Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Эмне үчүн элчи Пабыл өзүн «ара төрөлгөн балага» салыштырган? (1 Корунттуктар 15:8)

1 Корунттуктар 15:8де Пабыл: «Эң акырында болсо ара төрөлгөн балага окшогон мага да көрүнгөн»,— деген. Мурда бул аятты кантип түшүнүп келгенбиз? Пабыл бир жолу асманда зоболосу жогорулатылган Иса жөнүндө аян көргөн болчу. Жогорудагы аятта, ал, сыягы, ошол жөнүндө айткысы келген деп ойлочубуз. Себеби Пабыл асмандагы жашоого ай-күнүнө жетпей төрөлгөндөй же тирилгендей эле болгон. Майлангандар асманга ошондон канчалаган кылымдар өткөндөн кийин тириле баштаган. Бирок терең изилдегенден кийин бул аятты туура эмес түшүнүп келгенибизди байкадык.

Негизи, жогорудагы аятта Пабыл кантип Исанын жолун жолдоп калганын сөз кылган. Бирок өзүн эмне үчүн «ара төрөлгөн балага» салыштырган? Буга төмөнкүдөй божомолдор бар.

Ойлобогон жерден Исанын жолдоочусу болуп калган жана убактылуу майып болуп калган. Баланын ара төрөлүшү көбүнчө кокусунан болот. Ошол сыңары, Шабыл да (кийинчерээк Пабыл деп белгилүү болгон) тирилген Исаны аян аркылуу капысынан көргөн. Ал ошондо Дамаск шаарындагы Исанын жолдоочуларын куугунтуктаганы бараткан. Ал Машаяктын жолун жолдоп калам деп такыр ойлогон эмес. Бул ал бараткан шаардагы Исанын жолдоочуларынын да үч уктаса түшүнө кирген эмес. Мындан тышкары, Пабыл майып болуп калган. Тагыраак айтканда, убактылуу сокур болуп калган (Элч. 9:1—9, 17—19).

«Күтүлбөгөн маалда» Исанын жолдоочусу болгон. Грек тилинен «ара төрөлүү» деп которулган сөз айкашын «күтүлбөгөн маалда» төрөлүү деп да берсе болот. «Иерусалим Ыйык Китебинде» бул аят: «Эч ким күтпөгөн маалда төрөлгөн балага окшоп...»,— деп которулган. Пабыл Исанын жолдоочусу болгон кезде Исанын асманга кайтып барганына бир нече убакыт болуп калган. 1 Корунттуктар 15:8деги сөздөрдү айтканга чейин Исанын тирилгенине күбө болгондор тууралуу кеп кылган. Алардан айырмаланып, Пабыл Исаны асманга көтөрүлүп кеткенге чейин көргөн эмес (1 Кор. 15:4—8). Пабыл кечигип калгандай көрүнсө да, Иса ага «күтүлбөгөн маалда» көрүнүп тирилгенин көргөнгө мүмкүнчүлүк берген.

Башкалардан мыктыраак эмес экенин көрсөтүш үчүн ошентип айткан. Кээ бир окумуштуулардын айтымында, Пабыл бул сөз айкашын өзүн көтөрмөлөгөндөй көрүнбөш үчүн колдонгон. Чын эле ошондой болсо, Пабыл Кудай ага ыйгарган сыймыкка татыксыз экенин түшүнгөн. Ошон үчүн мындай деп жазган: «Мен элчилердин эң кичинесимин, атүгүл элчи деп аталууга да татыксызмын, анткени мурун Кудайдын жыйналышын куугунтуктап жүргөм. Бирок Кудайдын ырайымы менен азыр ким болсом, ошолмун» (1 Кор. 15:9, 10).

Жыйынтыктасак, Пабыл эмне үчүн өзүн ара төрөлгөн балага салыштырган? Анткени Иса ага ал күтпөгөн учурда жана капысынан көрүнгөн. Пабыл күтүлбөгөн маалда Исанын жолдоочусу болуп калган же өзүн ошондой аян алганга татыксыз деп эсептеген. Кандай болбосун, ал окуя Пабылдын эсинен кеткис болгон. Ошол аяндан кийин ал Исанын чын эле тирилгенине көзү жеткен. Андыктан башкаларга Исанын тирилгени жөнүндө кабар айтканда күтүүсүздөн болгон ошол окуяны көп сөз кылганы таң калыштуу эмес (Элч. 22:6—11; 26:13—18).