Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

37-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

«Бардык элдерди солкулдатам»

«Бардык элдерди солкулдатам»

«Бардык элдерди солкулдатам, ошондо бул үйгө бардык элдердин асыл заттары келет» (АКАЙ 2:7).

24-ЫР: Жахабанын тоосуна келгиле

БУЛ МАКАЛАДА *

1, 2. Кудай биздин күндөрдө каймана мааниде эмнени солкулдатарын алдын ала айткан?

 «БИР НЕЧЕ мүнөттүн ичинде эле дүкөндөр, эскилиги жеткен имараттар таш-талканы чыгып, урап калды». «Элдин баары чуру-чуу түшүп жатты... Көптөрдүн айтымында, жер титирөө эки мүнөттөй эле болуптур. Мага болсо тим эле узакка созулгандай сезилди». Бул — 2015-жылы Непалда болгон жер титирөөдөн аман калган айрым кишилердин айткандары. Эгер силер да жүрөккө так калтырган ушундай окуяны баштан кечирсеңер, аны өмүр бою унутмак эмес болушуңар керек.

2 Биз да азыркы тапта бир нерсенин солкулдап жатканына күбө болуп жатабыз. Бирок кайсы бир шаар же өлкө эмес, бүт элдер солкулдатылып жатат. Мунун башталганына ондогон жылдар болуп калды. Бул тууралуу Акай пайгамбар алдын ала мындай деп айткан: «Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мындай дейт: „Жакын арада мен асман менен жерди, деңиз менен кургактыкты дагы бир жолу солкулдатам“» (Акай 2:6).

3. Каймана маанидеги солкулдатуу кадимки жердин силкинишинен эмнеси менен айырмаланат?

3 Бардык жерди кыйратып, бүлгүн салган кадимки жер силкинүүдөн айырмаланып, Акай китебинде айтылган солкулдатуунун натыйжасы жакшы болот. Жахаба өзү ал тууралуу: «Бардык элдерди солкулдатам, ошондо бул үйгө бардык элдердин асыл заттары келет, мен бул үйдү даңкка толтурам»,— деген (Акай 2:7). Бул пайгамбарлык сөз Акайдын замандаштары үчүн эмнени билдирген? Ал эми биз үчүн эмнени билдирет? Келгиле, ушул суроолорго жооп алалы. Бүгүнкү күндө элдерди солкулдатуу ишине кантип салым кошо аларыбызды да карап чыгалы.

АКАЙДЫН КҮНДӨРҮНДӨГҮ КАЙРАТТАНДЫРГАН КАБАР

4. Жахаба Акайды эмне үчүн колдонгон?

4 Жахаба Акай пайгамбарга маанилүү иш тапшырган. Адегенде ага чейин болгон окуяларга сереп салалы. Акай пайгамбар, сыягы, б.з.ч. 537-жылы Бабылдан Иерусалимге кайтып келгендердин арасында болсо керек. Мекенине кайтып келгенден көп өтпөй Жахабага ишенимдүү кызмат кылгандар Жахабанын үйүнүн, тактап айтканда, ибадаткананын пайдубалын тургуза башташкан (Эзра 3:8, 10). Тилекке каршы, көп өтпөй эле кейиштүү окуя болгон. Душмандар каршылык кылгандыктан, элдин шаабайы сууп, курулуш иши токтоп калган (Эзра 4:4; Акай 1:1, 2). Ошондуктан Жахаба элди кайраттандырып, ибадаткананы куруп бүтүргөнгө түрткү бериш үчүн б.з.ч. 520-жылы Акай пайгамбарды колдонгон * (Эзра 6:14, 15).

5. Эмне үчүн Акай айткан кабар элге дем-шык берген?

5 Акай айткан кабары менен элдин Жахабага болгон ишенимин чыңдашы керек болчу. Ал ындыны өчүп калган элге: «„Бүт эл, кайраттанып, ишке киришкиле“,— дейт Жахаба. „Анткени мен силер менен болом“,— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба»,— деп дем берген (Акай 2:4). «Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба» деген сөздөр элге бир топ эле кайрат берсе керек. Жахабанын кол алдында түмөндөгөн периштелерден турган аскер бар. Ошондуктан жүйүттөр ага таянып, курулуш ишин аягына чыгара аларына ишениши керек болчу.

6. Акай алдын ала айткан солкулдатуунун натыйжасы кандай болмок?

6 Жахаба Акай пайгамбар аркылуу каймана мааниде бүт элдерди солкулдатарын айттырган. Ал ошол кезде көп элдерди бийлеп турган Персия империясын солкулдатмак. Бул кабар кайраты качып турган жүйүттөрдү кадимкидей жандандырган. Эмне үчүн? Жахабанын элдерди солкулдатканынын натыйжасы кандай болмок? Биринчиден, жүйүттөр ибадаткананы куруп бүтүрмөк. Андан соң башка улуттагылар да аларга кошулуп кайра курулган ибадатканада Жахабага сыйына баштамак. Бул, чын эле, Кудайдын элине күч-кайрат берген кабар болгон! (Зак. 8:9).

БҮГҮНКҮ КҮНДӨГҮ БҮТ ЖЕР ЖҮЗҮН СОЛКУЛДАТКАН ИШ

Бүгүнкү күндө жер жүзүн солкулдатып жаткан ишке толук кандуу катышып жатасыңарбы? (7, 8-абзацтарды карагыла) *

7. Бүгүнкү күндө эмне болгон солкулдатуу ишине катышып жатабыз? Түшүндүргүлө.

7 Бүгүнкү күндө Акай айткан сөздөрдүн биз үчүн кандай мааниси бар? Азыр да Жахаба элдерди кайрадан солкулдатып жатат. Бул ишке биз да катышып жатабыз. Мунун кандайча болуп жатканы тууралуу ойлонуп көрөлү. 1914-жылы Жахаба асмандагы Падышалыкты орнотуп, анын Падышасы катары Иса Машаякты дайындаган (Заб. 2:6). Падышалыктын орногону дүйнө төбөлдөрү үчүн жаман кабар болгон. Анткени бул «башка элдерге белгиленген убакыт» — түздөн түз Жахабанын бийлигин билдирген бир да бийлик болбой турган мезгил — соңуна чыкканын билдирген (Лк. 21:24). Ушуну түшүнгөндүктөн Жахабанын эли, өзгөчө 1919-жылдан баштап, Кудайдын Падышалыгы гана бүт адамзаттын көйгөйүн чечип берерин жарлай баштаган. «Падышалык жөнүндөгү бул жакшы кабар» ошондон бери дүйнө жүзүн солкулдатып келет (Мт. 24:14).

8. Забур 2:1—3-аяттарга ылайык, элдердин көбү кабарга кандай жооп кайтарып жатышат?

8 Бул кабарга адамдар кандай жооп кайтарып жатат? Негизинен, көптөр кабарды четке кагып жатат. (Окугула: Забур 2:1—3.) «Элдер дүрбөлөңгө түшүп» жатат. Алар Жахаба дайындаган Падышаны кабыл алган жок. Биз тараткан Падышалык жөнүндөгү кабарды «жакшы кабар» деп эсептебейт. Ал турсун айрым өкмөттөр кабар айтуу ишине тыюу салып келет. Андай өлкөлөрдүн башкаруучулары Кудайга сыйынабыз дегени менен, бийлигин, күчүн жоготкусу келбейт. Ошондуктан 1-кылымдагыдай эле, азыркы учурдагы башкаруучулар Исанын жолдоочуларына кол салып, Жахабанын Майланганына каршы чыгып жатышат (Элч. 4:25—28).

9. Элдердин терс жооп кайтарып жатканына Жахаба кандай карайт?

9 Элдердин терс жооп кайтарып жатканына Жахаба кандай карайт? Забур 2:10—12-аяттарда бул тууралуу мындай делет: «Ошондуктан, падышалар, ойлонуп иш кылгыла, жер жүзүнүн бийлери, оңолгула. Жахабага коркуу менен кызмат кылгыла, сестенүү менен кубангыла. Ал каарданбашы үчүн, жолуңарда кыйратылбаш үчүн, Уулун тосуп алгыла, анткени Кудайдын каары тез кайнайт. Аны баш маана кылгандардын баары бактылуу!» Ырас, кайрымдуу Кудайыбыз Жахаба ага каршы чыккандарга туура чечим чыгарганга мүмкүнчүлүк берип жатат. Аларда оюн өзгөртүп, Жахабанын Падышалыгына баш ийгенге убакыт бар. Бирок убакыт бүтүп баратат. Биз дүйнө түзүлүшүнүн «акыркы күндөрүндө» жашап жатабыз (2 Тим. 3:1; Ыш. 61:2). Эгер алар чындыкты таанып-билип, туура чечим чыгарбаса, өтө эле кеч болуп калышы мүмкүн.

ЖАКШЫ ЖООП КАЙТАРГАНДАР

10. Акай 2:7—9-аяттардан көрүнүп тургандай, элдерди солкулдатуу иши айрымдарга кандай таасир этмек?

10 Акай пайгамбар айткан элдерди солкулдатуу иши айрымдарга оң таасир этип жатат. Ал ошол иштин аркасында Жахабага сыйыныш үчүн «бардык элдердин асыл заттары» (жүрөгү таза адамдар) келерин айткан *. (Окугула: Акай 2:7—9.) «Акыркы күндөрдө» ушундай болорун Ышая, Микей пайгамбарлар да алдын ала айткан (Ыш. 2:2—4; Мик. 4:1, 2).

11. Падышалык жөнүндөгү кабарды биринчи жолу укканда бир ишенимдешибиз кандай кабыл алган?

11 Бүт жер жүзүн солкулдатып жаткан иштин аркасында чындыкты тааныган Кен деген ишенимдешибизди мисалга алалы. Ал бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыкта кызмат кылат. Анын 40 жылдай мурун Падышалык жөнүндөгү кабарды биринчи жолу укканы күнү бүгүнкүдөй эсинде. Кен мындай дейт: «Кудайдын Сөзүндөгү чындыкты биринчи жолу укканда бул дүйнө түзүлүшүнүн акырында жашап жатканыбызды билип аябай сүйүнгөм. Кудайга жагып, түбөлүк өмүр сүргүм келсе, урайын деп араң турган бул дүйнөдөн бөлүнүп, Жахаба тарапта бек турушум керектигин түшүнгөм. Ошондо Жахабадан жардам сурап тиленип, ошенткенге бел байлагам. Анан бул дүйнөдөн чыгып, эч качан кыйрабай турган Кудайдын Падышалыгына үмүт арта баштагам».

12. Жахабанын рухий ибадатканасы азыркы акыркы күндөрдө кандайча даңкка толуп жатат?

12 Жахабанын өз элине батасын берип жатканына шек жок. Акыркы күндөр башталгандан бери Кудайдын элинин саны дүркүрөп өсүп келет. Алсак, 1914-жылы алардын саны беш миңге жетчү эмес. Азыр болсо сегиз миллиондон ашып кетти. Дагы миллиондогон адамдар жыл сайын Эскерүү кечесине катышып жатышат. Ошонун аркасында Жахабанын рухий ибадатканасынын жердеги короолору (таза сыйынуу үчүн көрүлгөн чара) «бардык элдердин асыл заттарына» толуп жатат. Ал адамдар «жаңы табиятты кийип», өзгөргөнүнүн аркасында Жахабанын ысмы да даңкталып жатат (Эф. 4:22—24).

Кудайдын Падышалыгы жөнүндө кабар айтып жаткан төгөрөктүн төрт бурчундагы Жахаба Кудайдын эли (13-абзацты карагыла)

13. Кудайдын элинин өсүшүнө байланыштуу дагы кайсы пайгамбарлык сөздөр аткарылып жатат? (Мукабадагы сүрөттү карагыла.)

13 Ушундай өсүш тууралуу Ышая китебинин 60-бөлүмүндө да алдын ала айтылган. 22-аятта: «Аздан миң, кичинеден күчтүү эл чыгат. Мен, Жахаба, муну өз убагында тездетем»,— деп жазылган. Жахабанын уюмуна көп адамдардын агылып келип жатканынын аркасында көп нерсе ишке ашып жатат. Себеби ал «асыл заттар» ар кандай шык-жөндөмгө ээ. Ошондой эле Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды таратканга дилгир. Алардын шык-жөндөмү Жахабанын элине чоң пайдасын тийгизип жатат. Ышая айткандай, биз «элдердин сүтүн... эмип» жатабыз (Ыш. 60:5, 16). Андай асыл адамдардын жардамы менен жакшы кабар 240 өлкөдө таратылып, адабияттарыбыз 1000ден ашуун тилге которулуп жатат.

ЧЕЧИМ ЧЫГАРА ТУРГАН УБАК

14. Адамдар азыр кандай чечим чыгарышы керек?

14 Күнү бүтүп бараткан бул дүйнөнүн акырында элдер солкулдатылып жаткандыктан, адамдар чечим чыгарышы керек болуп турат. Алар Кудайдын Падышалыгын колдойбу же бул дүйнөдөгү өкмөттөргө ишеним артабы, тандашы керек. Бул — ар бир киши чыгарышы керек болгон чечим. Жахабанын эли өз өлкөсүнүн мыйзамына баш ийсе да, саясий иштерине аралашпай, толук бейтараптуулук сакташат (Рим. 13:1—7). Анткени алар адамзат көйгөйлөрүнүн баарын бир гана Кудайдын Падышалыгы чечип берерин билишет. Ал Падышалык болсо бул дүйнөгө таандык эмес (Жкн. 18:36, 37).

15. Берилгендигибиз сынала турган убак келери Аян китебинде кандайча көрсөтүлгөн?

15 Аян китебинде акыркы күндөрдө Кудайдын элинин берилгендиги сыналары айтылган. Аларга көрсөтүлгөн каршылык, куугунтук барган сайын күчөй берет. Бул дүйнөдөгү өкмөт башчылары өздөрүнө гана баш ийишибизди талап кылат. Аларды колдобогондорду болсо куугунтукташат (Аян 13:12, 15). Өкмөттөр «бардык адамдарды: карапайымдарды да, жогорку даражалууларды да, байларды да, жакырларды да, эркин адамдарды да, кулдарды да оң колуна же чекесине белги койдурганга мажбурлайт» (Аян 13:16). Байыркы убакта кулдарга кимге таандык экенин көрсөткөн белги коюп коюшчу. Ошол сыяктуу эле, азыркы өкмөттөр да ар бир кишиден каймана мааниде колуна же чекесине белги койдурууну талап кыла турган убак келет. Тагыраак айтканда, ар бир киши көз карашы, иш-аракети менен кайсы бир саясий түзүлүшкө таандык экенин, аны колдой турганын көрсөтүшү керек болот.

16. Эмне үчүн азыр Жахабага болгон берилгендигибизди чыңдай турган убак?

16 Биз каймана маанидеги ошол белгини койдуруп, саясий өкмөттөрдү колдойбузбу? Белги койдуруудан баш тарткандардын баары кыйынчылыктарга туш болот, өмүрүнө да коркунуч туулушу мүмкүн. Аян китебинде айтылгандай, «белги... койдурган адамдардан башка эч ким сатып ала албай» да, «сата албай» да калат (Аян 13:17). Бирок Кудайдын эли белги койдургандар акыры эмне болорун билет. Бул тууралуу Аян 14:9, 10-аяттарда жазылган. Жахабанын кызматчылары белги койдурушпайт. Анын ордуна, мындайча айтканда, колуна: «Мен Жахабага таандыкмын»,— деп жазып алышат (Ыш. 44:5). Ошол себептен азыр Жахабага болгон берилгендигибизди чыңдай турган убак. Ошентсек, Жахаба ага таандык экенибизди көрүп аябай кубанат.

СОҢКУ СОЛКУЛДАТУУ

17. Жахабанын чыдамдуулугуна байланыштуу эмнени эстен чыгарбашыбыз керек?

17 Азыркы акыркы күндөрдө Жахаба көп нерсеге чыдап келатат. Себеби эч кимдин өлүшүн каалабайт (2 Пет. 3:9). Ал баарына өкүнүп, туура чечим чыгарганга мүмкүнчүлүк берип жатат. Бирок ал чексиз эле чыдай бербейт. Мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгаргандар Муса пайгамбардын күндөрүндөгү фараон көргөндү көрүшөт. Жахаба ал жөнүндө: «Мен эбак эле колумду сунуп, сени да, элиңди да жугуштуу ооруга чалдыктырып, сени жер бетинен жок кылып коё алмакмын. Бирок мен сени, сага күчүмдү көрсөтүш үчүн жана ысмым бүт жер жүзүнө жарыяланышы үчүн, тирүү калтырдым»,— деген (Чыг. 9:15, 16). Ооба, жакында бардык элдер Жахабанын жалгыз чыныгы Кудай экенин моюнга алганга аргасыз болушат (Жез. 38:23). Бул кандайча болот?

18. а) Акай 2:6, 20—22-аяттарда эмне болгон титирөө жөнүндө айтылган? б) Акайдын айткандары келечекте аткарылат деп эмне үчүн айта алабыз?

18 Акайдын күндөрүнөн кылымдар өткөндөн кийин элчи Пабыл Акай 2:6, 20—22-аяттардагы сөздөрдүн келечекте да аткарылмактыгын айткан. (Аяттарды окугула.) Ал мындай деп жазган: «Азыр ал: „Жерди гана эмес, асманды да дагы бир жолу солкулдатам“,— деп убада берип жатат. „Дагы бир жолу“ деген сөздөр титиребеген нерселер калышы үчүн, титиреген нерселер — башка бирөө жасаган нерселер — жок кылынарын көрсөтүп турат» (Евр. 12:26, 27). Бул аяттарда элчи Пабыл сөз кылган титирөө Акай 2:7де жазылган солкулдатуудан айырмаланат. Ал титирөөнүн натыйжасында фараондой болуп Жахабанын бийлик кылууга укуктуу экенин четке каккандар түбөлүккө жок кылынат.

19. Эмне козголбойт жана муну кайдан билебиз?

19 Анда эмне солкулдабайт же жок кылынбайт? Пабыл сөзүн мындай деп улаган: «Козголбос Падышалыкты аларыбызды билгендиктен мындан ары да ырайымга ээ боло берели. Ал аркылуу биз ыйык кызматыбызды Кудайга жаккыдай жол менен жана андан коркуп, аны терең урматтоо менен аткарабыз» (Евр. 12:28). Ооба, бул дүйнө акыркы жолу солкулдатылып, чаңы көккө сапырылганда, Кудайдын Падышалыгы гана козголбойт. Ал түбөлүккө тура берет (Заб. 110:5, 6; Дан. 2:44).

20. Адамдар эмнени тандашы керек жана биз аларга кантип жардам бере алабыз?

20 Азыр токтоосуз иш-аракет кыла турган убак. Адамдар бул дүйнө даңазалаган жашоону тандап, өмүрү менен биротоло кош айтышабы же Кудайдын талаптарына ылайык жашаганга бүт күчүн жумшап, түбөлүк өмүр сүрөбү, тандашы керек (Евр. 12:25). Биз кабар айтуу ишине катышып андай адамдарга бул маанилүү маселеде туура чечим чыгарганга жардам бере алабыз. Келгиле анда, мындан ары да жүрөгү таза адамдарга Падышалык тарапты ээлегенге көмөк кыла берели. Мырзабыз Иса Машаяктын: «Падышалык жөнүндөгү бул жакшы кабар дүйнө жүзү боюнча бардык элдерге күбөлөндүрүү катары таратылат. Ошондон кийин дүйнө түзүлүшүнүн акыры келет»,— деген сөздөрүн эсибизге бек түйүп алалы (Мт. 24:14).

40-ЫР: Биз кимге таандыкпыз?

^ 5-абз. Акай 2:7ге байланыштуу түшүнүгүбүздүн такталганын карап чыгабыз. Ошондой эле Кудай бардык элдерди солкулдатыш үчүн жүргүзүп жаткан ишке кантип салым кошо аларыбызга токтолобуз. Адамдардын буга кандай жооп кайтарып жатканын да билебиз.

^ 4-абз. Акай пайгамбар өзүнө тапшырылган ишти жакшы аткарган деп айта алабыз. Анткени б.з.ч. 515-жылы ибадаткана толугу менен курулуп бүткөн.

^ 10-абз. Бул аят такталды. Мурда жүрөгү таза адамдар Жахабага бардык элдер солкулдатылып жаткандыктан келип жаткан жок деп түшүнүп келгенбиз. Карагыла: «Күзөт мунарасы», 2006-жыл, 15-май, «Окурмандардын суроолору» (ор).

^ 63-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Кудайдын элин кайрадан ибадаткананы курууга киришкенге үндөп жаткан Акай пайгамбар. Кудайдын кабарын ынтызарлык менен жарлап жаткан биздин доордогу ишенимдештерибиз. Соңку солкулдатуу жөнүндө кабарлап, бүт жер жүзүн солкулдаткан ишке катышып жаткан жубайлар.