Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

12-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Закарыя көргөндү силер да көрүп жатасыңарбы?

Закарыя көргөндү силер да көрүп жатасыңарбы?

«„Менин рухум менен ишке ашат”,— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба» (ЗАК. 4:6).

73-ЫР: Кайраттуу кыла көр

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Туткунда жүргөн жүйүттөрдү эмне күтүп турган?

 ЖҮЙҮТ эли өрөпкүп кубанычы койнуна батпай турган кез. Жахаба Кудай Персиянын Кореш аттуу падышасына ондогон жылдардан бери Бабылда кулчулукта жүргөн элин азаттыкка чыгарганга түрткү берди (Эзра 1:1, 3). Падыша жүйүттөргө мекенине кайтып барып: «Ысрайылдын Кудайы Жахабанын... үйүн кайра курсун»,— деп жарыялады (Эзра 1:1, 3). Кандай гана жүрөк толкуткан буйрук! Бул Кудай өз элине берген жерде эми чыныгы сыйынуунун кайрадан калыбына келтириле турганын билдирген.

2. Туткундан мекенине кайтып баргандар алгач кайсы ишти бүтүрүшкөн?

2 Б.з.ч. 537-жылы туткундардын алгачкылары Жүйүт түштүк падышалыгынын борбору Иерусалимге кайтып барган. Көп узабай эле алар ишке киришип, б.з.ч. 536-жылы ибадаткананын пайдубалы туруп калган!

3. Жүйүттөр кандай каршылыкка туш болушкан?

3 Мекенине кайтып баргандар ибадаткананы кайрадан куруп баштаганда катуу каршылыкка туш болушкан. «Тегеректе жашаган элдер куруу ишин токтотуш үчүн жүйүт элинин ындынын өчүрүп, кайратын качыра баштаган» (Эзра 4:4). Ошонун айынан ансыз деле оор жагдай ого бетер оордоп кеткен. Б.з.ч. 522-жылы Персияда Артакшашта аттуу жаңы падыша такка келген *. Ошондо душмандарга оңдой берди болуп курулушту биротоло токтотуш үчүн «мыйзамды колдонуп кыянаттык кылганга» өтүшкөн (Заб. 94:20). Алар жүйүттөрдү Артакшашта падышага болушунча каралап, атүгүл ага каршы козголоң чыгарганы жатышат деп жалаа жапкан (Эзра 4:11—16). Падыша аларга ишенип, ибадаткананы куруу ишин токтотуп салган (Эзра 4:17—23). Ошентип, ибадаткананы берилип алып куруп жаткандар шаабайы сууп отуруп калышкан (Эзра 4:24).

4. Душмандар курулушка тыюу салып салганда, Жахаба эмне кылган? (Ышая 55:11)

4 Иерусалимдин тегерегиндеги башка кудайларга сыйынгандар, ошондой эле Персия өкмөтүндөгүлөрдүн айрымдары ибадаткананын курулушун токтотконго катуу киришкен. Бирок Жахаба курулуш ишинин алга илгерилей беришин каалаган. Ал болсо көздөгөн максатына сөзсүз жетет. (Окугула: Ышая 55:11.) Ошондуктан Закарыя аттуу кайраттуу бир пайгамбарды дайындап, жүйүттөрдү шыктандырып, алга сүрөй турган сегиз аян көрсөткөн. Ал аяндар жүйүт элине душмандарынан коркпой, Жахабанын ишин алдыга жылдыра бергенге дем-шык берген. Ошол аяндардын бешинчисинде Закарыя чыракпая менен эки зайтун дарагын көргөн.

5. Бул макалада эмнени карап чыгабыз?

5 Маал-маалы менен баарыбыздын эле көңүлүбүз чөгүп калат. Ошондуктан Жахаба ысрайылдыктарга Закарыя пайгамбар аркылуу берген бешинчи аянды карап чыгуунун аркасында күч-кайрат алабыз. Аяндын маанисин түшүнсөк, каршылыктарга туш болгондо, жашообузда бир нерсе өзгөргөндө жана түшүнүксүздөй көрүнгөн көрсөтмөлөр берилгенде Жахабага багынбай кызмат кыла бергенге күч берет.

КАРШЫЛЫККА ТУШ БОЛГОНДО

Закарыя пайгамбар майы жети чырагы бар чыракпаяга куюлуп жаткан эки зайтун дарагы жөнүндө аян көргөн (6-абзацты карагыла)

6. Закарыя 4:1—3-аяттарда айтылган аян жүйүттөргө кандайча күч берген? (Мукабадагы сүрөттү карагыла.)

6 Окугула: Закарыя 4:1—3. Чыракпая жана эки зайтун дарагы жөнүндөгү аян жүйүттөргө каршылыктарга карабай ишин уланта бергенге кайрат берген. Кандайча? Чыракпаянын түгөнбөгөн майы бар экенин байкадыңарбы? Эки зайтун дарагы чыракпаянын чөйчөгүнө майды үзбөй куюп турган. Чөйчөктөгү май болсо чыракпаянын жети чырагына тынбай коюлуп турган. Ошонун аркасында алар өчпөй күйө берген. Аянды көргөн Закарыя периштеден: «Бул эмнени билдирет?» — деп сураган. Ошондо периште ага: «„Аскер күчтөрү менен эмес, күч менен да эмес, менин рухум менен ишке ашат”,— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба»,— деп Жахабанын сөздөрүн айткан (Зак. 4:4, 6). Дарактардан куюлуп турган май Жахабанын эч качан түгөнбөгөн кубаттуу ыйык рухун билдирген. Персия империясынын бүтүндөй аскер күчү Кудайдын ыйык рухунун жанында эч нерсеге арзыбаган күч болгон. Жахаба ибадаткананы куруп жаткандардын тарабында болгондуктан, алар каршылык аттуунун баарын жеңип, ишин аягына сөзсүз чыгармак. Бул жүйүттөргө дем берген кандай гана сонун кабар болгон! Жүйүттөр өз кезегинде Жахабага таянып, ишке киришиши керек болчу. Курулушка уруксат бериле элек болсо да, алар так ошондой кылышкан.

7. Кайсы өзгөрүү ибадаткананы кургандардын жүгүн жеңилдеткен?

7 Ибадаткананы куруп жаткандардын жүгүн жеңилдеткен бир өзгөрүү болгон. Эмне өзгөрдү эле? Персияда Дарий I аттуу падыша бийликке келген. Башкаруусунун экинчи жылында, б.з. ч. 520-жылы, ал ибадаткананы куруу иши мыйзамсыз түрдө токтотулганын билип калган. Ошондо ишти бүтүргөнгө уруксат берген буйрук чыгарган (Эзра 6:1—3). Ушундай болот деп эч кимдин оюна келген эмес. Бирок дагы бир жакшы жаңылык бар болчу. Падыша тегерек-четтеги элдерге курулушка жолтоо кылышына тыюу салган. Ал эле эмес, жүйүттөргө курулушка керектүү каражат жана башка зарыл нерселерди бергенге милдеттендирген! (Эзра 6:7—12) Ошонун аркасында жүйүттөр ибадаткананы төрт жылдан ашык убакыттын ичинде, б.з. ч. 515-жылы, куруп бүтүшкөн (Эзра 6:15).

Каршылыктарга туш болгондо Жахабанын күчүнө таянгыла (8-абзацты карагыла)

8. Каршылыкка туш болгондо эмне үчүн коркпошуң керек?

8 Бүгүнкү күндө да Жахабанын көптөгөн кызматчылары каршылыктарга туш болуп келишет. Мисалы, айрымдары ишибизге чектөө коюлган өлкөлөрдө жашашат. Андай жерлерде ишенимдештерибизди камакка алып, «башкаруучулар менен падышалардын алдына сүйрөп барышы» мүмкүн. Бирок ошонун аркасында жакшы кабар айтылышына шарт түзүлүп жатат (Мт. 10:17, 18). Кээде бийлик алмашып, жагдай жакшырышы мүмкүн. Же калыс соттор биздин пайдабызга чечим чыгарып коюшу ыктымал. Каршылыктын башка түрүнө кабылып жаткан боордошторубуз да бар. Алар жашаган өлкөдө Жахабага сыйынганга өкмөт тарабынан тоскоолдук деле жок. Бирок аларга Жахабага кызмат кылганга үйүндөгүлөрү жолтоо кылышат (Мт. 10:32—36). Көп учурда алар ишенимине бек туруп койгондуктан, каршы болгон туугандары бут тоспой калышат. Атүгүл убакыттын өтүшү менен каршы болуп жүргөндөр өздөрү Жахабага ынталуу кызмат кылып калган учурлар аз эмес. Эгер сен да каршылыкка дуушар болуп жатсаң, эч качан багынба! Кайраттуу бол. Сенин тарабыңда Жахаба бар. Ал өзүнүн ыйык руху менен дайыма сени колдоп турат. Ошондуктан коркконго эч кандай себеп жок!

ЖАШООҢОРДО БИР НЕРСЕ ӨЗГӨРГӨНДӨ

9. Жаңы ибадаткананын пайдубалы түптөлгөндө, эмне үчүн айрым жүйүттөрдүн көңүлү чөккөн?

9 Жаңы ибадаткананын пайдубалы түптөлгөндө, жүйүт элиндеги жашы өр тартып калган айрым кишилер ыйлаган (Эзра 3:12). Алар Сулайман курган заңгыраган, көз жоосун алган ибадаткананы көрүшкөн болчу. Ошондуктан азыркы ибадаткананын «мурунку даңкынан эч нерсе калбай калгандай көрүнгөн» (Акай 2:2, 3). Эски менен жаңы ибадаткананын ортосундагы айырманы көргөндө алардын жүрөгү кадимкидей мыкчылган. Ошондуктан Закарыя көргөн аян аларга кайгыга чөгүп кетпегенге жардам берген. Кандайча?

10. Периштенин Закарыя 4:8—10-аяттарда жазылган сөздөрү жүйүттөргө көңүлүн чөгөрбөгөнгө кандайча жардам бермек?

10 Окугула: Закарыя 4:8—10. Периштенин: «Эл кубанып, [жүйүттөрдүн башкаруучусу] Зоробабылдын колундагы өлчөгүч шайманды карайт»,— дегени эмнени билдирет? Өлчөгүч шайман кайсы бир нерсенин канчалык тик, түз экенин аныкташ үчүн колдонулган. Демек, ибадаткана айрымдарга өтө эле жөнөкөй көрүнсө да, периште жүйүттөрдү анын курулуп бүтөрүнө, Жахабанын талаптарына ылайык келерине ынандырган. Ибадаткана Жахабанын купулуна толуп жатса, анда алар да кубанышы керек болчу. Ал үчүн жаңы ибадатканадагы сыйынуунун анын талаптарына ылайык болгону баарынан маанилүү болгон. Жүйүттөр бүт дитин Жахабага жаккандай сыйынганга жана анын ырайымына ээ болгонго коюшса, кайрадан кубанычка бөлөнүшмөк.

Жагдай-шартыңар өзгөргөндө, жакшы нерселерге көңүл топтогула (11, 12-абзацтарды карагыла) *

11. Жахабанын айрым кызматчылары кандай кыйынчылыктарга дуушар болуп жатышат?

11 Жашообузда бир нерсе өзгөргөндө көптөрүбүзгө кыйын эле болот. Алсак, көп жылдардан бери атайын толук убакыт кызмат кылып келгендердин айрымдары кызматтын башка түрлөрүнө дайындалышкан. Дагы бирөөлөргө жашы өр тартып калгандыктан сыймыктуу милдеттерин башкаларга тапшырганга туура келген. Эгер биздин да жашообузда ушундай өзгөрүү болуп, көңүлүбүз чөгүп жатса, бул табигый эле нерсе. Башында бул чечимди толук түшүнбөй же макул болбошубуз мүмкүн. Балким, мурунку кызматыбызды сагынаттарыбыз. Жаңы жагдайда эч кандай деле пайда-батам тийбей жатат деп шаабайыбыз суушу ыктымал (Накыл 24:10). Андайда Закарыя көргөн аян Жахабага андан ары да эң мыктысын бере бергенге кандайча жардам берет?

12. Закарыянын аяны жагдайыбыз өзгөргөндө көңүл чөгөттүк менен күрөшкөнгө кандайча жардам берет?

12 Эгер бардык нерсеге Жахаба карагандай караганга аракет кылсак, анда өзгөрүүгө батыраак көнүп кетебиз. Ал бүгүнкү күндө укмуштуудай иштерди жасап жатат жана бизге да зор сыймык — аны менен кызматташуу сыймыгын — ыйгарган (1 Кор. 3:9). Уюмдагы милдеттерибиз өзгөрсө да, Жахабанын бизге болгон сүйүүчү эч качан кемип калбайт. Ошондуктан ушундай жагдайга эмне үчүн мен туш болдум деп бушайман болбогула. «Өткөн күндөрдү» эңсегенден көрө, тиленип алып, жаңы жагдайдын кандай жакшы жактары бар экени жөнүндө ойлонгула (Нас. 7:10). Эмнелерди кыла албай турганыңарга эмес, колуңардан эмнелер келерине көңүл топтогула. Закарыянын аянынан жакшы нерселерге көңүл топтоонун маанилүүлүгүн биле алабыз. Ошонун аркасында, жагдайыбыз өзгөрсө да, Кудайга кубанып, ишенимибизден тайбай кызмат кыла беребиз.

КӨРСӨТМӨГӨ БАШ ИЙИШ КЫЙЫН БОЛГОНДО

13. Эмне үчүн айрымдарга ибадаткананы кайра курганга байланыштуу көрсөтмө туура эместей сезилген?

13 Ибадаткананы кайра куруу ишине тыюу салынган. Ошого карабай жетекчиликти колго алгандар — башкы дин кызматчы Жешуя (Жашыя) менен башкаруучу Зоробабыл — «Кудайдын... үйүн кайрадан кура башташкан» (Эзра 5:1, 2). Бул чечим айрымдарга туура эместей сезилсе керек. Себеби алар ибадаткананы эч кимге билгизбей кура алмак эмес. Душмандар бут тосконго бүт күчүн салышмак. Ишке жооптуу Жашыя менен Зоробабыл Жахабанын алардын чечимин колдоп жатканын билгиси келген. Анан Жахаба аларды ошого ынандырган. Кантип?

14. Закарыя 4:12, 14кө ылайык, Жашыя менен Зоробабыл Жахабанын колдоосуна кантип ынанышкан?

14 Окугула: Закарыя 4:12, 14. Бул аянда периште Кудайдын ишенимдүү пайгамбарына эки зайтун дарагы «эки майланганды» — Жашыя менен Зоробабылды — билдирерин ачып берген. Алар аянда «бүт жер жүзүнүн Теңиринин [Жахабанын] жанында тургандай» көрсөтүлгөн. Бул ал экөө үчүн кандай гана чоң сыймык болгон! Жахаба өзү аларга ишеним арткан. Демек, кандай жетекчилик берилбесин, ысрайылдыктар алардын чечиминин тууралыгына, Кудайдын аларды колдоп жатканына ишениши керек болчу.

15. Жахабанын Ыйык Китеп аркылуу берип жаткан көрсөтмөсүн баалаарыбызды кантип көрсөтөбүз?

15 Бүгүн Жахаба өз элин ар кандай жолдор менен, анын ичинде Ыйык Китеп аркылуу, жетектеп келет. Анда канткенде ага жаккандай сыйына аларыбыз айтылган. Кудайдын Сөзүнөн алып жаткан көрсөтмөлөрдү баалаарыбызды кантип көрсөтөбүз? Ан үчүн аны терең маани берип окуп, түшүнгөнгө убакыт бөлүшүбүз керек. Мындай деп ойлонуп көргүлө: «Ыйык Китепти же ага негизделген адабияттарды окуп жатканда бир саамга токтоп, терең ой жүгүртөмбү? „Түшүнгөнгө кыйын нерселердин“ маанисин изилдеймби же үстүртөдөн окуп коёмбу?» (2 Пет. 3:16) Эгер Жахаба окутуп-үйрөтүп жаткан нерселерге терең маани берсек, анын жетекчилигине оңоюраак баш ийип, кызматыбызды жакшы аткарабыз (1 Тим. 4:15, 16).

«Ишенимдүү жана акылдуу кул» берип жаткан жетекчиликке ишенгиле (16-абзацты карагыла) *

16. Айрым көрсөтмөлөрдү толук түшүнбөсөк, баш ийгенге эмне жардам берет?

16 Жахаба «ишенимдүү жана акылдуу кул» аркылуу да жетектейт (Мт. 24:45). Кээде ал кул берген айрым көрсөтмөлөрдү толук түшүнбөшүбүз мүмкүн. Мисалы, табигый кырсыктарга даярдаган көрсөтмөлөр берилгенде: «Биз жакта андай деле болбойт»,— деген ойлор келиши ыктымал. Же: «Пандемия учурунда ишенимдүү кул өтө эле катуу чектөөлөрдү коюп жатат»,— деп ойлошубуз этимал. Көрсөтмөлөр бизге тиешеси жоктой туюлганда эмне кылышыбыз керек? Андайда Жашыя менен Зоробабыл берген көрсөтмөгө баш ийген ысрайылдыктарды эстесек болот. Баш ийгени өздөрүнө эле жакшы болгон. Ыйык Китептеги башка окуялар жөнүндө да ой жүгүртүп көргөнүбүз дурус. Кудайдын эли адамдын көз карашы менен караганда акылга сыйбагандай көрүнгөн көрсөтмөлөрдү алган учурлары болгон. Бирок так ошол көрсөтмөлөр алардын өмүрүн сактап калган (Бий. 7:7; 8:10).

ЗАКАРЫЯ КӨРГӨНДҮ КӨРГҮЛӨ

17. Бешинчи аян жүйүттөргө кандай таасир эткен?

17 Закарыя пайгамбар көргөн бешинчи аян — кыска эле аян. Бирок ал аян жүйүттөргө курулуш ишине жана сыйынуусуна башкача караганга жардам берген. Алар Закарыя көргөндөргө ылайык иш кылганда Жахабанын колдоп жатканын, кадамына багыт берип жатканын сезишкен. Өзүнүн кубаттуу ыйык руху аркылуу Жахаба аларга ишти уланта бергенге жана кайрадан кубанганга жардам берген (Эзра 6:16).

18. Закарыянын аяны силерге кандай таасир этет?

18 Закарыянын чыракпая жана эки зайтун дарагы жөнүндөгү аяны жашооңорго күчтүү таасир этет. Жогоруда талкуулаганыбыздай, ал каршылыктарга туш болгондо туруктуу болгонго күч берет, жашооңордо бир нерсе өзгөргөндө кубанычыңарды жоготпогонго жана толук түшүнбөй жатсаңар да көрсөтмөлөрдүн тууралыгына ишенгенге жардам берет. Анда башыңарга кыйынчылык түшкөндө эмне кылсаңар болот? Биринчиден, Закарыя көргөндү, башкача айтканда, Жахабанын өз элине кам көрүп жатканын көрсөткөн далилдерди көргөнгө аракет кылгыла. Андан соң Жахабага толук таянып, көргөндөрүңөргө жараша иш кылгыла жана бүт жаныңар менен кызмат кыла бергиле (Мт. 22:37). Эгер ошентсеңер, Жахаба силерге түбөлүктөн түбөлүккө кубанып кызмат кыла бергенге жардам берет (Кол. 1:10, 11).

7-ЫР: Жахаба — биздин күчүбүз

^ 5-абз. Жахаба Закарыя пайгамбарга жүрөк толкуткан бир нече аян көрсөткөн. Закарыя көргөн аяндар анын өзүнө да, Жахабанын элине да таза сыйынууну калыбына келтирип жатканда туш болгон кыйынчылыктарды жеңгенге күч берген. Ал аяндар бизге да кыйынчылыктарга карабай Жахабага ишенимдүү кызмат кыла бергенге жардам берет. Бул макалада Закарыя көргөн аяндардан, анын ичинде чыракпая жана зайтун дарактары жөнүндөгү аяндан, кандай баалуу ойлорду биле аларыбызды карап чыгабыз.

^ 3-абз. Бир канча жылдан кийин башкаруучу Некемиянын күндөрүндө Артакшашта аттуу башка падыша жүйүттөргө жакшы мамиле кылган.

^ 60-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Карылыктын, ден соолуктун айынан өзгөрүлгөн жагдай-шартка ылайыкташышы керектигин түшүнгөн ата.

^ 62-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Ишенимдешибиз Жахабанын, Жашыя менен Зоробабылды колдогондой эле, «ишенимдүү жана акылдуу кулду» колдоп жатканы жөнүндө ой жүгүртүп жатат.