Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

3-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Жахаба сага ийгиликке жеткенге жардам берет

Жахаба сага ийгиликке жеткенге жардам берет

«Жахаба Жусуп менен болду. Ошондуктан ал бардык иштеринде ийгиликке жетти» (БАШТ. 39:2).

30-ЫР: Куткаруучум, Атам, Досум

БУЛ МАКАЛАДА a

1, 2. а) Башыбызга кыйынчылык түшкөндө, эмне үчүн таң калбайбыз? б) Бул макалада эмнелерге токтолобуз?

 ЖАХАБАНЫН эли катары биз башыбызга мүшкүл түшкөнүнө таң калбайбыз деле. Анткени, Ыйык Китепте айтылгандай, «Кудайдын Падышалыгына... көптөгөн кыйынчылыктар аркылуу киришибиз керектигин» жакшы билебиз (Элч. 14:22). Ошондой эле кээ бир кыйынчылыктарыбыз Кудайдын жаңы заманы келгенге чейин толугу менен чечилбей турганын түшүнөбүз. Ал кезде өлүм, кайгы, өкүрүк, оору болбойт (Аян 21:4).

2 Жахаба бизди бардык эле кыйынчылыктардан калкалай бербейт. Бирок аларды көтөрүп кеткенге күч берет. Элчи Пабылдын Римдеги Исанын жолдоочуларына эмне дегенине көңүл бурсаң. Ал адегенде өзү жана ишенимдештери туш болуп жаткан кыйынчылыктарды санап өткөн. Андан соң: «Бизди сүйгөндүн жардамы менен биз бардык жагынан жеңишке жетип жатабыз»,— деп жазган (Рим. 8:35—37). Бул сөздөр кыйынчылыкка батып, азап чегип жаткан күндө да Жахабанын сага ийгиликке жеткенге жардам берерин көрсөтүп турат. Кел анда, Жахабанын Жусупту кантип ийгиликке жеткиргенин карап чыгалы. Ошондой эле сага да кантип көмөк кыларына токтолобуз.

ЖАГДАЙ КӨЗ ИРМЕМДЕ ӨЗГӨРҮП КЕТКЕН

3. Жусуптун жашоосу кантип бир саамда эле өзгөрүп кеткен?

3 Уруу башчысы Жакып уулу Жусупту жанындай жакшы көрчү. Муну жашырчу да эмес (Башт. 37:3, 4). Ошондуктан Жусуптун агалары ага көз арта баштаган. Анан өч алганга мүмкүнчүлүк түзүлгөндө, алар Жусупту Мидиандын тукумдарынан чыккан соодагерлерге сатып жиберишкен. Ошол соодагерлер аны жүздөгөн чакырым алыстыкта жайгашкан Мисирге алып кетип калышкан. Ал жактан Жусуп экинчи жолу сатылган. Мунусунда Жусупту фараондун жан сакчыларынын башчысы Потипар сатып алган. Ооба, Жусуптун жашоосу көз ачып-жумгуча эле өзгөрүп кеткен: кечээ эле атасынын сүймөнчүгү болгон жигит мисирлик кишинин бечара кулу болуп калган (Башт. 39:1).

4. Кандай кыйынчылыктарга туш болушубуз мүмкүн?

4 Ыйык Китепте жамандык эч кимдин башынан кыя өтпөй турганы жазылган (Нас. 9:11). Биз кээде бардык эле «адамдар кабылып... жүргөн» кыйынчылыктарга кабылабыз (1 Кор. 10:13). Же Исанын жолдоочусу болгонубуз үчүн эле азап чегебиз. Мисалы, Кудайга ишенгенибиз үчүн башкалар бизди шылдыңга алышы, каршы болушу, атүгүл куугунтукташы мүмкүн (2 Тим. 3:12). Бирок, кандай кыйынчылыкка туш болбо, Жахаба сага ийгиликке жеткенге жардам берет. Ал Жусупка да ошенткенге жардам берген. Кантип?

Жусуп мисирлик Потипарга кулчулукка сатылып кеткенде да, Жахаба аны ийгиликке жеткирген (5-абзацты карагыла)

5. Потипар Жусуптун эмненин аркасында ийгиликке жетип жатканын байкаган? (Башталыш 39:2—6)

5 Окугула: Башталыш 39:2—6. Потипар Жусуптун эмгекти сүйгөн, жөндөмдүү, акылдуу жигит экенин байкаган. Ал мунун себебин да жакшы билген. Ыйык Китепте: «Мырзасы Жахабанын... [Жусуптун] бардык иштерине батасын берип жатканын көрдү»,— деп айтылат b. Убакыттын өтүшү менен ал Жусупту өзүнүн жардамчысы кылып алган. Ошондой эле үйүнө башкаруучу кылып дайындап, баарын ага тапшырган. Ошонун аркасында Потипардын иши жакшы жүрө баштаган.

6. Жусуп өзүнүн жагдайына кандай карашы мүмкүн эле?

6 Бул жагдайга Жусуптун көз карашы менен караганга аракет кылып көрсөң. Ал баарынан да эмнени эңсеген? Мырзасынын көзүнө илинип, даражасы көтөрүлүшүн каалаганбы? Жок. Ал, баарынан да, эркиндикке чыгып атасына кайтып баргысы келсе керек. Потипардын үйүндө канчалык кадыр-барктуу болбосун, Жусуп башка кудайларга сыйынган мырзасынын кол алдындагы кул болчу. Жахаба Потипарга Жусупту боштондукка чыгарганга түрткү берген эмес. Бирок Жусуптун башына андан да жаман балээ түшкөнү турган.

ЖАГДАЙ ООРЛОП КЕТСЕ...

7. Жусуптун жагдайы кантип оорлогондон оорлой берген? (Башталыш 39:14, 15)

7 Башталыш 39-бөлүмдө айтылгандай, Потипардын аялынын Жусупка көзү түшүп, аны азгырганга кайра-кайра аракет кылган. Ал көшөрүп жабыша берсе да, Жусуп такыр макул болбой койгон. Акыры, ал буга ушунчалык жини кайнагандыктан «мени зордуктаганга аракет кылды» деп ага жалаа жапкан. (Окугула: Башталыш 39:14, 15.) Потипар муну укканда Жусупту түрмөгө каматып салган. Ал жакта Жусуп бир нече жыл жаткан (Башт. 39:19, 20). Ал кандай түрмө болгон? Жусуп колдонгон «зындан» деген еврей тилиндеги сөз «суу сакталган чуңкурду» же «орду» билдирет. Мындан анын түнөргөн жерде отурганын, өзүн иши бүткөн кишидей сезгенин билсе болот (Башт. 40:15). Мындан тышкары, Ыйык Китептен көрүнүп тургандай, кайсы бир убакытка чейин Жусуптун бутуна кишен салып, мойнун чынжыр менен байлашкан (Заб. 105:17, 18). Ооба, Жусуптун жагдайы оорлогондон оорлой берген. Мурда ал мырзасы ишенген кул болсо, эми байкуш кишиге айланып, түрмөгө отуруп калган.

8. Жагдайың оорлогондон оордой берсе да, эмнеден күмөн санабасаң болот?

8 Кудайдан жалынсаң да, азаптуу күндөрүңдүн аягы көрүнбөй, жагдайың оорлогондон оорлой берди беле? Кээде ошондой болуп калат. Жахаба бизди Шайтан бийлеген бул дүйнөдөгү кыйынчылыктардын баарынан калкалай бербейт (1 Жкн. 5:19). Бирок бир нерседен такыр күмөн санабасаң болот: Жахаба башыңан эмнени кечирип жатканыңды эң жакшы билет жана сага кам көрөт (Мт. 10:29—31; 1 Пет. 5:6, 7). Ал: «Сени эч качан калтырбайм, эч убакта таштабайм»,— деп убада кылган (Евр. 13:5). Атүгүл туңгуюкка кептелгендей жагдайга туш болсоң да, Жахаба баарына чыдаганга жардам берет. Анда анын Жусупту кантип колдогонуна токтололу.

Жусуп түрмөдө отурганда да, Жахаба аны менен болгон. Ошонун аркасында ал түрмөдө отургандардын башчысы болуп дайындалган (9-абзацты карагыла)

9. Зынданда жатканда Жахаба Жусуп менен болгонун эмне көрсөтүп турат? (Башталыш 39:21—23)

9 Окугула: Башталыш 39:21—23. Зынданда ушундай куурал күндөргө туш болсо да, Жахаба Жусупту ийгиликке жеткирген. Кантип? Убакыттын өтүшү менен Жусуп, Потипардыкында жүргөндөгүдөй эле, түрмө башчысынын ишеничине, урмат-сыйына татыган. Акыры, ал Жусупту түрмөдө отургандарга башчы кылып койгон. Ыйык Китепте: «Түрмө башчысы ага тапшырган нерселеринен кам саначу эмес»,— деп айтылган. Ошентип, буга чейин кыларга иши жок отурган Жусуптун алектенген жумушу пайда болгон. Мындай болору Жусуптун үч уктаса да түшүнө кирбесе керек. Ак сарай кызматчысынын аялын зордуктады деген айып менен түрмөгө түшкөн Жусуп кантип түрмө башчысы ишенген киши болуп калган? Мунун бир эле себеби бар. Башталыш 39:23тө айтылгандай, «Жахаба Жусуп менен болгон», «Жусуп эмне иш кылбасын, Жахаба ага батасын берип» турган.

10. Эмне үчүн Жусуп өзүн бардык жактан ийгиликке жеткен киши деп эсептебеши мүмкүн эле? Түшүндүр.

10 Дагы бир жолу Жусуптун жагдайына анын көз карашы менен карап көр. Кандай деп ойлойсуң, жалган жалаа жабылып, түрмөгө камалгандан кийин ал өзүн бардык жактан ийгиликке жеткен киши катары көрдү беле? Ал баарынан да эмнени көксөгөн? Түрмө башчысынын көңүлүн алгысы келгенби? Анын баарынан да акталып, эркиндикке чыксам дегенде эки көзү төрт болсо керек. Ошон үчүн жакында түрмөдөн чыга турган бир кишиден фараон менен сүйлөшүп, аны мүңкүрөткөн түрмөдөн бошонгонго жардам беришин өтүнгөн (Башт. 40:14). Бирок тиги киши боштондукка чыккандан кийин Жусупту унутуп, фараон менен сүйлөшкөн эмес. Ошонун айынан Жусуп түрмөдө дагы эки жыл отурган (Башт. 40:23; 41:1, 14). Ошентсе да Жахаба ага дагы деле батасын берип, аны ийгилик коштоп жүргөн. Кантип?

11. Жахаба Жусупка кандай өзгөчө жөндөм берген жана бул Жахабанын эркинин аткарылышына кандай салым кошкон?

11 Жусуп түрмөдө жатканда, Жахаба Мисирдин падышасына анын тынчын алган эки түш көрсөткөн. Фараон түшүнүн жандырмагын билгиси келип, бүйүрү кызыган. Ал Жусуптун түш жоруй аларын билгенде аны түрмөдөн алдырткан. Жахабанын жардамы менен Жусуп анын түштөрүн жоруп, ага даанышман кеңештерди берген. Буга фараон аябай таң калган. Жахабанын Жусупту колдоп жатканын көргөндө фараон аны бүтүндөй Мисир жеринде азык-түлүккө жооптуу киши кылып дайындаган (Башт. 41:38, 41—44). Кийин Мисир жерин эле эмес, Жусуптун үй-бүлөсү жашаган Канаан жерин да катуу ачарчылык каптаган. Ошол учурда Жусуп жогорку абалды ээлеп тургандыктан үй-бүлөсүн сактап кала алган. Ошонун аркасында Машаяк чыга турган эл жок болуп кеткен эмес.

12. Жахаба Жусупту кантип ийгиликке жеткирген?

12 Жусуптун жашоосундагы бир укмуштуу окуялар жөнүндө ойлонуп көрсөң. Потипардын көңүлүн карапайым кулга ким бурдурткан? Түрмө башчысынын түрмөдө отурган бечара кишиге ырайым кылышына ким себепчи болгон? Фараонго анын тынчын кетирген түштөрдү ким көрсөткөн? Аларды жоруганга жөндөмдү Жусупка ким берген? Жусупту бүтүндөй Мисирге көзөмөлчү кылып дайындаганга фараонго ким түрткү берген? (Башт. 45:5) Булардын артында Жахаба турганы айдан ачык. Ал Жусупту, эмне иш кылбасын, ийгиликке жеткирген. Акыры, Жахаба Жусуптун агаларынын арам оюн жакшылыкка айлантып, өзүнүн эркинин аткарылышына шарт түзүп койгон.

ЖАХАБА СЕНИ КАНТИП ИЙГИЛИККЕ ЖЕТКИРЕТ?

13. Жахаба биз туш болгон ар бир жагдайга кийлигише береби? Түшүндүр.

13 Жусуптун башынан өткөндөрдөн кандай жыйынтык чыгарсак болот? Биз туш болгон ар бир жагдайга Жахаба кийлигише береби? Биз кабылган окуялардын жүрүшүн багыттап, жамандыкты жакшылыкка айлантып коёбу? Жок. Бул ой Ыйык Китепте айтылгандарга карама-каршы келет (Нас. 8:9; 9:11). Бирок бир нерседен шектенбесек болот: кыйынчылыкка туш болгонубузда, Жахаба баарын көрүп турат жана жардам сурап зар какшаганыбызда, бизди угат (Заб. 34:15; 55:22; Ыш. 59:1). Ал эле эмес, ошол кыйынчылыгыбызды көтөрүп кеткенге күч берет. Кантип?

14. Башыбызга мүшкүл түшкөндө, Жахаба кантип жардам берет?

14 Мунун бир жолу — Жахаба көп учурда биз зар болуп турганда жубатып-кайраттандырат (2 Кор. 1:3, 4). Мунун калетсиздигин Түркмөнстанда жашаган Эзиз тастыктай алат. Кудайга ишенгени үчүн ал эки жылга түрмөгө кесилген. Эзиз мындай дейт: «Сот боло турган күнү эртең менен бир байке мага Ышая 30:15ти окуп берген. Ал жерде: „Тынчыңар кетпесе, ишеним артсаңар, бул силерге күч берет“,— деп жазылган. Ал аят мага дүрбөлөңгө түшпөгөнгө, бардык учурда Жахабага таянганга жардам берди. Эки жыл бою түрмөдө отурган күндөрүмдө ошол аят жөнүндө ой жүгүртүп кадимкидей чыйралып калчумун». Так керек учурда Жахаба сени да сооротуп, дем-күч берген учурлар болду беле?

15, 16. Торинин окуясынан эмнени билдиңер?

15 Жахабанын кантип жардам берип келгенин көбүнчө кыйынчылык өтүп кеткенден кийин гана түшүнөбүз. Муну Тори деген ишенимдешибиз да жакшы билет. Анын уулу Мейсон 6 жыл бою рак менен алышып, акыры каза болуп калган. Ошондо Торинин жүрөгү тилингени айтпаса да түшүнүктүү. Ал мындай дейт: «Эне үчүн боор этинен жаралган баласынан айрылгандан өткөн азап жоктур. Ар бир эле ата-эне балам кыйналганча өзүм кыйналсам жакшы болмок деп ойлойт болуш керек».

16 Катуу күйүткө батып, жүрөгү жараланса да, Тори кийинчерээк Жахабанын ага кантип жардам берип келгени жөнүндө ой жүгүрткөн. Тори мындай дейт: «Өткөндү эстесем, уулум ооруп калып, каза болгонго чейин, Жахаба мээримине бөлөп, колдоп келиптир. Мисалы, Мейсон ушунчалык катуу ооругандыктан аны көргөнү келгендер менен көрүшкөнгө дарманы келбей калчу. Ошондо да бир туугандар эки саат бою жол жүрүп, ооруканага үзбөй келип жатышты. Оорукананын далисинде, кандай жардам болбосун, бергенге даяр турган дайыма бирөө отурчу. Тыйын-тыпырын берип да колдоп жатышты. Аябай оор учурларда да эч нерседен өксүгөн жокпуз». Ооба, Жахаба Ториге да, Мейсонго да ошол кыйынчылыкты көтөрүп кеткенге эмне керек болсо, ошонун баарын берген. (« Жахаба бизге... эмне керек болсо, ошонун баарын берген» деген кутучаны карагыла.)

ЖАХАБАНЫН САГА КЫЛГАН ЖАКШЫЛЫКТАРЫН ДАЙЫМ ЭСТЕП ЖҮР

17, 18. Жахабанын оор учурларда колдоп жатканын аңдап, ага ыраазы болгонго эмне жардам берет? (Забур 40:5)

17 Окугула: Забур 40:5. Тоого чыгып бараткан кишинин максаты — чокуну багындыруу. Бирок ал жолду карай улам бир жерге токтоп, кооз жерлерге суктанат. Анын сыңарындай, кыйынчылык менен алпурушуп жаткан учурда да атайын убакыт бөлүп, Жахабанын сага ийгиликке жеткенге кантип жардам берип жатканы жөнүндө ойлонуп тур. Күндө кечинде мындай деп ойлон: «Бүгүн Жахаба мага кантип батасын берди? Кыйынчылыгым чечилип калбаса да, Жахаба мага чыдаганга кантип жардам берип жатат?» Ушинтип ой жүгүртүп Жахабанын жардам бергенин көрсөткөн, жок эле дегенде, бир жакшылыгын аныктаганга аракет кыл.

18 Кыйынчылыгым өтүп кетсе экен деп жалынып тиленип жаткандырсың. Ошенткениң жөндүү (Флп. 4:6). Бирок учурда алып жаткан баталарыңды да көз жаздымында калтырып койбо. Анткени Жахаба күч-кубатка толтуруп, чыдаганга жардам берерин убада кылган. Ошондуктан Жахабанын сени колдоп жатканын эч качан баркка албай койбо. Ошондо ал сени кыйын-кысталыш учурларда да Жусупту колдогондой колдоп, ийгиликке жеткирерин көрөсүң (Башт. 41:51, 52).

32-ЫР: Жахаба тарапты ээлейли!

a Башыбыздан оор кыйынчылык өтүп жатканда, өзүбүздү ийгиликке жетип жаткан адамдай деле көрбөйбүз. «Ийгилик» деген сөз кыйынчылыгыбыз чечилип, баары жай-жайына келген жагдайга гана тиешелүү деп ойлошубуз мүмкүн. Бирок Жусуптун жашоосунда болгон окуялардан бир маанилүү нерсени биле алабыз: Жахаба бизге атүгүл кыйынчылыкка малынып турганыбызда да ийгиликке жеткенге жардам берет. Бул макалада анын муну кантип кылары айтылат.

b Ыйык Китепте Жусуптун кул болуп жүрүп кийин Потипардын жардамчысы болгону бир нече эле аятта баяндалган. Бирок арадан бир канча жыл өтсө керек.