Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

35-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Мындан ары да чыдамдуулугуңарды өстүрө бергиле

Мындан ары да чыдамдуулугуңарды өстүрө бергиле

«Чыдамкайлыкты кийгиле» (КОЛ. 3:12).

114-ЫР: Чыдамдуу бололу

БУЛ МАКАЛАДА a

1. Чыдамдуу, сабырдуу кишилерди эмне үчүн жакшы көрөбүз?

 ЧЫДАМКАЙ, сабырдуу кишилер баарыбызга эле жагат. Биз кайсы бир нерсени кейип-кепчибей күткөндөрдү сыйлайбыз. Ошондой эле башкалар жаңылып жазып алганыбызда чыдамдуулук менен мамиле кылганына абдан ыраазы болобуз. Баарыбызга эле Ыйык Китепти изилдей баштаганда кайсы бир окууну түшүнүш, кабыл алыш же колдонуш оңой болбосо керек. Ошондо бизди окуткан кишинин сабырдуулук менен жардам бергенине абдан ыраазыбыз. Баарынан да, Жахаба Кудайдын бизге чыдамдуулук менен мамиле кылып жатканына чексиз ыраазыбыз (Рим. 2:4).

2. Кайсы учурларда сабыр сакташ кыйынга турушу мүмкүн?

2 Чыдамдуу кишилерди бааласак да, өзүбүзгө келгенде, чыдамдуу болуш кыйынга турушу мүмкүн. Мисал үчүн, өзгөчө бир жакка шашып баратканда жол тыгынына кабылсак, сабыр сакташ оңой эмес. Башкалар кыжырыбызга тийгенде да, ачууланып кетишибиз мүмкүн. Жахабанын жаңы заманга байланыштуу убадаларын күтүп жатып, айрым учурларда чый-пыйыбыз чыгышы ыктымал. Ооба, баарыбыз эле көбүрөөк чыдамдуу болгубуз келет. Бул макалада чыдамдуу болуу деген эмнени билдирерин жана аны чагылдырганыбыз эмне үчүн маанилүү экенин карайбыз. Ошондой эле дагы көбүрөөк чыдамдуу болгонго эмне жардам берерине токтолобуз.

ЧЫДАМДУУ БОЛУУ ДЕГЕН ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ?

3. Чыдамдуу киши башкалар кыжырына тийгенде эмне кылат?

3 Чыдамдуулукту кантип көрсөтсөк болорунун төрт жолун карайлы. Биринчиден, чыдамдуу киши ачууланганга шашпайт. Ал башкалар атайлап кыжырына тийгенде өздөрүнө жараша жооп бербейт жана катуу стресс болгондо өзүн кармайт. «Ачууланганга шашпоо» деген сөз Ыйык Китепте биринчи жолу Жахабага карата колдонулат. Чыгуу 34:6да ал тууралуу: «Кайрымдуу, ырайымдуу, ачууланганга шашпаган, мээримдүүлүгү менен чындыгы чексиз Кудай»,— деп айтылат.

4. Кайсы бир нерсени күтүш керек болгондо чыдамдуу киши эмне кылат?

4 Экинчиден, чыдамдуу киши токтоолук менен күтөт. Күткөн нерсеси көпкө узап кеткенде, андай киши тынчы кетип кыжырданбайт (Мт. 18:26, 27). Жашоодо токтоолук менен күтүшүбүз керек болгон учурлар көп эле кездешет. Мисалы, кимдир бирөө сүйлөп жатканда сөзүн бөлбөй, аягына чейин чыдап угушубуз керек болот (Аюп 36:2). Ошондой эле Ыйык Китепти изилдеп жаткан киши андагы кайсы бир окууну түшүнө албай жатканда же жаман адатын таштай албай кыйналганда да сабыр сакташыбыз керек болот.

5. Чыдамдуулукту дагы кайсы жактан чагылдырсак болот?

5 Үчүнчүдөн, чыдамдуу киши ойлонуп иш кылат. Албетте, айрым учурларда тез иш-аракет талап кылынат. Бирок сабырдуу кишиге маанилүү иш тапшырылса, ал ага шаша-буша кирише калбай, жакшылап ойлонуштуруп кылат. Ошондой эле ошол ишти бүтүрүш үчүн канча убакыт керек болсо, ошончо убакыт бөлөт жана иштин майын чыгара аткарат.

6. Чыдамдуу адам кыйынчылыкка туш болгондо эмне кылат?

6 Төртүнчүдөн, чыдамдуу киши кыйынчылыкты наалып-напчыбай көтөрөт. Бул жерде чыдамдуулуктун көтөрүмдүүлүк менен байланышта экенин көрсөк болот. Албетте, жакын досуңарга кайсы бир нерсеге бушайман болуп жатканыңарды айткандын жаман жери жок. Анткен менен чыдамдуу киши кыйынчылыгына карабай оң маанай сактап, Жахабага кубанычын жоготпой кызмат кыла бериш үчүн колунан келгенинин баарын кылат (Кол. 1:11). Кудайдын кызматчылары жогоруда айтылган ушул төрт жагдайда чыдамдуулук көрсөтүшү керек. Эмне үчүн? Мунун бир нече себебин карап чыгалы.

ЧЫДАМДУУ БОЛГОНУБУЗ ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ?

Дыйкан эгин эгип, аны өз убагында оруп аларына шектенбей, чыдамдуулук менен күткөндөй эле, биз да Жахабанын убадаларын өз убагында аткарарына бекем ишенип, чыдамдуулук менен күтүшүбүз керек (7-абзацты карагыла)

7. Жакып 5:7, 8ге ылайык, чыдамдуулук эмне үчүн абдан маанилүү? (Сүрөттү да карагыла.)

7 Куткарылышыбыз үчүн чыдамдуу болгонубуз маанилүү. Кудайдын байыркы убактагы кызматчыларындай болуп биз дагы Кудайдын убадаларынын аткарыларын чыдамдуулук менен күтүшүбүз керек (Евр. 6:11, 12). Ыйык Китепте биздин жагдайыбыз дыйкандыкына салыштырылат. (Окугула: Жакып 5:7, 8.) Мисалы, дыйкан эгин эгип, аны сугарыш үчүн күжүрмөн эмгектенет. Бирок анын качан өнүп чыгарынын так убактысын билбейт. Андыктан түшүм аларынан шектенбей анын өсүп чыгышын чыдамдуулук менен күтөт. Ошо сыңары, Мырзабыздын «кайсы күнү келерин билбесек» да, биз рухий иштер менен алек болуп жатабыз (Мт. 24:42). Биз чыдамдуулук менен күтүп, Жахабанын убадаларын өз учурунда аткарарына бекем ишенебиз. Эгер чыдамыбыз кете баштаса, күткөндөн чарчап, билинбей эле Жахабадан алыстай башташыбыз ыктымал. Андан тышкары, азыртан эле рахатка батып жашоого умтула башташыбыз мүмкүн. Бирок чыдамдуу болсок, аягына чейин туруктуулугубуздан жазбайбыз жана түбөлүк өмүргө ээ болобуз (Мик. 7:7; Мт. 24:13).

8. Башкалар менен мамилелешүүдө чыдамдуулук кандайча жардам берет? (Колосалыктар 3:12, 13).

8 Чыдамдуулук бизге башкалар менен мамилелешкенде да жардам берет. Маселен, башкаларды кунт коюп укканга көмөк кылат (Жкп. 1:19). Ошондой эле башкалар менен тынчтыкта болгонго шарт түзөт. Стресске кабылганда шашып иш кылгандан жана катуу сүйлөп алгандан сактайт. Сабырдуу болсок, кимдир бирөө көңүлүбүздү оорутканда дароо ачууланып кирбейбиз. Өч алууга умтулбай, «көтөрүмдүү болуп», башкаларды «айкөлдүк менен кечиребиз». (Окугула: Колосалыктар 3:12, 13.)

9. Чечим чыгарууда чыдамдуулук бизге кандайча жардам берет? (Накыл сөздөр 21:5).

9 Чыдамдуулук бизге туура чечим чыгарганга да жардам берет. Акыл токтотпой, шашып чечим чыгаргандын ордуна ошол тууралуу изилдеп көргөнгө убакыт бөлүп, кандай кылсак болорун таразалайбыз. (Окугула: Накыл сөздөр 21:5.) Маселен, эгер жумуш издеп жүргөн болсок, Жахабага кылган кызматыбызга кандай таасир этерин ойлонбой туруп, биринчи эле сунушту кабыл алгыбыз келиши мүмкүн. Бирок чыдамдуу болсок, ал жумуш кайсы жерде жайгашкан, иштөө убактысы кандай, ал үй-бүлөмө, рухий саламаттыгыма кандай таасир этет деп ойлонобуз. Ооба, сабыр сактаганыбыз туура эмес чечим чыгаруудан коргойт.

КӨБҮРӨӨК ЧЫДАМДУУ БОЛГОНГО ЭМНЕ ЖАРДАМ БЕРЕТ?

10. Кудайдын кызматчысы чыдамдуулукту кантип өстүрө алат жана канткенде аны дайыма чагылдыра алат?

10 Чыдамдуу болоюн деп тиленгиле. Чыдамдуулук рухтун жемишине кирген сапаттардын бири (Гал. 5:22, 23). Ошондуктан ошол сапатты өрчүткөнгө Жахабадан ыйык рух беришин сурасак болот. Чыдамдуулугубуз сыналганда Жахабадан ыйык рух сураганыбызды токтотпошубуз зарыл (Лк. 11:9, 13). Ошондой эле Жахабадан ошол жагдайга анын көз карашы менен караганга жардам беришин сурасак болот. Андан соң тиленгенибизге жараша иш кылып, чыдамдуулукту күн сайын чагылдырыш үчүн бүт күчүбүздү жумшашыбыз керек. Чыдамдуулук жөнүндө тиленген сайын жана чыдамдуу болгонго күч жумшаган сайын, бул сапат жүрөгүбүзгө терең тамырлап, табиятыбыздын бир бөлүгү болуп калат.

11, 12. Жахаба кандайча чыдамдуулук көрсөтүүдө?

11 Чыдамдуулук көрсөтүү жагынан үлгү көрсөткөндөр жөнүндө ой жүгүрткүлө. Ыйык Китептен чыдамдуулук көрсөткөн көп адамдардын үлгүсү жөнүндө окуйбуз. Алар тууралуу ой жүгүртсөк, кайсы жактардан чыдамдуу боло аларыбызды биле алабыз. Алардын үлгүсүнө токтолордон мурун чыдамдуулук көрсөтүү жагынан эң мыкты үлгү болгон Жахаба жөнүндө сүйлөшөлү.

12 Эйден багында Шайтан Жахабанын ысмын каралап, аны адилетсиз, катаал башкаруучудай кылып көрсөткүсү келген. Жахаба анын башкаруусу эң жакшы экенин далилдегенге убакыт керек болорун билгендиктен, ал жалаачыны ошол замат жок кылып салбай, өзүн кармап, чыдамдуулук көрсөткөн. Анын ысмы жалаадан тазаланганга чейин ал анын ысмына шек келтирген бардык нерселерге чыдап келет. Андан сырткары, Жахаба дагы көбүрөөк адамдар түбөлүк өмүргө ээ болуп калсын деп чыдамдуулук менен күтүп жатат (2 Пет. 3:9, 15) Мунун аркасында миллиондогон адамдар аны таанып-билүүдө. Жахабанын чыдамдуулугунун пайдасына көңүл топтосок, бизге аны аягына чейин күткөнгө оңоюраак болот.

Кимдир бирөө кыжырыбызга тийгенде, чыдамкайлык сабыр сактаганга жардам берет (13-абзацты карагыла)

13. Иса кандайча Атасын жеткилең түрдө туурап, чыдамдуу болгон? (Сүрөттү да карагыла.)

13 Иса да жерге келгенде Атасын жеткилең түрдө туурап, чыдамдуулук көрсөткөн. Ага эки жүздүү китепчилер менен фарисейлерге чыдамдуулук менен мамиле кылуу дайыма эле оңойго турган эмес (Жкн. 8:25—27). Ошентсе да Иса, Атасындай болуп, ачууга алдырган эмес. Аны кордошкондо же атайлап кыжырына тийгенде ал өч алууну көздөгөн эмес (1 Пет. 2:23). Иса бардык кыйынчылыктарды наалыбай, чыдамдуулук менен көтөргөн. Ошол себептен Ыйык Китепте: «Күнөөкөрлөрдүн кастык менен айткан сөздөрүнө туруктуулук менен чыдаган Иса жөнүндө терең ойлонгула»,— деп бекеринен айтылган эмес (Евр. 12:2, 3). Башыбызга кандай кыйынчылык түшпөсүн, Жахабанын жардамы менен аны чыдамдуулук менен көтөрүп кете алабыз.

Ыбрайымга окшоп, чыдамдуу болсок, Жахаба бизге азыртан эле сыйлык ыйгарат. Ал эми жаңы заманда андан да көп батасын берет (14-абзацты карагыла)

14. Ыбрайымдын чыдамдуулугунан эмнеге үйрөнө алабыз? (Еврейлер 6:15). (Сүрөттү да карагыла.)

14 Бул дүйнөнүн акырына байланыштуу биз күткөн нерселер дагы деле аткарылбай келатсачы? Айрымдарыбыз дүйнөнүн акыры мурун эле келет деп күткөнбүз. Ал күн дагы деле келе элек болгондуктан аны көзүмдүн тирүүсүндө көрбөйт окшойм деп тынчсызданышыбыз мүмкүн. Бизге мындан ары да күтө бергенге эмне жардам берет? Ыбрайымдын үлгүсүнө токтололу. Ыбрайым 75ке чыкканда Жахаба: «Сенден улуу эл чыгарам»,— деп убада берген (Башт. 12:1—4). Ал кезде Ыбрайым бала жытын жыттай элек болчу. Пайгамбар Кудайдын убадасынын аткарылышын көрдү беле? Толугу менен көргөн эмес. Эфрат дарыясын кечип өткөндөн 25 жыл өткөндөн кийин, Ыбрайым керемет жол менен Ыскак деген уулду болгон. Дагы 60 жылдан кийин Эйсап жана Жакып деген неберелери төрөлгөн. (Окугула: Еврейлер 6:15.) Бирок Ыбрайым урпактарынан улуу эл чыкканын жана убадаланган жерди мурастаганын эч качан көргөн эмес. Ошентсе да ал ишенимдүү пайгамбар Жаратканы менен ынак мамиледе болгон (Жкп. 2:23). Ыбрайым жаңы заманда тирилгенде ишеним жана чыдамкайлык көрсөткөнүнүн аркасында бардык элдер бата алганын билип жүрөгү кандай гана толкуйт! (Башт. 22:18). Андан эмнеге үйрөнө алабыз? Биз Жахабанын убадаларынын баарынын аткарылганын дароо азыр көрбөшүбүз мүмкүн. Кандай болбосун, Ыбрайымга окшоп чыдамдуу болсок, Жахаба бизге азыртан эле сыйлык ыйгарат. Ал эми жаңы заманда андан да көп батасын берет (Мр. 10:29, 30).

15. Өздүк изилдөө учурунда эмнелерди окусак болот?

15 Ыйык Китепте чыдамдуулук көрсөткөн башка да көптөгөн инсандардын үлгүсү жазылган (Жкп. 5:10). Балким, алар жөнүндө изилдеп көрүүгө максат коёттурсуңар b. Мисалы, Дөөтү бала чагында эле Ысрайылдын келечектеги падышасы болуп майланган. Ошентсе да такка отуруш үчүн ага бир топ жыл күткөнгө туура келген. Шымон менен Анна убадаланган Машаяктын келишин күтүп жатып, ишенимдүүлүгүнөн жазган эмес (Лк. 2:25, 36—38). Ушул сыяктуу окуяларды изилдеп жатканда мындай суроолорго жооп тапканга аракет кылып көргүлө: «Бул кишиге чыдамдуу болгонго эмне жардам берген? Ал чыдамдуу болгонунун кандай пайдасын көргөн? Аны кантип туурай алам?» Андан тышкары, чыдамдуулук көрсөтпөгөндөр жөнүндө изилдеп көргөнүңөр да пайдалуу болушу мүмкүн (1 Шем. 13:8—14). Алар тууралуу окуп жатканда: «Алардын чыдамдуу болбой калышына эмне себеп болгон? Анын кесепети кандай болгон?» — деп ойлонуп көргүлө.

16. Чыдамдуу болгонубуздун кандай пайдалары бар?

16 Чыдамдуу болуунун кандай пайдалары бар экени жөнүндө ойлонгула. Эгерде чыдамдуу болсок, бактылуураак жана токтоо болобуз. Бул биздин акыл-эс саламаттыгыбызды жана ден соолугубузду жакшыртат.Ошондой эле башкалар менен жакшы мамиледе болобуз, жыйналышыбыздын биримдигине салым кошобуз. Кимдир бирөө кыжырыбызга тийгенде, ачууга алдырып, жагдайды курчутуп жибербейбиз (Заб. 37:8; Накыл 14:29). Баарынан маанилүүсү, чыдамдуу болсок, асмандагы Атабызды туурайбыз жана ага мурункудан да жакындайбыз.

17. Эмне кылганга бел байлашыбыз керек?

17 Чынында эле, чыдамкайлык баарыбызга пайда алып келе турган баалуу сапат. Сабыр сакташ дайыма эле оңойго турбаса да, Жахабанын жардамы менен бул сапатты өстүрө беребиз. Жаңы заманды чыдамкайлык менен күтүп жатып, «Жахабанын көзү андан корккондорду, мээримдүүлүгүн күткөндөрдү карап турарынан» шектенбейли (Заб. 33:18). Келгиле, баарыбыз тең мындан ары да «чыдамкайлыкты кийгенге» чечкиндүү бололу!

41-ЫР: Тиленүүмдү уга көр

a Азыркы Шайтандын дүйнөсүндө көптөрдүн чыдамы жок болуп калды. Бирок Ыйык Китеп бизди чыдамкайлыкты кийгенге үндөйт. Бул макалада чыдамдуу болгонубуз эмне үчүн абдан маанилүү экенин жана аны кантип өрчүтсөк болорун карайбыз.

b Чыдамдуулук жөнүндөгү билдирүүлөрдү табыш үчүн төмөнкү адабияттарды карагыла: «Күзөт мунарасы коомунун адабияттарынын индекси» (ор.), «Чыдамдуулук»; «Жахабанын Күбөлөрүнүн изилдөөгө арналган куралы», «Сезимдер, сапаттар, жүрүм-турум», «Чыдамдуулук».