Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Веб-сайтыбызды колдонууга жардам

Веб-сайтыбызды колдонууга жардам

Жарнамаланган макалаларды табуу

Ишенимдештерибиздин көбү jw.org сайтынын башкы бетинде жарнамаланган макалалардын пайдасын көрүп жатышат. Аларды сайттан эле дароо башкаларга оңой эле жөнөтсө болот. Ошондой эле ал макалаларда учурдагы окуялар Ыйык Китептеги пайгамбарлык сөздөрдүн аткарылып жатканын кандайча көрсөтүп турары түшүндүрүлөт. Бир ишенимдешибиз жазгандай, башкы бетке «так азыркы кездеги кызматыбызга ылайыктуу» макалалар чыгып жатат.

Бирок башкы бетте жарнамаланган макалалар улам алмашып турат. Анда аларды кантип тапса болот?

  • jw.org сайтынын башкы бетиндеги «Башкалары» дегенди бассаңар, «Башкы бетке чыккан акыркы макалалар» деген бет ачылат. Ал жерден жарнамаланган макалалардын эң акыркыларын таба аласыңар.

  • JW Library® тиркемесинен «Китепкана» дегендин ичинен «Макалалар жыйнагы» дегенди тандап, «Дагы башка макалалар» дегенди баскыла. Ал жерде башкы бетке чыккан макалалардын көбү камтылат.