Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

30-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Жахабанын үй-бүлөсүндөгү ордуңарды баалагыла

Жахабанын үй-бүлөсүндөгү ордуңарды баалагыла

«Аны периштелерден бир аз төмөн койдуң, ага даңк менен көрк таажысын кийгиздиң» (ЗАБ. 8:5).

123-ЫР: Теократияга берилгендикте баш иебиз

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Жахаба жараткан нерселердин баары жөнүндө ойлонгондо оюбузга эмне келиши мүмкүн?

ЭГЕР Жахаба жараткан кең аалам жөнүндө ой жүгүртсөк, Дөөтү пайгамбардыкындай сезимдерди туябыз. Ал мындай деген: «Мен асманыңды, манжаларыңдын иштерин, сен жараткан ай менен жылдыздарды караганымда: „Сен унутпагыдай, ажалдуу адам ким? Сен кам көргүдөй, адам баласы ким?” — деп ойлоном» (Заб. 8:3, 4). Дөөтүгө окшоп, ай-ааламга салыштырганда өзүбүздүн эч нерсеге арзыбаган бирөө экенибизди түшүнгөндө, Жахабанын бизге көңүл буруп жатканына таң калаттырбыз. Анткен менен Жахаба түпкү ата-энебиз Адам ата менен Обо энеге тек гана көңүл буруп койбой, өз үй-бүлөсүнүн мүчөсү кылган.

2. Жахаба Адам ата менен Обо энеге эмне иш тапшырган?

2 Адам ата менен Обо эне Жахабанын жердеги эң биринчи балдары болгон. Атасы катары Жахаба аларга мээримин төккөн. Экөөнө белгилүү бир иш тапшырган. Кудай аларга «Укумдап-тукумдагыла, жер бетин толтургула, аны иштеткиле»,— деген (Башт. 1:28). Ооба, алар балалуу болушу керек болчу. Андан тышкары, жерди иштетишмек. Эгер Адам ата менен Обо эне Жахабага баш ийип, анын ниетине ылайык иш кылышса, өздөрү да, урпактары да түбөлүккө Кудайдын балдары болуп кала беришмек.

3. Адам ата менен Обо эненин Жахабанын үй-бүлөсүндө кадырлуу орду бар болчу деп эмне үчүн айта алабыз?

3 Адам ата менен Обо эненин Жахабанын үй-бүлөсүндө кадырлуу орду бар болчу. Забур 8:5те Дөөтү Жахаба жараткан адам баласы жөнүндө: «Аны периштелерден бир аз төмөн койдуң, ага даңк менен көрк таажысын кийгиздиң»,— деп айткан. Ооба, Жахабанын адам баласына периштелердикиндей күч, акыл, жөндөм бербегени чын (Заб. 103:20). Анткен менен ойлоп көрсөңөр, адам баласы жөнүндө кубаттуу периштелерден «бир аз төмөн» деп айтылган. Ооба, түпкү ата-энебиздин жашоосу башында чындап эле керемет болчу!

4. Адам ата менен Обо эне Кудайга баш ийбей койгондо эмне болгон?

 4 Өкүнүчтүүсү, Адам ата менен Обо эне Жахабанын үй-бүлөсүндөгү ордунан кол жууп калган. Бул макалада талкуулай турганыбыздай, мунун каргашалуу кесепетин укум-тукумдары тарткан. Бирок Жахабанын ой-ниети өзгөргөн жок. Жахаба ага баш ийгендердин түбөлүккө анын балдары болушун каалайт. Келгиле анда, Жахаба азыртан эле бизди баалай турганын кантип көрсөтүп жатканын карап көрөлү. Андан соң Жахабанын үй-бүлөсүнүн мүчөсү болгубуз келсе, эмне кылышыбыз керектигине токтолобуз. Акырында болсо Жахабанын жердеги балдарына кантип батасын төгөрүн карап чыгабыз.

ЖАХАБА АДАМ БАЛАСЫН БААЛААРЫН КАНТИП КӨРСӨТКӨН?

Жахаба бизди кадырлай турганын кантип көрсөткөн? (5—11-абзацтарды карагыла) *

5. Бизди өзүнө окшош кылып жаратканы үчүн Кудайга кантип ыраазычылык билдире алабыз?

5Өзүнө окшош кылып жараткан. (Башт. 1:26, 27). Ошондуктан анын сүйүү, боорукердик, берилгендик, адилеттүүлүк сыяктуу кереметтүү сапаттарын өрчүтүп, чагылдыра алабыз (Заб. 86:15; 145:17). Ушул сыяктуу сапаттарды өрчүткөнүбүздө Жахабаны даңктайбыз жана ага ыраазы экенибизди далилдейбиз (1 Пет. 1:14—16). Асмандагы атабызга жаккандай иш кылсак, өзүбүздү бактылуу сезебиз. Ошондой эле бизде Жахабаныкындай сапаттар бар болгондуктан ал каалагандай адам болуп, үй-бүлөсүнүн мүчөсү боло алабыз.

6. Жахаба Жерди даярдап жатканда адам баласын баалаарын кантип көрсөткөн?

6Жашай турган Жер даярдап берген. Жахаба биринчи адамды жараткандан алда канча мурун эле ал жашай турган Жерди даярдаган (Аюп 38:4—6; Жер. 10:12). Камкор жана март болгондуктан адам баласына канааттануу тартуулаган нерселерди мол берген (Заб. 104:14, 15, 24). Жерди даярдап жатып жараткан нерселерине «жакшы» деп баа берген (Башт. 1:10, 12, 31). Адам баласын баалай турганын өзүнүн укмуштуудай кол эмгегинин үстүнөн бийлик берип да көрсөткөн (Заб. 8:6). Кудайдын ой-ниети боюнча жеткилең адамдар ал жараткан нерселерге кам көрүп, рахаттанып жашашы керек болчу. Ушундай ой-ниети үчүн Жахабага ыраазычылык билдирип турасыңарбы?

7. Жашыя 24:15тен ар бир кишинин чечим чыгарганга эркиндиги бар экени кандайча көрүнүп турат?

7Чечим чыгарганга эркиндик берген. Ар бир кишинин өзү каалагандай жашаганга акысы бар. (Окугула: Жашыя 24:15.) Бирок Кудайга кызмат кылабыз деп чечсек, ал буга аябай сүйүнөт (Заб. 84:11; Накыл 27:11). Чечим чыгаруу эркиндигибизди жашоонун башка тармактарында да туура колдоно алабыз. Буга байланыштуу Исанын кандай үлгү калтырганына токтололу.

8. Иса чечим чыгаруу эркиндигин кантип колдонгон?

8 Исадан үлгү алып, башкалардын кызыкчылыгын өзүбүздүкүнөн жогору койсок болот. Бир жолу Иса менен элчилери аябай чарчагандыктан тынчыраак жерге барып биртике эс алып алалы дешкен. Бирок ал жерге жоон топ эл алардан мурун барып калган. Себеби Исанын сөзүнө суусап турган. Иса элди көрүп кыжырданган эмес. Кайра, боору ооруган. Анан эмне кылды эле? «Элди көп нерсеге окута баштаган» (Мр. 6:30—34). Биз да ага окшоп башкаларга жардам бергенден убактыбызды, күчүбүздү аябасак, асмандагы Атабызды даңктаган болобуз (Мт. 5:14—16). Ошондой эле анын үй-бүлөсүнүн мүчөсү болгубуз келерин көрсөтөбүз.

9. Ата-энелер эмнени эсинен чыгарбашы керек?

9Бала-чакалуу болгонго жөндөм берген. Ошондой эле балдарга Жахабаны сүйүп, ага кызмат кылганды үйрөтүү жоопкерчилигин арткан. Ата-эне болсоңор, ушундай өзгөчө белекти баалайсыңарбы? Себеби Жахаба периштелерге укмуштуудай көп жөндөм берсе да, аларда мындай сыймык жок. Эгер балдарыңар бар болсо, муну жогору баалашыңар керек. Силерге балдарыңарга «Жахаба үйрөткөндөй акыл айтып, аларды анын акыл-насааты менен тарбиялоо» милдети ишенип тапшырылган (Эф. 6:4; Мыйз. 6:5—7; Заб. 127:3). Ата-энелерге жардам болушу үчүн Жахабанын уюмунда Ыйык Китепке негизделген адабияттар, видеолор, музыка жана онлайн макалалар сыяктуу куралдар бар. Мындан асмандагы Атабыздын жана анын Уулунун балдарыбызды жакшы көрөрүн билсек болот (Лк. 18:15—17). Ата-энелер Жахабага таянып, балдарына колунан келгенче жакшы кам көргөнгө аракет кылышса, бул Жахабага жагат. Андай ата-энелер балдарына түбөлүккө Жахабанын үй-бүлөсүнүн мүчөсү болгонго жардам бере алат!

10, 11. Жахаба биз үчүн кун төлөп эмнеге жол ачкан?

10Кайрадан анын үй-бүлөсүнүн мүчөсү боло алышыбыз үчүн, Жахаба өзүнүн сүйүктүү Уулун берген.  Төртүнчү абзацта айтылгандай, Адам ата менен Обо эне Жахабанын үй-бүлөсүндөгү ордунан кол жууп, анын балдары болбой калышкан (Рим. 5:12). Кудайга билип туруп баш ийбей койгондуктан анын балдары болгонго татыксыз болуп калышкан. Ал эми урпактары жөнүндө эмне дешке болот? Жахаба алардын арасынан ага баш ийгендердин кайрадан үй-бүлөсүнө кабыл алынышына чара көргөн. Ан үчүн жападан жалгыз Уулун, Иса Машаякты, курмандыкка берген (Жкн. 3:16; Рим. 5:19). Мунун аркасында Кудай ага берилгендигин сактаган 144 000 кишини уулдары катары асырап алган (Рим. 8:15—17; Аян 14:1).

11 Мындан тышкары, 1000 жылдык башкаруунун аягында акыркы сыноодон өткөн миллиондогон адамдар Кудайдын үй-бүлөсүнүн толук кандуу мүчөсү боло алышат (Заб. 25:14; Рим. 8:20, 21). Ошондуктан алар азыртадан эле Жаратканына — Жахаба Кудайга — «Ата» деп кайрылат (Мт. 6:9). Ошондой эле тирилгендерге да Жахабаны таанып-билгенге мүмкүнчүлүк берилет. Алардын арасынан Кудайдын эркине баш ийгендер да анын үй-бүлөсүнүн мүчөсү боло алышат.

12. Эми кайсы суроого жооп алабыз?

12 Буга чейин билгенибиздей, Жахаба адам баласын баалай турганын көп жолдор менен көрсөткөн. Мисалы, майлангандарды азыртадан эле өз уулдары катары асырап алган. Ал эми «эбегейсиз көп адамдарга» уулдары болгонго жаңы дүйнөдө мүмкүнчүлүк берет (Аян 7:9). Анда түбөлүккө Жахабанын үй-бүлөсүнүн мүчөсү болгубуз келерин кантип көрсөтө алабыз?

ЖАХАБАНЫН ҮЙ-БҮЛӨСҮНҮН МҮЧӨСҮ БОЛГУҢАР КЕЛЕРИН КӨРСӨТКҮЛӨ

13. Кудайдын үй-бүлөсүнүн мүчөсү болуш үчүн эмне кылышыбыз керек? (Марк 12:30)

13Жахабага бүт жүрөгүңөр менен кызмат кылып, аны сүйөрүңөрдү далилдегиле. (Окугула: Марк 12:30.) Кудай бизге көптөгөн белектерди берген. Ал баалуу белектердин бири — ага сыйынуу мүмкүнчүлүгү. Жахабаны сүйөрүбүздү «осуяттарын аткарып» далилдей алабыз (1 Жкн. 5:3). Жахаба Уулу Иса берген буйрукту да аткарышыбызды каалайт. Иса болсо: «Баргыла да... шакирт даярдагыла. Аларды... чөмүлдүргүлө»,— деген (Мт. 28:19). Ошондой эле бири-бирибизди сүйгөнгө буйрук берген (Жкн. 13:35). Жахаба ушул буйруктарга баш ийгендерди дүйнөнүн чар тарабындагы кызматчыларынан турган үй-бүлөсүнө кошуп жатат (Заб. 15:1, 2).

14. Башкаларды жакшы көрөрүбүздү кантип көрсөтөбүз? (Матай 9:36—38; Римдиктер 12:10)

14Башкаларды сүйгүлө. Сүйүү — Жахабанын эң негизги сапаты (1 Жкн. 4:8). Ал бизди аны таанып-биле элегибизде эле сүйчү (1 Жкн. 4:9, 10). Эгер башкаларды сүйсөк, андан үлгү алган болобуз (Эф. 5:1). Башкаларды сүйөрүбүздү кантип көрсөтө алабыз? Мунун жакшы жолдорунун бири — аларга убакыт барда Жахабаны таанып-билгенге жардам берүү. (Окугула: Матай 9:36—38.) Эгер ушинтсек, алардын да Кудайдын үй-бүлөсүнүн мүчөсү болгонго мүмкүнчүлүгү болот. Кимдир бирөө Жахабаны таанып-билип, чөмүлгөндөн кийин да ал кишини жакшы көрүп, урматтап-сыйлай беришибиз керек (1 Жкн. 4:20, 21). Бул өз ичине эмнени камтыйт? Бир нерсе болсо, шак эле ал киши жөнүндө жаман ойлобойбуз. Мисалы, атайлап, арам ой менен кылды дебейбиз. Кайра, аны өзүбүздөн жогору көрүп, урматтап сыйлайбыз (Окугула: Римдиктер 12:10; Флп. 2:3).

15. Кимдерге кайрымдуу, боорукер болушубуз керек?

15Бардыгына боорукер, кайрымдуу болгула. Жахабаны укуктуу түрдө Ата деп атагандардын арасында болгубуз келсе, анын Сөзүндө жазылгандарды жашообузда аткарышыбыз керек. Мисалы, Иса бардыгына, атүгүл душмандарыбызга да кайрымдуу, боорукер болушубуз керек деп окуткан (Лк. 6:32—36). Кээде мындай кылыш оңой эмес. Эгер ошондой болуп жатса, Исадай ой жүгүртүп, Исадай иш кылганды үйрөнүшүбүз керек. Жахабага баш ийип, Исадан үлгү алганга бүт аракетибизди кылсак, түбөлүккө асмандагы Атабыздын үй-бүлөсүнүн мүчөсү болгубуз келерин көрсөтөбүз.

16. Жахабанын үй-бүлөсүнүн кадыр-баркын кантип сактай алабыз?

16Жахабанын үй-бүлөсүнүн кадыр-баркын сактагыла. Негизи, үй-бүлөдө агасын көрүп ини өсөт. Эгер агасы Ыйык Китептеги принциптер боюнча жашаса, инисине жакшы үлгү көрсөтөт. Ал эми жаман жолго түшүп кетсе, иниси да аны туурашы мүмкүн. Жахабанын үй-бүлөсүндө да ушундай десек болот. Эгер бир кезде Жахабага берилип кызмат кылып жүргөн бирөө чындык жолунан четтеп, ага каршы чыкса же адеп-ахлаксыз, бузуку иштерге бара баштаса, башкалар да аны көрүп азгырылышы ыктымал. Андай кишилер Жахабанын үй-бүлөсүнүн кадыр-баркын түшүрөт (1 Тес. 4:3—8). Андыктан биз жаман жолго түшкөндөрдү туурабашыбыз керек. Ошондой эле эч нерсеге бизди асмандагы Атабыздан алыстатканга жол бербешибиз керек.

17. Биз кандай ойдон алыс болушубуз керек жана эмне үчүн?

17Акчага, дүнүйө-мүлккө эмес, Жахабага таянгыла. Эгер Жахабанын Падышалыгын биринчи орунга коюп, анын адил талаптары боюнча жашай турган болсок, өзү убада кылгандай, бизди тамак-аш, кийим-кечек, турак-жай менен камсыз кылат (Заб. 55:22; Мт. 6:33). Ушул убаданы эсибизден чыгарбасак, бул дүйнөдөгү материалдык нерселер коопсуздукту, бакытты кепил кылат деп ойлобойбуз. Биз Жахабанын эркин аткарганда гана жан дүйнөбүз чындап тынч болорун билебиз (Флп. 4:6, 7). Атүгүл көп нерсени сатып алганга чамабыз жетсе дагы аны колдонгонго, күтө билгенге убактыбыз, күчүбүз барбы? Колубуздагы мүлккө өтө эле байланып бараткан жокпузбу? Жахабанын үй-бүлөсүнүн мүчөсү катары биздин аткарышыбыз керек болгон ишибиз бар экенин унутпашыбыз керек. Демек, башка нерсеге алаксыбашыбыз зарыл. Биз Ыйык Китепте айтылган бир жаш жигиттей болгубуз келбейт. Ал колундагы дүнүйө-мүлккө ушунчалык байланып калгандыктан Жахабага кызмат кылып, анын уулу болуу мүмкүнчүлүгүнөн айрылып калган (Мр. 10:17—22).

ЖАХАБАНЫН БАЛДАРЫ ТҮБӨЛҮККӨ ЭЭ БОЛО ТУРГАН НЕРСЕЛЕР

18. Жахабага баш ийгендер түбөлүккө кандай батага жана сыймыкка ээ болушат?

18 Жахабага баш ийгендер эң чоң сыймыкка ээ болушат. Жахабаны сүйүп, түбөлүккө ага сыйынышат. Жерде жашаганга үмүттөнгөндөр Жахаба алар үчүн жараткан кереметтүү Жер планетасына кам көрө алышат. Жакында Кудайдын Падышалыгы Жерди жана андагы жашоону баштапкы калыбына келтирет. Иса Адам ата менен Обо эненин каргашалуу чечиминин бардык кесепетин жок кылат. Жахаба миллиондогон адамдарды тирилтип, бейишке айланган жер бетинде чың ден соолукта түбөлүккө жашаганга мүмкүнчүлүк берет (Лк. 23:42, 43). Жахабанын үй-бүлөсүнүн жердеги бөлүгүндөгүлөр жеткилеңдикке жакындаган сайын ар бири, Дөөтү пайгамбар жазгандай, «даңк менен көрктү» чагылдырышат (Заб. 8:5).

19. Эмнени эстен чыгарбашыбыз керек?

19 Эгер «эбегейсиз көп адамдардын» катарына кирсеңер, силерди кереметтүү келечек күтүп турат. Жахаба силерди жакшы көрөт жана үй-бүлөсүнүн мүчөсү болушуңарды каалайт. Ошондуктан ага жаккандай иш кылганга бүт күчүңөрдү жумшагыла. Ар бир күндү Кудайдын убадаларын акылыңар менен жүрөгүңөрдө сактап жашагыла. Асмандагы Атабызга сыйынып, аны түбөлүккө даңктоо сыймыгын жогору баалагыла!

107-ЫР: Кудайдан үлгү алып, сүйүү көрсөтөлү

^ 5-абз. Үй-бүлө бактылуу болушу үчүн, анын ар бир мүчөсү өз милдетин жакшы билиши жана бири-бирин колдоп, жардам бериши керек. Мисалы, атасы башчылыкты колго алат, энеси аны колдоп турат, балдары болсо ата-энесине баш иет. Жахабанын үй-бүлөсүндө да так эле ушундай. Жахаба бизди белгилүү бир максат менен жараткан. Эгер ошол максатка ылайык иш кылсак, түбөлүккө анын үй-бүлөсүнүн мүчөсү болуп кала беребиз.

^ 55-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Бири-бирин жана балдарын жакшы көрөрүн көрсөтүп жаткан жубайлар. Алар Жахабаны да жакшы көрүшөт. Балдарына Жахабаны сүйүп, ага кызмат кылганды үйрөтүп бала тарбиялоо сыймыгын жогору баалаарын далилдеп жатышат. Жахаба Исаны эмне үчүн кун катары бергенин түшүндүрүш үчүн видео көрсөтүп жатышат. Келечектеги бейиште жерге, жан-жаныбарларга кам көрөрүбүздү да айтып берип жатышат.