Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

27-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

«Жахабага үмүт арт»

«Жахабага үмүт арт»

«Жахабага үмүт арт, кайраттуу бол, жүрөгүң бекем болсун» (ЗАБ. 27:14).

128-ЫР: Акырына чейин чыдайлы

БУЛ МАКАЛАДА *

1. а) Жахаба бизге кандай үмүт берген? б) «Жахабага үмүт артуу» деген эмнени билдирет? (Түшүндүрмөнү карагыла.)

 ЖАХАБА өзүн сүйгөндөрдүн баарына эң сонун үмүт берген. Жакында ал оору-сыркоону, муң-зарды, өлүмдү жок кылат (Аян 21:3, 4). Ага үмүт арткан «мүнөзү жумшак» адамдарга жерди бейишке айлантканга жардам берет (Заб. 37:9—11). Ал заман келгенде ар бирибиз аны менен азыркыдан да ынак, жакын мамиледе болуп калабыз. Бул кандай гана жаркын үмүт! Бирок Кудай убадалаган нерселер ишке ашат деп эмне үчүн ишенсек болот? Жахаба дайыма сөзүнө турат. Ошон үчүн ага толугу менен «үмүт артсак» болот * (Заб. 27:14). Жахабага үмүт артарыбызды кантип көрсөтө алабыз? Ан үчүн анын ой-ниети аткарыла турган күндү кубанычыбызды кемитпей чыдап күтө беришибиз керек (Ыш. 55:10, 11).

2. Жахаба кайсы сөзүнө турган?

2 Жахаба сөзүнө турарын иши менен далай жолу бышыктаган. Буга Аян китебинде жазылгандар төгүндөлгүс далил боло алат. Ал китепте Жахаба биздин күндөрдө улуту, уруусу, тили ар башка адамдардын башын таза сыйынууга бириктирерин алдын ала айткан. Биримдүү ал эл бүгүнкү күндө «эбегейсиз көп адамдар» деп аталат (Аян 7:9, 10). Алардын арасында аялдар, эркектер, балдар бар жана расасы, тили, тек-жайы ар кандай. Ошентсе да ортосунда тынчтык, биримдик өкүм сүрүп, бүткүл дүйнөлүк боордоштукту түзүшөт (Заб. 133:1; Жкн. 10:16). Мындан тышкары, эбегейсиз көп адамдар — кабарды ынталуу жарыялаган жарчылар. Алар кулак төшөгөн ар бир адамга жаңы замандын келерин айтып бергенге дилгир (Мт. 28:19, 20; Аян 14:6, 7; 22:17). Эгер силер да эбегейсиз көп адамдардын катарында болсоңор, жакшы заман келет деген үмүтүңөрдү жогору баалаарыңар шексиз.

3. Шайтандын максаты эмне?

3 Ибилис жалындаган үмүтүңөрдү өчүрсөм дегенде эки көзү төрт. Ал Жахабанын биз менен иши жок, сөзүнө турбайт дегенге ишендиргиси келет. Эгер Шайтан үмүтүбүздү өчүрө алса, кайратыбыз качышы, атүгүл Жахабага да кызмат кылбай калышыбыз мүмкүн. Кийинки абзацтардан биле турганыбыздай, Ибилис Аюпту үмүтүнөн ажыратып, Жахабага кызмат кылбай калышын көздөгөн.

4. Бул макалада эмнелерди карап чыгабыз? (Аюп 1:9—12)

4 Бул макалада Шайтан Аюпту түз жолдон тайдырыш үчүн кандай айла-амалдарды колдонгонун карап чыгабыз. (Окугула: Аюп 1:9—12.) Аюптан эмнеге үйрөнө аларыбызга да токтолобуз. Жахабанын бизди сүйөрүнө, айтканы айткандай болоруна эмне үчүн ишенишибиз керектигин да талкуулайбыз.

ШАЙТАН АЮПТУН ҮМҮТҮН СООЛУТКУСУ КЕЛГЕН

5, 6. Кыска убакыттын ичинде Аюптун башына эмнелер түшкөн?

5 Аюптун жашоосунда баары телегейи тегиз эле. Ал Жахабанын ынак досторунан болгон. Анын чоң, ынтымактуу үй-бүлөсү, ашып-ташып турган байлыгы бар болчу (Аюп 1:1—5). Бирок бир күндүн ичинде эле баарынан айрылган. Адегенде мал-мүлкүнөн кол жууп калган (Аюп 1:13—17). Анан жанындай жакшы көргөн балдарынын баарынан бирдей ажырап калган. Анын ошондо канчалык сыздап, кан жутуп отуруп калганын элестетип көрсөңөр. Балдарынын биринен эле айрылганда ата-эненин кабыргасы канчалык кайышат. Он баласынын баарынан тең айрылып калганда Аюп менен жубайынын жүрөгү тилинип, күйүткө батып, жанын коёрго жер таппай кыйналганын элестетсеңер. Аюптун сырт кийимин айрып, чөгөлөп жерге жыгылганы таң калыштуу деле эмес (Аюп 1:18—20).

6 Шайтан ошону менен эле токтоп калбай, Аюпту жан сыздаткан, кишини иренжиткен ооруга чалдыктырган (Аюп 2:6—8; 7:5). Бир кезде Аюп кадырлуу, мартабалуу киши болчу. Калайык-калк ага акыл сурап келип турчу (Аюп 31:18). Эми баары капталдап калышты. Тууган-туушкандары, санаалаштары сыртын салып киши катарынан чыгарып салышты. Жадагалса кулдары да теңине албай калды (Аюп 19:13, 14, 16).

Көптөгөн ишенимдештерибиз Аюптун канчалык кыйналганын жакшы түшүнө алышат (7-абзацты карагыла) *

7. а) Аюп каргашаларды кимден келип жатат деп ойлогон, бирок ал эмне кылган эмес? б) Сүрөттө көрсөтүлгөндөй, Жахабанын кызматчылары Аюп менен аялыныкындай болгон кандай кыйынчылыктарга туш болушу мүмкүн?

7 Шайтан Аюпту Жахабанын ырайымынан ажырап калганы үчүн башына ушундай балээ түшкөнүнө ишендиргиси келген. Мисалы, катуу шамал жиберип Аюптун он баласы тойлоп отурган үйдүн таш-талканын чыгарган (Аюп 1:18, 19). Анан асмандан от түшүрүп, мал-жанын эле эмес, кайтарып жүргөн кулдарын да жалмап кеткен (Аюп 1:16). Шайтан шамал менен отту асмандан табияттан тыш бирөө жөнөтүп жаткандай көрсөткөндүктөн, пайгамбар ушунун баары Жахабадан келип жатат деп ойлоп алган. Ошондуктан анын каарына калдым го деп ойлогон. Ушунун баарына карабай Аюп асмандагы Атасына тил тийгизген эмес. Ал канчалаган жылдар бою Жахабанын көп жакшылыктарын көрүп келатканын эсинен чыгарган эмес. Ошон үчүн Кудайдан жакшылыкты эле эмес, жамандыкты да кабыл ала билиши керектигин айткан. Ал: «Жахабанын ысмы ар убак даңкталсын»,— деген (Аюп 1:20, 21; 2:10). Ошентип, Аюп бардык нерсесинен кур жалак калган. Жан дүйнөсү жараланып, ден соолугу талкаланган. Бирок Шайтан ошону менен эле тим болуп калган эмес.

8. Шайтан дагы кандай айла-амал колдонгон?

8 Шайтан Аюпту бүк түшүрүш үчүн дагы бир амал колдонгон. Аюп өзүн эч нерсеге арзыбаган байкуштай көрүшү үчүн, Шайтан дос аталымыш болгон үч кишини колдонгон. Алар Аюп кыңыры иштери үчүн ушундай азап көрүп жатат дегендей кылышкан (Аюп 22:5—9). Атүгүл жаман иш кылбаса деле, Кудайга жагыш үчүн эмне кылбасын, пайда-батасы жок дегенге ишендиргиси келген (Аюп 4:18; 22:2, 3; 25:4). Мындайча айтканда, Аюп пайгамбарды Кудай аны сүйбөйт, кайдыгер карайт, кызмат кылганынын ага ысык-суугу деле жок деген ойго түрткүсү келген. Ушуну укканда Аюп өзүн жарга такалгандай сезген.

9. Аюпка кайраттуу, бекем болгонго эмне жардам берген?

9 Ошол жагдайды элестетип көрөлү. Аюп жанын жеген оорудан кыйналып күлдө отурат (Аюп 2:8). Дос сөрөйлөрү болсо тегеректеп алып кажып жеп жатышат. Аюпка басмырлаган, чүнчүткөн ачуу сөздөрдү жаадырып жатышат. Башына түшкөн каргаша Аюпка килейген таштай болуп оор салмагын салып турат. Балдарынан ажырап күйүтү күч болуп турат. Башында ал такыр үн катпайт (Аюп 2:13—3:1). Лам деп ооз ачпаганынан улам дос аталымыштары аны Кудайынан баш тартты деп ойлогон болсо, кандай гана катуу жаңылышкан! Бир маалда Аюп башын көтөрүп, досторунун жүзүнө тике карап: «Өлөр-өлгөнчө кынтыксыздыгыман жазбаймын!» — деп айтат (Аюп 27:5). Ушунчалык жаны сыздап турганына карабай Аюпка кайраттуу, күчтүү болгонго эмне жардам берген? Туңгуюкка кептелип калгандай абалда болсо да, мээримдүү Кудайы аны ошол азаптан арылтарынан үмүтүн үзгөн эмес. Көзү өтүп кеткен күндө да, Жахаба аны тирилтерин билген (Аюп 14:13—15).

АЮПТАН ЭМНЕНИ ҮЙРӨНСӨК БОЛОТ?

10. Аюптун башынан өткөндөрүнөн эмнени билсек болот?

10 Аюптун башынан өткөндөр Шайтан канчалык күчкө салбасын, бизди Жахабадан баш тарттыра албай турганын көрсөтүп турат. Бул окуядан Жахабанын башыбыздан эмнелерди өткөрүп жатканыбызды көрүп турарын да билсек болот. Аюптун окуясынан дагы башка маанилүү нерселерди үйрөнө алабыз. Анда ошолорго токтололу.

11. Жахабага таяна берсек, эмнеден шектенбесек болот? (Жакып 4:7)

11 Аюп, эгер биз Жахабага таяна берсек, кыйынчылыкты көтөрө аларыбызды, Шайтанга каршы тура аларыбызды далилдеген. Шайтанга каршы турсак, жыйынтыгы кандай болот? Ыйык Китепте айтылгандай, ал бизден качат. (Окугула: Жакып 4:7.)

12. Аюптун өлгөндөрдүн тирилерине үмүттөнгөнү ага кандайча күч берген?

12 Кудай өлгөндөрдү тирилтерине бекем ишенишибиз керек. Буга чейинки макаладан билгенибиздей, Шайтан ишенимден жаздырыш үчүн өлүмдөн коркуу сезимин колдонот. Мисалы, Аюптун жагдайында Шайтан Аюп өз жанын сактап калыш үчүн баарынан кечкенге даяр, атүгүл Кудайдан да баш тартып кетет деп айткысы келген. Бул карандай калп болчу. Өмүрү кылдын учунда турганда да Аюп Кудайдын жолунан тайган эмес. Жахаба жакшылык кыла берет, бир күнү баарын ордуна келтирет деп үмүттөнгөн. Жагдайды көзү тирүүсүндө оңдобосо да, келечекте аны тирилтеринен шек санаган эмес. Ооба, Аюп өлгөндөрдүн тирилерине бекем ишенген. Эгер биз да мындан кымындай да шектенбесек, өлүм менен беттешкен күндө да берилгендигибизден жазбайбыз.

13. Шайтан Аюпка колдонгон айла-амалдарды эмне үчүн жакшы билип алышыбыз керек?

13 Шайтан колдонгон амалдарды жакшы билип алышыбыз керек. Себеби Аюпка колдонгон айла-амалдарды бизге каршы да колдонот. Анын эмне дегенине көңүл бурсаңар: «Адам [Аюп эле эмес]... жаны үчүн... колунда болгондун баарын берет» (Аюп 2:4, 5). Мындайча айтканда, Шайтан «адамдар Кудайды чындап сүйбөйт, өмүрүнө коркунуч туулганда андан жүзүн буруп кетет» деп айткысы келген. Ошондой эле «Кудай бизди жакшы көрбөйт, ага жагыш үчүн кылган аракетибизди баалабайт» деген ойду да айткан. Шайтандын эмнени көздөп жатканын билген үчүн Жахабага үмүт арткандар анын кылтагына түшүп калбайт.

14. Кыйынчылыктар эмнени байкаганга жардам берет? Мисал келтиргиле.

14 Кыйынчылыктарга кемчиликтерибизди көрүүнүн жолу катары карашыбыз керек. Кыйынчылыктары Аюпка алсыз жактарын аңдап, оңолгонго жардам берген. Мисалы, ал мурдагыдан да момун болушу керектигин түшүнгөн (Аюп 42:3). Биз да кыйынчылыктарга туш болгондо кайсы жактарыбызды жакшыртышыбыз керектигин аныктай алабыз. Ден соолугунун начардыгына карабай түрмөгө кесилген Николай * деген ишенимдешибиз мындай дейт: «Түрмөнү рентгенге салыштырса болот. Ал Кудайдын кызматчысынын ички дүйнөсү кандай экенин көрсөтөт». Чынында эле, алсыз жактарыбызды байкаганда гана оңоло алабыз.

15. Кимди угушубуз керек жана эмне үчүн?

15 Биз душмандарыбызды эмес, Жахабаны угушубуз керек. Жахаба сүйлөп жатканда, Аюп аны кунт коюп уккан. Кудай ага ой жүгүрткөнгө жардам бериш үчүн минтип сурагандай эле болгон: «Мен ай-ааламдын Жаратканымын. Андан менин канчалык күчтүү экенимди көрүп турасыңбы? Башыңан эмнелерди өткөрүп жатканыңды беш колдой билем. Анан кантип сага кам көрбөй коёюн?» Ошондо Аюп Жахабага моюн сунуп, жакшылыктарына терең ыраазы болгон. Ал: «Сен жөнүндө кулагым чалган, эми болсо минтип көзүм менен көрүп отурам»,— деген (Аюп 42:5). Аюп бул сөздөрдү заманасы куурулуп, денесин жара каптап күлдө отурганда айтса керек. Балдарынын күйүтү да көкүрөгүн өрттөп жаткан болчу. Бирок ушунчалык зээни кейип турса да, Жахабанын аны жакшы көрөрүн, эч качан калтырбай турганын сезе алган (Аюп 42:7, 8).

16. Ышая 49:15, 16га ылайык, кыйынчылыкка кабылганда эмнени эстен чыгарбашыбыз керек?

16 Бүгүнкү күндө да бизди элдер шылдыңдап, киши катары көрбөшү мүмкүн. Алар жеке ар бирибизге же жалпы уюмубузга «жалган жалаа жаап», жакшы атыбызды булгашы ыктымал (Мт. 5:11). Аюптун окуясы Жахаба биз кыйынчылыкка кабылганда ак жолдон тайбай турганыбызга ишенерин көрсөтүп турат. Ал бизди жакшы көрөт жана ага үмүт артсак, эч качан калтырбайт. (Окугула: Ышая 49:15, 16.) Кудайдын душмандары тараткан калпка такыр маани бербегиле! Түркияда жашаган Жеймс үй-бүлөсү менен башынан бир катар оор кыйынчылыктарды кечиришкен. Ал мындай дейт: «Душмандардын Кудайдын элин жамандаганына кулак төшөй берсек, кайратыбыз качарын байкадык. Анын ордуна, жаркын үмүтүбүзгө көңүл топтоп, Жахабага берилип кызмат кылганыбыз алда канча жакшы экен. Ошонун аркасында кубанычыбызды сактай алдык». Ооба, биз да Аюптай болуп Жахабаны уккубуз келет! Ошондо душмандар жайылткан калп үмүтүбүздүн жалынын өчүрө албайт.

ҮМҮТҮБҮЗ КҮЧ БЕРЕТ

Аюп ак жолдон тайбаганы үчүн Жахабадан зор сыйлык алган. Аялы экөө узак, бакубат өмүр сүргөн (17-абзацты карагыла) *

17. Еврейлер 11-бөлүмдө жазылган ишенимдүү инсандардан эмнени үйрөнө алабыз?

17 Аюп башына каран түн түшкөндө кайратын качырбай күчтүү бойдон калган Жахабанын көптөгөн кызматчыларынын бири гана. Элчи Пабыл Еврейлерге жазган катында алардын бир далайын санап өтүп, «күбөлөрдүн чоң булуту» деп атаган (Евр. 12:1, шилт.). Алардын баары далай азаптуу күндөрдү өткөрүшкөн. Бирок Жахабага берилген бойдон калып, бизге мыкты үлгү калтырышкан (Евр. 11:36—40). Туруктуу бойдон калыш үчүн жумшаган аракети, эмгеги куру бекер болгонбу? Түк да! Көзү тирүүсүндө Жахабанын бардык убадаларынын аткарылганын көрбөсө да, Жахабага үмүт арта беришкен. Анын ырайымына ээ болгонуна эч шектенбегендиктен убадалары аткарыла турган күндү сөзсүз көрөм деп ишенишкен (Евр. 11:4, 5). Алардын алтын калем менен жазылган үлгүсү бизге мындан ары да Жахабага үмүт арта бергенге жардам берет.

18. Эмне кылганга бел байлап калдыңар? (Еврейлер 11:6)

18 Биз азыр эл жакшылыктан адашып, жамандыкка жанашып алган учурда жашап жатабыз. Ошондуктан жашоо барган сайын оордогондон оордой берет (2 Тим. 3:13). Шайтан болсо Кудайдын элине кол салганын койбойт. Алдыда дагы кандай кыйынчылыктарга туш болбойлу, мындан ары да Жахабага бел чечпей кызмат кыла берели. Анткени биз үмүт арткан Кудай — «тирүү Кудай» (1 Тим. 4:10). Жахаба Аюпка ишенимдүүлүгүнөн жазбаганы үчүн батасын мол төккөн. Бул Жахабанын «абдан боорукер, кайрымдуу экенинен» кабар берип турат. Ушуну эч качан унутпагыла (Жкп. 5:11; Евр. 11:6). Келгиле, Жахабага бекем жармашалы жана «аны талыкпай издегендерге сыйлык берерине» кымындай да күмөн санабайлы! (Окугула: Еврейлер 11:6.)

150-ЫР: Куткаруучу Кудайды издейли

^ Башынан оор сыноолорду кечирген адам тууралуу ойлонгондо оюбузга шак эле Аюп пайгамбар келет. Ишеними темирдей бекем Аюптун окуясынан эмнелерди биле алабыз? Шайтан бизди Жахабадан баш тарттыра албай турганын билебиз. Ошондой эле анын окуясы Жахаба ар бирибиздин башыбыздан эмнелерди өткөрүп жатканыбызды жакшы билерин көрсөтүп турат. Жахаба Аюпту азаптарынан арылткандай эле, бир күнү бизди да бардык кыйынчылыктарыбыздан арылтат. Ушуга толук ишенерибизди ишибиз менен көрсөтсөк, «Жахабага үмүт арткандардын» катарында болобуз.

^ ТҮШҮНДҮРМӨ. «Үмүт» деп которулган еврей тилиндеги сөз, негизинен, бир нерсени «эңсеп күтүү» дегенди билдирет. Ошондой эле ал сөз «кимдир бирөөгө таянуу, ишеним артуу» деген маанини да камтыйт (Заб. 25:2, 3; 62:5).

^ Айрым ысымдар өзгөртүлдү.

^ СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Аюп менен анын аялы балдарынан айрылып кабыргасы кайышып турат.

^ СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Аюп сыноолорго сынган эмес. Ал аялы экөө Жахабанын жакшылыктарына ыраазы болуп жатышат.