Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Кимдер тирилет жана алардын тирилгенден кийинки жашоосу кандай болот?

Ыйык Китепте бул суроого кандай жооп камтылганын карап көрөлү.

Элчилер 24:15те «адил адамдардын да, адил эмес адамдардын да тирилери» айтылган. Адил адамдар көзү тирүүсүндө Кудайга баш ийип жашагандарды билдирет. Ошондуктан ысымдары өмүр китебине жазылып калган (Мал. 3:16). Ал эми адил эместерге көз жумганга чейин Жахабаны таанып-билгенге мүмкүнчүлүгү болбой калгандар кирет. Ошол себептен ысымдары өмүр китебине жазылган эмес.

Жакан 5:28, 29да Элчилер 24:15теги эки топ жөнүндө айтылат. Ал аятта Иса «жакшылык кылгандар өмүр сүрүш үчүн, жамандык кылгандар соттолуш үчүн тирилерин» айткан. Адил адамдар көзү өткөнгө чейин жакшы иштерди кылышкан. Алар өмүр сүрүш үчүн тирилишет, анткени ысымдары дагы эле өмүр китебинде жазылган болот. Алардан айырмаланып, адил эместер өлгөнгө чейин Кудайга жакпаган иштерди кылышкан. Алар соттолуш үчүн тирилишет. Адил эмес адамдардын ысымы өмүр китебине али жазыла элек болот. Алардын соту белгилүү бир убакытка созулат. Мындайча айтканда, ошол учурда көзөмөл алдында болушат. Ал убакыт аралыгында адил эместерге Жахаба жөнүндө билим алууга жана аттарынын өмүр китебине жазылып калышына мүмкүнчүлүк берилет.

Аян 20:12, 13тө айтылгандай, тириле тургандардын баары «түрмөктө жазылгандарга», башкача айтканда, жаңы мыйзамдарга баш ийип жашашы керек болот. Мыйзамдарга карманбагандар жок кылынат (Ыш. 65:20).

Даниел 12:2ге ылайык, өлгөндөрдүн кээ бирлери «түбөлүк жашаш үчүн, кээ бирлери маскара болуп, түбөлүккө жийиркенич менен эскерилиш үчүн ойгонушат». Бул жерде тирилгендерге чыгарылган акыркы өкүм жөнүндө айтылган. Алар же «түбөлүк жашашат» же «түбөлүккө жийиркенич менен эскерилишет». Миң жылдыктын аягында айрымдар түбөлүк өмүр алышат, башкалар биротоло жок болушат (Аян 20:15; 21:3, 4).

Буга байланыштуу мындай мисал келтирсек болот. Тириле турган эки топту башка өлкөдө жашагысы келген чет өлкөлүктөргө салыштырса болот. Адил адамдар чет өлкөдөн жумуш визасын же туруктуу виза алгандарга окшош. Мындай виза алгандарга адатта көбүрөөк укук, көбүрөөк эркиндик берилет. Ал эми адил эместер чет өлкөдөн убактылуу виза же конок визасын алгандарга окшош. Башка өлкөнүн жарандарына барган өлкөсүндө андан ары да жашаганга уруксат берилиши үчүн ал өлкөнүн мыйзамдарына баш ийип жашашы керек болот. Ошол сыяктуу эле, адил эместер Бейиште андан ары жашаш үчүн Жахабанын мыйзамдарына баш ийип, адил экенин далилдеши керек болот. Чет өлкөлүк жарандар башка өлкөгө кирерде кандай виза албасын, акыры айрымдары жарандык алышы, башкалары өлкөдөн чыгарылышы мүмкүн. Бул алардын жүрүм-турумуна, кылган иштерине жараша чечилет. Ошол сыңары, тирилгендердин баарына чыгарыла турган акыркы чечим алардын ишенимдүүлүгүнөн жана жаңы заманда өздөрүн кандай алып жүргөнүнөн көз каранды болот.

Жахаба боорукер эле эмес, адилеттүү, калыс Кудай (Мыйз. 32:4; Заб. 33:5). Ал адамдардын баарын жакшы көрөт. Ошон үчүн адилдерди да, адил эместерди да тирилтет. Ошол эле учурда алардын баарынан анын жогорку талаптарына баш ийишин күтөт. Аны сүйүп, мыйзамдарына ылайык жашагандарга гана жаңы заманда андан ары өмүр сүргөнгө уруксат берилет.