Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

38-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Ишеничтүүсүңбү?

Ишеничтүүсүңбү?

«Ишенимдүү киши ишти купуя сактайт» (НАКЫЛ 11:13).

101-ЫР: Биримдикте кызмат кылабыз

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Ишеничтүү киши кандай болот?

 ИШЕНИЧТҮҮ киши сөзүнө бек турат жана эч качан калп айтпайт (Заб. 15:4). Башкалар ага ишеним арта алат. Ишенимдештерибиз биз жөнүндө ошондой ойдо болушун каалайбыз. Анда алардын ишеничине кантип татый алабыз?

2. Ишеничтүү экенибизди кантип көрсөтө алабыз?

2 Башкаларды бизге ишеним артканга мажбурлай албайбыз. Ан үчүн ишеничтүү экенибизди ишибиз менен көрсөтүшүбүз керек. Ишеничти акчага окшоштуруп койсок болот. Акча табыш — кыйын, коротуш — оңой. Жахаба — биздин ишеничибизди актаган Кудай. «Ал бардык иштеринде ишенимдүү». Ошондуктан ага дайыма ишенсек болот (Заб. 33:4). Ал бул жагынан андан үлгү алышыбызды каалайт (Эф. 5:1). Келгиле анда, асмандагы Атабыздан үлгү алган, башкалардын ишеничине татыган инсандардын үлгүсүн карап чыгалы. Мындан тышкары, ишеничтүү болгонго жардам берген беш сапатка токтололу.

ЖАХАБАНЫН ИШЕНИЧТҮҮ КЫЗМАТЧЫЛАРЫ

3, 4. Даниел ишеничтүү экенин кантип көрсөткөн жана анын үлгүсү бизге эмне деп ойлонгонго түрткү берет?

3 Ишеничтүү болуу жагынан Даниел пайгамбар бизге сонун үлгү калтырган. Ал Бабылга туткундалып кетсе да, көп өтпөй эле ишеничтүү инсан катары белгилүү боло баштаган. Бабыл падышасы Небухаданасардын түшүн жоруп бергенден кийин эл ага ого бетер ишеним арта баштаган. Бир жолу ал падышага Жахабанын каарына калганы жөнүндө айтышы керек болгон. Андай суук кабарды падышага айтканга баары эле даабайт болчу. Анткени Небухаданасар жини кайнап турган падыша болчу (Дан. 2:12; 4:20—22, 25). Ошондон көп жыл өткөндөн кийин Даниел ишеничтүү экенин дагы бир жолу далилдеген. Бул жолкусунда ал Бабыл ак сарайындагы дубалга жазылган сырдуу сөздөрдүн маанисин так чечмелеп берген (Дан. 5:5, 25—29). Кийинчерээк Мадай падышасы Дарий менен төрөлөрү Даниелде «өзгөчө рух» бар экенин байкашкан. Анын «ишине кош көңүл карабаган, арамдыкка барбаган ишеничтүү адам» экенине көзү жеткен (Дан. 6:3, 4). Ооба, Даниелдин ишеничтүү экени жадагалса Жахабага сыйынбагандардын да көз жаздымында калган эмес.

4 Даниелдин үлгүсүн эске алып, мындай деп ойлонуп көрсөк болот: «Жахабанын Күбөсү эместер мени кандай киши деп эсептешет? Жоопкерчиликтүү, ишеничтүү деп билишеби?» Эмне үчүн ушинтип ойлонуп көрүшүбүз керек? Анткени ишеничтүү болсок, Жахаба даңкталат.

Некемия маанилүү тапшырмаларды аткарганга ишеничтүү эркектерди тандаган (5-абзацты карагыла)

5. Ханания эмне үчүн ишеничтүү болгон?

5 Б.з.ч 455-жылы Некемия Иерусалимдин дубалын тургузгандан кийин шаарга жакшы баш-көз боло ала турган ишеничтүү кишилерди издеген. Анан бул ишке Сепилдин башчысы Хананияны да тандаган. Ыйык Китепте Ханания «башкаларга караганда... чыныгы Кудайдан көбүрөөк корккон ишенимдүү киши» деп сыпатталган (Нек. 7:2). Ал Жахабаны сүйгөн, андан корккон киши болгон. Ошондуктан ага кандай иш тапшырылбасын, олуттуу караган. Биз да ушундай адамдардан болсок, Кудай тапшырган ишке жооптуу карайбыз.

6. Тихик кантип элчи Пабылга ишеничтүү дос болуп берген?

6 Эми Тихик тууралуу ойлонуп көрөлү. Ал элчи Пабылга ишеничин актаган жакшы шерик болуп берген. Пабыл үй камагында отурганда ага толугу менен таяна алган. Ошон үчүн «ишенимдүү кызматчы» деп мүнөздөмө берген (Эф. 6:21, 22). Пабыл аны Эфестеги, Колосадагы ишенимдештерине кат жеткизгенге эле дайындаган эмес. Аларды кубаттап-бекемдөөнү, сооротуп-жубатууну да ишенип тапшырган. Тихиктин үлгүсү бүгүнкү күндө биздин камыбызды ойлогон, биз таяна алган ишеничтүү эркектерди эске салат (Кол. 4:7—9).

7. Жыйналышыңардагы аксакалдардан, кызмат жардамчыларынан ишеничтүү болуу жагынан эмнени үйрөнө аласыңар?

7 Бүгүнкү күндө биздин ишеничибизге татыган аксакалдарыбыз, кызмат жардамчыларыбыз бар экенине кандай гана ыраазыбыз. Даниелдей, Хананиядай, Тихиктей болуп, алар өздөрүнө артылган жоопкерчиликтерге олуттуу карашат. Мисалы, иш күндөрүндөгү жыйналышка барганда тапшырмалар берилдиби же жокпу деп башыбызды катырбайбыз. Эгер биз да берилген тапшырмаларга жооптуу карап, жакшы алып чыксак, аксакалдар буга абдан ыраазы болушат. Ошондой эле жалпыга арналган баяндама сөзсүз болорун билгендиктен биз менен изилдеп жаткандарды жыйналышка коркпой эле чакырабыз. Кызматта колдоно турган адабияттарыбыз да дайыма болоруна эч шектенбейбиз. Жыйналыштагы ишенимдүү эркектер бизге жакшы кам көрүп жатканы үчүн Жахабага алкыш айткыбыз келет. Анда биз ишенчиликтүү экенибизди кантип көрсөтө алабыз?

СЫР САКТАЙ БИЛГИЛЕ

8. Канткенде башкаларга көңүл буруп, ошол эле учурда аша чаап кетпейбиз? (Накыл сөздөр 11:13)

8 Биз боордошторубузду жакшы көрөбүз, ошон үчүн алардын жыргалчылыгына кызыкдарбыз. Бирок өтө эле аша чаап кетип жеке иштерине кийлигишип кетпешибиз керек. 1-кылымдагы Машаяктын жолдоочуларынын арасында ушакташкан, «башкалардын ишине кийлигишип, кереги жок нерселерди сүйлөгөндөр» болгон (1 Тим. 5:13). Албетте, биз анткибиз келбейт. Кимдир бирөө эч кимге айтпайт деп ишенип бизге сырын ачса, эмне кылабыз? Мисалы, жыйналышыбыздагы бир эже кайсы бир оору менен алпурушуп жатканын же башка кыйынчылыктар менен күрөшүп жатканын айтып, ал жөнүндө эч кимге ооз ачпашыбызды суранышы мүмкүн. Андайда анын суранычын аткарышыбыз керек *. (Окугула: Накыл сөздөр 11:13.) Анда кайсы учурларда сырга бекем болгонубуз маанилүү экенин карап көрөлү.

9. Үй-бүлөдөгүлөр кантип сыр сактай алышат?

9 Үй-бүлөдө. Үй-бүлөдөгүлөр үйдөгү айрым нерселерди сыртка чыгарбашы керек. Мисалы, үй-бүлө башчысы үйдөн аялынын кайсы бир жоругун айтып тамашалай бериши мүмкүн. Бирок аны элдин көзүнчө сөз кылып уяткарганы туура болобу? Албетте туура эмес болуп калмак. Аялын сүйгөндүктөн аны капаланткан нерселерди эч качан кылбайт (Эф. 5:33). Үй-бүлөдө өспүрүмдөргө да намысын тебелебей мамиле кылышыбыз керек. Ата-энелердин ушуну эске алганы жакшы. Балдарынын ката-кемчиликтерин башкалардын көзүнчө айтып аларды басынткысы келбейт (Кол. 3:21). Ошол эле учурда балдар да акыл-эстүү болуп үй-бүлөсүндөгү кимдир бирөөгө сөз тийгизе турган нерселерди сыртка чыгарбаганды үйрөнүшү керек (Мыйз. 5:16). Үйдөгүлөрдүн ар бири жеке алардын үй-бүлөсүнө гана тиешелүү нерселерди сыр бойдон сактай билсе, ортодогу ынтымак чыңдалат.

10. Чыныгы дос кандай болот? (Накыл сөздөр 17:17)

10 Достор арасында. Ичиндегиси менен бөлүшүп, досу менен сырдашкысы келбеген жан жок. Бирок бул айрымдарга кыйынга турат. Анткени биз ичибиздегини башкаларга айтып көп ачыла бербеген киши болушубуз ыктымал. Ошондой эле досубуздун эч кимге айтпаган ыймандай сырыбызды башкаларга жайып салганын билгенде андан көңүлүбүз калышы мүмкүн. Ал эми досубуз сырга бек болсо, ага аябай ыраазы болобуз! Ошондой досту «чыныгы дос» деп айтса болот. (Окугула: Накыл сөздөр 17:17.)

Аксакалдар купуя маалыматты үйүндөгүлөрүнө айтпайт (11-абзацты карагыла) *

11. a) Аксакалдар менен аялдары ишенчиликтүү экенин кантип көрсөтө алышат? б)  Купуя маселени карап келгенден кийин үй-бүлөсүнө эч нерсени билгизбеген аксакалдан эмнени үйрөнсөк болот? (Сүрөттү карагыла.)

11 Жыйналышта. Сыр сактай билген аксакалдар «шамалдан коргой турган калканычтай,.. калкалай турган жайдай» (Ыш. 32:2). Алардын сырыбызды эч кимге айтпай турганын билгендиктен ичибиздегинин баарын жашырбай эле айта алабыз. Ошол эле учурда өзүбүз да аларды купуя маалыматты айттырганга аракет кылбайбыз. Ошондой эле биз аксакалдардын аялдарын да жогору баалайбыз. Анткени алар күйөөлөрүнөн купуя маалыматты билип алуунун жолдорун издешпейт. Боордошторуна тиешелүү айрым маалыматтарды билбегени өздөрүнө эле жакшы. Бир аксакалдын жубайы мындай деп айткан: «Жолдошум мага кимдерге кайтаруучулук жолугууга барып кайраттандырып-бекемдегенин, кимдер рухий жактан алсырап жүргөнүн такыр айтпайт. Ошонусуна аябай ыраазымын. Болбосо мага тиешеси жок нерселерди билип алып кыйналмакмын. Бул мага оор жүк болмок. Жыйналыштагылар жөнүндө купуя маалыматты билбегендиктен алардын алдында жүзүм жарык болуп ээн-эркин сүйлөшө алам. Күйөөм сырды сырдай сактай алгандыктан ага жүрөгүмдү өйүгөн нерселерди, ой-сезимдеримди башкаларга айтып салат деп коркпой-этпей эле айта алам». Ооба, баарыбыз эле башкалардын ишеничине арзыган адам болгубуз келет. Ошондой болгонго кайсы сапаттар жардам берет? Келгиле, бешөөнө токтололу.

ИШЕНИЧТҮҮ БОЛГОНГО ЖАРДАМ БЕРГЕН САПАТТАР

12. Эмне үчүн сүйүү ишеничтүү болгонго жардам берет? Түшүндүргүлө.

12 Сүйүү — ишеничтин түпкүрүндө жаткан сапат. Иса Жахабаны жана жакындарыбызды сүйүү Мыйзамдагы эң маанилүү осуяттар экенин айткан (Мт. 22:37—39). Жахабаны сүйсөк, аны туурап ишеничтүү болгонго аракет кылабыз. Ал эми боордошторубузду сүйсөк, алардын сырын эч кимге ачпайбыз. Себеби алардын зыян тартып калышын, кайгырышын же уят болушун каалабайбыз (Жкн. 15:12).

13. Кандайча момундук ишенчиликтүү болгонго жардам берет?

13 Момундук бизге ишеничтүү болгонго жардам берет. Эгер момун болсок, кайсы бир маалыматты биринчилерден болуп айтканга ашыгып, башкаларды таң калтырганга умтулбайбыз (Флп. 2:3). Андай киши акысы жок маалыматты билгендей түр көрсөтүп өзүн көтөрө бербейт. Ошондой эле момун болсок, Ыйык Китепте же ага негизделген адабияттарда айтылбаган айрым нерселерди жоромолдоп айтып таратпайбыз.

14. Кандайча кыраакы болгонубуз ишеничтүү болгонго жардам берет?

14 Кыраакылык бизге качан «унчукпай турган убак» экенин, качан «сүйлөй турган убак» экенин баамдаганга жардам берет (Нас. 3:7). Айрым элдерде: «Сөз — күмүш, унчукпоо — алтын»,— деген накыл кеп бар. Мунун мааниси айрым учурларда унчукпагандан өтөрү жок экенин билдирет. Ошон үчүн Накыл сөздөр 11:12де: «Кыраакы унчукпайт»,— деп таамай айтылган. Буга байланыштуу бир мисалга токтолуп көрөлү. Бир тажрыйбалуу аксакалды башка жыйналыштагылар олуттуу маселелерди чечкенге жардам бериш үчүн көп чакырышчу. Башка аксакал ал тууралуу мындай деген: «Ал бөлөк жыйналыш тууралуу купуя маалыматтарды эч кимге айтпайт». Аны кыраакы болгону үчүн өзүнүн жыйналышындагы аксакалдар сыйлап турушат. Өзүнүн жыйналышындагы көйгөйлөрдү башкаларга айтпай турганынан да шектенишпейт.

15. Чынчыл болсок, башкалар бизге ишеним арта аларын көрсөткөн мисал айтып бергиле.

15 Чынчылдык — ишеничтүү болгонго жардам берген дагы бир сапат. Чынчыл адам эч качан калп айтпагандыктан биз ага ишене алабыз (Эф. 4:25; Евр. 13:18). Мисалы, окутуу жөндөмүңөрдү жакшырткыңар келип жатат деп коёлу. Анан кимдир бирөөлөрдөн баяндамаңарды угуп, эмнени жакшыртышыңар керектигин айтышын суранасыңар. Андайда кимиси ачык айткан болот эле? Күйдүрүп айтканыбы же сүйдүрүп айтканыбы? Мунун жообу айдан ачык. Ыйык Китепте да: «Жашыруун сүйүүгө караганда ачык ашкерелөө жакшы. Жакшы көргөндүн жаралаганы ишенимдүүлүгүнөн»,— деп айтылат (Накыл 27:5, 6). Ооба, башында катуу тийсе да, досуңдун чынын түз айтканы акыр-аягы пайдасын гана тийгизет.

16. Накыл сөздөр 10:19да баса белгиленгендей, эмне үчүн өзүбүздү кармай билишибиз керек?

16 Өзүбүздү кармай билгенибиз да аябай маанилүү. Анткени ошонун аркасында башкалардын ишеничин актай алабыз. Бул сапат тилибиз кычышып, айтпашыбыз керек болгон нерсени айткыбыз келгенде тилибизди тыя билгенге жардам берет. (Окугула: Накыл сөздөр 10:19.) Соцтармактарды колдонгондо өзүбүздү кармай билүү кыйынга турушу мүмкүн. Эгер абайлабасак, байкабай эле купуя маалыматтарды көпчүлүккө таратып ийишибиз мүмкүн. Ал интернет аркылуу тарап кеткенден кийин аны башкалардын кантип колдонорун көзөмөлдөй албай калабыз. Арты кесепеттүү да болуп калышы мүмкүн. Кээде душмандар боордошторубузга байланыштуу маалыматты амалкөйлүк менен билип алганга аракет кылышы ыктымал. Бул ишенимдештерибиздин коопсуздугуна коркунуч туудургандыктан, андайда өзүбүздү кармап эч кандай маалымат бербейбиз. Мисалы, ишибизге чектөө коюлган же тыюу салынган өлкөдө жашасак, бизди полиция кызматкерлери кармап алып, суракка алышы мүмкүн. Ушул сыяктуу жагдайларда, Ыйык Китепте айтылгандай, оозубузга «ооздук салабыз» (Заб. 39:1). Ырас, бул макаладан караганыбыздай, үй-бүлөдөбү, достор арасындабы, жыйналыштабы же башка учурлардабы, ишеничтүү болушубуз керек. Ан үчүн өзүбүздү кармай билгенибиз маанилүү.

17. Канткенде жыйналыштагылардын бири-бирине ишеним артышына салым кошо алабыз?

17 Бири-бирин жанындай жакшы көргөн ишеничтүү кишилерден турган боордоштукка кошкону үчүн Жахабага кандай гана ыраазыбыз! Ишенимдештерибиздин ишеничине татыган адам болуу — ар бирибиздин милдетибиз. Келгиле, баарыбыз тең бир туугандарыбызды сүйгөнгө, момун, кыраакы, чынчыл болгонго жана өзүбүздү кармай билгенге аракет кыла берели. Ошентсек, жыйналыштагылардын баарынын бири-бирине ишеним артышына салымыбызды кошо беребиз. Андыктан ишеничтүү киши болгонго талыкпай күч жумшай берели. Мындан ары да Жахаба Кудайыбыздан үлгү алып, ишеничтүү экенибизди иш жүзүндө далилдей берели.

123-ЫР: Теократияга берилгендикте баш иебиз

^ Эгер башкалардын бизге ишенишин кааласак, адегенде алардын ишеничине татышыбыз керек. Бул макалада ишеничтүү болгонубуз эмне үчүн маанилүү экенин жана ошондой адам болгонго кайсы сапаттар жардам берерин карап чыгабыз.

^ Жыйналышта кимдир бирөөнүн олуттуу күнөө кылганын билип калсак, аны аксакалдарга кайрылып, жардам сураганга үндөшүбүз керек. Эгер ал айтпаса, болгон иш тууралуу аксакалдарга өзүбүз айтышыбыз керек. Анткени биз биринчи кезекте Жахабага жана жыйналыштагыларга берилгендик сактайбыз.

^ СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Жыйналышындагы аксакал менен купуя маалыматты карап келгенден кийин үй-бүлөсүнө ал тууралуу эч нерсе билгизбеген аксакал.