Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ӨМҮР БАЯН

Медицинадан да алда канча жакшы нерсени таптым

Медицинадан да алда канча жакшы нерсени таптым

«СИЛЕР айтып жаткан нерсени мен балачактан бери эле кыялданып келгем!» Мен бул сөздөрдү күйүп-жанып мага көрүнгөнү келген жубайларга айткан болчумун. Ал 1971-жыл эле. Жаңы эле жеке клиникамды ачып, иштете баштагам. Ал бейтаптар кимдер эле? Бала чагыман эмнени кыялданып келгем? Анда ошол бейтаптар менен сүйлөшкөн сөзүбүз жашоомду кандайча өзгөрткөнүн жана бала кезимен бери эңсеп келген кыялым жакында орундаларына эмне үчүн ишенеримди кеп кылып берейин.

Мен 1941-жылы Франциянын борбор шаары Парижде карапайым үй-бүлөдө төрөлгөм. Өзүм билимге жакын болчумун. Ошондуктан 10 жашымда кургак учук менен ооруп калып, мектепке барбай калганымда канчалык ыза болгонумду айтпагыла! Өпкөмө күч келтирбеш үчүн доктурлар төшөктөн турбай жатышым керектигин айтышты. Ошол себептен бир нече ай бою сөздүктөрдү окуп, Париж университетинин «Сорбонна» аттуу радиосунун программаларын угуп жүрдүм. Доктур сакайганымды, эми мектепке бара берсем болорун айтканда, төбөм көккө жете сүйүнгөм. Ошондо: «Доктурлардын иши сонун турбайбы!» — деп суктанганым эсимде. Ошондон баштап оорунун азабын чеккендерди айыктыргым келе баштады. Атам: «Чоңойгондо ким болосуң?» — деп сурап калганда, дайыма: «Доктур болом!» — деп айтчумун. Ошентип, медицина бүт акыл-оюмду ээлеп калган.

ИЛИМ АРКЫЛУУ КУДАЙГА ЖАКЫНДАДЫМ

Биз үй-бүлөбүз менен католик динин тутчубуз. Бирок Кудай жөнүндөгү билимим тайкы болчу. Жоопсуз калган суроолорум да көп эле. Университетте медицинаны окуй баштаганда гана тиричилик Жараткандын колунан бүткөнүнө көзүм жете баштаган.

Жоогазындын клеткасын биринчи жолу микроскоптон көргөнүм күнү бүгүнкүдөй эсимде. Ошондо ысык менен сууктун анын клеткасына кандай таасир этип жатканын көргөндө аябай таң калгам. Ошондой эле цитоплазманын (клеткадагы суюктуктун) тузга салынганда бүрүшүп каларын, таза сууга салынганда жазыларын байкагам. Ушул жана башка сансыз реакциялар организмдерге тегерегиндеги чөйрөгө ылайыкташып кеткенге жардам берет. Ар бир клетканын ушунчалык татаал экенин көргөндө тиричилик кокустуктан пайда болбогонун түшүнгөм.

Экинчи курсту окуй баштаганда Кудайдын бар экенин тастыктаган дагы көп далилдерди көрө баштадым. Анатомия сабагында биз адамдын билеги манжаларды кантип бүгүп, анан кайра кантип жазары жөнүндө окуганбыз. Колубуздагы булчуңдардын, байламталардын жана тарамыштардын өз ара кандайча аракеттешери таң калтырбай койбойт. Мисалы, билектеги булчуңду манжалардын экинчи сөөгүнө байланыштырып турган тарамыштар экиге бөлүнүп, ортосунда көпүрөлөр жаралат. Ошонун аркасында манжалардын учуна бараткан башка тарамыштар ал көпүрөлөрдүн алдынан жылма өтүп кетет. Катуу ткандар болсо тарамыштарды манжанын сөөктөрүнө тыгыз байлап турат. Эгер манжаларыбыз ушинтип ойлонуштурулуп жасалбаса, колубуздагы тарамыштар катуу тартылган кылдай болуп, манжаларыбыз бүгүлүп-жазылбай калмак. Ушундан адамдын денесин укмуштуудай акылдуу бирөө долбоорлогонун айкын көрө алдым.

Баланын төрөлүшүн изилдей баштаганда тиричиликтин Жаратманына ого бетер суктана баштадым. Негизи, түйүлдүк курсакта жатканда кычкылтекти тон аркылуу алат. Ошондуктан альвеола деп аталган өпкөнүн ичиндеги тоголок баштыкчалар ишке киргизиле элек болот. Башкача айтканда, абага толо элек болот. Бирок бала төрөлөрүнө бир нече жума калганда ар бир баштыкчанын ичин сурфактант деп аталган суюктук каптап калат. Ал эми бала төрөлгөндө ал дем алышы үчүн укмуштуудай процесстер катар-катары менен жүрө баштайт: адегенде баланын жүрөгүндөгү оң дүлөйчө менен сол дүлөйчөнүн ортосундагы тешик жабылат. Анан кан өпкөгө бара баштайт. Ошол маанилүү учурда абага заматта толгон альвеолаларды сурфактант бири-бирине жабышып калгандан сактайт. Ошентип, ымыркай өз алдынча дем ала баштайт.

Ушунчалык кереметтүү нерселерди жараткан Кудайды таанып-билгим келе баштады. Ошондуктан Ыйык Китепти берилип окуй баштадым. Мындан 3000ден ашык жыл мурун Кудай ысрайыл эли менен келишим түзүп, мыйзамдарын берген. Аларда камтылган тазалыкка байланыштуу мыйзамдар аябай таңдандырган. Мисалы, Кудай ысрайылдыктарды заң-заарасын көмүшү, бат-баттан жуунуп турушу, жугуштуу оору менен ооруп калгандарды элден обочо бөлүп коюшу керектигин айткан (Леб. 13:50; 15:11; Мыйз. 23:13). Ыйык Китепте оорулардын кантип жайылары тээ илгери эле айтылган. Ал эми окумуштуулар бул туурасында акыркы 150 жылдын ичинде эле изилдеп-билишти. Жыныстык тазалыкка байланыштуу мыйзамдардын элдин сак-саламатта болушуна шарт түзөрүн билип да таң калгам (Леб. 12:1—6; 15:16—24). Көрсө, Кудай бул мыйзамдарды ысрайылдыктарга өздөрүнө эле жакшы болсун деп бериптир. Ошол осуяттарга кармангандарга Кудай батасын берген. Ошентип, Ыйык Китепти Кудай өзү жаздырганына көзүм жеткен. Бирок ал учурда анын ысмын билчү эмесмин.

ӨМҮРЛҮК ЖАРДЫ ДА, ЖАХАБАНЫ ДА ТАБЫШЫМ

Лиди экөөбүз баш кошкон күнүбүздө, 1965-жыл, 3-апрель

Университетте окуп жүргөндө Лиди деген кыз менен таанышып, сүйүп калдым. Экөөбүз 1965-жылы баш коштук. Ал учурда университеттеги окуум жарымдап калган. 1971-жылга чейин алты балабыздын үчөө төрөлгөн. Лиди мени үйдө да, жумушта да бардык жактан сүйөп-таяп келет. Ал — мен үчүн эң жакшы жан шерик.

Өзүмдүн клиникамды ачканга чейин ооруканада үч жыл иштеген болчумун. Клиникамды ачкандан көп өтпөй, жогоруда айтканымдай, бир жубайлар мага көрүнгөнү келишкен. Жолдошуна дары жазып берейин деп жатсам, аялы: «Курамында кан жок дарыларды жазып бериңизчи»,— деп суранып калды. Ошондо таң кала: «Эмне үчүн?» — деп сурадым. Ал: «Биз Жахабанын Күбөлөрү болобуз»,— деп жооп берди. Мен ага чейин Жахабанын Күбөлөрү, алардын канга карата көз карашы жөнүндө бир да жолу уккан эмес болчумун. Ошондо ал аял Ыйык Китебин ачып, кандан эмне үчүн баш тартышарын түшүндүрүп берди (Элч. 15:28, 29). Анан жолдошу экөө Кудайдын Падышалыгы эмнелерди ишке ашырарын, азап-кайгыны, оору-сыркоону, өлүм-житимди жок кыларын айтып беришти (Аян 21:3, 4). Ошондо кубанычым койнума батпай: «Силер айтып жаткан нерсени мен балачактан бери эле кыялданып келгем! Элдин азабын азайтыш үчүн доктур болгом»,— дедим. Бүйүрүм укмуш кызып, бир жарым сааттай сүйлөштүк. Жубайлар кетер замат, эми мындан ары католик болбойм деп чечтим. Ошондо өмүр бою суктанып келген Кудайымдын аты Жахаба экенин билип кубангам.

Ошол жубайлар менен клиникамда дагы үч жолу жолугуп, үч жолу тең бир сааттан ашык убакыт бою сүйлөштүк. Анан Ыйык Китепти жай отуруп талкуулаш үчүн үйүмө чакырдым. Лиди Ыйык Китепти изилдегенге катышканга макул болсо да, католик чиркөөсүнүн окуулары туура эмес экенине кошула албай жүрдү. Ошон үчүн чиркөөнүн дин кызматчысын үйүбүзгө чакырдык. Анан жалаң Ыйык Китепти эле колдонуп, чиркөөнүн окууларын түн бир оокумга чейин кызуу талкууладык. Ошондо Лиди Жахабанын Күбөлөрү окуткан нерселердин чындык экенине көзү жетти. Бара-бара Жахабага болгон сүйүүбүз артып, экөөбүз тең 1974-жылы чөмүлдүк.

ЖАХАБАНЫ БИРИНЧИ ОРУНГА КОЮШУБУЗ

Кудайдын адамзатка байланышкан ой-ниетин билгеним жашоодо эмне маанилүү экенине карата көз карашымды өзгөрттү. Ошондуктан Лиди экөөбүз Жахабага кызмат кылууну жашообузда биринчи орунга коёлу деп чечтик. Балдарыбызды да Кудайдын таалим-тарбиясы боюнча тарбиялайлы дедик. Балдарыбызга Кудайды да, адамдарды да жакшы көргөнгө үйрөткөнгө аракет кылчубуз. Ошонун аркасында бири-бирибизге ынак болуп калдык (Мт. 22:37—39).

Балдарыбыз Лиди экөөбүздүн оюбуз дайыма бир экенин билишчү. Ошону түшүнүп калганын эстегенде күлүп калабыз. Алар: «„Ооба“ деген сөзүңөр „ообаны“, „жок“ деген сөзүңөр „жокту“ билдирсин»,— деген Исанын сөздөрү биздин үйдө эреже экенин жакшы билишчү (Мт. 5:37). Мисалы, бир жолу 17 жаштагы кызыбыз отурушка барып келишин суранса, апасы коё бербей коюптур. Ошондо кызыбыздын курбуларынын бири: «Апаң коё бербесе, атаңан суранбайсыңбы»,— дептир. Буга кызыбыз: «Баары бир деле жибербейт. Анткени атам менен апамдын ою дайыма бир»,— деп жооп бериптир. Ооба, алты балабыз тең Ыйык Китептеги принциптерге келгенде экөөбүздүн тең оюбуз дайыма бир экенин билишчү. Бүгүнкү күндө үйдөгүлөрүбүздүн көбү Жахабага кызмат кылышат. Ошол үчүн Жахабага миң мертебе ыраазыбыз!

Кудайдын иши жашоомдо дайыма биринчи орунда турчу. Ошентсе да кесибим Кудайдын элинин керегине көбүрөөк жараса экен дечүмүн. Ошондуктан Париждеги Бейтелде, кийинчерээк Лувьедеги жаңы Бейтелде доктур болуп бир туугандарга жардам берип жүрдүм. Ошентип, Бейтелде дээрлик 50 жыл бою ыктыярчы болуп кызмат кылдым. Ошол убакыт аралыгында бейтелдиктердин арасынан жакшы досторду таптым. Алардын айрымдары азыр 90дон ашып калышты. Бир жолу Бейтелде кызмат кылганга бир жигит келип калды. Көрсө, 20 жыл мурун ал төрөлүп жатканда анын апасын төрөткөн доктур мен болчу экенмин! Ошондо бир четинен таң калсам, бир четинен кубангам.

ЖАХАБА ӨЗ ЭЛИНЕ ЭҢ ЖАКШЫ КАМ КӨРӨТ

Көп жылдан бери Жахабанын өз уюму аркылуу элин жетектеп, коргоп келатканын көрүп келатам. Бул ага болгон сүйүүмдү барган сайын арттырып келатат. 1980-жылдардын башында Жетектөөчү Кеңеш АКШдагы доктурларга Жахабанын Күбөлөрүнүн канга карата көз карашын жакшыраак түшүнгөнгө жардам бериш үчүн бир программаны негиздеген.

Анан 1988-жылы Жетектөөчү Кеңеш Бейтелде Медициналык маалымат кызматы деген жаңы бөлүм уюштурган. Башында бул бөлүм Ооруканалар менен байланышуу комитеттерин көзөмөлдөчү. Ал комитеттер АКШда Жахабанын Күбөлөрүнө алардын көз карашын сыйлаган доктурларды таап бериш үчүн уюштурулган. Убакыттын өтүшү менен мындай комитеттер дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө да, анын ичинде Францияда да, негизделген. Жахабанын уюму жардамга зар болгон, ооруп жаткан ишенимдештерибизди кантип колдоп келатканын көрүп суктанып бүтпөйм.

ИШКЕ АША ТУРГАН КЫЯЛЫМ

Жакшы кабар таратуу иши азыркыга чейин бизге кубаныч тартуулап келет

Медицинаны аябай жакшы көрсөм да, жашоодо эмнелер биринчи орунда турушу керектиги жөнүндө ойлонгондо бир маанилүү нерсени түшүндүм. Адамдарга рухий мааниде айыкканга — бизге өмүр берген Жахаба Кудайга жакындаганга — жардам бергеним баарынан маанилүү экенин түшүндүм. Мен ардактуу эс алууга чыккандан бери Лиди экөөбүз үзгүлтүксүз пионерлер катары убактыбыздын көбүн жакшы кабар таратканга жумшап келатабыз. Өмүрдү сактап кала турган бул ишке азыркыга чейин колубуздан келишинче көбүрөөк катышканга аракет кылып келебиз.

Лиди экөөбүз, 2021-жыл

Албетте, азыр деле оорулуулардын азабын бир аз да болсо жеңилдеткенге аракет кылып келем. Бирок мен-мен деген доктурлар да бардык оору-сыркоодон айыктыра албайт, өлүмдөн да алып кала албайт. Ошондуктан жан сыздаткан оорулар, өлүм жок боло турган убакты күн санап күтүп келем. Тездик менен жакындап келаткан ошол жаңы заманда Кудайдын колунан бүткөн нерселерди, анын ичинде адамдын кереметтүү денесин, изилденгенге чексиз убактым болот. Ооба, бала кезден бери эңсеп келген кыялдарым жакында толугу менен орундалат. Алдыда эң сонун күндөр күтүп турат!