Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

12-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Жаратылыштан Жахабаны жакшыраак биле берели

Жаратылыштан Жахабаны жакшыраак биле берели

«Анын көзгө көрүнбөгөн сапаттары... дүйнө жаралгандан бери айкын көрүнүп турат, себеби аларды анын жараткан нерселеринен баамдап билүүгө болот» (РИМ. 1:20).

6-ЫР: Асман Жахабанын даңкын жар салат

БУЛ МАКАЛАДА a

1. Аюп Жахабаны эмненин аркасында жакшыраак таанып-биле алган?

 АЮП жашоосунда көптөр менен баарлашкан чыгар. Бирок ошолордун ичинен эң эсте каларлыгы Жахаба менен курулган маеги болсо керек. Ошондо Жахаба Аюпту кереметтүү табиятка көз чаптырганга чакырган. Ошонун аркасында ал Жахабанын канчалык акылман экенин түшүнмөк. Ошондой эле кызматчылары эмнеге муктаж болсо, ошонун баарын бере аларына ынанмак. Мисалы, Кудай жаныбарларга кам көрө аларын эсине салган. Бул Жахабанын ага да кам көрө аларынан кабар берген (Аюп 38:39—41; 39:1, 5, 13—16). Жаратылышка көз чаптырып, байкоо салгандын аркасында пайгамбар Жахабанын сапаттары жөнүндө көбүрөөк биле алган.

2. Эмнеден улам жаратылышка байкоо салуу кыйынга турушу мүмкүн?

2 Биз да табиятка байкоо салып, аны менен таттуу мамиледе болсок, Кудайыбыз жөнүндө көп нерсени биле алабыз. Бирок бул дайыма эле оңойго турбайт. Мисалы, шаарда жашагандар табиятка суктаналы десе, эч нерсе деле жок болушу мүмкүн. Атүгүл жаратылыштын койнунда жашасак да, чолобуз тийбей калышы ыктымал. Анда келгиле, табиятка көз чаптырыш үчүн атайын убакыт бөлгөнүбүздүн жана күч жумшаганыбыздын эмне үчүн маанилүү экенин карайлы. Ошондой эле Жахаба менен Исанын башкаларды окутуп-үйрөткөндө табияттан эмнелерди мисал кылганын жана жаратылыштан дагы эмнелерге үйрөнө аларыбызды карап чыгалы.

ЖАРАТЫЛЫШКА ЭМНЕ ҮЧҮН БАЙКОО САЛЫШЫБЫЗ КЕРЕК?

Жахаба Адам атанын жаратылышка суктанып, рахат алышын жана жаныбарларга ат коюшун каалаган (3-абзацты карагыла)

3. Жахаба Адам атанын жаратылыштан рахат алып жашашын каалаганын эмне көрсөтүп турат?

3 Жахаба биринчи кишини, Адам атаны, жаратканда табияттан рахат алышын каалаган. Ал ага эч кимдин буту басып, колу тие элек ажайып кооз Бейиш багын берип, «ага кам көр, аны кеңейт» деп тапшырма берген (Башт. 2:8, 9, 15). Адам атанын жерди жарып көк чыкканын, гүлдөрдүн бажырая ачылганын көргөндө канчалык кубанганын элестетип көрсөңөр. Ага Эйден багынын тапшырылганы эмне деген сыймык болгон! Жахаба ага «жан-жаныбарларга ат кой» деп да айткан (Башт. 2:19, 20). Ал өзү деле ат коюп койсо болмок, бирок муну Адам атага тапшырган. Ал ат коёрдон мурун жаныбарлардын өзгөчөлүктөрүн, кылык-жоруктарын кылдат карап чыккан. Адам атага бул иш абдан жаккан болуш керек. Мунун аркасында анын Атасынын акылмандыгына, чыгармачылыгына, тапкычтыгына ыраазычылыгы артканы шексиз.

4. а) Жаратылышка байкоо салышыбыз керектигинин бир себеби кайсы? б) Жахаба жараткан нерселерден сага өзгөчө эмне жагат?

4 Эмне үчүн жаратылышка байкоо салышыбыз керек? Мунун бир себеби Жахаба ушинтишибизди каалайт. Ал бизди: «Башыңарды көтөрүп, асманды карагыла»,— деп чакырат. Анан: «Мунун баарын ким жараткан?» — деген суроо узатат. Мунун жообу айдан ачык (Ыш. 40:26). Асман Жахабанын колунан бүткөн нерселерге толгон. Ал жерди да, деңизди да ары түрлүү, ары таң каларлык жандыктарга толтурган. Ушунун баары бизге Жахаба жөнүндө көп нерселерди ачып берет (Заб. 104:24, 25). Эми анын бизди кандай кылып жаратканы жөнүндө ойлонуп көрөлү. Биз табиятка суктана алабыз. Бул жөндөмдү Жахаба өзү салган. Андан тышкары, Жахаба анын колунан бүткөн нерселерден рахат алсын деп беш туюм берген: көрүү, угуу жыт сезүү, даам татуу, ошондой эле бир нерсени кармап көрүп туюу.

5. Римдиктер 1:20га ылайык, Жахаба жараткан нерселерге байкоо салгандын кандай пайдасы бар?

5 Ыйык Китепте табиятка эмне үчүн байкоо салышыбыз керектигинин дагы бир маанилүү себеби жөнүндө айтылат. Жаратылыштан Жахабанын сапаттары жөнүндө биле алабыз. (Окугула: Римдиктер 1:20.) Мисалы, шак эле көзгө урунган нерселер жөнүндө ойлонуп көрсөңөр. Ошондой эле рахат тартуулаган түркүн-дүйүм тамак-аш жөнүндө ой калчап көрсөңөр. Бул Жахабанын адамзатты аябай жакшы көрөрүн көрсөтүп турган жокпу? Жараткан нерселеринен Жахабанын касиет-сапаттарын баамдай берсек, барган сайын аны жакшыраак таанып-билип, ага жакын боло беребиз. Жахаба адамзатка маанилүү нерселерди үйрөтүш үчүн жаратылышты колдонуп келет. Анда ошолордун бир нечесине токтололу.

ЖАХАБА ӨЗҮ ЖӨНҮНДӨ ЖАРАТЫЛЫШ АРКЫЛУУ АЧЫП БЕРЕТ

6. Жер которгон куштарга байкоо салуу эмнени эсибизге салат?

6 Жахаба ар бир нерсенин убактысын белгилеп койгон. Жыл сайын февралдын аягынан майдын ортосуна чейин ысрайылдыктар илегилектердин алардын жеринен түндүктү көздөй учуп өткөнүн көрүшчү. Кудай ысрайылдыктарга: «Асмандагы илегилек өзүнө белгиленген маалды билет»,— деп айткан (Жер. 8:7). Жахаба илегилектерге уча турган мөөнөтүн белгилеп койгондой эле, өкүмдөрүн ишке ашыра турган күндү да белгилеп койгон. Бүгүнкү күндө жер которуп бараткан куштарды көргөндө бир нерсени эстесек болот. Жахаба бул ыймансыз дүйнөнү жок кыла турган «күндү белгилеп койгон». Буга бекем ишенсек болот (Элч. 17:31).

7. Көктө көкөлөгөн кушту көргөндө эмне эсибизге түшөт? (Ышая 40:31).

7 Жахаба өз кызматчыларына күч берет. Жахаба Ышая пайгамбар аркылуу элине: «Бүркүттөй канат жайып, көккө көтөрүлөсүңөр»,— деген убада берген. Бул алар алдан-күчтөн тайып алсыраганда, көңүлү чөккөндө Жахабанын күч берерин билдирген. (Окугула: Ышая 40:31.) Аба агымдарын кармап алып, эч кандай күч жумшабай эле көктө каалгып учуп жүргөн бүркүттөрдү ысрайылдыктар көп эле көрсө керек. Бул мисал Жахаба бүркүттөргө күч бергендей эле, бизге да күч берерин эсибизге салып турат. Канатын дээрлик какпай эле көкөлөгөндөн көкөлөп бараткан кубаттуу кушту көргөндө бир нерсени унутпагыла: опол тоодой кыйынчылыктарыңарды тебелеп, алардын үстүнөн каалгып уча алышыңар үчүн, Жахаба силерге күч бере алат!

8. Аюп Жахаба жараткан нерселер жөнүндө ойлонгондо эмнеге түрткү алган жана мындан эмнени биле алабыз?

8 Жахаба таянышыбызга татыктуу. Ал Аюпка ага көбүрөөк таянганга жардам берген (Аюп 32:2; 40:6—8). Аны менен сүйлөшкөндө өзү жараткан нерселер жөнүндө: жылдыздар, булуттар жана чагылган жөнүндө айтып берген. Ошондой эле ал жапайы бука, жылкы сыяктуу жаныбарлар жөнүндө да кеп кылган (Аюп 38:32—35; 39:9, 19, 20). Аталып өткөндөр Жахабанын кудурети күчтүү экенин эле эмес, бизди абдан жакшы көрөрүн жана чексиз акылман экенин көрсөтүп турат. Ушул маектен кийин Аюп Жахабага мурункудан да көбүрөөк таянып калган (Аюп 42:1—6). Ошол сыяктуу эле, биз да Жахаба жараткан нерселерди дит коюп изилдесек, анын бизге караганда алда канча акылман, алда канча күчтүү экенин аңдайбыз. Ооба, ал кыйынчылыктарыбыздын баарын жоё алат жана муну сөзсүз кылат! Бул ага көбүрөөк таянганга түрткү бербейби?!

ИСА ЖАРАТЫЛЫШТЫ КОЛДОНУП АТАСЫНЫН САПАТТАРЫН АЧЫП БЕРГЕН

9, 10. Күн менен жаандан Жахаба жөнүндө эмнени билсек болот?

9 Иса табиятты аябай жакшы билген. Ал «чебер уста» болгон. Жахаба ага өзү менен чогуу ааламды жаратканга мүмкүнчүлүк берип эң чоң сыймык ыйгарган (Накыл 8:30). Кийинчерээк Иса жерге келгенде шакирттеринин көңүлүн табиятка буруп, Атасы тууралуу көп нерсе ачып берген. Келгиле, бир нече мисалга токтололу.

10 Жахаба ар бир кишини жакшы көрөт. Тоодогу насаатында Иса шакирттеринин көңүлүн Жахаба жараткан эки нерсеге бурган. Алар — күндүн нуру жана жамгыр. Көптөр муну боло жүргөн нерсе катары көрүшөт. Буларсыз жашообуз токтоп калмак. Жахаба өзүнө ишенбеген адамдарга буларды бербей деле койсо болмок. Бирок ал баарына күнүн да тийгизип, жамгырын да жаадырат (Мт. 5:43—45). Жахаба биздин ар бир кишини жакшы көрүшүбүздү каалайт. Муну баса белгилеш үчүн Иса ушул мисалды колдонгон. Күндүн кылкылдап батып баратканын көргөндө же сергитип жаан себелеп кеткенде, Жахаба бардык адамдарга тегиз карап, жакшы көрөрүн ойлонсок болот. Анын үлгүсү баарын жакшы көргөнгө, бирин да калтырбай кабар айтканга түрткү берет.

11. Канаттуу куштарга байкоо салганыбыз бизге кандайча дем-шык берет?

11 Жахаба бизге зарыл нерселердин баарын берет. Ошол эле тоодо айткан насаатында Иса мындай деген: «Көктө учкан канаттууларды карагылачы: алар эгин экпейт, оруп-жыйбайт, кампага да жыйнабайт, ошентсе да асмандагы Атаңар аларды азыктандырат». Балким, Иса: «Силер алардан алда канча баалуу эмессиңерби?!» — деп айтканда эл көктө учуп бараткан чымчыктарды көрсө керек (Мт. 6:26). Ушул мисал аркылуу Иса Жахабанын бизди эч нерседен өксүтпөй турганына ынандырган (Мт. 6:31, 32). Исанын табияттан алган бул мисалы Жахабанын ишенимдүү кызматчыларына бүгүнкү күнгө чейин дем-шык берип келет. Пионер болуп кызмат кылган испаниялык бир кыз жашаганга ылайыктуу үй таба албай көңүлү чөгүп жүргөн. Бирок чымчыктардын жерден урук, дан, мөмө-жемиштерди терип жеп жатканын көргөндө көңүлү көтөрүлүп, кадимкидей кайраттана түшкөн. Ал: «Жахаба ушуларга да кам көрүп жатса, анда мага кантип кам көрбөй койсун!» — деп айткан. Көп өтпөй эле ага жашаганга ылайыктуу үй табылып калган.

12. Матай 10:29—31-аяттарга ылайык, таранчылардан Жахаба тууралуу эмнени билсек болот?

12 Жахаба ар бирибизди баалайт. Иса элчилерин кабар айтууга жөнөтөрдөн мурун аларды каршы чыккандардан коркпогонго даярдаган. (Окугула: Матай 10:29—31.) Ан үчүн ал таранчыларды мисал кылган. Ысрайылдыктар каякты карабасын бардык жерден таранчыларды көрө алышкан. Ал кезде таранчылар ит бекер болчу. Бирок ал шакирттерине: «Алардын ар биринин жерге түшкөнүн асмандагы Атаңар байкап турат»,— деп айткан. Анан: «Силер топ таранчыдан да баалуусуңар»,— деп кошумчалаган. Ошентип, Иса шакирттерине Жахаба алардын ар бирин баалаарын, куугунтуктан коркпой эле койсо болорун айткысы келген. Шакирттер шаарларда, айылдарда кабар айтып жүргөндө таранчыларды көрүп Исанын сөзүн эстешсе керек. Андыктан кичинекей чымчыктарды көргөндө Жахаба жеке силерди баалаарын унутпагыла! Анткени силер «топ таранчыдан да баалуусуңар». Ал бизди колдоп турганда, кандай каршылык болбосун, жеңе алабыз! (Заб. 118:6).

ЖАРАТЫЛЫШТАН ЖАХАБА ЖӨНҮНДӨ КАНТКЕНДЕ КӨБҮРӨӨК БИЛЕ АЛАБЫЗ?

13. Табияттан Жахаба жөнүндө көбүрөөк билүүгө бизге эмне жардам берет?

13 Табияттан Жахаба жөнүндө дагы башка көп нерселерди үйрөнсөк болот. Кантип? Адегенде айланага баам салганга атайын убакыт бөлүшүбүз керек. Андан соң: «Жахаба жөнүндө эмнелерди билсем болот?» — деп ойлонгонубуз кажет. Бул дайыма эле оңойго турбашы мүмкүн. Камерунда жашаган Жералдина: «Шаарда чоңойгондуктан табиятка байкоо салганга көбүрөөк күч жумшашым керек болчу»,— дейт. Ал эми Альфонсо деген аксакал мындай дейт: «Жалгыз болуп, Жахаба жараткан табиятка суктанганга, андан: „Жахаба жөнүндө эмнени билсем болот?“ — деп ой жүгүрткөнгө атайын убакыт бөлүшүм керектигин түшүндүм».

Дөөтү айлана-чөйрөгө көз жүгүртүп: «Жахаба жөнүндө эмнени билсем болот?» — деп ойлонгон (14-абзацты карагыла)

14. Дөөтү жаратылыш жөнүндө ой жүгүрткөндө Кудай жөнүндө эмнелерди билген?

14 Дөөтү жаратылыш жөнүндө терең ой жүгүрткөн. Ал Жахабага: «Мен асманыңды, манжаларыңдын иштерин, сен жараткан ай менен жылдыздарды караганымда: „Сен унутпагыдай, ажалдуу адам ким?“» — деген (Заб. 8:3, 4). Ооба, Дөөтү жымыңдаган жылдыздарга көз чаптырганда ааламдын кеңдигине эле суктанган эмес. Ал: «Жылдыздардан Жахаба жөнүндө эмнелерди билсем болот?» — деп ойлонгон. Ошондо Дөөтү Жахабанын канчалык улук экенин түшүнгөн. Ал «түйүлдүк кезимде кантип өрчүдүм болду экен» деп да ойлонгон. Ушундай кереметтүү нерселер жөнүндө ой жүгүрткөндө Жахабанын терең акылмандыгына таң берип, ыраазычылыгы арткан (Заб. 139:14—17).

15. Табияттан Жахабанын кандай сапаттарын байкадыңар эле? Мисал келтиргиле. (Забур 148:7—10)

15 Жаратылыш жөнүндө ой жүгүртүү үчүн, Дөөтүдөй болуп, бизге да алыс барып кереги жок. Тегерекке көз чаптырсак, Жахаба жөнүндө көбүрөөк биле алабыз. Мисалы, күндүн жылуу нуру жүзүңөрдү аймалаганда, Жахабанын кубатын сезгиле (Жер. 31:35). Чымчыктын уя салып жатканын көргөндө Жахабанын канчалык акылман экени жөнүндө ойлонгула. Куйругун кубалап ойногон күчүктү көрүп калсаңар, Жахабанын тамашакөй экенин эстегиле. Эненин баласы менен ойноп жатканын көргөндө Жахабанын силерди канчалык жакшы көрөрүнө ыраазы болгула. Ооба, Жахаба жөнүндө билгенге көп мүмкүнчүлүктөр бар. Анткени чоң болобу же кичинеби, алыспы же жакынбы, каякты караба, бардыгы Жахабанын кереметтүү Кудай экенинен кабар берип турат. (Окугула: Забур 148:7—10.)

16. Эмне кылганга чечкиндүү болушубуз керек?

16 Жахаба — акылмандыгы, камкордугу, чыгармачылыгы жана күчү жагынан теңдешсиз Кудай. Ушул жана башка көптөгөн сапаттары айлана-тегеректи карасак эле анык көрүнүп турат. Келгиле, мындан ары да табиятка байкоо салып, рахат алганга, «мындан Жахаба жөнүндө эмнени билсем болот» деп ойлонгонго убакыт бөлүп туралы. Ошентсек, Жаратканыбыз менен ого бетер ынак болобуз (Жкп. 4:8). Ата-энелер жаратылышты колдонуп балдарына Жараткан менен жакын болгонго кантип жардам бере алат? Муну кийинки макаладан билебиз.

5-ЫР: Кудайдын керемет иштери

a Жахабанын колунан бүткөн табият таасирлентпей койбойт. Күндүн кубаты күч энергиясынан тартып, назик гүлдүн кичинекей желекчесине чейин укмуштуудай жаратылган. Муну көрүп суктанбай коё албайбыз. Ошондой эле табиятка байкоо салганда Жахабанын касиет-сапаттары жөнүндө көбүрөөк биле алабыз. Жаратылышка көз чаптырганга эмне үчүн атайын убакыт бөлүшүбүз керек? Ошенткенибиз бизди кандайча Кудайга жакындатат? Бул макалада мына ушул суроолорго жооп алабыз.