Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

49-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Лебилер китеби башкаларга жакшы мамиле кылганды үйрөтөт

Лебилер китеби башкаларга жакшы мамиле кылганды үйрөтөт

«Жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүй» (ЛЕБ. 19:18).

109-ЫР: Чын жүрөктөн чыккан күчтүү сүйүү

БУЛ МАКАЛАДА *

1, 2. Мурунку макалада эмнелерди карап чыкканбыз жана бул макалада эмнелерди карайбыз?

БУГА чейинки макалада Лебилер китебинин 19-бөлүмүндөгү Кудайдын айрым буйруктарын талкуулаганбыз. Мисалы, 3-аятта Жахаба ысрайыл элине ата-энесин сыйлашы керектигин айткан. Биз ошол буйрукту бүгүнкү күндө кантип аткара аларыбызды талкуулаганбыз. Ошол эле аятта Кудай ысрайыл элине Ишембиге байланышкан мыйзамга кармануу канчалык маанилүү экендигин эскерткен. Биз ал мыйзамга карманбасак да, рухий иштерге дайыма убакыт бөлүшүбүз керектигин карап чыкканбыз. Эгер ошол билгендерибизди колдонсок, Лебилер 19:2де жана 1 Петир 1:15те айтылгандай, «ыйык болгонго» аракет кылган болобуз.

2 Бул макалада болсо Лебилер 19-бөлүмдө жазылган дагы башка нерселерге токтолобуз. Алсак, кандайдыр бир майыптыгы бар адамдарга канткенде аяр мамиле кылышыбыз керектигин, ишкердик мамиледе кантип чынчыл боло аларыбызды жана башкаларды сүйөрүбүздү кантип көрсөтө аларыбызды билебиз. Ушунун баары бизге ыйык Кудайыбыз Жахабадан үлгү алып, ыйык болгонго жардам берет.

МАЙЫПТАРГА КЫЛГАН МАМИЛЕБИЗ

Лебилер 19:14тө жазылгандай, дүлөй же сокур адамдарга кандай мамиле кылышыбыз керек? (3—5-абзацтарды карагыла) *

3, 4. Лебилер 19:14тө жазылгандай, ысрайылдыктар дүлөйлөр менен сокурларга кандай мамиле кылышы керек эле?

3 Окугула: Лебилер 19:14. Жахаба ысрайыл элинен майыптарга жакшы мамиле кылышын талап кылчу. Маселен, ал: «Дүлөй кишини каргаба»,— деп айткан. Бул аларды кордоп, жамандап же ушу сыяктуу башка нерселерди кылбаш керектигин билдирген. Эгер ошентишсе, кандай гана таш боордук болмок! Себеби дүлөй киши укпагандыктан өзүн коргой алмак эмес.

4 14-аятта Жахаба: «Чалынып жыгылсын деп, сокурдун алдына бир нерсе таштаба»,— деп да айткан. Бир эмгекке ылайык, «байыркы убакта Жакынкы Чыгышта жашагандар майыптарга жаман мамиле кылып көп кордошчу». Балким, сокур кишиге атайлап зыян келтириш үчүн же мазакташ үчүн алдына бир нерсе таштап койгон таш боор адамдар болгондур. Жахабанын 14-аяттагы бул буйруктары элге боорукер болуп, майыптыгы бар адамдарга жакшы мамиле кылышы керектигин түшүнгөнгө жардам берген.

5. Майыптарга боор ооруй турганыбызды кантип көрсөтө алабыз?

5 Иса майыптарга боору ооруп, аларды айыктырган. Муну анын Чөмүлдүрүүчү Жаканга: «Сокурлардын көзү көрүп, аксактар басып, пес оорулуулар айыгып, дүлөйлөр угуп, өлгөндөр тирилип... жатат»,— деп айттырып жиберген сөздөрүнөн да билсек болот. Исанын ошондой кереметтерди жасаганын көргөндө бүт эл «Кудайды даңазалай баштаган» (Лк. 7:20—22; 18:43). Биз да Исанын жолдоочулары катары майып адамдарга боор ооруп, алардын абалын түшүнүп, жакшы мамиле кылгыбыз келет. Албетте, биз Исадай болуп керемет жасай албайбыз. Бирок сөздүн түз маанисиндеги да, каймана маанидеги да сокур адамдарга жакшы кабар жеткире алабыз. Аларга жакында бүт жер бети бейишке айланып, адамдардын ден соолугу чың болорун, Кудай менен ынак мамиледе боло аларын айтабыз (Лк. 4:18). Ушундай жакшы кабарды угуп, көптөр Жахаба Кудайды даңктап-даңазалап жатышат.

ИШКЕРДИК МАМИЛЕДЕ КАНТИП ЧЫНЧЫЛ БОЛО АЛАБЫЗ?

6. Лебилер 19-бөлүмдө жазылгандар эмнени тереңирээк түшүнгөнгө жардам берет?

6 Лебилер 19-бөлүмдөгү айрым аяттар Он осуятта айтылгандарды тереңирээк түшүнгөнгө жардам берет. Мисалы, 8-осуятта: «Уурдаба»,— деп айтылган (Чыг. 20:15). Кээ бирөөлөр башка бирөөнүкүн албасам эле ошол осуятты аткарып жатам деп ойлошу мүмкүн эле. Бирок чынында башкача жол менен уурдап жатышы мүмкүн болчу.

7. Соодагер 8-осуятты кантип аткарбай коюшу мүмкүн эле?

7 Соодагер «мен эч качан бирөөнүн бирдемесин уурдаган эмесмин» деп ойлошу мүмкүн. Бирок соода-сатыкка келгенде кандай иш кылат? Лебилер 19:35, 36да Жахаба: «Бир нерсенин узундугун, салмагын өлчөгөндө же суюктукту ченегенде алдабагыла. Таразаңар, тараза таштарыңар, өлчөгөн себетиңер менен идишиңер так болсун»,— деген. Эгер соодагер туура эмес өлчөсө же таразадан жесе, уурдаган болуп калмак. Муну Лебилер китебинин 19-бөлүмүнүн башка аяттарынан да биле алабыз.

Лебилер 19:11—13-аяттарга ылайык, Исанын жолдоочусу ишкердик мамилеге байланыштуу эмне деп ойлонуп көрүшү керек? (8—10-абзацтарды карагыла) *

8. Лебилер 19:11—13-аяттар 8-осуяттын маани-маңызын түшүнгөнгө кандайча жардам берген жана мунун бизге кандай тиешеси бар?

8 Окугула: Лебилер 19:11—13. Лебилер 19-бөлүм, 11-аяттын башында: «Уурдабагыла»,— деп айтылган. Ал эми 13-аятта: «Жакыныңды алдаба»,— делген. Демек, кимдир бирөө ишкердик мамиледе чынчыл болбой, башка бирөөнү алдаса, уурдаган болуп калмак. Ооба, 8-осуятта уурулуктун туура эмес экени айтылса, Лебилер китебинде жазылгандар ысрайылдыктарга ошол осуяттын маани-маңызын түшүнүп, ошого ылайык жашаганга жардам берген. Жахабанын алдамчылыкка жана уурулукка кандай караары жөнүндө ой жүгүрткөнүбүз бизге да пайдалуу. Лебилер 19-бөлүм 11ден 13кө чейинки аяттарды окугандан кийин ар бирибиз: «Мен ушу жагынан оңолушум керек эмеспи? Жумуш жагына келгенде эч кимди алдабаймбы? Чынчыл элеминби?» — деп ойлонуп көрүшүбүз керек.

9. Лебилер 19:13тө жазылган мыйзам жалданма жумушчуларды кандайча коргогон?

9 Ишкердик мамиледе чынчыл болуу жагынан эске алчу дагы бир нерсе бар. Лебилер 19:13тө: «Жалданма жумушчуңдун эмгек акысын эртең мененкиге калтырбай бер»,— деп да жазылган. Байыркы Ысрайылда көптөр дыйкан болчу. Жалданма жумушчулардын акысын күнүнкүсүн күнүнө төлөшчү. Эгер жалдаган киши акысын төлөбөй койсо, тиги кишинин үй-бүлөсү ошол күнү ачка калмак. Ошон үчүн Жахаба: «Ал кыйналып, эмгек акысына зар болуп турат»,— деген (Мыйз. 24:14, 15; Мт. 20:8).

10. Лебилер 19:13тө биз үчүн кандай маанилүү эскертүү камтылган?

10 Бүгүнкү күндө көптөр эмгек акысын күн сайын эмес, айына бир же эки жолу алат. Ошентсе да Лебилер 19:13төгү принцип биздин күндөргө да тиешелүү. Себеби кээ бирлер жумушчуларды аябай иштетип туруп, аз эле төлөп коюшат. Анткени алардын башка айласы жок экенин билишет. Бул алардын эмгек акысын бербей койгонго эле тете. Эгер биздин да кол алдыбызда иштеген кишилер бар болсо, бул жагынан канчалык чынчылмын деп ойлонуп көрүшүбүз керек. Лебилер 19-бөлүмдөн дагы эмнелерди биле алабыз? Келгиле, карап көрөлү.

«ЖАКЫНЫҢДЫ ӨЗҮҢДҮ СҮЙГӨНДӨЙ СҮЙ»

11, 12. Иса Лебилер 19:17, 18деги сөздөрдү кайталап эмнени баса белгилеген?

11 Кудай биздин башкаларга зыян келтирбегенден сырткары, дагы бир нерсе кылышыбызды каалайт. Бул тууралуу Лебилер 19:17, 18ден биле алабыз. (Аяттарды окугула.) Ал жерде: «Жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүй»,— деп айкын-так жазылган. Эгерде Кудайга жаккыбыз келсе, бул буйрукту аткарышыбыз керек.

12 Лебилер 19:18деги бул буйрукту аткаруу маанилүү экенин Иса да баса белгилеген. Бир жолу бир фарисей андан: «Устат, Мыйзамдагы осуяттардын эң маанилүүсү кайсы?» — деп сураган. Иса: «Жахаба Кудайыңды бүт жүрөгүң менен, бүт жаның менен, бүт акылың менен сүй. Бул — биринчи жана эң маанилүү осуят»,— деген. Анан: «Экинчиси ушуга эле окшош: „Жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүй“» — деп, Лебилер 19:18деги сөздөрдү кайталаган (Мт. 22:35—40). Башкаларды жакшы көрөрүбүздү көптөгөн жолдор менен көрсөтсөк болот. Алардын айрымдарын Лебилер 19-бөлүмдөн биле алабыз.

13. Жусуп кандайча Лебилер 19:18де жазылгандарга ылайык иш кылган?

13 Жакыныбызды жакшы көрөрүбүздү көрсөтүүнүн бир жолу — Лебилер 19:18де жазылгандарды аткаруу. Ал аятта: «Өз элиңдин уулдарынан өч алба, аларга кек сактаба»,— деп айтылган. Көбүбүз эле кесиптешине, классташына, тууганына же үйүндөгү кимдир бирөөгө таарынып, атүгүл жылдап кек сактап жүргөн адамдарды билебиз. Жусуптун он агасынын аны жек көрүп, кек сактап жүргөнүн, анын аягы канчалык каргашалуу болуп бүткөнүн эстесеңер (Башт. 37:2—8, 25—28). Жусуп алардан кандай гана айырмаланган! Ал Мисирде чоң бийликке ээ болгондо агаларынан оңой эле өч ала алмак. Бирок кайра жакшылык кылган. Анткени кек сактаган эмес. Жусуп Лебилер 19:18де жазылгандарга ылайык иш кылган (Башт. 50:19—21).

14. Лебилер 19:18де жазылгандарга ылайык иш кылышыбыз керектигин эмне көрсөтүп турат?

14 Эгерде Кудайга жаккыбыз келсе, агаларынан өч албай, аларды кечирген Жусуптан үлгү алышыбыз керек. Ошентсек, Иса айткандай иш кылган болобуз. Ал шакирттерин Кудайдан кантип тилениш керектигин үйрөтүп жатканда башкаларды кечиришибиз керектигин баса белгилеген (Мт. 6:9, 12). Элчи Пабыл да ишенимдештерине: «Сүйүктүү бир туугандар, эч кимден өч албагыла»,— деп жазган (Рим. 12:19). Ал аларды: «Кимдир бирөөңөрдө башка бирөөгө нааразы болууга себеп болсо да, көтөрүмдүү болуп, бири-бириңерди айкөлдүк менен кечиргиле»,— деп да үндөгөн (Кол. 3:13). Жахабанын буга карата көз карашы такыр өзгөргөн жок. Лебилер 19:18де жазылган сөздөр бүгүнкү күндө да күчүн жоготкон жок.

Жараатыбызды кармалап, чукулай бербегендей эле, таарынычтар жөнүндө ойлоно бербей, унутуп койгонубуз жакшы (15-абзацты карагыла) *

15. Таарынычты унутуп, кечиримдүү болушубуз керектигин кайсы мисал көрсөтүп турат?

15 Жараланган сезимдерди жараатка салыштырсак болот. Кээ бир жарааттар кичине болсо, башкалары чоң болот. Мисалы, бычак менен бир нерсе туурап жатып, колубуздун бир жерин тилип алышыбыз мүмкүн. Ошол жерибиз тыз дей түшөт, бирок бат эле басылып калат. Бир-эки күндөн кийин атүгүл унутуп деле калабыз. Кээ бир таарынычтар ошол сыяктуу эле болот. Алсак, досубуз ойлонбой сүйлөп же иш кылып көңүлүбүздү оорутуп коюшу мүмкүн. Бирок аны бат эле унутуп коёбуз. Эгер колубузду тереңирээк кесип алган болсок, ал жерибизди тиктирип, таңып коюш керек болот. Ал эми ошол жерибизди кармалап, чукулай берсек, эмне болот? Өзүбүзгө эле жаман болот. Өкүнүчтүүсү, кээ бирлер көңүлү ооруп калганда так ушу сыяктуу иш кылышат. Алар тиги кишинин айткан сөзү же кылган иши канчалык катуу тийгенин кайра-кайра ойлоно бериши мүмкүн. Бирок бул өздөрүнө эле зыян. Андан көрө, Лебилер 19:18де жазылгандай иш кылганы алда канча жакшы!

16. Лебилер 19:33, 34кө ылайык, ысрайылдыктар келгиндерге кандай мамиле кылышы керек болгон жана биз мындан эмнеге үйрөнө алабыз?

16 Жахаба ысрайыл элине: «Жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүй»,— деп айтканда ысрайылдыктар жөнүндө гана айткан эмес. Аларга өздөрүнүн арасында жашап жаткан бөтөн жерликтерди да жакшы көрүшү керектигин айткан. Бул Лебилер 19:33, 34тө жазылгандардан айкын көрүнүп турат. (Аяттарды окугула.) Ысрайылдыктар аларды «жергиликтүү тургундай» эле көрүп, өздөрүн «сүйгөндөй сүйүшү» керек болгон. Маселен, мыйзам боюнча, ысрайылдыктар түшүм жыйнаганда келгиндерге да, кедей-кембагалдарга да калтырып коюшу керек болчу (Леб. 19:9, 10). Келгиндер жөнүндөгү бул мыйзамда камтылган принцип бизге да тиешелүү (Лк. 10:30—37). Кандайча? Бүгүнкү күндө жер которуп кеткендер миллиондоп саналат. Балким, силердин жергеңерде да ошондой келгиндер бардыр. Эркек болобу, аял болобу, бала болобу, алардын баарын урматтап-сыйлап, жакшы мамиле кылганыбыз маанилүү.

19-БӨЛҮМДӨ АЙТЫЛБАГАН МААНИЛҮҮ НЕРСЕ

17, 18. а) Лебилер 19:2де жана 1 Петир 1:15те жазылгандар бизге эмне кылганга түрткү бериши керек? б) Петир бизди кайсы маанилүү ишти кылганга үндөгөн?

17 Лебилер 19:2де да, 1 Петир 1:15те да Кудайдын эли ыйык болууга үндөлөт. Жахабага жагыш үчүн эмне кылышыбыз керектигин Лебилер 19-бөлүмдөгү башка аяттардан дагы биле алабыз. Биз эмне кылышыбыз керектиги жана эмне кылбашыбыз керектиги айтылган айрым аяттарды гана карап чыктык *. Грек Жазмаларында да ушул сыяктуу ойлор камтылган аяттар бар. Бирок элчи Петир дагы бир нерсени айтып өткөн.

18 Биз Кудайга кызмат кылып, көптөгөн жакшы иштерди кылышыбыз мүмкүн. Бирок Петир дагы бир нерсени өзгөчө баса белгилеген. Ал ишенимдештерин «бардык жагынан ыйык болгонго» үндөгөнгө чейин: «Акылыңар иш-аракетке даяр болсун»,— деген (1 Пет. 1:13, 15). Ал кайсы иш-аракет жөнүндө айткан? Петир Исанын майланган жолдоочулары аларды тандап алган Кудайдын «укмуш сонун сапаттарын бардык жерде жарыялай» турганын айткан (1 Пет. 2:9). Бул маанилүү ишти бүгүнкү күндө Исанын бардык жолдоочулары аткарып жатат. Бул адамдарга кылган башка жакшылыктарына караганда көбүрөөк пайда алып келип жатат. Кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишине дайыма жан-дилден катышуу Кудайдын эли үчүн чоң сыймык (Мр. 13:10). Лебилер 19-бөлүмдө жазылгандарга ылайык иш кылганга бүт күчүбүздү жумшасак, Кудайды жана башкаларды сүйөрүбүздү көрсөтө алабыз. Ошондой эле бардык жагынан ыйык болгубуз келерин көрсөтөбүз.

111-ЫР: Кубанууга себептер

^ 5-абз. Исанын жолдоочулары Мусанын Мыйзамы боюнча жашабайт. Бирок ал Мыйзамдан эмне кылышыбыз жана эмне кылбашыбыз керектиги жөнүндө көп нерсени биле алабыз. Ошонун аркасында Кудайды жана башкаларды сүйөрүбүздү кантип көрсөтсөк болорун билебиз. Бул макалада Лебилер китебинин 19-бөлүмүндөгү бизге керектүү айрым нерселерге токтолобуз.

^ 17-абз. Бул макалада талкууланбаган аяттарда бет карамалык кылуу, жалаа жабуу, канды колдонуу, сыйкырчылык кылуу, келечекти алдын ала айтуу, жыныстык адеп-ахлаксыздык жөнүндө айтылат (Леб. 19:15, 16, 26—29, 31; ушул сандагы «Окурмандардын суроолорун» карагыла).

^ 52-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Жахабанын Күбөсү кулагы укпаган ишенимдешине доктур менен сүйлөшкөнгө жардам берип жатат.

^ 54-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Ишенимдешибиз кол алдында иштеген жумушчуга эмгек акысын берип жатат.

^ 56-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Ишенимдешибиз колунун кичине эле кесилген жерин бат эле унутуп койду. Ал колун терең кесип алганда да ошентеби?