Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Санаа басканда эмне кылса болот?

Санаа басканда эмне кылса болот?

САНААНЫ салмагын салган оор жүккө салыштырса болот (Накыл 12:25). Санааңар санга бөлүнүп, жүрөкзаада болгон учуруңар болду беле? Кыйынчылыктар жетер чегине жетип: «Мындан ары көтөрө албайм»,— деп ойлогон күнүңөр болобу? Чынында, сарсанаага батпаган жан жок. Көптөрүбүз ооруган тууганыбызга каралашкандыктан, жакыныбыздан айрылгандыктан, табигый кырсыктан жапа чеккендиктен же дагы башка жагдайдан улам аябай чарчап, көңүлүбүз чөгүп, жан дүйнөбүз кыйналган учурларыбыз болот. Андайда санаанын сазына батып кетпегенге эмне жардам берет? *

Буга байланыштуу Дөөтү падышанын башынан өткөндөрдөн көп нерсени үйрөнө алабыз. Ал үстөккө-босток далай кыйынчылыкты баштан кечирген. Ал турсун, өлүмдөн калган учурлары да болгон (1 Шем. 17:34, 35; 18:10, 11). Ага санаага чөгүп кетпегенге эмне жардам берген? Биз андан кандай үлгү алсак болот?

ДӨӨТҮНҮН ҮЛГҮСҮ

Дөөтүнүн жашоосунда тогуз толгоо бир келген учурлар көп эле болгон. Көзүн тазалагысы келген Шабул падышадан качып жүргөндө анын кандай оор жагдайга кептелгенин карап көрөлү. Бир жолу ал эр азаматтары менен жортуулга кеткенде, душмандары алардын мал-мүлкүн тоноп, үйлөрүн өрттөп, үй-бүлөлөрүн болсо туткундап кетишкен. Ошондо «баары боздоп ыйлай башташкан». «Акырында алардын ыйлаганга да алы келбей калган. Ошондой эле ансыз деле жанын коёрго жеп таппай турган Дөөтүнү жандап жүргөн кишилери «таш бараңга алгысы келген» (1 Шем. 30:1—6). Ошентип, Дөөтүнүн башына бир эле учурда үч чоң кыйынчылык түшкөн: үй-бүлөсүнүн өмүрү кылдын учунда турган, өзүнүн кишилери болсо аны күм-жам кылгысы келген, ошондой эле дагы деле Шабул падыша анын артынан сая түшүп издеп жүргөн. Ошондо Дөөтүнүн катуу кайгыга батып, канчалык кыйналганын элестетип көрсөңөр!

Бирок ал эмне кылган? «Жахаба Кудайынын жардамы менен бекемделген». Эмненин аркасында ошенткен? Дөөтү дайыма Жахабадан жардам сурап тиленчү жана анын мурда ага кантип жардам бергени жөнүндө ой жүгүртчү. Бул анын адаты болгон (1 Шем. 17:37; Заб. 18:2, 6). Ошондуктан бул жолкусунда да Жахабадан эмне кылышы керектигин сураган. Анан Жахабанын оюн билгенден кийин дароо иш-аракет кылган. Ошонун аркасында Жахаба аны да, эр азаматтарын да колдоп, алар үй-бүлөлөрүн, мал-мүлкүн кайтарып алышкан (1 Шем. 30:7—9, 18, 19). Дөөтүнүн кайсы үч нерсени кылганын байкадыңарбы? Ал Жахабадан жардам сурап тиленген, Жахабанын ага кылган жакшылыктары жөнүндө ой жүгүрткөн жана Жахабанын жетекчилиги боюнча иш-аракет кылган. Дөөтүнү кантип туурасак болот? Мунун үч жолун карап көрөлү.

ДӨӨТҮДӨН ҮЛГҮ АЛГЫЛА

1. Тиленгиле. Санаа басканда Жахабадан жардам сурап тиленип, акылмандык сурашыбыз керек. Ичибиздегинин баарын ага айтсак, үстүбүздөн оор жүк түшкөндөй жеңилдеп калабыз. Эгер кайсы бир жагдайдан улам узак тилене албай жатсак, ичибизден кыскача эле тиленсек болот. Жахабадан жардам сурап тиленген сайын, Дөөтүдөй болуп, ага ишеним артарыбызды көрсөтөбүз. Ал: «Жахаба — менин зоом, чебим, Куткаруучум. Кудайым — менин аскам. Мен аны баш маана кылам»,— деп ырдаган (Заб. 18:2). Тиленгенибиз чынында эле жардам береби? Калия деген пионер мындай дейт: «Тиленгенден кийин жан дүйнөм кадимкидей жай алып калат. Тиленгенимдин аркасында Жахабадай ой жүгүртүп, ага көбүрөөк ишеним арта алам». Ооба, тиленүүнү санаанын чеңгелинен чыкканга жардам берген Жахабанын белеги десек болот.

2. Ой жүгүрткүлө. Өткөн күндөрүңөрдү эстеп, Жахабанын жардамы менен гана көтөрүп кете алган кыйынчылыктарыңар жөнүндө ойлонуп көрсөңөр. Жахабанын мурда бизге кантип жардам бергени, ошондой эле байыркы убактагы кызматчыларын кантип колдогону жөнүндө ой жүгүртсөк, күч-кубатка толуп, ага көбүрөөк таяна алабыз (Заб. 18:17—19). Жошуа деген аксакал: «Мен Жахаба тилегиме жооп берген учурларды жазып алгам. Ошонун аркасында мурда Жахаба так мен сураган нерсени кантип орундатканын эсиме түшүрүп турам»,— дейт. Ырас, Жахабанын буга чейин биз үчүн эмнелерди кылып бергени жөнүндө ой жүгүртсөк, күчүбүзгө күч кошулуп, акылыбызды ээлеп алган терс ойлор менен күрөшө алабыз.

3. Иш-аракет кылгыла. Кайсы бир жагдайда эмне кылышты билбей жатсак, Кудайдын Сөзүнө кайрылсак болот (Заб. 19:7, 11). Андан эң керектүү кеңештерди таба алабыз. Көптөр белгилүү бир аят боюнча изилдөө жүргүзгөндө аны турмушунда кантип колдонсо болорун жакшыраак түшүнүшкөнүн байкашкан. Жарод деген аксакал мындай дейт: «Кайсы бир аятты изилдегенде аны тереңирээк түшүнүп, Жахабанын мага эмне дегиси келип жатканын аңдайм. Ошонун аркасында окуп-билгендеримдин тууралыгына ынанам. Бул болсо мага аларга ылайык иш кылганга жардам берет». Ооба, биз Жахабанын Сөзүнөн кеңеш издеп, ошого жараша иш кылышыбыз керек. Ошентсек, оюбуз онго, санаабыз санга бөлүнүп жатса да, жан дүйнөбүз тынч болуп, кубанычтуу жүрө алабыз.

ЖАХАБА СӨЗСҮЗ ЖАРДАМ БЕРЕТ

Дөөтү Жахабанын жардамысыз санаага батырган ойлордон бошоно албасын жакшы түшүнгөн. Ал анын колдоосуна ушунчалык ыраазы болгондуктан: «Кудайымдын жардамы менен дубалга чыгам... Чыныгы Кудай зор күч менен белимди бек бууйт»,— деген (Заб. 18:29, 32). Кээде кыйынчылыктар ашып өтө алгыс бийик дубалдай сезилиши мүмкүн. Бирок Жахабанын жардамы менен андай дубалдарды багындыра алабыз! Эң негизгиси, Жахабадан жардам сурап тиленип, анын мурда бизге кантип жардам бергени жөнүндө ой жүгүртүп, анын жетекчилигине жараша иш-аракет кыла берели. Ошентсек, Жахаба бизге санаанын сазына чөгүп кетпегенге күч да, акылмандык да береринен шектенбесек болот!

^ 2-абз. Санаанын оор түрүнөн жапа чеккендер доктурга кайрылышы керек болот.