Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

43-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Багынбагыла!

Багынбагыла!

«Жакшылык кылып жатып багынбайлы» (ГАЛ. 6:9).

68-ЫР: Падышалыктын үрөнүн себели

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Кандай сыймыкка ээбиз жана бизге эмне кубаныч тартуулайт?

Жахабанын Күбөсү болгонубузга аябай сыймыктанабыз! Себеби Жахабанын ысымын алып жүрөбүз жана башкаларга ал жөнүндө айтып, шакирт даярдайбыз. «Түбөлүк өмүргө карата туура көз карашта болгондор» өмүр жолуна түшкөндө, аябай кубанабыз. (Элч. 13:48). Биз Исаныкындай сезимдерди туябыз. Шакирттери жакшы кабар айтып келгенден кийин, ал «ыйык рухка толуп, кубанган» (Лк. 10:1, 17, 21).

2. Кабар айтуу иши биз үчүн чоң мааниге ээ экенин кантип көрсөтөбүз?

2 Кабар айтуу иши биз үчүн чоң мааниге ээ. Элчи Пабыл Тиметейге: «Өзүңө жана окутууңа дайыма көңүл бур... ошондо өзүңдү да, угуучуларыңды да куткарасың»,— деген (1 Тим. 4:16). Ооба, бул иштен көптөгөн адамдардын өмүрү көз каранды. Пабыл айткандай, биз дайыма өзүбүзгө көңүл бурушубуз керек. Анткени Кудайдын Падышалыгынын жарандарыбыз. Андыктан эмне иш кылбайлы, Жахабаны даңктаганга жана жарыялап жаткан жакшы кабарга татыктуу жашаганга аракет кылышыбыз керек (Флп. 1:27). Кызматка чыгарда жакшылап даярдансак, Жахабадан батасын беришин сурансак, окутуубузга көңүл буруп жатканыбызды көрсөтөбүз.

3. Баары эле кабарыбызга кулак кага бербей турганын көрсөткөн мисал айтып бергиле.

3 Кызматыбызга болгон күчүбүздүн баарын салсак да, аймагыбызда уккандар аз же такыр эле жок болушу мүмкүн. 1929-жылдан 1947-жылга чейин Исландияда жалгыз кабар айткан Георг Линдалдын мисалына токтололу. Ал он миңдеген адабият таратса да, кабарга эч ким кулак түргөн эмес. Георг бир тууганыбыз: «Айрымдары чындыкка каршы болсо, көпчүлүгү кайдыгер болчу»,— деп жазган. Кийинчерээк ал жака Гилаттын бүтүрүүчүлөрү дайындалган. Бирок алар баргандан 9 жыл өткөндөн кийин гана исландиялыктардын айрымдары өздөрүн Жахабага арнап чөмүлүшкөн *.

4. Эч кимдин Ыйык Китепти изилдегиси келбегени бизге кандай таасир этиши мүмкүн?

4 Көптөрдүн Ыйык Китепти изилдегиси келбегени көңүлүбүздү чөгөрбөй койбойт. Андайда өзүбүздү Пабылдай сезишибиз мүмкүн. Жүйүттөр Исаны Машаяк катары кабыл албай койгондо, «кайгыга батып жүрөгү» сыздаган (Рим. 9:1—3). Бирок канча күч жумшаганыңарга, канча жолу тиленгениңерге карабай, силер менен Ыйык Китепти изилдеп жаткан киши ийгилик кылбай жаткандыктан изилдөөнү токтотуш керек болуп жаткандыр. Же силер менен изилдегендердин эч кимиси чөмүлгөн эместир. Бул силердин бир нерсени туура эмес кылып жатканыңарды же Жахаба батасын бербей жатканын билдиреби? Бул макалада эки суроого жооп алабыз: 1) Кызматыбыз ийгиликтүү экени эмнеден көрүнөт? 2) Кызматта багынбаш үчүн эмнени унутпашыбыз керек?

КЫЗМАТЫБЫЗ ИЙГИЛИКТҮҮ ЭКЕНИ ЭМНЕДЕН КӨРҮНӨТ?

5. Эмне үчүн кызматыбыз дайыма эле биз каалагандай болбошу мүмкүн?

5 Ыйык Китепте Кудайдын эркин аткарган киши тууралуу: «Эмне иш кылбасын, ийгиликке жетет»,— деп айтылган (Заб. 1:3). Бирок бул Жахабага кылган кызматыбызда баары эле биз каалагандай боло берет дегенди билдирбейт. Себеби адамдын жашоосу «санаага толгон». Анын үстүнө, баарыбыз жеткилең эмеспиз. (Аюп 14:1). Анысы аз келгенсип, каршылаштар да кызматыбызга бут тосуп, ээн-эркин кабар айтканга тыюу салып коюшу мүмкүн (1 Кор. 16:9; 1 Тес. 2:18). Анда эмненин негизинде Жахаба кызматыбыз ийгиликтүү болуп жатат деп эсептейт? Бул суроого жооп алыш үчүн Ыйык Китептеги айрым принциптерди карап көрөлү.

Кимдир бирөөгө бетме-бет жолугуп же телефон, кат аркылуу кабар айтабызбы, Жахаба аракетибизди баалайт (6-абзацты карагыла)

6. Жахаба кызматыбызга эмненин негизинде баа берет?

6 Жахаба күч жумшаганыбызга, туруктуу болгонубузга көңүл бурат. Эл угабы, укпайбы, кызматыбызды жан жигерибизди төшөп жакшы көрүп аткарсак, Жахаба аны ийгиликтүү деп эсептейт. Пабыл мындай деп жазган: «Кудай силердин ыйыктарга мурун да, азыр да кызмат кылуу менен анын ысмына көрсөткөн сүйүүңөрдү, эмгегиңерди унутуп калгыдай адилетсиз эмес» (Евр. 6:10). Биз окуткандардын эч кимиси чөмүлбөсө да, Жахаба аракетибизди, сүйүүбүздү эч унутпайт. Андыктан кызматыбыз ойдогудай болбой жатса да, Пабылдын корунттуктарга: «Теңирдин алдында эмгегиңер текке кетпейт»,— деп жазганын көңүлүбүзгө түйүп алалы (1 Кор. 15:58).

7. Элчи Пабылдын кызматы жөнүндө айткандарынан эмнени үйрөнсөк болот?

7 Элчи Пабыл кызмат дегенде жанын берген киши болгон. Ал көп шаарларда көптөгөн жыйналыштарды түптөгөн. Бирок Пабылды жакшы окутуучу эмессиң деп сындагандар да болгон. Ошондо ал баланча кишиге Кудайдын жолуна түшүүгө жардам бердим деп, санга басым жасаган эмес. Ал тек гана аны сындагандарга караганда «көп эмгектенгенин» айткан (2 Кор. 11:23). Андыктан, Пабылдай болуп, Жахаба үчүн кылган эмгегибиз, туруктуу болгонубуз маанилүү экенин унутпайлы.

8. Кызматыбызга байланыштуу эмнени эстен чыгарбашыбыз керек?

8 Кылган кызматыбыз Жахабага жагат. Иса Кудайдын Падышалыгы жөнүндө кабар айтыш үчүн 70 шакиртин жибергенде, алар кубанычтуу кайтып келишкен. Алар эмне үчүн кубанышкан? Шакирттер Исага: «Сенин ысмыңды айтканда, бизге атүгүл жиндер да баш ийип жатышат»,— дешкен. Бирок Иса алардын оюн оңдоп: «Жиндердин баш ийип жатканына эмес, ысмыңардын асманда жазылганына кубангыла»,— деп айткан (Лк. 10:17—20). Анткени алардан кызматы дайыма эле жемиштүү боло бербей турганын түшүнгөн. Шакирттер ошондо кабар айткан кишилердин канчасы Кудайдын жолуна түшкөнүн так билбейбиз. Андыктан шакирттер кызматынын натыйжасына эмес, Жахабага жаккан ишке бүт күчүн жумшап жатканына кубанышы керек болчу. Себеби Жахаба үчүн так ошол нерсе маанилүү.

9. Галатиялыктар 6:7—9-аяттарга ылайык, эгер багынбасак, кандай бата алабыз?

9 Кызматта багынбасак, түбөлүк өмүргө жетебиз. Эгер Падышалык жөнүндө чындыктын үрөнүн колубузду тындырбай себе берсек, «рухка сепкен» болобуз. Эмне үчүн минтип айта алабыз? Анткени Жахабанын кызматын аткарганыбыздын өзү эле анын рухуна жетектелгибиз келерин көрсөтүп турат. «Багынбасак» же «алсырап калбасак», түбөлүк өмүрдү оруп алабыз. Муну Жахаба өзү убадалаган. Бул кимдир бирөөгө чөмүлгөнгө жардам берер-бербесибизден көз каранды эмес. (Окугула: Галатиялыктар 6:7—9.)

БАГЫНБАШ ҮЧҮН ЭМНЕЛЕРДИ УНУТПАШЫБЫЗ КЕРЕК?

10. Адамдын кабарга кулак кагар-какпасы эмнеден көз каранды?

10 Чындыкка кулак кагар-какпасы жүрөгүнөн көз каранды. Муну Иса ар кандай жерге сепкен үрөн себүүчү жөнүндөгү мисалында түшүндүргөн. Ал сепкен үрөндөрдүн бирөөсү эле өнүп чыккан (Лк. 8:5—8). Жер адамдын жүрөгүн билдирет. Ал «Кудайдын сөзүн» угабы, укпайбы, жүрөгүнөн көз каранды (Лк. 8:11—15). Үрөн себүүчү сыяктуу эле, биз чындыктын үрөнүнүн өсүшүнө таасир эте албайбыз. Анткени бул адамдын жүрөгүнө жараша болот. Бизге артылган жоопкерчилик — Падышалык жөнүндөгү үрөндү себүү. Элчи Пабыл ар бири өз эмгегинин натыйжасына жараша эмес, «эмгегине жараша сыйлык аларын» айткан (1 Кор. 3:8).

Нух пайгамбар көп жыл бою Кудайдын кабарын айтса да, кемеге үй-бүлөсүнөн башка эч ким кирген эмес. Ошого карабай ал Кудайга баш ийип, ал тапшырган ишти соңуна чыгарган. (11-абзацты карагыла)

11. Эч ким кулак какпаса да, эмне үчүн Нухтун кызматы ийгиликтүү болгон? (Мукабадагы сүрөттү карагыла.)

11 Тарых бою Жахабанын кызматчылары айткан кабарга эч ким кулак каккан эмес. Алсак, Нух, сыягы, ондогон жылдар бою «адилдиктин кабарчысы болгон» (2 Пет. 2:5). Ал деле анын кабарына кулак каккандар болот болуш керек деп үмүттөнсө керек. Бирок Жахаба ошондой болот деп айткан эмес. Ал Нухка кеме курганга байланыштуу көрсөтмөлөрдү берип жатканда: «Кемеге сени менен кошо уулдарың, аялың, келиндериң кирсин»,— деген (Башт. 6:18). Жахаба Нухка кеменин көлөмү жөнүндө айтканда, Нух кабарга көп деле кишинин кулак какпай турганын түшүнсө керек. Себеби кемеде баарына орун болмок эмес (Башт. 6:15). Анан баарыбыз жакшы билгендей, Нухтун айткандарына ошол ыймансыз дүйнөдө бир да киши ишенген эмес (Башт. 7:7). Ошондо Жахаба Нухка кабарды жакшы айткан жоксуң дегенби? Албетте жок! Ал анын кызматын ийгиликтүү деп эсептеген. Анткени Нух Кудай ага эмне деп айтса, ошонун баарын аткарган (Башт. 6:22).

12. Эч нерсеге карабай кызматын кубаныч менен аткарганга Жеремияга эмне жардам берген?

12 Жеремия дагы ондогон жылдар бою кабар айткан. Ага каршы чыккандар да, кайдыгер карагандар да болгон. Ал каршылаштарынын «маскара, шылдың» кылганына көңүлү чөгүп, кызматын жыйыштырып койгусу келген (Жер. 20:8, 9). Бирок анткен эмес! Ага терс сезимдер менен күрөшкөнгө, кызматтан кубаныч алганга эмне жардам берген? Жеремия көңүлүн эки маанилүү нерсеге топтогон. Биринчиден, ал айткан Кудайдын кабары элге «келечек менен үмүт берген» (Жер. 29:11). Экинчиден, бул ишти аткарганга Жеремияны Жахаба өзү тандаган (Жер. 15:16). Биз да күнү бүтүп бараткан дүйнөдөгү адамдарга үмүт берген кабар айтып жатабыз жана Жахабанын Күбөсү катары анын атын алып жүрөбүз. Эгер Жеремиядай болуп, ушул эки нерсени эсибизден чыгарбасак, эл угабы, укпайбы, кубанычыбызды жоготпой кызмат кыла беребиз.

13. Марк 4:26—29-аяттардагы Исанын мисалынан эмнени үйрөнсөк болот?

13 Үрөндүн өсүшү убакытты талап кылат. Муну Исанын үрөндү сээп, кечкисин уктаган киши жөнүндөгү мисалынан түшүнүүгө болот. (Окугула: Марк 4:26—29.) Ал үрөндүн өсүшүн тездете алган эмес. Эмгегинин үзүрүн бир нече убакыттан кийин көргөн. Бизге да күткөнгө туура келет. Себеби Ыйык Китепти изилдеп жаткандар ийгилик кылышы үчүн, убакыт керек. Себүүчү үрөндү күчкө салып өстүрө албагандай эле, биз да Ыйык Китепти изилдеп жаткандарды күчкө салып чөмүлтө албайбыз. Бирок алардын өсүшү биз күткөндөн кечирээк болуп жатсачы? Андайда көңүлүбүздү чөгөрбөшүбүз, багынбашыбыз керек. Ооба, сабырдын түбү — сары алтын дегендей, күтө билишибиз керек (Жкп. 5:7, 8).

14. Кызматта күтө билишибиз керектигин көрсөткөн мисал айтып бергиле.

14 Кээ бир аймактарда өсүш көпкө чейин болбошу мүмкүн. Глэдис менен Руби Аллен деген эже-сиңдинин мисалына токтололу. Алар 1959-жылы Канаданын Квебек деген провинциясындагы чакан шаарга үзгүлтүксүз пионер болуп дайындалышкан *. Элден корккондуктан жана католик чиркөөсү кысым көрсөткөндүктөн, көптөр алар айткан кабарга кулак каккан эмес. Глэдис мындай деп эскерет: «Күнүгө сегиз сааттан үймө-үй кабар айтып жүрчүбүз. Ошентип, эки жыл жүрдүк. Же бирөө угуп койсочу! Тыкылдатканыбызда, эшиктин жанына келишчү да, биз экенибизди көргөндө бурулуп алып басып кетишчү. Бирок биз багынган жокпуз». Убакыттын өтүшү менен элдин жүрөгү жумшарып, чындыкка кызыккандар чыга баштаган. Учурда ал шаарчада үч жыйналыш бар (Ыш. 60:22).

15. 1 Корунттуктар 3:6, 7ден шакирт даярдоо иши жөнүндө эмнени биле алабыз?

15 Шакирт даярдоо жалгыз кишинин иши эмес. Бир кишинин чөмүлүшүнө бүт жыйналыш салым кошот. (Окугула: 1 Корунттуктар 3:6, 7.) Мисалы, бир жарчы кимдир бирөөгө баракча же журнал берет. Анан колу бошобой калгандыктан ага барып коюшун башка ишенимдешинен суранат. Ал болсо аны менен Ыйык Китепти изилдей баштайт. Изилдөөгө жыйналыштагыларды да чакырат. Алардын ар бири Ыйык Китеп изилдеп жаткан кишинин ишенимин ар кандай жолдор менен бекемдейт. Ушундайча ар бир жарчы анын жүрөгүндөгү чындыктын үрөнүн сугарган болот. Натыйжада, Иса айткандай, сепкен да, сугарган да эмгегинин үзүрүн көрүп кубанат (Жкн. 4:35—38).

16. Кызматка мурункудай көп катыша албай калсаңар да, канткенде кубаныч ала аласыңар?

16 Ден соолугуңар начар болгондуктан же мурдагыдай күүлүү-күчтүү болбой калгандыктан кабар айтуу ишине жакшы катыша албай калышыңар мүмкүн. Бирок ошондой болсо да кызматтан кубаныч ала аласыңар. Амалыктын тукумдары Дөөтүнүн жана анын кишилеринин мал-мүлкүн тоноп, үй-бүлөлөрүн туткундап кеткенин эстесеңер. Ошондо алар артынан куп барышкан. Бирок Дөөтүнүн 200 кишиси аябай чарчагандыктан жүктүн жанында калышкан. Согуштан жеңиш менен кайтып келишкенде, Дөөтү согушка баргандарга да, жүк кайтарып калгандарга да олжону тең бөлүштүргөн (1 Шем. 30:21—25). Бул окуядан шакирт даярдоо ишине байланыштуу маанилүү нерсеге үйрөнө алабыз. Силер кабар айтуу ишине өзүңөр каалагандай көп катыша албай калышыңар мүмкүн. Бирок колуңардан келгенин кыла берсеңер, ар бир жаңы жарчы кошулган сайын, кубанычка бөлөнөсүңөр. Анткени силердин да салымыңар бар экенин билесиңер.

17. Жахабага эмне үчүн ыраазы болсок болот?

17 Жахаба биздин кызматта кылган ар бир аракетибизди баалайт. Ошону үчүн ага аябай ыраазыбыз. Ал биздин башкаларды өмүр жолуна мажбурлап алып келе албай турганыбызды билет. Бирок багынбай ага жан-дилибизден кызмат кылып жатканыбызды байкабай койбойт жана сыйлыксыз калтырбайт. Ошондой эле бүткүл дүйнө жүзү боюнча жүргүзүлүп жаткан кабар айтуу ишинде канткенде кубанычыбызды арбытсак болорун үйрөтүп жатат (Жкн. 14:12). Андыктан Жахабага жаккан иш менен алек болуп жатканыбызды унутпай, багынбайлы!

67-ЫР: Кудайдын сөзүн кабарла

^ 5-абз. Адамдар жакшы кабарга кулак какса, кубанабыз. Кулак какпаса, көңүлүбүз чөгөт. Сени менен Ыйык Китепти изилдеген адам эч кандай ийгилик кылбасачы? Же сени менен изилдегендердин эч бири чөмүлбөсөчү? Бул колуңан эч нерсе келбей турганын билдиреби? Бул макалада эмненин аркасында кызматта ийгиликке жете аларыбызды жана эл угабы, укпайбы, кызматыбыздан кубанычыбызды жоготпош үчүн эмне кылсак болорун билебиз.

^ 3-абз. «Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык китебин» карагыла. (2005-ж., 205—211-б., ор.)

^ 14-абз. Глэдис Аллендин «Эч нерсе өзгөртмөк эмесмин» деген өмүр баянын карагыла. («Күзөт мунарасы», 2002-жыл, 1-сентябрь, ор.)