Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

51-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Мындан ары да Исаны уккула!

Мындан ары да Исаны уккула!

«Бул — менин сүйүктүү Уулум, мен Уулумду колдойм. Уулумду уккула» (МТ. 17:5).

54-ЫР: «Мына жол»

БУЛ МАКАЛАДА *

1, 2. а) Исанын үч элчисине кандай буйрук берилген жана алар ал буйрукту аткарышканбы? б) Бул макалада эмнеге токтолобуз?

БИЗДИН ЗАМАНДЫН 32-жылынын Пасах майрамынан кийин Петир, Жакып жана Жакан укмуш бир кереметтүү окуяга күбө болушкан. Бир бийик тоодо, кыязы, Хермон тоосунун бир белесинде алардын көз алдында Исанын көрүнүшү өзгөргөн. Анын «жүзү күндөй, сырт кийими жарыктай жаркыраган» (Мт. 17:1—4). Ошол көрүнүштүн соңунда элчилер Кудайдын: «Бул — менин сүйүктүү Уулум, мен Уулумду колдойм. Уулумду уккула»,— дегенин угушкан (Мт. 17:5). Ооба, ушул үч элчи өмүрү өткөнчө Исаны угуп жашашкан. Бул алардын жашоосунан айкын көрүнүп турган. Биз да алардан үлгү алгыбыз келет.

2 Буга чейинки макаладан Исаны угуу кайсы бир иштерди кылбашыбыз керектигин билдирерин билгенбиз. Иса эки нерсени кылышыбыз керектигин да айткан. Бул макалада ошого кененирээк токтолобуз.

«ТАР ДАРБАЗАДАН КИРГИЛЕ»

3. Матай 7:13, 14кө ылайык, эмне кылышыбыз керек?

3 Окугула: Матай 7:13, 14. Исанын бул аяттарда эки жол жөнүндө: «кенен жол» менен «кууш жол» жөнүндө кеп кылганына көңүл бурсаңар. Эки эле жол бар, үчүнчүсү жок. Кайсы жолго түшөрүбүз — өз эркибиз. Бул — жашообуздагы эң эле маанилүү чечим. Анткени түбөлүк жашаарыбыз ушул чечимден көз каранды.

4. «Кенен жолду» кантип сүрөттөп берет элеңер?

4 Адегенде эки жолдун бири-биринен эмнеси менен айырмаланарын түшүнүп алышыбыз керек. «Кенен жол» менен жүрүү оңой болгондуктан, ошол жолду тандагандар аябай көп. Тилекке каршы, алар көпчүлүктү ээрчип, ошол жолдон чыккысы келбейт. Бирок алар, чынында, ал жолго салган Шайтан Ибилис экенин, ал жолдун акыр-түбү өлүм экенин аңдашпайт (1 Кор. 6:9, 10; 1 Жкн. 5:19).

5. «Кууш жолду» таап, ал жолго түшүш үчүн айрымдар кандай аракет кылышкан?

5 «Кенен жолдон» башка да жол бар. Ал — «кууш жол». Иса ал жолду саналуу адамдар эле табарын айткан. Эмне үчүн? Кызыктуусу, кийинки эле аятта Иса жолдоочуларын жалган пайгамбарлардан сак болушу керектигин эскерткен (Мт. 7:15). Айрым эсептөөлөргө ылайык, азыркы күндө диндер миңдеп саналат. Алардын ар бири Кудай жөнүндөгү чындыкты билебиз деп айтышат. Диндер чачтан көп болгондуктан, миллиондогондор башы маң болуп же көңүлү калып, өмүргө алып бара турган жолду издегиси да келбейт. Бирок ал жолду тапса болот. Иса бул тууралуу: «Эгерде менин сөздөрүм боюнча жашасаңар, анда чындап менин шакирттеримсиңер. Силер чындыкты таанып-билесиңер. Чындык силерди эркин кылат»,— деген (Жкн. 8:31, 32). Силер «эл көргөндү көрөбүз» деп жашабай, чындыкты издегенсиңер. Ошондуктан мактоого татыктуусуңар! Кудайдын талаптарын билиш үчүн анын Сөзүн кылдат изилдегенсиңер. Исанын акыл-насаатына кулак кагып, ошого жараша жашай баштагансыңар. Мындан тышкары, Жахабанын жалган динден тамыр алган окууларды, майрамдарды туура көрбөй турганын, алардан баш тартышыбызды каалаарын билгенсиңер. Жахабага жагыш үчүн талаптарына ылайык жашоо, жаман иштерди таштоо кыйын экенин да билгенсиңер (Мт. 10:34—36). Силерге өзгөрүлүп, оңолуш оңой болбосо керек. Ошого карабай такыр багынган жоксуңар. Анткени асмандагы Атаңарды жакшы көрөсүңөр, ага жаккыңар келет. Ал силерди карап абдан сүйүнүп жатса керек (Накыл 27:11).

КАНТКЕНДЕ КУУШ ЖОЛДОН ЧЫКПАЙБЫЗ?

Кудайдын кеңештери, талаптары «кууш жолдон» чыкпаганга жардам берет (6, 8-абзацтарды карагыла) *

6. Забур 119:9, 10, 133кө ылайык, кууш жолдон чыкпаганга эмне жардам берет?

6 Кууш жолго түшкөн соң андан чыкпаганга эмне жардам берет? Бир мисал алалы. Адатта, тоонун бооруна салынган кууш жолдун кырына тосмолор орнотулат. Алар айдоочуну да, анын машинесин да бөөдө кырсыктан коргойт. Тосмолор болбосо машине тоонун кырына өтө жакын келип же такыр эле жардан ары кулап кетиши мүмкүн. «Ушул тосмолорду эмне коюп коюшкан?!» — деп нааразы болгон айдоочулар жокко эсе. Жахабанын талаптары да ошол тосмолорго окшош. Алар бизди кууш жолдон чыкпаганга жардам берет. (Окугула: Забур 119:9, 10, 133.)

7. Жахаба жаштардын эмнени түшүнүшүн каалайт?

7 Жаштар, Жахабанын талаптары кээде силерди колдон-буттан тушагандай сезилип кетпейби? Шайтан так ошентип ойлошуңарды каалайт. Ал кенен жолдо «сайран куруп», «жыргап-куунап» кетип бараткандарга көз артышыңарды каалайт. Жашоонун бүт жыргалынан куру калып жаткандай сезилиши үчүн мектептеги курдаштарыңарды же интернетти колдонушу мүмкүн. Ал Жахабанын талаптарын жашоодон толук ырахат алганга бут тосуп жаткандагыдай көрүшүңөрдү көздөйт. Бирок бир нерсени унутпагыла: Шайтан кенен жолдо жүргөндөрдүн ал ­жолдун эмнеге алпарарын билишин каалабайт. Ал эми Жахаба өмүр жолуна ­түшкөндөрдү ­алдыда эмне күтүп турарын айкын көрсөтүп келет (Заб. 37:29; Ыш. 35:5, 6; 65:21—23). *

8. Жаштар Олефтен эмнени үйрөнө алышат?

8 Олеф * аттуу жаш ишенимдешибизден эмнени үйрөнө аларыбызды карап көрөлү. Анын классташтары кыздар менен «көңүл ачканга» кысым көрсөтүшкөн. Ал Жахабанын Күбөлөрү бийик адеп-ахлак нормаларга карманып жашаарын айтса, айрым кыздар ого бетер күчөп, алар менен жатканга көндүргөнгө аракет кылышкан. Ошого карабай Олеф ак жолдон тайган эмес. Ага башка жактан да кысым көрсөтүлгөн. Ал мындай дейт: «Мугалимдерим: „Эл оозуна алынган кыйын жигит болгуң келсе, сөзсүз жогорку билим алышың керек. Болбосо акчаң да, келечегиң да жок болот”,— деп кысташкан». Буга туруштук бергенге Олефке эмне жардам берген? Ал мындай деп ой бөлүшөт: «Жыйналыштагылар менен жакшы дос болуп алгам. Алар өз үй-бүлөмдөй эле болуп калган. Ыйык Китепти да казып изилдей баштагам. Аны канчалык терең изилдеген сайын, ошончолук бул жол чындык жолу экенине ого бетер ынандым. Бара-бара чөмүлөйүн деп чечкем».

9. Кууш жолдон чыкпаш үчүн эмне кылышыбыз керек?

9 Шайтан өмүргө алып бара турган жолдон тайып, көпчүлүк менен чогуу «өлүмгө алып бара» турган жолго түшүшүбүздү көксөйт (Мт. 7:13). Бирок эгер Исаны уга берсек жана кууш жолдун чынында бизди коргой турганын түшүнсөк, ал жолдон чыкпайбыз. Анда кылышыбыз керек болгон Иса айткан дагы бир нерсеге токтололу.

ИШЕНИМДЕШТЕРИҢЕР МЕНЕН ЫНТЫМАКТА БОЛГУЛА

10. Матай 5:23, 24кө ылайык, Иса эмне кылышыбыз керектигин айткан?

10 Окугула: Матай 5:23, 24. Бул аяттарда Иса анын насаатын угуп жаткан жүйүттөр үчүн маанилүү болгон бир нерсе жөнүндө айткан. Ибадатканада бир кишинин Кудайга тартуулай турган курмандыгын дин кызматчыга берип жатканын элестетсеңер. Так ошол маалда ал боордошунун ага нааразычылыгы бар экенин эстесе, курмандыгын ошол жерге калтырып, ага барышы керек болчу. Эмне үчүн? Жахабага курмандык чалуудан да артык эмне бар эле? Иса так-таасын: «Адегенде бир тууганың менен элдеш»,— деген.

Бир тууганы менен элдешкенге биринчи болуп кадам таштаган Жакыптан үлгү аласыңарбы? (11, 12-абзацтарды карагыла) *

11. Жакып Эйсаптын жүрөгүн жибитиш үчүн эмне кылган?

11 Кантип элдешсе болоруна байланыштуу уруу башчысы Жакыптын жашоосунда болгон бир окуядан көп нерсени үйрөнө алабыз. Киндик каны тамган жерин калтырып, чоочун жерде жүргөнүнө 20 жылдай болуп калганда, Кудай периштеси аркылуу мекениңе кайтып бар деп айткан (Башт. 31:11, 13, 38). Бирок Жакыптын жүрөгүн өйүткөн бир нерсе бар болчу: агасы Эйсап анын көзүн тазалагысы келип жүргөн (Башт. 27:41). Анын дагы деле көкүрөк өчүн кандыргысы келип жүргөнүн билген Жакып «абдан коркуп, тынчсызданган» (Башт. 32:7). Эйсап менен элдешиш үчүн ал эмне кылган? Чү дегенде эле, иштин чоо-жайын айтып Жахабадан жалындуу тиленген. Андан соң пейилин кенен салып, өзүнөн мурун толтура белек-бечкек жөнөткөн (Башт. 32:9—15). Акыры, ортосу өтө эле салкындап калган бир туугандар бетме-бет көрүшкөн. Ошондо Жакып өзү биринчи алдынан өтүп, терең урмат-сый көрсөткөн. Ал бир жолу эмес, эки жолу эмес, жети жолу жерге чейин ийилип таазим кылган. Ал текеберденбей, ызаатын көрсөткөндүктөн, Эйсаптын таарынычы таркап, жүрөгү жибиген (Башт. 33:3, 4).

12. Жакыптын иш-аракеттеринин эмнеси көңүлгө аларлык?

12 Жакыптын Эйсап менен жолукканга кантип даярданганы, алдына кантип барганы көңүлгө аларлык. Ал өзүнө таянбай, Жахабадан жардам сураган. Анан тиленгенине жараша иш кылып, агасынын жүрөгүн жумшартыш үчүн колунан келгендин баарын кылган. Ал эми жүзмө-жүз көрүшкөндө болсо кимисиники туура деп териштирип кирбей, агасы менен болгон мамилесин оңдогонго умтулган. Жакыптан эмнени үйрөнө алабыз?

КАНТКЕНДЕ ТЫНЧТЫК САКТАЙ АЛАБЫЗ?

13, 14. Бирөө жарымды капа кылып алсак, эмне кылышыбыз керек?

13 Биз — өмүргө алып бара турган жолдо бараткандар — ишенимдештерибиз менен тынчтыкта болушубуз керек (Рим. 12:18). Бирөө жарымды капа кылып алсак, эмне кылганыбыз туура? Адегенде, Жакыптай болуп, Жахабадан жалындуу тиленгенибиз маанилүү. Андан бир тууганыбыз менен элдешкенге жардам беришин сурансак болот.

14 Мындан тышкары, өзүбүздү да текшерип көрүшүбүз керек. Мындай деп ой калчап көрсөк болот: «Текебердигимди басып, кечирим сурап, мамилени оңдогонго канчалык дилгирмин? Ишенимдешим менен элдешкенге биринчи болуп аракет кылганымды көргөндө Жахаба менен Иса кандай сезимде болот?» Чыгарган жыйынтыгыбыз Исаны укканга жана тынчтыкты сакташ үчүн кичи пейил болуп, ишенимдешибиз менен элдешкенге түрткү берет. Бул жагынан Жакып — биз үчүн мыкты үлгү.

15. Эфестиктер 4:2, 3төгү принцип кимдир бирөө менен элдешкенге кандай жардам берет?

15 Жакып Эйсап менен жолукканда бой тирешип, чатакташып туруп алса, кандай болот эле? Арты жаман болмоктугу турган иш. Анын сыңарындай, кимдир бирөө менен элдешкени бара турган болсок, кекирейбей, бой сунуп барышыбыз керек. (Окугула: Эфестиктер 4:2, 3.) Накыл сөздөр 18:19да: «Ыза көргөн бир тууган чептүү шаардан да бекем; чептин дарбазасынын бекиткичиндей болгон келишпестиктер да болот»,— деп жазылган. Ооба, ийилип, момун болуп, кечирим сурасак, ошол бекем «чепти» багындыра алабыз.

16. Эмнени эске алышыбыз керек жана эмне үчүн?

16 Дагы бир эске алчу нерсе, бир тууганыбызга эмне деп айтарыбызды жана аны кантип айтарыбызды алдын ала ойлонуштуруп алышыбыз керек. Анан даяр болгондо анын көкүрөгүндөгү таарынычты сүрүп чыгарганга чечкиндүү болушубуз керек. Башында ал көңүлгө катуу тие турган сөздөрдү айтышы мүмкүн. Андайда шак эле ачууланып же өзүбүздү актап кирсек, мамиле оңдолобу? Албетте жок. Кудай кошкон бир тууганыбыз менен ынтымакта болуу кимдики туура экенин далилдегенден алда канча маанилүү (1 Кор. 6:7).

17. Гилберттен эмнени үйрөнө алабыз?

17 Гилберт аттуу ишенимдешибиз тынчтыкты сактап калыш үчүн бир учурда көп күч-аракет жумшаган. Ал мындай дейт: «Кызым менен тил табыша албай бир топко чейин кыйналып жүргөм. Мамилебизди оңдош үчүн эки жылдан ашык убакыт бою ачык, жылуу-жумшак сүйлөшкөнгө аракет кылып жүрдүм». Гилберт дагы эмне кылган? «Кызым менен сүйлөшөрдөн мурун тиленип, көңүлүмдү оорута турган сөздөрдү айтышы мүмкүн деп алдын ала өзүмдү даярдачумун. Кечиргенге да даяр болушум керек болчу. Меники туура деп туруп албай, кызым менен элдешкеним баарынан маанилүү болчу». Анын аракетинин акыбети кайтканбы? Гилберт: «Азыр үйдөгүлөрүмдүн баары менен жакшы мамиледемин, жүрөгүм тынч»,— дейт.

18, 19. Эгер кимдир бирөөнү таарынтып алсак, эмне кылышыбыз керек жана эмне үчүн?

18 Ишенимдешиңерди таарынтып алганыңарды байкасаңар, эмнени көздөшүңөр керек? Исанын кеңешине жараша иш кылып, элдешкиле. Жахабага бул туурасында айткыла жана ыйык руху аркылуу тынчтыкка умтулганга жардам беришин сурагыла. Эгер ошентсеңер, бактылуу болосуңар. Ошондой эле Исаны угуп жатканыңарды көрсөтөсүңөр (Мт. 5:9).

19 «Жыйналыштын... башчысы» Иса Машаяк аркылуу жакшы кеп-кеңештерди берип жаткан Жахабага миң мертебе ыраазыбыз! (Эф. 5:23) Андыктан, келгиле, Петир, Жакып, Жакандардай болуп, Исаны мындан ары да уга берели (Мт. 17:5). Бул макаладан биз көңүлүн оорутуп алган ишенимдешибиз менен мамилебизди оңдош үчүн эмне кылышыбыз керектигин билдик. Эгер ушул кеңештерге ылайык иш кылсак жана өмүргө алып бара турган кууш жолдон чыкпасак, азыркы күндө да баталарга көмүлөбүз. Ал эми келечекте чеги жок бакытка бөлөнөбүз.

130-ЫР: Кечиримдүү бололу

^ 5-абз. Иса бизди өмүргө алып бара турган тар дарбазадан киргенге үндөгөн. Ишенимдештерибиз менен ынтымакты сактаганга да чакырган. Исанын ушул кеңештерин аткарганга эмне тоскоолдук кылышы мүмкүн? Аларды кантип жеңе алабыз?

^ 7-абз. «Жаштардын 10 суроосуна жооп» деген китепченин «Кысымга кантип туруштук берем?» деген 6-суроосун карагыла жана www.pr418.com/ky сайтындагы «Теңтуштарыңдын кысымына алдырба» деген видеону көргүлө (Жолу: ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ОКУУЛАР > ӨСПҮРҮМДӨР).

^ 8-абз. Айрым ысымдар өзгөртүлдү.

^ 56-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Кудайдын талаптары менен тосулган «кууш жолдо» жүрсөк, порнографиядан, бузукулуктан алыс болобуз, жогорку билимге басым кылгандардын кысымына да алдырбайбыз.

^ 58-абз. Агасы менен элдешиш үчүн Жакып кайра-кайра жүзтөмөндөп таазим кылган.