Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

14-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Аксакалдар, мындан ары да элчи Пабылдан үлгү ала бергиле

Аксакалдар, мындан ары да элчи Пабылдан үлгү ала бергиле

«Менден үлгү алгыла» (1 КОР. 11:1).

99-ЫР: Миң сандаган бир туугандар

БУЛ МАКАЛАДА *

1, 2. Элчи Пабылдын үлгүсү аксакалдарга кандайча жардам берет?

 ЭЛЧИ ПАБЫЛ Кудай кошкон бир туугандарын аябай жакшы көргөн. Аларга кам көрүш үчүн талыкпай мээнеттенген (Элч. 20:31). Ошондуктан ишенимдештери ага тартылып турган. Бир жолу Эфестеги аксакалдар аны экинчи көрбөй турганын билишкенде «буркурап ыйлашкан» (Элч. 20:37). Опол тоодой эмгектенген аксакалдарыбыз да ишенимдештерин аябай жакшы көрүшөт, алардан жардамын аяшпайт (Флп. 2:16, 17). Бирок алардын ар биринин башында өзүнүн кыйынчылыгы бар. Ошолорду жеңгенге аларга эмне жардам берет?

2 Бул жагынан аксакалдарга Пабыл мыкты үлгү көрсөткөн (1 Кор. 11:1). Ал ойду омкоруп, тоону томкоргон баатыр болгон эмес. Ал деле күнөөкөр пенде болчу. Ошон үчүн туура иш кылуу кээде кыйынга турган (Рим. 7:18—20). Далай кыйын кезеңдерди да баштан кечирген. Ошондой болсо да эч качан багынган эмес, кайгырып да отуруп калган эмес. Аксакалдар элчи Пабылдан үлгү алышса, кыйынчылыктарын жеңип, Жахабага кубанычын кемитпей кызмат кыла беришет. Эмесе, аларга эмне жардам берерин талкуулайлы.

3. Бул макалада эмнелерди карап чыгабыз?

3 Бул макалада көп аксакалдар кабылган 4 кыйынчылыкты карап чыгабыз: 1) кабар айтуу милдетин башка милдеттер менен бирге алып кетүү; 2) жакшы койчу болуу; 3) өз кемчиликтери менен күрөшүү; 4) башкалардын ката-кемчиликтерин көтөрүү. Ошондой эле Пабыл ошол ар бир кыйынчылыкты кантип жеңгенин жана аксакалдар андан кандай үлгү алса болорун билебиз.

КАБАР АЙТУУ МИЛДЕТИН БАШКА МИЛДЕТТЕР МЕНЕН БИРГЕ АЛЫП КЕТҮҮ

4. Аксакалдарга кабар айтуу ишине жигердүү катышкан эмне үчүн кыйынга турушу мүмкүн?

4 Бул эмне үчүн кыйынга турат? Аксакалдардын кабар айтуу ишине жигердүү катышкандан сырткары дагы башка толгон токой милдеттери бар. Мисалы, иш күндөрүндөгү жолугушууда төрагалык кылышат, жыйналыштын Ыйык Китеп изилдөөсүн алып барышат. Андан тышкары, баяндамаларды айтышат. Кызмат жардамчыларын окутуп-үйрөтүшөт, жыйналыштагы ишенимдештерине дайыма дем-күч берип турушат (1 Пет. 5:2). Кээ бир аксакалдар болсо Падышалык залдарын жана уюмдун башка имараттарын курганга, оңдоп-түзөгөнгө жардам беришет. Ошондой болсо да жыйналыштагы башка жарчылардай эле, жакшы кабар таратуу — алардын негизги милдети (Мт. 28:19, 20).

5. Жакшы кабар таратуу жагынан Пабыл кандай үлгү калтырган?

5 Элчи Пабылдын үлгүсү. Пабылдын ийгилигинин ачкычы Филипиликтер 1:10до жазылган. Ал: «Эмне маанилүүрөөк экенин баамдагыла»,— деген. Пабыл бул кеңешине өзү да карманган. Ал өзүнө тапшырылган ишти өмүр бою башкы орунга койгон. Пабыл «эл алдында жана үймө-үй кыдырып» кабар айтчу (Элч. 20:20). Ал күндүн белгилүү бир маалында же жуманын белгилүү бир күнүндө эле эмес, ар бир мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай кабар тараткан. Алсак, бир жолу Афинде шериктерин күтүп жатканда аттуу-баштуу кишилерге кабар айткан. Алардын айрымдары кулак каккан (Элч. 17:16, 17, 34). Атүгүл камакта отурганда да жанындагыларга Кудай жөнүндө айткан (Флп. 1:13, 14; Элч. 28:16—24).

6. Пабыл башкаларга эмнени үйрөткөн?

6 Пабыл убактысын аябай жакшы колдонгон. Ал башкаларды кызматташканга көп чакырчу. Мисалы, биринчи миссионердик сапарына Жакан деп аталган Маркты, ал эми экинчисине Тиметейди алып алган (Элч. 12:25; 16:1—4). Пабыл аларды жыйналышты уюштурганга, оторду жакшы кайтарганга жана мыкты окутуучу болгонго үйрөткөнү шексиз (1 Кор. 4:17).

Элчи Пабылдан үлгү алып, мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай кабар айткыла (7-абзацты карагыла) *

7. Аксакалдар Пабылдын Эфестиктер 6:14, 15теги кеңешин кантип колдоно алышат?

7 Пабылдан эмнени үйрөнсө болот? Аксакалдар андан үйдөн үйгө кабар айткан жагынан эле эмес, ар бир мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай кабар айткан жагынан да үлгү ала алышат. (Окугула: Эфестиктер 6:14, 15.) Алсак, алар бир нерсе сатып алганы барганда же жумушунда кабар айта алышат. Же Падышалык залын курганга катышып жатканда залдын тегерегинде жашаган кошуналарга же курулушка керек нерселерди саткандарга кабар айтса болот. Ошондой эле элчи Пабылдан үлгү алып, кызматта жүргөндө башкаларды, анын ичинде кызмат жардамчыларын окутуп-үйрөтө алышат.

8. Кээде аксакалдар эмне кылышы керек болот?

8 Аксакалдар жыйналыштын же райондун ишине баш-оту менен кирип кетип кабар айтуу ишине эч качан убакыт бөлбөй калбашы керек. Тең салмактуу болуш үчүн алар кээде кошумча милдеттерден баш тартышы керек болот. Кудайдан тиленип, баарын кылдат таразалап көргөндөн кийин, эгер андай кошумча жоопкерчиликтерди ала турган болсо, башка маанилүү иштер калып каларын аңдашы мүмкүн. Андай иштерге үй-бүлөлүк изилдөөнү жума сайын өткөрүү, кабар айтуу ишине толук кандуу катышуу же балдарын да ошол ишке катышканга үйрөтүү кирет. Айрым аксакалдар кошумча милдеттерди албай койгондон ыңгайсызданышы ыктымал. Бирок Жахаба алардын бардык нерседе тең салмактуу болгусу келип жатканын жакшы түшүнөт. Алар мындан эч күмөн санабаса болот.

ЖАКШЫ КОЙЧУ БОЛУУ

9. Аксакалдарга эмне кыйынга турат?

9 Бул эмне үчүн кыйынга турат? Жахабанын эли ар кандай кыйынчылыктарды баштан кечирип жатат. Өзгөчө, азыркы акыркы күндөрдө баарыбыз эле кимдир бирөөнүн дем-күч беришине, жөлөк-таяк болушуна, сооротушуна муктаж болуп жатабыз (1 Тес. 5:14). Айрым учурда болсо аксакалдарга туура эмес багытта кетип бараткандарга кеңеш бериш керек болот. Албетте, аксакалдар Жахабанын элин бардык жамандыктан калкалай албайт. Ошентсе да Жахаба алардан өзүнүн койлорун коргоп-колдош үчүн колунан келгендин баарын кылышын күтөт. Иши чачтан көп болсо да, аксакалдар ишенимдештерине жардам бергенге убакытты кантип таба алышат?

Башкаларды мактап, дем-күч бергиле (10, 12-абзацтарды карагыла) *

10. 1 Тесалоникалыктар 2:7ге ылайык, Пабыл ишенимдештерине кантип кам көргөн?

10 Элчи Пабылдын үлгүсү. Ал ишенимдештеримди кантип мактасам, кантип дем-күч берсем деп турчу. Аксакалдар андан үлгү алып, Жахабанын элине аяр мамиле кылышы керек. (Окугула: 1 Тесалоникалыктар 2:7.) Пабыл ишенимдештерин аларды жакшы көрөрүнө жана Жахаба да жакшы көрөрүнө ынандырып турчу (2 Кор. 2:4; Эф. 2:4, 5). Жыйналыштагылар менен достошуп, көп убакыт өткөрчү. Эмнеден коркорун, кандай алсыздыктары бар экенин ачык айтып аларга ишенерин көрсөтчү (2 Кор. 7:5; 1 Тим. 1:15). Ошол эле учурда кыйынчылыктары жөнүндө эле айта берчү эмес. Кайра, башкалардын керегине кантип жарай алам деп ойлонуп турчу.

11. Пабыл ишенимдештерине эмне үчүн кеңеш берчү?

11 Пабылга ишенимдештерине акыл айтканга туура келген учурлар болгон. Бирок ал ачуулангандыктан эмес, алардын камын ойлогондуктан, жамандыктан коргогусу келгендиктен кеңеш берген. Ал акыл-насаатын оңой түшүнө ала тургандай, оңой кабыл ала тургандай кылып бергенге аракет кылчу. Мисалы, корунттуктарга жазган катында Пабыл катуу кеңеш берген. Кат жазып жибергенден кийин ал жакка Титти жөнөткөн. Анткени катта жазылгандарды кандай кабыл алышты болду экен деп санаасы санга бөлүнгөн. Кеңешти жакшы кабыл алышканын укканда кадимкидей жеңилдей түшкөнү шексиз (2 Кор. 7:6, 7).

12. Аксакалдар ишенимдештерин кантип кубаттап-бекемдей алышат?

12 Пабылдан эмнени үйрөнсө болот? Аксакалдар ишенимдештери менен убакыт өткөрсө, Пабылдан үлгү алган болушат. Мунун бир жолу — жыйналышка эрте баруу. Ошондо алар жөн эле учурашып койбой, ал-жайын сурап, чын жүрөктөн көңүл бура алышат. Аксакал ишенимдешине бир нече мүнөтүн эле бөлүп койсо, анын жүрөгү жылып, канат байлап калат (Рим. 1:12; Эф. 5:16). Аксакалдар элчи Пабылды дагы кантип туураса болот? Алар ишенимдештерине Кудайдын Сөзүнөн аят окуп берип, Кудайдын аларды жакшы көрөрүнө ынандырып, кубаттап-бекемдей алышат. Ошондой эле өздөрү да аларды жакшы көрөрүн айтып турушу керек. Алар менен бат-баттан байланышып, жылуу сөзүн айтып, мактап турганы да маанилүү. Кеңеш бериши керек болсо, Кудайдын Сөзүнө негиздеши зарыл. Ошол эле учурда ачык эле айтканы жакшы. Бирок катуу тийип калбашы үчүн жылуу-жумшак айтышы керек (Гал. 6:1).

КЕМЧИЛИКТЕРИ МЕНЕН КҮРӨШҮҮ

13. Ката-кемчиликтери аксакалдарга кандай таасир этет?

13 Бул эмне үчүн кыйынга турат? Аксакалдар деле күнөөкөр пенде. Ошон үчүн башкалардай эле жаңылып-жазышат (Рим. 3:23). Кээде алар ката-кемчиликтерине туура көз карашта боло албай кыйналышы мүмкүн. Айрымдары ошону эле ойлой бергендиктен көңүлү чөгөт. Башкалары болсо өзүн актап, оңолуунун зарылдыгын көрбөй, корстон болуп жүрө бериши мүмкүн.

14. Филипиликтер 4:13төн көрүнүп тургандай, момундугу Пабылга алсыздыктары менен күрөшкөнгө кантип жардам берген?

14 Элчи Пабылдын үлгүсү. Пабыл момун болгондуктан алсыздыктарын өз күчүнө таянып жеңе албай турганын моюнга алган. Ал Кудайдын күчүнө таянган. Пабыл мурда Кудайдын кызматчыларын ырайымсыз куугунтуктаган каардуу киши болгон. Бирок кийин туура эмес кылып жүргөнүн мойнуна алып, көз карашын, кулк-мүнөзүн өзгөрткөн (1 Тим. 1:12—16). Жахаба жардам бергендиктен, ал камкор, мээримдүү, момун койчу болуп калган. Пабыл алсыздыктарын, көп ката кетирерин жакшы билген, бирок ошого эле көңүл топтой берген эмес. Жахабанын анын кечирерине ишенген (Рим. 7:21—25). Ал жеткилең киши боло албай турганын жакшы түшүнгөн. Кудайга жаккан адам болгонго бүт күчүн жумшаган. Ошондой эле Жахаба тапшырган ишти аткарыш үчүн момун болуп, ага таянган. (1 Кор. 9:27; окугула: Филипиликтер 4:13.)

Алсыздыктарыңарды жеңиш үчүн бүт күчүңөрдү жумшагыла (14, 15-абзацтарды карагыла) *

15. Канткенде аксакалдар ката-кемчиликтерине туура көз карашта боло алышат?

15 Пабылдан эмнени үйрөнсө болот? Эркектер бир дагы кемтиги жок адам болгон үчүн аксакал болуп дайындалышпайт. Ошентсе да Жахаба алардан кемчиликтерин моюнга алып, ага жаккан сапаттарды өрчүтүшүн күтөт (Эф. 4:23, 24). Ошондуктан аксакалдар Кудайдын Сөзүн окуп, өзүн текшериши жана оңдочу жактарын оңдошу керек. Ошондо Жахаба аларга кубанып кызмат кылганга, жакшы аксакал болгонго жардам берет (Жкп. 1:25).

БАШКАЛАРДЫН КАТА-КЕМЧИЛИКТЕРИН КӨТӨРҮҮ

16. Аксакал башкалардын ката кемчиликтерине көңүл бура берсе, эмне болушу мүмкүн?

16 Бул эмне үчүн кыйынга турат? Аксакалдар жыйналыштагылар менен көп убакыт өткөргөндүктөн кимдин кандай кемчилиги бар экенин беш колдой билишет. Бирок сак болбосо, ошонун айынан ачуулуу, катаал же сынчыл болуп калышы мүмкүн. Пабыл Кудайдын кызматчылары ушинте турган болсо, бул Шайтанга жага бербей каларын эскерткен (2 Кор. 2:10, 11).

17. Пабыл ишенимдештерине кандай караган?

17 Пабылдан эмнени үйрөнсө болот? Ал ишенимдештеринин жакшы жактарына гана көңүл бурган. Албетте, алардын ката-кемчиликтерин дагы жакшы билген, кээ бирлери атүгүл анын көңүлүн оорутушкан. Бирок боордоштору жаза басып алса да, алардын өзүн жек көрүп калган эмес. Аларды жакшы көрүп, жакшы сапаттарына көңүл топтогон. Ишенимдештери туура иш кыла албай кыйналып жатса, ичинде кири жок экенин, тек гана жардамга муктаж болуп жатканын түшүнгөн.

18. Пабылдын Эйдия менен Синтихиге кылган мамилесинен эмнени үйрөндүңөр? (Филипиликтер 4:1—3)

18 Мисалы, Пабылдын Филипидеги жыйналышта кызмат кылган Эйдия жана Синтихе деген эки ишенимдешине кантип жардам бергенин карап көрөлү. (Окугула: Филипиликтер 4:1—3.) Сыягы, ал экөө келише албай ыйкы-тыйкы болуп жүрүшсө керек. Пабыл аларга орой мамиле кылган эмес, айыптаган да эмес. Тескерисинче, жакшы сапаттарына көңүл бурган. Ал экөө Жахабага көптөн бери ишенимдүү кызмат кылып келишкен. Пабыл Жахабанын аларды аябай жакшы көрөрүн эң сонун билген. Ал аларга карата туура көз карашта болгондуктан ортосундагы пикир келишпестикти чечип, ынтымакта болгонго үндөгөн. Ооба, Пабыл башкалардын жакшы сапаттарына көңүл топтогон. Ошол себептен кубанычын жоготпой, ошол жыйналыштагы ишенимдештери менен дос бойдон кала берген.

Башкаларды айыптап киргенден качкыла (19-абзацты карагыла) *

19. а) Канткенде аксакалдар ишенимдештерине карата туура көз карашта боло алышат? б) Сүрөттөгү Падышалык залын жууп-жыйнап жаткан аксакалдан эмнени үйрөнсөңөр болот?

19 Пабылдан эмнени үйрөнсө болот? Аксакалдар, башкалардын жакшы сапаттарын көрө билгиле. Алар жеткилең эмес болушса да, ар биринин үлгү ала турган жакшы жактары бар (Флп. 2:3). Албетте, кээде аксакалдарга кимдир бирөөнүн оюн өзгөртүш үчүн кеңеш бергенге туура келет. Бирок андайда, Пабылдан үлгү алып, адамдын кыжырды келтирген сөздөрүнө же иштерине эле көңүл буруп албашы керек. Кайра, анын Жахабага болгон сүйүүсүн, туруктуулук менен кызмат кылып келатканын, жакшылык кылганга умтулганын байкаганы жакшы. Аксакалдар ишенимдештерине карата туура көз карашта болсо, жыйналышта ынтымак өкүм сүрүп, баары өзүн керектүү сезет.

ПАБЫЛДАН ҮЛГҮ АЛА БЕРГИЛЕ

20. Аксакалдар канткенде Пабылдан мындан ары да үлгү ала беришет?

20 Аксакалдардын элчи Пабылдын үлгүсү жөнүндө изилдеп көргөнү пайдалуу болот. Мисалы, «Кудайдын Падышалыгы жөнүндө кылдат күбөлөндүрөбүз» китебинин 12-бөлүмүнүн 17—20-абзацтарын жана «„Бардык Жазма“ ишенүүгө татыктуу жана пайдалуу (Матай—Колосалыктар)» деген китепченин 23-бетин окуп көрсөңөр болот. Аларды окуп жатканда: «Элчи Пабылдын үлгүсү мага аксакал катары мындан ары да кубанып кызмат кыла бергенге кандайча жардам берет?» — деп ойлонуп көргүлө.

21. Аксакалдар эмнеден шектенбесе болот?

21 Аксакалдар, Жахаба силерден жеткилең болууну эмес, ага ишенимдүү болушуңарды күтөрүн эсиңерден чыгарбагыла (1 Кор. 4:2). Пабылдын күжүрмөн эмгектенгени, ишенимден жазбаганы Жахабаны кубанткан. Ал силердин кызматыңарды да жогору баалайт. Мындан эч шектенбегиле. Жахаба «силердин ыйыктарга мурун да, азыр да кызмат кылуу менен анын ысмына көрсөткөн сүйүүңөрдү, эмгегиңерди» эч качан унутпайт! (Евр. 6:10)

87-ЫР: Келип, жаныңды сергит

^ 5-абз. Биздин камыбызды ойлоп күжүрмөн эмгектенген, бизди жакшы көргөн аксакалдарыбыз бар багыбыз бар! Бул макалада аксакалдар туш болгон 4 кыйынчылыкты карап чыгабыз. Ошондой эле элчи Пабылдын үлгүсү аксакалдарга ошол кыйынчылыктарды көтөрүп кеткенге кандайча жардам берерине токтолобуз. Андан тышкары, бул макалада жазылгандар бизге аксакалдарды түшүнө билгенге, аларды жакшы көрөрүбүздү көрсөткөнгө жана колдогонго түрткү берет.

^ 61-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Жумушу бүткөндөн кийин кесиптешине кабар айтып жаткан ишенимдешибиз.

^ 63-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Жалгыз отурган ишенимдешин кубаттап жаткан аксакал.

^ 65-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Бирөөгө таарынып калган ишенимдешине кеңеш берип жаткан бир тууганыбыз.

^ 67-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Пол жууйм деп коюп, бирок башка нерсеге алаксып жаткан ишенимдешин айыптап кирбеген аксакал.