Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

13-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Бактыбызга бакыт кошкон чыныгы сыйынуу

Бактыбызга бакыт кошкон чыныгы сыйынуу

«Кудуреттүү Кудайыбыз Жахаба, сен даңкталууга, урматталууга татыктуусуң» (АЯН 4:11).

31-ЫР: Кудайдын жолунда жүрөлү

БУЛ МАКАЛАДА *

1, 2. Сыйынуубуз канткенде Кудайга жагат?

 «СЫЙЫНУУ» деген сөздү укканда дароо оюңарга эмне келет? Балким, керебеттин жанында тизелеп алып ичиндегисинин баарын Кудайга төгүп жаткан момун ишенимдешибизди элестететтирсиңер. Же берилип алып үй-бүлөлүк сыйынууну өткөрүп жаткан бактылуу үй-бүлө көз алдыңарга тартылаттыр.

2 Эки учурда тең алар Кудайга сыйынууга жаткан иштер менен алек болуп жатышат. Жахаба алардын сыйынуусун кабыл алабы? Эгер анын ой-ниетине ылайык сыйынышса жана сыйынуусу сүйүү, кастарлоо сезими менен коштолсо, сөзсүз кабыл алат. Биз Жахабаны аябай жакшы көрөбүз. Ал биздин сыйынуубузга татыктуу. Ошондуктан ага жаккандай сыйыныш үчүн колубуздан келгендин баарын кылгыбыз келет.

3. Бул макалада эмнени карап чыгабыз?

3 Бул макалада Жахабага байыркы убакта кандай сыйынуу жакканын жана буга байланыштуу сегиз нерсени карап чыгабыз. Аларды карап жатканда сыйынуубуз Жахабага жаккыдай болушу үчүн кайсы жагынан жакшырышыбыз керектигин билебиз. Ошондой эле чыныгы сыйынуу бизди эмне үчүн бактылуу кыларына токтолобуз.

БАЙЫРКЫ УБАКТА ЖАХАБА КАБЫЛ АЛГАН СЫЙЫНУУ

4. Байыркы убакта жашаган ишенимдүү адамдар Жахабаны кастарлай турганын жана жакшы көрөрүн кантип көрсөтүшкөн?

4 Байыркы учурда Абыл, Нух, Ыбрайым жана Аюп сыяктуу ишенимдүү адамдар Жахабаны кастарлашчу жана жакшы көрүшчү. Алар муну кантип көрсөтүшкөн? Кудайга баш ийишкен, ага ишеним артышкан жана ага арнап курмандык чалышкан. Алардын күндөрүндө Кудайга кантип сыйынышы керектиги жазылган так-айкын көрсөтмөлөр болгону Ыйык Китепте айтылбайт. Ошентсе да аны даңктап, ага жаккандай сыйыныш үчүн колунан келгендин баарын кыла бергени шексиз. Кийинчерээк Жахаба Ыбрайымдын тукумдарына Муса пайгамбар аркылуу Мыйзам берген. Ал Мыйзамда Жахабага жаккандай сыйынганга байланышкан так көрсөтмөлөр камтылган.

5. Иса өлүп, тирилгенден кийин, Жахаба өзүнүн кызматчыларынан кандай сыйынууну талап кыла баштаган?

5 Иса өлүп, кайра тирилгенден кийин, Жахаба өзүнүн кызматчыларынан Муса пайгамбар аркылуу берилген Мыйзамга карманышын талап кылбай калган (Рим. 10:4). Алар эми жаңы мыйзамга — «Машаяктын мыйзамына» — карманганга тийиш болушкан (Гал. 6:2). Ошол «мыйзамга» баш иерин кантип көрсөтүшкөн? Аларга эмнени кылса болор-болбосуна байланыштуу эрежелердин узун тизмесин жаттап, кармануунун зарылдыгы болбой калган. «Машаяктын мыйзамын» аткаруу бул анын үлгүсүнө жана окуткан акыл-насаатына ылайык жашоону билдирген. Бүгүнкү күндө да Кудайдын кызматчылары Машаяктан үлгү алганга бүт күчүн жумшашат. Ошенткенде гана Жахабага жагып, өздөрүнүн да жаны сергийт (Мт. 11:29).

6. Бул макала эмне кылганга жардам берет?

6 Сыйынуубузга кирген иштердин ар бирин карап жатканда:«Аларды жакшы аткарганга аракет кылып жатамбы?» — деп ойлонуп көргүлө. «Жахабага жаккандай сыйыныш үчүн дагы кайсы жактардан жакшырсам болот?» — деп да ойлонгула. Сыйынууга кирген иштерди буга чейин жакшы аткарып келатсаңар, буга кубанышыңар керек. Бирок Кудайдан тиленип алып, дагы да жакшырышыңар керек болгон жактарыңар жөнүндө ой калчап көрөттүрсүңөр.

СЫЙЫНУУБУЗГА ЭМНЕЛЕР КИРЕТ?

7. Жахаба чын жүрөктөн чыккан тилегибизди кандай кабыл алат?

7 Тиленүү. Ыйык Жазмада тиленүүбүз кылдат даярдалып, ыйык чатырда жана кийинчерээк ибадатканада түтөтүлгөн жыпарзатка салыштырылат (Заб. 141:2). Аны түтөткөндө чыккан жыт Кудайга аябай жагымдуу болчу. Ошол сыңары, андан тиленгенде жөнөкөй сөздөрдү колдонсок да, чын жүрөктөн чыккан тилегибиз ага жагат (Накыл 15:8; Мыйзам 33:10). Жахаба аны жакшы көрөрүбүздү, ага ыраазы экенибизди билдиргенде, жүрөгү жылый турганы шексиз. Ал ой-санааларыбызды, үмүттөнгөн нерселерибизди, каалоолорубузду ага айтышыбызды каалайт. Жахабадан тиленерден мурун эмне айтарыңар тууралуу ойлонуп алганыңар жакшы. Ошентсеңер, асмандагы Атаңарга эң жакшы «жыпарзат» тартуулаган болосуңар.

8. Кайсы учурларда Кудайды даңктаган болобуз?

8 Жахабаны даңктап-даңазалоо (Заб. 34:1). Жахабанын кереметтүү сапаттары, улуу иштери тууралуу башкаларга айтып бергенде аны даңктаган болобуз. Даңктоо сөздөрү ага чын жүрөктөн ыраазы болгондо чыгат. Эгер Жахабанын бизге кылган бардык жакшылыктары тууралуу ой жүгүртүп турсак, аны даңктап-мактаганга көп себептер болот. Өзгөчө, кабар айтканда «Кудайга мактоо курмандыгын, башкача айтканда, анын ысмын жарыялаган оозубуздун жемишин» алып келген болобуз (Евр. 13:15). Жахабага кайрылып тиленерде эмне деп айтарыбызды алдын ала ойлонуштуруп алгандай эле, кызматта жолуктурган адамдарга эмне деп кабар айтарыбызды да кылдат даярдап алышыбыз керек. Анткени «мактоо курмандыгынын» эң мыкты болушун каалайбыз. Ошондо башкаларга кабар айтып жатканда күйүп-жанып сүйлөйбүз.

9. Жыйналышка барганыбыздын кандай пайдасы бар? Жеке силер кандай пайдасын көрүп жатасыңар?

9 Жыйналышка катышуу. Байыркы ысрайылдыктарга: «Эркектериңердин баары жылына үч жолу... Жахаба Кудайың тандаган жерге келишсин»,— деп айтылган болчу (Мыйз. 16:16). Алар кеткенде үй-жайына, талааларына баш-көз боло турган эч ким калган эмес. Бирок Жахаба аларга: «Жахаба Кудайыңдын алдына барганыңда, эч ким сенин жериңди тартып алууну ойлобойт»,— деп убада кылган (Чыг. 34:24). Баарын Жахабанын колуна тапшырып коюп, Кудайга берилген ысрайылдыктар жыл сайын майрамдарга үзбөй барып турушчу. Мунун пайдасын алар ашыгы менен көрүшкөн. Мисалы, Кудайдын мыйзамын тереңирээк түшүнүшкөн, анын жакшылыктарына көңүл топтошкон, ошондой эле боордоштору менен көрүшүп, дем-күч алышкан (Мыйз. 16:15). Эгер эч нерсеге карабай жыйналыштарга калтырбай бара берсек, биз да сөзсүз пайдасын көрөбүз. Ал эми кыска-нуска, маңыздуу жоопторду даярдап алып барсак, Жахаба аябай сүйүнөт.

10. Эмне үчүн ыр ырдоо сыйынуубуздун маанилүү бөлүгү болуп эсептелет?

10 Жахабаны даңктап ырдоо (Заб. 28:7). Ысрайылдыктар ыр ырдоону сыйынуунун маанилүү бөлүгү катары көрүшкөн. Дөөтү падыша 288 лебини ибадатканада ыр ырдаганга дайындаган (1 Жылн. 25:1, 6—8). Бүгүнкү күндө Кудайды даңктап ырдаганыбызда аны жакшы көрөрүбүздү көрсөтөбүз. Аны даңктап ырдаш үчүн сөзсүз эле мыкты ырчы болуунун деле кереги жок. Бул жөнүндө ойлонуп көрсөңөр: жаңылбас жаак болбойт дегендей, «баарыбыз тең сөзүбүздөн көп жаңылабыз». Бирок ошон үчүн эле жыйналыштан же кызматтан сүйлөбөй койбойбуз да, туурабы? (Жкп. 3:2) Анын сыңарындай, «булбул» болбосок да, Кудайды даңктап ырдабай койбошубуз керек.

11. Забур 48:13кө ылайык, үй-бүлөбүз менен Ыйык Китепти изилдегенге эмне үчүн убакыт бөлүшүбүз керек?

11 Ыйык Китепти изилдөө жана балдарыбызга Жахаба жөнүндө айтып берүү. Ишемби күнү ысрайылдыктар күнүмдүк иштерин мындай коюп коюп, Кудай менен болгон мамилесин бекемдегенге көңүл топтошчу (Чыг. 31:16, 17). Кудайдан корккон ата-энелер балдарына Жахаба жана анын жакшылыктары жөнүндө айтып беришчү. Бүгүнкү күндө да ар бирибиз Кудайдын Сөзүн окуп-изилдегенге атайын убакыт бөлүшүбүз керек. Анткени бул — Жахабага сыйынганыбыздын ажырагыс бөлүгү. Ошонун аркасында ага жакындай алабыз (Заб. 73:28). Ыйык Китепти үй-бүлөбүз менен чогуу изилдегенде «келерки муунга» — балдарыбызга — сүйүктүү Атабыз Жахаба менен ынак мамиледе болгонго жардам беребиз. (Окугула: Забур 48:13.)

12. Ыйык чатырдагы буюм-тайымдарды жасагандардын ишине Жахаба кандай караган жана мындан биз эмнеге үйрөнө алабыз?

12 Сыйынуу жайларын куруу жана жакшы абалда күтө билүү. Ыйык Китепке ылайык, ыйык чатырды жана андагы буюм тайымдарды жасоо «ыйык кызмат» деп эсептелген (Чыг. 36:1, 4). Бүгүнкү күндө да Падышалык залдарын жана уюмдун башка имараттарын куруу ыйык кызмат болуп саналат. Айрым ишенимдештерибиз ушул иштерге көп убактысын арнашат. Биз Падышалыктын ишине ушундай чоң салым кошуп жаткан бир туугандарыбызга аябай ыраазыбыз. Андан тышкары, алар кабар айтуу ишине катышып жатышат. Кээ бирлери пионер болууну каалашат. Күжүрмөн эмгектенген ошол ага-инилерибиз же эже-карындаштарыбыз пионер болгонго арыз толтурганда, аксакалдар макулдугун берсе, курулуш ишин колдоорун көрсөтөт. Курулуш боюнча тажрыйбабыз барбы, жокпу, ал имараттарды таза, жакшы абалда күтө билгенге баарыбыз салым кошо алабыз.

13. Падышалыктын иши үчүн тартуу кылганга кандай карашыбыз керек?

13 Падышалыктын ишине тартуу кылуу. Мыйзамга ылайык, ысрайылдыктар Жахабанын алдына куру кол келбеши керек болчу (Мыйз. 16:16). Алар колунда болгонуна жараша Жахабага тартуу беришкен. Ошентип Жахаба берип жаткан бардык нерсеге ыраазы экенин көрсөтүшкөн. Жахабаны жакшы көрөрүбүздү жана бизге кылган бардык жакшылыктарына ыраазы экенибизди кантип көрсөтөбүз? Мунун бир жолу — мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша жыйналышыбызды жана бүткүл дүйнөлүк ишти акчалай колдоо. Буга байланыштуу элчи Пабыл мындай деген: «Ким даярдуулук менен берсе, анын тартуусу колунда жок болгонуна эмес, колунда бар болгонуна жараша кабыл алынат» (2 Кор. 8:4, 12).Ооба, Жахаба канча бергенибизди эмес, чын жүрөктөн бергенибизди баалайт (Мр. 12:42—44; 2 Кор. 9:7).

14. Накыл сөздөр 19:17ге ылайык, жардамга зар болгондорго колдоо көрсөткөнүбүзгө Жахаба кандай карайт?

14 Жардамга муктаж ишенимдештерибизди колдоо. Жахаба жакырларга жардам берген ысрайылдыктарга батасын берерин убадалаган (Мыйз. 15:7, 10). Андыктан жардамга зар болгондорго көмөк көрсөткөндө Жахабага белек бергендей эле болобуз. (Окугула: Накыл сөздөр 19:17.) Мисалы, түрмөдө отурган Пабыл Филипидеги ишенимдештери салып жибергендерди «Кудайга жаккан,.. жагымдуу курмандыктар» деп атаган (Флп. 4:18). Жыйналыштагы ишенимдештериңерди байкап, кимисине жардам берсе болору жөнүндө ойлонуп көргүлө. Көмөгүбүзгө муктаж бир туугандарыбыздан убактыбызды, күчүбүздү, жөндөмүбүздү жана акча-каражатыбызды аябасак, Жахаба кубанат. Ал муну сыйынуубуздун бир бөлүгү катары эсептейт (Жкп. 1:27).

ЧЫНЫГЫ СЫЙЫНУУ БАКТЫЛУУ КЫЛАТ

15. Чыныгы сыйынууга кирген иштер күчтү жана убакытты талап кылса да, эмне үчүн аларды оор жүктөй көрбөйбүз?

15 Чыныгы сыйынууга жаткан иштер күчтү жана убакытты талап кылат. Бирок аларды оор жүктөй көрбөйбүз (1 Жкн 5:3). Эмне үчүн? Себеби Жахабага сыйынганга бизге сүйүү түрткү берет. Атасына белек бергиси келген кичинекей баланы элестетсеңер. Ал атасына сүрөт тартып белек кылыш үчүн көп убактысын коротот. Бирок ошончо убактысы кетип калганына ичи ачышпайт. Анткени атасын аябай жакшы көрөт, ошондуктан белек бергенине кубанат. Ошол сыңары, биз да Жахабаны жакшы көрөбүз. Чыныгы сыйынууга кирген иштерге убактыбызды жана күчүбүздү сарптагандан кубаныч алабыз.

16. Еврейлер 6:10го ылайык, Жахаба ар бирибиздин анын жүрөгүн кубантыш үчүн кылган аракетибизге кандай карайт?

16 Балдарын жакшы көргөн ата-эне алардын ар биринен бирдей белек күтпөйт. Себеби бир баласы экинчисинен айырмаланарын, шык-жөндөмү ар башка болорун жакшы билишет. Ошол сыяктуу эле, асмандагы Атабыз ар бирибиздин колубуздан эмне келерин билет. Балким, өзүңөр жакшы билген, жакшы көргөн кимдир бирөөдөн көбүрөөк кыла алаттырсыңар. Же жаш-курагыңардан, ден соолугуңардан, үй-бүлөлүк милдеттериңерден улам башкалар кылганчалык кыла албайттырсыңар. Бирок буга кайгырбагыла (Гал 6:4). Жахаба силердин эмгегиңерди эч качан унутпайт! Эң негизгиси, колуңардан келгенин таза ниет менен кылсаңар, ал буга сүйүнөт. (Окугула: Еврейлер 6:10.) Жахаба атүгүл жүрөгүңөрдүн түпкүрүндө эмне кылгыңар келип жатканын да көрүп турат. Ал ага сыйынып жатып алыңар жеткен нерселердин баарын кылып, ошондон рахат алышыңарды, ошого ыраазы болушуңарды каалайт.

17. а) Сыйынууга кирген айрым иштерди кылуу кыйынга туруп жатса, эмне кылсак болот? б) « Бактыңарга бакыт кошкула» деген кутучада көрсөтүлгөн иштердин бири силерге кандайча жардам берип жатат?

17 Сыйынууга кирген айрым иштерди кылуу, мисалы, өздүк изилдөө жүргүзүү же кабар айтуу кыйын болуп жатса, эмне кылсаңар болот? Ал иштерди канчалык көп кылсак, ошончолук рахат алып, ошончолук пайдасын көрөрүбүздү унутпашыбыз керек. Муну көнүгүү жасаганга же музыкалык аспапта ойногонду үйрөнгөнгө салыштырса болот. Бул нерселерди кез-кезде эле кылып койсок, эч кандай деле ийгиликке жетпейбиз. Бирок аларды күн сайын кылып турсак, жыйынтыгы кандай болот? Балким, башында аз-аздан баштайттырбыз, анан бара-бара көбүрөөк убакыт бөлөттүрбүз. Аракетибиздин берекетин көргөндө ал убакытты чыдамсыздык менен күтүп калабыз. Алар бизге кубаныч да тартуулай баштайт. Сыйынууга кирген иштер жөнүндө да ушуну эле айтсак болот.

18. Жахабанын ой ниетине ылайык жашаш үчүн эмне кылышыбыз керек жана мунун натыйжасы кандай болот?

18 Жахабага чын жүрөктөн сыйынсак, ал бизди кандай ой-ниет менен жаратса, ошого ылайык жашаган болобуз. Ошонун аркасында бакытка бөлөнөбүз, жашообуз да маңызга толот (Накыл 10:22). Андан тышкары, келечекте Жахабага түбөлүктөн түбөлүккө сыйынганга үмүттөнө алабыз (Ыш. 41:9, 10). Ошондой эле Жахаба ага сыйынган кызматчыларына кыйынчылыктар менен күрөшкөнгө жардам берерин билгендиктен азыртадан жан дүйнөбүз тынч. Ооба, бизде мээримдүү Атабызга сыйынып жатып бактылуу болгонго көптөгөн себептер бар. Анткени ал чынында эле бардык жаратууларынын аны «даңкташына, урматташына» татыктуу! (Аян 4:11)

24-ЫР: Жахабанын тоосуна келгиле

^ 5-абз. Ай-ааламдагы бардык нерсени жараткандыктан Жахаба ага сыйынышыбызга татыктуу. Анын осуяттарын аткарып, принциптерине ылайык жашаганда гана ага жаккандай сыйына алабыз. Бул макалада сыйынуубузга жаткан сегиз нерсени карап чыгабыз. Ошондой эле аларды кантип жакшыртсак болорун жана алар бактыбызга кандайча бакыт кошоруна токтолобуз.