Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

1921. Жүз жыл мурун

1921. Жүз жыл мурун

«Ушул жылы бизди кандай иш күтүп турат?» 1921-жылдын 1-январындагы «Күзөт мунарасында» жигердүү Ыйык Китеп Изилдөөчүлөргө ушундай суроо узатылган. Жооп иретинде Ышая 61:1, 2ден үзүндү келтирилген. Ал жерде Жахабанын аларга кабар айтуу ишин тапшырганы эскертилген. Аяттарда мындай делген: «Жахаба мени мүнөзү жумшактарга жакшы кабар айтуу үчүн майлады... Жахабанын ырайым кылар жылын, Кудайыбыздын өч алар күнүн жарыялоого... жиберди».

ЖАЛТАНБАС ЖАРЧЫЛАР

Ушул ишти аткарыш үчүн Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдөн кайраттуу болушу керек болчу. Анткени алар «мүнөзү жумшактарга жакшы кабар айткандан» тышкары, ыймансыздарга Кудайдын «өч алар күнүн жарыялашы» керек эле.

Жалтанбас жарчылардын бири Канадада жашаган Генри Хоскин болгон. Ал 1921-жылдын жаз айларында бир чиркөөнүн дин кызматчысы менен сүйлөшкөн. Генри сөзүн минтип баштаган: «Ыйык Китепте жазылгандар тууралуу маектешкенибиз жагымдуу болушу керек деп ойлойм. Бирок ошондой болбой калган күндө да, кас болбой, дос бойдон калсак болот». Андан ары эмне болгон? Генри сөзүн мындай деп улайт: «Экөөбүз бир нече эле мүнөт сүйлөштүк. Ошондон кийин ал эшигин тарс жаап туруп, басып кетти. Мага эшиктин айнеги күбүлүп калчудай эле сезилди».

«Сен Кудайга ишенбегендер менен барып сүйлөшпөйсүңбү!» — деп кыйкырган тиги дин кызматчы. Ошондо Генри тилин тишине катып туруп калган. Тиги кеткенден кийин ичинен: «Мен так ошондой киши менен сүйлөштүм окшойт»,— деген.

Ал дин кызматчы эртеси чиркөөсүнө барып Генри бир тууганыбызды болушунча жамандаган. Генри эскергендей: «Ал чиркөөсүндөгүлөргө мени жеткен алдамчы киши кылып көрсөтүп: „Аны атып салыш керек“,— деп айтыптыр». Бирок Генри тайманбастан кабар айта берген. Ал: «Мен жыргап кабар айтып жүрдүм. Кээ бирлер ал тургай: „Сен Кудайдын кишисисиң. Сага кем-карчыңды толуктап, кантип жардам берсек болот?“ — деп айтышчу»,— деген.

ӨЗДҮК ЖАНА ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ИЗИЛДӨӨ

Жакшы кабарга кызыккандарга көмөк көрсөтүш үчүн Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр «Алтын кылым» * журналына Ыйык Китепти изилдегенге жардам берген программа басып чыгарып турушчу. Мисалы, Ыйык Китепти изилдеген жеткинчектер үчүн суроолор чыга турган. Аларды ата-энелер «балдары менен талкуулап, суроолордун жообун Ыйык Китептен тапканга» жардам беришчү. Алсак, «Ыйык Китепте канча китеп бар?» деген суроо балдарга негизги чындыктарды билгенге көмөк кылган. Ал эми «Кудайдын ар бир кызматчысы куугунтукталышы керекпи?» деген суроо аларды эр жүрөктүк менен кабар айтканга даярдаган.

Ыйык Китепти жакшыраак билгендер үчүн дагы суроолор чыгып турган. Ал суроолор «Жазманы изилдөө» эмгегинин 1-томуна негизделген. Ыйык Китепти ушундай жол менен изилдөө миңдегендерге пайдасын тийгизсе да, «Алтын кылым» журналынын 1921-жылдын 21-декабрындагы санында ошол суроолор мындан ары чыкпай турганы кулактандырылган. Эмне үчүн?

ЖАҢЫ КИТЕП

«Кудайдын арфасы» деген китеп

Кайсы бөлүмдөр окулушу керектиги жазылган карточка

Суроолор жазылган карточка

Уюмда жетекчиликти колго алгандар жаңылардын Ыйык Китептеги негизги чындыктарды тема боюнча ырааты менен изилдеши керектигин түшүнүшкөн. Ошол себептен 1921-жылдын ноябрында «Кудайдын арфасы» деген жаңы китеп жарык көргөн. Бул китепти алган кызыгуучулар Ыйык Китепти өз алдынча изилдей алышчу. Мунун аркасында алар «Кудайдын адамзатка түбөлүк өмүр берерин» биле алышкан. Изилдөө кандайча жүргүзүлгөн?

Китепти алган киши аны менен кошо кичинекей карточка алчу. Анда китептин кайсы бөлүмдөрүн окушу керектиги жазылган. Кийинки жумада болсо ошол бөлүмдөргө негизделген суроолор жазылган карточка келчү. Анын аягында андан кийинки жумада эмнени окушу керектиги жазылчу.

Ошентип алар 12 жума бою жума сайын жаңы карточка алып турушкан. Аларды жергиликтүү жыйналыштагылар почта аркылуу жөнөтүшчү. Андай карточкаларды көбүнчө жыйналыштагы жашы өр тартып калган же мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарчылар жөнөтө турган. Мисалы, АКШнын Пенсильвания штатындагы Милвале шаарында жашаган Анна Гарднер мындай деп эскерет: «„Кудайдын арфасы“ деген китептин чыкканы майып эжем Тайл үчүн жакшы болду. Анткени анда ошол карточкаларга суроолорду жазып, Кудайга көбүрөөк кызмат кылганга мүмкүнчүлүк түзүлдү». Изилдөө ушундай жол менен аяктаган соң, кызыгуучуларга андан ары да Ыйык Китепти изилдегенге жардам бериш үчүн жергиликтүү жыйналыштан кимдир бирөө бара турган.

Майыптар арабасында отурган Тайл Гарднер

АЛДЫДА ТООДОЙ ИШ ЖАТАТ

1921-жылдын аягында Жозеф Рутерфорд бардык жыйналыштарга кат жолдогон. Катта мындай деп жазган: «Быйыл Кудайдын Падышалыгы жөнүндө мурунку жылдарга караганда көбүрөөк адамдарга күбөлөндүрүлдү. Натыйжасы да жакшы болду». Анан: «Бирок алдыда тоодой иш жатат. Ошон үчүн ушул кайталангыс ишке катышканга башкаларды да үндөгүлө»,— деп кошумчалаган. Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр Рутерфорддун чакырыгына ылайык иш кылышкан. Алар 1922-жылы Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды болуп көрбөгөндөй деңгээлде кайраттуулук менен жарыялашкан.

^ 9-абз. «Алтын кылым» деген журналдын аталышы 1937-жылы «Сооротуу» дегенге, 1946-жылы болсо «Ойгонгула!» дегенге өзгөргөн.