Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Өмүр баян

Жашоонун маңызын тапкым келчү

Жашоонун маңызын тапкым келчү

ЖЕР ОРТОЛУК ДЕҢИЗДИН терең жеринде сүзүп баратканбыз. Бир убакта эскилиги жеткен кайыгым тешилип, суу кирип жатканын байкадым. Анан катуу шамал согуп кирди. Ошондо жүрөгүм түшүп, көп жылдан бери Кудайдан биринчи жолу тилендим. Анда ушундай жагдайга кантип кабылып калганымды башынан баштап айтып берейин.

Жети жашымда. Үй-бүлөбүз менен Бразилияда жашачубуз

Мен 1948-жылы Нидерландияда жарык дүйнөгө келгем. Кийинки жылы Бразилиянын Сан-Паулу шаарына көчүп кеткенбиз. Ата-энем чиркөөгө үзбөй барчу. Үй-бүлөбүз менен кечки тамактан кийин Ыйык Китепти дайыма чогуу окуп турчубуз. 1959-жылы Кошмо Штаттардагы Массачусетс штатына көчүп кеттик.

Үй-бүлөбүз 8 кишиден турчу. Бизди багыш үчүн атам жан үрөп иштечү. Ал соодагер болуп ар кайсы жерлерди кыдырды, жол оңдоду, анан эл аралык авиакомпанияда да иштеди. Айтор, ар кандай жумуштарды кылды. Атамдын авиакомпанияда иштегени баарыбызга жакчу. Себеби ар кайсы жактарга саякаттачубуз.

Мектепте окуп жүргөн кезде: «Мектепти бүткөндөн кийин эмне кылам?» — деп ойлоно берчүмүн. Досторумдун айрымдары университетке тапшырышты. Башкалары аскерде кызмат өтөгөнү кетишти. Бирок мен башкалар менен урушканды, мушташканды жаман көргөндүктөн аскерге баргым келген жок. Ошол себептен университетке тапшырдым. Жүрөгүмдүн түпкүрүндө башкаларга жардам бергим келчү. Ошентсем, жашоом маңыздуу болот деп ойлочумун.

СТУДЕНТТИК КҮНДӨРҮМ

Көп жылдар бою жашоонун маңызын издеп келдим

Мен тиричиликтин кантип пайда болгонун билгим келчү. Ошон үчүн университетте антропология илимине көбүрөөк кызыкчумун. Ал жактан мугалимдер эволюция теориясын окутушчу. Бизди да ошого ишендиргиси келчү. Бирок алардын түшүндүргөн айрым нерселери такыр акылыма сыйган жок. Себеби эч кандай далилдерге негизделбеген, көздү жумуп алып эле ишениш керек болгон нерселер болчу. Бул болсо илимге караманча-каршы келет.

Университетте бизди адептүү болгонго, жаман-жакшыны ажыратканга үйрөтүшчү эмес. Тескерисинче, кандай жол менен болбосун, жакшы баа алганга басым жасалчу. Отуруштарга барганда, баңгизат колдонгондо жыргап калчумун. Бирок бул көпкө деле созулчу эмес. Анан: «Маңыздуу жашоо деген ушулбу?!» — деп ойлоно берчүмүн.

Ал ортодо, Бостон шаарына көчүп кетип, окуумду ошол жактан уланттым. Окуумдун акчасын төлөш үчүн жайкысын иштеп жаттым. Ошол жактан биринчи жолу Жахабанын Күбөсүнө жолуктум. Экөөбүз чогуу иштечүбүз. Ал мага Даниел китебинин 4-бөлүмүндө алдын ала жазылган «жети мезгил» жөнүндө айтып берип, ошол сөздөр аткарылып жаткан убакта жашап жатканыбызды түшүндүрүп берди (Дан. 4:13—17). Ошондо эгер аны менен сүйлөшө берсем, айткандарына ишенсем, жашоомду өзгөртүшүм керектигин дароо түшүндүм. Ошон үчүн андан кача баштадым.

Университеттен Түштүк Америкага ыктыярчы болгонго даярдаган курстарга катыша баштадым. Кайрымдуулук иштерине катышып, башкаларга жардам берсем, жашоом маңыздуу болот деп ойлодум. Бирок кийин бул да жашоомду маңыздуу кылбай турганын түшүндүм. Ошондон улам университетти таштап салдым.

ЖАШООНУН МАҢЫЗЫН ИЗДЕП, ТӨГӨРӨКТҮН ТӨРТ БУРЧУН КЫДЫРЫШЫМ

1970-жылдын май айында Нидерландиянын Амстердам шаарына көчүп кеттим. Ал жактан мурун атам иштеген авиакомпанияга жумушка орноштум. Ошонун аркасында Африкага, Түндүк жана Түштүк Америкага, Европага, Ыраакы Чыгышка, кыскасы, төгөрөктүн төрт бурчуна саякаттай алдым. Бирок кайсы гана өлкөгө барбайын, адамдардын баары чоң-чоң көйгөйлөргө кабылып жатканын байкадым. Ал көйгөйлөрдү эч ким чече албай жаткандай сезилди. Дагы деле пайдалуу иш менен алек болгум келе берчү. Ошол себептен Кошмо Штаттарга кайтып барып, Бостондогу баягы университетте окуумду уланта баштадым.

Анткен менен көп өтпөй ал жактан жашоонун маңызына байланышкан суроолорума жооп таба албай турганымды түшүндүм. Эмне кыларымды билбей, антропология сабагынан берген профессорго барып, кеңеш сурадым. Ал мага: «Анда эмнеге окуп жатасың? Таштап эле койбойсуңбу»,— деди. Ошенткенине аябай таң калдым. Бирок, бир чети, бул мага майдай эле жакты. Ошентип, университетти биротоло таштадым.

Жашоом дагы деле маңызсыз өтүп жаткандыктан, коомдогу нормаларга карманбай, ээн-эркин жүргөн жаштарга кошулуп кеттим. Алар мага жакшы жолдо жүргөндөй сезилчү. Айрым досторум менен Кошмо Штаттарды кыдырып, Мексиканын Акапулько шаарына чейин бардык. «Хиппи» тобундагы адамдар менен чогуу жашап калдык. Алар көпчүлүк карманган эрежелерге баш ийбей, каалагандай жашашчу. Алар мага эч кандай санаа тартпай, бейкапар жашагандай сезилчү. Бирок көп узабай эле андай жашоо маңызсыз экенин, андан бактылуу болуп кетпей турганымды түшүндүм. Алардын көптөрү ишенимсиз, чынчыл эмес адамдардан болчу.

КАЙЫК МЕНЕН ЖЕР-СУУНУ КЫДЫРЫП, ЖАШООНУН МАҢЫЗЫН ИЗДЕШИМ

Досум экөөбүз бейиштей болгон аралды издегенбиз

Ошол учурда бала кездеги кыялым тууралуу көп ойлоно баштадым. Мен деңизде саякаттагым келчү. Бирок кемеде иштеген жөнөкөй жумушчу катары эмес, капитан катары саякаттагым келчү. Ал кыялыма өзүмдүн кайыгым болгондо гана жете алмакмын. Том деген досумдун да максаты ошондой болчу. Ошон үчүн экөөбүз дүйнөнү кыдырып чыгалы деп чечтик. Мен бейиштей болгон арал таап, адамдар бекиткен эрежелерден алыс болгум келчү.

Ошентип, Том экөөбүз Испаниянын Барселона шаарына жакын жайгашкан Аренис де Мар шаарына бардык. Ал жактан 9 жарым метрдей болгон кайык сатып алдык. Ал «Ллигра» деп аталчу. Анан аны океанда сүзө ала тургандай кылып жасап чыктык. Бара турган жерибизге шашкан жокпуз. Ошон үчүн кайыгыбыздын моторун алып салдык да, анын ордуна ичкенге көбүрөөк суу алып алдык. Кеме токтоочу кичинекей жайларга барганда кайыгыбызды башкарыш үчүн 5 метрлик эки калак сатып алдык. Акыры, Инди океанындагы Сейшель аралдарына сапар тарттык. Африканын батыш жээги менен сүзүп өтүп, Түштүк Африкадагы Жакшы үмүт тумшугуна жетели деп максат койдук. Адашып кетпеш үчүн жылдыздарды карап жол жүрдүк. Карталарды, китептерди жана жөнөкөй шаймандарды да колдонуп жаттык. Каякта баратканыбызды так аныктап жатканыбызга аябай таң калып жаттым.

Бирок эски жыгач кайыгыбыздын деңизде сүзгөнгө жарабай турганына бат эле көзүбүз жетти. Ичине 1 саатта эле 22 литрдей суу толуп калып жатты. Сөзүмдүн башында айтканымдай, катуу шамал башталганда, аябай коркуп, Кудайдан көп жылдан бери биринчи жолу тилендим. Ага: «Эгер аман кала турган болсом, сен жөнүндө билгенге аракет кылам»,— деп сөз бердим. Ошондо шамал токтоп калды, мен болсо сөзүмө турдум.

Деңизде жүргөнүмдө Ыйык Китепти окуй баштадым. Учу-кыйырына көз жетпеген Жер Ортолук деңизде сүзүп баратканыбызды, айланабызда ар кандай балыктар, дельфиндер сүзүп жүргөнүн элестетсеңер. Түнкүсүн болсо Саманчынын жолуна суктанчумун. Ушунун баарын көргөндө адам баласына кам көргөн Кудай бар экенине мурдагыдан да көбүрөөк ишене баштадым.

Деңизде бир нече жума жүргөндөн кийин Испаниянын Аликанте шаарына жеттик. Ал жерден кайыгыбызды сатып, жакшыраагын алалы дедик. Бирок эски, мотору жок, суу кире берген кайыкты сатып ала турган кишини табыш оңой болгон жок. Бир чети, Ыйык Китебимди окуганга убактым кенен болду.

Ыйык Китепти канчалык көп окуган сайын, анда бактылуу болгонго жардам берген акыл-насааттар камтылганына ошончолук ынанып жаттым. Ыйык Китепте ыймандуу, адептүү адам болушубуз керектиги так-айкын жазылганына аябай таасирлендим. Ошол эле учурда Кудайга кызмат кылабыз деген көптөгөн адамдардын, анын ичинде өзүмдүн Ыйык Китепте айтылгандарга ылайык жашабаганыбызга таң калдым.

Ошентип, жашоомду өзгөртөйүн деп чечтим. Адеп баңгизатты таштадым. «Ыйык Китепте жазылгандарга ылайык жашаган адамдар бар болушу керек» деп ойлондум. Анан аларды тапкым келди. Ошондо Кудайдан экинчи жолу тиленип, аларды тапканга жардам сурадым.

ЧЫНЫГЫ ДИНДИ ИЗДЕШИМ

Мага чыныгы динди табыш үчүн бардык диндерди изилдеп чыккан туурадай көрүндү. Аликантенин көчөлөрүндө кетип баратып көптөгөн сыйынуу жайларын көрдүм. Бирок көбүндө ар кандай сөлөкөттөр бар болгондуктан, алардын чыныгы дин эмес экенин дароо эле түшүндүм.

Бир жолу жекшемби күнү түштөн кийин кеме токтоочу жай көрүнүп турган тоонун бооруна отуруп Жакып китебин окудум. Анын 2-бөлүмүнүн 1—5-аяттарында байларга жагалданбашыбыз керектиги эскертилиптир. Кайра кайыгыбызга кайтып келатып сыйынуу жайына окшогон бир имаратты көрүп калдым. Анын эшигинин үстү жагында «Жахабанын Күбөлөрүнүн Падышалык залы» деп жазылып туруптур.

Ошондо: «Ушул жайга келгендерди сынап көрбөймбү, мени кантип тосуп алышат болду экен»,— деп ойлондум. Ошентип, Падышалык залына кирдим. Жылаңайлак, сакалым өскөн, жыртык жынсычан болчумун. Тескөөчүлөрдүн бири мени улгайып калган бир аялдын жанына отургузду. Ал аял мага баяндамачы айткан аяттарды тапканга чын дилинен жардам берип жатты. Жыйналыштан кийин көптөр мени менен учурашып, көңүл буруп жатышты. Буга аябай таң калдым. Бир киши мени үйүнө келип, сүйлөшүп отурганга чакырды. Бирок мен Ыйык Китепти окуп бүтө элек болгондуктан, ага: «Азыр даяр эмесмин, даяр болгондо айтып коём»,— дедим. Ошондон тартып жыйналыштарды калтырбай бара баштадым.

Бир нече жумадан кийин баягы кишиникине бардым. Ал менин Ыйык Китепке байланышкан суроолорума жооп берди. Бир жумадан кийин ал мага бир баштык толо аябай сонун кийимдерди берди. Анан ал кийимдин ээсинин Ыйык Китептеги бири-бирибизди сүйүшүбүз керектиги жана согушпаш керектиги жөнүндөгү буйрукка баш ийгени үчүн түрмөдө отурганын айтты (Ыш. 2:4; Жкн. 13:34, 35). Ошондо издеп жүргөнүмдү — Ыйык Китептеги ыймандуулук, адептүүлүк жөнүндөгү жазылгандарга ылайык жашап жаткан адамдарды — тапканыма көзүм жетти. Мурун бейишке окшогон аралды тапкым келсе, эми Ыйык Китепте жазылгандарды тереңирээк түшүнгүм келе баштады. Ошол себептен Нидерландияга кайтып кеттим.

ЖУМУШ ИЗДЕШИМ

Нидерландиядагы Гронинген деген шаарга жол тосуп отуруп төрт күндө жеттим. Ал жактан жан багыш үчүн жумуш табышым керек болду. Бир устаканага барып жумуш сурасам, толтурганга кагаз берди. Андагы суроолордун арасында дин жөнүндө да суроо бар экен. Ал жерге «Жахабанын Күбөсүмүн» деп жазып койдум. Устакананын ээси аны окуганда өңү өзгөрүлө түштү. Анан: «Мен сага чалып коём»,— деди. Бирок такыр чалган жок.

Дагы бир устаканага барып, жумуш сурадым. Анын ээси менден билимим, мурунку жумушум жөнүндө сурады. Мен жыгач кайыкты оңдогонумду айтып бердим. Ал: «Бүгүн түштөн кийин баштай берсең болот, бирок бир шарт коём: устаканамда көйгөй жаратпаганга аракет кыл. Себеби мен Жахабанын Күбөсүмүн, Ыйык Китептеги принциптерге ылайык жашайм»,— деди. Ошондо аны таң кала карап: «Мен да»,— дедим. Бирок ал узун чачымды, сакалымды көрүп, Жахабанын Күбөсү эмес экенимди дароо эле түшүндү. Анан: «Анда мен сага Ыйык Китепти изилдегенге жардам берем»,— деди. Мен жан деп эле макул болдум. Ошондо мурунку устакананын ээси эмне үчүн чалбаганын түшүндүм. Көрсө, Жахаба менин тилегиме ушинтип жооп бериптир (Заб. 37:4). Ишенимдешибиздин устаканасында бир жыл иштедим. Ошол убакыт аралыгында аны менен Ыйык Китепти изилдеп жаттым. 1974-жылы январда болсо чөмүлдүм.

АКЫРЫ ЖАШООНУН МАҢЫЗЫН ТАПТЫМ

Бир айдан кийин пионердик кызматты баштадым. Ал кызмат мага аябай чоң кубаныч тартуулады. Кийинки айда испан тилинде жаңы уюшулган топко жардам бериш үчүн Амстердамга көчүп кеттим. Испан, португал тилдеринде сүйлөгөндөр менен Ыйык Китепти изилдеген өзүнчө эле рахат болчу. 1975-жылы майда атайын пионер болуп дайындалдым. Бул мен үчүн чоң сыймык болду.

Бир жолу испан тилинде өткөрүлгөн жолугушууга Айнеке деген атайын пионер катышып калды. Ал Ыйык Китепти изилдеп жүргөн боливиялык аялды биз менен тааныштырганы алып келиптир. Айнеке экөөбүз жакыныраак таанышыш үчүн кат алыша баштадык. Көп өтпөй эле экөөбүздүн максаттарыбыз бир экени айкын болду. Ошентип, 1976-жылы баш кошуп, атайын пионердик кызматты чогуу уланттык. 1982-жылы болсо Гилат мектебинин 73-классына чакырылдык. Анан Чыгыш Африкага дайындалдык. Бир чети буга таң калсак, бир чети аябай сүйүндүк. Кениядагы Момбаса шаарында беш жыл кызмат кылдык. 1987-жылы Танзанияга дайындалдык. Ал жакта кабар айтуу ишине салынган тыюу алынган болчу. 26 жыл кызмат кылгандан кийин ал жактан Кенияга кайтып бардык.

Чыгыш Африкада жашагандарга Ыйык Китепти изилдегенге жардам берүү жубайым экөөбүзгө чоң кубаныч тартуулаган

Ыйык Китептеги чындыкты баалаган адамдарга жардам берүү жашообузду чындап эле маңызга толтурду. Мисалы, Момбасада эл көп жерде бир кишиге кабар айтып калдым. Ага эки журнал бергенимде, ал: «Буларды окуп бүткөндөн кийин эмне кылам?» — деп сурады. Кийинки жумада аны менен суахили тилинде жаңы эле чыккан «Сен жер бетиндеги бейиште түбөлүк жашай аласың» деген китепти изилдей баштадык. Ал ошол аймактагы мени менен Ыйык Китепти изилдегендердин эң биринчиси болчу. Ал бир жылдан кийин чөмүлүп, үзгүлтүксүз пионер болду. Ошондон бери жубайы экөө 100гө жакын кишиге өмүрүн Жахабага арнап, чөмүлгөнгө жардам беришти.

Жахаба өзүнүн элине маңыздуу жашаганга жардам берип келет. Айнеке экөөбүз буга күбө болуп келатабыз

Жашоонун маңызын биринчи жолу түшүнгөндө өзүмдү кымбат бермет таап алып, аны жоготкусу келбеген соодагердей эле сездим (Мт. 13:45, 46). Бүт өмүрүмдү башкаларга жашоонун маңызын тапканга жардам бергенге арнагым келди. Жахаба элине маңыздуу жашаганга жардам берет. Жубайым экөөбүз буга күбө болуп келатабыз.