Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

39-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Сенин ысмың «өмүр китебинде» жазылганбы?

Сенин ысмың «өмүр китебинде» жазылганбы?

«Жахабанын алдында андан корккондор жөнүндө... эстелик китеп жазылып жатты» (МАЛ. 3:16).

61-ЫР: Алга, Күбөлөр!

БУЛ МАКАЛАДА *

Тарых бою Жахаба «өмүр китебине» жаңы ысымдарды кошуп келет (1, 2-абзацтарды карагыла)

1. Малаки 3:16га ылайык, Жахаба кайсы китепти жазып келет жана ал эмнелерди камтыйт?

 МИҢДЕГЕН жылдардан бери Жахаба бир өзгөчө китеп жазып келатат. Анда адамдардын ысымдары тизмеленген. Тизменин башында Кудайдын ишенимдүү кызматчысы болгон Абыл турат * (Лк. 11:50, 51). Ошондон бери ал тизмеге Жахаба улам жаңы ысымдарды кошуп келет. Бүгүнкү күндө алар миллиондоп саналат. Ыйык Китепте ал китеп «эстелик китеби», «өмүр китеби» жана «өмүр түрмөгү» деп аталат. Бул макалада «өмүр китеби» дегенди колдонобуз. (Окугула: Малаки 3:16; Аян 3:5; 17:8.)

2. Өмүр китебинде кимдердин ысымы жазылган жана атыбыз ал китепке жазылышы үчүн эмне кылсак болот?

2 Ал өзгөчө китепте Жахабадан корккон, тагыраак айтканда, аны кастарлаган жана ысмын ыйык туткан кызматчыларынын аттары жазылган. Алар түбөлүк өмүр ала тургандардын катарына кирет. Китепке ысмыбыздын жазылышын кааласак, Жахаба менен ынак мамиле өрчүтүшүбүз керек. Андай мамиле Уулу Иса Машаяктын курмандыгына ишенгенибиздин аркасында курулат (Жкн. 3:16, 36). Жерде жашаганга үмүттөнөбүзбү же асмандабы, баарыбыз тең атыбыздын ошол китепке жазылышын каалайбыз.

3, 4. а) Ысмыбыздын учурда өмүр китебине жазылганы түбөлүк өмүр сүрөрүбүздү билдиреби? Түшүндүргүлө. б) Ушул жана кийинки макалада кайсы суроолорду талкуулайбыз?

3 Ысмы өмүр китебинде жазылгандардын баары сөзсүз түрдө түбөлүк өмүр алабы? Мунун жообу Чыгуу 32:33тө Жахабанын Мусага айткан сөздөрүндө камтылат. Ал жерде: «Менин алдымда ким күнөө кылса, ошону китебимден чийип таштайм»,— деп жазылган. Аяттан көрүнүп тургандай, өмүр китебиндеги ысымдар чийилип же өчүрүлүп калышы мүмкүн. Мындайча айтканда, Жахаба башында атыбызды калем менен жазгандай болот (Аян 3:5). Ысмыбыз биротоло сыя менен жазылгыча өмүр китебинен өчүп калбашы үчүн колдон келгендин баарын кылышыбыз керек.

4 Ушундан улам мындай суроолор туулат: «Аты өмүр китебинде жазылгандар жана жазылбагандар жөнүндө Ыйык Китепте эмне делет? Ошол китептен ысымы өчпөгөндөр качан түбөлүк өмүр алышат? Жахабаны таанып-биле электе эле көзү өтүп кеткендер жөнүндө эмне десек болот? Алардын ысымы өмүр китебине жазылышы мүмкүнбү?» Бул суроолорго ушул жана кийинки макалада жооп алабыз.

КИТЕПТЕ КИМДЕРДИН ЫСЫМДАРЫ ЖАЗЫЛГАН?

5, 6. а) Филипиликтер 4:3тө баса белгиленгендей, өмүр китебинде кимдердин аттары жазылган? б) Алардын ысымдары өмүр китебине качан өчпөс болуп жазылат?

5 Каймана маанидеги бул китепте кимдердин аттары бар? Бул суроого жооп алыш үчүн адамдардын беш тобуна токтололу. Алардын айрымдарынын ысымы өмүр китебине жазылса, башкаларыныкы жазылган эмес.

6 Биринчи топко Иса менен асмандан башкарганга тандалгандар кирет. Алардын аттары азыр өмүр китебинде барбы? Ооба. Иса менен асмандан башкарганга тандалгандардын ысымдары өмүр китебинде бар. Муну элчи Пабылдын Филипидеги кызматташтарына айткан сөздөрүнөн биле алабыз. (Окугула: Филипиликтер 4:3.) Бирок алардын аттары каймана маанидеги китептен өчүрүлбөшү үчүн аягына чейин берилгендигинен жазбашы керек. Ысымы акыркы мөөр басылгандан кийин гана өмүр китебине өчпөс болуп жазылат. Акыркы мөөр болсо аларга көз жумганга чейин же улуу алаамат башталарда басылат (Аян 7:3).

7. Аян 7:16, 17ге ылайык, эбегейсиз көп адамдардын ысымдары өмүр китебине качан өчпөс болуп жазылат?

7 Экинчи топко башка койлордон турган эбегейсиз көп адамдар кирет. Алардын ысымы азыр өмүр китебинде барбы? Ооба. Армагедондон аман өткөндөн кийин да болобу? Сөзсүз (Аян 7:14). Иса ушул кой мүнөздүү адамдардын түбөлүк өмүр алышарын айткан (Мт. 25:46). Бирок бул алардын Армагедондон өтөр замат эле түбөлүк өмүр аларын билдирбейт. Анткени алардын ысымдары өмүр китебинде калем менен жазылгандай болот. Миң жылдык башкаруунун тушунда Иса аларды «кайтарып, өмүр суусунун башаттарына алып барат». Алар Машаякка баш ийип, миң жылдыктын аягында ишенимдүү деп табылса, Жахаба алардын ысымдарын өмүр китебине өчпөс кылып жазат. (Окугула: Аян 7:16, 17.)

8. Өмүр китебине кимдердин аттары жазылган эмес жана алар эмне болот?

8 Үчүнчү топко Армагедондо жок кылына турган эчки мүнөздүү адамдар кирет. Алардын ысымдары өмүр китебине жазылган эмес. Иса алардын «түбөлүккө жок кылынарын» айткан (Мт. 25:46). Пабыл да ыйык рухтун жетеги менен эчки мүнөздүүлөрдүн «түбөлүккө кыйратылуу жазасына тартыларын» жазган (2 Тес. 1:9; 2 Пет. 2:9). Ыйык рухка атайылап каршы чыккандар жөнүндө да ушинтип айтсак болот. Алар түбөлүк өмүр албайт. Биротоло жок кылынышат. Демек, тирилишпейт (Мт. 12:32; Мр. 3:28, 29; Евр. 6:4—6). Анда жер бетине тириле турган эки топ жөнүндө кененирээк сөз кылалы.

ТИРИЛЕ ТУРГАНДАР

9. Элчилер 24:15ке ылайык, кайсы эки топ жер бетине тирилет жана алардын айырмачылыгы эмнеде?

9 Ыйык Китепте түбөлүк өмүр сүргөнгө үмүт берилген «адил» жана «адил эмес адамдар» жөнүндө айтылат. (Окугула: Элчилер 24:15.) «Адил адамдарга» көзү тирүүсүндө Жахабага ишенимдүү кызмат кылгандар кирет. Ал эми «адил эместерге» Жахабага сыйынбагандар кирет. Алар Кудайга жакпаган иштерди кылышкан. Эки топ тең тириле тургандыктан, алардын ысымдары өмүр китебине жазылган деп айтсак болобу? Бул суроого жооп алыш үчүн эки топту өз-өзүнчө карап чыгалы.

10. «Адил адамдар» эмне үчүн тирилет жана айрымдарына кандай жоопкерчилик берилет? (Жер бетине тириле тургандар жөнүндө билиш үчүн ушул сандагы «Окурмандардын суроолорун» да карагыла.)

10 Жогоруда айтылган беш топтун төртүнчүсүнө «адил адамдар» кирет. Алар көз жумганга чейин ысымдары өмүр китебинде бар болчу. Ал эми көз жумгандан кийин чийилип калганбы? Жок, анткени Жахаба аларды унуткан жок. Жахаба болсо «өлгөндөрдүн эмес, тирүүлөрдүн Кудайы. Анткени ал үчүн бардыгы тирүү» (Лк. 20:38). Демек, адил кишилер жер бетине тирилгенде алардын ысымдары өмүр китебинде жазылуу болот. Бирок башында калем менен жазылгандай болот (Лк. 14:14). Ошолордун ичинен айрымдары «жер жүзүнө төрө» болуп дайындалышат (Заб. 45:16).

11. Ысымдары өмүр китебине жазылып калышы үчүн «адил эмес адамдар» эмнени үйрөнүшү керек болот?

11 Эми бешинчи топко, «адил эмес адамдарга», токтололу. Алар тирүүсүндө Жахабанын талаптары жөнүндө билбегендиктен аларга ылайык жашашкан эмес. Ошондуктан ысымдары өмүр китебине жазылган эмес. Бирок Кудай аларды тирилтип ысмынын өмүр китебине жазылышына мүмкүнчүлүк берет. Аларга көп жагынан жардам керек болот. Себеби кээси көз жумганга чейин төбө чачты тик тургузган иштерди кылышкан. Ошон үчүн алар Жахабанын адил талаптарына ылайык жашаганды үйрөнүшү керек болот. Аларга жардам бериш үчүн Кудайдын Падышалыгы адамзат тарыхында болуп көрбөгөндөй окутуу ишин жүргүзөт.

12. а) Адил эместерди кимдер окутат? б) Окуп-билгендерин жашоосунда колдонбогондор эмне болушат?

12 Адил эместерди кимдер окутат? Эбегейсиз көп адамдар менен тирилген адил адамдар. Ысымдары өмүр китебине жазылышы үчүн адил эместер Жахаба менен ынак мамиле түзүшү жана ага өмүрүн арнашы керек. Иса жана аны менен кошо сот жүргүзө тургандар алардын ийгиликтерине кылдат көз салып турушат (Аян 20:4). Оңолгусу келбегендер 100 жашка чыкса да жок кылынат (Ыш. 65:20). Жахаба менен Иса жүрөктү көрө алат. Ошондуктан бейиште эч кимге жамандык кылганга жол беришпейт (Ыш. 11:9; 60:18; 65:25; Жкн. 2:25).

ӨМҮР АЛЫШ ҮЧҮН ЖАНА СОТТОЛУШ ҮЧҮН ТИРИЛЕ ТУРГАНДАР

13, 14. а) Мурда Жакан 5:29ду кантип түшүнчүбүз? б) Иса аяттагы сөздөрдү кайсы чакта айткан? Түшүндүргүлө.

13 Иса да жер бетине тириле тургандар жөнүндө мындай деген: «Мүрзөлөрдө жаткандардын баары анын үнүн уга турган убак келет. Ошондо өлгөндөр мүрзөдөн чыгышат: жакшылык кылгандар өмүр сүрүш үчүн, жамандык кылгандар соттолуш үчүн тирилет» (Жкн. 5:28, 29). Муну менен ал эмне дегиси келген?

14 Мурда жер бетине тириле тургандар жаман же жакшы иштерди тирилгенден кийин кылышат деп түшүнүп келгенбиз. Бирок көңүл бурсаңар, бул жерде Иса мүрзөдөн жаңы эле чыккандардын иштери жөнүндө келер чакта айткан эмес. Ал «жакшылык кылгандар» жана «жамандык кылгандар» деп өткөн чакта айткан. Демек, алар андай иштерди өлгөнгө чейин кылышкан. Бул чын эле акылга сыярлык. Жаңы заманда жамандык кылганга эч кимге жол берилбейт. Ошондон улам адил эместер жаман иштерди мурда кылып келишкен деп айта алабыз. Анда Иса пайгамбардын «өмүр сүрүш үчүн» жана «соттолуш үчүн тирилет» деген сөздөрүн кандай түшүнсөк болот?

15. Кимдер «өмүр сүрүш үчүн» тирилет жана эмне үчүн?

15 Көз жумганга чейин жакшы иштерди кылган адил кишилер «өмүр сүрүш үчүн» тирилет. Алардын ысымдары көзү тирүүсүндө эле өмүр китебинде бар болчу. Ушундан улам Жакан 5:29да «жакшылык кылгандар» деп сүрөттөлгөндөр менен Элчилер 24:15те айтылган «адил адамдар» бир эле топту билдирет деп айтсак болот. Бул түшүнүк Римдиктер 6:7де айтылгандар менен шайкеш келет. Ал жерде: «Өлгөн адам күнөөсүнөн арылат»,— деп жазылган. Өлгөндөн кийин адил адамдардын күнөөлөрү жокко чыгарылган. Ал эми жакшы иштери унутулган эмес (Евр. 6:10). Бирок аттары өмүр китебинен өчүрүлбөшү үчүн тирилгенден кийин да Кудайга ишенимдүү кызмат кыла бериши керек болот.

16. Исанын «соттолуш үчүн тирилет» деген сөздөрү эмнени билдирет?

16 Анда тирүүсүндө жаман иштерди кылгандар жөнүндө эмне десек болот? Алар көзү өткөндөн кийин күнөөлөрүнөн арылса да, тирүү кезинде Жахабага кызмат кылышкан эмес. Ошондуктан аттары өмүр китебине жазылган эмес. Демек, «жамандык кылгандар» менен Элчилер 24:15те айтылган «адил эмес адамдар» бир эле топту билдирет. Алар «соттолуш үчүн тирилет» *. Кандай мааниде? Мындайча айтканда, алар сынакта болушат (Лк. 22:30). Өмүр китебине жазылганга татыктуу же татыктуу эмес деп табылыш үчүн убакыт керек болот. Мурунку жаман жолунан кайтып, өздөрүн Жахабага арнаганда гана ысымдары өмүр китебине жазылат.

17, 18. Жер бетине тирилгендердин баары эмне кылышы керек болот жана Аян 20:12, 13тө айтылган «иштер» кайсы иштерди билдирет?

17 Тириле турган адил адамдар да, адил эместер да 1000 жылдын ичинде ачыла турган жаңы түрмөктөрдөгү мыйзамдарга баш ийиши керек болот. Элчи Жакан бул жөнүндө аян алып, аны мындай деп сүрөттөгөн: «Тактынын алдында турган өлгөндөрдү: жогорку даражалууларды да, карапайымдарды да көрдүм. Түрмөктөр ачылды. Анан дагы бир түрмөк ачылды, ал өмүр түрмөгү эле. Өлгөндөр өз иштерине жараша, түрмөктөрдө жазылгандарга ылайык соттолушту» (Аян 20:12, 13).

18 Тирилгендер кайсы «иштерине» жараша соттолот? Каза болгонго чейин кылган иштерине жарашабы? Жок! Жогоруда алардын мурунку күнөөлөрү дүйнө салганда жокко чыкканын айтканбыз. Ушуну эске алганда, аяттагы «иштер» деген сөз алардын мурунку иштерин билдириши мүмкүн эмес. Тирилгендер жаңы заманда ала турган билимине ылайык жашаар-жашабасына жараша соттолот. Атүгүл Нух, Шемуел, Дөөтү жана Даниел сыяктуу Жахабанын ишенимдүү кызматчылары да Иса Машаяк жөнүндө билим алып, анын курмандыгына ишениши керек болот. Анда адил эместер андан бетер көп нерсени окуп-үйрөнүшү керек болбойбу?!

19. Сонун мүмкүнчүлүктү четке каккандардын акыры эмне болот?

19 Мындай сонун мүмкүнчүлүктү четке каккандар акыры эмне болот? Аян 20:15те: «Өмүр китебине жазылбагандардын баары оттуу көлгө ыргытылды»,— делет. Ооба, алар биротоло жок болушат. Анда ысмыбыз өмүр китебине жазылып, андан өчпөшү үчүн күч жумшаганыбыз кандай гана маанилүү!

Миң жылдыктын тушунда кулач жая турган ири окутуу ишине катышып жаткан ишенимдешибиз (20-абзацты карагыла)

20. Миң жылдык башкаруу учурунда жүрөк толкутарлык кандай иш жүргүзүлөт? (Мукабадагы сүрөттү карагыла.)

20 Миң жылдык башкаруу учуру кандай гана жүрөк толкутарлык болот! Жер жүзүндө эзели болуп көрбөгөн окутуу иши жүргүзүлөт. Ал адилдер да, адил эместер да сынала турган мезгил болот (Ыш. 26:9; Элч. 17:31). Окутуу иши кантип жүргүзүлөт? Кийинки макалада жазылгандар бул кереметтүү чараны түшүнгөнгө, баалаганга жардам берет.

147-ЫР: Кудай түбөлүк өмүр убада кылган

^ Жакан 5:28, 29да «өмүр сүрүш үчүн» жана «соттолуш үчүн тириле» турган 2 топ жөнүндө айтылат. Бул макалада ошол аятка байланыштуу түшүнүгүбүздүн өзгөргөнүн карайбыз. Ошондой эле 2 топтун бири-биринен эмнеси менен айырмаланарын жана аларга кимдер кирерин талкуулайбыз.

^ Бул китеп «дүйнө негизделгенден бери» жазылып келатат. «Дүйнө негизделген» убак Исанын курмандыгы колдонула баштаган убакты билдирет (Мт. 25:34; Аян 17:8). Демек, өмүр китебине биринчилерден болуп Абылдын ысымы жазылган десек жаңылышпайбыз.

^ Бул аяттагы «соттоо» деген сөздү мурун терс мааниде түшүнчүбүз. Башкача айтканда, кимдир бирөөгө каршы чыгарылган өкүмдү билдирет деп ойлочубуз. Албетте, бул сөз ошол маанини деле камтышы мүмкүн. Бирок бул контекстте, сыягы, Иса «соттоо» деген сөздү кеңири мааниде колдонгон. Ал кимдир бирөөгө кылдат байкоо салуу, сыноо же грек тилиндеги ыйык китептик бир сөздүккө ылайык, «көзүн албай кароо» дегенди айткысы келген.