Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

8-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Канткенде кеңешиңер «жүрөктү кубантат»?

Канткенде кеңешиңер «жүрөктү кубантат»?

«Май менен жыпарзат жүрөктү кубантат, жан-дили менен кеңеш берген дос да ошондой» (НАКЫЛ 27:9).

102-ЫР: «Алсыздарга жардам берели»

БУЛ МАКАЛАДА *

1, 2. Бир аксакал кеңеш бергенге байланыштуу эмнени үйрөнгөн?

КӨП жыл мурун эки аксакал жыйналышка бир канча убакыттан бери келбей жүргөн бир эженин үйүнө барышкан. Биринчи сөз баштаган аксакал жыйналышка калтырбай баргандын канчалык маанилүү экенин көрсөткөн бир нече аятты окуп берген. Ал аксакал оюнда баарын туура кылдым деп ойлогон. Бирок алар кетип баратканда, тиги эже: «Силер менин эмнелерди башыман кечирип жатканымды билбейсиңер»,— деген. Көрсө, эки аксакал ал эженин кыйынчылыктарын, жагдайын бир ооз сурап койбой, дароо эле кеңеш берип киришкен экен. Ошон үчүн кеңешинин пайда-батасы деле жок болгон.

2 Ошол кезди эскерип, ал аксакал мындай дейт: «Ошондо ал эже сөзүбүздү баркка албай жаткандай сезилген. Бирок жакшылап ойлонуп көрсөм, шакылдатып аяттарды окуп берерден мурун: „Кандай жүрөсүз? Баары жакшы элеби? Эмне кылып жардам берсек болот?” — деп сураганыбыз туура болмок экен». Ооба, ал аксакал бул окуядан маанилүү нерсени үйрөнгөн. Бүгүнкү күндө ал — боорукер, түшүнүктүү, жардамын аябаган аксакал.

3. Жыйналышта башкаларга кимдер кеңеш бериши мүмкүн?

 3 Албетте, зарыл болгондо кеңеш бергенге биринчи кезекте койчу катары аксакалдар жооптуу. Бирок кимдир бирөөгө жыйналыштагы башка ишенимдештерибиз да кеңеш берген учурлар болот. Мисалы, аял болобу, эркекпи, кайсы бир ишенимдешибиз досуна Ыйык Китепке негиздеп кеңеш бериши мүмкүн (Заб. 141:5; Накыл 25:12). Же улуураак эжелер, апалар кыз-келиндерге Тит 2:3—5-аяттарда айтылган жагдайларга тиешелүү акыл-насаатын айтышы ыктымал. Анан, албетте, ата-энелер балдарын насааттап-тарбиялашат. Бул макаладагы кеңештер, негизинен, аксакалдарга тиешелүү. Ошентсе да аларды карап чыгуунун аркасында баарыбыз кеңешти иш жүзүндө колдонгудай, түрткү бергидей, «жүрөктү кубанткыдай» кылып бергенге үйрөнөбүз (Накыл 27:9).

4. Бул макалада кайсы суроолорду карап чыгабыз?

4 Бул макалада кеңеш бергенге байланыштуу төрт суроого токтолобуз: 1) Кеңеш бергенге эмне түрткү бериши керек? 2) Ошол кеңешти берүү чын эле зарылбы? 3) Кеңешти ким бергени туура болот? 4) Канткенде берген кеңешибиз максатына жеткидей болот?

ЭМНЕ ТҮРТКҮ БЕРИШИ КЕРЕК?

5. Кеңеш туура ниет менен берилсе, эмне үчүн аны кабыл алыш оңой болот? (1 Корунттуктар 13:4, 7)

5 Аксакалдар ишенимдештерин аябай жакшы көрүшөт. Кээде аларга туура эмес багытта кетип бараткан ишенимдешине кеңеш бергенге туура келет. Бул да — алардын сүйүүсүнүн белгиси (Гал. 6:1). Бирок кеңеш берерден мурда аксакалдар элчи Пабылдын сүйүү жөнүндө айткандарын эске алышы керек. Ал: «Сүйүү чыдамкай, боорукер... баарын көтөрөт, баарына ишенет, баарына үмүттөнөт, баарына чыдайт»,— деп айткан. (Окугула: 1 Корунттуктар 13:4, 7.) Ушул сөздөр жөнүндө ой жүгүртсө, алар кеңешти эмне себептен бергиси келип жатканын аныктай алышат жана кеңешин жылуу-жумшак беришет. Ишенимдешибиз аксакал анын камын ойлоп жатканын сезсе, кеңешин оңой кабыла алат (Рим. 12:10).

6. Элчи Пабыл кандай үлгү көрсөткөн?

6 Аксакалдык милдетин жакшы аткарган жагынан элчи Пабыл мыкты үлгү көрсөткөн. Мисалы, Исанын Тесалоникадагы жолдоочуларынын оңолушу керек болгон жактары болгон. Ошондо Пабыл буга кайдыгер карабай, кеп-кеңешин берген. Бирок аларга жазган катында ал адегенде алардын ишеним менен кылып жаткан ишин, сүйүүсүнөн улам кылып жаткан эмгегин, туруктуулугун айтып мактап өткөн. Ошондой эле жагдай-шартын жакшы түшүнөрүн, жашоосу оңой эмес экенин жана куугунтукка карабай Кудайга берилип кызмат кылып жатканын эске аларын көрсөткөн (1 Тес. 1:3; 2 Тес. 1:4). Ал тургай, башка боордошторуна мыкты үлгү көрсөтүп жатканын баса белгилеген (1 Тес. 1:8, 9). Пабылдын ушундай жылуу сөздөрүн уккан ишенимдештеринин канчалык канат байлап калганын элестетип көрсөңөр! Ооба, Пабыл аларды чындап эле жакшы көргөн. Ошондуктан сөзү салмактуу, өтүмдүү болуп, аларга жазган эки катында тең кеңештери абдан таасирдүү болгон (1 Тес. 4:1, 3—5, 11; 2 Тес. 3:11, 12).

7. Айрымдар кеңеш берилгенде эмне үчүн жактырбашы мүмкүн?

7 Эгер кеңеш жылуу-жумшак берилбесе, натыйжасы кандай болушу мүмкүн? Бир тажрыйбалуу аксакал: «Кеп берилген кеңештин өзүндө эмес, анын катуураак берилгенинде болгондуктан, айрымдар чалкасынан кетет»,— деген. Анын сөздөрүнөн эмнени билсек болот? Кимдир бирөөгө кыжырдангандыктан эмес, жакшы көргөндүктөн кеңеш берсек, ал аны оңой кабыл алат.

ЧЫНЫНДА ЭЛЕ ЗАРЫЛБЫ?

8. Кеңеш берерден мурун аксакал эмне деп ойлонуп көрүшү керек?

8 Аксакалдар кеңеш бергенге ашыкпашы керек. Кеңеш берерден мурун мындай деп ойлонуп көргөнү жакшы: «Ушул кеңешти сөзсүз айтышым керекпи? Анын туура эмес иш кылып жатканына көзүм толук жеттиби? Ал Ыйык Китептеги кайсы бир буйрукту чын эле бузуп жатабы? Же тек гана экөөбүздүн көз карашыбыз эки башкабы?» Аксакалдар «ойлонбой сүйлөгөндөн» качышы керек (Накыл 29:20). Эгер аксакал кимдир бирөөгө кеңеш бериш керекпи, жокпу, билбей жатса, адегенде анын Ыйык Китептеги принциптерди бузуп жаткан-жатпаганын аныкташ үчүн башка аксакал менен акылдашса болот (2 Тим. 3:16, 17).

9. Пабылдын үлгүсүнөн көрүнүп тургандай, кийимге жана сырткы көрүнүшкө байланыштуу кеңеш берерде эмнени эске алышыбыз керек? (1 Тиметей 2:9, 10)

9 Бир мисал карап көрөлү. Бир аксакал ишенимдешинин сырткы көрүнүшүн же кийимин ойлоп тынчсызданып жатат дейли. Ал: «Ыйык Китепте ага кеңеш бергенге кандай негиз бар?» — деп ойлонуп көрсө болот. Өзүнүн оюн таңуулабаш үчүн ал башка аксакалдын же рухий жактан жетилген башка жарчынын оюн сурап көрсө болот. Балким, аны менен чогуу Пабылдын кийимге жана сырткы көрүнүшкө байланыштуу берген кеңештерин карап чыгаттыр. (Окугула: 1 Тиметей 2:9, 10.) Пабыл буга байланыштуу жалпы принциптерди айтып, Кудайдын кызматчысы адептүү, жөнөкөй, уят-сыйыттуу кийиниши керектигин баса белгилеген. Бирок ал эмнени кийсе болор-болбосуна тиешелүү эрежелерди чыгарган эмес. Анткени Кудайдын кызматчысынын Ыйык Китептеги принциптердин чегинде өзү каалагандай, өзүнө жаккандай кийингенге акысы бар экенин жакшы түшүнгөн. Демек, аксакалдар кимдир бирөөгө кеңеш бериш керекпи, жокпу, чечерде анын кийими адептүүлүктү, акыл-эстүүлүктү чагылдырар-чагылдырбасына көңүл бурушу керек.

10. Башкалардын чечимине байланыштуу эмнени унутпашыбыз керек?

10 Ыйык Китептеги принциптерди терең түшүнгөн эки ишенимдешибиз эки башка чечим чыгарышы мүмкүн экенин, бирок экөөнүкү тең туура болорун эстен чыгарбайлы. Ошон үчүн эмне туура, эмне туура эмес экенине байланыштуу өзүбүздүн көз карашыбызды башкаларга таңуулай бергенибиз туура эмес болуп калат (Рим. 14:10).

КИМ БЕРГЕНИ ТУУРА БОЛОТ?

11, 12. Кеңеш берүү зарыл болгондо аксакал эмне деп ойлонуп көрүшү керек жана эмне үчүн?

11 Кеңеш берүүнү зарыл деп таптыңар дейли. Анда: «Аны ким бергени жакшы?» — деп ойлонуп көргүлө. Күйөөсү бар аялга же жашы жете элек балага кеңеш берерден мурун аксакал үй-бүлө башчысы менен акылдашканы туура. Балким, үй-бүлө башчысы ал кеңешти өзү бергиси келеттир *. Же ал, аксакал кеңеш берип жатканда, аялынын же баласынын жанында болууну туура көрөттүр. Айрым учурларда,  3-абзацта айтылгандай, кыз-келиндерге улуураак эжелердин акыл айтканы жакшыраак болот.

12 Эске алышыбыз керек болгон дагы бир маанилүү нерсе бар. Аксакалдар: «Бул кеңешти мен бергеним туура болобу? Же башка бирөө берсе, жакшыраак кабыл алабы?» — деп ойлонуп көргөнү жакшы. Маселен, өзүн эч нерсеге жараксыз сезген кимдир бирөөгө ошондойду башынан өткөргөн аксакал кеңеш берсе, сөзү өтүмдүүрөөк болот. Анткени андайды өз жон териси менен сезип көргөндүктөн аны жакшыраак түшүнүп, боор ооруй алат. Сөзү да көкүрөккө сыйымдуу болот. Бирок Ыйык Китептеги талаптарга ылайык өзгөрүшү керек болгондорго кеңешин айтып, оңолгонго түрткү бергенге бардык аксакалдар жооптуу. Демек, кеңеш бериш сөзсүз зарыл болсо, кайсы аксакал болбосун бере бериши керек.

КАНТКЕНДЕ МАКСАТЫНА ЖЕТЕТ?

Эмне үчүн аксакалдар укканга даяр болушу керек? (13, 14-абзацтарды карагыла)

13, 14. Аксакалдын кунт коюп укканы эмне үчүн маанилүү?

13Кунт коюп уккула. Аксакал кеңеш берерде бул тууралуу ойлонуп көрсө болот: «Ишенимдешимдин жагдай-шарты жөнүндө эмнелерди билем? Жашоосунда эмнелерге туш болуп жатат? Мен билбеген кыйынчылыктарды башынан кечирип жаткан жокпу? Азыр ал биринчи кезекте эмнеге муктаж?»

14 Жакып 1:19дагы принциптин башкаларга кеңеш бергендерге тиешелүү экени шексиз. Жакып: «Ар бир адам укканга даяр болсун, ал эми сүйлөгөнгө, ачууланганга шашпасын»,— деп жазган. Аксакал баарын билем деп ойлошу мүмкүн. Бирок ал чын эле баарын билеби? Накыл сөздөр 18:13тө: «Ким аягына чейин укпай туруп жооп берсе, акылсыздыгын көрсөтөт жана өзүн басынтат»,— деп айтылган. Ошондуктан иштин чоо-жайын адамдын өзүнөн билген жакшы. Ан үчүн бир нерсе айтардан мурун кунт коюп уккан маанилүү. Макаланын башында айтылган аксакалдын кандай тыянакка келгенин эстесеңер. Ал даярдап алган сөзүн айтканга шашпай, тиги ишенимдешинен: «Кандай жүрөсүз? Баары жакшы элеби? Эмне кылып жардам берели?» — деп сураганы жакшы болмоктугун түшүнгөн. Эгер аксакалдар ишенимдешинин жагдайын жакшы билсе, ага дем-күч берип, керегине жарай алат.

15. Накыл сөздөр 27:23төгү принципти аксакалдар кантип колдоно алышат?

15Оторуңарды жакшы билгиле. Жогорудан карап чыкканыбыздай, кеңешибиз пайдасын тийгизиши үчүн, Ыйык Китептен бир нече аят окуп берип же бир-эки сунуш айтып коюп эле чектелбешибиз керек. Ишенимдештерибиз алардын камын ойлоорубузду, аларды түшүнөрүбүздү, жардам бергибиз келип жатканын сезгидей болушу кажет. (Окугула: Накыл сөздөр 27:23.) Ошондуктан аксакалдар алар менен жакын достордон болгонго аракет кылышы зарыл.

Канткенде аксакалдарга башкаларга кеңеш берген оңой болот? (16-абзацты карагыла)

16. Канткенде аксакалдардын кеңеши жугумдуу болот?

16 Аксакалдар такыр колу бошобой жаткандай түр көрсөтүп, ишенимдештери туура эмес иш кылганда эле кеңеш бергенге чамынып кирбеши керек. Анын ордуна, алар менен бат-баттан сүйлөшүп, кыйынчылыктар менен алпурушканда көңүл буруп турганы маанилүү. «Ошентсең, ишенимдештериңе ынак болуп каласың. Анан кеңеш бериш керек болгондо оңой болот»,— дейт дасыккан бир аксакал. Берген кеңешиңер да жугумдуу болот.

Кеңеш бергенде аксакал эмне үчүн сабырдуу, боорукер болушу керек? (17-абзацты карагыла)

17. Өзгөчө кайсы учурларда аксакалдар сабырдуу, боорукер болушу керек болот?

17Сабырдуу, боорукер болгула. Кимдир бирөө башында Ыйык Китепке негизделген кеңешке кулак салбай койгондо, бул сапаттар өзгөчө керек болот. Кеңешти дароо кабыл албаса же оңолгонго аракет кылбаса, аксакалдар кыжырданган сак болушу керек. Ыйык Китепте Иса тууралуу: «Чала сынган камышты сындырбайт, бүлбүлдөп күйгөн биликти өчүрбөйт»,— деп жазылган (Мт. 12:20). Ошон үчүн аксакал Жахабадан кеңешке муктаж болгон ишенимдеши жөнүндө тиленип, ага кеңеш эмне үчүн берилип жатканын түшүнгөнгө, аны колдонгонго жардам беришин суранса болот. Кеңеш уккан кишиге айтылгандар жөнүндө ойлонгонго убакыт керек болушу мүмкүн. Эгер аксакал сабырдуу, боорукер болсо, ал акыл-насаат айткан ишенимдеши кеңештин кантип айтылганына эмес, маани-маңызына көңүл бурат. Анан, албетте, кеңеш дайыма Кудайдын Сөзүнө таянып берилиши керек.

18. а) Кеңеш бергенге байланыштуу эмнени унутпашыбыз керек? б) Кутучадагы сүрөттөн көрүнүп тургандай, атасы менен энеси эмнени талкуулап жатат?

18Катаңардан сабак алгыла. Баарыбыз тең жаңылып-жазабыз. Ошон үчүн бул макаладагы кеңештердин чып-чыргасын калтырбай колдоно албайбыз (Жкп. 3:2). Эгер кеңеш берүү жагынан катачылык кетирип алсак, андан сабак алышыбыз керек. Эң негизгиси, ишенимдештерибиз аларды жакшы көрөрүбүздү сезип-туйгудай болгону маанилүү. Ошондо кокус сөзүбүздөн же ишибизден жаңылып аларды таарынтып алсак, аларга бизди кечириш оңой болот. (« Ата-энелердин эсине» деген кутучаны карагыла.)

ЭМНЕНИ ҮЙРӨНДҮК?

19. Канткенде ишенимдештериңердин жүрөгүн кубанта аласыңар?

19 Жогоруда кеп кылынгандай, жакшы кеңеш бериш дайыма эле оңой эмес. Анткени өзүбүз да, биз кеңеш бергендер да жеткилең эмес адамдарданбыз. Ошондой болсо да бул макалада айтылгандарды эсиңерге түйүп алгыла. Кеңеш берип жатканда ниетиңер туура болсун. Ошондой эле кеңештин чынында эле зарыл экенине, ал кеңешти силер бергениңер туура болоруна көзүңөр жеткидей болсун. Кеңеш берерде адамдын эмнелер менен алпурушуп жатканын билиш үчүн суроолорду узатып, анан кунт коюп уккула. Жагдайга анын көзү менен караганга аракет кылгыла. Сылык-сыпаа, жумшак болуп, ишенимдештериңер менен жакын дос болгонго аракет кылгыла. Максатыңар туура кеңеш берүү эле эмес, кеңешти «жүрөктү кубанткыдай» кылып берүү экенин эч качан унутпагыла (Накыл 27:9).

103-ЫР: Койчулар — адам түрүндөгү белектер

^ 5-абз. Кимдир бирөөгө кеңеш бериш оңой-олтоң иштерден эмес. Кеңеш бергенге туура келсе, канткенде кеңешти колдонгонго түрткү бергидей, жан сергиткидей кылып бере алабыз? Бул макалада жазылгандар, негизинен, аксакалдарга тиешелүү. Алар кеңеш бергенде, уккан адам оңой кабыл ала тургандай кылып бериши керек.

^ 11-абз. Карагыла: «Күзөт мунарасы», 2021-ж., фев., «Жыйналыштагы башчылык тартиби».