Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Ыйык Китепте ант берүү жөнүндө эмне делет?

Ант бул «сөзгө турам деп эл алдында расмий, салтанаттуу түрдө убада берүүнү билдирет. Ант берген киши көп учурда Кудайды оозанып ант берет». Ал оозеки айтылышы же жазуу түрүндө болушу мүмкүн.

Иса: «Такыр ант бербе[гиле]... „Ооба“ деген сөзүңөр „ообаны“, „жок“ деген сөзүңөр „жокту“ билдирсин, мындан башканын баары кара өзгөйдөн»,— деп айткан (Мт. 5:33—37). Ошол себептен кээ бирлер ант берген туура эмес деп ойлошу ыктымал. Бирок Иса Мусанын мыйзамы боюнча кээде ант берүү талап кылынганын, Кудайдын ишенимдүү кызматчыларынын да ант берген учурлары болгонун жакшы билген (Башт. 14:22, 23; Чыг. 22:10, 11). Ага Жахабанын да ант бергени белгилүү болчу (Евр. 6:13—17). Демек, Иса эч качан ант бербешибиз керектигин айткысы келген эмес. Болгону, жөнү жок же ойлонбой эле ант бере бергенден сак болушубуз керектигин айткысы келген. Биз берген сөзүбүзгө ыйык милдеттей карашыбыз керек. Убада берсек, сөзсүз аткарышыбыз талап.

Анда эгер сенден ант беришиңди талап кылышса, эмне кылганың туура болот? Биринчиден, сөзүңө тура аларыңа көзүң жеткидей болсун. Көзүң жетпесе, ант бербей эле койгонуң жакшы болот. Себеби Кудайдын Сөзүндө: «Убада берип коюп, аткарбай койгондон көрө, убада бербей эле койгонуң жакшы»,— деген эскертүү жазылган (Нас. 5:5). Экинчиден, антка тиешелүү Ыйык Китептеги аяттарды карап чык. Анан тарбияланган абийириңе жараша чечим чыгар. Эмесе, антка байланыштуу айрым принциптерге токтололу.

Айрым анттар Кудайдын эркине туура келет. Мисалы, Жахабанын Күбөлөрү баш кошуп жатканда бири-бирине убада беришет. Мындай убада анттын бир түрүнө кирет. Болочок күйөө менен колукту Кудайдын жана көптөгөн күбөлөрдүн алдында: «Өмүрүбүз өткүчө, бири-бирибизди сүйүп, баалап-барктап, кадырлап-сыйлайбыз»,— деп сөз беришет. (Айрымдар баш кошуп жатканда так ушундай сөздөрдү айтпашы мүмкүн. Бирок алар да Кудайдын алдында ант берген болушат.) Ошондон кийин гана алар аял-күйөөсү болот. Бул алардын кармашкан колу эч качан үзүлбөшү керектигин билдирет (Башт. 2:24; 1 Кор. 7:39). Түгөйлөрдүн ушинтип убада бергени туура жана Кудайдын эркине шайкеш келет.

Кээ бир анттар Кудайдын эркине каршы келет. Исанын чыныгы жолдоочулары колуна курал алып: «Мекенимди коргойм же Кудайга болгон ишенимимден баш тартам»,— деген сыяктуу анттарды бербейт. Анткени бул Кудайдын осуяттарын бузгандыкка жатып калат. Алар «бул дүйнөгө таандык болбогондуктан» дүйнөдөгү талаш-тартыштарга, кагылышууларга, согуштарга аралашпайт (Жкн. 15:19; Ыш. 2:4; Жкп. 1:27).

Кээде ант берер-бербесибиз абийирибизге жараша болот. Айрым учурларда ант берерден мурун Исанын: «Падышага тиешелүүнү падышага, Кудайга тиешелүүнү Кудайга бергиле»,— деген кеңешине ылайык, баарын кылдат таразалап чыгышыбыз керек болот (Лк. 20:25).

Паспорт же жарандык алыш үчүн арыз толтурайын деп жаткан ишенимдешибизди мисалга алалы. Андан келишимдин шарттарын аткарыш үчүн ант берүү талап кылынышы мүмкүн. Эгер ант боюнча ал Кудайдын мыйзамына түздөн-түз каршы келе турган бир нерселерди кылышы керек болсо, Ыйык Китеп боюнча тарбияланган абийиринен улам ант берүүдөн баш тартат. Бирок өкмөттөгүлөр антта камтылган сөздөрдү анын абийирине туура келгидей кылып өзгөртүп бергенге макул болушу ыктымал.

Өзгөртүлгөндөн кийин ал ант Римдиктер 13:1де камтылган принципке ылайык келип калышы этимал. Ал жерде: «Ар бир адам жогорку бийликтерге баш ийсин»,— деп жазылган. Ошол себептен ишенимдешибиз Кудай талап кылганды эле кылып жатам деген бүтүмгө келип, ант бергени туура эле болорун чечиши мүмкүн.

Бир нерсени кармап алып же жаңсап ант бериш керек болгондо да абийирибизге жараша иш кылышыбыз зарыл. Байыркы Римдин тургундары жана сак эли кылычы менен ант беришчү. Ошентип убада берген киши сөзүнө турарына согуш кудайы күбө экенин көрсөткөн. Гректер болсо колун асманга көтөрүп алып ант беришчү. Ошону менен ар бир адамдын кандай сөз бергенин, кандай иштерди кылганын Кудай көрүп турарын жана анын алдында жооп берерин түшүнүп жатканын көрсөтүшкөн.

Албетте, биз Жахабага кызмат кылгандыктан жалган сыйынуу менен байланышы бар кайсы бир улуттук символду оозанып ант бербейбиз. Бирок сотто колуңду Ыйык Китептин үстүнө коюп, сөзүңдүн чындык экенин ырастап ант бер десе, эмне кылсаң болот? Ошентүүнү туура көрөттүрсүң. Себеби Ыйык Китепте бир нерсенин үстүнө колун коюп ант берген ишенимдүү адамдар жөнүндө айтылат (Башт. 24:2, 3, 9; 47:29—31). Бирок андайда чын сүйлөйм деп Кудайдын алдында ант берериңди унутпа. Кандай суроо берилбесин, болгонун болгондой айтып бергенге даяр бол.

Биз Жахаба менен болгон мамилебизди жогору баалайбыз. Ошондуктан кандай ант болбосун, адегенде тиленип, баарын кылдат талдап көргөнүбүз туура болот. Анын абийирибизге каршы келбей турганына же Ыйык Китептеги принциптер бузулбай турганына көзүбүз жеткидей болушу керек. Эгер ант берүүнү чечсең, сөзүңө бек тур (1 Пет. 2:12).