Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

31-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Жахабаны күтөсүңөрбү?

Жахабаны күтөсүңөрбү?

«Мен... күтөм» (МИК. 7:7).

128-ЫР: Акырына чейин чыдайлы

БУЛ МАКАЛАДА *

1, 2. Бул макалада эмнени талкуулайбыз?

ДОСУҢАР силерге аябай зарыл бир нерсе алып келиши керек деп коёлу. Бирок силер күткөн убакта алып келбей калса, кандай сезимде болот элеңер? Тынчыңар кетип, жаман болосуңарбы? Ошондой абал Накыл сөздөр 13:12де таамай сүрөттөлгөн. Ал жерде: «Көпкө чейин ишке ашпаган үмүт жүрөк оорутат»,— деп жазылган. Ал эми досуңардын силер күткөн убакта келбегенине орчундуу себептер болгонун билип калсаңарчы? Андайда, албетте, чыдап күтө турмаксыңар.

2 Бул макалада мындан ары да чыдап күтө бергенге жардам бере турган Ыйык Китептеги бир нече принципти карап чыгабыз (Мик. 7:7). Андан соң кайсы эки жагдайда Жахабанын иш-аракет кыла турган учурун чыдап күтүшүбүз керектигин карап чыгабыз. Акырында болсо Жахабанын аны күткөндөргө кандай сыйлык ыйгарарын талкуулайбыз.

ЧЫДАМКАЙЛЫККА ҮЙРӨТКӨН ПРИНЦИПТЕР

3. Накыл сөздөр 21:5те эмне баса белгиленген?

3 Чыдамкай болгондун маанилүүлүгү Накыл сөздөр 21:5те жакшы баса белгиленген. Ал жакта: «Ар бир шашма адам жокчулукка туш болот»,— деп жазылган. Мындан кандай жыйынтык чыгарсак болот? Кайсы бир ишти шашпай, кылдат кылсак, эң жакшы натыйжага жетебиз.

4. Накыл сөздөр 4:18де кайсы принцип баса белгиленген?

4 Накыл сөздөр 4:18де: «Адилдердин жолу күндүн жарыгындай; ал чак түш болгонго чейин уламдан-улам жарык боло берет»,— деп жазылган. Бул сөздөрдөн Жахаба өзүнүн ой-ниетин элине акырындык менен, бара-бара ача турганын билсек болот. Бирок бул сөздөр кеңири мааниде Исанын жолун жолдогон кишинин рухий жактан өсүшүнө да тиешелүү. Адам рухий жактан жетилиши үчүн убакыт талап кылынат. Бул бир заматта эле болуп кетпейт. Эгер Кудайдын Сөзү жана уюму аркылуу берилген кеңештерди кылдат изилдеп, турмушубузда колдонсок, бара-бара Иса Машаяктыкындай сапаттарды өрчүтөбүз. Ошондой эле Кудайды да көбүрөөк таанып-билебиз. Эми муну Иса кантип түшүндүргөнүнө токтололу.

Өсүмдүк акырындык менен өскөндөй эле, Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү кабарды кабыл алган киши рухий жактан акырындык менен өсөт (5-абзацты карагыла)

5. Иса кишинин рухий жактан өсүшүн кайсы мисал менен түшүндүргөн?

5 Иса бир мисалында Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү кабардын жүрөгү таза адамдарга тийгизген таасирин кичинекей уруктун акырындык менен өсүшүнө салыштырган. Ал мындай деген: «Үрөн... өнүп-өсө берет. Сепкен киши анын кантип өсүп жатканын билбейт. Жер өзү акырындык менен түшүм берет: адегенде үрөн өнүп чыгат, анан баш алып, данга толот» (Мр. 4:27, 28). Муну менен Иса эмнени айткысы келген? Ал, өсүмдүк акырындык менен өскөн сыңары, Падышалык жөнүндөгү кабарды кабыл алган киши да рухий жактан акырындык менен өсөрүн түшүндүргөн. Мисалы, Ыйык Китепти изилдеп жаткандардын Жахабага жакындаган сайын көп жагынан өзгөрүп жатканын байкайбыз (Эф. 4:22—24). Бирок ошол кымындай үрөндү өстүрүп жаткан Жахаба экенин унутпашыбыз керек (1 Кор. 3:7).

6, 7. Жахабанын жерди кантип жаратканынан эмнени биле алабыз?

6 Жахаба эмне иш кылбасын, ошол ишке канча убакыт керек болсо, ошончо убакыт жумшайт. Ал муну ысмы даңкталышы үчүн да, башкалардын пайдасы үчүн да кылат. Келгиле, Жахабанын жерди адам баласы үчүн кантип акырындык менен даярдаганын карап чыгалы.

7 Ыйык Китепте Жахабанын жерди кантип жаратканы сүрөттөлгөндө анын «көлөмүн... белгилегени», «пайдубалы[н] орноткону», «бурчка коюлуучу ташын» койгону айтылат (Аюп 38:5, 6). Ал атүгүл өз ишине баа бергенге да убакыт бөлгөн (Башт. 1:10, 12). Жахабанын акырындык менен улам бир жаңы нерсени жаратып жатканын көргөндө периштелердин кандай сезимдерге чулганганын элестетсеңер. Алар аябай таңыркап, суктанышса керек! Атүгүл «салтанаттуу үн салышкан» (Аюп 38:7). Мындан эмнени билсек болот? Жахабага ушунун баарын жаратканга миңдеген жылдар кеткен. Бирок кылдат ойлонуштуруп жараткан нерселеринин ар бирин карап чыккандан кийин Жахаба «эң сонун» деп баа берген (Башт. 1:31).

8. Азыр эмнени карап чыгабыз?

8 Жогорудагы мисалдардан көргөнүбүздөй, Кудайдын Сөзүндө чыдамкай болгондун маанилүүлүгүн баса белгилеген көп принциптер бар. Эми өзгөчө кайсы эки жагдайда Жахабаны күтө билишибиз керектигин карап көрөлү.

ЖАХАБАНЫ КҮТҮШҮБҮЗ КЕРЕК БОЛГОН УЧУРЛАР

9. Кайсы учурда Жахабаны күтүшүбүз керек болот?

9Тилегибизге жооп күтүп жатканда чыдамкай болушубуз керек. Жахабадан кайсы бир кыйынчылык же алсыздык менен күрөшкөндө күч сураганыбызда кээде бизге Жахаба көпкө чейин жооп бербей жаткандай сезилиши мүмкүн. Эмне үчүн Жахаба тилеген бардык эле нерсебизди дароо аткарбайт?

10. Тиленгенде эмне үчүн чыдамкай болушубуз керек?

10 Тиленгенибизде Жахаба бизди кунт коюп угат (Заб. 65:2). Ал чын ыкластан тиленгенибизди ага бекем ишенерибиздин далили катары көрөт (Евр. 11:6). Ошондой эле тиленгенибизге жараша иш кылууну жана анын эркин аткарууну канчалык каалап жатканыбызды көргүсү келет (1 Жкн. 3:22). Ошондуктан кайсы бир жаман адатыбыз же алсыздыгыбыз менен күрөшүп жатып тиленгенибизде чыдамкай болушубуз жана сураганыбызга жараша аракет кылышыбыз керек. Жахабанын айрым тилектерибизге дароо жооп бербей турганын Исанын сөзүнөн да билсек болот. Ал: «Сураганыңарды токтотпогула, ошондо силерге берилет; издегениңерди токтотпогула, ошондо табасыңар; тыкылдатканыңарды токтотпогула, ошондо силерге эшик ачылат. Анткени ар бир сураган адам алат, издеген табат, тыкылдатканга эшик ачылат»,— деген (Мт. 7:7, 8). Эгер Иса айткандай кылып, тиленгенибизди токтотпосок, асмандагы Атабыз тилегибизди угуп, жооп берерине шектенбесек болот (Кол. 4:2).

Жахабаны күтүп жатып жооп берерине эч шектенбей тилене берели (11-абзацты карагыла) *

11. Еврейлер 4:16да айтылгандар тилегибизге жооп албай жаткандай сезилгенде кандайча жардам берет?

11 Кээде тилеген нерсебиз дароо орундалбай жаткандай сезилсе да, Жахаба «жардамга муктаж болгонубузда», башкача айтканда, так керектүү учурда жооп берерин убада кылган. (Окугула: Еврейлер 4:16.) Ошондуктан биз ойлогондой тез жооп албай жатсак, эч качан Жахабаны күнөөлөбөшүбүз керек. Мисалы, Кудайдын Падышалыгы бул дүйнөнү жок кыла турганын көргүсү келерин айтып тиленип жүргөндөр көп. Иса да ушинтип тиленишибиз керектигин айткан (Мт. 6:10). Бирок дүйнөнүн акыры биз күткөн убакта келбей калганы үчүн эле Кудайга болгон ишенимибизди солгундатып койгонубуз кандай гана акылсыздык болмок! (Хаб. 2:3; Мт. 24:44). Биз ошенткибиз келбейт. Биз Жахабаны күтүп, жооп берерине бекем ишенип тиленгибиз келет. Бул дүйнөнүн акыры так өз учурунда келет. Анткени Жахаба анын «күнүн» жана «саатын» белгилеп койгон. Ал белгилеген убакыт баары үчүн эң туура убакыт болот (Мт. 24:36; 2 Пет. 3:15).

Жусуптун окуясынан чыдамкайлыкка байланыштуу эмнени үйрөнө алабыз? (12—14-абзацтарды карагыла)

12. Чыдамкайлыгыбыз өзгөчө кандай жагдайда сыналышы мүмкүн?

12Адилеттикти күтүп жатып чыдамкай болушубуз керек. Адамдар көп учурда бири-бирине жынысы, терисинин түсү, улуту, маданияты, уруусу башка болгону үчүн жаман мамиле кылышат. Башкаларга болсо майып болгондуктан эле же психикалык жактан ооругандыктан эле адилетсиз мамиле кылышат. Ал эми Жахабанын элинин арасынан көптөр Ыйык Китептеги нерселерге ишенгени үчүн эле жаман мамилеге туш болушат. Ушундай кордукка кабылганда Исанын: «Акырына чейин чыдаган адам куткарылат»,— деген сөздөрүн эсибизден чыгарбашыбыз керек (Мт. 24:13). Ал эми жыйналыштын ичинен кимдир бирөөнүн олуттуу күнөө кылып алганын билип калсаңарчы? Ал тууралуу аксакалдар билгенден кийин баарын алардын колуна тапшырып, Жахаба каалагандай иш кылышат деп чыдамкайлык менен күтөсүңөрбү? Андайда аксакалдар эмне кылышы мүмкүн?

13. Олуттуу күнөө кылынганда Жахаба аксакалдардын кандай иш кылышын каалайт?

13 Аксакалдар жыйналышта олуттуу күнөө жасалганын билгенде ал жагдайга Жахаба карагандай карап чечим чыгарыш үчүн «жогорудан келген акылмандык» сурап тиленишет (Жкп. 3:17). Алардын максаты — күнөө кылган кишиге «туура эмес жолдон кайрылып» келгенге жардам берүү (Жкп. 5:19, 20). Ошондой эле алар жыйналышты коргогонго жана жапа чеккендерди жубатканга бүт аракетин жумшашат (2 Кор. 1:3, 4). Олуттуу күнөө жасалганда, аксакалдар адегенде иштин чоо-жайын билиши керек. Бул убакытты талап кылат. Андан соң Жахабадан жардам сурап тиленип, ал кишиге Ыйык Жазмага негизделген кеңеш беришет. Анан «чени менен оңдоп-түзөшөт» (Жер. 30:11). Андайда аксакалдар создуктуруп да жүрүп албайт, шашылып да чечим чыгарышпайт. Ал маселе жакшы чечилсе, натыйжасын жыйналыштагылардын баары көрөт. Бирок аксакалдар ошол маселени туура чечкен күндө да, жабыр тарткан тарап жаман боло бериши мүмкүн. Эгер силердин жагдайыңар ушундай болсо, эмне кылсаңар болот?

14. Эгер ишенимдешибиз бизге карата жаман иш кылса, Ыйык Китептеги кайсы мисал жардам бере алат?

14 Кимдир бирөө, атүгүл ишенимдешиңер силерге карата жаман иш кылган учурлар болду беле? Эгер ошондой болсо, Ыйык Китептеги айрым ишенимдүү кишилердин мисалдары жардам берет. Ал мисалдардан Жахаба жагдайды чечкенге чейин кантип күтсөк болорун биле алабыз. Мисалга кара чечекей бир туугандарынан запкы жеген Жусупту алалы. Алар көрсөткөн кордуктун айынан ал катаалданып кеткен эмес. Кайра, бүт көңүлүн Жахабага сыйынганга топтогон. Жахаба ага ошондой чыдамкайлыгы, туруктуулугу үчүн батасын төккөн (Башт. 39:21). Кийинчерээк Жусуп көргөн бардык кордугун унутуп, Жахабанын аны колдоп келгенин түшүнгөн (Башт. 45:5). Жусуптай болуп, Жахабага ого бетер жакындай берсек жана баарын анын колуна тапшырсак, сооронуп-жубанып калабыз (Заб. 7:17; 73:28).

15. Бир ишенимдешибизге адилетсиз мамилеге көңүл бурбаганга эмне жардам берген?

15 Албетте, баарыбыз эле Жусуптукундай катуу адилетсиздикке туш болбошубуз мүмкүн. Бирок, кандай болбосун, жаман мамиле жүрөктү жаралайт. Кимдир бирөө, анын ичинде Жахабага сыйынбаган бирөө, бизге жаман мамиле кылганда, Ыйык Китептеги принциптерди колдонсок, өзүбүзгө эле жакшы болот (Флп. 2:3, 4). Бир окуяга токтололу. Бир ишенимдешибиз жумуштан бирөө аны башкаларга жамандап, жок жерден каралаганын билип калган. Ал шак эле ачууланып, териштирип кирбей, Исанын үлгүсү жөнүндө ойлонуп көргөн. Иса аны кордошкондо эч кимди кордогон эмес (1 Пет. 2:21, 23). Ушул нерсени эске алып, ишенимдешибиз эч нерсе кылбай тим эле коёюн деп чечкен. Кийинчерээк баягы кесиптешинин катуу ооруп жатканын жана аябай катуу стресс болуп жүргөнүн билип калган. Ошондо ишенимдешибиз: «Аябай кыйналып жүргөндүктөн айтып алса керек»,— деп эле койгон. Ошентип жөн эле көтөрүп, чыдап койгонуна аябай сүйүнгөн. Жан дүйнөсү да тынч болгон.

16. Адилетсиздикке туш болгонуңарда силерди эмне жубатышы мүмкүн? (1 Петир 3:12)

16 Эгер адилетсиздикке туш болсоңор же кайсы бир себептен улам көңүлүңөр ооруп жүрсө, Жахабанын «жүрөгү жаралангандарга жакын» экенин унутпагыла (Заб. 34:18). Ал силерди чыдамкайлыгыңар үчүн, жүгүңөрдүн баарын ага койгонуңар үчүн жакшы көрөт (Заб. 55:22). Ал — бүт жер жүзүнүн Соту. Эч нерсе анын көз жаздымында калбайт. (Окугула: 1 Петир 3:12.) Өзүңөр чече албай турган кыйынчылыкка туш болсоңор, Жахабаны күткөнгө даярсыңарбы?

ЖАХАБАНЫ ЧЫДАП КҮТКӨНДӨР ЧЕКСИЗ БАТА АЛЫШАТ

17. Ышая 30:18де айтылгандай, Жахаба бизди эмнеге ынандырат?

17 Жакын арада асмандагы Атабыз өзүнүн Падышалыгын орнотуп, батасын мол төгөт. Ышая 30:18де мындай делген: «Жахаба силерге ырайым кылар убакты күтөт, силерге кайрымдуулук кылуу үчүн ордунан турат. Анткени Жахаба — акыйкат Кудай. Чыдамдуу болуп, аны күткөндөрдүн баары бактылуу». Ооба, Жахабаны күткөндөр азыр да, келечектеги жаңы дүйнөдө да мол бата алышат.

18. Бизди кандай келечек күтүп турат?

18 Жаңы дүйнө орногондо, Кудайдын эли эч качан азыркыдай сарсанаага батып, кыйынчылык тартпайт. Адилетсиздик болбойт, анын айынан эч кимдин жүрөгү ооруп кыйноо тартпайт (Аян 21:4). Жашоого керек болгон нерселерди зарыгып күтпөйбүз. Себеби баары мол болот (Заб. 72:16; Ыш. 54:13). Ошондо жашоо кандай гана керемет болот!

19. Жахаба бизди азыр акырындык менен эмнеге даярдап жатат?

19 Ал эми ошол убакыт келгенге чейин жаман адаттарыбызды жеңип, Жахабаныкындай сапаттарды өрчүтө берели. Ушинткенге бизге Жахаба өзү жардам берет. Мына, жаңы заманга бизди ушинтип даярдап жатат. Ошондуктан көңүлүңөрдү чөгөрбөгүлө, багынбагыла! Эң жакшысы алдыда күтүп турат! Бизди ушундай укмуштуудай келечек күтүп турган соң, келгиле, Жахаба өз ишин аягына чыгарганга чейин мындан ары да аны чыдап күтө берели!

118-ЫР: «Ишенимибизди арттыра көр»

^ 5-абз. Жахабага көп убакыттан бери кызмат кылып келаткан бирөөнүн: «Акыркы күндөр мен ушунча жашка чыкканга чейин созулат деп такыр ойлогон эмесмин»,— дегенин уктуңар беле? Ооба, баарыбыз эле, өзгөчө, азыркы оор учурларда Жахаба бул дүйнөнү жок кыла турган күндү көргөнгө куштарбыз. Анткен менен чыдамдуу болгонду үйрөнүшүбүз керек. Бул макалада күткөнгө жардам бере турган Ыйык Китептеги принциптерди карап чыгабыз. Ошондой эле жашообуздун кайсы эки тармагында Жахабаны чыдамдуу болуп күтүшүбүз керектигин билебиз. Акырында күтө билгендерди кандай сыйлык күтүп турганын карап чыгабыз.

^ 56-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Бала кезинен бери Жахабага кайрылып дайыма тиленип келаткан ишенимдешибиз. Кичинекейинде ата-энеси ага кантип тиленишти үйрөткөн. Өспүрүм кезинде пионер болуп кызмат кылып, Жахабадан кызматына батасын беришин сурап көп тиленчү. Бир топ жылдан кийин жолдошу катуу ооруп калганда, ошол кыйынчылыкты көтөрүп кеткенге Жахабадан күч сурап тиленчү. Бүгүнкү күндө ал жесир, бирок дагы деле дайыма тиленип турат жана асмандагы Атасы өмүр бою жооп берип келгендей эле, азыр да тилегине жооп береринен шектенбейт.