Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

25-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Кечиримдүү болгондорго Жахаба батасын берет

Кечиримдүү болгондорго Жахаба батасын берет

«Жахаба силерди айкөлдүк менен кечиргендей, силер да айкөлдүк менен кечиргиле» (КОЛ. 3:13).

130-ЫР: Кечиримдүү бололу

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Жахаба өкүнгөн күнөөкөрлөргө кандай сөздөрдү айткан?

 ЖАХАБА Жаратканыбыз, Мыйзам чыгаруучубуз, Сотубуз болгондон тышкары, асмандагы мээримдүү Атабыз (Заб. 100:3; Ыш. 33:22). Ошол себептен күнөө кетирип, бирок чын жүрөктөн өкүнсөк, кечирип эле койбойт, кечиргиси да келет (Заб. 86:5). Ал Ышая пайгамбарга: «Күнөөлөрүңөр ачык кызыл болсо, кардай агартылат»,— деген дем-күч берерлик сөздөрдү жаздырткан (Ыш. 1:18).

2. Башкалар менен жакшы мамиледе болгубуз келсе, эмне кылышыбыз керек?

2 Күнөөкөр пенде болгондуктан ойлонбой сүйлөп же ойлонбой иш кылып бирөөлөрдүн көңүлүн оорутуп алабыз (Жкп. 3:2). Бирок бул алар менен ынак мамиледе боло албайбыз дегенди билдирбейт. Ынак мамиледе боло алабыз. Болгону кечиримдүү болушубуз керек (Накыл 17:9; 19:11; Мт. 18:21, 22). Биздин бири-бирибиздин көңүлүбүздү анча-мынча ооруткан учурларыбыз көп болот. Андайда Жахаба бири-бирибизди кечиришибизди каалайт (Кол. 3:13). Буга орчундуу себеп бар: Жахаба бизди «айкөлдүк менен кечирип» келатат (Ыш. 55:7).

3. Бул макалада эмнелерди карап чыгабыз?

3 Бул макалада күнөөкөр пенделер канткенде Жахабадай кечиримдүү боло аларын билебиз. Ошондой эле мындай суроолорго жооп алабыз: Кайсы күнөөлөрдү аксакалдарга билдиришибиз керек? Эмне үчүн Жахаба кечиримдүү болгонго үндөйт? Башкалардын күнөөсүнүн айынан катуу запкы жеп калган ишенимдештерибизден эмнени үйрөнө алабыз?

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫСЫ ОЛУТТУУ КҮНӨӨ КЕТИРИП АЛГАНДА

4. а) Кудайдын кызматчысы олуттуу күнөө кетирип алганда эмне кылышы керек? б) Аксакалдардын кандай милдети бар?

4 Кимдир бирөө олуттуу күнөө кетирсе, муну сөзсүз аксакалдарга билдириш керек. Кандай күнөөлөр олуттуу күнөөгө жатарын 1 Корунттуктар 6:9, 10дон биле алабыз. Олуттуу күнөө кылгандар Кудайдын мыйзамын тебелеп-тепсешет. Эгер Кудайдын кызматчысы ошондой күнөө кетирсе, Жахаба Кудайга кайрылып тилениши керек. Ошондой эле жыйналыштын аксакалдарына барышы керек (Заб. 32:5; Жкп. 5:14). Бул маселеде аксакалдардын кандай милдети бар? Күнөөлөрдү толугу менен кечиргенге бир гана Жахаба акылуу *. Ал муну куткаруу курмандыгынын негизинде кылат. Ошентсе да Жахаба аксакалдарга Ыйык Жазмага таянып күнөөкөрдүн жыйналышта калар-калбасын чечкенге укук берген (1 Кор. 5:12). Алар мындай суроолор жөнүндө ойлонуп көрүшү керек: «Ал атайлап күнөө кылдыбы? Алдын ала ойлонуштуруп кылдыбы? Күнөөсүн канча убакыттан бери кылып келе жатат? Баарынан маанилүүсү, чын жүрөктөн өкүнүп жатканы байкалып жатабы? Жахабанын кечиргендигинен кабар берген кандайдыр бир белгилер барбы?» (Элч. 3:19).

5. Аксакалдардын кылган кызматынын кандай пайдасы бар?

5 Аксакалдар күнөө кылган киши менен жолукканда асманда кандай чечим чыгарылган болсо, ошондой чечим чыгарганга умтулушу керек (Мт. 18:18). Мунун жыйналышка кандай пайдасы бар? Ошонун аркасында Жахабанын баалуу койлоруна зыян келтирип коюшу мүмкүн болгон киши алардын арасынан чыгарылып, жыйналыш корголот (1 Кор. 5:6, 7, 11—13; Тит 3:10, 11). Анын өзүнө болсо өкүнүп, кайрадан Жахабанын ырайымына ээ болгонго жардам берет (Лк. 5:32). Аксакалдар күнөөсүнө өкүнгөн киши үчүн тиленип, Жахабадан аны менен болгон мамилесин калыбына келтиргенге жардам беришин суранышат (Жкп. 5:15).

6. Күнөө кылган киши жыйналыштан чыгарылса да Жахаба аны кечиреби? Түшүндүргүлө.

6 Аксакалдар күнөө кылган киши менен жолукканда ал өкүнбөй койсочу? Андайда ал жыйналыштан чыгарылат. Эгерде өлкөнүн мыйзамын бузган болсо, аксакалдар аны кылган ишинин кесепетинен калкалабайт. Анткени Жахаба бийликтегилерге ар бир адамды күнөөсү үчүн өкүнгөнбү, жокпу, соттоп, жазалаганга укук берген (Рим. 13:4). Эгер ал убакыттын өтүшү менен акылына келип, чын жүрөктөн өкүнүп, ой жүгүртүүсүн өзгөртсө, Жахаба аны чын жүрөктөн кечирет (Лк. 15:17—24). Атүгүл аябай олуттуу күнөө кылса да кечирет (2 Жылн. 33:9, 12, 13; 1 Тим. 1:15).

7. Бизге каршы күнөө кылган кишини кечирүү деген эмнени билдирет?

7 Күнөөкөрдү кечириш керекпи, жокпу, биз эмес, Жахаба чечкени кандай гана жакшы. Бирок биз чече ала турган бир нерсе бар. Ал эмне? Айрым учурларда кимдир бирөө көңүлүбүздү оорутуп коюшу, атүгүл бизге каршы олуттуу күнөө кылышы мүмкүн. Анан келип кечирим сурашы мүмкүн. Бирок сурабашы да мүмкүн. Кандай болбосун, биз аны кечире алабыз. Тагыраак айтканда, таарынычтан, ачуудан арыла алабыз. Чынын айтканда, буга күч, убакыт керек. Айрыкча бул ал биздин көңүлүбүздү катуу оорутканда кыйынга турат. «Күзөт мунарасынын» (ор.) 1994-жылдын 15-сентябрдагы санында мындай делген: «Күнөө кылган кишинин күнөөсүн кечиргениң, анын күнөөсүнө көз жумганыңды билдирбейт. Кудайдын кызматчысы үчүн кечирүү деген бүт баарын Жахабанын колуна тапшырууну билдирет. Ал бүт ааламдын адилеттүү Соту жана өз учурунда калыс чечип берет». Эмне үчүн Жахаба бизди башкаларды кечиргенге жана баарын ага коюп, туура чечип берерине ишенгенге үндөйт?

ЖАХАБА ЭМНЕ ҮЧҮН КЕЧИРИМДҮҮ БОЛГОНГО ҮНДӨЙТ?

8. Кечиримдүү болсок, эмне үчүн Жахабанын ырайымына ыраазы экенибизди көрсөтө алабыз?

8 Кечиримдүү болсок, Жахабанын ырайымына ыраазы экенибизди көрсөтөбүз. Бир мисалында Иса Жахабаны кулунун көп карызын кечкен мырзага салыштырган. Ал кул карызын эч качан төлөй алмак эмес. Бирок ал кул өзүнө бир аз эле акча карыз болгон башка кулдан карызын доолап, кайрымдуулук кылбай койгон (Мт. 18:23—35). Муну менен Иса эмнени айткысы келген? Жахабанын чексиз ырайымдуулугун бааласак, башкаларды кечиргенге түрткү алабыз (Заб. 103:9). Көп жыл мурун чыккан «Күзөт мунарасында» бул тууралуу мындай делген: «Кудай Иса Машаяктын курмандыгы аркылуу бизге канча жолу ырайым кылып, канча жолу кечирип келет. Башкаларды канча жолу кечирбейли, Жахаба кечиргенчелик кечире албайбыз. Ага бул жагынан эч качан жетпейбиз».

9. Жахаба кимдерге кайрымдуулук көрсөтөт? (Матай 6:14, 15).

9 Кечиргендерди Кудай кечирет. Жахаба кайрымдууларга кайрымдуулук көрсөтөт (Мт. 5:7; Жкп. 2:13). Иса муну шакирттерине кантип тилениши керек экенин үйрөтүп жатканда баса белгилеген. (Окугула: Матай 6:14, 15.) Жахабанын Аюпка айткан сөздөрүнөн да кайрымдууларга кайрымдуулук көрсөтүлөрүн биле алабыз. Элипаз, Билдат, Сопарлар ар кандай жаман сөздөрдү айтып Кудайдын ал берилген кызматчысынын жүрөгүн жаралашкан. Жахаба Аюп пайгамбарга алар үчүн тилениши керек экенин айткан. Ошондон кийин гана Жахаба ага батасын берген (Аюп 42:8—10).

10. Кек сактоо эмне үчүн зыян? (Эфестиктер 4:31, 32)

10 Кек сактасак, өзүбүзгө эле жаман болот. Жахаба таарынычты сууга салып, оор жүктөн арылышыбызды каалайт. (Окугула: Эфестиктер 4:31, 32.) Ал ачуубузду тыйып, каарыбызды басканга үндөйт (Заб. 37:8). Ушул кеңешке кулак каксак, өзүбүзгө эле жакшы болот. Анткени кек сактап жүрө берсек, ден соолугубузду талкалайбыз, акыл-эс саламаттыгыбызга да доо кетет (Накыл 14:30). Кек сактап жүрө бергенибиз бизди таарынткан кишиге зыяны тийсин деп уу ичкенге барабар. Андайда өзүбүз эле жапа чегебиз. Ал эми башкаларды кечирсек, өзүбүзгө эле жакшылык кылган болобуз (Накыл 11:17). Ошондо жүрөгүбүз тынч, акылыбыз тунук болуп, Жахабага андан ары да токтобой кызмат кыла беребиз.

11. Ыйык Китепте өч алууга байланыштуу эмне делет? (Римдиктер 12:19—21)

11 Өч Жахабага таандык. Кимдир бирөө бизге жаман иш кылганда, Жахаба андан өч алганга тыюу салган. (Окугула: Римдиктер 12:19—21.) Себеби көп нерсени эске албагандыктан жана көз карашыбыз чектелүү болгондуктан Кудайдай болуп бардык нерсеге калыс баа бере албайбыз (Евр. 4:13). Айрым учурларда сезимдерибиз туура ой жүгүрткөнгө тоскоолдук кылышы мүмкүн. Жахаба Жакыпка ыйык рухтун жетеги менен мындай деп жаздырткан: «Ачуулануу менен [адам] Кудай талап кылган адилдикти чагылдыра албайт» (Жкп. 1:20). Биз Жахабанын баарын туура кыларынан жана адилеттикти орноторунан эч күмөн санабасак болот.

Ачуудан, таарынычтан арылгыла. Баарын Кудайдын колуна тапшыргыла. Ал күнөөнүн айынан болгон жамандыктын баарын жок кылат (12-абзацты карагыла)

12. Жахабанын адилеттикти орноторуна ишенерибизди кантип көрсөтө алабыз?

12 Кечиримдүү болсок, Жахабанын адилеттикти орноторуна бекем ишенерибизди көрсөтөбүз. Баарын Жахабанын колуна тапшырып коюшубуз керек. Ошондо анын күнөөнүн айынан болуп жаткан бардык жамандыкты жок кыларынан эч күмөн санабаарыбызды көрсөтөбүз. Ал убада кылган жаңы заманда жүрөк жарааттары, азапка салган ойлор «эскерилбейт, ойго да келбейт» (Ыш. 65:17). Бирок кимдир бирөө жүрөгүбүздү катуу жаралаганда, ачуу менен таарынычтан арылуу чындап эле мүмкүнбү? Айрымдар ошенте алышкан. Анда алардын үлгүсүнө токтололу.

КЕЧИРИМДҮҮЛҮКТҮН ҮЗҮРҮ

13, 14. Тони менен Хосенин окуясынан кечиримдүүлүккө байланыштуу эмнени биле алабыз?

13 Башкалардын жамандык кылганына карабай аларды кечирген көптөгөн ишенимдештерибиз бар. Алар мунун үзүрүн көрүшкөнбү?

14 Филипинде жашаган Тонини * мисалга алалы. Ал агасынын Хосе деген кишинин колунан өлгөнүн билип калган. Ал кезде ал чындык жолуна түшө элек болчу. Ошол учурда Тони ачуулуу, зөөкүр киши болчу. Көкүрөк өчүн кандыргысы келип жүргөн. Ал ортодо Хосе кылган кылмышы үчүн кесилип кеткен. Кийинчерээк Хосе түрмөдөн чыккандан кийин Тони: «Аны колго түшүрүп, көзүн тазалайм”,— деп өзүнө сөз берген. Атүгүл ал тапанча сатып алган. Ошол маалда Тони Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштаган. Ал мындай дейт: «Ыйык Китепти изилдей баштаганда жүрүм-турумумду оңдошум керектигин, ал үчүн кек сактабашым керектигин түшүндүм». Бара-бара ал чөмүлүп, жыйналышта аксакал болуп дайындалган. Кызыктуусу, Хосе да чөмүлүп, Жахабага кызмат кыла баштаган. Муну билгенде Тонинин канчалык таң калганын элестетсеңер! Жолугушканда алар бири-бирин кыса кучакташкан. Анан Тони Хосеге аны кечиргенин айткан. Ошондо Тонинин жүрөгүн, өзү бөлүшкөндөй, сөз менен жеткире албай турган чоң кубаныч бийлей баштаган. Ооба, Тони кечиримдүү болгону үчүн, Жахаба ага батасын берген.

Питер менен Сьюдай болуп, ачуудан арылып, таарынычты сууга сала алабыз (15, 16-абзацтарды карагыла)

15, 16. Питер менен Сьюнун башынан өткөндөрүнөн кечирүүгө байланыштуу эмнени билдиңер?

15 1985-жылы Питер менен Сью падышалык залында отурганда күтүлбөгөн жерден бомба жарылган. Көрсө, бир киши Падышалык залына бомба коюп кетиптир. Ошондо Сью катуу жараат алгандыктан азыркыга чейин көзү менен кулагынын азабын тартып келет. Жыт да сезбей калган. * Питер менен Сью: «Ушундай жаман ишке барган бул кандай мерез киши?» — деп көп жолу бушайман болушкан. Көп жылдан кийин жанагы бомба таштап кеткен киши кармалып, өмүр бою түрмөгө кесилген. Ал Жахабанын Күбөсү эмес болчу. Ошол кишини кечирген-кечирбегенин сурашканда, Питер менен Сью мындай дешкен: «Жахаба кек сактап, ачууланып жүрө берсек ден соолугубузга, жан дүйнөбүзгө, акыл-эсибизге зыян келтирерибизди айтып келет. Ошон үчүн бомба жарылгандан көп өтпөй эле Жахабадан ачуудан жана башка жаман ойлордон арылып, жан дүйнө бейкуттугун беришин сурап тиленгенбиз».

16 Питер менен Сьюга кечирүү оңой болгонбу? Жок. Алар сөзүн мындай деп улашкан: «Жарааттарынан улам Сьюнун жаны кейиген сайын, ачууланган учурларыбыз болот. Бирок ал ойлорго көңүл топтобогондуктан, терс сезимдер бат эле өтүп кетет. Анткен менен бир нерсени чын ыкластан айта алабыз: эгер бомба коюп кеткен киши бир күнү чындык жолуна түшсө, аны кучак жайып тосуп алабыз. Башыбыздан өткөн окуядан Ыйык Китептеги принциптер бизди чындап эркин кыларын түшүндүк. Ал кеңештер бизди биз ойлогондон да көп нерседен арылтат. Бирок баарынан да Жахаба жакында жамандыкты жок кылат деген ой бизге дем-күч берет».

17. Миренин окуясынан кечиримдүүлүккө байланыштуу эмнени үйрөндүңөр?

17 Мире чындык жолуна түшкөндө эки кичинекей баласы бар болчу. Бирок анын күйөөсү чындык жолуна түшкөн эмес. Убакыттын өтүшү менен Миренин көзүнө чөп салып, үй бүлөсүн таштап кеткен. Ал мындай дейт: «Жакын адамы сатып кеткенде, көптөр ишене албай дал болуп калышат, кайгырышат, өкүнүшөт, өздөрүн өздөрү жей беришет жана ызаланышат. Күйөөм бизди таштап кеткенде, мен да так ушундай болгом». Ооба, Миренин үй-бүлөсү эбак эле бузулса да, жүрөгүндөгү жарааттары көпкө чейин айыккан эмес. Ал андан ары мындай деген: «Жаман ойлор жанымды жай алдырбай көпкө чейин кыйнап келди. Анан бир убакта алардын Жахаба менен жана башкалар менен болгон мамилеме доо кетирип жатканын түшүндүм». Убакыттын өтүшү менен Мире көкүрөгүндөгү ачуусунан арылып, күйөөсүнө жамандык каалабай калган. Ал күйөөсүнүн бир күнү Жахабанын жолуна түшөрүнө үмүттөнөт. Мире азыр өткөн күн менен жашабай, алдыга умтулуп келет. Жалгыз бой болсо да, эки баласын Жахабанын жолунда тарбиялаган. Мире учурда уул-келиндери менен Жахабага кубанып кызмат кылып жатат.

ЖАХАБА — ЖЕТКИЛЕҢ СОТ

18. Эмнеден шектенбесек болот?

18 Жахабанын башкаларды соттогонду бизге койбогонуна кандай гана ыраазыбыз! Бул биз үчүн аябай оор жүк болмок. Ааламдагы эң жогорку Сот болгондуктан Жахаба бул маанилүү ишти өзү аткарат (Рим. 14:10—12). Ал ар бир адамды жаман менен жакшыга байланыштуу бир да кынтыгы жок, адил нормаларына ылайык соттойт деп толук ишенсек болот (Башт. 18:25; 1 Пад. 8:32). Жахаба эч качан адилетсиздик кылбайт.

19. Жеткилең Сотубуз Жахаба эмнелерди ишке ашырат?

19 Биз Жахаба жеткилеңсиздик менен күнөөнүн кесепеттерин түп-тамыры менен жоё турган күндү кандай гана самап келебиз. Ошол учурда ден соолугубуз чың болуп, жүрөктөгү жарааттарыбыз толугу менен айыгат (Заб. 72:12—14; Аян 21:3, 4). Алар оюбуздан биротоло өчүрүлөт. Ошол сонун күндөр келгенге чейин бизди кечиримдүү болгонго үйрөтүп жатканы үчүн Жахабага кандай гана ыраазыбыз!

18-ЫР: Кун үчүн ыраазыбыз

^ Жахаба күнөө кетиргенине өкүнгөндөрдү кечиргиси келет. Анын кызматчылары болгон үчүн биз да, андан үлгү алып, көңүлүбүздү ооруткандарды кечиргибиз келет. Бул макалада кандай күнөөлөргө көз жумуп койсок болорун, ал эми кайсыларын сөзсүз аксакалдарга билдиришибиз керек экенин карап чыгабыз. Ошондой эле Жахабанын эмне үчүн бири-бирибизди кечиришибизди каалаарын жана кечиримдүү болсок, андан кандай бата аларыбызды билебиз.

^ Карагыла: «Күзөт мунарасы», 1996-ж., 15-апр., «Окурмандардын суроолору», ор.

^ Айрым ысымдар өзгөртүлдү.

^ Карагыла: «Ойгонгула!» 1992-ж., 8-янв., 9—13-б., ор. Ошондой эле JW телеберүүсүнөн «Питер менен Сью Шульц. Жан дүйнөнү жабыркаткан жараат айыгат» деген видеону көргүлө.