Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

36-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Керектүүсүн калтыр, керексизинен арыл

Керектүүсүн калтыр, керексизинен арыл

«Биз да оордук келтирген нерселердин баарынан... арылып, алдыбыздагы жарыштын соңуна туруктуулук менен чыгалы» (ЕВР. 12:1).

33-ЫР: Жүгүңдү Жахабага арт

БУЛ МАКАЛАДА a

1. Еврейлер 12:1ге ылайык, мара сызыгына ийгиликтүү жетиш үчүн эмне кылышыбыз керек?

 ЫЙЫК КИТЕПТЕ Кудайдын кызматчыларынын жашоосу жарышка салыштырылат. Жарыштын аягына чыккандарга түбөлүк өмүр сыйлыгы берилет (2 Тим. 4:7, 8). Азыр биз мара сызыгына аябай эле жакындап калдык. Ошондуктан жүрүшүбүздү токтотпош үчүн бүт күчүбүздү жумшашыбыз зарыл. Элчи Пабыл өмүр жарышын ийгиликтүү соңуна чыгарган. Ал ошол жарышта жеңүүчү болуп чыгыш үчүн эмне кылышыбыз керектигин айткан. Пабыл: «Оордук келтирген нерселердин баарынан... арылып, алдыбыздагы жарыштын соңуна туруктуулук менен чыгалы»,— деп кеңеш кылган. (Окугула: Еврейлер 12:1.)

2. «Оордук келтирген нерселердин баарынан арылуу» деген эмнени билдирет?

2 Элчи Пабыл Кудайдын кызматчысы «оордук келтирген нерселердин баарынан арылышы» керектигин айтканда анын эч бир жүгү болбошу керек дегиси келди беле? Жок, ал башка нерсени айткан. Ал кереги жок нерселердин баарынан арылууну кеңеш кылган. Анткени андай жүк жүрүшүбүздү жайлатып, күчүбүздү алышы ыктымал. Жарыштын соңуна чыгыш үчүн ошондой жүктөрдү аныктап, алардан арылганыбыз маанилүү. Ошол эле учурда көтөрүп жүрүшүбүз керек болгон жүктөрүбүздү таштап салбашыбыз зарыл. Ошенте турган болсок, өмүр жарышында чуркаганга жараксыз болуп калышыбыз мүмкүн (2 Тим. 2:5). Анда биз кандай жүктөрдү көтөрүп жүрүшүбүз керек?

3. a) Галатиялыктар 6:5ке ылайык, көтөрүп жүрүшүбүз керек болгон жүк эмнени билдирет? б) Бул макалада эмнелер жөнүндө сөз жүрөт жана эмне үчүн?

3 Окугула: Галатиялыктар 6:5. Пабыл бул жерде жеке ар бирибиз көтөрүп жүрүшүбүз керек болгон «жүк» жөнүндө, тагыраак айтканда, ар бирибиздин Кудайдын алдындагы милдетибиз жөнүндө сөз кылган. Бул макаладан ар бирибиздин өзүбүздүн жүгүбүз дегенге эмнелер кирерин жана аларды көтөрүш үчүн эмне кылыш керектигин билебиз. Ошондой эле көтөрүп жүргөн жүктөрүбүздүн кайсынысынын кереги жок экенин аныктап, алардан кантип арылсак болорун талкуулайбыз. Керектүүсүн калтырып, керексизинен арылсак, өмүр жарышынын соңуна ийгиликтүү чыга алабыз.

КӨТӨРҮП ЖҮРҮШҮБҮЗ КЕРЕК БОЛГОН «ЖҮКТӨР»

Ар бирибиз көтөрүп жүрүшүбүз керек болгон жүккө Жахабага арналганда берген убадабыз, үй-бүлөлүк милдеттерибиз жана чыгарган чечимдерибиз үчүн жоопкерчиликти сезе билүү кирет (4—9-абзацтарды карагыла)

4. Кудайга берген убадабызды аткаруу эмне үчүн көтөрө алгыс жүк эмес? (Сүрөттү да карагыла.)

4 Кудайга арналганыбызда берген убадабыз. Өмүрүбүздү Жахабага арнаганда биз ага гана сыйынабыз жана анын эркин аткарабыз деп убада бергенбиз. Ошол убадабызга бек турушубуз керек. Арналганыбызга ылайык жашоо олуттуу жоопкерчилик болсо да, көтөрө алгыс жүк эмес. Анткени Жахаба өзү да бизди анын эркин аткарыш үчүн жараткан (Аян 4:11). Ал жүрөгүбүзгө өзү жөнүндө билим алып, ага кызмат кылуу каалоосун салган жана өзүнө окшош кылып жараткан. Мунун аркасында ага жакындап, анын эркин аткаруудан ырахат ала алабыз (Заб. 40:8). Ошондой эле Кудайдын эркин аткарганыбызда жана Уулунун жолун жолдогонубузда «жаны[быз] сергийт» (Мт. 11:28—30).

(4—5-абзацтарды карагыла)

5. Арналганда берген убадаңарга ылайык жашаганга эмне жардам берет? (1 Жакан 5:3).

5 Бул «жүктү» көтөрүш үчүн эмне кылсак болот? Ан үчүн бизге 2 нерсе жардам берет. Биринчиден, Жахабага болгон сүйүүңөрдү жалындата бергиле. Ан үчүн Жахабанын силерге кылган бардык жакшылыктары жөнүндө жана келечекте бере турган баталары жөнүндө ой жүгүрткүлө. Кудайга болгон сүйүүңөр канчалык өскөн сайын, ага баш ийүү ошончолук оңой боло берет. (Окугула: 1 Жакан 5:3.) Экинчиден, Исаны туурагыла. Ал Жахабадан жардам сурап тиленгендиктен жана сыйлыктан көзүн албагандыктан, анын эркин мыкты аткара алган (Евр. 5:7; 12:2). Исага окшоп, силер да Жахабадан күч сурап тиленгиле жана түбөлүк өмүргө болгон үмүтүңөрдү акылыңарда бекем сактагыла. Кудайга болгон сүйүүңөр арта берсе жана анын Уулун жакшыраак туурай берсеңер, Кудайга берген убадаңарды аткара аларыңардан шектенбесеңер болот.

6. Үй-бүлөлүк милдеттерибизге эмне үчүн олуттуу карашыбыз керек? (Сүрөттү да карагыла.)

6 Үй-бүлөдөгү милдеттерибиз. Өмүр жарышын ийгиликтүү соңуна чыгарыш үчүн туугандарыбызды Жахаба менен Исадан артык көрбөшүбүз керек (Мт. 10:37). Бирок бул үй-бүлөдөгү милдеттерибиз Кудайга жана Исага жакканга тоскоолдук кылып жатат деп, аларды аткарбай эле койсок болорун билдирбейт. Тескерисинче, Кудайга жана Исага жагыш үчүн аларды сөзсүз аткарышыбыз зарыл (1 Тим. 5:4, 8). Ошентсек, бактылуу да болобуз. Анткени Жахаба жубайлардын бири-бирин урматтап, сүйгөндө, ата-энелер балдарын мээримине бөлөп тарбиялаганда жана балдар ата-энесинин тилин алганда гана үй-бүлөнүн гүлдөп-өсөрүн билет (Эф. 5:33; 6:1, 4).

(6—7-абзацтарды карагыла)

7. Үй-бүлөңөрдөгү милдеттерди канткенде жакшы аткара аласыңар?

7 Бул «жүктү» көтөрүш үчүн эмне кылсак болот? Үй-бүлө башчысысыңарбы, зайыпсыңарбы же баласыңарбы, ички сезимдериңерге, маданиятыңарга же башкалардын айткандарына таянбай, Ыйык Китептеги даанышман кеңештерди колдонгула (Накыл 24:3, 4). Ыйык Китепке негизделген адабияттарды изилдегиле. Аларда Ыйык Китептеги принциптерди колдонууга байланыштуу жакшы кеңештер берилет. Мисалы, «Үй-бүлө үчүн кеңештер» деген макалалар жыйнагында бүгүнкү күндө жубайлар, ата-энелер, өспүрүмдөр кабылып жаткан кыйынчылыктарга байланыштуу маалымат камтылат b. Үйүңөрдөгүлөр колдонбосо да, Ыйык Китепте айтылгандарды колдонгонго умтулгула. Ушундай кылсаңар, үй-бүлөңөр да пайда алат, өзүңөр да Жахабанын батасына ээ болосуңар (1 Пет. 3:1, 2).

8. Чечимдерибиз бизге кандай таасир этет?

8 Чыгарган чечимдерибиз үчүн жоопкерчиликти сезе билүү. Жахаба ар бирибизге чечим чыгаруу эркиндигин берген жана туура чечим чыгарып, ошондон кубаныч алышыбызды каалайт. Ошол эле учурда бизди туура эмес чечимдерибиздин кесепетинен коргобойт (Гал. 6:7, 8). Андыктан акылсыз чечимдерибиздин, ойлонбой айткан сөздөрүбүздүн же шашып иш кылганыбыздын кесепетинен качып кутула албайбыз. Жаза басып алганыбызда, абийирибиз соттоп, кыйналышыбыз мүмкүн. Анткен менен чечимдерибиз үчүн жоопкерчиликтерди сезгенибиз күнөөлөрүбүздү ачык айтканга, туура эмес жолдон бурулганга жана каталарыбызды кайталабаганга түрткү берет. Ушундай иш-аракеттерди кылуу өмүр жарышын уланта бергенге жардам берет.

(8—9-абзацтарды карагыла)

9. Туура эмес чечим чыгарып алсак, эмне кылсак болот? (Сүрөттү да карагыла.)

9 Бул «жүктү» көтөрүш үчүн эмне кылсак болот? Акылсыз чечим чыгарып алсаңар, ошондон улам пайда болгон жагдайыңарга моюн сунгула. Анткени өткөндү өзгөртө албайсыңар. Убактыңарды, күчүңөрдү актанганга, өзүңөрдү же башкаларды күнөөлөгөнгө кетирбегиле. Анткендин ордуна, катаңарды мойнуңарга алып, күчүңөрдү азыркы жагдайыңарды жакшыртканга жумшагыла. Эгер абийириңер жемелеп жатса, момундук менен Жахабага кайрылгыла. Ага баарын ачык айтып бергиле жана андан кечирим сурап жалбаргыла (Заб. 25:11; 51:3, 4). Силердин айыңардан жүрөгү жаралангандардан кечирим сурагыла, зарыл болсо, аксакалдарга кайрылгыла (Жкп. 5:14, 15). Каталарыңардан сабак алгыла, аларды кайра кайталабаганга аракет кылгыла. Эгер ошентсеңер, Жахабанын ырайым кыларынан, силерди колдоп жардам береринен шектенбесеңер болот (Заб. 103:8—13).

АРЫЛЫШЫБЫЗ КЕРЕК БОЛГОН «ЖҮКТӨР»

10. Ишке ашпаган нерселерге умтулууну эмне үчүн оор жүк десе болот? (Галатиялыктар 6:4).

10 Ишке ашпаган нерселерге умтулуу. Өзүбүздү өзгөгө салыштыра берсек, кол жеткис нерселерге умтулуп, үстүбүзгө оор жүк артып алабыз. (Окугула: Галатиялыктар 6:4.) Өзүбүздү кечке эле башкаларга салыштыра берүү ич күйдүлүккө, атаандашууга алып келет (Гал. 5:26). Анан башкаларга тең тайлашам деп жатып, колубуздан келбеген, жагдай-шартыбыз жол бербеген нерселерге ашыгып, кыйналып калышыбыз ыктымал. Бул тууралуу да ойлонуп көргүлө. Ыйык Китепте: «Көпкө чейин ишке ашпаган үмүт жүрөк оорутат»,— деп айтылат (Накыл 13:12). Анда эч качан ишке ашпай турган нерсеге умтулсак, жүрөгүбүз андан бетер оорубайбы?! Ишке ашпай турган нерсеге умтулуу күчүбүздү алып, өмүр жарышындагы жүрүшүбүздү жайлатат (Накыл 24:10).

11. Кол жеткис нерселерге умтулбаганга эмне жардам берет?

11 Бул «жүктөн» канткенде арыла алабыз? Өзүңөрдөн Жахаба талап кылгандан да көптү күтпөгүлө. Ал силерден жок нерсени беришиңерди талап кылбайт (2 Кор. 8:12). Жахаба силердин иштериңерди башкалардыкы менен салыштырбайт (Мт. 25:20—23). Ал жеке силердин жан-дилиңер менен кылган кызматыңарды, жеке силердин ишенимдүүлүгүңөрдү жана жеке силердин туруктуулугуңарды баалайт. Жаш-курагыңардан, ден соолугуңардан жана жагдай-шартыңардан улам кылгыңар келген нерселердин баарын кыла албай калганыңарды момундук менен моюнга алгыла. Жашыңар өр тартып калгандыктан же ден соолугуңардан улам кайсы бир кызматты аткара албай калсаңар, Барзелайдай болуп, андан баш тартканга даяр болгула (2 Шем. 19:35, 36). Мусага окшоп, жардамды кабыл ала билгиле жана орундуу болсо, милдеттериңерди башкалар менен бөлүшкүлө (Чыг. 18:21, 22). Ушинтип өз чегиңерди билип, момун болсоңор, кол жеткис нерселерге умтулбайсыңар. Бул болсо өмүр жарышында чарчап калуудан сактайт.

12. Башкалардын чыгарган чечими үчүн биз жооп беребизби? Түшүндүргүлө.

12 Башкалардын туура эмес чечими үчүн өзүбүздү күнөөлөө. Биз башкалар үчүн чечим чыгара албайбыз. Ошондой эле аларды акылсыз чечиминин кесепетинен дайыма эле коргой албайбыз. Мисалы, уулу же кызы мындан ары Жахабага кызмат кылбайм деп чечсе, бул ата-эненин жүрөгүн сыздатат. Баласынын туура эмес чечими үчүн өзүн күнөөлөй берген ата-эне үстүнө оор жүк артып алган болот. Жахаба алардын ушундай жүктү көтөрүп жүрүшүн каалабайт (Рим. 14:12).

13. Баласы акылсыз чечим чыгарган ата-эне эмне кылбашы керек?

13 Бул «жүктөн» канткенде арыла алабыз? Жахабанын баарыбызга чечим чыгаруу эркиндигин бергенин эсиңерден чыгарбагыла. Ал эмнени кандай кыларыбызды өзүбүзгө койгон. Буга ага кызмат кылууга байланыштуу чечимибиз да кирет. Жахаба ата-энелердин жеткилең эмес экенин билет. Ал силерден тек гана колуңардан келгенди кылышыңарды күтөт. Ал эми балаңардын чыгарган чечимине силер эмес, балаңар өзү жооп берет (Накыл 20:11). Анткен менен: «Балама туура тарбия берген жокмун»,— деп каталарыңар жөнүндө ойлой беришиңер мүмкүн. Эгер ошондой болсо, Жахабага ичиңердегинин баарын айтып бергиле жана андан кечирим сурагыла. Ал силердин ошол учурга кайтып бара албаарыңарды жана өткөндү өзгөртө албай турганыңарды түшүнөт. Ошол эле учурда Жахаба силерди балаңардын акылсыз чечиминин кесепетинен коргошуңарды күтпөйт. Эгер балаңар Жахабага кайтып келгенге аракет кылып жатса, ал аны кучак жайып тосуп аларын унутпагыла (Лк. 15:18—20).

14. Эмне үчүн өзүбүздү жемелей бербешибиз керек?

14 Өзүбүздү жемелей берүү. Албетте, күнөө кылганда өзүбүздү жемелей берерибиз айтпаса да түшүнүктүү. Жахаба ушул сезимдерибиздин бизге оор жүк болушун каалабайт. Биз андан арылышыбыз керек. Эгер өзүбүздү жемелеп, кыйналып жатсак эмне кылсак болот? Андайда күнөөбүздү мойнубузга алып, өкүнсөк жана каталарыбызды кайталабаганга аракет кылсак, Жахабанын бизди кечиреринен шектенбесек болот (Элч. 3:19). Жахаба биз ушундай кадамдарды кылгандан кийин өзүбүздү жемелей беришибизди каалабайт. Анткени ал өзүңөрдү кечке эле айыптай берүү акыры түбүңөргө жетерин билет (Заб. 31:10). Эгер кайгынын сазына малынып калсак, өмүр жарышыбызды улай албай калабыз (2 Кор. 2:7).

Чын жүрөктөн өкүнгөндөн кийин Жахаба силердин күнөөлөрүңөрдү эстебейт. Силер да ошентишиңер керек (15-абзацты карагыла)

15. Жеменин желесинен чыкканга эмне жардам берет? (1 Жакан 3:19, 20). (Сүрөттү да карагыла.)

15 Бул «жүктөн» канткенде арыла алабыз? Жеменин желесинен чыга албай кыйналып жатсаңар, Жахабанын айкөлдүк менен кечирерине көңүл топтогула (Заб. 130:4). Ал чындап өкүнгөндөргө: «Күнөөсүн экинчи эстебейм»,— деп убада берет (Жер. 31:34). Бул Жахабанын силердин күнөөңөрдү биротоло унутарын билдирет. Ошондуктан кылган ишиңердин кесепетин тартып жатканыңарды Жахабанын силерди кечирбегенинин далили катары көрбөгүлө. Эгер күнөө кылып жыйналыштагы кайсы бир милдеттерден айрылып калсаңар, өзүңөрдү тебелеп салбагыла. Жахаба күнөөңөрдү кайра-кайра эстей бербейт. Силердин да эстей беришиңерди каалабайт. (Окугула: 1 Жакан 3:19, 20.)

БАЙГЕ АЛГЫДАЙ ЧУРКАГЫЛА

16. Эмнени аныкташыбыз керек?

16 Өмүр үчүн жарышта баарыбыз «байге алгыдай чуркашыбыз» керек (1 Кор. 9:24). Ан үчүн эмнени калтырып, эмнеден арылышыбыз керектигин аныктаганыбыз маанилүү. Бул макалада муну кантип кылса болоруна байланыштуу бир нече эле мисалга токтолдук. Бирок булардан тышкары, жүрүшүбүздү башка нерселер да жайлатышы мүмкүн. Алсак, Иса жүрөгүбүздү «ашыра тоюу, мас болуу жана турмуш түйшүктөрү ээлеп алышы» мүмкүн экенин айткан (Лк. 21:34). Ушул жана башка аяттар өмүр үчүн жарышыбызды уланта бериш үчүн дагы кайсы жактардан өзгөрүшүбүз керектигин аныктаганга жардам берет.

17. Өмүр үчүн жарышта ийгиликке жетерибизден эмне үчүн шектенбесек болот?

17 Өмүр үчүн жарышта жеңишке жетерибизден шектенбесек болот. Анткени Жахаба бизге зарыл күч берет (Ыш. 40:29—31). Ошондуктан жүрүшүңөрдү жайлатпагыла! Алдыдагы сыйлыкка жетиш үчүн бүт күчүн жумшаган элчи Пабылдан үлгү алгыла (Флп. 3:13, 14). Бул жарышты силердин ордуңарга эч ким чуркап өтө албайт. Бирок Жахабанын жардамы менен ийгиликке жете аласыңар. Жахаба силерге керектүүсүн калтырып, керексизинен арылганга көмөк кыла алат (Заб. 68:19). Анын колдоосу менен жарышыңарды ийгиликтүү соңуна чыгарып, жеңишке жете аласыңар!

65-ЫР: Алгалай бер!

a Бул макала бизге өмүр жарышын ийгиликтүү чуркап өткөнгө жардам берет. Өмүр жарышында бараткандар катары айрым жүктөрдү ала жүрүшүбүз керек. Аларга Кудайга арналганыбызда берген убадабыз, үй-бүлөдөгү милдеттерибиз жана чыгарган чечимдерибиздин жоопкерчилигин сезе билүү кирет. Бирок жүрүшүбүздү жайлата турган керексиз жүктөрдөн арылганыбыз маанилүү. Аларга эмнелер кирет? Бул макалада ушул суроого жооп алабыз.