Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

9-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Кудайдын белегин, өмүрдү, жогору баала!

Кудайдын белегин, өмүрдү, жогору баала!

«Биз анын аркасы менен жашап, анын аркасы менен кыймылдап, тирүү жүрөбүз» (ЭЛЧ. 17:28).

141-ЫР: Жашоонун керемети

БУЛ МАКАЛАДА a

1. Өмүрүбүз Жахаба үчүн канчалык баалуу?

 ДОСУҢ сага аябай эски, бирок наркы өтө жогору колго тартылган кооз сүрөттү белек кылды дейли. Анын кээ бир жерлери өңүп кеткен, анча-мынча тактары жана кичинекей жаракалары бар. Ушундай аз-маз кемтиктери болсо да, ал сүрөт миллиондогон долларларга бааланат. Сен аны көзүңдүн карегиндей сактап бааламаксың. Анын сыңарындай, Жахаба бизге баа жеткис белекти, өмүрдү, берген. Бизди өлүмдөн арылтыш үчүн өз Уулун берип, өмүрүбүздү жогору баалаарын көрсөткөн (Жкн. 3:16).

2. 2 Корунттуктар 7:1де айтылгандай, Жахаба биздин эмне кылышыбызды каалайт?

2 Жахаба — өмүрдүн Булагы (Заб. 36:9). Элчи Пабыл да муну жакшы түшүнгөн. Ал: «Биз анын аркасы менен жашап, анын аркасы менен кыймылдап, тирүү жүрөбүз»,— деген (Элч. 17:25, 28). Мына ошондуктан өмүрүбүз Кудайдын белеги деп ишенимдүү түрдө айта алабыз. Мээримдүү Кудайыбыз тирүү жүрүшүбүз үчүн эмне керек болсо, ошонун баарын берип келет (Элч. 14:15—17). Бирок аман-эсен жүрсүн деп кереметтерди кылбайт. Ал кадимки жана рухий саламаттыгыбызга кам көрүш үчүн колубуздан келгендин баарын кылышыбызды каалайт. (Окугула: 2 Корунттуктар 7:1.) Анда сак-саламатта болуп, тирүү жүрүшүбүз үчүн эмне кылышыбыз керек? Муну кантип кыла алабыз?

ӨМҮРДҮ БААЛА

3. Ден соолугубузга кам көрүшүбүз керектигинин бир себеби кайсы?

3 Биз эмне үчүн ден соолугубузга кам көрүшүбүз керек? Мунун бир себеби — ден соолугубуз канчалык чың болсо, Жахабага ошончолук жакшы кызмат кыла алабыз (Мр. 12:30). Биз денебизди «тирүү, ыйык, Кудайга жагарлык курмандыкка бергибиз» келет. Ошон үчүн ден соолугубузга зыян келтире турган нерселердин баарынан качабыз (Рим. 12:1). Бирок колубуздан келгендин баарын кылсак да, оору-сыркоодон толугу менен кача албайбыз. Ошентсе да ден соолугубузду чыңдаганга бүт күчүбүздү жумшай бергибиз келет. Анткени асмандагы Атабызга ал берген белекти, өмүрдү, жогору баалаарыбызды көрсөткүбүз келет.

4. Дөөтү падыша эмне кылгысы келген?

4 Дөөтү падыша Кудай берген белекти, өмүрдү, эмне үчүн баалаары тууралуу мындай деп жазган: «Көргө түшкөнүмдөн, канымдын төгүлгөнүнөн эмне пайда? Сени топурак даңктайбы, чындыгыңды жарыялайбы?» (Заб. 30:9). Ал бул сөздөрдү карылыгы жетип, көз жумарына аз калганда жазса керек. Ошентсе да Дөөтү Жахабаны даңктап-даңазалай бериш үчүн мүмкүн болушунча узак жашагысы жана чың ден соолукта болгусу келген. Баарыбыздын эле ошенткибиз келери айтпаса да түшүнүктүү.

5. Оорусак да, карысак да эмне кыла алабыз?

5 Оору-сыркоонун, карылыктын айынан мурун кылып эле жүргөн көптөгөн нерселерди кылганга каарубуз жетпей калышы мүмкүн. Ошондон улам өзүбүздү эч нерсеге жарабагандай сезип, көңүлүбүз чөгүшү ыктымал. Ошентсе да карылык менен оору-сыркоого моюн сунуп отуруп калбай, ден соолугубузга андан ары да кам көрө беришибиз керек. Эмне үчүн? Анткени канчалык карыбайлы, канчалык оорунун азабын жебейли, Дөөтү падышадай болуп, Жахабаны даңктай алабыз. Карылыкка бой сунуп, оору менен алышып жүрсөк да, Жахаба бизди баары бир деле баалайт. Бул жүрөгүбүздү кандай гана жылытат! (Мт. 10:29—31). Кокус, көзүбүз өтүп кетсе да, ал бизди сөзсүз тирилтет. Муну самап күтөт (Аюп 14:14, 15). Ооба, ден соолугубуз чың, өмүрүбүз узак болуш үчүн көзүбүз тирүү кезде колубуздан келгендин баарын кылгыбыз келет.

ЖАМАН АДАТТАРДАН АЛЫС БОЛ

6. Жахабанын ичип-жегенге байланыштуу көз карашы кандай?

6 Ыйык Китеп ден соолукка кам көрүүгө, туура тамактанууга байланыштуу китеп эмес. Бирок андан Жахабанын буларга карата көз карашын биле алабыз. Мисалы, Ыйык Китепте денебизден «мүшкүлдү алыс кылышыбыз» керектиги, тактап айтканда, денебизге зыян тийгизе турган нерселерден качышыбыз керектиги айтылат (Нас. 11:10). Алсак, соргоктук да, аракечтик да ден соолукка зыян. Экөө тең Ыйык Китепте туура эмес экени айтылат (Накыл 23:20). Ошондуктан Жахаба өзүбүздү кармай билип, чени менен ичип-жешибизди каалайт (1 Кор. 6:12; 9:25).

7. Накыл сөздөр 2:11де жазылган кеңеш ден соолукка байланыштуу туура чечимдерди чыгарганга кандайча жардам берет?

7 Кудай берген белекти — өмүрдү — жогору баалаарыбызды көрсөтүш үчүн ой жүгүртүү жөндөмүбүздү колдонушубуз керек. (Заб. 119:99, 100; окугула: Накыл сөздөр 2:11.) Маселен, бир нерсени жээрдин алдында жакшылап ойлонгонубуз дурус. Кайсы бир тамакты жакшы көрөбүз дейли. Бирок аны жесек, кыйналып каларыбызды билебиз. Андайда акыл-эстүү болуп, аны жебей эле койгонубуз туура. Андан тышкары, жетиштүү уктасак, дайыма көнүгүү жасап турсак, жуунуп-тазаланып, үйүбүздү да таза сактасак, акыл-эстүү экенибизди көрсөтөбүз.

КЫРСЫКТЫН АЛДЫН АЛГАНГА АРАКЕТ КЫЛ

8. Ыйык Китептен Кудайдын коопсуздугубузга карата көз карашы жөнүндө эмнени биле алабыз?

8 Үйдө же бир иш кылып жатканда кырсык болуп кетиши мүмкүн. Ошондуктан Жахаба ысрайыл элине өмүргө коркунуч туудурган кырсыктардын алдын алган белгилүү бир көрсөтмөлөрдү берген (Чыг. 21:28, 29; Мыйз. 22:8). Мисалы, кимдир бирөө кокусунан башка бирөөнү өлтүрүп алса, анын кесепетин тартмак (Мыйз. 19:4, 5). Мыйзамда атүгүл курсакта жаткан балага зыян тийгизген киши да жазасыз калмак эместиги жазылган (Чыг. 21:22, 23). Ыйык Жазмадагы бул мыйзамдардан Жахабанын коопсуздукка олуттуу маани беришибизди каалаары көрүнүп турат.

Бул жагдайларда өмүрдү баалаарыбызды кантип көрсөтө алабыз? (9-абзацты карагыла)

9. Кантип кырсыктын алдын алса болот? (Сүрөттөрдү да карагыла.)

9 Үйдө, жумушта коопсуздук чараларына олуттуу маани берсек, Кудай берген белекти, өмүрдү, баалаарыбызды көрсөтөбүз. Мисалы, учтуу, курч буюм-тайымдарды, уулуу химиялык заттарды же дары-дармектерди ыргыта турган болсок, аларды башкаларга зыян келтирбегидей кылып жок кылышыбыз керек. Же аларды балдар жетпеген жерлерде сакташыбыз кажет. Андан тышкары, от жакканда, бир нерсе кайнатканда же электр тогу менен иштеген эмгек шаймандарын колдонгондо этият болгонубуз маанилүү. Ошондой эле аларды кароосуз таштабашыбыз абзел. Эгер ой жүгүртүүбүздү, кыймыл-аракетибизди жайлата турган дарыларды ичип жүрсөк, ичимдик ичсек же уйкубуз канбаса, машине айдабай эле койгонубуз жакшы. Ошондой эле айдап баратканда телефонду колубузга алып алып алаксыбашыбыз керек.

КЫРСЫК БОЛГОНДО

10. Кырсыкка чейин жана кырсык учурунда эмнелерди кылсак болот?

10 Кээ бир учурларда айрым кырсык-каргашаларды токтотуу колубуздан келбейт. Буга табигый кырсыктарды, эпидемияларды жана кандуу кагылышууларды мисал кылса болот. Бирок ошондой болгон күндө да, өмүрүбүздү сактап калыш үчүн жана коопсуз болушубуз үчүн колубуздан келгенди кыла алабыз. Маселен, бийликтегилер коменданттык саат киргизсе, коопсуз жакка көчкүлө десе же башка чектөөлөрдү коюшса, баш иебиз (Рим. 13:1, 5—7). Айрым кырсык-каргашалардын болорун алдын ала билсе болот. Ошондуктан андай кырсыктарга даяр болуш үчүн өкмөт берген көрсөтмөлөргө карманышыбыз керек. Мисалы, суу, көпкө чейин сактала турган тамак-аш жана биринчи жардам көрсөткөнгө керектүү дары-дармек даярдап койгонубуз жакшы.

11. Жугуштуу оору жайыла баштаса, эмне кылышыбыз керек?

11 Биз жашаган жакта жугуштуу ооруу жайыла баштаса, эмне кылышыбыз керек? Андайда өкмөт берген сактык чараларына карманышыбыз зарыл. Мисалы, алар колуңарды жууп тургула, аралыкты сактагыла, беткап тагынгыла же карантинде болгула деши мүмкүн. Ушу сыяктуу көрсөтмөлөргө так кармансак, Жахаба берген өмүрдү жогору баалаарыбызды көрсөтөбүз.

12. Накыл сөздөр 14:15те жазылган принцип өзгөчө кырдаалдарда тарап кеткен маалыматтарды ылгай билгенге кандайча жардам берет?

12 Өзгөчө кырдаалдарда достор, кошуна-колоңдор арасында, жалпыга маалымдоо каражаттарында имиш сөздөр тарай башташы мүмкүн. Андайда «ар бир сөзгө ишене бербей», өкмөттөгүлөр жана саламаттыкты сактоо жаатындагылар берген маалыматтардын ичинен эң эле ишеничтүүлөрүнө кулак кагышыбыз керек. (Окугула: Накыл сөздөр 14:15.) Жетектөөчү Кеңеш жана филиалдар жыйналыштарга, кабар айтуу ишине байланыштуу кандайдыр бир көрсөтмөлөрдү берердин алдында ошондой так маалыматтарды алганга бүт күчүн жумшашат (Евр. 13:17). Андыктан уюм берген көрсөтмөлөргө баш ийсек, өзүбүздү да коргойбуз, башкаларга да зыян тийгизбейбиз. Ошондой эле жергебиздеги эл Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө жакшы ойдо калышы мүмкүн (1 Пет. 2:12).

КАН КУЙДУРБАШ ҮЧҮН АЛДЫН АЛА ДАЯРДАН

13. Канга байланыштуу маселе туулганда Кудай берген өмүрдү баалаарыбызды кантип көрсөтөбүз?

13 Көптөр Жахабанын Күбөлөрүнүн кан куйдурбай турганын жакшы билишет. Анткени биз канды ыйык деп эсептейбиз. Биз кан куйдуруудан баш тартып, Жахабанын канга байланыштуу мыйзамына баш иебиз. Атүгүл өмүрүбүз кылдын учунда турган оор жагдайларда да ошентебиз (Элч. 15:28, 29). Бирок бул жашайбызбы, өлөбүзбү, баары бир дегенди билдирбейт. Тескерисинче, биз Кудай берген белекти, өмүрдү, абдан баалайбыз. Ошондуктан кансыз дарылоонун эң эле сапаттуу ыкмаларын колдонгонго дилгир мыкты доктурларды издейбиз.

14. Дарылануунун олуттуу түрлөрүн колдонуу ыктымалдыгын канткенде азайта алабыз?

14 Эгер ушул макалада айтылган кеңештерге ылайык иш кылсак, операция жасатуунун же дарылоонун олуттуу ыкмаларын колдонуунун зарылдыгы болбошу мүмкүн. Бирок ошенткенге туура келген күндө да, ден соолугубуз канчалык чың болсо, операцияны ошончолук оңой көтөрүп, бат сакайып кетебиз. Андан сырткары, үйүбүз, жумушубуз мүмкүн болушунча коопсуз болуш үчүн колубуздан келгендин баарын кылсак, жол эрежелерине бекем кармансак, шашылыш түрдө операция кылдырганга туура келбейт.

Өмүрдү баалагандыктан «Эрк билдирүү» документин толтуруп, дайыма жаныбызга ала жүрөбүз (15-абзацты карагыла) d

15. а) «Эрк билдирүү» документин дайыма жаныбызда алып жүргөнүбүз жана анын мөөнөтү өтпөгөнүн текшерип турганыбыз эмне үчүн маанилүү? (Сүрөттү да карагыла.) б) Видеодо көрсөтүлгөндөй, канга байланыштуу көз карашыбызды доктурларга кантип билдирсек болот?

15 Биз өмүрдү абдан жогору баалагандыктан «Медициналык жардам алууга байланыштуу эрк билдирүү жана ишеним кат» деген документти толтуруп, аны дайыма жаныбызда алып жүрөбүз b. Ал жакка кан куйдурууга, ден соолугубузга жана дарылоонун кандай түрлөрүн тандаарыбызга байланыштуу көз карашыбызды жазабыз. Ошол документиңдин мөөнөтү өтүп кеткен жокпу? Эгер аны толтурушуң же ал жактагы маалыматты жаңыртышың керек болсо, муну кийинкиге калтырбай дароо кыл. Ал документке көз карашыңды так-айкын жазып койсоң, доктурлар менен көпкө чейин сүйлөшкөнгө туура келбейт жана батыраак дарылана баштайсың. Ошондой эле доктурлар бизди түшүнбөй калып, ден соолугубузга залакасын тийгизе турган дарылоонун ыкмаларын же дарыларды колдонуп салбайт c.

16. «Эрк билдирүү» документин кантип толтурушту билбей жатсак, эмне кылсак болот?

16 Канчалык жаш болбойлу, ден соолугубуз канчалык чың болбосун, кырсык каш-кабактын ортосунда. Оору-сыркоого да чалдыгып калышыбыз мүмкүн (Нас. 9:11). Ошондуктан «Эрк билдирүү» документин толтуруп койгонубуз акылдуулукка жатат. Эгер аны кантип толтурушту билбей жатсаң, жыйналышыңдагы аксакалдардан жардам сура. Алар ошол документти кантип толтуруш керектигин үйрөтө алышат, бирок сен үчүн чечим чыгара алышпайт. Бул — сенин жоопкерчилигиң (Гал. 6:4, 5). Анткен менен аксакалдар ыкмаларды түшүндүрүп бере алышат жана аны кагаз бетине түшүргөнгө көмөк көрсөтө алышат.

АКЫЛ-ЭСТҮҮ БОЛ

17. Ден соолукка байланыштуу маселеде акыл-эстүү экенибиз эмнелерден көрүнөт?

17 Ден соолугубузга жана дарылоонун түрлөрүнө байланыштуу көптөгөн чечимдерибизди Ыйык Китептин негизинде тарбияланган абийирибизге жараша чыгарабыз. Бул туура дагы (Элч. 24:16; 1 Тим. 3:9). Чечим чыгарып жатканда жана бул туурасында башкалар менен сүйлөшүп жатканда Филипиликтер 4:5те жазылган принципке ылайык иш кылышыбыз керек. Ал жакта: «Эстүүлүгүңөр бардык адамдарга белгилүү болсун»,— деп айтылган. Эгер акыл-эстүү болсок, эс-дартыбыздын баары эле ден соолук болуп калбайт. Башкаларга да өзүбүздүн көз карашыбызды таңуулабайбыз. Ишенимдештерибиздин чечимдери биздикинен айырмаланса да, аларды баары бир деле жакшы көрөбүз жана урматтап-сыйлай беребиз (Рим. 14:10—12).

18. Кудай берген белекти, өмүрдү, баалаарыбызды кантип көрсөтөбүз?

18 Жахабага — өмүрдүн Булагына — ыраазы экенибизди кантип көрсөтө алабыз? Ан үчүн өмүрүбүзгө аярлап мамиле кылышыбыз жана Жахабага эң жакшысын беришибиз керек (Аян 4:11). Азырынча оору-сыркоого чалдыгып же кырсык-каргашага туш болуп калышыбыз мүмкүн. Бирок Жаратканыбыз биздин ушинтип жашашыбызды эч качан каалаган эмес. Жакында ал бизге түбөлүк өмүр тартуулайт. Ал кезде оору-дарттар, өлүм-житим өткөндүн ишине айланат (Аян 21:4). Ошол учур келгенче тирүү жүргөнүбүзгө шүгүр кылып, асмандагы мээримдүү Атабыз Жахабага кызмат кылганыбыз кандай жакшы!

140-ЫР: Мына, түбөлүк өмүр!

a Бул макала бизге Кудай белек кылып берген өмүрдү ого бетер баалаганга жардам берет. Оор кырдаалдарда канткенде ден соолугубуз менен өмүрүбүздү коргой алабыз? Өмүрүбүздү тобокелге сала турган кырсыктардын алдын алыш үчүн эмне кылсак болот? Катуу ооруп, доктурга көрүнүш керек болуп калган учурларга канткенде күн мурун даярдана алабыз? Бул макалада ушул суроолорго жооп алабыз.

b Бул «Эрк билдирүү» документи деп да аталат.

c jw.org сайтындагы «Канткенде канга байланыштуу туура чечим чыгара алабыз?» деген видеону көргүлө.

d СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. «Эрк билдирүү» документин толтуруп жаткан ишенимдешибиз. Ал аны дайыма жанына алып жүрөт.