Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

2-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Исанын инисинен үлгү алалы

Исанын инисинен үлгү алалы

«Кудайдын жана Мырзабыз Иса Машаяктын кулу Жакып» (ЖКП. 1:1).

88-ЫР: Өз жолуңда жүрүүгө үйрөт

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Жакыптын үй-бүлөсүн кантип сүрөттөп берет элеңер?

 ИСАНЫН иниси Жакып Кудайга бекем ишенген үй-бүлөдө чоңоюп-өскөн *. Анын ата-энеси Жусуп менен Мариям Жахабаны аябай жакшы көргөн кишилерден эле. Алар ага кызмат кылыш үчүн колунан келгендин баарын кылышчу. Байкеси болсо Кудай убада кылган Машаяк болмок. Ушундай үй-бүлөдөн болгону Жакып үчүн кандай гана чоң сыймык болгон!

Жакып агасы Иса менен бирге чоңоюп-өскөндүктөн аны аябай жакшы билген (2-абзацты карагыла)

2. Жакып агасынан эмнелерди үйрөнө алмак?

2 Агасын көрүп ини өсөт демекчи, Жакып Исадан көп нерсени үйрөнө алмак (Мт. 13:55). Мисалы, Иса 12 жашында эле Ыйык Жазманы беш колдой билген. Ошол курагында эле Иерусалимдеги мыйзам билермандарынын оозун ачырган (Лк. 2:46, 47). Жакып Иса менен бирге устачылык да кылган болуш керек. Эгер ошондой болсо, агасы жөнүндө көп нерсени биле алмак. Нейтан Норр *: «Адам менен иштешкенде гана ал жөнүндө көбүрөөк билесиң»,— деп көп айта турган. Жакып агасынын «өсүп-жетилип, барган сайын акылмандыгы артып», элдин сүймөнчүгүнө айланып, Кудайга жага бергенин да байкаса керек (Лк. 2:52). Ушунун баарын эске алганда, Жакып биринчилерден болуп Исанын шакирти боло алмак. Бирок, тилекке каршы, андай болгон эмес.

3. Иса жердеги кызматын баштаган кезде Жакып аны жолдоду беле?

3 Иса жерде кызмат кылып жүргөндө Жакып анын шакирти болгон эмес (Жкн. 7:3—5). Ал, башка бир туугандарындай эле, Исаны «акылынан айнып калган» деп ойлосо керек (Мр. 3:21). Ошондой эле Исаны устунга асышканда, энеси Мариям менен бирге ошол жерде болгон эмес көрүнөт (Жкн. 19:25—27).

4. Бул макалада эмнелерди карап чыгабыз?

4 Бирок жылдардын өтүшү менен Жакып Исага ишенип калган. Кийинчерээк болсо Исанын жолдоочуларынын жыйналышында кадырлуу аксакал да болгон. Бул макалада Жакыптан үйрөнө турган эки нерсеге токтолобуз: 1) Эмне үчүн момун болушубуз керек? 2) Канткенде жакшы окутуучу боло алабыз?

ЖАКЫПТАЙ МОМУН БОЛГУЛА

Иса тирилип, Жакыпка көрүнгөндө, Жакып момун болуп анын Машаяк экенине ишенген. Ошондон тартып өмүрү өткөнчө чындык жолунан тайбай кызмат кылган (5—7-абзацтарды карагыла)

5. Иса тирилип, Жакыпка көрүнгөндөн кийин, ал эмне кылган?

5 Жакып Исанын жолун качан жолдой баштаган? Иса тирилгенден кийин «Жакыпка, анан элчилердин баарына көрүнгөн» (1 Кор. 15:7). Ошондон кийин Жакыптын жашоосу түп-тамыры менен өзгөргөн. Элчилер Иерусалимдеги бир үйдүн үстүнкү бөлмөсүндө Иса убада кылган ыйык рухту күтүп жатышканда, алардын арасында Жакып да бар болчу (Элч. 1:13, 14). Кийин болсо Жакып биринчи кылымдагы жетектөөчү кеңештин мүчөсү болгон (Элч. 15:6, 13—22; Гал. 2:9). Ал эми б.з. 62-жылына чейин Исанын майланган жолдоочуларына ыйык рухтун жетеги менен кат жазган. Ал кат баарыбызга: жердеги бейиште жашай тургандарга да, асманда Иса менен бийлик жүргүзө тургандарга да пайдалуу болот (Жкп. 1:1). Биринчи кылымдагы Иосиф Флавий деген тарыхчынын айтымында, Жакып жүйүттөрдүн башкы дин кызматчысы Ананиянын (кичүүсү) буйругу менен өлтүрүлгөн. Ооба, Жакып жердеги жашоосунун акырына чейин Жахабага болгон берилгендигинен жазган эмес.

6. Жакып диний жетекчилерден эмнеси менен айырмаланган?

6 Жакып момун болгон. Эмне үчүн минтип айта алабыз? Жакыптын ошол убактагы диний жетекчилерден эмнеси менен айырмаланып турганын карап көрөлү. Мисалы, ал Исанын Кудайдын Уулу экенин көрсөткөн төгүндөлгүс далилдерди көргөндө момун болуп, ага ишенип калган. Ал эми Иерусалимдеги жогорку дин кызматчылар теңирден тескери иш кылышкан. Алсак, Иса Лазарды тирилткенде, алар муну тана алышкан эмес. Ошентсе да Исанын Жахаба жибергенин моюнга алгысы келбей, анын да, Лазардын да көзүн тазалагысы келген (Жкн. 11:53; 12:9—11). Кийин Иса өлүп, тирилгенде болсо муну элден жашырганга аракет кылышкан (Мт. 28:11—15). Ал диний жетекчилер текебер болгондуктан Машаякты четке кагышкан.

7. Эмне үчүн текебердиктен качышыбыз керек?

7 Эмнеге үйрөнсөк болот? Текебер болбой, үйрөнгөнгө дилгир болгула. Оорунун айынан артериялардан кандын өтүшү кыйындап, жүрөктүн согушу оорлоп калат. Ошол сыңары, текебердиктин айынан каймана маанидеги жүрөгүбүз жакшы иштебей, Жахабага баш ийгенге тоскоолдук кылышы мүмкүн. Текебердиги башынан ашкан фарисейлердин жүрөгү таш болуп калган: алар Исада Кудайдын руху бар экенин, ал анын Уулу экенин көрүп турушса да, кабыл албай коюшкан (Жкн. 12:37—40). Ошентип алар опурталдуу жолду тандашкан. Тандаган жолу аларды түбөлүк өмүрдөн ажыраткан (Мт. 23:13, 33). Кудайдын Сөзү менен руху кулк-мүнөзүбүздү калыптап, ой жүгүртүүбүздү, жүрүм-турумубузду өзгөртүшү үчүн, ийкемдүү болгонубуз кандай гана маанилүү! (Жкп. 3:17). Жакып момун киши болгондуктан Жахабанын акыл-насаатына кулак какканга дилгир болгон. Ошондой эле момун болгону үчүн мыкты окутуучу да боло алган.

ЖАКЫПТАЙ МЫКТЫ ОКУТУУЧУ БОЛГУЛА

8. Мыкты окутуучу болгонго эмне жардам берет?

8 Жакып илим-билимдүү деле кишилерден болгон эмес. Ошол кездеги диний жетекчилер, Петир менен Жакандай эле, Жакыпты да «билими жок карапайым кишидей» көрүшкөнү күмөнсүз (Элч. 4:13). Жогорку билими жок болсо да, Жакып мыкты окутуучу боло алган. Муну анын атынан аталган китептен биле алабыз. Ага окшоп, биздин деле жогорку билимибиз болбошу мүмкүн. Ошентсе да Жахабанын ыйык рухунун жана анын уюмунун окутуп-үйрөткөнүнүн аркасында мыкты окутуучулардан боло алабыз. Эмесе, Жакыптын кантип окутканын, андан эмнеге үйрөнө аларыбызды билели.

9. Жакыптын кантип окутканын түшүндүрүп бергиле.

9 Жакып окутканда ашыра кооздоп, татаалдаштырып сүйлөгөн эмес. Ошон үчүн угармандары эмне кылышы керектигин, кантип кылышы керектигин дароо эле түшүнө алышкан. Алсак, Кудайдын кызматчылары адилетсиздикке туш болсо да, кек сактабашы керектигин түшүндүрүш үчүн жөнөкөй эле мисалды колдонгон. Ал: «Биз туруктуулук көрсөткөндөрдү бактылуу дейбиз. Силер Аюптун туруктуулугу жөнүндө уккансыңар жана Жахабанын ага бата бергенинен Жахабанын абдан боорукер, кайрымдуу экенин билгенсиңер»,— деп жазган (Жкп. 5:11). Жакып айткандарын Ыйык Жазмага негиздегенин байкасаңар. Аюптай болуп берилгендигинен жазбаган адамдарды Жахаба сыйлыксыз калтырбай турганын түшүндүрүш үчүн ал угармандарынын көңүлүн Кудайдын Сөзүнө бурган. Айткандары жөнөкөй, бирок жүйөлүү болгон. Муну менен башкалардын көңүлүн өзүнө эмес, Жахабага бурган.

10. Окутканда канткенде Жакыпты туурай алабыз?

10 Эмнеге үйрөнсөк болот? Жөнөкөй окутуп, сөзүңөрдү Ыйык Китепке негиздегиле. Максатыбыз канчалык көп билерибизди көрсөтүп башкаларды таасирлентүү болбошу керек. Алар Жахабанын канчалык көп билерин, канчалык камкор экенин билип, ошого таасирлениши керек (Рим. 11:33). Ан үчүн окутканда алардын назарын дайыма Кудайдын Сөзүнө бурушубуз керек. Маселен, биз менен Ыйык Китепти изилдеп жаткандарга алардын ордунда болсок, биз эмне кылмактыгыбызды айтканыбыз туура эмес болуп калар эле. Анын ордуна, Ыйык Китептеги мисалдар тууралуу ой жүгүртүп, Жахабанын көз карашын, сезимдерин өздөрү түшүнгөнгө жардам бергенибиз маанилүү. Ошентсек, алар бизге эмес, Жахабага жакканга умтула башташат.

11. Жакыптын ишенимдештери кандай кыйынчылыктарга кабылган жана ал аларга кандай кеңеш берген? (Жакып 5:13—15)

11 Жакып башкалардан өтө көптү талап кылган эмес. Анын катынан көрүнүп тургандай, ал ишенимдештеринин кандай кыйынчылыктар менен алпурушуп жатканын жакшы билген. Ошондуктан кыйынчылыктар менен күрөшкөнгө жардам бериш үчүн так-айкын көрсөтмө берген. Мисалы, айрым ишенимдештери анын кеңештерин дароо кабыл алышкан эмес (Жкп. 1:22). Дагы бирөөлөрү башкаларды бай-кедей деп бөлүшкөн (Жкп. 2:1—3). Тилин тыя албагандар да болгон (Жкп. 3:8—10). Ооба, Кудай кошкон бир туугандарынын ушундай олуттуу кемчиликтери бар болсо да, Жакып алардан түңүлүп калган эмес. Кеңешин сылык-сыпаа, ошол эле учурда түз айткан. Жахаба менен болгон мамилеси солгундап калгандарды болсо аксакалдарга кайрылып жардам сураганга үндөгөн. (Окугула: Жакып 5:13—15.)

12. Канткенде биз менен Ыйык Китепти изилдегендерден үмүтүбүздү үзбөгөн болобуз?

12 Эмнеге үйрөнсөк болот? Өтө көптү талап кылбагыла, кол шилтеп да койбогула. Ыйык Китепти изилдеп жаткандардын көптөрү андагы кеңештерди колдоно албай кыйналышы мүмкүн (Жкп. 4:1—4). Кан-жанына сиңип калган жаман адаттарын таштап, Кудайга жаккан сапаттарды өрчүтүш үчүн убакыт талап кылынат. Жакыптай болуп, биз да алардын жакшыртчу жактарын ачык эле айтышыбыз керек. Ошондой эле оңолорунан үмүтүбүздү үзбөй, Жахаба момун адамдарды бооруна тартарына, жашоосун өзгөрткөнгө күч берерине ишенишибиз зарыл (Жкп. 4:10).

13. Жакып 3:2де жазылгандай, Жакып эмнени мойнуна алган?

13 Жакып өзү жөнүндө туура ойдо болгон. Жакып Исанын иниси болгону үчүн же жыйналышта маанилүү жоопкерчиликтерди аркалаганы үчүн кыйынсынып, өзүн башкалардан жогору көргөн эмес. Тескерисинче, ишенимдештерине «сүйүктүү бир туугандарым» деп кайрылган (Жкп. 1:16, 19; 2:5). Ал өзүн бир да кынтыгы жок жеткилең киши кылып көрсөткөн эмес. Кайра, өзүн да кошуп: «Баарыбыз тең көп жаңылабыз»,— деген. (Окугула: Жакып 3:2.)

14. Эмне үчүн өзүбүздүн да ката кетирерибизди айтып турушубуз керек?

14 Эмнеге үйрөнсөк болот? Катачылыкты баарыбыз тең кетирерибизди унутпайлы. Биз окуткан адамдарыбыздан артыгыраакпыз деп ойлогондон сак болушубуз керек. Себеби өзүбүздү эч качан жаңылып-жазбачудай кылып көрсөтө турган болсок, аларга эч убакта Кудайдын талаптарына ылайык жашай албайм деген ой келиши мүмкүн. Ошон үчүн аларга Ыйык Китептеги кеңештер боюнча жашаган бизге да оңой эмес экенин, кыйынчылыктар менен күрөшкөнгө Жахаба жардам берип жатканын айтып туралы. Ошондо алар да Жахабага кызмат кылуу колунан келе турганын түшүнүшөт.

Жакып жөнөкөй, айкын, жүрөккө жеткидей мисалдарды колдонгон (15, 16-абзацтарды карагыла) *

15. Жакып кандай мисалдарды колдонгон? (Жакып 3:2—6, 10—12)

15 Жакып жүрөктү козгогон мисалдарды колдонгон. Ошенткенге ага ыйык рух жардам бергени талашсыз. Бирок өзү да агасы Исадан мисалдарды колдонуу жагынан көп нерсеге үйрөнсө керек. Жакып өзүнүн катында жөнөкөй, маани-маңызы айкын мисалдарды колдонгон. (Окугула: Жакып 3:2—6, 10—12.)

16. Эмне үчүн мисалдарды колдонушубуз керек?

16 Эмнеге үйрөнсөк болот? Жүрөктү көзөп өткүдөй мисалдарды колдонгула. Ылайыктуу мисалдарды колдонсок, угармандарыбыз угуп эле койбой, айтылгандарды жакшы элестете алышат. Мындайча айтканда, акылында сүрөт тартылгандай эле болот. Бул Ыйык Китептеги негизги ойлорду жакшы эстеп калганга жардам берет. Иса мисалдарды чебер колдонгон. Иниси Жакып да андан үлгү алган. Келгиле анда, Жакып колдонгон мисалдардын бирине токтолуп, анын эмне үчүн аябай натыйжалуу болгонун карап көрөлү.

17. Жакып 1:22—25-аяттардагы мисал эмне үчүн таасирдүү?

17 Окугула: Жакып 1:22—25. Бул аяттарда Жакыптын күзгүнү мисал кылганы эмне үчүн таасирдүү болгон? Ал окурмандарына, эгер Кудайдын Сөзү пайдалуу болсун десек, аны окуп эле тим болбой, билгендерибизге ылайык иш кылышыбыз керектигин жеткиргиси келген. Анын мисалын окугандардын көз алдына шак эле күзгүгө каранып жаткан киши тартыла түшкөн. Ал мисалдын мааниси кандай эле? Күзгүгө каранып, оңдочу жерлерибизди көрүп туруп, бирок эч нерсе кылбай койсок, бул акылсыздык болуп калмак. Ошол сыңары, Кудайдын Сөзүн окуп, оңолчу жактарыбызды байкап туруп эч нерсе кылбай жүрө берсек, ошол кишиге окшошуп калабыз.

18. Мисал колдонгондо кайсы үч нерсени эске алышыбыз керек?

18 Мисалдарды колдонгондо Жакыптан үлгү алып, төмөнкү үч нерсени кылгыла: 1) Мисалыңар түшүндүрүп бергиңер келген ойго төп келиши керек. 2) Угармандарыңар дароо түшүнө ала тургандай болушу керек. 3) Маани-маңызы так-таасын болгону жакшы. Эгер ылайыктуу мисалдарды табыш кыйын болуп жатса, «Күзөт мунарасы коомунун адабияттарынын индексин» (ор.) карасаңар болот. «Мисалдар» («Наглядные примеры») деген жерден толгон-токой мисалдарды таба аласыңар. Бирок бир нерсени эсиңерден чыгарбагыла: мисалдар микрофонго окшош, алар жеткиргиңер келген ойду күчөтүп берет. Ошон үчүн негизги ойлорду баса белгилей турган мисалдарды гана колдонгула. Окутуу чеберчилигибизди арттыруунун негизги себеби өзүбүзгө көңүл бурдуруу эмес. Биз биринчи кезекте мүмкүн болушунча көп адамдарга Жахабанын бактылуу элине кошулганга жардам берүүнү көздөшүбүз керек.

19. Кудай кошкон бир туугандарыбызды жакшы көрөрүбүздү кантип көрсөтөбүз?

19 Жакып Исадай болгон жеткилең агасы менен бирге чоңоюп-өсүп, чоң артыкчылыкка ээ болгон. Биздин болсо андай байкебиз жок. Анткен менен Жахабага ийиндеш туруп кызмат кылып жаткан Кудай кошкон чоң үй-бүлөбүз, бир туугандарыбыз бар. Алар менен дайыма пикирлешип, алардан үйрөнүп, кабар айтуу жана окутуу ишинде эриш-аркак кызмат кылып, аларды жакшы көрөрүбүздү көрсөтөбүз. Жакыптан үлгү алып, сапаттарын чагылдырсак, аныкындай иштерди кылсак жана окутканда анын ыкмаларын колдонсок, Жахабаны даңктайбыз. Ошондой эле ичинде кири жок пейили таза адамдарга асмандагы камкор Атабыз менен ынак мамиле өрчүткөнгө жардам беребиз.

114-ЫР: Чыдамдуу бололу

^ Жакып Иса менен бир үй-бүлөдө чоңоюп-өскөн. Ошон үчүн Кудайдын жеткилең Уулу Исаны ошол учурдагы адамдарга караганда алда канча жакшы билген. Кийинчерээк ал Исанын 1-кылымдагы жолдоочуларынын жыйналышынын тиреги болгон. Бул макалада Жакыптын өзүнөн, кантип окутканынан эмнелерди үйрөнсөк болорун карап чыгабыз.

^ Оңой болушу үчүн бул макалада Жакыпты Исанын иниси деп атайбыз. Чынында Иса менен Жакыптын атасы эки бөлөк болчу. Жакып Ыйык Китептеги анын аты менен аталган катты да жазган.

^ Нейтан Норр Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү болгон. Ал жердеги жашоосун 1977-жылы аяктаган.

^ СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Жакып тилди тыйбагандын кесепети кандай болорун түшүндүрүш үчүн оттун учкунун мисал кылган. Бул мисалды башкалар шак эле түшүнө алышкан.