Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Өмүр баян

Жахабанын билимин, башкаларды окутканды жакшы көрчүмүн

Жахабанын билимин, башкаларды окутканды жакшы көрчүмүн

МЕН АКШнын Истон шаарында чоңойгом. Университетке тапшырып, көрүнүктүү киши болсом дегенде эки көзүм төрт эле. Билимге суусап турчумун. Математиканы, илимий сабактарды чемичкедей чакчумун. 1956-жылы өңү кара окуучулардын арасынан жогорку баа алгам. Ошондо жарандардын укугун коргогон бир уюм мага 25 $ сыйлык ыйгарган. Бирок кийин максаттарым өзгөргөн. Анда сөз башынан болсун.

ЖАХАБАНЫ ТААНЫП-БИЛИШИМ

1940-жылдардын башында ата-энем Ыйык Китепти изилдей баштады. Бирок көп өтпөй токтотуп коюшту. Ошентсе да апам «Күзөт мунарасы», «Ойгонгула!» журналдарын алып турчу. 1950-жылы Нью-Йоркто эл аралык жыйын болду. Ага үй-бүлөбүз менен катыштык.

Көп өтпөй эле Лоуренс Жеффрис байке биздикине келе баштады. Ал мени менен изилдегенге аракет кылып жүрдү. Башында Жахабанын Күбөлөрүнүн аскерге барбаганын, саясатка аралашпаганын анча жактырчу эмесмин. Америкадагылардын эч кимиси согушка барбаса, душмандар басып албайбы деп талашкам. Ошондо ал жылуу-жумшак: «Кандай деп ойлойсуң, Америкадагылардын баары Жахабага сыйынса, ал аларды душмандын колуна салып берип коёбу?» — деген. Ушул сыяктуу суроолорго купулума толорлук жоопторду алчумун. Ошондо бүйүрүм ого бетер кызып калчу.

Чөмүлгөн күнүм

«Күзөт мунарасы», «Ойгонгула!» журналдарын баш көтөрбөй окуй берчүмүн. Аларды апам жертөлөгө жыйып койгон эле. Барган сайын окугандарымдын чындык экенине көзүм жетип, Лоуренс байке менен изилдегенге макул болдум. Жыйналыштарга да калтырбай бара баштадым. Бара-бара Кудай Сөзү жан дүйнөмө сиңип, жарчы болдум. «Жахабанын улуу күнүнө аз калганын» билгенде максаттарым өзгөрдү (Сеп. 1:14). Мурда эси-дартымдын баары университет болчу. Эми Ыйык Китепте жазылгандарды башкаларга үйрөтүүнү эңсей баштадым.

Мектепти 1956-жылы 13-июнда бүтүргөм. Үч күндөн кийин райондук жыйында чөмүлдүм. Өмүрүмдү Жахабаны таанып-билгенге, башкаларды окутуп-үйрөткөнгө арнасам, батага көмүлөрүм үч уктасам да түшүмө кирген эмес.

БИЛИМГЕ, ОКУТУП-ҮЙРӨТКӨНГӨ ЖОЛ АЧКАН ПИОНЕРДИК КЫЗМАТЫМ

Чөмүлгөнүмө 6 ай болгондо үзгүлтүксүз пионер болдум. 1956-жылкы «Падышалык кызматыбыздын» декабрдагы санына «Муктаждык бар жерде кызмат кыла аласыңарбы?» деген макала чыккан. Бул чакырыкты мага да айтылып жаткандай кабыл алгам. Анткени ошондой жерде кызмат кылгым келчү (Мт. 24:14).

Ошентип, Эжфилд шаарына (Түштүк Каролина) көчүп бардым. Ал жактагы жыйналышта төрт эле жарчы бар экен. Мен бешинчиси болуп кошулдум. Жолугушуулар бир ишенимдешибиздин үйүндө өтчү. Ай сайын 100 сааттан кабар айтчумун. Кабар айтуу жолугушууларын уюштуруу, жыйналышты өткөрүү менин мойнумда болчу. Ушуларды аткарып жүрүп бир нерсени байкадым: Жахабанын иши менен канчалык алек болсоң, аны ошончолук таанып-биле берет экенсиң.

Мени менен изилдеген бир аялдын сөөк коюу каадалары өткөрүлгөн үйү бар болчу. Ал биз жактан бир нече чакырым алыс жайгашкан Жонсон шаарында эле. Ал мени жумушка алган. Жумасына бир нече күн иштечүмүн. Жыйналыш өткөргөнгө кичинекей имаратын да берген.

Лоуренс байкенин баласы Жолли Жеффрис Бруклинден мен жашаган жакка көчүп келди. Ошентип, экөөбүз шерик болуп, бир ишенимдешибиз берген чакан авточиркемеде жашап калдык.

Түштүк Каролинада жарыбаган эле айлык төлөшчү. Бир күн кечке иштеп 2, 3 $ эле тапчубуз. Бир жолу акыркы акчама тамак-аш алганы дүкөнгө баргам. Ошондо бир киши жаныма келип: «Жумуш кереги жок беле? Саатына бир доллардан төлөп берем»,— деп калды. Ошентип, ал мага курулуш жүргөн жерде жууп-тазалап үч күн иштеген жумуш таап берди. Ошондо Жахабанын Эжфилдде эле калышымды каалап жатканын түшүндүм. Бирок 1958-жылы Нью-Йоркто өткөн эл аралык жыйынга баргандан кийин баары өзгөрдү.

Баш кошкон күнүбүз

Жыйындын 2-күнүндө өзгөчө бир окуя болду: Руби Вадлингтон деген кыз менен тааныштым. Ал Галлатин шаарында (Теннеси) үзгүлтүксүз пионер болуп кызмат кылып жатыптыр. Кудай жалгап экөөбүздүн оюбуз бир чыгып калды. Ал да мага окшоп миссионер болгусу келчү экен. Экөөбүз жыйында Гилат мектебинде окугусу келгендер үчүн өткөрүлгөн жолугушууга катыштык. Кийин кат жазыша баштадык. Бир күнү Галлатиндеги жыйналышка баяндама айтканга чакырылып калдым. Ал мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, Рубинин колун сурадым. Кийин анын жыйналышына которулдум. Экөөбүз 1959-жылы баш коштук.

ЖЫЙНАЛЫШТА БИЛИМИМДИ АРТТЫРЫП, БАШКАЛАРДЫ ОКУТУШУМ

23 жашымда Галлатинде жыйналыштын кызматчысы (аксакалдар кеңешинин координатору) болуп дайындалдым. Ошондо Чарлз Томпсон жаңы эле райондук көзөмөлчү болуп биздин жыйналышка биринчи жолу келген. Ал бир топ эле тажрыйбалуу болчу. Ошентсе да менден жыйналыштагылардын эмнеге муктаж экенин, буга чейинки райондук көзөмөлчүлөр жыйналышка кантип кам көргөнүн сурады. Мен андан ишке киришерде башкалар менен акылдашканды, иштин чоо-жайын аныктаганды үйрөндүм.

1964-жылы майда бир айлык Падышалык кызмат мектебине чакырылдым. Ал Саут-Лансингде (Нью-Йорк) өткөрүлгөн. Нускоочулар Жахабаны жакшыраак таанып-билип, ага ынак боло бергенге түрткү берди.

КЫДЫРУУЧУЛУК КЫЗМАТТА БИЛИМИМДИ ТЕРЕҢДЕТИП, БАШКАЛАРДЫ ОКУТУШУМ

1965-жылы январда Руби экөөбүз кыдыруучулук кызматка дайындалдык. Аймагыбыз өтө чоң болчу. Теннеси штатынын Ноксфилинен тартып дээрлик Виржиния штатынын Ричмондуна чейин созулчу. Аймагыбызга Түндүк Каролинадагы, Кентуккидеги жана Батыш Виржиниядагы жыйналыштар карачу. Ал учурда АКШнын түштүгүндө адамдар ак-кара болуп бөлүнүп, бир жерге чогула алчу эмес. Ошон үчүн кара түстөгүлөр барган жыйналыштарды гана кыдыра алчубуз. Ал кезде бир туугандар жарды тургандыктан колубузда болгонду бөлүшчүбүз. Райондук көзөмөлчү болгонуна көп болгон бир байке эсимен кеткис сөздөрдү айткан: «Жыйналыштагыларга эч качан чоң болуп алба. Бир тууганындай бол. Ошондо гана жардам бере аласың».

Бир жолу чакан жыйналышка барып калдык. Ал жерден Руби бир жашар кызы бар келин менен изилдөө баштады. Аны бирөөгө өткөрүп берейин десе, эч ким табылбай, электрондук кат аркылуу изилдеп жүрдү. Кийинки жолу ал жыйналышка барсак, баягы келин жыйналышка калтырбай катышып жатыптыр. Кийин ошол жыйналышка эки атайын пионер бекитилди. Ошондо Руби баягы келинди аларга өткөрүп берди. Көп өтпөй эле ал чөмүлдү. Дээрлик 30 жылдан кийин, 1995-жылы, Патерсондогу Бейтелден Руби бир кыз менен таанышып калды. Көрсө, баягы келиндин кызы экен. Ошол учурда ал жолдошу экөө Гилат мектебинин 100-классында окуп жатышыптыр.

Биз кыдырган 2-район Флориданын борбору болду. Ошол кезде машине керек болуп калды. Анан эле жакшы баага машине чыгып калды. Алгандан бир жума өтпөй эле мотору бузулуп калды. Оңдотконго акча деле жок болчу. Ошондо бир ишенимдешибизге кайрылдым. Ал жумушчуларынын бирине машинебизди бекер эле оңдотуп берди. Анан: «Акчасын жөн эле койгула»,— деди. Ал тургай жардам болсун деп колубузга акча да карматты. Ошондо Жахаба кызматчыларын эч качан таштабай турганына ого бетер ынандык. Бул бизге берешен болгонго түрткү берди.

Жыйналыштарды кыдырганда ишенимдештерибиздикине кончубуз. Мунун аркасында көптөр менен ынак достордон болуп калдык. Бир жолу машинкеге жыйналыш жөнүндө отчётту жарым-жартылай терип, калтырган боюнча кетип калгам. Кечинде келсем, ошол үйдүн үч жашар баласы отчётумдун ашмалтайын чыгарып коюптур. Кийин аны көпкө чейин чычалатып жүрдүм.

1971-жылы Нью-Йорк шаарына облустук көзөмөлчү болуп дайындалганда дал болуп эле туруп калдык! Ал жакка барганда 34тө эле болчумун. Ошол аймакка дайындалган өңү кара биринчи облустук көзөмөлчү болсом да, боордошторум жылуу тосуп алышты.

Облустук көзөмөлчү болуп жүргөндө жума сайын райондук жыйында баяндама айтып Жахаба жөнүндө окуткан аябай жакчу. Ал жактагы райондук көзөмөлчүлөрдүн көбү мага караганда бир топ эле дасыккан болчу. Мисалы, алардын бири мен чөмүлөрдө баяндама айткан. Дагы бирөө, Теодор Ярач, Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү болду. Бруклиндеги Бейтелде кызмат кылган тажрыйбалуу эркектер да көп эле. Райондук көзөмөлчүлөрдүн, бейтелдиктердин алдында баяндама айтканда басынып-коруна берчү эмесмин. Ошол үчүн аларга аябай ыраазы болом. Мен алардын Кудайдын Сөзүн туу туткан, Жахабанын уюмун жан-дилден колдогон камкор койчулар экенин өз көзүм менен көрдүм. Алар момун болгон үчүн облустук көзөмөлчү болуп жүргөндө көп кыйналган жокмун.

КАЙРАДАН РАЙОНДУК КӨЗӨМӨЛЧҮ БОЛУШУМ

1974-жылы Жетектөөчү Кеңеш райондук көзөмөлчүлөрдүн ичинен дагы башка эркектерди облустук көзөмөлчү кылып дайындады. Мени кайрадан райондук көзөмөлчү кылып Түштүк Каролинага дайындашты. Бактыга жараша, ошол убакта жыйналыштар, райондор ак-кара болуп бөлүнбөй калган. Буга эркектер аябай сүйүнгөнбүз.

1976-жылдын аягында Атланта менен Колумбустун ортосундагы Жоржия штатына караштуу районго дайындалдык. Ошол жакта болгон кабырганы кайыштырган бир окуя азыркыга чейин көз алдыма тартыла берет. Улутчул бирөөлөр кара түстөгү бир ишенимдешибиздин үйүнө өрт коюп алардын 5 баласы каза болуп калган. Ошондо сөөк коюудагы баяндаманы мен айткам. Апасы болсо оор жаракат алып ооруканага жаткырылган. Аларга көңүл айтыш үчүн боордошторубуз ак-кара дебей ооруканага үзүлбөй келип жатышты. Ошондо арабыздагы сүйүүгө эч нерсе тең келбей турганына күбө болгом. Башыңа кандай оор мүшкүл түшпөсүн, боордошторуңдун өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болгону көтөрүп кеткенге жардам берет экен.

БИЛИМИМДИ, ОКУТУУ ЧЕБЕРЧИЛИГИМДИ АРБЫТКАН БЕЙТЕЛДИК КЫЗМАТЫМ

1977-жылы бир иш боюнча Бруклиндеги Бейтелге бир нече айга чакырышты. Ал иш бүтүп калганда Жетектөөчү Кеңештин эки мүчөсү бизге Бейтелге биротоло калбайсыңарбы дешти. Биз макул болдук.

24 жыл бою кызмат бөлүмүндө эмгектендим. Бизге кылдат каралышы керек болгон татаал маселелерди чечкенге туура келчү. Канчалаган жылдардан бери Жетектөөчү Кеңеш Ыйык Китепке шайкеш келген сонун кеп-кеңештерин берип келет. Кызмат бөлүмү келип түшкөн суроолорго ошол көрсөтмөлөргө таянып жооп берет. Райондук көзөмөлчүлөрдү, аксакалдарды, пионерлерди да ошол көрсөтмөлөрдүн негизинде окутуп-үйрөтүшөт. Ушунун аркасында көптөрдүн түшүнүгү тереңдеп, Жахабага ого бетер жакындап жатышат. Алар болсо өз кезегинде Жахабанын уюмунун өркүндөп-өсүшүнө салым кошуп жатышат.

1995—2018-жылдары башкы башкармалыктын өкүлү катары филиалдарды кыдырдым. Ал кезде алар зоналык көзөмөлчү деп аталчу. Мен филиалдын комитетиндегилерди, бейтелдиктерди, миссионерлерди бекемдечүмүн, көйгөйлөрүн чечкенге жардам берчүмүн. Алардын окуяларын укканда кадимкидей кайраттанып калчубуз. Мисалы, 2000-жылы Руандага барганбыз. 1994-жылдагы кызыл кыргында бейтелдиктердин, башка ишенимдештерибиздин башынан эмнелерди кечиргенин укканда аябай таасирленгенбиз. Ошондо көптөр жакындарынан айрылыптыр. Башына оор кыйынчылык түшсө да, боордошторубуз ишениминен жазбай, үмүтүн үзбөй, кубанычын бөксөртпөй кызмат кыла беришкен.

Баш кошконубузга 50 жыл болгон кез

Азыр кемпирим экөөбүз 80ден ашып калдык. Акыркы 20 жылдан бери АКШдагы филиалдын комитетинде кызмат кылып келатам. Университетке тапшырсам деген кыялым эч качан орундалган жок. Ошентсе да Жахабадан, анын уюмунан теңдешсиз билим алдым. Ушунун аркасында Ыйык Китептеги көөнөрбөс чындыкты чебер окуткан мыкты кызматчы боло алдым (2 Кор. 3:5; 2 Тим. 2:2). Түбөлүк пайдасын тийгизген ал билим көптөрдүн жашоосун жакшыртып, Жаратканга жакындаганга жардам берип жатканына көп жолу күбө болдум (Жкп. 4:8). Башкаларга Жахабанын билимин, Ыйык Китепте жазылгандарды окутуп-үйрөткөндү жогору баалагыла деп көп айтып калабыз. Анткени Жахабанын кызматчысы үчүн ушундан өткөн сыймык жок!