Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

37-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Боордошторубузга ишеним арталы

Боордошторубузга ишеним арталы

«Сүйүү... баарына ишенет, баарына үмүттөнөт» (1 КОР. 13:4, 7).

124-ЫР: Берилгендик көрсөтөбүз

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Адамдардын бири-бирине ишенбей калганы эмне үчүн таң калыштуу эмес?

 ШАЙТАН башкарган дүйнөдө адамдар кимге ишеништи билбей калды. Алардын соодагерлерден, саясатчылардан, диний жетекчилерден дайыма көңүлү калып келет. Ал турсун досторуна, кошуна-колоңдоруна жана үйүндөгүлөрүнө ишенбей калышты. Бул таң калыштуу эмес. Анткени Ыйык Китепте акыркы күндөрдө адамдардын ишенимсиз, чыккынчы болору жана бири-бирине жалаа жабары айтылган. Башкача айтканда, алар бул дүйнөнүн кудайы Шайтанга мүнөздүү сапаттарды чагылдырашат. Анда болсо чындыктын күкүмү да жок (2 Тим. 3:1—4; 2 Кор. 4:4).

2. a) Кимдерге жана эмнеге толук ишене алабыз? б) Кээ бирлер эмне деп ойлонушу мүмкүн?

2 Бирок биз Жахабага толук таянса болорун билебиз (Жер. 17:7, 8). Анын бизди жакшы көрөрүнөн, таштабасынан эч шектенбейбиз (Заб. 9:10). Биз Иса пайгамбарга да ишенебиз. Анткени ал биз үчүн өз өмүрүн берген (1 Пет. 3:18). Мындан тышкары, Ыйык Китепте жазылгандарга да ишенебиз. Себеби анын пайдасын турмушубузда көрүп жатабыз (2 Тим. 3:16, 17). Ооба, Жахабага, Исага, Ыйык Китепке толук ишеним артсак болот. Бирок кээ бирлер: «Ишенимдештерибизге дайыма эле ишене берсек болобу?» — деп ойлонушу мүмкүн. Эгер ишениш керек болсо, буга кандай себептер бар?

БИР ТУУГАНДАРЫБЫЗГА МУКТАЖБЫЗ

Дүйнө жүзүндө биздей болуп Жахабаны жакшы көргөн ишеничтүү бир туугандарыбыз бар (3-абзацты карагыла)

3. Бизде кандай чоң сыймык бар? (Марк 10:29, 30)

3 Жахаба бизди бүткүл дүйнөлүк үй-бүлөсүнө кошкон. Бул — чоң сыймык жана зор бата! (Окугула: Марк 10:29, 30.) Дүйнө жүзүндө биздей болуп Жахабаны жакшы көргөн, анын талаптары боюнча жашаганга бүт күчүн жумшаган бир туугандарыбыз бар. Алар менен ийиндеш туруп асмандагы камкор Атабызды даңктаганды, ага сыйынганды өзгөчө жакшы көрөбүз (Заб. 133:1).

4. Бир туугандарыбыз бизге эмне үчүн керек?

4 Боордошторубуз менен ынтымактуу болгонубуз азыр айрыкча маанилүү. Себеби зар болгонубузда алар түйшүгүбүздү көтөргөнгө жардам беришет (Рим. 15:1; Гал. 6:2). Жахабага жигердүү кызмат кылганга, ага ынак болгонго түрткү берип да турушат (1 Тес. 5:11; Евр. 10:23—25). Ойлонуп көрсөңөр, алар бизге тирек болбосо, кантет элек? Душманыбыз Ибилис Шайтанга, анын тарапташтарына туруштук бере алмак эмеспиз. Шайтан менен анын кол астындагылар жакында бизге чабуул коюшат. Ошол убакта ишенимдештерибиздин жаныбызда болгонуна канчалык ыраазы болорубузду элестетип көрсөңөр!

5. Эмне үчүн кээде ишеним артыш кыйын болот?

5 Бирок айрымдарга боордошторуна ишеним артыш кыйын. Буга ишеничин актабай калганы же сөзүнө турбай койгону себеп болушу мүмкүн. Же ойлонбой сүйлөп, ойлонбой иш кылып көңүлүн оорутуп койгондур. Мына ушундан улам башкаларга ишеним артуу оңой эмес. Анда ишеним артканга эмне жардам берет?

СҮЙСӨК, ИШЕНИМ АРТАБЫЗ

6. Сүйүү ишеним артканга кантип жардам берет? (1 Корунттуктар 13:4—8)

6 Бир туугандарыбызды сүйсөк, ишеним арта алабыз. 1 Корунттуктар 13-бөлүмдө айтылгандар боордошторубузга ишеним артканга же аларга ишенбей калган болсок, кайрадан ишене баштаганга жардам берет. (Окугула: 1 Корунттуктар 13:4—8.) Мисалы, 4-аятта: «Сүйүү чыдамкай, боорукер»,— делет. Көп жолу жаза басып алсак да, Жахаба бизге чыдап келет. Демек, кимдир бирөө кыжырыбызга тийген же көңүлүбүздү ооруткан сөздөрдү айтса же иштерди кылса, биз да сабырдуу болушубуз керек. Ал эми 5-аятта: «[Сүйүү] кыжырданбайт, таарынычын эсептей бербейт»,— делет. Ооба, таарынычыбызды эсептей бербейбиз, мындайча айтканда, бизди таарынткандарды кара тизмеге киргизип койбойбуз. Насаатчы 7:9да: «Таарынууга шашпа»,— деп жазылган. Кек сактагандын ордуна, Эфестиктер 4:26дагы кеңешке ылайык иш кылганыбыз алда канча жакшы. Ал жерде: «Ачууңарды күн батканча баскыла»,— деп жазылган.

7. Матай 7:1—5-аяттардагы принциптер бир туугандарга ишеним артканга кандайча жардам берет?

7 Боордошторубузга ишеним артканга жардам берген дагы бир нерсе — аларга Жахаба карагандай кароо. Кудай аларды жакшы көрөт, канча жолу ката кетиргенин эсептей бербейт. Биз да ошентишибиз керек (Заб. 130:3). Алардын ката-кемчиликтерин эле көрө бербей, жакшы жактарына, жакшы иштерди кыла аларына көңүл топтойлу. (Окугула: Матай 7:1—5.) «Таарынтайын деген оюу жок болуш керек» деп актаганга аракет кылалы. Анткени «сүйүү... баарына ишенет» (1 Кор. 13:7). Бирок бул баарына эле ишене беришибиз керек дегенди билдирбейт. Жахаба бизден муну күтпөйт. Биз ишеничтүү экенин көрсөткөндөргө гана ишеним артышыбыз керек *.

8. Канткенде бир туугандарыбызга ишеним арта алабыз?

8 Бирөөнү урматтап-сыйлаш үчүн убакыт керек. Ишеним тууралуу да ошону айтсак болот. Боордошторубузга ишенгенге эмне жардам берет? Алар менен жакыныраак таанышкыла. Жыйналышка барганда пикирлешкиле. Кызматташып тургула. Аларга ишенсе болор-болбосун билиш үчүн убакыт керек болот. Ошондуктан чыдамдуу болгула. Жакшы тааный элек бирөөгө ичиңердегинин баарын айта бербегиле. Ортоңордогу достук чыңдалгандан кийин сырыңарды коркпой эле айта берсеңер болот (Лк. 16:10). Бирок ал ишеничиңерди актабай калсачы? Андайда дароо эле кол шилтеп койбой убакыт бергиле. Ишеничтен чыгып калган бир эле ишенимдешибиздин айынан башкаларга ишенбей калбашыбыз керек. Келгиле, Жахабанын кээ бир ишенимдүү кызматчылары бул жагынан кандай үлгү калтырганына токтололу. Алар көңүлү кайт болгонуна карабай башкаларга ишеним арта алышкан.

БАШКАЛАРГА ИШЕНИМ АРТКАНДАРДАН ҮЛГҮ АЛГЫЛА

Эйлинин ката-кемчилигине карабай Анна Жахабага ишеним арта берген (9-абзацты карагыла)

9. a) Жахабанын өкүлдөрүнүн ката-кемчиликтерине карабай, Анна Жахабага кантип ишеним арта берген? б) Жахаба дайындагандарга ишеним артуу жагынан Аннадан эмнени үйрөндүңөр? (Сүрөттү карагыла.)

9 Кайсы бир жоопкерчиликти аркалаган ага-ининин айынан көңүлүңөр калды беле? Андай болсо, Аннанын үлгүсү силерге пайдалуу болушу мүмкүн. Ошол кезде Эйли Ысрайылда башкы дин кызматчы болчу. Ал элге Кудайга кантип туура сыйыныш керектигин үйрөтүп турчу. Бирок балдары начар чыккан. Атасындай болуп алар да дин кызматчылык милдетти аркалашкан, бирок уятсыз, ыпылас иштерге барышкан. Атасы болсо аларды тыйып да койгон эмес. Ошентсе да Жахаба Эйлини дин кызматчылыктан дароо эле алып салган эмес. Ыйык чатырда Эйли дин кызматчы болуп кызмат кылып жатса да, Анна Кудайга сыйыныш үчүн ал жакка бара берген. Бир жолу Анна Жахабага арманын айтып тиленип жатканда, Эйли аны мас деп ойлоп алган. Иштин чоо-жайын билбей эле ичи муңга толгон Аннаны урушуп кирген (1 Шем. 1:12—16). Ошого карабай Анна Жахабага эгер уулдуу болсо, аны ага кызмат кылганга берерин убада кылган. Эске алчу нерсе, уулу Эйлинин кол астында кызмат кылмак (1 Шем. 1:11). Ал эми Эйлинин эки уулу жазасыз калды беле? Жок, Жахаба аларды убагы келгенде жазалаган (1 Шем. 4:17). Ага чейин Жахаба Аннанын тилегин кабыл кылып, Шемуел деген уулдуу кылган (1 Шем. 1:17—20).

10. Дөөтү жакын адамдарынын сатып кеткенине карабай кантип башкаларга ишеним арта берген?

10 Жакын досуңар сатып кеткен учурлар болду беле? Андай болсо, Дөөтү падышадан үлгү алгыла. Анын Акитопел деген досу бар эле. Абышалом атасы Дөөтүнүн тактысын тартып алайын дегенде, Акитопел чыккынчылык кылып ага кошулуп кеткен. Уулу да, досу да сатып кеткенде, Дөөтүнүн күйбөгөн жери күл болсо керек. Ошого карабай ал эч кимге ишенбей калган эмес. Абышалом тарапка өтүп кетпей аны колдой берген жан досу Хушайга ишеним арткан. Ошенткени куру бекер болгон эмес. Анткени Хушай чыныгы дос экенин далилдеген. Ал Дөөтү үчүн өмүрүн да тобокелге салган (2 Шем. 17:1—16).

11. Набалдын кулу мырзайымынын туура иш кыларына ишенерин кантип көрсөткөн?

11 Эми Набалдын кулунун үлгүсүн карап чыгалы. Дөөтү менен эр азаматтары Набал деген ысрайылдык кишинин кулдарын коргоп, жардам берип турушчу. Набал колунда бар киши болгон. Бир жолу Дөөтү ага кишилерин жөнөтүп тамак-аш сураган. Ал көптү деле сураган эмес. Ошентсе да Набал эч нерсе бербей койгон. Ошондо Дөөтүнүн каары кайнап, Набалдын үйүндөгү эркек аттуунун баарын кырып салганга аттанган. Муну уккан Набалдын бир кулу анын аялы Абигейилге айтып барган. Алардын үйүндө жашагандыктан, өмүрү Абигейилдин колунда экенин жакшы түшүнгөн. Качып кеткендин ордуна, мырзайымынын бир нерсе кыларына көзү жеткен. Ошенткенинин жөнү бар болчу. Анткени Абигейилдин акыл-эстүү экенин баары билчү. Анан баары чын эле ал ойлогондой болгон. Абигейил кайратын жыйнап Дөөтүнүн астынан тосуп чыккан да, аны канга забын болгондон сактап калган (1 Шем. 25:2—35). Ал Дөөтүнүн туура иш кыларына ишенген.

12. Исанын шакирттерине кемчиликтерине карабай ишеним артканы эмнеден көрүнгөн?

12 Иса шакирттерине кемчиликтерине карабай ишеним арткан (Жкн. 15:15, 16). Жакып менен Жакан Падышалыгынан өзгөчө орун беришин сураганда, ал алардын ниетине шек санаган эмес. Элчи болгонго татыксыз деп четке кагып да салган эмес (Мр. 10:35—40). Кийин Иса камакка алынган түнү шакирттеринин баары аны таштап кетишкен (Мт. 26:56). Ошентсе да алардан үмүтүн үзгөн эмес. Алсыз жактарын билсе да, «аларды акырына чейин сүйгөн» (Жкн. 13:1). Атүгүл тирилгенден кийин 11 ишенимдүү элчисине чоң жоопкерчилик арткан. Тагыраак айтканда, шакирт даярдоо ишин жетектегенге жана баалуу койлорун кайтарганга дайындаган (Мт. 28:19, 20; Жкн. 21:15—17). Ошенткени бекер болгон эмес. Алар өмүрү өткүчө Жахабага берилип кызмат кылышкан. Ооба, Анна, Дөөтү, Абигейил, Набалдын кулу жана Иса жеткилеңсиз адамдарга толук ишеним артып жакшы үлгү калтырышкан.

БИРӨӨ ИШЕНИЧТЕН ЧЫГЫП КАЛГАНДА

13. Бир туугандарга ишенгенге эмне тоскоолдук кылат?

13 Бирөөгө сырыңарды ишенип айтсаңар, аны ачып салган учур болду беле? Андайда кимибиз эле ыза болбойбуз. Бир жолу бир эже эч кимге айтпаган нерсесин аксакал менен бөлүшкөн. Эртеси аксакалдын аялы тиги эжеге чалып бекемдеген. Көрсө, аксакал анын сырын аялына айтып коюптур. Ал аксакалдын анын ишеничинен чыгып калганы айтпаса да түшүнүктүү. Бирок жакшы жери, ал эже башка аксакалдан жардам сураган. Анын кеп-кеңештерин колдонгонунун аркасында аксакалдарга кайрадан ишеним арта баштаган.

14. Бир ишенимдешибизге кайрадан аксакалдарга ишене баштаганга эмне жардам берген?

14 Бир ишенимдешибиз жыйналышындагы эки аксакалга көптөн бери таарынып жүргөн. Ошон үчүн аларга ишене алчу эмес. Бирок өзү сыйлаган бир байкенин айткандары оюн өзгөрткөнгө жардам берген. Ал жөпжөнөкөй, бирок мааниси терең: «Биздин душманыбыз ишенимдештерибиз эмес, Шайтан»,— деген сөздөрдү айткан. Тиги бир тууганыбыз ошол сөздөр жөнүндө ойлонуп, Жахабадан тиленген. Акыры, эки аксакал менен элдешкен.

15. Башкаларга кайрадан ишене баштаганга эмне үчүн убакыт керек? Мисал келтиргиле.

15 Жыйналыштагы сыймыктуу жоопкерчилигиңерден айрылган учуруңар болду беле? Ошондой болсо, ичиңер ачышып жаман болсоңор керек. Грета менен апасын мисал кылалы. Алар 1930-жылдары нацисттик Германияда Жахабага берилип кызмат кылышкан. Ошол кезде ал жакта ишибизге тыюу салынган болчу. Грета ишенимдештерине «Күзөт мунарасын» басма машинке менен терип берчү. Бул кызматын жанындай жакшы көрчү. Бирок жыйналышта жетекчиликти колго алгандар анын атасынын Жахабанын Күбөлөрүнө каршы экенин билип, Гретаны андай сыймыктан ажыратып коюшкан. Анткени атасы жыйналыштагыларды душмандардын колуна салып берип коёт деп коркушкан. Ал эле эмес, Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда жыйналышка баш-көз болгонго дайындалгандар Грета менен апасына журналдардын көчүрмөлөрүн бербей жүрүшкөн. Жадагалса алар менен көчөдөн жолугуп калганда сүйлөшүшчү эмес. Ошондо алардын асманы жерге түшкөндөй эле болсо керек. Ушунун баары Гретанын көкөйүнө көк таштай тийгендиктен жооптуу бир туугандарды көпкө чейин кечире албай, ишене албай жүргөн. Бирок убакыттын өтүшү менен Жахабанын аларды кечиргенин түшүнүп таарынычын сууга салган *.

«Биздин душманыбыз боордошторубуз эмес, Шайтан»

16. Боордошторубузга ишеним артканга эмне үчүн күч-аракет жумшаш керек?

16 Силер да жүрөккө так калтырган окуяга туш болгон болсоңор, боордошторуңарга кайрадан ишеним артканга бүт күчүңөрдү жумшашыңар керек. Албетте, буга бир топ убакыт керек болот. Бирок аракетиңердин сөзсүз акыбети кайтат. Буга бир мисал алып көрөлү. «Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет», бирок экинчи сүт ичпей койбойт. Ошол сыңары, кимдир бирөө ишенимибизди актабай калса эле, баарына ишенбей калбашыбыз керек. Анткени жаңылбаган бир да жан жок. Боордошторубузга кайрадан ишеним арта баштасак, жүрөгүбүз кубанычка бөлөнөт. Ошондой эле жыйналышта баары бири-бирине ишеним арта алгыдай абал өкүм сүрүшүнө салым кошконго көңүл топтойбуз.

17. Башкаларга ишенгенибиз эмне үчүн маанилүү жана кийинки макалада эмнени талкуулайбыз?

17 Башта сөз кылгандай, Шайтандын дүйнөсүндө ишеничтүү адамдар барган сайын азайып баратат. Бирок биз Кудай кошкон бир туугандарыбызды жакшы көргөндүктөн бири-бирибизге ишенебиз. Бул кубанычыбызга кубаныч кошуп, биримдигибизди чыңдайт. Алдыдагы оор күндөрдө болсо бири-бирибизге ишенгенибиз өзүбүздү эле коргойт. Бирок ишеничиңерди актабай калган бирөөнүн айынан азап тартып жатсаңарчы? Андайда жагдайга Жахаба карагандай карагыла. Ыйык Китептеги кеп-кеңештерди колдонгула. Боордошторуңарды бүт жүрөгүңөр менен сүйгүлө. Байыркы убактагы ишенимдүү инсандардан да үлгү алгыла. Биз жүрөгүбүздөгү жараны айыктырып, башкаларга кайрадан ишеним арта алабыз. Ошентсек, «бир туугандан да жакын» көп досторду таба алабыз (Накыл 18:24). Бул кандай гана чоң бата! Анткен менен өзүбүз да ишеничтүү болушубуз керек. Кийинки макалада бир туугандарыбыздын ишенимине татыш үчүн эмне кылсак болорун карап чыгабыз.

99-ЫР: Миң сандаган бир туугандар

^ Боордошторубузга ишеним артышыбыз керек. Мындай кылуу дайыма эле оңой боло бербейт. Анткени кээде алар биздин көңүлүбүздү калтырып коюшу мүмкүн. Бул макалада Ыйык Китептеги принциптерди жана байыркы убакта жашаган инсандардын үлгүсүн карап чыгабыз. Бул бизге боордошторубузга ишеним артканга жардам берет. Ал эми ишеничтен чыгып калса, аларга кайрадан ишенгенге көмөк кылат.

^ Айрымдарга ишеним арткандан сак болушубуз керектиги Ыйык Китепте айтылган (Жүй. 4). Кээде бир тууган аталымыш болгондор «чындыкты бурмалап» сүйлөп, адаштырганга аракет кылышы мүмкүн (Элч. 20:30). Андайларга такыр ишенбешибиз керек. Атүгүл айткандарына кулак түрбөшүбүз керек.

^ Гретанын окуясы жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн бул адабиятты карагыла: «Жахабанын Күбөлөрүнүн 1974-жылдагы жылдык китеби», 129—131-б. (англ.).