Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

6-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Ыйык Китептен анын Автору жөнүндө эмнени биле алабыз?

Ыйык Китептен анын Автору жөнүндө эмнени биле алабыз?

«Сага айткан сөздөрүмдүн баарын китепке жазып ал» (ЖЕР. 30:2).

96-ЫР: Кудайдын Сөзү — асыл кенч

БУЛ МАКАЛАДА a

1. Ыйык Китепке эмне үчүн ыраазысыңар?

 БИЗГЕ Ыйык Китепти бергени үчүн Жахаба Кудайга кандай гана ыраазыбыз! Ал анда жазылган даанышман кеңештер аркылуу бизге кыйынчылыктарга кабылганда туура иш кылууга жардам берүүдө. Ошондой эле келечегиңер жаркын болот деп үмүт берип жатат. Баарынан маанилүүсү, Жахаба Ыйык Китеп аркылуу өзүнүн кандай Кудай экени жөнүндө көп нерсени ачып берип жатат. Анын сонун сапаттары жөнүндө ой жүгүрткөнүбүздө жүрөгүбүз козголуп, ага жакындаганга жана аны менен ынак мамиле түзгөнгө түрткү алабыз (Заб. 25:14).

2. Өзү жөнүндө адамдарга ачып бериш үчүн Жахаба кандай жолдорду колдонгон?

2 Жахаба адамдардын аны таанып-билишин каалайт. Байыркы учурда ал түштөр, аяндар жана периштелер аркылуу өзү жөнүндө ачып берген (Сан. 12:6; Элч. 10:3, 4). Бирок ал ошол түштөрдү, аяндарды жана периштелер аркылуу айткан кабарларды жаздырып койбосо, бүгүнкү күндө аларды кантип изилдейт элек? Ошондуктан биз билишибиз керек болгон ойлорду Жахаба кызматчыларына: «Китепке жазып ал»,— деп айткан (Жер. 30:2). «Чыныгы Кудайдын жолу жеткилең» болгондуктан, биз менен байланышыш үчүн ал тандаган ушул ыкма эң эле мыкты жана эң эле пайдалуу экенине эч шектенбесек болот (Заб. 18:30).

3. Жахаба өзүнүн Сөзү өзгөрүлбөй сакталып калышы үчүн эмне кылган? (Ышая 40:8)

3 Окугула: Ышая 40:8. Ыйык Китепте жазылган жакшы кеңештер миңдеген жылдар бою Кудайга берилген эркектердин, аялдардын кадамына багыт берип келген. Бул кантип мүмкүн болгон? Бул чынында эле жакшы суроо. Анткени Ыйык Жазма кылымдар мурун убакыттын өтүшү менен жок болуп кете турган материалдарга жазылгандыктан, бүгүнкү күнгө чейин түп нускадагы бир да кол жазма сакталып калган эмес. Бирок Жахаба өзүнүн ыйык сөздөрүнүн көчүрүлүп турушуна көз салып турган. Ыйык Жазманын көчүрмөчүлөрү жеткилең эмес адамдар болушса да, өз ишин аябай дыкаттык менен аткарышкан. Мисалы, Еврей Жазмалары жөнүндө бир окумуштуу мындай деп жазган: «Байыркы убакта жазылган бир да эмгек Еврей Жазмаларындай так көчүрүлүп, өзгөрүлбөй сакталып калган эмес деп айтууга болот». Демек, андан бери далай суулар акса да, убакыттын өтүшү менен жок болуп кете турган материалдарга жазылса да жана көчүрмөчүлөр жеткилең эмес адамдар болушса да, бүгүнкү күндөгү колубуздагы Ыйык Китепте анын Автору Жахаба Кудайдын ойлору жазылганына эч күмөн санабасак болот.

4. Бул макалада эмнени талкуулайбыз?

4 «Жакшы, жеткилең белектердин баары» — Жахабадан (Жкп. 1:17). Ыйык Китеп — Жахаба бизге берген эң мыкты белектердин бири. Бизге берилген белектен аны тартуулаган киши жөнүндө, мисалы, анын бизди жана биздин муктаждыктарыбызды канчалык жакшы билерин билсек болот. Ыйык Китеп туурасында да ушуну айтууга болот. Ошол белек тууралуу ой жүгүрткөндө аны берген Жахаба жөнүндө көп нерсени биле алабыз. Маселен, ал белектен Жахабанын бизди жана эмнеге муктаж экенибизди жакшы билери көрүнүп турат. Бул макалада Ыйык Китеп аркылуу Жахабанын үч сапаты: акылмандыгы, адилеттүүлүгү, сүйүүсү кантип чагылдырылганы каралат. Келгиле адегенде, Ыйык Китеп Кудайдын акылман экенин кандайча далилдеп турарына токтололу.

ЫЙЫК КИТЕП КУДАЙДЫН АКЫЛМАНДЫГЫН ЧАГЫЛДЫРАТ

5. Ыйык Китепте Кудайдын акылмандыгы камтылганын эмне көрсөтүп турат?

5 Жахаба анын акылман кеңештерине муктаж экенибизди жакшы билет. Ошондуктан белеги болгон Ыйык Китепке баштан аяк өзүнүн акылман сөздөрүн жаздыртып койгон. Андагы кеңештер адамга жакшы таасир этет. Ыйык Китеп адам баласынын жашоосун өзгөрткөнгө кудуреттүү. Анын алгачкы китептерин жазып жатканда Муса пайгамбар Кудайдын элине, ысрайылдыктарга: «Булар курулай сөздөр эмес, булардан өмүрүңөр көз каранды»,— деп айткан (Мыйз. 32:47). Ыйык Жазмада жазылгандарга баш ийгендер бактылуу өмүр сүрүп, бардык иштеринде ийгиликке жетишкен (Заб. 1:2, 3). Кылымдар мурун жазылса да, Кудайдын Сөзү дагы деле көптөрдүн жашоосуна күчтүү таасир этип келет. Мисалы, jw.org сайтында 50дөн ашык кишинин окуясы баяндалган «Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат» деген рубрика бар. Ал рубрика «[Кудайдын сөзү]... ишенгендерге» чоң таасир этерин тастыктап турат (1 Тес. 2:13).

6. Бир да китеп Ыйык Китепке тең келе албайт деп эмне үчүн айтсак болот?

6 Бир да китеп Кудайдын Сөзүнө тең келбейт. Эмне үчүн? Анткени анын Автору Жахаба — кудурети чексиз, түбөлүктүү жана акылмандыгы жагынан теңдеши жок Кудай. Көптөгөн китептердин авторлорунун сөөгү эбак эле сөпөт болгон жана аларда жазылган кеңештер убакыт сынагынан өтпөй, пайда-батасы жок болуп калган. Ал эми Ыйык Китептеги принциптер эч качан эскирбейт жана алар, кайсы доордо жашабасын, адамдын жашоосун жакшы жакка өзгөртүп келген. Ошол касиеттүү китепти окуп, окугандарыбыз жөнүндө ой жүгүртсөк, анын Автору өзүнүн кубаттуу ыйык руху аркылуу бизге андагы кеңештерди жашообузда кантип колдонсок болорун үйрөтөт (Заб. 119:27; Мал. 3:16; Евр. 4:12). Ооба, Ыйык Китептин Автору — тирүү Кудай — силерге аябай жардам бергиси келет. Андыктан аны үзбөй окуп туралы.

Кандайча Ыйык Китеп, байыркы замандагыдай эле, биздин күндөрдө да Кудайдын элин бириктирип келет? (7, 8-абзацтарды карагыла)

7. Ыйык Китеп Кудайдын элинин башын байыркы учурда кантип бириктирген?

7 Ыйык Китепте Кудайдын акылмандыгы камтылганын дагы бир нерсе көрсөтүп турат. Ыйык Китеп Кудайдын элинин башын бириктирип турат. Ысрайылдыктар Убадаланган жерге барганда ар кайсы аймактарга отурукташышкан. Айрымдары — балыкчы, башкалары — малчы, дагы бирөөлөрү дыйкан болуп калышкан. Бир аймакта жашаган ысрайылдыктар өз түйшүгү менен алпурушуп жатып, өлкөнүн башка жеринде жашаган мекендештеринин ал-акыбалын билбей деле калышы мүмкүн болчу. Бирок Жахаба Ыйык Жазманын окулушун жана түшүндүрүлүшүн уксун деп белгилүү бир учурларда ысрайылдыктарга чогулуп турууну буйруган (Мыйз. 31:10—13; Нек. 8:2, 8, 18). Кудайга берилген ысрайылдык кишинин Иерусалимге барганда өлкөнүн туш-тарабынан агылып келген миллиондогон мекендештерин көргөндө кандай сезимде болгонун элестетип көрсөңөр. Ушундайча Жахаба өз элине биримдүү болгонго жардам берген. Кийинчерээк Исанын жолдоочуларынын жыйналышы уюшулганда, ал жакта ар кандай тилде сүйлөгөн адамдар болгон. Алардын арасында беделдүү да, карапайым да, бай да, кедей да адамдар болгон. Ошого карабай алар Ыйык Жазманы жакшы көргөндүктөн чыныгы Кудайга биримдикте сыйынышкан. Кудайдын жолуна түшкөндөр Ыйык Китепти ишенимдештеринин аркасында гана жана бири-бири менен чогулуп тургандыктан гана түшүнө алышкан (Элч. 2:42; 8:30, 31).

8. Ыйык Китеп Жахабанын элин бүгүнкү күндө кантип бириктирип жатат?

8 Акылман Кудайыбыз Ыйык Китеп аркылуу өзүнүн элин дагы деле окутуп-үйрөтүп, башын бириктирип келет. Ыйык Китепте жан дүйнөбүздү сергиткен Кудайдын ойлору камтылган. Биз жыйналыштарга, чоң жана кичине жыйындарга дайыма чогулуп турабыз. Ал жактардан Ыйык Жазма окулуп, түшүндүрүлүп, талкууланып турат. Демек, Ыйык Китеп Жахабанын өз элине ийиндеш туруп кызмат кылганга жардам берген маанилүү куралы болуп эсептелет (Сеп. 3:9).

9. Ыйык Китепте жазылгандарды түшүнүш үчүн кайсы сапат керек? (Лука 10:21)

9 Жахабанын акылмандыгын көрсөткөн дагы бир далилге токтололу. Ал Ыйык Жазманын көптөгөн жерлерин момун кишилер гана түшүнө алгыдай кылып жаздырып койгон. (Окугула: Лука 10:21.) Ыйык Китепти дүйнөнүн чар тарабындагы адамдар окушат. Бир окумуштуу айткандай, «Ыйык Китеп эң көп окулган китеп эле болбостон, эң кылдат окулган китеп да болуп эсептелет». Бирок момун адамдар гана анда жазылгандарды чындап түшүнүп, иш жүзүндө колдоно алышат (2 Кор. 3:15, 16).

10. Жахабанын акылман экени Ыйык Китептен дагы кандайча көрүнүп турат?

10 Ыйык Китепте Жахабанын акылмандыгы камтылганын дагы бир нерсе көрсөтүп турат. Жахаба Ыйык Жазманы колдонуп өз элин жалпы жонунан окутуп-үйрөтүп эле койбостон, ар бирибизге өзүнчө акыл-насаатын берип, сооротуп-жубатып келет. Ыйык Китепти окуп жатканда Жахабанын ар бирибизге көңүл бурарын сезе алабыз (Ыш. 30:21). Башыңа кандайдыр бир кыйынчылык түшкөндө Ыйык Китепти ачып, так эле сен үчүн жазылгандай сезилген аяттарды таап алган учурларың көп эле болсо керек. Ыйык Китеп миллиондогон адамдар түшүнө алгыдай жазылган. Ошону эске алганда, кандайча анда так сага керектүү маалымат камтылсын? Мунун бир эле себеби бар: Ыйык Китептин Автору — ааламдагы эң эле акылман Кудай (2 Тим. 3:16, 17).

ЫЙЫК КИТЕП КУДАЙДЫН АДИЛЕТТҮҮЛҮГҮН ЧАГЫЛДЫРАТ

11. Ыйык Китеп жазылып жатканда Кудайдын калыс экени кандайча көрүнгөн?

11 Адилеттүүлүк — Жахабанын дагы бир сапаты (Мыйз. 32:4). Адилеттүүлүк калыстык менен тыгыз байланышта. Жахаба болсо калыс, бет карама эмес Кудай (Элч. 10:34, 35; Рим. 2:11). Анын калыстыгы Ыйык Китептин кайсы тилдерде жазылганынан көрүнүп турат. Ыйык Китептин алгачкы 39 китебинин басымдуу бөлүгү еврей тилинде, ошол учурда Кудайдын эли жакшы түшүнгөн тилде, жазылган. Бирок б.з. 1-кылымына чейин грек тили кеңири колдонулуп калгандыктан, Ыйык Китептин калган 27 китеби, негизинен, ошол тилде жазылган. Жахаба өзүнүн Сөзүнүн бир эле тилде жазылышын туура көргөн эмес. Бүгүнкү күндө жер жүзүндөгү сегиз миллиарддай киши ар кандай тилдерде сүйлөйт. Анда кантип ушунча көп киши Жахабаны таанып-биле алат?

12. Даниел 12:4төгү пайгамбарлыктын азыркы акыркы күндөрдө аткарылышынын бир жолу кайсы?

12 Даниел пайгамбар аркылуу Жахаба бул дүйнөнүн акыркы күндөрүндө Ыйык Китепте камтылган «чыныгы билим көбөйөт» деп убада кылган. Көптөр ошол билимдин маани-маңызын түшүнмөк. (Окугула: Даниел 12:4.) Чыныгы билим кантип көбөйгөн? Мунун бир жолу — Ыйык Китеп жана ага негизделген адабияттар которулуп, басып чыгарылып, таратылып келет. Мунун аркасында Ыйык Китеп дүйнөдөгү эң эле көп тилге которулган жана эң эле көп таратылган китеп болуп калган. Коммерциялык уюмдар басып чыгарган Ыйык Китептердин баасы кээде асмандын башы. Ал эми Жахабанын эли анын Сөзүн ушуга чейин толугу менен же айрым бөлүктөрүн 240тан ашуун тилге которушту. Каалагандар аны бекер ала алат. Ушунун аркасында бардык улуттагы адамдар бул дүйнөнүн акыры келгенге чейин «Падышалык жөнүндөгү... жакшы кабарды» угуп жатышат (Мт. 24:14). Адилеттүү Кудайыбыз мүмкүн болушунча көбүрөөк адамдардын өзүнүн Сөзүн окуп, аны таанып-билишин каалайт. Анткени ал баарыбызды аябай жакшы көрөт.

ЫЙЫК КИТЕП КУДАЙДЫН СҮЙҮҮСҮН ЧАГЫЛДЫРАТ

13. Ыйык Китеп Жахабанын сүйүүсүн чагылдырып турат деп эмне үчүн айта алабыз? (Жакан 21:25)

13 Ыйык Китеп анын Авторунун эң негизги сапаты сүйүү экенин түшүнгөнгө жардам берет (1 Жкн. 4:8). Мисалы, Жахабанын Ыйык Китепке эмнелерди жаздыртканына жана жаздыртпаганына токтололу. Ал Ыйык Китепке аны менен ынак мамиле өрчүтүшүбүз үчүн, бактылуу өмүр сүрүшүбүз үчүн жана түбөлүк өмүргө жетишибиз үчүн эмне керек болсо, ошонун баарын жаздыртып койгон. Бирок Жахаба бизди жакшы көргөндүктөн ашыкча, кереги жок маалыматты жаздыртпай эле коюуну туура көргөн. (Окугула: Жакан 21:25.)

14. Ыйык Китепте жазылгандардан Кудайдын сүйүүсү кандайча айкын көрүнүп турат?

14 Жахабанын Ыйык Китепке эмнелерди жаздыртканынан анын кадыр-баркыбызды сыйлаары көрүнүп турат. Ошентип сүйүүсүн көрсөткөн. Ал жашообуздун ар бир тармагына майда-чүйдөсүнө чейин кийлигишип, Ыйык Китепке толгон-токой эрежелерди жаздыртып койгон эмес. Анын ордуна, өз алдыбызча ой жүгүртө алышыбыз үчүн, тарыхта жашап өткөн адамдардын окуяларын, укмуштуудай пайгамбарлыктарды жана жашоодо колдонорлук кеңештерди жаздыртып койгон. Ушундайча Жахабанын Сөзү бизге аны сүйгөнгө, ага чын жүрөктөн баш ийгенге түрткү берет.

Жахабанын байыркы учурда жашаган кызматчыларына кылган мамилеси жөнүндө эмне үчүн ой жүгүртүшүбүз керек? (15-абзацты карагыла)

15. а) Жахабанын анын Сөзүн окугандарга кызыкдар экенин эмнеден көрсөк болот? б) Сүрөттөн көрүнүп тургандай, кичинекей кыз, жигит жана апа Ыйык Китептеги кайсы инсандар жөнүндө ой жүгүртүп жатат? (Башт. 39:1, 10—12; 2 Пад. 5:1—3; Лк. 2:25—38)

15 Ыйык Китептен Жахабанын ар бирибизге абдан кызыкдар экенин биле алабыз. Кандайча? Анын Сөзүндө адамдар түрлүү сезимдерди чагылдырган көптөгөн окуялар бар. Биз Ыйык Китепте жазылган адамдарды жакшы түшүнөбүз, анткени алар «биздикиндей эле сезимдери бар кишилерден» болушкан (Жкп. 5:17). Баарынан маанилүүсү, Жахабанын бизге окшогон адамдарга кандай мамиле кылганы жөнүндө ой жүгүрткөндө анын «абдан боорукер, кайрымдуу экенин» жакшыраак түшүнө алабыз (Жкп. 5:11).

16. Ыйык Китептен жаза басып алган адамдар жөнүндө окуганда Жахаба жөнүндө эмнени билсек болот? (Ышая 55:7)

16 Ыйык Китепте Жахабанын сүйүүсү дагы башкача жол менен ачылып берилген. Анда жаңылып-жазган учурларыбызда Кудайдын бизди эч качан таштап салбай турганы айтылат. Алсак, ысрайылдыктар Жахабага каршы кайра-кайра күнөө кыла беришкен. Бирок чын жүрөктөн өкүнгөндө, Кудай аларды кечирген. (Окугула: Ышая 55:7.) Исанын 1-кылымдагы жолдоочулары дагы Кудайдын аларды аябай жакшы көрөрүн билишкен. Мисалы, ыйык рухтун жетеги менен элчи Пабыл ишенимдештерине олуттуу күнөө кылып жүрүп, бирок өкүнгөн кишини «айкөлдүк менен кечирип, сооротушу» керектигин айткан (2 Кор. 2:6, 7; 1 Кор. 5:1—5). Кызматчылары жаза басып алганда, Жахабанын аларды дароо четке кагып салбаганы кандай жакшы! Анын ордуна, аларга жылуу-жумшак жардам берип, оңдоп-түзөп, канатынын астына кайрадан калкалаганга чакырган. Бүгүнкү күндө да Жахаба күнөөсү үчүн өкүнгөн кызматчыларына ушундай мамиле кылам деп убада берүүдө (Жкп. 4:8—10).

КУДАЙДЫН «ЖАКШЫ... БЕЛЕГИН» — ЫЙЫК КИТЕПТИ — ЖОГОРУ БААЛАГЫЛА

17. Эмне үчүн Ыйык Китепти өзгөчө белек деп айтууга болот?

17 Жахаба бизге эң сонун белекти — Ыйык Китепти — берген. Ал эмнеси менен өзгөчө? Жогорудан билгенибиздей, Ыйык Китеп Кудайдын акылман, адилеттүү экенин жана бизди аябай жакшы көрөрүн далилдеп турат. Ошондой эле Жахабанын аны таанып-билишибизди, аны менен дос болушубузду каалаарын көрсөтүп турат.

18. Жахабанын «жакшы... белеги» болгон Ыйык Китепке ыраазы экенибизди кантип көрсөтсөк болот?

18 Биз Кудайдын «жакшы... белегинин», Ыйык Китептин, баркын билбей калбайлы (Жкп. 1:17). Келгиле, ага канчалык ыраазы экенибизди иш жүзүндө көрсөтө берели. Ан үчүн андагы ыйык сөздөрдү тиленип алып окуйлу жана окугандарыбыз жөнүндө ой жүгүртөлү. Ошентсек, анын Улуу Автору аракетибизге батасын берерине жана ал «жөнүндөгү билимди табарыбызга» эч шектенбесек болот (Накыл 2:5).

98-ЫР: Жазма Кудайдын жетеги менен жазылган

a Ыйык Китеп бизге Жахабага жакындаганга жардам берет. Андан Кудайдын акылмандыгы, адилеттүүлүгү, сүйүүсү жөнүндө эмнени билсек болот? Ушул суроого жооп алсак, Кудайдын Сөзүн ого бетер баалап калабыз. Ошондой эле анын чынында эле асмандагы Атабыздын бизге берген белеги экенине ынанабыз.