Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

28-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Атаандашпай, тынчтыкка умтулалы!

Атаандашпай, тынчтыкка умтулалы!

«Менменсинбейли, бири-бирибизге атаандашпайлы, ичи тарлык кылбайлы» (ГАЛ. 5:26).

101-ЫР: Биримдикте кызмат кылабыз

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Атаандаштык адамдарга кандай таасир этет?

БҮГҮНКҮ КҮНДӨ көптөр бири-биринен ашып түшкүсү келип, керт башын гана ойлошот. Мисалы, ишкер киши дайыма алдыда болуш үчүн башкаларга зыян келтиргенден да кайра тартпайт. Спорт оюнчусу болсо утушка ээ болуш үчүн атаандаш командадагы оюнчуну атайлап жабыркатып коюшу мүмкүн. Ал эми студент беделдүү окуу жайга тапшырыш үчүн алдамчылыкка барышы ыктымал. Исанын жолдоочусу болгондуктан мунун баары туура эмес экенин жана мунун баары «күнөөгө баткан дененин иштерине» кирерин билебиз (Гал. 5:19—21). Бирок жыйналышта өзүбүз билбей эле атаандаштыкка өбөлгө түзүп коюшубуз мүмкүнбү? Буга олуттуу маани берип, ойлонуп көрүшүбүз керек. Себеби атаандаштык боордошторубуздун ынтымагын ыдыратат.

2. Бул макалада эмнени талкуулайбыз?

2 Бул макалада ортобузда атаандаштыкты жарата турган терс сапаттар жөнүндө сөз жүрөт. Ошондой эле Ыйык Китептеги атаандаштык рухуна алдырбаган ишенимдүү кишилердин үлгүсүн карап чыгабыз. Анда келгиле, адегенде ниетибизди кантип текшерсек болоруна токтололу.

НИЕТИҢЕРДИ ТЕКШЕРГИЛЕ

3. Эмне жөнүндө ойлонуп көрүшүбүз керек?

3 Маал-маалы менен баарыбыздын эле ниетибизди текшерип турганыбыз жакшы. Мындай деп ойлонуп көрсөк болот: «Өзүмө башкаларга салыштырып баа беремби? Жыйналыштагы кайсы бир иштерди баарынан мыкты болуш үчүн же, жок эле дегенде, бирөөдөн ашып түшүш үчүн кыламбы? Же тек гана Жахабага жаккым келгендиктен бүт аракетимди жумшаймынбы?» Эмне үчүн ушинтип ойлонушубуз керек? Буга байланыштуу Кудайдын Сөзүндө эмне делерине көңүл бурсаңар.

4. Галатиялыктар 6:3, 4тө айтылгандай, эмне үчүн өзүбүздү башкаларга салыштырбашыбыз керек?

4 Ыйык Китепте өзүбүздү башкалар менен салыштырбашыбыз керектиги айтылат. (Окугула: Галатиялыктар 6:3, 4.) Эмне үчүн? Бир четинен, бир нерсени башкалардан жакшыраак кылабыз деп ойлосок, текеберденип кетишибиз мүмкүн. Экинчи чети, башкалардын бизден мыктыраак экенин байкасак, көңүлүбүз чөгүшү ыктымал. Кандай болбосун, ушинтип ой жүгүртүү акыл-эстүүлүккө жатпай калат (Рим. 12:3). Грецияда жашаган Катерина * мындай дейт: «Өзүмдү менден сулуураактар менен, кабар айткан жана дос тапкан жагынан менден кыйыныраактар менен салыштыра берчүмүн. Ошонун айынан өзүмдү эч нерсеге арзыбаган бир байкуштай сезчүмүн». Жахаба бизди сулуу, сөзгө чечен же элдин сүймөнчүгү болгондуктан эмес, аны жакшы көрүп, Уулуна баш ийүүнү каалагандыктан өзүнө тартканын унутпашыбыз керек (Жкн. 6:44; 1 Кор. 1:26—31).

5. Хюендин мисалынан эмнени үйрөндүңөр?

5 Дагы минтип ойлонуп көрсөк болот: «Башкалар мени тынчтыкты жараткан адам катары билеби же көбүнчө уруш-талаштын үстүндө жүрөмбү?» Түштүк Кореяда жашаган Хюендин мисалына токтололу. Өзү аксакал катары кызмат кылса да, бир учурда сыймыктуу жоопкерчилиги бар айрым эркектерди атаандашы катары көрчү экен. Ал: «Мен аларды сындап эле басып жүрчүмүн. Эмне деп айтса да каршы боло берчүмүн»,— деп моюнга алат. Мунун кесепети кандай болгон? «Ушунумдун айынан жыйналыштын ынтымагы бузулган»,— дейт ал. Бирок, бактыга жараша, достору ага кемчилигин көргөнгө жардам беришкен. Ошондон кийин Хюен оңолуп, азыр аксакал катары жакшы кызмат кылып жатат. Эгер биз да тынчтыкты сактаганга эмес, атаандашканга жакын экенибизди байкасак, дароо оңолгонго аракет кылышыбыз кажет.

МЕНМЕНСИНГЕНДИКТЕН ЖАНА ИЧИ ТАРЛЫКТАН САК БОЛГУЛА

6. Галатиялыктар 5:26га ылайык, атаандаштыкка кандай терс сапаттар себеп болот?

6 Окугула: Галатиялыктар 5:26. Атаандаштык кандай терс сапаттардан улам жаралат? Алардын бири — менменсингендик. Менменсинген киши текебер жана өзүмчүл болот. Экинчиси — ичи тарлык. Ичи тар киши башка киши ээ болгон нерсени эңсеп эле тим болбойт. Ошону андан тартып алгысы келет. Чын-чынына келгенде, ичи тарлык — бул жек көрүүнүн бир түрү. Биз андан жугуштуу дарттан качкандай качышыбыз керек!

7. Менменсингендик менен ичи тарлыктын кесепетин эмнеге салыштырсак болот?

7 Менменсингендик жана ичи тарлык сыяктуу терс сапаттарды учактын күйүүчү майындагы ыпыр-сыпырга салыштырсак болот. Ошондой май куюлган учак асманга көтөрүлүшү мүмкүн. Бирок ыпыр-сыпырлар май ага турган түтүктөрдү бүтөп салгандыктан, так конордун алдында кыймылдаткычы иштен чыгып, учак кыйроого учурашы ыктымал. Анын сыңарындай, кимдир бирөө Жахабага бир канча убакыт бою кызмат кылып жүрө бериши мүмкүн. Бирок ал бардык нерсени менменсингендиктен же ичи тарлыктан улам кылып жатса, сөзсүз кыйрайт (Накыл 16:18). Ал Жахабага кызмат кылганын токтотуп, өзүн да, башкаларды да зыянга учуратат. Анда канткенде менменсинүүчүлүктөн жана ичи тарлыктан кача алабыз?

8. Менменсингендик менен кантип күрөшсөк болот?

8 Менменсингендик менен күрөшүш үчүн элчи Пабылдын филипиликтерге берген кеңешин эсибизден чыгарбашыбыз керек. Ал: «Эч нерсени тажаалдык же көйрөңдүк менен кылбагыла, тескерисинче, момундук менен башкаларды өзүңөрдөн жогору көргүлө»,— деген (Флп. 2:3). Эгер башкаларды өзүбүздөн жогору көрсөк, бизден таланттуу, жөндөмдүү кишилер менен тең тайлашпай, кайра аларды көрүп кубанабыз. Айрыкча, алар ошондой жөндөмүн Жахабаны даңкташ үчүн колдонгондо сүйүнөбүз. Ал эми алар өз кезегинде Пабылдын кеңешине кулак кагышса, биздин да жакшы сапаттарыбызды байкап, баалай билишет. Ошондо жыйналыштын биримдигине жана ынтымагына баарыбыз салым кошкон болобуз.

9. Ичи тарлыкка болгон жакындыгыбыз менен кантип күрөшсөк болот?

9 Ал эми ичи тарлыкка болгон жакындыгыбыз менен кантип күрөшө алабыз? Ан үчүн өзүбүздүн алыбызды, чегибизди билишибиз керек. Ошентсек, башкалардан жөндөмдүү, шыктуу, таланттуу экенибизди далилдегенге умтулуп далбас урбайбыз. Андан көрө, бизден мыктыраак бир туугандарыбыздан үйрөнгөнгө аракет кылабыз. Мисалы, кимдир бирөө жалпыга арналган баяндаманы кыйын айтат деп коёлу. Андан баяндаманы кантип даярдай турганын сурасак болот. Ал эми кимдир бирөө тамакты жакшы жасаса, кантип жасашты үйрөтүшүн сурансак болот. Ал эми жаштар дос таба албай кыйналып жатса, досу көп бирөөдөн кеңеш сураса болот. Ушинтсек, ичи тарлыктан да кача алабыз, шык-жөндөмүбүздү да арттыра алабыз.

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ИНСАНДАРДАН ҮЙРӨНГҮЛӨ

Момун болгондуктан Гидон эпрайымдыктар менен тынчтыкты сактаган (10—12-абзацтарды карагыла)

10. Гидон кандай кыйынчылыкка туш болгон?

10 Менаше уруусунан чыккан Гидон менен Эпрайым уруусундагы эркектердин окуясына токтололу. Жахаба жардам бергендиктен Гидон 300 кишиси менен чоң жеңишке жеткен. Ошондон кийин бой көтөрүп кетиши да мүмкүн эле. Ошондо Эпрайымдын эркектери аны алкап-макташ үчүн эмес, уруш чыгарыш үчүн жолугушкан. Алар эмне үчүн ошентишкен? Гидон башында аларды Кудайдын душмандары менен согушканга чакырбай койгондуктан, бул алардын намысына катуу тийсе керек. Алар өз уруусунун ар-намысын көбүрөөк ойлогондуктан андан да маанилүү бир нерсени, Гидондун Жахабанын улуу ысымын жана элин коргогонго жардам бергенин көз жаздымда калтырып коюшкан (Бий. 8:1).

11. Гидон Эпрайым уруусунун эркектерине эмне деп жооп берген?

11 Ошондо Гидон кичи пейилдик менен эпрайымдыктарга: «Менин кылганым силердикине салыштырганда эмне болуп калыптыр»,— деген. Анан Жахаба аларды кандай өзгөчө жол менен колдогонун айтып берген. Ошондо тигилердин «ачуусу тарай түшкөн» (Бий. 8:2, 3). Кудайдын элинин ортосундагы тынчтык үчүн Гидон өз кадырынан кечкенге даяр болгон.

12. Эпрайымдыктар менен Гидондун мисалынан эмнени үйрөнсөк болот?

12 Бул окуядан эмнени биле алабыз? Эпрайымдыктардын мисалынан өз кадырыбызды эмес, Жахабанын аброюн коргоону көбүрөөк ойлошубуз керектигин билсек болот. Ал эми Гидондон үй-бүлө башчылары жана аксакалдар бир нерсени үйрөнсө болот. Эгер кимдир бирөө кылган ишибизге нааразы болуп жатса, жагдайга анын көз карашы менен караганга аракет кылышыбыз керек. Ошондой эле ал кишинин жакшы жагын көрүп, мактай билишибиз зарыл. Бирок андайда, айрыкча аныкы туура эмес болуп жатса, момундук керек болот. Ооба, биздин кадыр-баркыбызга караганда тынчтыкты сактоо алда канча маанилүү.

Жахабанын баарын жөнгө саларына ишенгендиктен Аннанын жүрөгү кайрадан тынчып калган (13, 14-абзацтарды карагыла)

13. Анна кандай кыйынчылыкка туш болгон жана аны кантип жеңген?

13 Эми Анна жөнүндө ойлонуп көрөлү. Ал Элкана деген лебинин сүйүктүү аялы болчу. Бирок Элкананын Пенина деген да башка аялы бар болчу. Элкана ага караганда Аннаны көбүрөөк жакшы көрчү. Бирок «Пенинанын балдары бар болчу, Аннаныкы жок болчу». Ошондуктан Пенина Аннаны «дайыма ызалантып, көңүлүн оорута берчү». Буга Анна кандай караган? Ал аябай капа болуп, «ыйлап, тамак жечү эмес» (1 Шем. 1:2, 6, 7). Бирок Ыйык Китептин бир да жеринде Аннанын Пенинадан кандайдыр бир жол менен өч алганга аракет кылганы жөнүндө айтылбайт. Ал ичиндеги зар-муңун Жахабага төгүп, өз учурунда баарын жөнгө саларына бекем ишенген. Пенина Аннага кылган мамилесин өзгөрткөнбү? Ыйык Китепте бул тууралуу айтылбайт. Бир билгенибиз, Кудайга кайрылгандан кийин Аннанын жүрөгү тынчып калган. «Анын жүзү мурдагыдай капалуу болбой калган» (1 Шем. 1:10, 18).

14. Аннанын мисалынан эмнени үйрөнсөк болот?

14 Аннанын мисалынан эмнени үйрөнсөк болот? Эгер кимдир бирөө силерге атаандашып жатса, кандай кыласыңар? Өзүңөрдү башкара аласыңарбы? Андайда сөзсүз эле андан мыктыраак экениңерди далилдөөнүн зарылдыгы жок. Жамандыкка жамандык менен жооп бергенден көрө, аны менен тынчтыкта болгонго аракет кылгыла (Рим. 12:17—21). Ошондо ал атүгүл ийигип, көңүлү жумшарбай койгон күндө да, өзүңөрдүн жан дүйнөңөр тынч болот.

Ар бир ишке батасын берген Жахаба экенин түшүнгөндүктөн Аполос менен Пабыл бири-бирине атаандашкан эмес (15—18-абзацтарды карагыла)

15. Аполос менен Пабыл кайсы жагынан бири-бирине окшош болгон?

15 Акырында Аполос менен элчи Пабылдын мисалына токтололу. Экөө тең Ыйык Жазманы жакшы билген, көпчүлүккө таанымал, таасирдүү окутуучулардан болушкан. Ошондой эле экөө тең көптөргө Исанын шакирти болгонго жардам беришкен. Бирок эч качан бири-бирине атаандашкан эмес.

16. Аполосту кантип сыпаттайт элеңер?

16 Аполос Александрияда чоңоюп-өскөн. Александрия шаары болсо 1-кылымда илим-билимдин чордону болгон. Ал табиятынан сөзгө чечен болсо керек жана «Ыйык Жазманы жакшы билген» (Элч. 18:24). Аполос Корунтта жүргөн убакта ал жактагы жыйналыштагылардын айрымдары аны башкалардан, анын ичинде Пабылдан да, артык көргөн сыяктанат (1 Кор. 1:12, 13). Буга Аполос өзү себепкер болгонбу? Андай эмес экени шексиз. Себеби Аполос Корунттан кеткенден бир нече убакыт өткөндөн кийин, Пабыл аны ал жакка кайра барганга үндөгөн (1 Кор. 16:12). Эгер Аполос жыйналышты бөлүп-жарган киши болсо, Пабыл эч качан антмек эмес. Ооба, Аполостун өзүнүн шык-жөндөмүн туура колдонгону күмөнсүз. Ал бар жөндөмүн жакшы кабар жарыялаганга жана ишенимдештерине дем-күч бергенге жумшаган. Ал момун киши да болсо керек. Эмне үчүн минтип айтса болот? Себеби бир жолу Акила менен Прискила ага «Кудайдын жолун тагыраак түшүндүрүп берүүнү» туура көргөн. Бирок Ыйык Китептин бир да жеринде Аполостун ошого теригип калганы жазылган эмес (Элч. 18:24—28).

17. Пабыл жыйналыштын тынчтыгына кантип өбөлгө түзгөн?

17 Пабыл Аполостун көп жакшы иш кылганын билчү. Бирок аны атаандашындай көргөн эмес. Пабылдын момун, өзүнүн чегин билген, акыл-эстүү киши болгонун Корунттагы жыйналышка берген кеңешинен байкасак болот. Ал «мен Пабылдын шакиртимин» дегендердин сөзүнө маашырканып калбай, алардын көңүлүн Жахабага жана Иса Машаякка бурган (1 Кор. 3:3—6).

18. 1 Корунттуктар 4:6, 7ге ылайык, Аполос менен Пабылдан эмнени үйрөнө алабыз?

18 Аполос менен Пабылдан эмнени үйрөнсөк болот? Балким, Жахабага талыкпай кызмат кылып, көп кишиге чөмүлгөнгө жардам бергендирбиз. Бирок кандай гана жетишкендикке жетпейли, ошонун баары Жахабанын аркасы менен гана болуп жатканын унутпашыбыз керек. Аполос менен Пабылдын үлгүсүнөн дагы бир жыйынтык чыгарсак болот: кадыр-баркыбыз канчалык жогору болсо, жыйналыштагы тынчтыкка ошончолук көбүрөөк салым кошо алабыз. Жыйналыштагы дайындалган эркектердин бизге ынтымактуу жана бирдиктүү болгонго жардам берип жатканына кандай гана ыраазыбыз! Алар муну кантип кылышат? Алар кеп-кеңешин Ыйык Китепке негиздеп беришет. Өздөрүнө көңүл бурдуртпай, жыйналыштагылардын баарына Иса Машаякка баш ийгенге жана анын үлгүсүнө карманганга жардам беришет. (Окугула: 1 Корунттуктар 4:6, 7.)

19. Ар бирибиз эмне кылсак болот? (« Атаандаштык рухун жараткандан качкыла» деген кутучаны да карагыла.)

19 Ар бирибиздин эле Кудай берген кандайдыр бир талантыбыз же шык-жөндөмүбүз бар. Аларды бири-бирибизге «кызмат кылганга» колдонсок болот (1 Пет. 4:10). Балким, бизге кошкон салымыбыз кымындай эле туюлаттыр. Бирок кийимдин бөлүктөрүн бириктирип турган майда-майда тигиштер сыяктуу эле, биздин да кичинекей иштерибиз жыйналыштын биримдигине өбөлгө түзөт. Андыктан атаандаштык рухун жакын жолотпойлу. Келгиле анда, жыйналыштын биримдигин, ынтымагын чыңдаганга бүт күчүбүздү жумшайлы (Эф. 4:3).

80-ЫР: Жахабанын жакшы экенин татып көрөлү

^ 5-абз. Кичинекей эле жаракалар чопо идишти морт кылган сыңары, атаандаштык да жыйналыштын ыркын кетирет. Эгер жыйналыш бирдиктүү, ынтымактуу, күчтүү болбосо, Кудайга сыйына турган бейкут жай болбой калат. Бул макалада атаандаштык рухунан эмне үчүн сак болушубуз керектигин жана жыйналышта тынчтыкка кантип умтулсак болорун талкуулайбыз.

^ 4-абз. Ысымдар өзгөртүлдү.