Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

9-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Исадай жан аябас болгула

Исадай жан аябас болгула

«Алганга караганда берген бактылуу» (ЭЛЧ. 20:35).

17-ЫР: «Каалайм»

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Учурда Жахабанын эли кандай жакшы иштерди кылып жатат?

ТЭЭ илгери эле, Ыйык Китепте алдын ала айтылгандай, Жахабанын эли ага Исанын жетекчилиги алдында кызмат кылыш үчүн «даяр турмак» (Заб. 110:3). Бул сөздөрдүн аткарылып жатканын азыр өз көзүбүз менен көрүп жатабыз. Алсак, жыл сайын Жахабанын ынталуу кызматчылары кабар айтуу ишине миллиондогон сааттарын жумшап жатышат. Алар муну өз ыктыяры менен, эч кандай акы албай кылышат. Андан тышкары, алар муктаж болгон ишенимдештерине жардам беришет, дем-шык беришет. Алардын Жахабага болгон сүйүүсүн, ишенимин арттырышат. Ал эми дайындалган эркектер жыйналыштагы тапшырмаларын даярдаганга, ишенимдештерине барып күч-кайрат бергенге бир топ убактысын жумшашат. Алар мунун баарын эмне үчүн кылышат? Анткени Жахабаны жана ишенимдештерин сүйүшөт (Мт. 22:37—39).

2. Римдиктер 15:1—3-аяттарда айтылгандай, Иса кандай үлгү калтырган?

2 Иса башкалардын кызыкчылыгын өзүнүкүнөн жогору койгон. Ошонусу менен бизге эң мыкты үлгү калтырган. Биз бул жагынан аны туураганга колубуздан келишинче аракет кылышыбыз керек. (Окугула: Римдиктер 15:1—3.) Ошентсек, анын акыбети сөзсүз кайтат. Анткени Иса: «Алганга караганда берген бактылуу»,— деген (Элч. 20:35).

3. Бул макалада эмнелерге токтолобуз?

3 Бул макалада Иса башкаларга жардам бериш үчүн эмнеден кечкенин жана андан кандай үлгү алсак болорун карап чыгабыз. Ошондой эле башкалардын камын ойлогонго көбүрөөк дилгир болуш үчүн эмнелерди кылсак болоруна токтолобуз.

ИСАДАН ҮЛГҮ АЛАЛЫ

Чарчаганына карабай калың эл келгенде Иса эмне кылган? (4-абзацты карагыла)

4. Исанын жанын аябаганы эмнеден көрүнгөн?

4Иса чарчап-чаалыкса да, жанын аяган эмес. Исанын, кыязы, Капернаум шаарына жакын жердеги тоонун этегинде калың элге жолукканда эмне кылганына көңүл бурсаңар. Ага чейин ал түнү бою тиленип чыккан болчу. Ошондо аябай чарчап калса керек. Бирок элдин арасындагы бей-бечараларды, оорукчандарды көргөндө боору ооруп, зээни кейип кеткен. Ошол себептен аларды айыктырып эле койбостон, тарыхтагы эң эле таасирдүү насаатын — Тоодогу насаатын — айткан (Лк. 6:12—20).

Турмушта кайсы учурларда Исадан үлгү алып, жан аябас болушубуз керек? (5-абзацты карагыла)

5. Чарчап-чаалыккан учурларда үй-бүлө башчылары Исадан эмнени үйрөнө алышат?

5Үй-бүлө башчылары Исадан эмнени үйрөнө алышат? Мындай жагдайды элестетсеңер: эртеден кечке кара жанын карч уруп иштеген үй-бүлө башчысы кечинде үйгө бутун тарта албай чарчап келет. Ал ошол күнү өткөрүлө турган үй-бүлө менен сыйынуу кечин өткөргөнгө моюну жар бербей, аны башка күнгө жылдырайын дейт. Ошентсе да сыйынууну өткөргөнгө күч сурап, Жахабадан жалынып-жалбарат. Анан Жахаба тилегине жооп берип, изилдөө адаттагыдай өтөт. Ошондо балдары бир маанилүү нерсени — ата-энеси үчүн рухий иштер баарынан жогору турарын — түшүнүшөт.

6. Исанын башкалардан убактысын аябаганын көрсөткөн мисал айтып бергиле.

6Иса убактысын аяган эмес. Досу Чөмүлдүрүүчү Жакан өлтүрүлгөндө, Исанын канчалык жаны сыздаганын элестетип көрсөңөр. Анын катуу кайгыга батканы айтпаса да түшүнүктүү. Ыйык Китепте: «Ал тууралуу [Жакандын башы алынганын] укканда Иса жалгыз болуш үчүн, кайыкка түшүп, ээн жакка кетти»,— деп жазылган (Мт. 14:10—13). Анын эмне үчүн жалгыз болгусу келгенин жакшы түшүнөт болушубуз керек. Көбүбүз күйүт тартканда элден обочо болгубуз келет. Бирок Исанын ошенткенге мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Жоон топ эл ал бараткан ээн жакка андан мурун барып калган. Ошондо Иса эмне кылган? Ал элдин эмнеге зар болуп турганын көрүп, «боору ооруган». Алардын Кудайдын сөздөрүнө ушунчалык чаңкап турганын сезип, суусунун кандыргысы келген. Ошондуктан «аларды [аз эле нерсеге эмес] көп нерсеге окута баштаган» (Мр. 6:31—34; Лк. 9:10, 11).

7, 8. Ишенимдеши жардамга зар болгондо, камкор аксакалдар Исадан кандай үлгү алышат? Мисал келтиргиле.

7Мээримдүү аксакалдар Исадан эмнени үйрөнө алышат? Биз үчүн чындап күйүп-бышкан аксакалдарга терең ыраазыбыз. Алар кылып жаткан толгон-токой иштердин көбү жыйналыштагыларга билинбей деле калат. Мисалы, кайсы бир ишенимдеши ооруканага жатып калып, шашылыш жардамга муктаж болуп калганда, Ооруканалар менен байланышуу комитетинин мүчөлөрү ал жакка көз ачып-жумганча барып калышат. Көбүнчө андай кырдаалдар түн бир оокумда болуп калат. Кудай кошкон бир туугандарына боору ооругандыктан ал сүйүктүү аксакалдарыбыз жана алардын үй-бүлөлөрү биринчи кезекте өздөрүнүн эмес, башкалардын камын ойлошот.

8 Мындан тышкары, аксакалдар Падышалык залдарын жана уюмдун башка имараттарын курганга жардам беришет. Ошондой эле кырсыктан жабыр тарткандарга жардам берүү ишине салым кошушат. Өзүбүздүн жыйналыштагы аксакалдардын бизди насааттаганга, кайраттандырганга жана колдогонго кетирген бир топ убактысын да айтпай кеткенге болбойт. Ушундай ага-инилерибизди жана алардын үй-бүлөлөрүн чын ыкластан мактагыбыз келет. Жанын аябаган ал ишенимдештерибизге Жахаба мындан ары да батасын бере берсин! Бирок, бардыгыбыз сыяктуу эле, аксакалдар бүт иштерин бир алып кетиши керек. Алар уюмдун иштерине үй-бүлөлөрү каралбай калганчалык кирип кетпеши керек.

ЖАН АЯБАС БОЛУШ ҮЧҮН ЭМНЕ КЫЛЫШЫБЫЗ КЕРЕК?

9. Филипиликтер 2:4, 5ке ылайык, ой жүгүртүүбүз кайсы жагынан Исаныкына окшош болушу керек?

9 Окугула: Филипиликтер 2:4, 5. Аксакал болбосок да, баарыбыз Иса Машаяктан үлгү алып, башкалардан жардамыбызды аябаганга үйрөнө алабыз. Ыйык Китепте Исанын «кулдун кейпин кийгени» айтылат (Флп. 2:7). Мындан эмнеге үйрөнө алабыз? Жакшы кул же кызматчы кожоюнуна жагыш үчүн көзүнүн агы менен тең айланат. Жахабанын кулу жана бир туугандарыңардын кызматчысы катары силер Жахаба үчүн жана ишенимдештериңер үчүн көп иштерди кылып, алардын керегине жарагыңар келери шексиз. Ан үчүн төмөнкү кеңештерди колдонсоңор болот.

10. Эмне жөнүндө ойлонуп көрсөк болот?

10Жардам бергенге канчалык даяр экениңерди текшергиле. Мындай деп ойлонуп көргүлө: «Башкаларга кол кабыш кылыш үчүн бир нерселерден кечкенге канчалык даярмын? Жыйналыштагы кайсы бир атанын үйүнө барып, ал-жайын сурап келгенге же кайсы бир апаны жыйналышка алып келгенге суранып калышса, эмне кылам? Жыйын өткөн жайды тазалаш керек болсо же Падышалык залынын кайсы бир жерин оңдоп-түзөш керек болсо, жардамымды шак эле сунуштаймбы?» Өзүбүздү Жахабага арнап жатканда эмнебиз болсо, ошонун баарын ага арнайбыз деп сөз бергенбиз. Ошон үчүн убактыбызды, күчүбүздү жана колубузда болгон нерселерди башкаларга жардам бериш үчүн колдонушубуз каалайт. Муну өзүбүз каалап, чын ыкластан кылсак, ал аябай сүйүнөт. Эгер бул жагынан жакшырышыбыз керектигин байкасак, эмне кылсак болот?

11. Тиленүү жан аябас болгонго кандайча жардам берет?

11Жахабадан чын дилден тиленгиле. Мисалга жакшырышыңар керек болгон жагыңарды байкап, бирок оңолгонго каалооңор жок болуп жатат дейли. Эгер ошондой болсо, Жахабадан жардам сурап чын дилден тиленгиле. Чынчыл болгула. Ага кандай сезимде болуп жатканыңарды айтып, иш-аракет кылганга «каалоо да, күч да» беришин сурагыла (Флп. 2:13).

12. Чөмүлгөн жигиттер канткенде жыйналыштын керегине жарай алышат?

12 Эгер чөмүлгөн жаш жигит болсоң, Жахабадан жыйналыштагылар үчүн көп жакшы иш кылганга каалоо беришин сура. Айрым өлкөлөрдө жыйналышта кызмат жардамчыларына караганда аксакалдар көп. Ал кызмат жардамчыларынын көбү орто жашта же жашы өр тартып калган. Уюмубуз барган сайын кеңейип жаткандыктан Жахабанын элине кам көрө турган жаш жигиттер аба менен суудай керек. Кайсы жолдор менен болбосун кызмат кылганга даяр болсоң, бактылуу болосуң. Себеби Жахабанын жүрөгүн кубантасың, ишенимдештериңдин арзуусуна татыган инсан болосуң. Ошондой эле башкалардын керегине жарап, ошондон кубаныч аласың.

Жүйүт жериндеги Исанын жолдоочулары Иордан дарыясынын аркы өйүзүндөгү Пелла шаарына качып барышкан. Ал жакка эртерээк баргандар жаңы эле келген ишенимдештерине тамак-аш таратып жатышат (13-абзацты карагыла)

13, 14. Ишенимдештерибизге иш жүзүндө кандай жардам көрсөтсөк болот? (Мукабадагы сүрөттү карагыла.)

13Кыраакы болуп, кимдин жардамга муктаж экенин байкай билгиле. Элчи Пабыл Жүйүт жеринде жашаган ишенимдештерине: «Жакшылык кылууну жана өзүңөрдөгүнү башкалар менен бөлүшүүнү унутпагыла, анткени ушундай курмандыктар Кудайга жагат»,— деп жазган (Евр. 13:16). Бул өз учурунда берилген жакшы кеңеш болгон. Себеби ошол катты алгандан көп өтпөй алар үй-жайын, жүргүзгөн иштерин жана Исанын жолун жолдобогон тууган-туушкандарын калтырып, «тоого качканга» аргасыз болушкан (Мт. 24:16). Ошол учурда алардын бири-бирин жөлөп-таяганы болуп көрбөгөндөй маанилүү болгону шексиз. Эгер алар буга чейин эле Пабылдын кеңешине кулак кагып, болгон нерсесин бири-бири менен бөлүшүп жүргөн болсо, анда жаңы жагдай-шартка ылайыкташып кеткен бир топ эле оңой болсо керек.

14 Ишенимдештерибиз эмнеден өксүп жатканын дайыма эле айта бербеши мүмкүн. Мисалы, зайыбы каза болгон байке күйүт тартып жүрүшү мүмкүн. Балким, ал кимдир бирөөнүн ага тамак-аш жасап беришине, бир жакка алпарып келишине же үйдөгү иштерине кол кабыш кылышына зар болуп жүргөндүр. Ал башкаларга жүк болбоюн деп унчукпай эле жүрө бериши ыктымал. Бирок кимдир бирөө айттырбай эле ага жардам берсе, аябай ыраазы болору күмөнсүз. Биз эч качан ага башка бирөө көмөктөшүп коёт же жардам керек болсо, өзү сурайт деп ойлобошубуз керек. «Эгер ушундай жагдайга мен туш болсом, кандай жардамга ыраазы болмокмун?» — деп ойлонуп көргүлө.

15. Башкалардан жардамын аябаган адам болуш үчүн эмне кылышыбыз керек?

15Башкалар оңой кайрыла ала турган адам болгула. Жыйналышыңарда башкалардын оорун колдон, жеңилин жерден алганга даяр турган ишенимдештериңерди билет чыгарсыңар. Алар бизди жүк болуп жаткандай көрбөйт. Жардам керек болгондо андай бир туугандарга дайыма таянсак болорун билебиз. Биз да алардай болгубуз келет. 45 жаштагы Алан деген аксакал ишенимдештери ага оңой кайрыла алган адам болгусу келет. Исанын үлгүсү жөнүндө ойлонуп, Алан мындай дейт: «Исанын иштери чачтан көп болчу. Ошентсе да ар кандай курактагы адамдар ага тартылып турган. Кандай жардам болбосун, тартынбай эле сурашчу. Эл аны башкаларга чындап күйүп-бышкан, адамгерчиликтүү киши деп билчү. Мен да Исадай жумшак, камкор, башкалар оңой кайрыла алган адам болгонго бүткүл дитимди бергим келет».

16. Забур 119:59, 60та жазылган принцип Исанын үлгүсүнө так карманганга кандайча жардам берет?

16 Исаны ойдогудай туурай албай жатсак, эмне үчүн көңүл чөгөрбөшүбүз керек? (Жкп. 3:2). Сүрөт тартканды үйрөнүп жаткан шакирт башында сүрөттү так устатындай тарта албайт. Бирок ал окшошпой жатса дагы багынбай устатын колунан келишинче туураганга аракет кыла берсе, бара-бара жакшы тартып калат. Анын сыңарындай, биз дагы өздүк изилдөөбүздө билген нерселерге жараша иш кыла берели. Ошондой эле алсыз жактарыбызды оңдогонго бел чечпей бүт күчүбүздү жумшай берели. Ошентсек, Устатыбыз Исанын үлгүсүнө так кармана алабыз. (Окугула: Забур 119:59, 60.)

ЖАН АЯБАС БОЛГОНУБУЗДУН ПАЙДАСЫ

Исадай болуп жан аябас болгон аксакалдар жаштарга жакшы үлгү көрсөтүшөт (17-абзацты карагыла) *

17, 18. Исадай жан аябас болгонубуздун кандай пайдасы бар?

17 Жардам бергенге дайым ынтызар болсок, башкалар бизди туурайт. Бул туурасында Тим деген аксакал мындай деген: «Жыйналышыбыздагы айрым боз уландар бат эле кызмат жардамчысы болушту. Мунун бир себеби аларга башкалардын жан аябастыгы таасир эткен. Анан алар да ошенткиси келген. Колдон-буттан алган ушундай инилерибиз жыйналыштагыларга да, аксакалдарга да чоң жардам берип жатышат».

18 Биз ар ким өз көмөчүнө күл тарткан заманда жашап жатабыз. Бирок Жахабанын эли дүйнөдөгү адамдардан таптакыр эле айырмаланат. Себеби биз эл дегенде ичкен ашын жерге койгон Исадан үлгү алганга чечкиндүүбүз. Албетте, биз Исаны жеткилең түрдө туурай албайбыз. Бирок анын изи менен мүмкүн болушунча тагыраак жүрө алабыз (1 Пет. 2:21). Андыктан, келгиле, Исадай жан аябас болуш үчүн колубуздан келгендин баарын кыла берели. Ошентсек, биз да Жахабаны сүйүнтүп жатканыбызды билип кубанычка бөлөнөбүз!

13-ЫР: Машаяк бизге үлгү

^ 5-абз. Иса дайыма өзүнүн эмес, өзгөнүн камын ойлогон. Бул макалада андан кантип үлгү алсак болорун карап чыгабыз. Ошондой эле Исадай жан аябас болгонубуздун өзүбүз үчүн кандай пайдасы бар экенине токтолобуз.

^ 57-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Дан деген жигит ооруканага жатып калган атасын көргөнү келген эки аксакалды карап турат. Камкор аксакалдардын жакшы үлгүсү ага таасир этип, ал да жыйналыштагы жардамга муктаж ишенимдештерине колдоо көрсөткөнгө бел байлап жатат. Ал эми Бэн деген башка жигит Дандын башкаларга кам көрүп жатканын байкап турат. Дандан үлгү алып, Бэн да Падышалык залын жууп-тазалап жатат.