Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

17-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Энелер, Эйникеден үлгү алгыла

Энелер, Эйникеден үлгү алгыла

«Энең үйрөткөн мыйзамды четке какпа. Анткени бул — башыңа кийгизилген кооз таажы, мойнуңа тагылган мончок» (НАКЫЛ 1:8, 9).

137-ЫР: Жахабаны даңктаган аялзаты

БУЛ МАКАЛАДА *

Тиметей чөмүлүп жатат. Апасы Эйнике менен таенеси Лоис аны сыймыктана карап, төбөсү көккө жете сүйүнүп турушат (1-абзацты карагыла)

1, 2. а) Эйнике ким болгон жана баласын Кудайдын жолунда тарбиялоодо кандай кыйынчылыктарга кабылган? б) Мукабадагы сүрөттү айтып бергиле.

 ЫЙЫК КИТЕПТЕ Тиметейдин кантип чөмүлгөнү айтылган эмес. Бирок ошол күнү энеси Эйникенин жүрөгү алып учуп канчалык сүйүнгөнүн элестетүү кыйын деле эмес (Накыл 23:25). Белинен ылдый сууда мына-мына чөмүлөм деп турган уулун сыймыктана карап турган Эйникени көз алдыңарга тартып көрсөңөр. Ал өзүнүн апасы Лоисти колтуктап алып бажырая жылмайып турат. Тиметейди чалкалатып сууга чумкутушканда, Эйнике да демин ичине катып туруп калат. Анан маңдайы жаркып суудан шарп эте чыккан уулун көргөндө жанатан эптеп өзүн кармап турган Эйникенин көзүнөн жаш куюлуп кирет. Ал баштан далай кыйынчылыкты өткөрсө да, Тиметейди Жахабаны жана Исаны сүйгөн адам кылып чоңойтуп, ушул баралга жеткирди. Анда ушул тапка чейин ал кандай оор күндөрдү баштан кечирген?

2 Тиметей ата-энеси эки башка динди туткан үй-бүлөдө чоңоюп-өскөн. Анын атасы грек болчу, ал эми апасы менен таенеси жүйүт элинен эле (Элч. 16:1). Эйнике менен Лоис Исанын жолун жолдой баштаганда, Тиметей өспүрүм куракта болгон көрүнөт. Бирок атасы Исанын жолун жолдогон эмес. Анда Тиметей кайсы жолду тандайт? Ал өз алдынча чечим чыгара турган куракта болчу. Тиметей атасынын динин кабыл алабы? Же бала кезден үйрөнгөн жүйүт элинин каада-салты боюнча жашоону туура көрөбү? Же болбосо Иса Машаяктын жолун жолдоону чечеби?

3. Накыл сөздөр 1:8, 9га ылайык, Жахаба балдарына аны менен дос болгонго жардам берип жаткан энелердин эмгегине кандай карайт?

3 Бүгүн Исанын жолун жолдогон энелер да Эйникедей болуп үй-бүлөсүн жакшы көрүшөт. Алар баарынан да балдарына Жахаба менен жакын дос болгонго жардам бергиси келет. Ошондуктан Кудай алардын мээнетин жогору баалайт. (Окугула: Накыл сөздөр 1:8, 9.) Ал көптөгөн энелерге балдарына чындык жолуна түшкөнгө жардам берип келет.

4. Бүгүнкү күндө энелер кандай кыйынчылыктарга кабылып келишет?

4 Кайсы эне болбосун: «Менин балдарым да Тиметейдей болуп Жахабанын жолун тандайт болду бекен?» — деп кабатырланат. Себеби алар Шайтандын дүйнөсүндө балдарына туш тараптан азгырыктар болорун жакшы билишет (1 Пет. 5:8). Анын үстүнө, балдарын жалгыз тарбиялап жаткан же жолдошу Жахабанын Күбөсү эмес аялдар аз эмес. Бул албетте оңой эмес. Мисалы, Кристина * аттуу бир эне: «Жолдошум жакшы ата, жакшы күйөө. Бирок балдарыбызды Жахабанын Күбөсү кылып тарбиялаганга катуу каршы болчу. Ушинтип отурса, балдарым кантип Жахабага кызмат кылмак эле деп көп жыл бою далай көз жаш төктүм»,— дейт.

5. Бул макалада эмнелерди талкуулайбыз?

5 Эгер силер да эне болсоңор, Эйникеге окшоп балдарыңарга Кудайдын жолуна түшкөнгө жардам бере аласыңар. Бул макалада энелер андан үлгү алып балдарына акыл айтып кантип тарбияласа болору, кылган иши менен кантип үлгү боло алары жана Жахабанын аларга кантип жардам берери талкууланат.

АКЫЛ АЙТЫП ТААЛИМ-ТАРБИЯ БЕРГИЛЕ

6. 2 Тиметей 3:14, 15ке ылайык, Тиметей Исанын жолун кантип жолдоп калган?

6 Кичинекей кезинен тартып эле апасы Тиметейге «ыйык жазмаларды» жүйүттөр кандай түшүнүп келсе, ошондой түшүндүрүп, колунан келишинче окутуп-үйрөтүп келген. Албетте, Эйникенин билими чектелүү болчу. Себеби ал Иса жөнүндө эч нерсе деле билген эмес. Ошентсе да баласынын Ыйык Жазмадан билгендери Исанын жолун жолдогонго жакшы пайдубал болуп берген. Бирок ал өзү ошол жолду тандайбы? Эресеге жеткен жигит болгондуктан ошентеби, жокпу, өз эрки болчу. Иса жөнүндө айтылгандардын чындык экенине көзү жеткенине апасынын салымы чоң болгону шексиз. (Окугула: 2 Тиметей 3:14, 15.) Оор болсо да, уулун Жахабанын жолунда тарбиялай алганына Эйнике аябай кубанса керек. Чын эле, Эйнике атына заты жарашкан аял болгон: анын ысмы «жеңүүчү» дегенди билдирет.

7. Эйнике уулуна чөмүлгөндөн кийин да ийгилик кыла бергенге кантип жардам берген?

7 Тиметейдин жашоосунда маанилүү кадам таштап, чөмүлгөнү жакшы болгон дечи. Бирок Эйникенин санаасы ошону менен эле тынчып калган эмес. Ал мындай деп санааркай берсе керек: «Уулум андан аркы өмүрүн эмнеге арнайт? Жаман балдарга кошулуп кетпейби? Афиндеги жогорку окуу жайга тапшырып, жалган кудайларга ишенген ойчулдардын окууларына ишенип кетпейби? Байыйм деп убактысын, күчүн, жаштыгын текке кетирбейби?» Албетте, Эйнике Тиметейдин ордуна чечим чыгара алмак эмес. Анткен менен ошенткенге жардам бере алмак. Кантип? Андан ары да уулуна Жахабаны сүйгөнгө, Жахаба менен Исанын аларга кылган жакшылыктарына ыраазы болгонго үйрөтүш үчүн бүт күчүн жумшай бериши керек болчу. Бирок баланы чындык жолунда тарбиялоо жагынан кыйынчылыктарга жары Жахабага сыйынбаган ишенимдештерибиз эле туш болбойт. Ал тургай түгөйлөрдүн экөө тең Жахабанын Күбөсү болгондорго да балдарынын жүрөгүн козгоп, Кудайдан корккон адам кылып тарбиялоо оңой-олтоң иштерден эмес. Анда ата-энелер Эйникеден эмнени үйрөнө алышат?

8. Аялы чындык жолундагы күйөөсүнө балдарына таалим бергенге кантип жардам бере алат?

8 Балдарыңар менен Ыйык Китепти изилдегиле. Зайыптар, эгер күйөөңөр чындык жолунда болсо, ага балдарыңарга таалим бергенге көмөктөшкүлө. Жахаба ошону күтөт. Ан үчүн үй-бүлөлүк изилдөөнүн үзбөй өткөрүлүп турушуна салым кошкула. Үй-бүлөлүк изилдөө жөнүндө дайыма жакшы айтып, анын кызыктуу, жагымдуу өтүшүнө шарт түзүш үчүн эмне кылсаңар болору жөнүндө ойлонгула. Изилдөө көңүлдүү өтүшү үчүн, балким, жолдошуңарга бир нерселерди уюштурганга жардам береттирсиңер. Эгер балдарыңар маалымат кабыл алып, түшүнө ала тургандай куракта болсо, күйөөңөргө алар менен «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» китеби менен изилдөө өткөнгө да көмөк кылсаңар болот.

9. Күйөөсү Жахабанын Күбөсү болбогон зайыптарга балдарын тарбиялаганга эмне жардам берет?

9 Жалгыз бой же жары Жахабанын Күбөсү эмес энелер балдары менен Ыйык Китепти өзү изилдеши керек. Эгер силерде да ошондой болсо, көп сарсанаа болбогула. Жахаба жардам берет. Балдарыңар менен изилдеш үчүн уюмубуз берген натыйжалуу куралдарды колдонгула. Тажрыйбалуу ата-энелер менен кеңешип, үй-бүлөлүк изилдөөдө ошол куралдарды кантип колдонсо болорун сурап көргүлө * (Накыл 11:14). Жахаба балдарыңардын тилин тапканга да жардам берет. Ошондуктан андан балдарыңардын ичинде эмне бар экенин билгенге жардам беришин сурагыла (Накыл 20:5). Балаңардан: «Мектептен көбүнчө эмнеден кыйналасың?» — деп эле бир ооз сурап көрсөңөр, чечилишип сүйлөшө алышыңар мүмкүн.

10. Балдарыңарга Жахабаны таанып-билгенге дагы кантип жардам бере аласыңар?

10 Ар бир мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Жахаба жөнүндө сүйлөшкүлө. Аларга Жахабанын жеке силерге кылган көп жакшылыктары жөнүндө айтып бергиле (Мыйз. 6:6, 7; Ыш. 63:7). Айрыкча, балдарыңар менен изилдөөнү үйдөн үзбөй өткөргөнгө шартыңар жок болсо, ушундай кылганыңар жакшы. Жогоруда айтылган Кристина мындай дейт: «Балдарым менен Жахаба жөнүндө сүйлөшкөнгө ылайыктуу учурларым аябай эле аз болгондуктан мүмкүнчүлүк боло калса эле колдон чыгарчу эмесмин. Алар менен жөө басып же кайыкка түшүп алып сейилдегенде Жахаба жараткан кереметтүү табият жөнүндө жана ага жакындаганга жардам берген дагы башка көп нерселер жөнүндө сүйлөшчүбүз. Ал эми алар чоңоюп калганда, Ыйык Китепти өз алдынча изилдегенге үндөп турчумун». Мындан тышкары, Жахабанын уюму, ишенимдештериңер жөнүндө жалаң гана жакшы нерселерди айтып бергиле. Жыйналыштагы аксакалдарды сындабагыла. Анткени балдарыңар жардам керек болгондо аксакалдарга кайрылабы же жокпу, ошондон көз каранды болот.

11. Жакып 3:18ге ылайык, үйдө тынчтык болушуна өбөлгө түзүү эмне үчүн маанилүү?

11 Үйүңөрдө тынчтык болушуна өбөлгө түзгүлө. Жолдошуңарга, балдарыңарга аларды канчалык жакшы көрөрүңөрдү айтып, муну ишиңер менен да көрсөтүп тургула. Жолдошуңарды жамандабагыла. Аны урматтап тургула. Балдарыңарга да ошону үйрөткүлө. Ошондо үйдө тынчтык болуп, балдарыңарга Жахаба жөнүндө тарбия берген оңой болот. (Окугула: Жакып 3:18.) Румынияда атайын пионер болуп кызмат кылган Жозефтин айткандарына көңүл бурсаңар. Чоңоюп келаткан кезинде атасы анын, апасынын жана үч бир тууганынын Жахабага кызмат кылышына каршы болчу. Ал мындай деп эскерет: «Үйдө тынчтык болушу үчүн апам колунан келгендин баарын кылчу. Атам канчалык каардуу болгон сайын, апам ага ошончолук жылуу мамиле кылчу. Атабызга баш ийбей, сыйлабай жатканыбызды байкап калса, биз менен чогуу Эфестиктер 6:1—3-аяттарды көп талкуулачу. Анан атамдын жакшы сапаттарын кеп кылып, эмне үчүн аны баалап-баркташыбыз керектигин айта турган. Уруш чыгып кете жаздаган учурларда апам дайыма акырын жайкап кетчү».

ИШИҢЕР МЕНЕН ҮЛГҮ БОЛГУЛА

12. 2 Тиметей 1:5тен көрүнүп тургандай, Эйникенин үлгүсү Тиметейге кандай таасир эткен?

12 Окугула: 2 Тиметей 1:5. Эйнике Тиметейге жакшы үлгү көрсөткөн. Ал ага Кудайга чындап ишенерин иштери менен бышыкташы керектигин үйрөткөнү шексиз (Жкп. 2:26). Тиметей апасынын иштеринен Жахабага болгон күчтүү сүйүүсүн көргөн десек жаңылышпайбыз. Анын Жахабага кызмат кылгандан рахат алып жатканын да көрсө керек. Эйникенин үлгүсү уулуна кандай таасир эткен? Пабыл Тиметейдин ишеними да апасыныкындай күчтүү болгонун баса белгилеген. Тиметейдин ишеними өзүнөн өзү эле ошондой болуп калган эмес. Ал апасын көрүп, аны туураганга бел байлаган. Ошол сыңары, бүгүн да көп энелер сөзү менен эмес, иши менен балдарынын жүрөгүн козгой алышкан (1 Пет. 3:1, 2). Бул силердин да колуңардан келет. Кантип?

13. Энелер Жахаба менен болгон мамилесин эмне үчүн биринчи орунга коюшу керек?

13 Жахаба менен болгон мамилеңерди жашооңордо биринчи орунга койгула (Мыйз. 6:5, 6). Көптөгөн энелердей эле, силер да далай нерседен баш тартасыңар. Балдарыңарды багыш үчүн аларга убактыңарды арнайсыңар, акча-каражатыңарды жумшайсыңар, уйкудан каласыңар жана башка нерселерден кечкенге даярсыңар. Бирок буларга баш-отуңар менен кирип кетип Жахаба менен болгон мамилеңер четте калып калбасын. Өз алдынча Жахабадан тиленгенге, Ыйык Китепти изилдегенге атайын убакыт бөлгүлө. Жыйналыштарга да калтырбай баргыла. Ошентсеңер, Жахабага ого бетер ынак болуп, үйүңөрдөгүлөргө да, башкаларга да мыкты үлгү көрсөтөсүңөр.

14, 15. Лиандын, Мариянын жана Жаонун айтып бергендеринен эмнени билдиңер?

14 Апасын көрүп Жахабаны жакшы көрүп, ага таянганды үйрөнгөн айрым жаштарды мисалга алалы. Кристинанын кызы Лиан мындай дейт: «Атам үйдө болгон кезде Ыйык Китепти изилдей алчу эмеспиз. Бирок апам жыйналышты такыр калтырчу эмес. Ыйык Китеп жөнүндө көп нерсени билбесек да, апамдын чындык жолунда бекем турганы, иштери бизге да күчтүү ишеним өрчүткөнгө жардам берген. Ошентип, жыйналышка бара баштаганга чейин эле бул жолдун чындык экенине толук көзүбүз жеткен».

15 Эми Мариянын окуясына токтололу. Ал апасы, байкеси, сиңдиси болуп жыйналышка барганы үчүн атасы аларды урушуп, сабаган учурлар болгон. Ал мындай дейт: «Апамчалык кайраттуу кишини көргөн эмесмин. Бала кезде башкалардан корккон үчүн кээ бир нерселерди кылбай койчумун. Апамдын канчалык эр жүрөк экенин, Жахабаны жашоосунда дайыма биринчи орунга коюп келгенин көрүп бара-бара адамдардан такыр коркпой калдым». Жаонун атасы болсо „үйдө Жахаба же Ыйык Китеп жөнүндө сөз да болбосун” деп тыюу салып салган. Ал мындай деп эскерет: «Апам атамдын көңүлүн алыш үчүн баарын кылганга даяр болчу. Бирок бир нерсени эч качан кылган эмес: ал Жахабага болгон сүйүүсүнөн кечкен эмес. Мына ошонусуна аябай суктанчумун».

16. Энелердин үлгүсү башкаларга кандай таасир этет?

16 Энелер, жакшы үлгүңөр башкаларга таасир этпей койбосун эч качан унутпагыла. Эмне үчүн минтип айтсак болот? Эйникенин үлгүсү Пабылга кандай таасир эткенине көңүл бурсаңар. Ал Тиметейдин күчтүү ишенимди апасынын аркасында өрчүткөнүн айткан (2 Тим. 1:5). Пабыл Эйникенин Кудайга бекем ишенерин биринчи жолу качан байкаган? Ал Лоис менен Эйникеге, сыягы, биринчи миссионердик сапарында Листрадан жолукса керек. Ошондо аларга Исанын жолдоочусу болгонго жардам берген көрүнөт (Элч. 14:4—18). Көңүлгө алчу нерсе, кийин Пабыл Тиметейге кат жазганда, ошондон 15 жылдай өтсө да, Эйникенин ишенимдүү кызмат кылып жатканын, үлгү тутчу адам экенин баса белгилеген. Бул Эйникенин үлгүсү Пабылга да, 1-кылымдагы дагы башка көптөгөн ишенимдештерине да күчтүү таасир эткенин көрсөтүп турат. Балдарыңарды жалгыз тарбиялап жатсаңар же жолдошуңар башка динди тутса, анда Кудайга берилип кызмат кылып жатканыңар башкаларга кадимкидей дем берерин унутпагыла.

Балдарга Жахабаны жакшы көргөндү үйрөткөнгө убакыт керек. Эч качан багынбагыла! (17-абзацты карагыла)

17. Жумшаган аракетиңерден эч майнап чыкпай жаткандай сезилсе, эмне кылышыңар керек?

17 Балаңарды чындык жолунда тарбиялаганга жумшаган аракетиңерден майнап чыкпай жаткандай сезилсечи? Буга убакыт керек. Муну эсиңерден чыгарбагыла. Сүрөттө көрсөтүлгөндөй, үрөн сепкенде ушул өсүп чыгып, жемиш берет болду бекен деп ойлоносуңар. Анын өсүп чыгып, жемиш берер-бербеси силерден көз каранды болбосо да, талбай сугара бересиңер (Мр. 4:26—29). Анын сыңарындай, силер да кээде: «Деги чындык баламдын жүрөгүн козгоп, дилине сиңип жатабы?» — деп кабатырланышыңар мүмкүн. Албетте, балаңардын ордуна чечим чыгара албайсыңар. Бирок аларды чындык жолунда тарбиялаганга бар күчүңөрдү сала берсеңер, рухий жактан өсүшүнө жакшы шарт түзгөн болосуңар (Накыл 22:6).

ЖАХАБАГА ТАЯНГЫЛА

18. Жахаба балаңарга аны менен дос болгонго кантип жардам бере алат?

18 Байыртан бери Жахаба далай жаштарга өзү менен дос болгонго жардам берип келатат (Заб. 22:9, 10). Ал силердин балдарыңарга да, эгер өздөрү кааласа, аны менен ынак достордон болгонго жардам бере алат (1 Кор. 3:6, 7). Балдарыңар чындык жолунан алыстап бараткандай туюлса да, Жахаба аларды дагы деле жакшы көрүп, көз салып турат (Заб. 11:4). Алардын «түбөлүк өмүргө карата туура көз карашта» экенин көрсөткөн кымындай эле белгини көрсө да, дос болгонго кол сунат (Элч. 13:48; 2 Жылн. 16:9). Балдарыңар бөтөнчө зар болуп турганда Жахаба силерге керектүү сөздөрдү өз учурунда айтканга жардам бере алат (Накыл 15:23). Же камкор ишенимдешиңерге аларга чын дилден көңүл бурганга түрткү берип коё алат. Атүгүл балаңар бойго жеткен күндө да Жахаба бала чагында үйрөнгөн кайсы бир нерсени эсине салып коюшу мүмкүн (Жкн. 14:26). Ошондуктан балдарыңарга мындан ары да акыл айтып, ишиңер менен үлгү көрсөтө бергиле. Ошентсеңер, Жахабадан мол бата аласыңар!

19. Жахабага жаккан инсан боло аларыңардан эмне үчүн шектенбесеңер болот?

19 Жахабанын силерди канчалык жакшы көрөрү балаңардын кандай чечим чыгарарынан көз каранды эмес. Ал силерди силер аны жакшы көргөн үчүн жакшы көрөт. Эгер балдарыңарды жалгыз тарбиялап жатсаңар, Жахаба балдарыңарга Ата, силерге болсо Коргоочу болуп берет (Заб. 68:5). Балдарыңар Жахабага кызмат кылабы же жокпу, өздөрү чечет. Бирок мындан ары да Жахабага таянып, колуңардан келгендин баарын кыла берсеңер, ага жаккан инсан болосуңар!

134-ЫР: Балдар — Кудайдын белеги

^ 5-абз. Бул макалада Кудайдын жолундагы энелер Тиметейдин апасы Эйникеден эмнени үйрөнө алары айтылат. Ошондой эле канткенде балдарына Жахабаны таанып-билгенди жана жакшы көргөндү үйрөтө алары талкууланат.

^ 4-абз. Айрым ысымдар өзгөртүлдү.

^ 9-абз. Мисалы, бул адабияттарды карагыла: «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!», 50-бөл.; «Күзөт мунарасы», 2011-ж., 15-авг., 6, 7-б., «Үй-бүлө менен сыйынууну, өздүк изилдөөнү кантип өткөрсө болот?»