Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

32-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Жаратканга болгон ишенимиңерди чыңдагыла

Жаратканга болгон ишенимиңерди чыңдагыла

«Ишеним — бул... көрүнбөгөн нерселердин бар экенине айкын далилдерди көрүү» (ЕВР. 11:1).

11-ЫР: Жаратылыш Жахабаны даңктайт

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Жаратканыбыз жөнүндө эмнени билгенсиңер?

ЭГЕР Жахабанын Күбөлөрүнүн үй-бүлөсүндө чоңойсоңор, анда Жахаба жөнүндө бала чагыңардан бери эле билет болушуңар керек. Анын Жараткан Кудай экенин, өзүнө тартып турган касиет-сапаттары жана адамзатка карата эң сонун ой-ниети бар экенин окуп-билгенсиңер (Башт. 1:1; Элч. 17:24—27).

2. Айрымдар Жараткандын бар экенине карата кандай ойдо?

2 Бирок көптөр Кудайдын Жараткан экенине эле эмес, бар экенине да ишенишпейт. Алар тиричилик өзүнөн өзү пайда болуп, эң жөнөкөй түрүнөн бара-бара эң татаал түрүнө чейин өрчүгөн деп ишенишет. Буга ишенгендердин айрымдары жогорку билимдүү. Алар илим Ыйык Китепте жазылгандардын туура эмес экенин далилдейт жана Жаратканга түркөй, алсыз, ишенчээк кишилер гана ишенет деши мүмкүн.

3. Ишенимибизди чыңдап турганыбыз эмне үчүн маанилүү?

3 Ошондой кишилердин көз карашы Жаратканыбыз Жахабага болгон ишенимибизди солгундатып коюшу мүмкүнбү? Бул, көбүнесе, Жахабанын Жараткан экенине эмне үчүн ишенерибизден көз каранды. Биз буга башкалар ошентип айткан үчүн эле ишенебизби же далилдерди изилдеп ынанганыбыз үчүн ишенебизби? (1 Кор. 3:12—15). Жахабанын Күбөсү болгонубузга канча убакыт болбосун, баарыбыз ишенимибизди чыңдай беришибиз керек. Ошентсек, Кудайдын Сөзүндө жазылгандар жалган деп окуткандардын философиясы менен курулай калпына алданбайбыз (Кол. 2:8; Евр. 11:6). Бул макалада бизге жардам боло турган үч нерсени талкуулап чыгабыз: 1) Көптөр эмне үчүн Жаратканга ишенишпейт? 2) Жараткан Жахабага болгон ишенимиңерди кантип өрчүтө аласыңар? 3) Канткенде ошол ишенимиңерди мындан ары да чыңдай аласыңар?

КӨПТӨР ЭМНЕ ҮЧҮН ЖАРАТКАНГА ИШЕНИШПЕЙТ?

4. Еврейлер 11:1ге ылайык, чыныгы ишеним эмнеге негизделет?

4 Айрымдар далилсиз нерсеге ишенүүнү ишеним деп эсептешет. Бирок Ыйык Китепке ылайык, бул чыныгы ишеним эмес. (Окугула: Еврейлер 11:1.) Байкасаңар, көзгө көрүнбөгөн Жахаба, Иса, асмандагы Падышалык сыяктуу нерселерге ишенүү айкын далилдерге негизделет (Евр. 11:3). Биохимик болуп иштеген бир Жахабанын Күбөсү муну: «Биздин ишеним илимий фактыларды четке каккан сокур ишеним эмес»,— деп түшүндүргөн.

5. Көптөр тиричилик өзүнөн өзү пайда болгон дегенге эмне үчүн ишенишет?

5 «Эгер Жараткандын бар экенине айкын далилдер бар болсо, анда эмне үчүн көптөр тиричиликти Кудай жаратканына ишенишпейт?» — дешибиз мүмкүн. Көптөр тек гана эч качан далил издеп көргөн эмес. Учурда Жахабанын Күбөсү болгон Роберт мындай дейт: «Мектептен тиричиликти Кудай жараткан деп эч качан окутпагандыктан буга ишенчү эмесмин. 20дан өтүп калган кезимде Жахабанын Күбөлөрү менен сүйлөшүп калып, буга Ыйык Китептен жүйөлүү, акылга сыярлык далилдерди окугандан кийин гана ишендим» *. (« Ата-энелерге» деген кутучаны карагыла.)

6. Айрымдар Жараткандын бар экенине эмне үчүн ишенишпейт?

6 Башкалар болсо Жараткандын бар экенине көргөн нерсеге гана ишенем дегендиктен ишенишпейт. Ошентсе да көзгө көрүнбөгөн тартылуу күчү, аба сыяктуу нерселердин бар экенин тана алышпайт. Ыйык Китепте айтылган ишеним көрүнбөгөн башка нерселерге да ишенүүнү камтыйт (Евр. 11:1). Андай нерселердин бар экенине далил табыш үчүн убакыт, күч жумшаш керек. Көптөр мына ошенткиси келбегендиктен Кудай жок деген жыйынтык чыгарышы ыктымал.

7. Ааламды Кудай жараткан дегенди бардык эле билимдүү кишилер четке кагабы? Түшүндүргүлө.

7 Далилдерди изилдеп чыккандан кийин айрым окумуштуулар ааламды Кудай жараткан деген жыйынтыкка келишкен *. Жогоруда айтылган Робертке окшоп кээ бирлер университетте антип окутпаганы үчүн эле ишенбеши мүмкүн. Ошентсе да көптөгөн окумуштуулар Жахабаны таанып-билип, ишенип, жакшы көрүп калышкан. Бирок билим деңгээлибиз кандай болбосун, ошол окумуштуулардай болуп, баарыбыз тең Кудайга болгон ишенимибизди чыңдашыбыз керек. Муну биз үчүн эч ким кыла албайт!

ЖАРАТКАНГА БОЛГОН ИШЕНИМИҢЕРДИ КАНТИП ӨРЧҮТӨ АЛАСЫҢАР?

8, 9. а) Кайсы суроону карап чыгабыз? б) Жаратылыш жөнүндө окуп-изилдегенибиздин кандай пайдасы бар?

8 Жаратканга болгон ишенимиңерди кантип өрчүтө аласыңар? Эмесе, мунун төрт жолун карап чыгалы.

9Табиятты изилдегиле. Жаратканга болгон ишенимиңерди жан-жаныбарларга, өсүмдүктөргө, жылдыздарга байкоо салып өрчүтө аласыңар (Заб. 19:1; Ыш. 40:26). Ушул сыяктуу нерселерди канчалык көп изилдесеңер, Жахабанын баарын жараткан Кудай экенине ошончолук көбүрөөк ынана баштайсыңар. Адабияттарыбызда жаратылышты түшүндүргөн макалалар арбын. Толугу менен түшүнүш кыйын болсо да, аларды окубай койбогула. Мүмкүн болушунча окуп-изилдей бергиле. Ошондой эле jw.org сайтыбызга кирип, акыркы жылдардагы региондук жыйындарда көрсөтүлгөн жаратылыш жөнүндөгү видеолорду көрүп тургула.

10. Табияттан Жараткандын бар экенин тастыктаган бир мисал келтиргиле. (Римдиктер 1:20)

10 Табиятты изилдегенде Жараткандын кандай Кудай экенин көрсөткөн нерселерге көңүл бургула. (Окугула: Римдиктер 1:20.) Мисалы, Күн тиричилик үчүн зарыл болгон жылуулукту бергенден тышкары, зыяндуу ультракызгылт көк нурларын да бөлүп чыгарарын билет чыгарсыңар. Алар адамдын өмүрүнө коркунуч туудурат. Бирок табиятта бизди ал нурлардан коргоп турган нерсе бар. Ал эмне? Ал — зыяндуу нурларды чыпкалап турган озон катмары. Ал жердин калканы катары кызмат кылат. Күндөн ультракызгылт көк нурлар канчалык көп бөлүнгөн сайын, озон катмары ошончолук чоңоюп турат. Ушунун аркасында бизди жакшы көргөн, камкор, акылман Бирөө турганына кошуласыңарбы?

11. Жаратканга болгон ишенимди өрчүткөнгө жардам бере турган далилдерди каяктан таба аласыңар? (« Жаратканга болгон ишенимди бекемдеген нерселер» деген кутучаны карагыла.)

11 Жараткандын бар экенине болгон ишенимиңерди чыңдай турган далилдерди «Жахабанын Күбөлөрүнүн изилдөө жүргүзүүгө арналган куралынан» жана jw.org/ky сайтынан таба аласыңар. Ошондой эле «Өзү жаралганбы?» деген рубрикадагы макалалар менен видеолорду көрсөңөр болот. Рубрикадан жаныбарлар жана өсүмдүктөр жөнүндөгү укмуштуудай нерселер менен тааныша аласыңар. Ошондой эле окумуштуулардын табияттагы нерселерди туураганга кантип аракет кылып жаткандарын биле аласыңар.

12. Ыйык Китепти окуп-изилдеп жатканда эмнелерге көңүл бурушубуз керек?

12Ыйык Китепти окуп-изилдегиле. Төртүнчү абзацта айтылган биохимик башында Жараткандын бар экенине ишенчү эмес. Бирок убакыттын өтүшү менен буга ишене баштаган. Ал: «Мен Кудайга илимди изилдеген үчүн эле ишенип калган жокмун. Буга Ыйык Китепти кылдат окуп-изилдегеним да себеп болду»,— дейт. Балким, силер Ыйык Китептеги окууларды жакшы билет чыгарсыңар. Ошентсе да Жаратканга болгон ишенимиңерди өрчүтө бериш үчүн Кудайдын Сөзүн мындан ары да окуп-изилдей беришиңер керек (Жаш. 1:8; Заб. 119:97). Мисалы, Ыйык Китепте тарыхый окуялар майда-чүйдөсүнө чейин кандайча баяндалганына көңүл бургула. Андагы алдын ала айтылган нерселер кантип аткарылганына маани бергиле. Ыйык Китептеги китептердин шайкештиги жөнүндө да ойлонуп көргүлө. Бул силерди камкор, акылман Жараткан бар экенине жана Ыйык Китеп анын жетеги менен жазылганына ынандырат * (2 Тим. 3:14; 2 Пет. 1:21).

13. Кудайдын Сөзүндөгү кеңештердин пайдалуулугун далилдеген мисалдардын бири кайсы?

13 Кудайдын Сөзүн окуп-изилдеп жатканда андагы кеңештер канчалык жакшы экенине да маани бергиле. Мисалы, Ыйык Китепте тээ илгери эле акчаны жакшы көрүү кесепеттүү экени жана «көптөгөн азаптарга дуушар» кылары эскертилген (1 Тим. 6:9, 10; Накыл 28:20; Мт. 6:24). Азыр деле ушундай экенине кошуласыңарбы? Адамдардын учурдагы маанайы жөнүндөгү бир китепте: «Негизи, дүнүйөкор кишилердин көбү бактысыз болот жана көңүлү көбүрөөк чөгөт. Атүгүл жөн эле көбүрөөк акча тапкысы келгендер эмоциялык жактан, ден соолук жактан көбүрөөк кыйналышат»,— делген. Ооба, Ыйык Китептеги акчаны сүйгөндөн алыс болгула деген кеңеш кандай гана калетсиз! Кудайдын Сөзүндөгү жашообузга пайдасын тийгизген дагы башка кеңештерди билесиңерби? Ал кеңештердин пайдалуулугу жөнүндө канчалык көп ой жүгүртсөк, камкор Жаратканыбыздын чексиз акылмандыгына ошончолук баа берип, ага таянабыз (Жкп. 1:5). Мунун аркасында көбүрөөк бактылуу болуп жашайбыз (Ыш. 48:17, 18).

14. Ыйык Китепти изилдегенде Жахаба жөнүндө эмнелерди билесиңер?

14Ыйык Китепти Жахаба жөнүндө көбүрөөк билейин деген туура ниет менен изилдегиле (Жкн. 17:3). Изилдеп жатып жараткан нерселеринде чагылдырылган Кудайдын кереметтүү сапаттарын тааный аласыңар. Ошонун аркасында Жахаба ойдон чыгарылган бирөө эмес, тирүү Кудай экенин түшүнөсүңөр (Чыг. 34:6, 7; Заб. 145:8, 9). Жахабаны улам көбүрөөк тааныган сайын ошончолук ага болгон ишенимиңер өрчүйт, сүйүүңөр тереңдейт, достугуңар бекемделет.

15. Ишенген нерселериңер жөнүндө башкаларга айтканыңардын кандай пайдасы бар?

15Кудай жөнүндө билген нерселериңерди башкаларга айткыла. Ошондо өзүңөрдүн да ишенимиңер бекемделет. Ал эми кимдир бирөө Кудайдын бар-жогуна байланыштуу суроо берип калып, ага эмне деп жооп беришти билбей жатсаңарчы? Адабияттарыбыздагы ошол тууралуу Ыйык Китепке негизделген маалыматты таап, аны менен бөлүшкөнгө аракет кылгыла (1 Пет. 3:15). Же тажрыйбалуу ишенимдешиңерден жардам сурасаңар болот. Тиги киши силер айткан маалыматты кабыл алса да, кабыл албаса да, изилдөө жүргүзгөнүңөр өзүңөргө пайдалуу болот. Себеби ишенимиңер өрчүп-чыңдалат. Анын аркасында Жараткан жок деген илимдүүдөй, билимдүүдөй көрүнгөн кишилердин айткандарынын таасирине алдырбайсыңар.

ИШЕНИМИҢЕРДИ ЧЫҢДАП ТУРГУЛА!

16. Ишенимибизди мындан ары да чыңдап турбасак, эмне болушу мүмкүн?

16 Жахабага кызмат кылып келатканыбызга канча убакыт болбосун, мындан ары да ага болгон ишенимибизди бекемдеп-чыңдай беришибиз керек. Себеби сак болбосок, ишенимибиздин күчү кайта башташы мүмкүн. Ишеним көрүнбөгөн нерселердин далилдерине негизделерин эсиңерден чыгарбагыла. Көрүнбөгөн нерсени болсо бат эле унутуп коюшубуз мүмкүн. Ошон үчүн Пабыл ишенимдин жетишсиздигин «оңой эле чырмап ала турган күнөө» деп атаган (Евр. 12:1). Анда ишенимибизди бекем сакташ үчүн эмне кылышыбыз керек? (2 Тес. 1:3).

17. Ишенимибизди чыңдаганга эмне жардам берет?

17Жахабадан бат-баттан тиленип, ыйык рух сурап тургула. Себеби ишеним рухтун жемишин түзгөн сапаттарга кирет (Гал. 5:22, 23). Жаратканга болгон ишенимибизди анын ыйык рухунун жардамысыз чыңдап-бекемдей албайбыз. Жахабадан талыкпастан ыйык рух сурай берсек, ал сөзсүз берет (Лк. 11:13). Биз андан: «Ишенимибизди арттыра көр»,— деп тиленсек болот (Лк. 17:5).

18. Забур 1:2, 3кө ылайык, бизде кандай жакшы мүмкүнчүлүк бар?

18Кудайдын Сөзүн өз алдыңарча үзгүлтүккө учуратпай окуп-изилдеп тургула. (Окугула: Забур 1:2, 3.) Бул забур жазылган кезде Кудайдын Мыйзамы жазылган толук көчүрмө айрым эле ысрайылдыктарда, анын ичинде падыша менен дин кызматчыларда да эле, бар болчу. Бирок ар бир жети жыл сайын «эркектер менен аялдар», «балдар», Ысрайылда «жашаган келгиндер» Кудайдын Мыйзамында жазылгандарды угуш үчүн чогулушчу (Мыйз. 31:10—12). Исанын күндөрүндө да Ыйык Жазманын түрмөктөрү саналуу эле кишинин колунда бар болчу. Көбү синагогаларда сакталчу. Ал эми бүгүнкү күндө Ыйык Китепти толугу менен же жарым-жартылай дүйнө жүзүндөгү адамдардын басымдуу бөлүгү окуй алат. Бул кандай гана баалуу мүмкүнчүлүк! Ушуга ыраазы экенибизди кантип көрсөтө алабыз?

19. Ишенимибизди бек сакташ үчүн эмне кылышыбыз керек?

19 Колубузда Кудайдын Сөзү бар экенине ыраазы экенибиз аны дайыма окуганыбыздан билинет. Биз Кудайдын Сөзүн өз алдыбызча убактыбыз болгондо эле изилдебейбиз, башкача айтканда, качан изилдесем, ошондо изилдейм да дебейбиз. Буга атайын убакыт бөлөбүз. Эгер ошонубуздан жазбасак, ишенимибизди чыңдай беребиз.

20. Мындан ары да эмне кыла беришибиз керек?

20 Азыркы дүйнөнүн «даанышмандары» менен «акылдууларынан» айырмаланып, биздин Кудайдын Сөзүнө негизделген бекем ишенимибиз бар (Мт. 11:25, 26). Ошол Ыйык Жазманы изилдегендин аркасында дүйнөдөгү абал эмне үчүн күндөн күнгө начарлап баратканын жана Жахаба жакында кандай чара көрөрүн билебиз. Ошондуктан мындан ары да өзүбүздүн ишенимибизди чыңдай берели жана мүмкүн болушунча көбүрөөк адамдарга Жаратканга болгон ишенимин өрчүткөнгө жардам бере берели (1 Тим. 2:3, 4). Ошондой эле бүт жер бетиндегилердин: «Кудайыбыз Жахаба, сен даңкталууга... татыктуусуң, анткени баарын сен жараткансың»,— деп Кудайыбызды даңктай турган күндү күтө берели (Аян 4:11).

2-ЫР: Сенин ысмың — Жахаба

^ 5-абз. Ыйык Китепте Жахабанын Жараткан Кудай экени так-таасын айтылат. Бирок көптөр буга ишенбейт. Алар жашоо-тиричилик өзүнөн өзү пайда болгон деп ойлошот. Эгер Кудайга жана Ыйык Китепке болгон ишенимибизди чыңдап турсак, андай кишилердин көз карашы бизге таасир этпейт. Бул макаладан муну кантип кылсак болорун билебиз.

^ 5-абз. Дүйнө жүзү боюнча көптөгөн мектептерде тиричиликтин келип чыгышын түшүндүрүп жатканда Жараткан болушу мүмкүн деп окутпайт. Айрым мугалимдер ошенте турган болсо, бул окуучуларды Кудай бар дегенге ишенүүгө мажбурлагандыкка жатып калат дешет.

^ 7-абз. «Жахабанын Күбөлөрүнүн изилдөө жүргүзүүгө арналган куралы» деген адабияттан айрым окумуштуулардын айткандарын окуй аласыңар. Ал үчүн «Илим жана технология» деген теманын ичиндеги «Маек» («Ойгонгула!» журналына чыккан рубрика) деген бөлүктү карагыла.

^ 12-абз. Мисалы, 2011-жылдын февраль айындагы «Ойгонгула!» журналындагы «Ыйык Китеп илимге шайкеш келеби?» (ор.) деген макаланы жана «Күзөт мунарасынын» 2008-жылдын январ-мартындагы санына чыккан «Жахабанын айткандары аткарылган» деген макаланы карасаңар болот.