫР: Чыдамдуу бололу

БУЛ МАКАЛАДА *

1, 2. Ышая 65:16, 17деги Жахабанын сөздөрү багынбаганга кантип күч берет?

«БАГЫНБАГЫЛА!» 2017-жылкы региондук жыйын ушундай кызыктуу темада болгон. Жыйындан башыбызга түшкөн кыйынчылыктарды кантип жеңсек болорун билгенбиз. Андан бери төрт жыл өттү. Биз дагы деле ушул дүйнөнүн азабын тартып келатабыз.

2 Акыркы учурда кандай кыйынчылыктарга туш болдуңар? Жакыныңардын же досуңардын көзү өтүп кеттиби? Катуу оорудуңарбы? Карылыктын азабын тартып жатасыңарбы? Табият кырсыгынан, зордук-зомбулуктан же куугунтуктан жапа чектиңерби? Балким, COVID-19 сыяктуу жугуштуу оорунун запкысын жегендирсиңер. Ушунун баары унутта калып, эч качан кайталанбай турган күндү кандай гана эңсеп келебиз! (Окугула: Ышая 65:16, 17.)

3. Азыркы учурда эмне кылышыбыз керек жана эмне үчүн?

3 Азыркы дүйнөдө жашоо кыйын. Бирок келечекте мындан да кыйын болушу мүмкүн (Мт. 24:21). Ошондуктан туруктуулугубузду чыңдай беришибиз керектиги турган иш. Иса: «Туруктуу болуу менен жаныңарды сактап каласыңар»,— деген (Лк. 21:19). Башкалардын да биздикиндей эле кыйынчылыктарды көтөрүп келатканы жөнүндө ойлогондо кадимкидей чыйралып, туруктуу болгонго бел байлап калабыз.

4. Жахаба чыдамдуулуктун, туруктуулуктун эң мыкты үлгүсү деп эмне үчүн айта алабыз?

4 Туруктуулуктун, чыдамдуулуктун эң мыкты үлгүсү ким? Жахаба Кудай. Бул силерге таң калыштуудай сезилген жокпу? Балким, ошондой сезилген чыгар, бирок себептери жөнүндө ойлонгондо таң калбай деле калабыз. Азыркы дүйнөнү Шайтан бийлеп жаткандыктан кыйынчылыктар чачтан көп. Жахаба бир заматта эле бардык көйгөйлөрдү чечип койгонго кудуреттүү (Рим. 9:22). Бирок ал чыдап, белгиленген убакытты күтүп жатат. Эмесе, Жахаба туруктуулук менен кайсы тогуз нерсеге чыдап жатканына токтололу.

ЭМНЕЛЕРГЕ ЧЫДАП КЕЛЕТ?

5. Кудайдын ысымы кантип караланган жана силер буга кандай карайсыңар?

5 Ысымынын караланышына. Жахаба өзүнүн ысымын жакшы көрөт жана ысымын баары урматтап-сыйлашын каалайт (Ыш. 42:8). Бирок 6 000 жылдай убакыттан бери ысымына көө жабылып келатат (Заб. 74:10, 18, 23). Бул Эйден багындагы окуядан башталган. Ибилис (мааниси: «Жалаачы») Адам ата менен Обо энени бактылуу кыла турган жакшы бир нерседен куру калтырып жатат деп Кудайга жалаа жапкан (Башт. 3:1—5). Ошондон бери Жахаба адамдарды алар чындап муктаж болгон нерседен өксүтүп жатат деп айыпталып келет. Иса Атасынын ысымы ушинтип караланып жатканына кайдыгер караган эмес. Ошондуктан шакирттерин: «Асмандагы Атабыз, ысмың ыйыкталсын»,— деп тиленгенге үндөгөн (Мт. 6:9).

6. Бийлиги жөнүндөгү маселе чечилиши үчүн Жахаба эмне үчүн көп убакыт берген?

6 Бийлигинин тууралыгына шек туудурулганына. Асман менен жерди башкарганга жалгыз Жахаба гана укуктуу. Анын бийлиги — эң мыкты бийлик (Аян 4:11). Бирок Ибилис периштелер менен адамдарды алдап, Кудайдын андай укугу жок деп ойлошуна себепкер болгон. Ал талаш маселе бир түндө эле чечилип калмак эмес. Ошондуктан даанышман Кудайыбыз адамдар андан көз карандысыз болуп жашай албай тургандыгын, андай жашоо кесепеттүү болорун көрүшү үчүн жетиштүү убакыт берген (Жер. 10:23). Кудайдын ошентип чыдаганынын аркасында бул маселе биротоло бир чечилет. Анын Падышалыгы жер бетине тынчтык менен коопсуздукту орноткондо анын бийлиги гана эң мыкты экени далилденет.

7. Жахабага кимдер каршы чыккан жана ал кандай чара көрөт?

7 Айрым балдарынын ага каршы чыкканына. Жахаба бардык балдарын: периштелерди да, адамдарды да бир да кемчилиги жок жеткилең кылып жараткан. Бирок уулдарынын бири Шайтан (мааниси: «Душман») ага каршы чыккан. Анан жеткилең Адам ата менен Обо энени да Жахабага каршы чыгарган. Ал козголоңго башка периштелер менен адамдар да кошулуп кеткен (Жүй. 6). Кийинчерээк аны атүгүл тандалган ысрайыл эли да четке кагып, жалган кудайларга сыйынып кеткен (Ыш. 63:8, 10). Алар Жахабаны ушинтип сатып кетип жүрөгүн ооруткан. Ошентсе да Жахаба козголоңчулардын баары жок боло турган убакытты чыдап күтүп келатат. Ал убакыт келгенде аны менен кошо азыркы жашоонун азабына чыдап келаткан берилген кызматчылары да жеңилдеп, бакытка бөлөнүшөт!

8, 9. Шайтан Жахаба жөнүндө кандай калпты жайылтып келет жана биз эмне кылсак болот?

8 Ибилистин түгөнбөгөн калпына. Шайтан Жахабанын адил кызматчысы Аюпту каралаган. Ал аны эле эмес, чынында, Жахабага сыйынгандардын баарын ага өз кызыкчылыгы үчүн эле кызмат кылат деп айыптаган (Аюп 1:8—11; 2:3—5). Ал ушу күнгө чейин жалаа жаап келет (Аян 12:10). Эгер биз кыйынчылыктарга чыдап, Жахабаны сүйгөндүктөн берилгендигибизди сактасак, Шайтандын калпын төгүнгө чыгарабыз. Анан Аюп пайгамбарга окшоп, туруктуулугубуз үчүн Кудайдан бата алабыз (Жкп. 5:11).

9 Шайтан жалган диндин жетекчилерин колдонуп Жахабанын таш боор экенине жана адамзатты азапка салган так ошол экенине ишендирип келет. Ошонун айынан айрымдар атүгүл бирөө өлсө, Кудай жакшы адамды эртерээк алып кетет деп айтышат. Бул Кудайга акарат кылуучулук эмей эмне!? Бирок биз Жахаба антпей тургандыгын билебиз. Катуу ооруга чалдыкканда же жакыныбыздан айрылганда эч качан Кудайды күнөөлөбөйбүз. Анын ордуна, өз учуру келгенде ооруларды айыктырып, өлгөндөрдү тирилтерине ишенебиз. Кулак каккан ар бир адамга Жахабанын кандай мээримдүү Кудай экенин да айтабыз. Ошондо Жахаба аны жаманатты кылганга жооп бере алат (Накыл 27:11).

10. Забур 22:23, 24төн Жахаба жөнүндө эмнени биле алабыз?

10 Сүйүктүү кызматчыларынын азап-чегип жатканына. Жахаба — боорукер Кудай. Ал куугунтуктун, оорунун, жеткилең эместигибиздин айынан болобу, ага зар какшаганыбызды укканда жүрөгү сыздайт. (Окугула: Забур 22:23, 24.) Канчалык кыйналып жатканыбызды туюп-билип турат. Ошонун баарынан бизди арылткысы келет жана сөзсүз ошентет. (Салыштыргыла: Чыгуу 3:7, 8; Ышая 63:9.) Жакында Кудай көзүбүздөн бардык жашты аарчый турган, «мындан ары өлүм болбой» турган, «кайгы да, өкүрүк да, оору да болбой» турган күн келет (Аян 21:4).

11. Жахаба көзү өтүп кеткен берилген кызматчыларына карата кандай сезимдерди туят?

11 Досторунан айрылганына. Жахаба ага берилип кызмат кылып, бирок көзү өтүп кеткендерге карата кандай сезимдерди туят? Аларды кайрадан көрүүнү самап келет (Аюп 14:15). Досу Ыбрайымды канчалык сагынганын элестете аласыңарбы? (Жкп. 2:23). Же аны менен «бетме-бет сүйлөшүп» жүргөн Муса пайгамбардычы? (Чыг. 33:11). Ошондой эле аны алкап ырдаган Дөөтү пайгамбардын жана башка забурчулардын ырын уккусу келери шексиз! (Заб. 104:33). Ушул досторунун көзү өтүп кетсе да, Жахаба аларды унуткан жок (Ыш. 49:15). Алардын инсандык өзгөчөлүгү майда-чүйдөсүнө чейин эсинде. «Ал үчүн бардыгы тирүү» (Лк. 20:38). Бир күнү алардын баары тирилет. Ошондо Жахаба алардын ага кайрылып жалындуу тиленгенинен жана сыйынганынан рахат алат. Эгер жакыныңардан айрылсаңар, ушуну билгениңер силерди да жубатары шексиз.

12. Ушул акыркы оор күндөрдө Жахабаны өзгөчө эмне капалантат?

12 Ыймансыздардын башкаларды эзип келатканына. Эйдендеги козголоңдон кийин Жахаба жердеги абал улам начарлап, жакшырбасын билген. Ал азыркы дүйнөдөгү ыймансыздыкты, адилетсиздикти, зомбулукту жек көрөт. Ошондуктан жетим-жесир сыяктуу болушар эч кимиси жок алсыздарга өзгөчө боор ооруйт (Зак. 7:9, 10). Ишенимдүү кызматчыларынын кысымга алынып, эркинен ажыратылганы да Жахабага бөтөнчө катуу тиет. Андыктан аны менен кошо ушунун баарына чыдап келаткан силердин баарыңарды сүйөрүнө эч шектенбегиле.

13. Адам баласы Кудайдын көз алдында кантип бузулуп жатат жана ал кандай чара көрөт?

13 Адам баласынын күндөн күнгө бузулуп баратканына. Шайтан Кудайга окшоштурулуп жаратылган адам баласын бузгандан ыракат алат. Кудай Нух пайгамбардын күндөрүндө «жер бетиндеги адамдардын көп жаман иштерди кылып жатканын» көргөндө «жараткан адамдары үчүн кайгырып, жүрөгү ооруган» (Башт. 6:5, 6, 11). Андан бери жердеги абал жакшырганбы? Кайдан! Шайтан азыркы жыныстык адеп-ахлаксыздыктын бардык түрлөрүн, анын ичинде карама-каршы жыныстагы же бир жыныстагы адамдардын ортосундагы адеп-ахлаксыз иштерди, көргөндө абдан сүйүнөт (Эф. 4:18, 19). Ал эми чыныгы Кудайга сыйынгандар анын торуна чалынып, күнөө кылганда ого бетер төбөсү көккө жетет. Бирок Жахабанын чыдамы чегине жеткенде жаман жолунан кайткысы келбегендерди жок кылып, адеп-ахлаксыздыкты канчалык жек көрөрүн көрсөтөт.

14. Адамдар Кудай жараткан жерди эмне кылып жатат?

14 Өзү жараткан жердин кыйратылып жатканына. Адамдар бири-бирине бийлик кылып эле зыян алып келбестен, Жахаба жараткан, ишенип тапшырган жерди жана жаныбарларды кыйратып жок кылып жатат (Нас. 8:9; Башт. 1:28). Айрым адистердин айтымында, адам баласынын иш-аракеттеринин айынан жакынкы бир нече жылдын ичинде жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн миллиондон ашык түрү жок болуу коркунучу алдында турат. Андыктан адамдардын табиятты ойлоп тынчсызданып жатканы жөндүү. Бирок, бактыга жараша, Жахаба «жерди кыйраткандарды кыйратарын» жана бүт жер жүзүн бейишке айлантарын убада кылган (Аян 11:18; Ыш. 35:1).

ЖАХАБАНЫН ЧЫДАМКАЙЛЫГЫНАН ЭМНЕНИ ҮЙРӨНСӨК БОЛОТ?

15, 16. Жахаба менен бирге чыдаганга бизге эмне түрткү бериши керек? Мисал келтиргиле.

15 Асмандагы Атабыздын миңдеген жылдардан бери эмненин баарына гана чыдап келатканын ойлоп көрсөңөр. (« Жахаба эмнелерге чыдап келатат?» деген кутучаны карагыла.) Жахаба азыркы ыймансыз дүйнөнүн таш талканын каалаган учурда чыгарып коё алмак. Бирок анын чыдап келатканына аябай ыраазы болсок болот. Бир мисал келтирели. Доктурлар бир жубайларга төрөлө турган баласы оорукчан болуп төрөлүп кыйналарын, көпкө жашабай турганын айтты деп коёлу. Ошого карабай, ата-энеси өздөрү кыйналарын билсе да, анын төрөлгөнүнө абдан сүйүнүшөт. Баласын жанындай жакшы көргөндүктөн ата-энеси колунан келишинче баласын жакшыраак бакканга жана баарына чыдаганга даяр.

16 Анын сыңарындай эле, Адам ата менен Обо эненин урпактарынын баары жеткилең эмес болуп төрөлүшөт. Ошентсе да Жахаба аларды сүйүп, кам көрүп келет (1 Жкн. 4:19). Бирок мисалдагы жубайлардан айырмаланып, Жахаба балдарын азаптан арылта алат. Ал адам баласын бардык кайгыдан арылта турган күндү белгилеп койгон (Мт. 24:36). Анын сүйүүсү бизге да аны менен бирге канча керек болсо, ошончо күткөнгө түрткү бербейби?

17. Еврейлер 12:2, 3тө Иса жөнүндө жазылгандар мындан ары да чыдаганга бизге кантип түрткү берет?

17 Жахаба — туруктуулуктун эң мыкты үлгүсү. Иса да атасынан ушул жагынан жакшы үлгү алган. Жерде жүргөндө ал адамдардын ачуу сөзүнө, шылдыңына чыдаган жана биз үчүн жаза устунунда кыйналып өлгөн. (Окугула: Еврейлер 12:2, 3.) Ошонун баарына чыдаганга Исага Жахабанын үлгүсү дем-күч берсе керек. Бул бизге да дем-күч берет.

18. 2 Петир 3:9да жазылгандар Жахабанын чыдап жатканы жөндүү экенин түшүнгөнгө кантип жардам берет?

18 Окугула: 2 Петир 3:9. Азыркы ыймансыз дүйнөнү качан жок кылганы эң ылайыктуу болорун Жахаба жакшы билет. Анын чыдамкайлыгынын аркасында миллиондоп саналган эбегейсиз көп адамдар чогулуп, ага сыйынып, аны даңктап жатышат. Алардын баары төрөлгүчө, аны таанып-билип сүйгүчө, өз өмүрүн ага арнагыча күткөнүнө Жахабага аябай ыраазы. Миллиондогон кишилер акырына чейин туруктуу болуп, сыйлыгын алганда Жахабанын ушул убакка дейре бекер чыдап келбегени айкын болот!

19. Эмне кылышыбыз керек жана бул үчүн кандай сыйлык алабыз?

19 Биз Жахабанын үлгүсүнөн кубанычыбызды кемитпей чыдаса болорун билдик. Шайтан бул дүйнөнү азап-кайгыга, жамандыкка малса да, Жахаба бактысыз болуп калган жок (1 Тим. 1:11). Жахабанын ысымы ыйыкталып, бийлиги актала турган, азыркы жамандыктын жана кыйынчылыктардын баары жок боло турган заманды биз да, ага окшоп, кубанычыбызды бөксөртпөй күтө алабыз. Андыктан келгиле, туруктуу болуп, баарына чыдайлы жана асмандагы Атабыздын да чыдап келатканын унутпайлы. Эгер ошентсек, «сыноону туруктуулук менен көтөргөн адам бактылуу, анткени ал Жахабанын ырайымына ээ болуп, Аны сүйгөндөргө убадаланган өмүр таажысын алат» деген сөздөрдүн калетсиздигине ар бирибиз ынанабыз (Жкп. 1:12).

139-ЫР: Жаңы дүйнөдө сен да бол

^ 5-абз. Баарыбыздын эле ар түрдүү көйгөйлөрүбүз бар. Бирок алардын көбүн азыр чечүү мүмкүн эмес, тек гана чыдашыбыз керек болот. Бирок жалгыз эле биз ошентип жаткан жокпуз. Жахабага да көп нерсеге чыдаганга туура келип жатат. Бул макалада анын кайсы тогуз нерсеге чыдап жатканын талкуулайбыз. Ошондой эле Жахабанын туруктуулугунун аркасында эмнелер ишке ашып жатканын жана анын үлгүсүнөн эмнени үйрөнө аларыбызды билебиз.