Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

7-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

«Акылмандардын сөздөрүн уккула»

«Акылмандардын сөздөрүн уккула»

«Кулагыңды төшөп, акылмандардын сөздөрүн ук» (НАКЫЛ 22:17).

123-ЫР: Теократияга берилгендикте баш иебиз

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Кайсы учурларда бизге кеңеш берилиши мүмкүн жана эмне үчүн ага кулак кагышыбыз керек?

КИМИБИЗ эле маал-маалы менен кеңешке муктаж болбойбуз? Кээде кадырлап-сыйлаган бирөөдөн өзүбүз барып кеңеш сурайбыз. Айрым учурларда болсо бизге чындап күйүп-бышкан ишенимдешибиз, «туура эмес иш кылып» алып кийин бармагыбызды тиштеп калбашыбыз үчүн, акыл айтышы мүмкүн (Гал. 6:1). Жаза басып алганыбыздан кийин кеңеш айтылган учурлар да болот. Кандай болбосун, кеңешке кулак кагышыбыз керек. Ошентсек, өзүбүзгө эле жакшы болот жана өмүрүбүздү сактап калабыз (Накыл 6:23).

2. Накыл сөздөр 12:15ке ылайык, эмне үчүн кеңешке кулак кагышыбыз керек?

2 Макала негизделген аят бизди «акылмандардын сөздөрүн укканга» чакырып жатат (Накыл 22:17). Бир да киши баарын биле албайт. Ошондуктан тегерегибизде бизден да көптү билген, далайды көргөн адамдар сөзсүз болот. (Окугула: Накыл сөздөр 12:15.) Эгер кеңешке кулак төшөсөк, момун экенибизди көрсөтөбүз. Ошондой эле бул өзүбүздүн чегибизди билерибизден жана максаттарыбызга жетиш үчүн бирөөнүн жардамына муктаж экенибизди сезерибизден кабар берет. Акылга толгон Сулайман падыша Кудайдын жетеги менен: «Кеңешчилер көп болсо, [ой-максат] ишке ашат»,— деп жазган (Накыл 15:22).

Кайсынысын кабыл алыш сага кыйынга турат? (3, 4-абзацтарды карагыла)

3. Кеңешти кандай жолдор менен алышыбыз мүмкүн?

3 Кээде кеңешти түз эле кимдир бирөөнүн өзүнөн угуп калабыз. Мисалы, аксакал же рухий түшүнүгү терең башка ишенимдешибиз оңолчу жагыбызды айтып кеңеш бериши ыктымал. Ал камыбызды ойлобосо, Ыйык Китепке таянып бизге кеңеш деле бермек эмес. Ошондуктан ага ыраазы болуп, айткан насаатын кунт коюп угуп, көкүрөгүбүзгө түйүп алышыбыз керек. Бирок кеңешти башка жол менен да алабыз. Алсак, Ыйык Китепти же адабияттарыбызды окуп жатканда туура эмес багытта баратканыбызды байкап, багытыбызды өзгөртүшүбүз керектигин түшүнүшүбүз мүмкүн (Евр. 4:12).

4. Насаатчы 7:9да жазылгандай, кеңеш берилгенде эмне кылбашыбыз керек?

4 Ачыгын айтканда, кимдир бирөө кеңешти бетибизге айтканда кабыл алыш кыйын болот. Атүгүл теригип да калышыбыз мүмкүн. Эмне үчүн? Баарыбыз эле жеткилең эмес экенибизди жакшы билебиз. Бирок кимдир бирөө белгилүү бир катачылыгыбызды айтканда, ошону моюнга алыш кыйынга туруп калат. (Окугула: Насаатчы 7:9.) Андайда шак эле актанып киребиз. Балким, кеңеш берген кишинин ниетинин тууралыгына шектенишибиз же кеңешти кантип бергенине басым жасап, ошого таарынып калышыбыз ыктымал. Жадагалса: «Мага кеңеш бергидей ал ким экен? Өзүн билип алсынчы!» — деп анын өзүн сындай башташыбыз этимал. Баарынан жаманы, эгер кеңешти туура көрбөсөк, такыр эле четке кагып же өзүбүз уккубуз келген кеңеш издей баштайбыз.

5. Бул макалада эмнелерди карап чыгабыз?

5 Бул макалада кеңешти четке каккан жана кабыл алган Ыйык Китептеги бир нече инсандын окуясын карап чыгабыз. Ошондой эле кеңешке кулак салганга жана анын пайдасын көргөнгө эмне жардам берерине токтолобуз.

КЕҢЕШТИ ЧЕТКЕ КАККАНДАР

6. Рехабамдан кандай сабак алсак болот?

6Рехабамды мисалга алалы. Ал Ысрайылда падышалык такка отурганда, эли ага бир өтүнүч менен кайрылган. Алар атасы Сулайман арткан оор жүктү жеңилдетишин суранышкан. Адегенде Рехабам элге эмне деп жооп беришти билиш үчүн ысрайыл аксакалдары менен акылдашып туура кылган. Ал аксакалдар Рехабамга эгер элдин сунушун эп көрсө, эл аны дайыма колдоп турарын айтышкан (1 Пад. 12:3—7). Бул кеңеш Рехабамдын купулуна толбой калган көрүнөт, ошол үчүн ал өзү теңдүүлөр менен кеңешкен. Алар 40тын тегерегиндеги жашоодо аркы-беркини көрүп калган кишилер болгон чыгар (2 Жылн. 12:13). Ошентсе да алар Рехабамга туура эмес акыл айтып, элдин жүгүн ого бетер оорлотушун айтышкан (1 Пад. 12:8—11). Эки башка кеңеш уккан Рехабам Жахабадан тиленип, акыл сураса болмок. Анын ордуна, өзүнө жаккан кеңешке кулак түрүп, теңтуштарынын тилине кирген. Мунун залакасын өзү да, эл да тарткан. Кээде биз да өзүбүзгө жакпаган кеңеш угушубуз мүмкүн. Бирок ал Кудайдын Сөзүнө негизделсе, назар салышыбыз керек.

7. Узиядан кандай сабак алсак болот?

7Узия падыша болсо кеңешти четке каккан. Ал Жахабанын ибадатканасынын дин кызматчыларга гана киргенге уруксат берилген бөлүгүнө кирип, жыпарзат түтөткөнгө батынган. Дин кызматчылар: «Узия, Жахабага жыпарзат түтөтүү сенин ишиң эмес. Бул — ...дин кызматчылардын... милдети» — деп, токтотконго аракет кылышкан. Ошондо Узия эмне кылган? Эгер ал акылына келип, ибадатканадан шак эле чыгып кетсе, Жахаба аны кечирмек болуш керек. Бирок, анын ордуна, «Узиянын каары кайнап чыккан». Эмне үчүн ал кеңешке кулак түргөн эмес? Сыягы, падыша болгондуктан өз билгенимди кылганга акым бар деп ойлосо керек. Бирок Жахаба анысын туура көргөн эмес. Менменсинип иш кылганынын айынан пес оорусуна чалдыгып, ошол оорусунун азабын «өмүрүнүн аягына чейин» тарткан (2 Жылн. 26:16—21). Узия падышанын окуясынан көрүнүп тургандай, ким болбойлу, эгер Ыйык Китепке негизделген кеңешти четке каксак, Жахабанын ырайымынан ажырап калабыз.

КЕҢЕШКЕ КУЛАК САЛГАНДАР

8. Аюп кеңешти кандай кабыл алган?

8 Ыйык Китепте кеңешке кулак салып, Кудайдан бата алган адамдар жөнүндө да айтылат. Алардын бири — Аюп пайгамбар. Ал Кудайдан корккон жакшы киши болсо да, күнөөкөр пенде болгон. Ошол үчүн үстөккө-босток каргаша басканда, оозунан жаңылган. Ошондо ага Элиу да, Жахаба да ачык эле кеңеш берген. Аюп муну кандай кабыл алды эле? Момун болгон үчүн ал айтылгандарга моюн сунуп: «Мен сүйлөгөм, бирок түшүнбөптүрмүн... Ошондуктан сөзүмдү кайра артка алам, топурак менен күлгө отуруп өкүнөм»,— деген. Ошенткени үчүн Жахаба ага батасын артыгы менен төккөн (Аюп 42:3—6, 12—17).

9. Кеңешти кабыл алуу жагынан Муса кандай үлгү калтырган?

9 Олуттуу катачылык кетиргенден кийин берилген кеңешти кабыл алуу жагынан Муса пайгамбар да жакшы үлгү калтырган. Бир жолу ал ачууга алдырып, Жахабага тиешелүү даңкты өзүнө ыйгарып алган. Ошондуктан убадаланган жерге кирбей калган (Сан. 20:1—13). Муса Жахабадан чечимин өзгөртүшүн суранганда, ал: «Мындан ары мага бул жөнүндө айтпа»,— деген (Мыйз. 3:23—27). Ошондо Муса нааразы болуп туруп алган эмес. Анын ордуна, анын чечимин кабыл алып, андан ары да Ысрайылдын жол башчысы катары Жахабанын керегине жарай берген (Мыйз. 4:1). Ооба, Аюп да, Муса да кеңешке кулак салып, бизге мыкты үлгү көрсөтүшкөн. Мисалы, Аюп актанып кирбей, оюн өзгөрткөн. Муса болсо Жахабанын кеңешине кулак кагып, өмүр бою эңсеп келген нерсесине жетпей калса деле, өмүрүнүн акырына чейин Кудайга берилген бойдон кала берген.

10. а) Накыл сөздөр 4:10—13-аяттарга ылайык, кеңешке кулак салганыбыздын кандай пайдасы бар? б) Кеңешти кабыл алуу жагынан айрым ишенимдештерибизден эмнеге үйрөнсөк болот?

10 Эгер Аюптай, Мусадай Кудайга берилген кишилердин үлгүсүнө кармансак, өзүбүзгө эле жакшы болот. (Окугула: Накыл сөздөр 4:10—13.) Көптөгөн ишенимдештерибиз так эле ушундай кылып жатышат. Конгодо жашаган Эммануел аттуу ишенимдешибиз ага берилген эскертүү жөнүндө мындай дейт: «Жыйналыштагы рухий жактан жетилген бир туугандар Жахаба менен болгон мамилемди талкалай турган чоң балээден алып калышкан. Алардын сөзүн угуп көп кыйынчылыктардан кача алдым» *. Ал эми канадалык Мэган деген пионер: «Уккан кеңештерим дайым эле жага берчү эмес. Бирок мага так ошондой кеңештер керек болчу»,— дейт. Хорватияда жашаган Марко болсо: «Туура эмес иш кылып, жыйналыштагы сыймыктуу милдетимен айрылып калгам. Бирок ойлосом, мага берилген кеңештин аркасында рухий жактан кайрадан бутума тура алдым»,— деп ой бөлүшөт.

11. Карл Клейн кеңешти кабыл алуу жөнүндө эмне деп айткан?

11 Кеңешти кабыл алгандын пайдасын көргөндөрдүн дагы бири Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Карл Клейн болгон. Өзүнүн өмүр баянында ал Жозеф Рутерфорддун ага кемчилигин бетине айтканы тууралуу сөз кылган. Негизи, ал экөө жакын достордон болушкан. Карл Клейн анын кеңеши катуу тийгенин ачык эле айткан. Ал мындай деп эскерген: «Ошондон кийин аны менен жолукканда ал жадырап-жайнап эле: „Кандайсың Карл?“ — деп учурашты. Таарынычым жазыла элек болгондуктан ооз учунан эле учурашып койдум. Ошондо Жозеф: „Карл, сак бол! Шайтанга жем болуп калба!“ — деди. Мен болсо бир аз ыңгайсызданып кетип: „Баары жакшы эле“,— деп койдум. Ал таарынып жатканымды туюп эле турду. Ошон үчүн: „Андай болсо, жакшы. Бирок баары бир деле сак бол. Шайтан артыңдан аңдып жүрөт“,— деп дагы бир жолу эскертти. Ал туптуура эле айтып жаткан! Эгер кимдир бирөөнүн, айрыкча, аткарган милдетинен улам бизге кеңеш бергенге акысы бар ишенимдешибиздин айткандарына ачуулансак, Шайтанга оңой олжо болуп калышыбыз мүмкүн» * (Эф. 4:25—27). Бактыга жараша, Карл Клейн Жозеф Рутерфорддун кеңешине кулак салганынын аркасында экөөнүн мамилеси салкындап калган эмес.

КЕҢЕШТИ КАБЫЛ АЛГАНГА ЭМНЕ ЖАРДАМ БЕРЕТ?

12. Момундук кеңешке кулак салганга кандайча жардам берет? (Забур 141:5)

12 Берилген кеңешке кулак салыш үчүн эмне кылышыбыз керек? Өзүбүздүн канчалык алсыз пенде экенибизди жана кээде такыр ойлонбой акылсыз иш кылып аларыбызды эстен чыгарбай, момун болушубуз керек. Жогорудан билгенибиздей, Аюптун оюнан, сөзүнөн жаңылган учуру болгон. Бирок оюн өзгөрткөндүктөн, Жахаба ага батасын берген. Себеби Аюп момун киши болгон. Анын момундугу, өзүнөн бир топ эле кичүү болсо да, Элиунун кеңешине кулак какканынан көрүнгөн (Аюп 32:6, 7). Эгер момун болсок, кеңеш бизге тиешеси жоктой көрүнгөн күндө да же кеңешти өзүбүздөн кичүү бирөөдөн уксак да, ага кулак түрөбүз. Канадада жашаган бир аксакал: «Өзүбүздүкү өзүбүзгө көп билинбейт. Ошондуктан кеңеш угуп турбасак, кантип оңолмок элек?» — деген. Ооба, кимибиз эле рухтун жемишине кирген сапаттарды өрчүтүү жана кызмат кылуу жагынан жакшырышыбыз керек эмес? (Окугула: Забур 141:5.)

13. Кеңешке кандай көз карашта болушубуз керек?

13Кеңешти Кудайдын сүйүүсүнүн далили катары көргүлө. Жахаба дайыма бизге эле жакшы болсун дейт (Накыл 4:20—22). Ал кеп-кеңешин өзүнүн Сөзү, ага негизделген адабияттар же анын мыйзам-принциптерин терең түшүнгөн ишенимдешибиз аркылуу берет. Ошентип бизди жакшы көрөрүн көрсөтөт. «Кудай... биздин пайдабызды көздөйт»,— деп жазылган Еврейлер 12:9, 10до.

14. Бизге кеңеш берилгенде биринчи кезекте эмнеге көңүл бурушубуз керек?

14Кеңештин кантип айтылганына эмес, маани-маңызына көңүл бургула. Кээде кеңеш катуураак берилип калгандай сезилиши мүмкүн. Албетте, кеңеш берген киши аны жылуу-жумшак бергенге аракет кылышы керек * (Гал. 6:1). Бирок катуураак берилип калгандай сезилген күндө да, маани-маңызына көңүл бурганыбыз жакшы. Мындай деп ойлонуп көрсөк болот: «Кеңештин кантип айтылганы жакпай жатса да, жакшырышым керек болгон кайсы жагым айтылды? Кеңеш берген кишинин өзүнүн кемчилик-каталарына көз жума аламбы? Анын айткан акыл-насаатынын пайдасын көрө аламбы?» Бизге берилген ар бир кеңештин пайдасын көргөнгө аракет кылганыбыз аябай эле акылдуулукка жатат (Накыл 15:31).

КЕҢЕШ СУРАП, ҮЗҮРҮН КӨРГҮЛӨ

15. Эмне үчүн кеңеш сурашыбыз керек?

15 Ыйык Китеп бизди башкалардан кеңеш сураганга чакырат. Накыл сөздөр 13:10до: «Кеңешкендерге акылмандык мүнөздүү»,— деп жазылган. Бул сөздөрдө калет жок. Демилгени колго алып, башкалар менен кеңешкендер кеңеш сурабай жүрө бергендерге караганда туура чечим чыгарып, рухий жактан көбүрөөк ийгиликтерди кылышат. Андыктан кеңеш сурагандан тартынбагыла.

Эмне үчүн жаштар рухий түшүнүгү терең ишенимдештеринен кеңеш сурашы керек? (16-абзацты карагыла)

16. Кайсы жагдайларда кеңеш сурасак болот?

16 Кайсы учурда ишенимдештерибиз менен акылдашсак болот? Айрым жагдайларга токтололу. 1) Бир эже тажрыйбалуу жарчыны ыйык китептик изилдөөгө чакырып, кайсы жактарын жакшыртса болорун сурайт. 2) Бир кыз рухий жактан жетилген эжеден алайын деп жаткан кийими жөнүндө оюн ачык айтышын сурайт. 3) Биринчи жолу жалпыга арналган баяндама айтайын деп жаткан ишенимдешибизди алалы. Ал дасыккан башка баяндамачыдан жыйналыштан баяндама айтып жатканда аны кунт коюп угуп, эмнесин жакшыртса болорун сурайт. Атүгүл баяндаманы көп жылдан бери кыйын айтып жүргөндөр да тажрыйбалуураак бирөөлөрдөн кеңеш сурап, кеңешин колдонгону жакшы.

17. Канткенде кеңештин пайдасын көрөбүз?

17 Келерки жумаларда же айларда, адабияттар аркылуу болобу же кимдир бирөө аркылуубу, баарыбызга эле кеңеш берилери турган иш. Ошондо бүгүн талкуулаган ойлорду эстегиле. Дайыма момун болгула. Кеңештин кантип берилгенине эмес, маани-маңызына көңүл бургула. Айтылган кеңештерди иш жүзүндө аткаргыла. Эч кимибиз акылман болуп төрөлгөн эмеспиз. Ошентсе да, Кудайдын Сөзүндө убада кылынгандай, «кеңешке кулак салып, акыл-насаатты кабыл алсак», «акылман болобуз» (Накыл 19:20).

124-ЫР: Берилгендик көрсөтөбүз

^ 5-абз. Жахабанын эли Ыйык Китепке негизделген кеңештердин пайдасы зор экенин жакшы түшүнөт. Бирок кеңешти кабыл алыш дайыма эле оңой эмес. Эмне үчүн? Кеңешке кулак салып, анын пайдасын көргөнгө бизге эмне жардам берет?

^ 10-абз. Айрым ысымдар өзгөртүлдү.

^ 11-абз. Карагыла: «Күзөт мунарасы», 1984-ж., 1-окт., 21—28-б. (англ.).

^ 14-абз. Кийинки макалада кеңешти кантип жылуу-жумшак берсе болору талкууланат.