Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

16-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Жахабага өзүңдүн колуңдан келгенди берип, ошондон рахат ал

Жахабага өзүңдүн колуңдан келгенди берип, ошондон рахат ал

«Ар ким өзүнүн иштерин текшерсин» (ГАЛ. 6:4).

37-ЫР: Жахабага жан-дилден кызмат кылам

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Канткенде кубанычка бөлөнөбүз?

 ЖАХАБА биздин бактылуу болушубузду каалайт. Эмне үчүн антип айта алабыз? Анткени кубаныч — анын ыйык рухунун жемишине кирген сапаттардын бири (Гал. 5:22). «Алганга караганда берген бактылуу» дегендей, биз кызматка толук катышканда гана жана ишенимдештерибизге ар кандай жолдор менен жардам бергенде гана кубанычка бөлөнөбүз (Элч. 20:35).

2, 3. а) Галатиялыктар 6:4төгү кайсы эки кеңеш Жахабага кубанып кызмат кылганга жардам берет? б) Бул макаладан эмнени билебиз?

2 Галатиялыктар 6:4тө элчи Пабыл кубанычыбызды сактаганга жардам берген эки нерсени айтып өткөн. (Аятты окугула.) Биринчиден, биз Жахабага өзүбүздүн колубуздан келгенди бергенге умтулушубуз керек. Эгер ошентип жатсак, анда буга кубансак болот (Мт. 22:36—38). Экинчиден, өзүбүздү башкалар менен салыштырбашыбыз керек. Ден соолугубуз, үйрөнгөн нерселерибиз жана шык-жөндөмүбүз канча кызмат кылганга жол берсе, ошол үчүн Жахабага ыраазы болгонубуз жакшы. Анткени бизде болгон нерселердин баарын Жахабадан алганбыз. Ал эми башкалар кызматтын кайсы бир түрүн бизден мыктыраак аткарса, кубанычы менен тең бөлүшүшүбүз керек. Себеби алар шык-жөндөмүн өзүн көрсөтүш үчүн же жеке кызыкчылыгын көздөш үчүн эмес, Жахабаны даңкташ үчүн колдонуп жатышат. Ошол себептен атаандашпай, алардан бир нерсеге үйрөнгөнүбүз жакшы.

3 Бул макалада өзүбүз каалагандай кызмат кыла албай жатсак да, көңүлүбүздү чөгөрбөгөнгө эмне жардам берерин карап чыгабыз. Ошондой эле жөндөмдүүлүктөрүбүздү канткенде жакшы колдоно аларыбызды жана башкалардан эмнени үйрөнсөк болорун билебиз.

ОЙДОГУДАЙ КЫЗМАТ КЫЛА АЛБАЙ ЖАТКАНДА

Канча жашта болбойлу, эң жакшысын бере берсек, Жахаба кубанат (4—6-абзацтарды карагыла) *

4. Эмнеден улам көңүлүбүз чөгүшү мүмкүн? Мисал келтиргиле.

4 Жаш-курактын же начар ден соолуктун айынан ойдогудай кызмат кыла албай жатканына Жахабанын айрым кызматчылары кыжалат болушат. Бул Кэролдун да башынан өткөн. Бир убакта ал жарчылар аябай керек болгон жерде кызмат кылган. Ошол кезде 35 киши менен изилдеп, айрымдарына өмүрүн Жахабага арнап, чөмүлгөнгө жардам берген. Ооба, Кэрол кезинде Жахабага көптү бере алган. Бирок убакыттын өтүшү менен катуу ооруп калып үйүнөн көп чыга албай калган. «Башкалардай көп кыла албай жатканыма оорум себеп болуп жатканын түшүнүп эле турам, бирок алардай берилген кызматчы эмесмин деген ойлор кете берет. Каалаган нерселерим менен мүмкүнчүлүктөрүм төп келбей жатканына көп капа болом»,— дейт Кэрол. Ал Жахаба үчүн колунан келгендин баарын кылгысы келет. Бул аябай жакшы. Боорукер Кудайыбыз Кэролдун так ошол ынтызарлыгын баалаарынан эч шектенбесек болот.

5. а) Эгер жагдай-шартыбыздан улам көптү кыла албай жатсак, эмнени эсибизден чыгарбашыбыз керек? б) Сүрөттө көрсөтүлгөндөй, атабыз жаш кезинен бери Жахабага эң жакшысын кантип тынбай берип келатат?

5 Жагдай-шартыңан улам көңүлүң чөгүп жатса: «Жахаба менден эмнени талап кылат?» — деп ойлонуп көр. Жахаба сенден азыр колуңдан эмне келсе, ошону эле беришиңди күтөт. Төмөнкү жагдай жөнүндө ойлонуп көрсөң. 80 жаштагы апа 40 жашындагыдай кызмат кыла албагандыгы үчүн көңүлү чөгөт. Алынын жетишинче кызмат кылып жатса да ал: «Жахаба мага ыраазы эмес»,— деп ойлойт. Бирок чынында эле ошондойбу? Бул жөнүндө ойлонуп көрсөң: эгер ал 80 жаштарында 40 жаштарындагыдай эле эң жакшысын берип жатса, демек, ошол калыбынан эч качан жазган эмес. Эгер канча кылсак да: «Жахабага жагыш үчүн бул аздык кылат»,— деген ой кетип жатса, бир нерсени эсиңден чыгарба: Жахабага эмне жагарын биз эмес, ал өзү чечет. Эгер колубуздан келгендин баарын кыла берсек, Жахаба: «Жарайсың!» — деп айткандай болот (Мт. 25:20—23).

6. Мариядан эмнени үйрөнө алабыз?

6 Эгер кыла албай турган нерсеге эмес, кыла ала турган нерсеге көңүлүбүздү топтосок, кубанычыбыз кемибейт. Мария аттуу ишенимдешибизди мисалга алалы. Оорунун азабын тарткандыктан ал көп кызмат кыла албайт. Башында кайгыга малынып, өзүн эч нерсеге жарабаган бирөөдөй сезген. Бирок жыйналышындагы төшөктөн тура албаган бир эже жөнүндө ойлонуп, жардам берейин деген. Ал мындай дейт: «Экөөбүз телефон чалып, кат жазып кабар айтып туралы деп сүйлөшүп алдык. Аны менен кызматташкан сайын, ага жардам бере алганыма кудуңдап сүйүнүп үйүмө кайтчумун». Биз да колубуздан келбеген нерселерди эмес, келе турган нерселерди көбүрөөк ойлосок, кубанычыбызды арттыра алабыз. Бирок көп кылганга чындап эле мүмкүнчүлүгүбүз болуп турсачы же кызматтын кайсы бир түрүн мыкты аткарсакчы?

БАР ЖӨНДӨМҮҢДҮ КОЛДОН!

7. Элчи Петир ишенимдештерине кандай кеңеш берген?

7 Кудайдын рухунун жетеги менен жазган биринчи катында элчи Петир ишенимдештерин бар шык-жөндөмүн бири-бирине дем-шык бериш үчүн колдонгонго үндөгөн. Ал: «Кудайдын ар кандай жолдор менен көрсөтүлгөн ырайымынын жакшы башкаруучулары катары баарыңар Андан алган жөндөмүңөргө жараша бири-бириңерге кызмат кылгыла»,— деп жазган (1 Пет. 4:10). Демек, башкалар көз артат же көңүлү чөгүп калат деп ойлоп шык-жөндөмүңдү толук колдонбой койбо. Эгер ошенте турган болсок, анда Жахабага эң жакшысын бербей койгон болмокпуз.

8. 1 Корунттуктар 4:6, 7ге ылайык, жөндөмдүү болгонубузга эмне үчүн мактанбашыбыз керек?

8 Албетте, шык-жөндөмүбүздү толук колдонушубуз керек. Бирок аларды айтып мактангандан сак болгонубуз жакшы. (Окугула: 1 Корунттуктар 4:6, 7.) Мисалы, сен изилдөө баштаган жагынан жакшыдырсың. Анда ал жөндөмүңдү аянбай колдонушуң керек. Ошенткениң жакшы, бирок мактанганың туура эмес болуп калат. Мындай жагдайды мисалга алалы: жакынкы арада эле бирөөгө кабар айтып, изилдөө баштап калдың. Анан кубанычың койнуңа батпай кабар айтуу тобуңдагылар менен бөлүшкүң келет. Бирок алар менен көрүшкөндө, башка жарчы бирөөгө журнал бергенин айтып берип калат. Ал журнал берди, сен болсо изилдөө баштадың. Ошондо эмне кылат элең? Албетте, кызматта болгон окуяны айтып берсең, тобуңдагылар сени менен чогуу кубанат дечи. Бирок журнал берген жарчынын шагы сынып калбашы үчүн, балким, башка учурда айтып берүүнү туура көрөттүрсүң. Бул боорукердикке жатат. Бирок ошону менен эле изилдөө тапканга аракет кылбай койбо. Бар жөндөмүңдү андан ары да колдоно бер!

9. Шык-жөндөмүбүздү эмнеге жумшашыбыз керек?

9 Бизде болгон шык-жөндөмдүн баары Кудайдын белеги экенин унутпайлы. Биз аларды элдин көзүнө көрүнүш үчүн эмес, жыйналыштагыларды кубатташ үчүн колдонушубуз керек (Флп. 2:3). Эгер күч-кубатыбызды, шык-жөндөмүбүздү Кудайдын эркин аткарганга жумшасак, чындап кубанабыз. Анткени башкалардан ашып түшүш үчүн эмес же кыйыныраак көрүнүш үчүн эмес, Жахабаны даңкташ үчүн колдонгон болобуз.

10. Эмне үчүн өзүбүздү башкаларга салыштырганыбыз туура эмес болуп калат?

10 Эгер сак болбосок, өзүбүздүн күчтүү жактарыбызды башкалардын алсыз жактары менен салыштыра башташыбыз мүмкүн. Маселен, бир ишенимдешибиз баяндама айткан жагынан кыйын деп коелу. Бул анын күчтүү жагы. Бирок баяндаманы анча жакшы айта албаган ишенимдешин көрүп ичинен кыйынсынышы мүмкүн. Чынында, так ошол ишенимдеши меймандос болуу, балдарын жакшы тарбиялоо же кызматка жигердүү катышуу жагынан мыктыдыр. Өзүнүн шык-жөндөмүн Жахабанын кызматына, ишенимдештерине арнап жаткан ушунчалык көп таланттуу боордошторубуз бар экенине кандай гана ыраазыбыз!

БАШКАЛАРДАН ҮЙРӨНГҮЛӨ

11. Эмне үчүн Исадан үлгү ала беришибиз керек?

11 Албетте, өзүбүздү башкаларга салыштырбашыбыз керек деп эле ишенимдүү кызмат кылган бир туугандарыбыздан үлгү албай койбошубуз керек. Иса жөнүндө ойлонуп көрсөк болот. Ал жеткилең болсо да, андан үлгү алып жакшы сапаттарын чагылдырып, иштерин туурай алабыз (1 Пет. 2:21). Демек, Исанын изи менен мүмкүн болушунча тагыраак жүргөнгө аракет кыла берсек, барган сайын Жахабага жаккан сапаттарды өрчүтүп, кызматыбызды улам жакшыраак аткара беребиз.

12, 13. Дөөтү падышадан эмнени үйрөнө алабыз?

12 Кудайдын Сөзүндө кемчилик-каталарына карабай бизге мыкты үлгү боло ала турган ишенимдүү эркек-аялдар жөнүндө айтылат (Евр. 6:12). Дөөтү падыша жөнүндө ойлонуп көрсөк. Жахаба аны «жүрөгүмө жаккан адам» же, Ыйык Китептин башка котормосунда айтылгандай, «жанымдай жакшы көргөн адам» деп атаган (Элч 13:22). Бирок Дөөтү күнөөкөр пенде болчу. Анын катуу жаңылып-жазган учурлары болгон. Ошентсе да ал — биз үчүн жакшы үлгү. Эмне үчүн? Анткени ага кеңеш берилгенде, өзүн актаган эмес. Анын ордуна, бети ачылганда күнөөсүн мойнуна алып, чын жүрөктөн өкүнгөн. Ошондуктан Жахаба аны кечирген (Заб. 51:3, 4, 10—12).

13 Дөөтүдөн эмнени үйрөнө алабыз? Мындай деп ойлонуп көр: «Кеңеш берилгенде эмне кылам? Каталарымды шак эле мойнума аламбы же актанып киремби? Күнөөнү башкаларга оодара салбаймбы? Туура эмес иштеримди кайталабаганга аракет кыламбы?» Ыйык Китептен башка ишенимдүү инсандар жөнүндө окуганда да так эле ошентип ойлонуп көрсөң болот. Сен туш болуп жаткан кыйынчылыктарды алар да башынан кечиргенби? Алар кандай жакшы сапаттарды чагылдырышкан? Ар бири жөнүндө окуганда: «Канткенде Кудайга берилген ушул кишидей боло алам?» — деп ойлонуп көр.

14. Башкаларга байкоо салуу эмне үчүн маанилүү?

14 Жаш болобу, карыбы, ишенимдештерибизден да көптү үйрөнө алабыз. Маселен, тегерегиндегилердин кысымына, үйүндөгүлөрүнүн каршылыгына же ден соолугуна карабай багынбай кызмат кылып келаткан бирөө жөнүндө ойлонуп көр. Туурагың келген кандай жакшы сапаты бар? Үлгүсү жөнүндө ойлонсоң, кыйынчылыктарга туруштук бергенди үйрөнө аласың. Ушундай ишеними күчтүү, биз үлгү тута алган боордошторубуздун бар экени кандай жакшы! Буга кадимкидей кубанабыз (Евр. 13:7; Жкп. 1:2, 3).

ЖАХАБАГА КУБАНЫП КЫЗМАТ КЫЛ

15. Пабыл кандай кеңеш берген?

15 Жыйналышта тынчтык, биримдик өкүм сүрүшү үчүн ар бирибиз өзүбүздүн колубуздан келгендин баарын кылышыбыз керек. Исанын биринчи кылымдагы жолдоочуларын мисалга алалы. Алардын шык-жөндөмү, аткарган иши ар түрдүү болгон (1 Кор. 12:4, 7—11). Ошентсе да алар бири-бири менен атаандашкан эмес, бөлүнүп-жарылган да эмес. Пабыл алардын ар бирин «Машаяктын денесин бекемдеш үчүн» өз салымын кошконго үндөгөн. Пабыл Эфестиктерге: «Мүчөлөрдүн ар бири туура иштегенде, дененин өсүшүнө, сүйүү менен бекемделишине өбөлгө түзөт»,— деп жазган (Эф. 4:1—3, 11, 12, 16). Ушул кеңешке кулак каккандар жыйналышта тынчтыктын, биримдиктин гүлдөп-өсүшүнө шарт түзүшкөн. Бүгүнкү күндө да жыйналыштардан так ушуну көрүүгө болот.

16. Эмне кылганга бүт күчүбүздү жумшашыбыз керек? (Еврейлер 6:10)

16 Өзүңдү башкаларга салыштырбаганга бүт күчүңдү жумша. Анын ордуна, Исадан үйрөнүп, анын сапаттарын чагылдырганга аракет кыл. Байыркы убактагы жана биздин күндөрдөгү ишеними темирдей бекем адамдардай болгонго умтул. Эгер колуңан келгендин баарын кыла берсең, бир нерсеге толук ишенсең болот: Жахаба эмгегиңди эч качан унутпайт, анткени ал адилетсиз Кудай эмес. (Окугула: Еврейлер 6:10.) Мындан ары да Жахабага кубанып кызмат кыла бер, анткени Жахаба ага жагыш үчүн жан-дилден аракет кылып жатканыңды жогору баалайт.

65-ЫР: Алгалай бер!

^ 5-абз. Башкаларды карап, алардан үйрөнгөндүн жакшы жактары бар. Бирок өзүбүздү аларга салыштыргандан качышыбыз керек. Бул макала бизге Жахабага кубанып кызмат кылганга, ошондой эле өзүбүздү башкаларга салыштырып текеберденип кетпегенге же көңүлүбүздү чөгөрбөгөнгө жардам берет.

^ 49-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Ишенимдешибиз жаш кезинде Бейтелде кызмат кылган. Анан үйлөнүп, аялы менен пионер болуп кызмат кылган. Балалуу болгондо аларга да кабар айтканды үйрөткөн. Эми жашы өр тартып калды. Бирок азыр деле колунан келгендин баарын кылып кат жазып жатат.