Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

18-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Кантип рухий максаттарды коюп, аларга жете алабыз?

Кантип рухий максаттарды коюп, аларга жете алабыз?

«Ушулар тууралуу ой жүгүрт; ийгиликтериң баарына айкын болушу үчүн, өзүңдү ушуларга арна» (1 ТИМ. 4:15).

84-ЫР: Эмгектен

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Кандай максаттарды койсок болот?

 ЖАХАБАНЫН чыныгы кызматчылары катары аны аябай жакшы көрөбүз. Ошондуктан ага колдон келишинче жакшы кызмат кылгыбыз келет. Анда эмнебиз болсо, ошонун баарын Жахабанын ишине колдонуш үчүн эмне кылсак болот? Ан үчүн рухий максаттарды коюшубуз керек. Мисалы, Кудайга жаккан сапаттарды өрчүтсөк, ар кандай өнөр үйрөнсөк же башкаларга жардам берүүнүн жолдорун издесек болот *.

2. Эмне үчүн рухий максат коюп, ага жеткенге умтулушубуз керек?

2 Эмне үчүн Жахабанын кызматчысы катары улам дасыга беришибиз керек? Себеби биринчи кезекте асмандагы Атабызга жаккан инсан болгубуз келет. Жахаба талантыбызды, шык-жөндөмүбүздү анын кызматына толук колдонуп жатканыбызды көрүп сүйүнөт. Ишенимдештерибизге көбүрөөк жардамыбыз тийиши үчүн да рухий жактан алга илгерилей бергибиз келет (1 Тес. 4:9, 10). Чындык жолунда жүргөнүбүзгө канча жыл болбосун, баарыбыз алдыга кадам шилтей алабыз. Анда келгиле, муну кантип кылса болорун билели.

3. Элчи Пабыл Тиметейди эмне кылганга үндөгөн? (1 Тиметей 4:12—16.)

3 Пабыл Тиметейге биринчи катын жазган кезде баралына жеткен ал жигит такшалган аксакал болуп калган. Ошентсе да Пабыл аны кызмат кылып жатып алга арыштай бергенге үндөгөн. (Окугула: 1 Тиметей 4:12—16.) Эгер Пабылдын сөздөрү жөнүндө тереңирээк ойлонсок, анда ал Тиметейдин эки жактан жакшыра беришин айтканын байкасак болот. Биринчиси, Тиметей сүйүү, ишеним, адеп-ахлактуулук сыяктуу жакшы сапаттарды өрчүтүшү керек болчу. Экинчиси, эл алдында окуу, насаат айтуу, үйрөтүү жагынан өнөрүн өркүндөтө бериши керек болчу. Эмесе, Тиметейдин үлгүсүн эсибизге бек түйүп, алдыга жете ала турган максаттарды коюу Жахабанын мыкты кызматчысы болгонго кандайча жардам берерин карап көрөлү. Канткенде көбүрөөк кызмат кыла аларыбызды да талкуулайлы.

КУДАЙГА ЖАККАН САПАТТАРДЫ ӨРЧҮТКҮЛӨ

4. Филипиликтер 2:19—22-аяттарга ылайык, эмне үчүн Тиметей Жахабанын керегине жараган мыкты кызматчы болгон?

4 Эмне үчүн Тиметей Жахабанын керегине жараган мыкты кызматчы болгон? Анын Кудайга жаккан сонун сапаттары бар болчу. (Окугула: Филипиликтер 2:19—22.) Пабылдын Тиметей жөнүндө айткан сөздөрүнөн анын момун, берилген, жанда жок мээнеткеч жана ишеничтүү жигит болгонун билсек болот. Ошондой эле Кудай кошкон бир туугандары дегенде жеген ашын жерге коюп, алар үчүн чындап күйүп-бышкан. Ошон үчүн Пабыл Тиметейди жанындай жакшы көргөн жана ага чоң жоопкерчиликтерди ишенип тапшыра алган (1 Кор. 4:17). Анын сыңарындай, Жахабага жаккан сапаттарды өрчүтсөк, анын сүйүүсүнө татыйбыз. Жыйналыштагыларга да көбүрөөк пайдабыз тиет (Заб. 25:9; 138:6).

Жакшырткыңар келген сапатты аныктагыла (5, 6-абзацтарды карагыла)

5. а) Кайсы сапатты жакшыртыш керектигин кантип билсе болот? б) Сүрөттө көрсөтүлгөндөй, ишенимдешибиз боорукер болгонго кантип аракет кылып жатат?

5 Так-айкын максат койгула. Адегенде тиленип алып инсандык кайсы сапаттарыңарды жакшыртсаңар болору жөнүндө ойлонуп көргүлө. Анан бир сапатты тандап алып, бүт көңүлүңөрдү ошого топтогула. Балким, башкалардын кайгысын тең бөлүшкөн же сүйөп-таяган жагынан жакшырышыңар керектир. Же сабырдуураак, кечиримдүүрөөк болушуңар керекпи? Сырдашкан досуңардан кайсы жактардан жакшырсаңар болорун сурап көргүлө (Накыл 27:6).

6. Кайсы бир жакшы сапатты өрчүтүш үчүн эмне кылсаңар болот?

6 Максатыңарга жетиш үчүн күч-аракет жумшагыла. Муну кантип кылсаңар болот? Чү дегенде эле, калыптагыңар келген сапат жөнүндө кылдат изилдегиле. Мисалы, кечиримдүүрөөк болоюн дедиңер дейли. Башында кечире билген жана кечирбеген Ыйык Китептеги инсандар жөнүндө окуп, ой жүгүртсөңөр болот. Маселен, Иса кечиримдүү болчу (Лк. 7:47, 48). Ал башкалардын мүчүлүштүктөрүнө көз жумуп, кандай инсан боло аларын көрө билчү. Ал эми фарисейлер «башкаларды киши ордуна көрчү» эмес (Лк. 18:9). Ушулар тууралуу ойлонгондон кийин: «Башкалардын шыр эле эмнесин байкайм? Алардын кайсы жагына көбүрөөк көңүл бурам?» — деп ойлонгула. Кимдир бирөөнү кечире албай жатсаңар, ошол адамдын мүмкүн болушунча көп жакшы сапаттарын жазып чыккыла. Андан соң: «Иса ага кандай карамак? Ал аны кечирет беле?» — деп ойлонгула. Ушинтип изилдегендин аркасында көз карашыбыз өзгөрүшү мүмкүн. Албетте, башында көңүлүбүздү ооруткан кишини кечириш оңой болбойт. Бирок талыкпай күч жумшай берсеңер, бара-бара кечирген жеңилирээк боло баштайт.

ЖАҢЫ ӨНӨР ҮЙРӨНҮП, ӨРКҮНДӨТКҮЛӨ

Падышалык залын тейлегенге керектүү шык-жөндөмдү өрчүткүңөр келерин айткыла (7-абзацты карагыла) *

7. Накыл сөздөр 22:29га ылайык, Жахаба өнөрлүү кызматчыларын кантип колдонуп жатат?

7 Алдыга койсо боло турган дагы бир максат — кайсы бир жөндөмдү өрчүтүү. Бейтел имараттарын, жыйын жана Падышалык залдарын курганга канча деген кызматчылар керек! Алардын көбү өздөштүргөн өнөрүн же жөндөмүн иш билги, кесипкөй ишенимдештеринен үйрөнүшкөн. Сүрөттөн көрүнүп тургандай, ишенимдештерибиз, аял-эркек дебей, жыйын жана Падышалык залдарын жакшы абалда күтө билгенге керектүү шык-жөндөмдөрдү үйрөнүп жатышат. «Түбөлүктүктүн Падышасы» Жахаба жана «падышалык кылгандардын Падышасы» Иса өнөрүн өргө чапкан ушундай ишенимдештерибизди колдонуп зор иштерди ишке ашырып жатышат. (1 Тим. 1:17; 6:15; окугула: Накыл сөздөр 22:29.) Биз Жахабанын ишинде күжүрмөн эмгектенгибиз келет. Бирок өзүбүздүн атыбызды чыгарганга эмес, Жахабаны даңктаганга умтулабыз.

8. Эмнеңерди жакшыртыш керектигин кантип билсеңер болот?

8 Так-айкын максат койгула. Кайсы шык-жөндөмдү өздөштүргүңөр келет? Муну билиш үчүн аксакалдардан же балким, райондук көзөмөлчүңөрдөн сурап көрсөңөр болот. Эгер алар эл алдында сүйлөө же окутуу чеберчилигин өрчүтүшүңөр керектигин айтышса, ушул жактардан жакшырыш үчүн айрыкча эмнеге көңүл буруш керектигин тактап сурап алгыла. Анан күч-аракет жумшагыла. Ан үчүн эмне кылсаңар болот?

9. Чеберчилигиңерди арттырыш үчүн эмне кылсаңар болот?

9 Максатыңарга жетиш үчүн күч-аракет жумшагыла. Окутуу чеберчилигин арттыргыңар келип жатат дейли. Ан үчүн «Окууга жана үйрөтүүгө дилгир бол» деген китепчени дыкат изилдеп чыккыла. Анан иш күндөрүндөгү жолугушууда тапшырма берилсе, чыкканга чейин дасыккан ишенимдешиңерден силерди угуп, кеп-кеңешин беришин сурансаңар болот. Тапшырманы аткарганда канчалык жөндөмдүү экениңер эле эмес, ага канча эмгек жумшаганыңар, канчалык ишеничтүү экениңер да көрүнүп турсун (Накыл 21:5; 2 Кор. 8:22).

10. Кайсы бир жөндөмдү кантип өрчүтсөк болорун көрсөткөн мисал айтып бергиле.

10 Табиятыңардан эле кайсы бир нерсеге жок болсоңорчу? Багынбай күч жумшай бергиле! Гарри деген ишенимдешибиз шар окуй алчу эмес. Ал жыйналыштан үн чыгара окуп бергенде уялганынан кирерге жер таппай калчу экен. Бирок жакшы окуш үчүн болгон күчүн жумшай берген. Ал тажрыйбалуу ишенимдештеринин кеңештерин, адабияттардан окугандарын колдонгондун аркасында жыйналыштан, жыйындардан баяндаманы катыра айтканды үйрөнгөн.

11. Канткенде Тиметейдей болуп кошумча жоопкерчиликтерди ала алабыз?

11 Тиметей кийин сөзгө чечен кыйын баяндамачы, укмуш окутуучу болгонбу? Ыйык Китепте бул тууралуу эч нерсе айтылбайт. Кандай болбосун, ал Пабылдын кеңешине кулак какканынын аркасында бара жүрүп чеберчилиги артып, мыкты кызматчы болгону шексиз (2 Тим. 3:10). Биз да өнөрүбүздү өркүндөтө берсек, кошумча жоопкерчиликтер тапшырыла баштайт.

БАШКАЛАРГА ЖАРДАМ БЕРҮҮНҮН ЖОЛДОРУН ИЗДЕГИЛЕ

12. Башкалар силерге кантип жардам берди эле?

12 Бизге башкалар жардам берген учурлар көп эле болот. Мисалы, доктурга жатып калганыбызда Ооруканалар менен байланышуу комитеттериндеги же Бейтаптарга баруу топторундагы аксакалдар келсе, аябай эле ыраазы болобуз. Кыйын учурларда аксакалдардын атайын убакыт бөлүп, кунт коюп укканы, дем-күч бергени да кадимкидей ичибизди жылытат. Ал эми ыйык китептик изилдөө өткөрүү жагынан кыйналып жатсак, тажрыйбалуу пионер кеп-кеңештерин айтканда, кудуңдап сүйүнүп калабыз. Ушундай бир туугандарыбыз башкаларга жардам бергенден рахат алышат. Эгер биз да ошентсек, сөзсүз ошондой кубанычтын даамын татабыз. Анткени Иса: «Алганга караганда берген бактылуу»,— деген (Элч. 20:35). Эгер силер да ушул сыяктуу иштерди кылып көбүрөөк кызмат кылгыңар келсе, максатыңарга жеткенге эмне жардам берет?

13. Максат койгондо эмнени эске алышыбыз керек?

13 Максатты жалпы жонунан эле коюп койгондон качкыла. Балким, жыйналыштагыларга көбүрөөк жардам берейин деп максат коюшуңар мүмкүн. Бирок муну ишке ашырыш кыйын болуп калат. Ага качан жеткениңер да белгисиз болуп калат. Ошон үчүн так-айкын максат койгула. Мүмкүн, максатыңарды жана ага жетиш үчүн эмне кылсаңар болорун жазып алаттырсыңар.

14. Максат койгондо эмне үчүн ылайыкташа билишибиз керек?

14 Максат койгондо ылайыкташа билишибиз керек. Эмне үчүн? Себеби жагдай-шартыбызды толук көзөмөлдөй албайбыз. Бир мисалга токтололу. Пабыл Тесалоникада жаңы жыйналыш уюштурганга жардам берген. Ал ошол жерде калып, жаңыдан чындык жолуна түшкөн ишенимдештерине жардам берем деп максат койсо керек. Тилекке каршы, бут тоскондордун айынан кеткенге аргасыз болгон (Элч. 17:1—5, 10). Эгер ал шаарда кала берсе, ишенимдештеринин өмүрүн тобокелге салмак. Бирок кеткенден кийин деле ал аларга жардам бере берген. Ошентип жаңы жагдайга ылайыкташкан. Кийинчерээк болсо тесалоникалыктарга рухий жактан кам көрүш үчүн Тиметейди жөнөткөн (1 Тес. 3:1—3). Алар зар болуп турган учурда Тиметейдин келип, жан-дили менен жардам бергенине аябай эле ыраазы болгону шексиз.

15. Максаттарыбыз жагдай-шартка жараша өзгөрүшү мүмкүнбү? Мисал келтиргиле.

15 Тесалоникада Пабылдын башынан өткөндөрүнөн эмнени үйрөнсөк болот? Балким, кайсы бир кызматка умтулуп жаткандырбыз. Бирок ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет болуп, шартыбыз аны аркалаганга жол бербей калат (Нас. 9:11). Эгер силердики да ушундай болуп калса, жете ала турган башка максат койгула. Тед менен Хейди так ушундай кылган. Ден соолуктун айынан аларга Бейтелдеги кызматын токтотконго туура келген. Бирок Жахабаны аябай сүйгөндүктөн кызмат кылуунун башка жолдорун издешкен. Адеп үзгүлтүксүз пионер болушкан. Кийин болсо атайын пионер болуп дайындалышкан. Тед райондук көзөмөлчүнүн орун басары катары кызмат кылганга да үйрөтүлгөн. Анан эле райондук көзөмөлчүлөрдүн жаш-курагына коюлган талап өзгөрүп кеткен. Ошондо Тед менен Хейди андан ары бул кызматын уланта албай турганын түшүнүшкөн. Шаабайы сууп, көңүлү чөксө да, алар Жахабага башкача жолдор менен кызмат кылса болорун аңдашкан. Тед: «Кызматтын бир эле түрүнө байланып калбашыбыз керектигин түшүндүк»,— деп ой бөлүшөт.

16. Галатиялыктар 6:4төн эмнени үйрөнсөк болот?

16 Жашоодо бизден көз каранды болбогон далай нерселер бар. Ошол себептен Жахаба бизге аткарган кызматыбызга жараша баа бербей турганын эсибизден чыгарбайлы. Кызматыбызды башкалардыкы менен салыштыргандан да сак бололу. Хейди: «Жашооңду башка бирөөнүкүнө салыштырдың дегиче, жүрөгүңдөн тынчтык кетип, бушайман боло бересиң»,— дейт. (Окугула: Галатиялыктар 6:4.) Ошондуктан колубуздан келген кызматка талпынганыбыз жакшы *.

17. Кошумча кызматтарды аркалаганга кантип даярдансаңар болот?

17 Карапайым жашап, карызга баткандан качсаңар, Жахабага көбүрөөк кызмат кыла аласыңар. Ал үчүн чоң максаттарды коюп, аларга жетиш үчүн кичинекей максаттарды койгула. Алсак, чоң максатыңар үзгүлтүксүз пионер болуу деп коёлу. Ага жетиш үчүн ай сайын көмөкчү пионер болгула. Же кызмат жардамчысы болоюн дедиңер дейли. Ан үчүн кабар айтканга көбүрөөк убакыт бөлгүлө. Жыйналышыңардагы ооруп жаткандарга, ата-апаларга барып ал-жайын сурап да тургула. Ооба, азыр топтогон тажрыйбаңар келечектеги кызматтарга жол ачат. Андыктан кандай иш тапшырылбасын, майын чыгара аткара бергиле (Рим. 12:11).

Жете ала турган так-айкын максат койгула (18-абзацты карагыла) *

18. Сүрөттөгү Беверли апабыздан эмнени үйрөндүңөр?

18 Карылыкка бой сунсаңар да, алдыңарга максат коюп, ага жете аласыңар. 75 жаштагы Беверли аттуу апабызды алалы. Ден соолугу начар болгондуктан ал көп басканда чарчап калат. Анын Эскерүү кечесине байланышкан өнөктүккө катышсам дегенде эки көзү төрт эле. Ошол үчүн так-айкын максаттарды койгон. Өнөктүккө толук кандуу катышып максатына жеткенде, жетине албай сүйүнгөн. Аны көрүп башкалар да көп кызмат кылганга бел байлап калышкан. Ырас, жагдай-шартынан улам тушалып калса да, колунан келишинче кызмат кылып жаткан ушундай ата-апаларыбызды Жахаба жогору баалайт! (Заб. 71:17, 18)

19. Алдыбызга кандай рухий максаттарды койсок болот?

19 Жете ала турган максаттарды койгула. Жахабага жаккан сапаттарды мындан ары да өрчүтө бергиле. Кудайдын да, анын уюмунун да керегине жараганга жардам берген шык-жөндөмүңөрдү арттыра бергиле. Башкаларга көбүрөөк жардам бергендин жолун издей бергиле. * Ошентсеңер, Тиметейдикиндей болуп, ийгиликтериңер «баарына айкын болот» (1 Тим. 4:15).

38-ЫР: Кудай сени күчтүү кылат

^ 5-абз. Тиметей жакшы кабар тараткан мыкты жарчы болгон. Ошентсе да элчи Пабыл аны андан ары да рухий жактан ийгилик кыла бергенге үндөгөн. Пабылдын кеңешине кулак кагып, Тиметей Жахабанын да, ишенимдештеринин да керегине жарай алган. Силер да, Тиметейдей болуп, ошенткиңер келеби? Буга шек жок. Анда ошондой кылганга кандай максаттар жардам берет? Рухий максаттарды коюп, аларга жетиш үчүн эмне кылышыңар керек?

^ 1-абз. ТҮШҮНДҮРМӨ: Рухий максаттар өз ичине Жахабага көбүрөөк кызмат кылып, аны кубантыш үчүн кылган колдон келген иштердин баарын камтыйт.

^ 16-абз. «Жарчылар көбүрөөк керек жерде кызмат кылуу» деген макаланы карагыла («Жахабанын эркин аткаруу үчүн уюшулганбыз», 10-бөл., 6—9-абз.)

^ 19-абз. «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» китебинин «Ийгилик кыла бер!» деген 60-бөлүмүн карагыла.

^ 63-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Падышалык залын тейлегенди үйрөнүп жаткан ишенимдештерибиз. Алар үйрөнгөндөрүн дароо колдонуп жатышат.

^ 65-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Үйүнөн чыга албаган апа телефон менен кабар айтып, башкаларды Эскерүү кечесине чакырып жатат.