Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

15-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

«Сүйлөгөн сөзүң... менен үлгүсүңбү»?

«Сүйлөгөн сөзүң... менен үлгүсүңбү»?

«Ишенимдүүлөргө сүйлөгөн сөзүң... менен үлгү бол» (1 ТИМ. 4:12).

90-ЫР: Бири-бирибизди бекемдейли

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Сүйлөө жөндөмдүүлүгүбүздү ким берген?

 СҮЙЛӨӨ ЖӨНДӨМҮБҮЗ — мээримдүү Кудайыбыз бизге берген сонун белек. Адам ата жаратылгандан кийин эле асмандагы Атасы менен сүйлөшө баштаган. Ал жаңы сөздөрдү ойлоп таап, сөз байлыгын да көбөйтө берген. Ал ошол жөндөмүн колдонуп, Кудай тапшырган ишти аткара алган. Тагыраак айтканда, жаныбарларга ат коюп чыккан (Башт. 2:19). Ал эми эң биринчи жолу өзүнө окшош адам менен, ай-мүчөсү келишкен чырайлуу Обо эне менен, сүйлөшкөндө жүрөгү толкуп чыкса керек (Башт. 2:22, 23).

2. Байыркы учурдан бери адамдар сүйлөө жөндөмүн кантип колдонуп келатышат?

2 Көп өтпөй сүйлөө жөндөмдүүлүгү туура эмес колдонула баштаган. Мисалы, Шайтан Ибилис Обо энеге калп айткан. Ошонун айынан адамзат күнөөгө кул болуп, жеткилеңдиктен кол жууп калган (Башт. 3:1—4). Ал эми Адам ата өзүнүн күнөөсүн Обо энеге, жадагалса Жахабага оодарып, тилин туура эмес колдонгон (Башт. 3:12). Кабыл болсо Абылды өлтүргөндөн кийин Жахабага калп айткан (Башт. 4:9). Кийинчерээк Кабылдын тукумунан болгон Лемек замандаштарынын зомбулукка белчесинен батканы тууралуу ыр жазган (Башт. 4:23, 24). Бүгүнкү күндө жагдай кандай? Биз саясатчылардын элдин алдында аларды көзгө илбей сөгүнүп-сагынганын угуп калабыз. Ыпылас сөздөр камтылбаган тасманы да табыш кыйын. Окуучулар андай сөздөрдү мектептен, чоңдор болсо иштеген жеринен далай эле угушат. Тегерек-четибиздеги адамдардын оозго алгыс уят сөздөрдү сүйлөгөнү алардын абийир-ыймандан кетип баратканын көрсөтүп турат.

3. Эмнеден сак болушубуз керек жана бул макалада эмнени карап чыгабыз?

3 Сак болбосок, одоно, адепсиз сөздөр кулакка жатыгып, өзүбүз сүйлөп калышыбыз мүмкүн. Ооба, Исанын жолдоочусу катары биз Жахабага жакканды кылгыбыз келет. Бирок бул ыпылас сөздөрдөн качкандан да көптү билдирет. Биз Кудайыбыз берген баалуу белекти аны даңкташ үчүн колдонгубуз келет. Бул макалада ошонун үч жолун карап чыгабыз: 1) кызматта, 2) жыйналышта жана 3) башкалар менен пикирлешкенде. Бирок адегенде Жахаба сүйлөгөн сөзүбүзгө эмне үчүн терең маани берерин талкуулайлы.

ЖАХАБА СҮЙЛӨГӨН СӨЗҮБҮЗГӨ МААНИ БЕРЕТ

Сөзүңөрдөн жүрөгүңөрдө эмне бар экени кандайча айкын болот? (4, 5-абзацтарды карагыла) *

4. Малаки 3:16га ылайык, эмне үчүн Жахаба сүйлөгөн сөзүбүзгө маани берет?

4 Окугула: Малаки 3:16. Кандай деп ойлойсуң, эмне үчүн Жахаба андан коркуп, ысмын кастарлагандарды «эстелик китебине» жазат? Себеби сөздөрүбүздөн жүрөгүбүздө эмне бар экени көрүнөт. Буга байланыштуу Иса: «Адамдын жүрөгү эмнеге толсо, оозу ошону сүйлөйт»,— деген (Мт. 12:34). Ооба, сүйлөгөн сөзүбүздөн Жахабаны канчалык жакшы көрөрүбүз көрүнөт. Жахаба болсо аны жакшы көргөндөрдүн жаңы заманда түбөлүк жашашын каалайт.

5. а) Сүйлөгөн сөзүбүз сыйынуубуз менен кандай байланышта? б) Сүрөттөн көрүп турганыбыздай, эмнеден качышыбыз керек?

5 Жахабанын сыйынуубузду кабыл алар-албасы сүйлөгөн сөздөрүбүздөн көз каранды (Жкп. 1:26). Кудайды жакшы көрбөгөн адамдар заарын чачышат, ороңдошот жана кекирейе сүйлөшөт (2 Тим. 3:1—5). Биз албетте алардай болгубуз келбейт. Сүйлөгөн сөзүбүз Жахабага жагышын каалайбыз. Бирок жыйналышта, кызматта сылык, жумшак сүйлөп, үйдөгүлөрүбүздү болсо кагып-силкип, орой сүйлөгөнүбүз Жахабага жагабы? (1 Пет. 3:7).

6. Кимберлинин жакшы сөздөрдү сүйлөгөнүнүн натыйжасы кандай болгон?

6 Жалаң гана жакшы сөздөрдү сүйлөсөк, Жахабанын чыныгы кызматчысы экенибизди көрсөтөбүз. Ошонун аркасында тегерек-четибиздеги адамдар «Кудайга кызмат кылган адам менен кызмат кылбаган адамдын ортосундагы айырманы» көрө алышат (Мал. 3:18). Кимберли * деген ишенимдешибиз бул сөздөрдүн чындык экенине өз тажрыйбасынан ынанган. Мектепте окуп жүргөндө классташы экөөнө бир тапшырма берилип калган. Тапшырманы аткарып жатып, классташы Кимберлинин башка классташтарынан айырмаланып турарын байкаган. Анткени ал башкаларды артынан жамандачу эмес, дайыма жакшы жактарын айтчу жана ыпылас сөздөрдү сүйлөчү эмес. Ошон үчүн классташы кызыгып калып, Ыйык Китепти изилдегенге макул болгон. Адамдарды чындык жолуна тарта тургандай сүйлөсөк, Жахаба кандай гана сүйүнөт!

7. Кудай берген сүйлөө жөндөмүн кантип колдонгуң келет?

7 Баарыбыз тең Жахабаны даңктай турган жана бизди Кудайдын жолундагы бир туугандарыбызга жакындата турган сөздөрдү сүйлөгүбүз келет. Андыктан, келгиле, сөзүбүз менен үлгү болгонго жардам берген айрым кеңештерди карап чыгалы.

КЫЗМАТТА

Кызматта жылуу-жумшак сүйлөсөк, Жахаба кубанат (8, 9-абзацтарды карагыла)

8. Кызматта Исаны кантип туурасак болот?

8 Кыжырыңа тийишсе да, жылуу-жумшак, сылык сүйлө. Иса жерде кызмат кылып жүргөндө аны шарапкор, сугалак, Ибилистин кызматчысы, Ишембини бузган, жадагалса Кудайга акарат кылган киши деп жалаа жабышкан (Мт. 11:19; 26:65; Лк. 11:15; Жкн. 9:16). Ошондой болсо да Иса аларга теңелген эмес. Бизге орой мамиле кылгандарга Исадан үлгү алып өзүнө окшоп жооп бергенден качышыбыз керек (1 Пет. 2:21—23). Албетте, андайда өзүбүздү кармай билиш оңой эмес (Жкп. 3:2). Анда бул жагынан бизге эмне жардам берет?

9. Кызматта өзүбүздү кармай билгенге эмне жардам берет?

9 Үй-ээси зиркилдесе, ачууга алдырба. Сэм деген ишенимдешибиз: «Мен үй ээси чындыкты укканга муктаж экенине жана өзгөрө аларына көңүл топтогонго аракет кылам»,— дейт. Айрым учурда үй ээси ылайыксыз учурда барып калганыбыз үчүн эле кыжырданышы мүмкүн. Андайда Люсиа деген ишенимдешибиздей иш-аракет кылсак болот. Ошондой учурда ал Кудайдан кыскача тиленип, сабырдуу болгонго, ороңдобогонго, айтыша кетпегенге жардам сурайт.

10. 1 Тиметей 4:13тө жазылгандай, кандай максатыбыз болушу керек?

10 Чебер окутуучулардан боло бер. Дасыккан окутуучу болсо да, Тиметей ошол чеберчилигин арттыра бериши керек болчу. (Окугула: 1 Тиметей 4:13.) Канткенде биз да кызматта мыкты окуткандардан боло алабыз? Ан үчүн жакшы даярданышыбыз керек. Бактыга жараша, бизде жакшы окутканга жардам берген түрлүү куралдарыбыз бар. «Окууга жана үйрөтүүгө дилгир бол» деген китепчеден, ошондой эле «Ыйык кызматыбыз жана жашообуз окуу куралындагы» «Кабар айтуу чеберчилигиңди арттыр» деген бөлүктөн жакшы кеңештерди таба аласың. Сен бул куралдарды жакшы колдонуп жатасыңбы? Ооба, жакшы даярданганда гана көп сүрдөбөй ишенимдүү сүйлөйбүз.

11. Айрым ишенимдештерибиз кантип жакшы окутуучу боло алышкан?

11 Жыйналышыбыздагы башка ишенимдештерибизди байкап, алардан үйрөнсөк да жакшы окутуучулардан боло алабыз. Буга чейин айтылган Сэм башкалардын кандай ыкмаларды колдонуп жатканы жөнүндө ойлонот. Анан ошол ыкмаларды изилдеп-билип, колдонгонго аракет кылат. Талия деген ишенимдешибиз болсо кызматта көп берилген суроолорго кантип жооп берсе болорун үйрөнгөн. Ан үчүн ал кыйын баяндамачылардын теманы кантип ачып берип жатканына дайыма көңүл бурчу.

ЖЫЙНАЛЫШТА

Жыйналышта бүт ыкласыбыз менен ырдасак, Жахабаны даңктайбыз (12, 13-абзацтарды карагыла)

12. Айрымдарга эмне кыйынга турат?

12 Ыр ырдап, жакшы даярдалган жоопторду берип, ар бирибиз жыйналыштын жакшы өтүшүнө салып кошо алабыз (Заб. 22:22). Айрымдар элдин көзүнчө ырдагандан, жооп бергенден тартынышат. Сен дагы ошентесиңби? Анда башкаларга жыйналыштан жооп бергенге, ырдаганга эмне жардам бергенин карап көрөлү. Бул сага кызыктуу болору шексиз.

13. Жыйналыштан жан-дилден ырдаганга эмне жардам берет?

13 Жан-дилиң менен ырда. Падышалык ырларын ырдаганда Жахабаны даңктаганыбыз баарынан маанилүү экенин эсиңден чыгарба. Сара деген ишенимдешибиз өзүн ырга жокмун деп эсептейт. Ошентсе да ырдап Жахабаны даңктагысы келет. Ошондуктан жыйналыштын башка бөлүктөрүнө атайын даярдангандай эле, ырга да даярданат. Ал ырдап көнүгүп, ырдын сөзү жыйналышта талкуулана турган ойлор менен кандай байланышта экенин аныктаганга аракет кылат. Ал: «Бул мага көңүлүмдү кантип ырдаганыма эмес, ырдын сөздөрүнө топтогонго жардам берет»,— дейт.

14. Тартынчаак болсоң, жыйналыштан жооп бергенге эмне жардам берет?

14 Дайыма жооп бер. Анткен менен бул айрымдарга кыйынга турат. Буга чейин айтылган Талия мындай дейт: «Үнүмөн билинбесе да, элдин сүрүнөн аябай корком. Ошон үчүн жооп бергенден корко берем». Ошентсе да Талия жооп бербей койбойт. Ал жыйналышка даярданып жатканда биринчи жооп кыска-нуска, суроого так жооп бериши керектигин эсинен чыгарбайт. Ал мындай дейт: «Мейли жообум кыска, жөнөкөй болсун, негизги эле ойду камтысын. Бирок жолугушууну алпарып жаткан бир тууганыбыз бизден так ошону күтөт да».

15. Берген жоопторубузга байланыштуу эмнени унутпашыбыз керек?

15 Тартынчаак болбосо деле кээде жооп бербей койгон ишенимдештерибиз да бар. Эмне үчүн? Жулиет деген ишенимдешибиз: «Кээде жообум анча жакшы эмес, өтө эле жөнөкөй деп ойлогондуктан жооп бербей коем»,— дейт. Ошентсе да Жахаба талкууга алыбыздын жетишинче катышышыбызды күтөрүн унутпа *. Ал биздин корксок да, толкундансак да жыйналыштан аны даңктаганга жумшаган аракетибизди абдан баалайт.

ПИКИРЛЕШКЕНДЕ

16. Кандай сөздөрдү айткандан качышыбыз керек?

16 Кемсинтерлик сөздөрдүн бардык түрүнөн кач (Эф. 4:31). Буга чейин айтылгандай, Кудайдын кызматчылары бир да адепсиз сөздү оозуна албашы керек. Бирок кемсинткендикке жаткан башка да билинер-билинбес сөздөр бар. Ошолордон да сак болушубуз керек. Мисалы, кайсы бир маданиятты, улутту же урууну башкасына салыштырып жамандагандан качышыбыз керек. Ошондой эле чымчып сүйлөп бирөөнүн кадырын тебелегенибиз да туура эмес болуп калар эле. Бир ишенимдешибиз мындай дейт: «Кээде чымчып сүйлөп, какшыктап коймой жайым бар болчу. „Бул эми тамаша да, эч ким деле таарынбайт” деп ойлочумун. Бирок, көрсө, адамдын көңүлүн оорута берчү экенмин. Көп жылдардан кийин гана ошол жаман жоругумду таштай алдым. Буга аялым аябай жардам берди. Ал эч ким жокто айрым сөздөрүмдүн өзүнө жана башкаларга катуу тиерин көп айтчу».

17. Эфестиктер 4:29га ылайык, канткенде башкаларга дем-күч бере алабыз? 

17 Дем-шык бергидей сүйлө. Башкаларды сындап же нааразы болуп кирбей, мактаганга ашыгып тур. (Окугула: Эфестиктер 4:29.) Ысрайылдыктарда ыраазы болгонго көптөгөн себептер болсо да, наалып-напчый беришкен. «Сыныктан башкасынын баары жугуштуу» демекчи, нааразы боло бергенибиз башкаларга да жугат. Кайратты качырган сөздөрдү айткан он чалгынчы жөнүндөгү окуяны эстесең. Аларды укканда «Ысрайыл уулдарынын баары Муса[га]... наалый баштаган» (Сан. 13:31—14:4). Ал эми башкаларды мактап турсак, кубаныч тартуулап, канат байлатабыз. Иптахтын кызы курбу кыздарынан дайыма жылуу сөз угуп тургандыктан ыйык чатырдагы кызматын улантканга күчтөнүп калчу (Бий. 11:40). Жанараак сөз кылынган Сара: «Эгер мактап турсак, ишенимдештерибиз Жахабанын жана ишенимдештеринин аларды жакшы көрөрүн сезишет»,— дейт. Андыктан мүмкүнчүлүк болгон сайын ишенимдештериңди мактаганга аракет кыл.

18. Забур 15:1, 2ге ылайык, эмне үчүн калп айтпашыбыз керек жана бул өз ичине эмнени камтыйт?

18 Калп айтпа. Эгер жалган сүйлөсөк, Жахабага жага албайбыз. Ал калптын бардык түрүн жек көрөт (Накыл 6:16, 17). Бүгүнкү күндө адамдардын бири-бирин алдаганы көндүм адатка айланган. Бирок биз Жахабанын көз карашына карманабыз. (Окугула: Забур 15:1, 2.) Албетте, биз ачык эле калп айтпайбыз. Бирок маалыматты атайлап башкалар туура эмес жыйынтыкка келгидей кылып берип коюшубуз мүмкүн. Мына, ушундан качышыбыз керек.

Сөздү туура нукка бурсак, Жахабага жагабыз (19-абзацты карагыла)

19. Дагы эмнеден сак болушубуз керек? 

19 Ушак таратпа (Накыл 25:23; 2 Тес. 3:11). Жогоруда айтылган Жулиет ушак айткандар жөнүндө мындай дейт: «Ушак укканда аябай жаман болом, ошону айткан кишиге да ишенбей калам. Ал бирөөнү ушактап жатса, анда мени да ушактайт болуш керек». Эгер сөз ушакка айланып баратса, анда шак эле башка нукка бур (Кол. 4:6).

20. Кандай сөздөрдү сүйлөгөнгө чечкиндүүсүң?

20 Азыр адамдардын оозунан деле жакшы сөз чыкпай калды. Ушундай заманда жашап жаткан соң Жахабага жаккандай сүйлөш үчүн бүт күчүбүздү жумшашыбыз керек. Сүйлөй алганыбыз — Жахабанын белеги. Ошондуктан ошол белекти кантип колдонуп жатканыбызга Жахаба кайдыгер карабай турганын унутпайлы. Кызматта, жыйналышта жана күнүмдүк турмушубузда башкалар менен пикирлешкенде аны даңктагыдай сөздөрдү сүйлөсөк, ал аракетибизге батасын берет (Жүй. 15). Жакында ыймандан тайган бул дүйнө жок кылынат. Ошондо Жахабаны сөзүбүз менен даңктаган азыркыдай кыйынга турбай калат. Андыктан, келгиле, ошол күн келгиче Жахабага жаккан сөздөрдү сүйлөгөнгө бел байлайлы! (Заб. 19:14).

121-ЫР: Өзүбүздү кармай билели

^ 5-абз. Жахаба бизге эң сонун белек, сүйлөө жөндөмүн, берген. Бирок аны көп адамдар Жахаба каалагандай колдонбойт. Себеби адамдардан ыйман кетип жатат. Анда Жахабага жаккандай, башкаларды кубаттап-бекемдей алгыдай сүйлөгөнгө эмне жардам берет? Канткенде кызматта, жыйналышта жана башкалар менен сүйлөшкөндө Жахабаны сүйүнткөндөй сүйлөшө алабыз? Бул макалада ушул суроолорго жооп алабыз.

^ 6-абз. Айрым ысымдар өзгөртүлдү.

^ 15-абз. Жооп берүү жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн «Жыйналышта Жахабаны даңктап-макта» деген макаланы карагыла («Күзөт мунарасы», 2019-ж., янв.).

^ 61-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Ачууланып жаткан үй ээсине орой жооп берип жаткан ишенимдешибиз; ырдагандан тартынып жаткан инибиз; ушак таратып жаткан ишенимдешибиз.