Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

36-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Жалындаган жаштыктын күчү

Жалындаган жаштыктын күчү

«Жаштардын көркү — алардын күчү» (НАКЫЛ 20:29).

88-ЫР: Өз жолуңда жүрүүгө үйрөт

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Жашы өр тартып калгандар кандай максат койсо болот?

 ЖАШЫБЫЗ өр тарткан сайын мурдагыдай болуп Жахабанын керегине жарабай калдым го деп коркушубуз мүмкүн. Карылыкка жакындаган сайын күүлүү-күчтүү болбой каларыбыз чын. Анткен менен жылдар бою топтогон тажрыйбабызды, акылмандыгыбызды колдонуп, жаштарга Жахабанын уюмуна көбүрөөк пайда алып келгенге жана жаңы жоопкерчиликтерди аркалаганга жардам бере алабыз. Бул жөнүндө көп жылдан бери аксакал болуп келаткан бир ишенимдешибиз: «Карылыктын айынан мурункудай көптү кыла албай калганда уюмда ишти алып кете ала турган жөндөмдүү инилерибиз бар экенине аябай сүйүнгөм»,— дейт.

2. Бул макаладан эмнелерди билебиз?

2 Буга чейинки макаладан жаштар карылар менен достошкондун аркасында эмнеге үйрөнө аларын билгенбиз. Бул макалада болсо момундук, жөнөкөйлүк, ыраазы боло билүү, берешендик сыяктуу сапаттар ата-апаларыбызга жаштар менен эриш-аркак кызматташканга кандайча жардам берерине токтолобуз. Ошондой эле бул бүт жыйналышка кандай пайда тийгизерин билебиз.

МОМУНДУК

3. Филипиликтер 2:3, 4кө ылайык, момундук деген эмне жана ал сапат Кудайдын кызматчысына кандайча жардам берет?

3 Кары ишенимдештерибиз жаштарга жардам бергиси келсе, момун болушу керек. Момун киши башкаларды өзүнөн жогору эсептейт. (Окугула: Филипиликтер 2:3, 4.) Бул сапатты чагылдырган кары ишенимдешибиз кайсы бир ишти Ыйык Китептеги бир эле аятка эмес, бир нече аятка негиздеп аткарса болорун, аны ишке ашыруунун ар кандай жолдору бар экенин жакшы түшүнөт. Ошондуктан ишти мурун өзү аткарып келгендей кылынышын талап кыла бербейт (Нас. 7:10). Албетте, жашы өр тартып калгандар жаш муунга өткөрүп бере ала турган тажрыйбага бай. Анткен менен «бул дүйнөнүн көшөгөсү алмашып» жатканын жана жаңы жагдай-шартка ылайыкташа билиши керектигин жакшы түшүнөт (1 Кор. 7:31).

Карылар башкалар менен тажрыйбасы менен бөлүшө алышат (4, 5-абзацтарды карагыла) *

4. Бүгүнкү күндө райондук көзөмөлчүлөр лебилерди кантип туурашат?

4 Андай момун ишенимдештерибиз жаш кезиндегидей көптү кыла албай калганын моюнга алышат. Мисалга райондук көзөмөлчүлөрдү алалы. Алар 70 жашка чыкканда кызматтын башка түрүн аркалаганга чакырылышат. Бул оңойго турбашы мүмкүн. Анткени ишенимдештерине кызмат кылганды сыймык деп эсептеп келишкен. Кызматын жанындай жакшы көрүп аткарып келишкен. Азыркыга дейре жүрөгү ошол кызмат деп согот. Бирок бул ишти аткарганга жаштар керек экендигин жакшы түшүнүшөт. Ошол себептен байыркы Ысрайылдагы лебилерден үлгү алганга аракет кылышат. Лебилер 50 жашында ыйык чатырдагы кызматын токтотушчу. Андан кийин кандай кызмат тапшырылбасын кубанып аткарышчу. Алына жараша артылган сыймыктуу жоопкерчиликтерди жан-дили менен аткарып, жаштарды жакшы үйрөтүп-окутушчу (Сан. 8:25, 26). Бүгүнкү күндө мурун райондук көзөмөлчү болуп жүргөндөр тууралуу да ушуну айтсак болот. Алар мурдагыдай болуп көп жыйналышты кыдыра албай калса да, өздөрү дайындалган жыйналыштагыларга колдон келген жардамын берип, дем-шык бергенге бүт күчүн жумшайт.

5. Дан менен Кетиден кандай үлгү алсак болот?

5 23 жыл бою райондук көзөмөлчү болуп кызмат кылып келген Данды мисал кылалы. 70ке таяп калганда жубайы Кети экөө атайын пионер болуп дайындалган. Алар жаңы жагдай-шартка кантип ылайыкташкан? Дан учурда мурункудан да көп иштер менен алектенип жатканын айткан. Алсак, ага жыйналыштагы ар кандай жоопкерчиликтер артылган, жашыраактарга кызмат жардамчысы болгонго да көмөк кылат жана башкаларга эл көп жерде, түрмөлөрдө кабар айтканды үйрөтүп келет. Жыйналыштагы ата-апалар, толук убакыт кызмат кыласыңарбы же жокпу, силер жаштарга бир топ жардам бере аласыңар. Ан үчүн жаңы жагдай-шартка ылайыкташа билгиле, жаңы максаттарды койгула. Ошондой эле колуңардан келбей турган эмес, келе турган нерселерге көңүл топтогула.

ЖӨНӨКӨЙЛҮК

6. Эмне үчүн жөнөкөй болушубуз керек? Мисал келтиргиле.

6 Жөнөкөй киши өзүнүн алын, чегин билет (Накыл 11:2). Өзүнөн өтө көптү да күтпөйт. Ошонун аркасында ындынын өчүрбөй күжүрмөн эмгектене берет. Андай кишини өрдү көздөй машине айдап бараткан шопурга салыштырсак болот. Өргө чыгыш үчүн шопур ылдамдык которгучту төмөнкүсүнө салышы керек. Албетте, жүрүшү жайлап калат, бирок кыбырап отуруп кыр ашат. Анын сыңарындай, алын билген киши да качан жайлап, «ылдамдык которгучту» качан төмөнкүгө салыш керектигин билет. Мунун аркасында Жахабага талбай кызмат кыла берет (Флп. 4:5).

7. Барзелай жөнөкөйлүгүн кантип көрсөткөн?

7 Барзелайдын мисалына токтололу. Дөөтү падыша өзү менен ак сарайга алып кеткенге чакырганда ал 80 жашта болчу. Барзелай өзүнүн алын билгендиктен падышанын сунушуна макул болгон эмес. Ал карып, алдан-күчтөн тайып, мурункудай күүлүү-күчтүү болбой калган. Ошондуктан өзүнүн ордуна Кимам деген жаш жигитти жөнөткөн (2 Шем. 19:35—37). Барзелайдай болуп бүгүнкү күндөгү улгайып калган эркектер да жашыраактарга орун бошотуп бергенге куштар.

Дөөтү падыша Кудайдын ибадаткананы уулу Сулайман курат деген чечимин колдогон (8-абзацты карагыла)

8. Дөөтү падыша ибадаткана курбай турганын билгенде эмне кылган?

8 Дөөтү падыша да жөнөкөй киши болгон. Анын Жахабага үй курсам деген каалоосу күч эле. Бирок Жахаба ал ишти уулу Сулайман кыларын айтканда, Дөөтү Жахабанын чечимине моюн сунган жана ал ишти чын жүрөгүнөн колдогон (1 Жылн. 17:4; 22:5). Сулайман «жаш, тажрыйбасы да аз» болгондуктан бул ишти менден башка эч ким аткара албайт деген эмес (1 Жылн. 29:1). Дөөтү иштин ийгилиги жетектеген кишинин курагынан же тажрыйбасынан эмес, Жахабанын батасынан көз каранды экенин билген. Дөөтүдөй болуп, бүгүнкү күндө да жашы өтүп калгандар башка кызматка дайындалса да, жигердүү кызмат кыла беришет. Бир кезде алар аткарган иштерди аткарып жаткан жаштарга Жахаба сөзсүз батасын береринен шектенишпейт.

9. Филиалдын комитетинин бир мүчөсүнүн жөнөкөй экени эмнеден көрүнгөн?

9 Азыркы тапта да ушундай ишенимдештерибиз аз эмес. Шигео деген бир тууганыбыздын мисалына токтололу. Ал 1976-жылы 30 жашында филиалдын комитетинин мүчөсү болуп дайындалган. 2004-жылы болсо филиалдын комитетинин координатору болгон. Бирок убакыттын өтүшү менен алдан-күчтөн тайып баратканын, ишти мурункудай тез аткара албай жатканын түшүнгөн. Ошондо бул тууралуу Жахабага айтып, анан координаторлукту жашыраак бирөөгө өткөрүп бергеним туура болот деп чечкен. Ал координатор болбой калса да, филиалдын комитетиндегилер менен ийиндеш кызмат кылып келет. Барзелайдын, Дөөтү падышанын жана Шигеонун үлгүсүнөн көргөнүбүздөй, момун, өз чегин билген жөнөкөй киши жаштардын тажрыйбасыздыгына эмес, күчүнө көңүл топтойт. Аларды атаандашындай эмес, ийиндеш кызмат кылган кызматташтарындай көрөт (Накыл 20:29).

ЫРААЗЫ БОЛО БИЛҮҮ

10. Карылар жыйналыштагы жаштарга карата кандай көз карашта?

10 Карылар жаштарды Жахаба берген белек катары көрүп аларга ыраазы болушат. Билегинен күчү кете баштаганда жашы өр тартып калгандар алардын ордун баса турган, жыйналышка кызмат кылганга дилгир, күчү ашып-ташып турган жаштарды көрүп абдан кубанат.

11. Карылар жаштардын жардамын кабыл алса жакшы болору Рут 4:13—16-аяттардан кандайча көрүнүп турат?

11 Ыйык Китепте айтылган Нааминин үлгүсүнө токтололу. Ал жаштардын жардамын кабыл ала билүү жагынан жакшы үлгү калтырган. Башында ал жесир калган Рут деген келинин өз элине кайтканга үндөгөн. Бирок Рут айтканынан кайтпай, аны менен Бетлехемге барам деп чечкен. Ошондо Наами аябай ыраазы болуп айтканына көнгөн (Рут 1:7, 8, 18). Ошенткени экөөнө тең жакшы болгон. (Окугула: Рут 4:13—16.) Карылар момун болсо, Наамидей иш кылышат.

12. Элчи Пабыл башкаларга ыраазы экенин кантип көрсөткөн?

12 Элчи Пабыл да ишенимдештеринин жардамын кабыл ала билип, ошого ыраазы болгон. Мисалы, Филипидеги Исанын жолдоочулары эки жолу жардам жөнөткөндө, ыраазычылык билдирген (Флп. 4:16). Тиметейдин да жардамын кабыл алган (Флп. 2:19—22). Ал эми жоокерлер Римдеги түрмөгө алып баратышканда, аны жолдон тосуп алган ишенимдештерин көрүп Кудайга рахмат айткан (Элч. 28:15). Негизи, Пабыл миңдеген чакырымдарды басып өтүп жакшы кабар тараткан, жыйналыштарды бекемдеген жаны тынбаган киши болгон. Ошентсе да намыстанбай боордошторунун жардамын кабыл ала билген.

13. Карылар жаштарга ыраазы экенин кантип көрсөтө алат?

13 Кымбаттуу ата-апаларыбыз, силер жыйналыштагы жаштарды баалай турганыңарды ар кандай жолдор менен көрсөтө аласыңар. Мисалы, алар бир жакка жеткирип коёлу, дүкөнгө чогуу барып келели же дагы башка нерсе кылып берели дешсе, жардамын кабыл алгыла. Муну Жахабанын сүйүүсү катары көргүлө. Мунун аркасында алар менен ынак болуп каласыңар. Ошондой эле жаштарга рухий жактан өскөнгө жардам бергиле жана жыйналышта кылып жаткан иштерин көрүп кубанып жатканыңарды айтып тургула. Алар менен чогуу отуруп башыңардан өткөндөрдү айтып бергиле. Ушинтсеңер, Жахаба өзүнө жакындаткан жаштар үчүн ыраазы экениңерди көрсөтөсүңөр (Кол. 3:15; Жкн. 6:44; 1 Тес. 5:18).

БЕРЕШЕНДИК

14. Дөөтү падыша берешендигин кантип көрсөткөн?

14 Карылар чагылдыра ала турган дагы бир маанилүү сапат — бул берешендик. Бул жагынан Дөөтү падыша жакшы үлгү калтырган. Ал ибадаткананын курулушуна жеке казынасынан көп нерсе тартуу кылган (1 Жылн. 22:11—16; 29:3, 4). Ибадаткана кийин Сулайман курган ибадаткана деп белгилүү болуп каларын билсе да ошенткен. Ошол өңдүү эле, биз да уюм жүргүзгөн курулуш иштерине катышканга дарманыбыз келбей калышы ыктымал. Бирок ошого карабай андай долбоорлорду шартыбызга жараша акча тартуу кылып колдой беребиз. Ошондой эле жылдар бою курулуш ишинде топтогон тажрыйбабызды жаштар менен бөлүшө алабыз.

15. Элчи Пабыл Тиметейге кандай маанилүү нерселерди үйрөткөн?

15 Элчи Пабыл да бул жагынан жакшы үлгү калтырган. Ал миссионердик сапарга чыгарда жанына Тиметейди алып алган. Ага жакшы кабар айтуунун жана окутуунун түрдүү ыкмаларын эч аянбай үйрөткөн (Элч. 16:1—3). Ошонун аркасында Тиметей жакшы кабардын мыкты жарчысы боло алган (1 Кор. 4:17). Ал болсо өз кезегинде Пабылдан үйрөнгөндөрүн башкаларга үйрөткөн.

16. Шигео эмне үчүн башкаларды үйрөтүп келет?

16 Бүгүнкү күндөгү жашы өтүп калган ишенимдештерибиз да жыйналыштагы жаштарга мурун өзүм кылып жүргөн иштерди үйрөтсөм керегим жок болуп калат деп коркушпайт. Мисалы, буга чейин кеп кылынган Шигео филиалдын комитетинин жашыраак мүчөлөрүн көп жыл бою үйрөткөн. Ал Падышалыктын ишине ошентип салым кошкусу келген. Убакыттын өтүшү менен бир ишенимдешибиз анын ордуна филиалдын комитетинде координатор катары кызмат кылганга даяр болуп калган. Шигео филиалдын комитетинде 45 жылдан ашык убакыт кызмат кылып топтогон тажрыйбасын жаштар менен дагы деле бөлүшүп келет. Ушундай боордошторубуз Кудайдын эли үчүн теңдеши жок кенч.

17. Лука 6:38ге ылайык, улгайгандар башкаларга эмне бере алат?

17 Жыйналыштагы ата-апаларыбыз, силер Жахабага болгон ишенимиңерден, кынтыксыздыгыңардан жазбай кызмат кылып келатасыңар. Ошентип Жахабага кызмат кылгандан өтөр эч нерсе жок экенин көрсөтүп жатасыңар. Ошондой эле Ыйык Китептеги принциптерди окуп-билип, турмушта колдонгондун акыбети сөзсүз кайтарын көрсөтүп келесиңер. Силер Жахабанын уюмунда иштер мурун кандай аткарылганын өз көзүңөр менен көргөнсүңөр. Ошентсе да заман талабына ылайыкташып жатасыңар. Жаштар жаңыдан чөмүлгөн кары ишенимдештерибизден да көп нерсени үйрөнө алышат. Мисалы, алар Жахаба Кудайды кечирээк тааныса да, мунун канчалык кубанычтуу экенин айтып бере алышат. Алардын башынан өткөн окуялар, турмуштук тажрыйбасы жаштар үчүн чоң таалим. Казынасындагы байлыгы менен, тактап айтканда, тажрыйбасы менен бөлүшүп турса, Жахаба аларга батасын мол төгөт. (Окугула: Лука 6:38.)

18. Карылар менен жаштар бири-бирине кантип жардам бере алышат?

18 Карылар жаштар менен ынак болушса, бири-бирине жөлөк-таяк боло алышат (Рим. 1:12). Карыларда жаштарда жок, жаштарда карыларда жок нерселер бар. Мисалы, ата-апаларыбыздын жылдар бою топтоп келген акылмандыгы, тажрыйбасы бар. Жаштардын болсо ашып-ташкан күчү бар. Карылар менен жаштар ийиндеш туруп кызмат кылышса, асмандагы Атабызды даңкташат жана жыйналыштын гүлдөп-өсүшүнө чоң жардам боло алышат.

90-ЫР: Бири-бирибизди бекемдейли

^ 5-абз. Жыйналыштарыбызда Жахаба Кудайдын уюмун кош колдоп колдогон инилерибиз менен карындаштарыбыз арбын. Аларга жыйналыштагы ата-апаларыбыз маданияты жана тек-жайы кандай болбосун, күчүн Жахабанын кызматына толугу менен арнаганга көмөк кыла алышат.

^ 55-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. 70 жашка чыгып жаңы кызматка дайындалган райондук көзөмөлчү менен жубайы. Алар бай тажрыйбасы менен бөлүшүп, азыр кызмат кылып жаткан жыйналышындагыларды көп нерсеге үйрөтүп жатышат.